About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG171

Back

'Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун' Эрежелери (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 токтому менен бекитилген, жана КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 27-октябрындагы
N 686 токтому менен
бекитилген

Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)

Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун бул Эрежелери "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык иштелип чыкты.

1. Жалпы жоболор

1. Негизги терминдер жана түшүнүктөр:

Эрежелер - Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;

Мыйзам - "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

өтүнмө - селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө;

арыз - селекциялык жетишкендикке патент алууга арыз;

Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасында корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестри;

Мамборбор - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбору;

Мамасылтукумборбору - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекция - асыл тукум борбору;

УПОВ - 1961-жылдагы Акт менен бекитилген жана андан кийин 1972-жылдагы Актыда, 1978-жылдагы Актыда жана 1961-жылдын 2-декабрындагы Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенцияда эскертилген, 1972-жылдын 10-ноябрында, 1978-жылдын 23-октябрында, 1991-жылдын 19-мартында Женевада кайра каралган Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча союз. Кыргыз Республикасы 2000-жылдын 14-январындагы N 10 "Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союзга кошулуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүү жана берүү

2. Мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өтүнмө берүүгө селекциялык жетишкендиктин автору, жумуш берүүчү же алардын укук мураскору (мындан ары - өтүнүүчү) укуктуу.

Эгер селекциялык жетишкендик кызматтык тапшырманы же кызматтык милдеттерин аткарууда чыгарылса, селекциячы менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим менен башкасы караштырылбаса, анда жумуш берүүчү өтүнмө берүүгө укуктуу.

Эгер селекциялык жетишкендик бир нече жактар тарабынан биргелешип чыгарылса, анда аларга биргелешип өтүнмө берүү укугу берилет.

3. Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жиберилет.

Өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан түздөн түз же ишеним каттын негизинде патент алууга байланыштуу иштерди жүргүзүүчү ишенимдүү жак аркылуу берилет.

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же турган жери жок башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу патент алуу жана аны күчүндө калтыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Мыйзамдын 4-беренесине ылайык патент коргоого жөндөмдүүлүк талаптарына жооп берген жана ботаникалык жана зоологиялык урууларга жана түрлөргө тиешелүү селекциялык жетишкендикке берилет.

Селекциялык жетишкендикке коргоого жөндөмдүүлүк талаптары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- жаңылыктуулук;

- айырмалуулук;

- бир түрдүүлүк;

- туруктуулук.

5. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- арыз;

- сорттун, тукумдун сыпаттамасы:

- УПОВдун талаптарына ылайык келген сорттун анкетасы (өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн);

- айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча колдонулуучу методикага ылайык жаныбардын тукумунун сыпаттамасы (жаныбарлардын тукуму үчүн).

6. Өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) Өтүнмө бергендиги жана алдын ала эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. Документ өтүнмө менен чогуу берилет. Алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, өтүнмө берилбеген болуп эсептелет.

Алым төлөө боюнча жеңилдик берилген негиздемеси бар жак, жеңилдикке укугун тастыктаган өтүнүч катты же документтин көчүрмөсүн тиркейт.

2) Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделген ишеним кат ал түзүлүп жаткан өлкөнүн мыйзамдарында караштырылган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт, ал эми анын аныктыгына шектенүү болгон учурда, мыйзамдаштыруу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин күчү менен же өз-ара түшүнүшүү принцибинин негизинде талап кылынбаган учурдан тышкары, Кыргызпатенттин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде мыйзамдаштырылат.

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же турган жери жок болгон башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактарынын кызыкчылыктарына өкүлдүк кылууга ишеним кат берилген патенттик ишенимдүү өкүл ал ыйгарым укукка ээ болгон иш-аракеттерди жеке өзү жүргүзүшү керек. Ал аларды жүргүзүүнү эгерде буга ишеним кат аркылуу укуктуу болсо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним кат берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн кырдаалдарга байланыштуу аргасыз болсо, башка патенттик ишенимдүү өкүлгө кайра ишенип бере алат. Бул учурда айтылган эки ишеним кат же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.

Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:

- ишеним катка аны берген адамдын колу коюлат;

- ишеним кат Кыргызпатентте патенттик ишенимдүү өкүл катары катталган жеке жактын атына берилет;

- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлөт;

- ишеним катта ал түзүлгөн дата көрсөтүлүүгө тийиш, ансыз ал жараксыз болуп эсептелет.

Эгер ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына берилген болсо, анда патент алууга өтүнмө боюнча иштерди алардын кимиси болбосун жүргүзө алат.

Ишеним катта ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кайсы болбосун аракети өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат.

3) Ишенимдүү жак аркылуу иш жүргүзүлүүчү, Кыргыз Республикасында жашаган жеке же юридикалык жак аркылуу берилген өтүнмөгө ушул Эрежелердин 12-пунктунун талаптарына ылайык таризделген жана күбөлөндүрүлгөн ишеним кат тиркелет.

4) Биринчи өтүнмөнүн негизинде артыкчылыкка укукту пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси аларды алган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн биринчи өтүнмө материалдарынын көчүрмөлөрүн, селекциялык жетишкендик эки өтүнмөнүн тең предмети болуп эсептелгендигинин сыноосу же башка далилдерин тиркөөсү зарыл, андан кийин аларды ушул Эрежелерде белгиленген өтүнмө берүү датасынан тартып, үч айдын ичинде көрсөтүүгө милдеттүү.

5) Сорттун, тукумдун сыпаттамасынын кыскача рефераты.

7. Өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Эгер өтүнмөнүн документтери башка тилде берилсе, анда өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет.

Эгер өтүнмөгө алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө берилген документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилине котормосу тиркелет. Котормонун тактыгына өтүнмө ээси жоопкерчиликтүү болот.

8. Арыз ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.

Эгер кандайдыр бир маалыматты тийиштүү графаларда толугу менен жайгаштырууга болбосо, аларды "кошумча барактагы тиркемени карагыла" деп арыздын тийиштүү графасында көрсөтүү менен кошумча баракта ошол эле форма боюнча келтиришет.

Арыздын формасы жети бөлүктөн турат, алардын айрымдары "а" жана "б" бөлүкчөлөрүн камтыйт.

"1(а). Өтүнмө ээси (ээлери)" графасында юридикалык жактын расмий аталышы (түзүүчү документке ылайык) же жеке жактын аты-жөнү (көрсөтүлгөн тартипте) жана өлкөнүн аталышын көрсөтүү менен ылайыгына жараша алардын жашаган/турган жерлеринин дареги көрсөтүлөт.

Өтүнмө ээсинин өлкөсүнүн аталышы ИМБДУнун SТ. 3 стандарты боюнча код менен (мындан ары - өлкөнүн коду) белгиленет (2-тиркеме). Эгерде өтүнмө ээлери бир нече болсо, бардык өтүнмө ээлеринин аттарын жана даректерин көрсөтүү зарыл. Бардык зарыл болгон маалыматтарды киргизүү үчүн орун жетишпегенде, аты-жөнүн гана киргизүү керек, ал эми даректерин тиркемеде көрсөтүү керек. Фамилиясы же дареги өзгөргөн учурда, өтүнмө ээси бул тууралуу расмий кат аркылуу Кыргызпатентке билдирүүгө милдеттүү.

Эгер өтүнмө ээси жеке жак болуп эсептелсе, "1(б). Жарандык" графасы толтурулат.

