About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG239

Back

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2014-жылдын 6-февралы № 28 'Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2014-жылдын 6-февралы № 28 'Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 6-февралы № 28

"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьяда:

1-бөлүгүндө "ушул Мыйзамды колдонуу боюнча эрежелерди жана түшүндүрмөлөрдү басып чыгарат" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "Кыргызпатент тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

аталышында "жагындагы" деген сөз "жаатындагы" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-бөлүгүндө:

- "жагындагы" деген сөз "жаатындагы" деген сөзгө алмаштырылсын;

- "аларды мамлекеттик каттоону ишке ашырат," деген сөздөр "алардын мамлекеттик каттоосун ишке ашырат, күбөлүк берет," деген сөздөргө алмаштырылсын.

- "калысбаалоо" деген сөз "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Мамлекеттик тилдеги 2-статьянын текстинде:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) - бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн

башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан ары - товарлар) айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр.";

2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын; "Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата товардык белгинин ээсинин өзгөчө укугун ырастайт.".

3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Сөз, сүрөт, көлөм жана башка белгилөөлөр же алардын айкалыштары товардык белгилер катары катталышы мүмкүн.

Товардык белги кандай гана түстө же түстүк айкалышта болбосун катталышы мүмкүн.".

3. 3-статьяда:

1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Товардык белгиге өзгөчө укук күрөө предмети боло алат.";

5-бөлүгүндө "Кыргызпатент тарабынан басып чыгарылган расмий бюллетендеги товардык белгинин Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) катталышы жөнүндөгү маалымат жарыяланган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товардык белгини киргизген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

3-бөлүгүндө "артыкчылык" деген сөз "өзгөчө" деген сөзгө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "чаташтыруу" деген сөз "аралашып кетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-бөлүгүндө "товардык белгиде артыкчылык укугу жаралат" деген сөздөр "товардык белгиге өзгөчө укук пайда болот" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Товар ээсинин белгилерине аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей товардык белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары санкциясыз пайдалануу да ээлик кылуучунун укугун бузгандык катары таанылат. Товардык белгини же аны менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

4. 4-статьяда:

1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Төмөнкү айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогон же элементтерден гана турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт:

1) белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө катарында жалпы керектөөгө киргендер;

2) ушундай терминдерди же символдорду белгилер катарында пайдалануу үчүн сунуш кылынган товарларга карага жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп саналгандар;

3) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланылаарын, баалуулугун, ошондой эле алардын чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн убакытын жана ордун көрсөткөндөр.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар басымдуулук абалды ээлебесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилиши мүмкүн.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык энтамгалары, мөөрлөрү, сыйлыктары жана башка айырмалоо белгилери же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилер болуп саналган элементтерден турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катары каттоого жол берилбейт. Эгерде ага тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу болсо, мындай элементтер товардык белгиге корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.";

3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 5-статьяда:

1-бөлүгүндө:

- биринчи абзацында "бир түрдүү товарлар" деген сөздөр алып салынсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнүлгөн жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен;";

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон башка адамдардын товардык белгилери менен.";

2-бөлүгүндө:

- "көрсөтүлгөн товардык белгилерге" деген сөздөр "көрсөтүлгөн товардык белгилерге же фирмалык аталыштарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мындай макулдукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "корголбогон элемент" деген сөздөр "корголбогон элементтер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) иштин бирдей же окшош түрлөрүнө же товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата - Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;";

- 2-бөлүгүндө "ээсинин макулдугу менен" деген сөздөр "ээси макулдук берген шартта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда "жасалган" деген сөз "чыгарылган" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 4-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;

3) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;".

