About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG214

Back

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2017-жылдын 20-январы № 37

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
35-пунктта:
- "Министрликтер жана ведомстволор" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Документтердин тизмеси" графасындагы "Фирмалык аталыштарды каттоо тууралуу күбөлүк" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-сентябрындагы №
621 "Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын аталыштарында "улуттук"
деген терминди колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын аталыштарында "улуттук" деген терминди колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттагы "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 4-беренесине жана" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы "жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына", "жана фирмалык аталыштарды" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартибинде:
- 1-пункттагы ", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 20-статьясына" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы
№ 117 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы ", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун эрежелеринде:
3-пунктта:
- биринчи абзацтагы ", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- 12, 13 жана 20-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын.
5-пунктта:
- биринчи абзацтагы "13" деген цифралар "11" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "20" деген цифралар "19" деген цифралар менен алмаштырылсын;
6-пункттун экинчи абзацындагы "фирмалык аталышка," деген сөздөр алып салынсын;
7-пункттун төртүнчү, бешинчи жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
8-пункттун экинчи абзацындагы "жана 12" деген сөз жана цифралар алып салынсын;
16-пункттун биринчи абзацындагы "20" деген цифралар "19" деген цифралар менен алмаштырылсын;
18-пункттун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы
№ 118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы ", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелеринде:
- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арызга келишим түзгөн тараптардын бири же ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө таризделген анын өкүлү кол коёт.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №
155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
преамбуладагы ", "Фирмалык аталыштар жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобонун 7-тиркемесинде:
- 1-главанын аталышындагы "каттоонун" деген сөз "сактоонун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-главанын 1-пунктундагы "фирмалык аталыштарды каттоого" деген сөз "катталган фирмалык аталыштар жөнүндө маалыматтарды сактоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын; ", ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-главанын 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-главанын 4-пунктунун экинчи абзацындагы "аталышын жана/же анын" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун үчүнчү абзацы "толук же жарым жартылай" деген сөздөргө чейин "соттун чечими менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацындагы "аталышын жана/же анын" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацындагы "аталышын жана/же анын" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын сегизинчи абзацындагы "аталышы жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын он алтынчы абзацындагы "карап чыгуунун оң натыйжасында" деген сөздөр "кароодо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын он жетинчи абзацындагы "аталышын жана/же" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Апелляциялык кеңештин чечиминин же" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "Апелляциялык кеңештин же" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главанын 4-пунктунун 3-пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-

министри С.Жээнбеков