"2(а). Кат алышуу үчүн дарек" графасында өтүнмө боюнча кат алышууларды жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адамдын толук дареги, телефон номери, факсы жана электрондук почтанын дареги е-mail (мындан ары - е-mail) (эгер алар бар болсо) көрсөтүлөт.

"2(б). Дареги" деген графада 2(а) графасында көрсөтүлгөн жак тиешелүү клеткаларда [х] белгисин коюу менен белгиленет.

"3(а). Уруусу, түрү" деген графада сортту, тукумду таксономиялык тийиштүүлүгү боюнча (3-тиркеме) жана ошондой эле өндүрүштүк колдонуу боюнча так бирдейлештирүү үчүн, тукумунун жана түрүнүн аталышы толук берилиши керек. (Мисалы: күздүк жумшак буудай, F1 жүгөрү гибриди, ата-эне линиясындагы жүгөрү, азык жүзүмү, кылчык жүндүү кой ж.б.).

"3(б). Уруусу, түрү" деген графада таксономиялык бирдиктин (уруусу, түрү, түрчөсү) латынча аталышы (басма тамгалары менен) көрсөтүлөт.

"4(а). Сунушталган аталышы" деген графада аталыштарды тандап алууда Мыйзамды жана ушул Эрежелердин 9-пунктун жетекчиликке алуу керек.

Чет өлкөнүн селекциянын селекциялык жетишкендигинде өтүнмө ээсинин өз тилинде жана кыргыз (орус) транслитерациясында анын расмий аталышы көрсөтүлөт.

Арыз кабыл алынгандан кийин, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөрткөндүгү үчүн алым төлөнөт.

"4(б). Селекциялык номери" деген графада селекциянын баскычтарында берилген селекциялык номери көрсөтүлөт.

"5(а). Анык автору(лору) болуп төмөнкүлөр эсептелет(ишет):" деген графада:

- эгер өтүнмө ээси же бардык өтүнмө ээлери автор болуп эсептелсе, [х] белгиси менен сол тараптагы чарчыны белгилөө керек;

- эгер бардык өтүнмө ээлери бардыгы эле автор болуп эсептелбесе жана/же башка жак(тар) автор(лор) болуп эсептелсе, [х] белгиси менен оң тараптагы чарчыны белгилөө керек.

Эгер оң тараптагы чарчы белгиленсе, анда автордун же авторлордун аты-жөнүн жана алардын даректерин көрсөтүү зарыл. Эгерде сол тараптагы чарчы белгиленсе, анда бул пункт толтурулбайт.

"5(б). Селекциялык жетишкендик төмөнкү өтүнмө ээсинен (ээлеринен) алынды:" деген графа эгер 5(а) пунктунда оң тараптагы чарчы белгиленген болсо, толтурулат.

Тийиштүү клеткаларда [х] белгисин коюу менен, өтүнмө берүүгө укук өтүнмө ээсинен кантип алынгандыгы көрсөтүлөт.

"5(в)." деген графада селекциялык жетишкендикти чыгарган өлкөнүн аталышы, ошондой эле анын коду толугу менен келтирилет.

"6." деген графада эгерде өтүнмө ээси биринчи өтүнмөнүн артыкчылык укугунан пайдаланууну кааласа, биринчи өтүнмө толтурулат. Мында эгер өтүнмө Кыргызпатентке көрсөтүлгөн датадан тартып он эки айдын ичинде келип түшкөн болсо, Кыргыз Республикасы алар менен өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишимдер менен байланыштуу болгон чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча артыкчылыгын белгилөө өтүнүчү көрсөтүлөт.

Ошондой эле, берген өлкөнүн коду, берилген датасы, өтүнмөгө берилген номер, өтүнмөнү карап чыгуунун баскычы жана селекциялык жетишкендиктин аталышы толтурулат.

Өтүнмөнү карап чыгуунун баскычын төмөнкүдөй код менен көрсөтүшөт:

- "А" - өтүнмө карап чыгууда;

- "В" - өтүнмө кайра суралып алынды;

- "С" - өтүнмө канааттандырылды, патент берилди.

"7. Сорт (тукум) сатууга сунушталганбы же сатылганбы" деген графада:

"(а) өтүнмө берилген өлкөдө:" деген графада, эгер сорт (тукум) Кыргыз Республикасында сатылса же сатууга сунушталса, анда [х] белгиси менен оң тараптагы чарчыны белгилөө керек жана ал сатууга сунуш кылынган биринчи датаны жана аталышын көрсөтүү керек.

Эгер сорт (тукум) сатылбаган жана сатууга сунушталбаган болсо, [х] белгиси менен сол тараптагы чарчыны белгилөө керек.

"(б) башка өлкөлөрдө:" деген графа "7(а)." графасына окшош толтурулат, мында кошумча түрдө өлкөнүн кодун көрсөтүү зарыл.

"Арызга тиркелүүчү өтүнмөнүн документтери" деген графа тийиштүү клеткаларда [х] белгисин коюу менен толтурулат.

1-чарчы. "Селекциялык жетишкендиктин сыпаттамасы". Тийиштүү уруу, түр үчүн атайын бланкта түзүлөт.

Өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн сорттун анкетасы тиркелет (УПОВнын талаптарына туура келүүчү).

Жаныбарлардын тукумдары үчүн - айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча колдонулуп жаткан ыкмага ылайык сыпаттамасы.

2-чарчы. "Ишеним кат". Өтүнмө ишенимдүү жак же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген учурда ишеним кат тиркелүүгө тийиш.

3-чарчы. "Биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү" жана анын мамлекеттик же расмий тилине котормосу (эгерде ал тиркелсе).

4-чарчы. "Өтүнмө бергендиги жана алдын ала эксперттөө жүргүзүү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ".

Жеңилдетилген тарифине укугу бар өтүнмө ээлери бул укукту тастыктаган документтерди көрсөтүшөт.

5-чарчы. "Сүрөттөр". Көрсөтүлгөн чарчыда [х] белгисин коюу менен, селекциялык жетишкендиктин сыпаттамасына тиркелүүчү сүрөттөр белгиленет.

6-чарчы. "Реферат". Селекциялык жетишкендиктин сыпаттамасынын кыскача рефераты (бирден көп эмес машина менен жазуу барагында).

7, 8-чарчылар - башка тиркелүүчү документтердин аталыштары (алымдарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө өтүнүч кат ж.б.).

Эгер өтүнмө ээси автор болуп эсептелбесе, анда өтүнмө ээси арызда селекциялык жетишкендиктин автору (авторлору) менен келишимдин бар экендигин тастыктайт.

Арыздын формасы жазуу машинкасында же компьютерде толтурулат.

Ботаникалык аныктамаларды латын шрифти жана басма тамгалары менен жазышат.

Арызга өтүнмө ээси кол коет. Эгерде өтүнмө ээси юридикалык жак болсо, арызга жетекчи же буга ыйгарым укугу бар адам кол коет, кол койгон адамдын кызмат орду көрсөтүлөт, коюлган колу мөөр менен бекемделет. Эгерде өтүнмө ээлери бир нече болсо, анда арызга алардын бардыгы кол коет.

Арызга коюлган колдор кол койгон адамдардын аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет. Кошумча баракта кандайдыр бир маалыматтарды келтирүү учурунда ага ушул эле тартипте кол коюлат. Кошумча баракта өтүнмө ээлеринин же патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн колу милдеттүү түрдө болушу керек.

Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берген учурда арызга патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.

9. Селекциялык жетишкендиктин сыпаттамасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- уруунун жана түрдүн аталышы;

- селекциялык жетишкендиктин сунушталган аталышы жана селекциялык номери;

- жаратуунун ыкмасын жана келип чыгуу (ата-энелик) формасын көрсөтүү менен селекциялык жетишкендиктин келип чыгышы;

- арткы бетинде өтүнмө ээсинин колу жана мөөр менен (эгер ал бар болсо) күбөлөндүрүлгөн, 9x12 же 13x18 өлчөмүндөгү сүрөттөр (зарыл болгон учурда - түстүү).

Ак фондо масштабдуу сызгыч менен гүлдөрдүн сүрөттөрү көрсөтүлөт: гүл бүчүрүнүн, гүлдүн, жогору жагынан, капталынан, төмөн жагынан, топ гүлдүн, өсүмдүктөрдүн көбөйүүчү бөлүктөрүнүн: машактарынын, сотосунун, шыпыргысынын, дандарынын, үрөндүн, жемишинин, жемиш тамырдын, тамыры жемиш өсүмдүктөрдүн ж.б., ошондой эле чарбалык пайдалануу фазасындагы жакшы өнүккөн өсүмдүктөрдүн.

Көп жылдык дарак өсүмдүктөрү боюнча: бүтүндөй бактын же бадалдын жана анын айрым бир бөлүктөрүнүн (бир жылдык көчөт, мөмө берүү органдарынын, жаш бутактын, жалбырактын, сабагынын, мөмөсүнүн ж.б.).

Жаныбардын тукуму боюнча: тукумдун сырткы көрүнүшүн жана өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөчү сүрөттөр;

- селекциялык жетишкендикти кармап туруу жана көбөйтүү өзгөчөлүктөрү;

- селекциялык жетишкендиктин айырмалоочу өзгөчөлүктөрүн мүнөздөөчү белгилери;

- окшош селекциялык жетишкендиктердин аталыштары жана өтүнмө берилген селекциялык жетишкендиктен айырмаланган белгилери;

- айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна (эгерде алар бар болсо) селекциялык жетишкендикти сыноо үчүн өзгөчө шарттар.

Сорттун (тукумдун) сыпаттамасына өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан кол коюлат.

Эгер өтүнмө көп сызыктуу сортко (тукумга) же популяцияга (өзү чаңдашуучуларга жана вегетативдүү көбөйүүчү өсүмдүктөргө) берилсе, ал алардын пайыздык катышын көрсөтүү менен ушул сорттун (тукумдун) бардык сызыктарына анкеталарды камтууга тийиш.

10. Бардык документтер алардын көчүрмөлөрдүн чектелбеген санында түздөн-түз көбөйтүүгө мүмкүн болгондой кылып таризделүүгө тийиш.

Ар бир барак бир гана жагы менен, саптарды барактын аз жагына параллелдүү жайгаштыруу менен пайдаланылат.

Барактар бырышпаган же айрылбаган жана бүктөлбөгөн болушу керек. Барактар 210x297 мм форматында болушу керек. Селекциялык жетишкендиктин кыскача сыпаттамасын камтыган барактардын кырка четтери төмөндөгүдөй өлчөмүндө аткарылат:

- үстү - 20-40 мм;

- оң жана төмөнкү жагы - 20-30 мм;

- сол жагы - 25-40 мм.

Документтердин барактары барактын жогорку оң тарабына коюлган араб сандары менен номерленет.

Өтүнмөнүн документтери бекем, ак, жылмакай жылтырабаган кагазда, кара түстөгү шрифт менен басылат. Селекциялык жетишкендиктин сыпаттамасынын текстин, маалымкаттарды, алдын ала эксперттөөнүн сурамдарына жоопторду 2,1 мм кичине эмес бийиктиктеги баш тамгалар менен 1,5 интервал менен басышат.

Сорттун анкетасында өсүмдүктүн бөлүктөрүнүн кара түстөгү тушь (сыя) менен кол менен тартылган сүрөттөрүнө жол берилет.

11. Селекциялык жетишкендиктин анын уруулук тиешелүүлүгү көрсөтүлгөн аталышы болушу керек.

Селекциялык жетишкендиктин аталышы селекциялык жетишкендикти бирдейлештирүүгө мүмкүндүк берүүгө, кыска болууга, ушу сыяктуу эле же колдонулуп жаткан селекциялык жетишкендиктин ботаникалык же зоологиялык түрүнө жакын аталышынан айырмаланууга тийиш. Ал бир сандан турбоого, селекциялык жетишкендиктин касиеттерине, келип чыгуусуна, маанисине, селекциячынын инсандыгына карата адашууга алып келбөөгө, коомдук моралдын принциптерине каршы келбөөгө тийиш.

Бардык таксономиялык бирдиктер эгерде алар бир эле ботаникалык урууга таандык болушса же ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде келтирилген бир эле класска киришсе, жакын тектештер болуп эсептелишет.

Кыргыз Республикасында жана башка мамлекеттерде селекциялык жетишкендикти коргоого берилген өтүнмөдө селекциялык жетишкендиктин аталышы Кыргыз Республикасынын аймагында бирдей жана кабыл алына тургандай болууга тийиш.

3. Кыргызпатент менен иштөө

12. Өтүнмөнү бергенден кийин ал боюнча кат алышууну жүргүзүү жана өтүнмөнү карап чыгууда өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелер менен караштырылган тартипте тийиштүү түрдө таризделген ишеним катты берүү аркылуу ишенимдүү адамды дайындоого укуктуу.

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же турган жери жок башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу патент алуу жана аны күчүндө калтыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.

Башка өтүнмө ээлери үчүн ишенимдүү адам катарында, эгерде алар бир нече болсо, негизинен өтүнмө ээлеринин бири, селекциялык жетишкендиктин автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак көрсөтүлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасында таризделүүчү ишенимдүү адамга берилүүчү жеке же юридикалык жактын ишеним каты жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

Өкүлчүлүк кылууга ишеним кат өтүнмө берүүдө, же өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде берилет. Ишеним кат берилгенге чейин ишенимдүү жак тарабынан жүргүзүлгөн аракеттер жараксыз деп эсептелет жана эске алынбайт.

Ишеним катта ал ыйгарым укукка ээ болгон ишенимдүү жактын кандай болбосун аракеттери же ага карата Кыргызпатенттин аракеттери өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата аракеттери ошол эле натыйжаларга ээ болот.

Өкүлчүлүк кылуу ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын аракеттенүү мөөнөтү бүткөнчө же качан ыйгарым укуктарды токтотуу жөнүндө Кыргызпатент кабардар болгонго чейин жарамдуу болот.

Өтүнмө ээсинин жазуу түрүндө арыз берүүсү аркылуу ишенимдүү жактын дайындалышы алынып салынышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Кат алышуу өтүнмө ээси же анын ишенимдүү адамы тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.

Өтүнмө берилгенден кийин жиберилген материалдар өтүнмөнүн номерин жана өтүнмө ээсинин же анын ишенимдүү жагынын колун камтышы керек.

Өтүнмөнүн номери камтылбаган материалдар эгер номерин кыйыр түрдө аныктоого болбосо, каралбастан кайтарылып берилет.