6. 6-статьяда:

5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациядан өткөрүүнүн жана каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.";

8 жана 11-бөлүктөрүндө "кыргыз же орус" деген сөздөр "мамлекеттик же расмий" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12-бөлүгүндө "Кыргызпатентке" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

2-бөлүгүндө "адам" деген сөз "өкүл" деген сөзгө алмаштырылсын;

3-бөлүгүндө "жана", "адамдары" жана "адамдар" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "же", "өкүлдөрү" жана "өкүлдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "адамдын" жана "суратылган" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "өкүлдүн" жана "суралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен, белгини товардык белги катары каттоо жөнүндө арызы;

2) өтүнмө берилген белгилөө;

3) белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеги.";

9-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;";

10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн боюнча эсептелет.".

7. 7-статьяда:

5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "биринчилиги", "биринчилик" жана "биринчиликтин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "артыкчылыгы", "артыкчылык" жана "артыкчылыктын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "берилген" деген сөз "түшкөн" деген сөзгө алмаштырылсын.

8. 8-статьяда:

2-бөлүгү "өтүнмөдөгү материалдарды" деген сөздөрдөн мурда "тиешелүү алымды төлөгөн шартта" деген сөздөр менен толукталсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-статья. Товардык белгиге өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү";

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылып, алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгинин экспертизасын камтыйт.";

2-бөлүгүндө "Калысбаа өткөрүү учурунда" деген сөздөр "Экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде кошумча материалдарда өтүнмө берилген күнгө өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмө камтылса, же өтүнмө берилген белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар карап чыгууга кабыл алынбайт.";

4-бөлүгүндө "кайтарып" деген сөз "кайра чакыртылып" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 9-статьяда:

2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "ага жооп эки айдын ичинде берилүүгө тийиш" деген сөздөр "ага жооп суроо-талапты алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5 жана 6-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргызпатент алдын ала экспертизанын натыйжалары жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт.

Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун оң натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнү берүү күнү билдирилет.";

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза";

статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи бөлүгүндө "өткөрөт" жана "аныкталган" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жүргүзүлөт" жана "белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүндө:

- "калысбаалоонун" жана "суроо талап" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "экспертизанын" жана "суроо-талап" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-бөлүгү "Алдын ала калысбаанын" деген сөздөр "Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. 10-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"Өтүнмө ээси тиешелүү алымды төлөөдө, өтүнмө берилген белгилөөгө мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Мында берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдан эрте эмес, андай сунуштоо берилген шартта өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдын ичинде жүргүзүлөт.";

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10-статья. Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза";

статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде алдын ала экспертиза аяктагандан кийин жүргүзүлөт.";

3-бөлүгүндө "андан" деген сөз "каттоодон" деген сөзгө алмаштырылсын;

5-бөлүгүндө "суроосу" деген сөз "суроо-талабы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. Мамлекеттик тилдеги 11-статьянын текстинде:

статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-бөлүгүндө "билдирилген" жана "калысбаасынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "өтүнмө берилген" жана "экспертизасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

12. 12-статьяда:

3-бөлүгүндө "Кыргызпатент" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Товардык белгини каттагандыгы, жарыялагандыгы жана ага күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбесе, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат.";

мамлекеттик тилдеги текстинде:

2-бөлүгүндө "калысбаанын" деген сөз "экспертизанын" деген сөзгө алмаштырылсын.

13. 13-статьяда "үч ай" деген сөздөр "бир ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.

14. мамлекеттик тилдеги 15-статьянын текстинде:

статьянын аталышында "каттоонун аракеттенүү" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүгүндө "колдонулат" деген сөз "күчүндө болот" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүндө:

- биринчи сүйлөмүндө "катталышынын аракет" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи сүйлөмүндө "аракет" жана "каттоонун аракет" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "күчүнүн" жана "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүгүндө "катталышынын аракет" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

15. Мамлекеттик тилдеги 16-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор алым төлөнбөстөн Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.".

16. Мамлекеттик тилдеги 17-статьянын 1-бөлүгүндө "ага" деген сөз "аны" деген сөзгө алмаштырылсын.

17. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 17-1- жана 17-2-статьялар менен толукталсын:

"17-1-статья. Жалпыга белгилүү товардык белги

Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча аны мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белгилөө, эгерде мындай товардык белги же бул белгилөө интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн күнгө карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылышы мүмкүн.

Эгерде алар бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, аралашып кетүү деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон башка жактын товардык белгисинин артыкчылык алган күнүнөн кийин кеңири белгилүү болуп калса, товардык белги жана белгилөө жалпыга белгилүү товардык белги болуп таанылышы мүмкүн эмес.

Жалпыга белгилүү товардык белгиге товардык белги үчүн ушул Мыйзамда каралган укуктук коргоо берилет.

Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укукту таанууну билдирет.

Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат.

Эгерде көрсөтүлгөн товарларга карата башка жак тарабынан бул товардык белгини пайдалануу керектөөчүлөрдө жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана ушундай ээсинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектеши мүмкүн болсо, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук жактан коргоо ошондой эле жалпыга белгилүү деп таанылган бир түрдүү эмес товарларга жайылтылат.

17-2-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү

Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 17-1- статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет.

Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белгини киргизген күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.".

18. Мамлекеттик тилдеги 19-статьянын текстинде:

2-бөлүгүндө "белгисинин" жана "пайдалануу," деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "белгинин" жана "пайдаланууну" деген сөздөргө алмаштырылсын:

3-бөлүгүндө "ар кандай адамдын" деген сөздөр "кайсы жактын болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19. Мамлекеттик тилдеги 20-статьянын 5-бөлүгүндө "аракети" жана "ар кандай адамдын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "күчү" жана "кайсы жактын болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

20. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-статья менен толукталсын:

"23-1-статья. Товардык белгинин күрөө келишими

Товардык белгиге өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим түзгөн учурда, товардык белгинин ээси, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ушул келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде өз товардык белгисин пайдаланууга жана күрөө кармоочунун макулдугусуз ага карата өзгөчө укугун тескөөгө укуктуу.

Жамааттык товардык белгилерге өзгөчө укуктар күрөө предмети боло албайт.".

21. 24-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24-статья. Товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди, лицензиялык келишимди жана товардык белгинин күрөө келишимин каттоо";

1-бөлүгүндө "жана лицензиялык келишим" деген сөздөр ", лицензиялык келишим жана товардык белгинин күрөө келишими" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүндө "22 жана 23" деген сандар "22, 23 жана 23-1" деген сандарга алмаштырылсын.

22. Мамлекеттик тилдеги 25-статьяда:

1-бөлүгүндө "товардык белгинин катталыш аракетинин күчүнүн бүткүл мөөнөтүндө" деген сөздөр "анын каттоо күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "Ар кандай адам" деген сөздөр "Кайсы жак болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-бөлүгүндө "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын.

23. 26-статьяда:

1-бөлүгүндө:

- 2 жана 3-пункттарында "мыйзамдуу күчүнө киришинин" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жакты - товардык белгинин ээсин жоюуда же жеке жактын - товардык белгинин ээсинин ишкердик ишин токтотууда анын аракеттерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде;";

2-бөлүгүндө "үч жылдын" деген сөздөр "бир жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Жалпыга белгилүү товардык белгини каттоонун токтотулушу ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгинин ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерин жоготкон учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат.";

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышында "каттоонун аракетинин" деген сөздөр "каттоо күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүгүндө:

- биринчи абзацындагы "каттоонун аракети" деген сөздөр "каттоо күчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1 жана 2-пункттарында "мыйзамдын" деген сөз "Мыйзамдын" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 3-пунктунда "аракетин" деген сөз "күчүн" деген сөзгө алмаштырылсын.

24. 28-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган,

мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

25. 29-статьяда:

4 жана 7-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "кыргыз же орус тилдеринде" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик же расмий тилде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

3-бөлүгүндө:

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"өтүнмө берилип жаткан белгилөө;";

- бешинчи абзацында "сүрөттөп жазылышы" деген сөздөр "сыпаттамасы" деген сөзгө алмаштырылсын;

5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "билдирилген" деген сөз "өтүнмө берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн деп эсептелет.".

