КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну № 350
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-августундагы № 527
"Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999- жылдын 14-майындагы № 259 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 259 "Селекциялык жетишкендиктерди патенттөө үчүн пошлиналардын жобосунбекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-январындагы № 48 "Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 5 жана 7-пункттары.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Жээнбеков