Өтүнмө боюнча иш процессинде жиберилүүчү материалдар Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгер мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумушчу күнү эсептелет. Эгер мөөнөттүн бүтүшү туура келүүчү күн жок болгон айга туш болсо, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

Эгер өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин ишенимдүү жагы жүргүзсө, Кыргызпатенттин кат-кабарларына байланыштуу материалдарды берүү мөөнөтү алар ушул кат-кабарларды алган учурдан тартып эсептелет.

Кыргызпатентте иш жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилинде жүргүзүлөт. Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга алардын мамлекеттик же расмий тилине котормосу тиркелүүгө тийиш. Мында өтүнмө ээси тарабынан белгиленген мөөнөттө материалдарды берүүнүн аткарылышын аныктоо максаттары үчүн, башка тилде берилген материалдар, алар Кыргызпатентке келип түшкөн датага берилди деп эсептелет, эгерде алардын котормолору башка тилдеги материалдар келип түшкөн датадан тартып эки айдын ичинде келип түшсө, буга каршы келген учурда материалдар алардын котормолору келип түшкөн датага берилди деп эсептелет.

Котормолору берилгенге чейин башка тилде берилген материалдар келип түшпөгөн болуп эсептелет.

14. Өтүнмө берилген датадан тартып жана өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө Кыргызпатент тарабынан өтүнмө ээси кабардар болгонго чейин, өтүнмө ээси өз демилгеси боюнча, алым төлөнгөн шартында, өтүнмө берилген селекциялык жетишкендиктин маңызын өзгөртпөстөн, өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, оңдоого же тактоого укуктуу.

Алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбегенде же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбегендигинде, өтүнмөнү карап чыгууда өзгөртүүлөр эске алынбайт.

Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу барактарды көрсөтүү менен ишке ашырылат. Алмаштыруучу барактар өтүнмөнүн тийиштүү документинин мамлекеттик же расмий тилиндеги ар бир нускасы үчүн көрсөтүлөт же документтин мамлекеттик же расмий тилине котормосун көрсөтүүгө жана ушул Эрежелердин талаптарын канааттандырууга тийиш.

Эгер оңдоолор басууда кеткен каталарга, стилдик каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү каталарга ж.б. тиешелүү болсо жана документти оңдоо көбөйтүүдөгү тактыкка карата тескери натыйжаларга алып келбесе, оңдоолорду киргизүү зарылдыгы алмаштыруучу барактарды көрсөтүүсүз эле өтүнмө ээсинин катында билдирилет.

Эгер селекциялык жетишкендиктин аталышы Мыйзамдын талаптарын канааттандырбаган болсо, өтүнмө ээси селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртүүгө милдеттүү. Алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ аталышын өзгөртүү жөнүндө арыз менен чогуу берилет. Аталган арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, арыз берилбеген болуп эсептелет.

15. Өтүнмө ээси эксперттөө жүргүзүүдө пайдаланылган материалдар менен таанышууга, сыноонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө укуктуу.

Суралган материалдардын көчүрмөлөрү тийиштүү алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээсинин сурамын алган күндөн тартып бир айдын ичинде жиберилет.

16. Өтүнмөгө байланышкан маселелерди өтүнмө ээсинин катышуусу менен карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, эки тарап тең ушул маселелер менен таанышып чыккандан кийин жүргүзүлөт. Алдын ала эксперттөө жүргүзүүнүн учурунда пайда болгон өтүнмө боюнча суроолор, жолугушуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө кошумча кабарланган сурамда, өтүнмө ээсинин суроолору - аны жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтө айтылышы мүмкүн.

Сурамга жооп Мыйзамда белгиленген мөөнөттө, өтүнмө ээсинин өтүнмөнү карап чыгууга катышууга ниеттенеби, анысына карабастан берилет.

Өтүнмөнү карап чыгуунун датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда, дайындалган убакытта өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүндүгү жок тараптар, бул жөнүндө экинчи тарапка кечиктирбестен кабарлайт.

Эгер Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү биргелешип карап чыгууну эртерээк же максатка ылайыксыз деп эсептесе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин өтүнүчү тиешелүү далилдерди келтирүү менен четтетилет.

Анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууда өтүнмө ээси алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке келсе, анын өтүнүчү аткарылбайт.

Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тараптар тарабынан келтирилген далилдерди жана сунуштарды жана андан ары иш жүргүзүү жөнүндө корутундуларды камтыган протокол түзүлөт.

Протоколдо өтүнмө ээси сунуштаган өзгөртүүлөр, алдын ала экспертизанын жүрүшүндө пайда болгон, жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү талап кылган маселелер ж.б. келтирилиши мүмкүн.

Талкууланган маселелер боюнча макулдашуу жок болгон учурда протоколдо карап чыгуунун катышуучуларынын өзгөчө пикирлери чагылдырылат.

Протоколго карап чыгуунун катышуучулары кол коет жана өтүнмөнүн материалдарына тиркелет.

17. Мыйзамдын 11-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээсинин Мыйзамдын 11-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө караштырылган сурамга же кабарлоого жооп берүүнүн мөөнөтү тийиштүү өтүнүч кат берилген учурда жана жүйөлүү себептери болсо алты айга чейин узартылат.

Өтүнүч кат менен бирге мөөнөтүн узарткандыгы үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет.

Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси сурамды алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.

Өтүнмө ээсине суралган материалдарды берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирилет.

Өтүнүч кат берүү мөөнөтү сакталбаган учурда, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты канааттандырылбайт, өтүнмө кайра суралып алынган болуп таанылат.

18. Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээси тарабынан төмөнкүдөй өткөрүлүп жиберилген мөөнөттөр калыбына келтирилет:

- оңдолгон же жетишпеген материалдарды берүү жөнүндө алдын ала эксперттөөнүн сурамына жооптун;

- селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртүү жөнүндө алдын ала эксперттөөнүн кабарлоосуна жооптун;

- патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикир билдирүүнүн.

Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен, мөөнөттү өткөрүүнүн жүйөлүү себептерин тастыктоо менен өтүнмө ээси тарабынан берилет. Кыргызпатент көрсөтүлгөн себептердин бар экендигин документ менен тастыкталышын суроого укуктуу.

Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тийиштүү алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ берилет.

Эгер мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

Өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

19. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери берилип, алардын келип түшкөн датасы белгиленет.

Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кириш номерин, келип түшкөн датасын, кабыл алынган документтердин барактарынын санын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдарынын кабыл алынгандыгы жөнүндө тилкат берилет.

Берилген өтүнмөнүн документтерде сорттун, тукумдун сыпаттамасы жана өтүнмө бергендиги жана алдын ала эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу же алым төлөөдөн бошотуучу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздеме берүүчү документтер бар болгон учурда, Кыргызпатентке өтүнмө берилген дата белгиленет жана өтүнмөгө каттоо номери берилет (улук разряддагы төрт сан өтүнмө берилген жылды, андан кийинки эки сан - берилген жылдын сериясындагы катар номерди, чекиттен кийинки 5 деген сан - селекциялык жетишкендиктин шарттуу белгилерин билдирет).

Селекциялык жетишкендикке өтүнмө жөнүндө маалыматтар анын Кыргызпатентке келип түшкөн учурунан тартып өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланганга чейин жашыруун болуп эсептелет жана мыйзамсыз түрдө жайылтууга болбойт.

20. Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык алдын ала эксперттөө Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде жүргүзүлөт.