26. 30-статьяда:

8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын натыйжалары жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине кабарлайт.

Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун он натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүү күнү билдирилет.";

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "30-статья. Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү";

статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "калысбаа" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнмөнүн экспертизасы Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза менен өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасын камтыйт.";

3-бөлүгүндөгү "аларсыз" деген сөз алып салынсын;

6-бөлүгүндө:

- "Өтүнмөнүн" деген сөз "Өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын;

- бөлүк "алдын ала" деген сөздөрдөн кийин "жүргүзүлүүчү" деген сөз менен толукталсын;

7-бөлүгү "Алдын ала" деген сөздөрдөн кийин "жүргүзүлүүчү" деген сөз менен толукталсын;

10-бөлүгүндө "анын" деген сөз "өтүнмө боюнча анын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11-бөлүгүндө "Калысбаалоо" деген сөз "Экспертиза" деген сөзгө алмаштырылсын.

27. Мамлекеттик тилдеги 31-статьяда:

1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өтүнмө ээси алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасынын чечимине макул болбосо, ал чечимди алган күндөн тартып үч айдын ичинде Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу.".

2-бөлүгүндө "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын.

28. 32-статьяда:

2-бөлүгүндө "Кыргызпатент" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "үч айдын" деген сөздөр "бир айдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-бөлүгүндө "үч ай өткөн соң" деген сөздөр "бир айдын ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын бүткүл тексти боюнча "калысбаанын" деген сөз "экспертизанын" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-бөлүгүндө "мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу" деген сөздөр "шартында аны пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

29. Мамлекеттик тилдеги 33-статьяда:

2-бөлүгүндө "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Арыз күбөлүк күчкө ээ болуучу акыркы жылдын ичинде берилет.";

4-бөлүгүндө "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

5-бөлүгүндө "аракетин" жана "аракет" деген сөздөр тиешелүүлүүлүгүнө жараша "күчүн" жана "күчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-бөлүгүндө "Күбөлүктүн күчүндө болуу мөөнөтүн" деген сөздөр "Күбөлүк күчкө ээ болуучу мөөнөттү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

30. Мамлекеттик тилдеги тексттин 34-статьянын 3-бөлүгүндө "ээси күнөөлүү болбогон анык" деген сөздөр "ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

31. Мамлекеттик тилдеги 37-статьяда "НМПТ" деген аббревиатура "ТЧЖА" деген аббревиатурага алмаштырылсын.

32. Мамлекеттик тилдеги 38-статьяда:

1-бөлүгүндө "аракетте болгон" деген сөздөр "күчүнө кирүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүгүндө "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын.

33. 38-1-статьяда:

2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жак жоюлганда же жеке жактын - күбөлүктүн ээсинин ишкердик иши токтотулганда;";

мамлекеттик тилдеги текстинде:

статьянын аталышында "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-бөлүгүндө:

- биринчи абзацында "аракети" деген сөз "күчү" деген сөзгө алмаштырылсын;

- экинчи абзацында "объектке" деген сөз "объектиге" деген сөзгө алмаштырылсын;

2-бөлүгүндө:

- экинчи абзацында "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацында "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "ар кандай адам" деген сөздөр "кайсы жак болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

34. Мамлекеттик тилдеги 39-статьяда:

2-бөлүгүндө "куткарууну" деген сөз "бошотууну" деген сөзгө алмаштырылсын;

3-бөлүгүндө "ар кандай" деген сөздөр "кайсы жак болбосун" деген сөздөргө алмаштырылсын.

35. 41-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында жана 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында мамлекеттик тилдеги текстинде "чаташтыруу даражасына" деген сөздөр "аралашып кетүү деңгээлине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

36. 43-статьяда "Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын А.Атамбаев

Президенти