Өтүнмөгө алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:

- ушул Эрежелердин 5 жана 6-пунктуларында аныкталган өтүнмөнүн курамы жана ага тиркелүүчү документтер;

- ушул Эрежелердин 6-11-пункттарынын талаптарына ылайык документтердин таризделишинин тууралыгы;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу ишеним каттын бардыгын жана туура таризделишин кошкондо, патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берген учурда, өтүнмө берүүнүн эрежелеринин сакталышы;

- ушул Эрежелердин 23-пунктуна ылайык селекциялык жетишкендиктин аталышы;

- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык өтүнмө берилген селекциялык жетишкендиктин жаңылыктуулугу.

Мыйзамдын 9-беренесинин 1-4-бөлүктөрүнө жана ушул Эрежелердин 25-пунктуна ылайык селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгы белгиленет.

21. Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, эгер өтүнмөгө алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө документтерди тариздөөгө жана түзүүгө карата талаптардын бузулушу менен өтүнмө берилгендиги же эксперттөөнүн максаттары үчүн кошумча материалдар талап кылына тургандыгы белгиленген болсо, табылган кемчиликтерди көрсөтүү менен жана аны алган күндөн тартып, эки айдын ичинде оңдолгон же жетишпеген материалдарды көрсөтүү сунушу менен өтүнмө ээсине сурам жөнөтүлөт.

Сурам үчүн негиз болуп, атап айтканда төмөнкүлөр эсептелет:

- өтүнмөдө ушул Эрежелердин 6-пункту менен караштырылган документтердин бири эле жок болсо;

- эгер документтер башка тилде берилсе, документтердин кыргыз же орус тилдерине котормосунун жоктугу;

- өкүлчүлүк кылууга ишеним каттын жоктугу же аны тариздөөгө талаптардын бузулушу;

- өтүнмөнүн документтеринин белгиленгенден аз нускада берилиши;

- арызда ушул Эрежелер менен караштырылган талап кылынган маалыматтардын, колдорунун, мөөрдүн оттискинин (качан ал зарыл болсо) же башка маалымдаректеринин жоктугу;

- аларды жарыялоого, сактоого тоскоолдук кылуучу жана/же алар менен кызыкдар болгон жактарды тааныштырууну мүмкүн кылбай турган документтерди тариздөөдө жетишпегендиктер байкалганда (барактардын форматтарына, кырка четтеринин өлчөмдөрүнө карата ж.у.с. талаптар, басуу сапаты, бузулганда, өтүнмөнүн материалдарын окуп чыгууда кыйынчылык болгондо ж.у.с.);

- алымдын төлөнүшүнүн тууралыгына байланыштуу маселелерди тактоо зарылдыгы.

Эгер өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдарды же ушул Эрежелерде караштырылган шарттарды сактоо менен аларды берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет. Кайра сурап алынган өтүнмө боюнча юридикалык маанилүү аракеттер андан ары жүргүзүлбөйт.

22. Өтүнмөнү оңдоочу же тактоочу (б.а. аларды мазмунуна киргизүү керек болгон) жана өтүнмө ээсинин демилгеси же алдын ала эксперттөөнүн сурамы боюнча берилген кошумча материалдар келип түшкөндө, алар тарабынан белгиленген мөөнөттүн сакталышы текшерилет.

Өтүнмө ээси тарабынан мөөнөттү эсептөөнү текшерүүдө ушул Эрежелерди жетекчиликке алуу керек.

Эгерде өтүнмө ээси кошумча материалдарды көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен көрсөтсө жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелерге ылайык узартылбаган болсо, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

Өтүнмө ээсинин жеке демилгеси же Кыргызпатенттин сурамы боюнча берилген жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алардын өтүнмө берилген селекциялык жетишкендиктин маңызын өзгөртпөй тургандыгы текшерилет.

23. Селекциялык жетишкендиктин аталышын текшерүү Мыйзамдын 8-беренесинин жана ушул Эрежелердин 11-пунктунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Эгерде өтүнмөнү алдын ала эксперттөө процессинде селекциялык жетишкендиктин аталышы белгиленген талаптарга туура келбесе, өтүнмө ээсине аны алган күндөн тартып эки айдын ичинде башка аталышты көрсөтүү сунушу менен кабарлоо жөнөтүлөт.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө селекциялык жетишкендиктин башка аталышын же ушул Эрежелерде караштырылган шарттарды сактоо менен, аны берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет. Кайра сурап алынган өтүнмө боюнча юридикалык маанилүү аракеттер андан ары жүргүзүлбөйт.

Өтүнмө ээси тарабынан сунуш кылынган селекциялык жетишкендикти текшерүүдө Кыргызпатент маалыматтын төмөнкүдөй булактары боюнча издөө жүргүзөт:

- УПОВго мүчө-мамлекеттерде мурда катталган сорттор жөнүндө маалыматты камтыган УПОВдун маалымат базасы;

- алдын ала эксперттөө бүткөн учурда өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн материалдары;

- тиешелүү Мамлекеттик реестрде катталган селекциялык жетишкендиктер.

24. Селекциялык жетишкендик эгер өтүнмө берилген датага карата бул селекциялык жетишкендиктин үрөнү же асыл тукум материалы селекциячы, анын укук мураскору же алардын макулдугу менен селекциялык жетишкендик пайдалануу үчүн ушул датага чейин бир жыл мурда Кыргыз Республикасынын аймагында же башка мамлекеттин аймагында төрт жыл мурда, эгер бул жүзүм, кооздук үчүн өстүрүлгөн бак-дарактар жана жемиш өсүмдүктөрүнө тиешелүү болсо, көрсөтүлгөн датадан алты жыл мурда башка жактарга сатылбаса жана башка түрдө берилбесе, жаңы болуп эсептелет.

Сатуу же сатууга сунуш жөнүндө маалыматтар өтүнмө ээси тарабынан арыздын 7-графасында келтирилет (1-тиркеме).

Жаңылыктуулук талаптары боюнча берилген маалыматтар үчүн жоопкерчилик өтүнмө ээсине жүктөлөт.

25. Селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгын аныктоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

- Кыргызпатентке өтүнмө берилген дата боюнча;

- эгер өтүнмө Кыргызпатентке көрсөтүлгөн датадан тартып он эки айдын ичинде келип түшсө, аны менен Кыргыз Республикасы анын катышуучусу болуп эсептелген, өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишим менен байланышкан, чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча.

26. Эгер өтүнмө боюнча кыйла мурдараак артыкчылык суралбаса, артыкчылык өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн дата боюнча белгиленет.

27. Чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча артыкчылыгын белгилөөдө төмөнкүлөр текшерилет:

- өтүнмө берүүдө өтүнмө ээси тарабынан Мыйзамдын 9-беренесинин 4-бөлүгү менен белгиленген артыкчылык суроонун көрсөтмөлөрүнүн сакталышы (арыздын 6-графасы, 1-тиркеме);

- чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген датадан тартып, өтүнмө ээси тарабынан он эки айлык мөөнөттүн сакталышы;

- аларды алуучу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн баштапкы билдирилүүчү материалдардын, ошондой эле сынактын же эки өтүнмөнүн тең предмети болуп эсептелүүчү селекциялык жетишкендик дагы ошол эле экендигинин башка далилдеринин көчүрмөлөрүн берүү мөөнөтүнүн (өтүнмө берген датадан тартып, үч айдын ичинде) сакталышы.

Өтүнмө ээси эксперттөө максаттары үчүн кайсы болбосун зарыл болгон маалыматты, документтерди же материалдарды бере алат:

- артыкчылык мөөнөтү өткөндөн кийин эки жылдын ичинде;

- же биринчи өтүнмө кабыл алынбаган же кайра сурап алынган учурларда.

28. Эгер өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык зарыл болгон документтерди камтыса жана селекциялык жетишкендиктин аталышы коюлган талаптарга ылайык келсе, өтүнмө ээсине өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт.

Эгер өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан кыйла мурдараак артыкчылык суралбаса, өтүнмө ээси ошондой эле селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгы жөнүндө кабарландырылат.

29. Мыйзамдын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатент өтүнмөнүн алдын ала эксперттөөсү аяктаган датадан тартып, төрт айдан ашпаган мөөнөт ичинде өтүнмө жөнүндө маалыматтарды расмий бюллетенде жарыялайт. Жарыялануучу маалыматтардын курамы төмөндөгүдөй:

- өтүнмөнүн каттоо номери;

- өтүнмө берилген датасы;

- өтүнмөнүн артыкчылык алган датасы;

- өтүнмө ээсинин(леринин) аты-жөнү (аталышы);

- селекциялык жетишкендиктин аталышы;

- селекциялык номери (бар болсо);

- уруусу, түрү;

- селекциялык жетишкендиктин авторунун (авторлорунун) аты;

- сыпаттама боюнча кыскача реферат.

Өтүнмө жөнүндө маалымат жарыялангандан кийин кайсы жак болбосун анын материалдары менен таанышууга укуктуу. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышкандыгы үчүн тиешелүү алым төлөнөт.

Өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялоо эгер берилген өтүнмө боюнча жарыялоо мөөнөтү өткөнгө чейин патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган болсо же ал кайра сурап алынган болсо же даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган болсо, жүргүзүлбөйт.

30. Өтүнмө жарыяланган датадан тартып, алты айдын ичинде кайсы болбосун кызыкдар болгон жак каршы болгондугун билдирүү катарында таризделген жаңылыктуулугуна карата каршылык пикирин Апелляциялык кеңешке бере алат. Каршы болгондугун билдирүүгө аны бергендиги жана карап чыккандыгы үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ тиркелет.

(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Каршы болгондугун билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып, төрт айдын ичинде каралат.

өртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи  абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Алдын ала жүргүзүлгөн эксперттөөнүн оң натыйжасында өтүнмөнүн материалдары селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугун, бир түрдүүлүгүн жана туруктуулугун сыноого жөнөтүлөт.

Өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо белгиленген алым төлөнгөн шартта жүргүзүлөт.

Алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ өтүнмө берилген селекциялык жетишкендиктин түрүнө байланыштуу Мамборборго же Мамасылтукумборборуна өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алынгандыгы тууралуу кабарлоону алган датадан тартып эки айдын ичинде берилет.

Белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбегенде, коргоого жөндөмдүүлүк шарттарына ылайыктуулугуна сынак жүргүзүлбөйт.

Селекциялык жетишкендикти айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна сыноодо Мамборбор, Мамасылтукумборбору төмөндөгүлөрдү негиз кылып алат:

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланыштуу болгон, селекциялык жетишкендиктерди сыноо боюнча Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары же чет өлкөлөрдүн компетенттүү уюмдары менен келишимдер боюнча жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларына;

- өтүнмө ээси тарабынан же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары өткөрүлүүчү сыноолорго.

Мамборбор, Мамасылтукумборбору өтүнмө ээсинен бардык зарыл болгон маалыматты, документтерди же отургузуучу, асыл тукум материалды көрсөтүүсүн талап кыла алат, ошондой эле өтүнмө ээсине сорттун, тукумдун белгилүү бир сынактарын жүргүзүүнү сунуш кыла алат.

Мамборбор, Мамасылтукумборбору селекциялык жетишкендиктин сынактарынын натыйжалары боюнча селекциялык жетишкендиктин коргоого жарамдуулук шарттарына ылайыктуулугу жөнүндө корутунду чыгарат жана селекциялык жетишкендиктин расмий баяндоосун түзөт.

Техникалык өнүгүүнүн жүрүшүндө Мамборбор, Мамасылтукумборбору патенттин аракеттенүү мөөнөтү ичинде кайсы убакта болбосун селекциялык жетишкендиктин баяндоосун толуктай алат.

32. Эгерде селекциялык жетишкендик айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна сыноодон оң натыйжа менен өтсө, Кыргызпатент отчеттордун материалдарынан жана Мамборбор, Мамасылтукумборборунун корутундуларынан келип чыгып, патент берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана эгерде алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө белгиленбеген болсо, артыкчылыгын белгилейт.

33. Эгер селекциялык жетишкендик айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна сыноодон өтпөсө, Кыргызпатент Мамборбордун, Мамасылтукумборборунун отчетторунун жана корутундуларынын материалдарынын негизинде патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Чечимде кошумча түрдө өтүнмө ээси кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, аны алган датадан тартып, эки ай мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы келген материалдардын көчүрмөлөрүн, ошондой эле өткөрүлгөн сыноонун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматтарды сурап алуу укуктары тууралуу билдирилет.

Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим менен макул болбогондо, өтүнмө ээси өтүнмө боюнча чечимди же өтүнмөгө каршы келген материалдардын көчүрмөлөрүн, ошондой эле өткөрүлгөн сыноонун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматтарды алган күндөн тартып, үч ай мөөнөттүн ичинде Апелляциялык кеңешке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы болгондугун билдирүүгө укуктуу.

 

1-тиркеме

 

┌─────────────────┬────────────────────────┬──────────────────────────┐

│Берилген датасы  │Кириш N                 │Каттоо N                  │

│                 │Келип түшкөн датасы     │                          │

├─────────────────┴────────────────────────┼──────────────────────────┤

│   Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик     │  Интеллектуалдык менчик  │

│    интеллектуалдык менчик кызматына      │     жаатындагы Кыргыз    │

│    Селекциялык жетишкендикке Кыргыз      │  Республикасынын ыйгарым │

│  Республикасынын патентин алуу жөнүндө   │    укуктуу мамлекеттик   │

│                  АРЫЗ                    │   органы (Кыргызпатент)  │

│                                          │    720021, Бишкек ш.,    │

│                                          │      Москва көч., 62     │

├──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┤

│1 (a).                                                               │

Өтүнмө ээси (ээлери) ________________________________________________│

│_____________________________________________________________________│

│_____________________________________________________________________│

│               (толук аты-жөнү же аталышы жана жашаган               │

│_____________________________________________________________________│

│                 жери же турган жери көрсөтүлөт)                     │

│_____________________________________________________________________│

│1 (б).                                                               │

│Жарандыгы ___________________________________________________________│

│                                                                     │

│2 (а). Арыз боюнча кат алышуу үчүн дарек 2 (б). Адрес:               │

│________________________________________ ┌─┐                         │

│________________________________________ └─┘ өтүнмө ээлеринин бири   │

│________________________________________ ┌─┐                         │

│________________________________________ └─┘ авторлордун биринин     │

│________________________________________ ┌─┐                         │

│телефону ______ факсы _____ e-mail _____ └─┘ ишенимдүү жактын        │

│                                                                     │

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│3 (а). Уруусу, түрү _________________________________________________│

│                                                                     │

│3 (б). Уруусу, түрү _________________________________________________│

│                                       (латынь)                      │

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│4 (а). Сунушталган аталышы __________________________________________│

│_____________________________________________________________________│

│4 (б). Селекциялык номери ___________________________________________│

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│5 (а). Анык автору(лору) болуп төмөнкүлөр эсептелет (эсептелишет):   │

│┌─┐                                   ┌─┐                            │

│└─┘ өтүнмө ээси (ээлери) бардыгы      └─┘ төмөнкү жак (жактар)       │

├──────────────┬───────────────────────┬──────────────────────────────┤

│ Автор(лор)   │ Жашаган жеринин дареги│  Патент алууга укугун        │

│ (толук аты   │   (чет өлкөлүктөр үчүн│ ыйгарып берген автордун      │

│  көрсөтүлөт) │      өлкөнүн коду)    │ авторлордун колу; датасы     │

├──────────────┼───────────────────────┼──────────────────────────────┤

├──────────────┼───────────────────────┼──────────────────────────────┤

├──────────────┼───────────────────────┼──────────────────────────────┤

├──────────────┴───────────────────────┴──────────────────────────────┤

│Мендеги (биздеги) маалыматтар боюнча башка анык авторлор жок(*)      │

│                                                                     │

│5 (б). Селекциялык жетишкендик өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан алынды:│

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ келишим боюнча __________________________________________________│

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ мурас боюнча ____________________________________________________│

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ башкача жол менен (көрсөтүү керек) ______________________________│

│                                                                     │

│5 (в). Селекциялык жетишкендик төмөнкү өлкөдө (өлкөлөрдө) чыгарылды  │

│_____________________________________________________________________│

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│6. Биринчи өтүнмө                                                    │

│                                                                     │

│Биринчи өтүнмө берилген дата боюнча артыкчылыкты белгилөөнү суранам  │

│(суранабыз):                                                         │

├──────────────┬───────────┬────────┬─────────────┬───────────────────┤

Өтүнмөнүн    │  Берилген │Өтүнмө- │   Баскычы   │   Селекциялык     │

өлкөсү (коду)│   датасы  │нүн     │             │  жетишкендиктин   │

│              │           │номери  │             │     аталышы       │

├──────────────┼───────────┼────────┼─────────────┼───────────────────┤

│              │           │        │             │                   │

├──────────────┴───────────┴────────┴─────────────┴───────────────────┤

│Мен (биз)  биринчи өтүнмө менен берилген материал ушул сортту (тукум-│

│ду) билдирет жана ушул өтүнмөгө ылайык келет деп  билдирем  (билдире-│

│биз)                                                                 │

│                     ____________________________________________    │

│                                        (колу)                       │

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│7. Сорт (тукум) сатууга сунушталганбы же сатылганбы                  │

│                            ┌─┐         ┌─┐                          │

│(а) өтүнмө берилген өлкөдө: └─┘ - жок,  └─┘ - ооба,                  │

│биринчи жолу ________________________________________________________│

│                              (датасы)                               │

│аталышынын астында __________________________________________________│

│                            ┌─┐         ┌─┐                          │

│(б) башка өлкөдө:           └─┘ - жок,  └─┘ - ооба,                  │

│биринчи жолу ________________________________________________________│

│                         (өлкөнүн коду, датасы)                      │

│биринчи жолу ________________________________________________________│

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│Арызга тиркелүүчү өтүнмөнүн документтери (тиркелген документтерге ту-│

│ура келүүчү чарчыны [х] белгиси менен белгилегиле):                  │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ селекциялык жетишкендиктин сыпаттамасы                           │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ ишеним кат                                                       │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү                                      │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ өтүнмө бергендиги жана алдын ала эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн   │

│    алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ                          │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ сүрөттөр                                                         │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ реферат                                                          │

│┌─┐                                                                  │

│└─┘ _________________________________________________________________│

│    _________________________________________________________________│

├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤

│Мен (биз)  өтүнмө  берилген селекциялык жетишкендикке патент жана ав-│

│тордук (авторлордун) күбөлүк берүүнү суранам (суранабыз).            │

│Мен (биз)  бизде  болгон маалыматтар боюнча өтүнмөнү карап чыгуу үчүн│

│зарыл болгон жана ушул арызга  жана  тиркемеге  киргизилген  маалымат│

│акыркы жана туура болуп эсептеле тургандыгын билдиремин (билдиребиз).│

│Мен (биз) үлгүлөр тийиштүү түрдө алынгандыгын жана селекциялык жетиш-│

│кендиктин  репрезентативдүү тандоосу болуп санала тургандыгын тастык-│

│таймын (тастыктайбыз).                                               │

│Мен (биз)  өтүнмө  ээси  (ээлери)  менен сорттун (тукумдун) авторунун│

│(авторлорунун) келишими бар экендигин ырастаймын (ырастайбыз).       │

│                                                                     │

│Колу: ________________              _____________________________    │

│                                          (аты-жөнү, датасы)         │

│                                                                     │

│      ________________              _____________________________    │

│      ________________              _____________________________    │

│                                                                     │

│__________________________________                                   │

│Мөөр (мөөрлөр) үчүн орун                                             │

│                                                                     │

Өтүнмө ээсинин  (ээлеринин) же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу,  кол│

│(колдорду) коюу датасы,  (юридикалык жактын атынан кол коюлганда  же-│

│текчинин колу мөөр менен тастыкталат)                                │

└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘

 

(*)Эгерде авторлордун саны саптардын санынан жогору болсо, анда авторлордун тизмеси өтүнмөгө тиркеме катары өзүнчө баракка улантылат.

 

2-тиркеме

Алфавиттик тартипте иретке салынган өлкөлөрдүн, башка административдик бирдиктердин жана өкмөттөр аралык уюмдардын орус тилиндеги аталыштарынын
ТИЗМЕСИ
(ИМБДУнун SТ. 3 стандарты)

Австралия AU Интеллектуалдык IB, WO менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму

Австрия AT Чыгыш Тимор TP

Азербайджан AZ Вьетнам VN

Албания AL Габон GA

Алжир DZ Гаити HT

Армения AM Гайана GY

Африка региондук өнөр жай АР Гамбия GM

менчик уюму

Афганистан AF Гана GH

Ангилья AI Гватемала GT

Андорра AD Гвинея GN

Ангола AO Гвинея-Бисау GW

Аргентина AR Германия DE

Аруба AW Гибралтар GI

Интеллектуалдык менчиктин АУ Гондурас HN

Африка уюму

Антигуа жана Барбуда AG Гонконг HK

Багам BS Гренада GD

Бангладеш BD Гренландия GL

Барбадос BB Греция GR

Бахрейн BH Грузия GE

Беларусь BY Дания DK

Белиз BZ Демократиялык Кампучия (Камбоджаны кара)

Бельгия BE Джибути DJ

Бенилюкс, товардык белгилер BX Доминика DM

жана өнөр жай үлгүлөрү

боюнча ведомство

Бенин BJ Доминика Республикасы DO

Пил сөөгүнүн жээги CI Египет EG

Бермуд аралдары BM Европа патенттик ЕР ведомствосу

Бирма (Мианмарды кара) Заир ZR

Болгария BG Замбия ZM

Боливия ВО Батыш Сахара EH

Босния жана Герцеговина BA Жашыл булуң, аралдар CV

Ботсвана BW Зимбабве ZM

Бразилия BR Израиль IL

Бруней Даруссалам BN Индия IN

Буве, а. BV Индонезия ID

Буркина Фасо BF Иордан JO

Бурунди BI Ирак IQ

Бутан BT Иран (Ислам IR Республикасы)

Вануату BU Ирландия IE

Ватикан VA Исландия IS

Улуу Британия GB Испания ES

Ички базарда ЕМ Италия IT

гармониялаштыруу боюнча

ведомство (товардык

белгилери жана өнөр жай

үлгүлөрү)

Венгрия HU Йемен YE

Венесуэла VE Казахстан KZ

Виргинские аралдары (Брит.) VG Кайман аралдары KY

Виргин аралдары (АКШ) VI Камбоджа KH

Камерун СМ Никарагуа NI

Канада CA Жаңы Зеландия NZ

Катар QA Норвегия NO

Кения KE Бириккен Араб Эмираттары AE

Кипр CY Танзания Бириккен TZ Республикасы

Кирибати KI Оман OM

Кытай CN Пакистан PK

Колумбия СО Палау PW

Комор КМ Панама PA

Конго CG Папуа - Жаңы Гвинея PG

Корея KР Парагвай PY

Корея Элдик Демократиялык KR Перу PE

Республикасы

Коста Рика CR Польша PL

Куба CU Португалия PT

Кувейт KW Корея Республикасы KR

Кука, ар-ры CK Молдова Республикасы MD

Кыргызстан KG Россия Федерациясы RU

Лаос LA Румыния RO

Латвия LV Руанда RW

Лесото LS Самоа WS

Либерия LR Сан-Марино SM

Ливан LB Сан-Томе жана Принсипи ST

Ливия LY Сауд Аравиясы SA

Литва LT Свазиленд SZ

Лихтенштейн LI Ыйык көл VA (Ватиканды кара)

Люксембург LU Ыйык Елена а. SH

Маврикий MU Түндүк Мариан аралдары MP

Мавритания MR Сент-Винсент жана VC Гренадиндер

Мадагаскар MG Сент-Китс жана Невис KN

Макау MO Сент-Люсия LC

Югославиянын мурдагы MK Сейшель Аралдары SC

республикасы, Македония

Малави MW Сенегал SN

Малайзия MY Сьерра-Леоне SL

Мали ML Сингапур SG

Мальдивдер MV Сирия SY

Мальта MT Словакия SK

Марокко MA Словения SI

Маршалл Аралдары MH Америка Кошмо US Штаттары

Мексика MX Соломон Аралдары SB

Мианмар MM Сомали SO

Микронезия FM Судан SD

Мозамбик MZ Суринам SR

Молдова, Республикасы MD Тажикистан TJ

Монако MC Таиланд TH

Монголия MN Тайвань TW

Монтсеррат MS Того TG

Намибия NA Тонга ТО

Науру NR Тринидад жана Тобаго TT

Непал NP Тувалу TV

Нигер NE Тунис TN

Нигерия NG Түрк жана Кайкос TC аралдары

Нидерланды NL Түркмөнстан TM

Нидерланды Аптиллдери AN

Түркия TR Чили CL

Уганда UG Швеция SE

Өзбекстан UZ Швейцария CH

Украина UA Шри-Ланка LK

Уругвай UY Эквадор EC

Фарер Аралдары FO Экваториалдык Гвинея GQ

Фиджи FJ Эль-Сальвадор SV

Филиппин PH Эритрея ER

Финляндия FI Эстония ЕЕ

Фолклен Аралдары FK Эфиопия ET

Франция FR Югославия YU

Хорватия HR Түштүк Африка ZA

Сандвичев Борбордук CF Түштүк Джорджия жана GS

Африкалык республикасы Түштүк аралдары

Чад TD Ямайка JM

Чех Республикасы CZ Япония JP

 

3-тиркеме

Таксономиялык бирдиктердин
КЛАССТАРЫ

Класстын ичинде сорттордун бирдей же окшош аталыштарына жол берилбейт.

Ушул тизмеге кирбеген уруулар өз алдынча класстарды түзүшөт. Мисалы: Fagoprum уруулары (кара курүч), Oryza (күрүч), Lycopersicon (томат) түрлөрү өз алдынча класстарды түзүшөт, ал эми 9 Vicia faba (буурчак) түрүнүн классы Vicia уруусунун башка түрү боюнча өз алдынча классты түзүүнү караштырат.

1-класс. Avena, Hordeum, Secale, Triticale, Triticum сулуу, арпа, кара буудай, тритикале, буудай

2-класс. Panicum, Setaria таруу, конок, италия таруусу, чумиза

3-класс. Sorghum, Zea ак жүгөрү (сорго), жүгөрү

4-класс. Agrostis, Alopecurus, Arrhenatherum, Bromus, Cynosurus, Dactulis, Festuca, Lolium, Phalaris, Pleum, Poa, Trisetum полевица, түлкү куйрук, райграс, кострец, балгын, ак сокто, кара сулуу, двукисточник, ат конок, жылган, үч чирче

5-класс. Brassica oleracea, Brassica chinensis, Brassica pekinensis капуста, кытай капустасы, пекин капустасы

6-класс. Brassica napus, Brassica campestris, Brassicarapa, Brassica juncea, Brassica nigra, Sinapis брюква, рапс, чамгыр, кычы (ындоо), тоют чамгыры, салат жалган кычысы, көгүлдүр жалган кычы, ак жалган кычы

7-класс. Lotus, Medicago, Ornithopus, Onobrychis, Trifolium лядвенец, беде, сераделла, эспарцет, уй беде

8-класс. Lupinus albus L., Lupinus angustifolius L., Lupinus luteus L. ак, ичке жалбырактуу бөрү буурчак, сары бөрү буурчак

9-класс. Vicia faba L маш буурчак

10-класс. Beta vulgaris L. ssp. vulgaris var. alba DC., Beta vulgaris L. ssp. vulgaris var. altisima Doell тоют кызылчасы, кант кызылчасы

11-класс. Beta vulgaris L. ssp. vulgaris var. conditiva Alef (syn. Beta vulgaris L. var. rybra L.), Beta vulgaris L. ssp. vulgaris var. Vulgaris азык кызылчасы, мангольд, жалбырактуу кызылча

12-класс. Lactuca, Valerianella, Cichorium салат, валерьянелла, дарчын

13-класс. Cucumis sativus L. Бадыраң

14-класс. Citrullus, Cucumis melo, Cucurbita дарбыз, коон, ашкабак, кабак, патиссон

15-класс. Anthriscus, Petroselium кервель, ашкөк

16-класс. Daucus, Pastinaca сабиз, пастернак

17-класс. Anethum, Carum, Foeniculum шибит, зире, фенхель

18-класс. Bromeltaceae бромелдүүлөр

19-класс. Picta, Abies, Pseudotsuga, Pinus, Larix карагай, көк карагай, псевдотсуга, кызыл карагай, кара карагай

20-класс. Calluna, Erica вереск, эрика

21-класс. Solanum tuberosum L. картошка

22-класс. Nicotiana rustica L., N. tabacum L. махорка, табак

23-класс. Helianthus tuberosus L. жер алмуруту

24-класс. Helianthus annuus күн карама

25-класс. Orchidaceae орхидеялар

26-класс. Epiphyllum, Rhipsalidopsis, Schlumbergera, Zygocactus эпифиллюм, рипсалодопсис, шлюмбергера

27-класс. Proteaceae протеиндүүлөр