КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ �
ТОКТОМ �
2014жылдын 3апрели № 200
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016жылдын 12декабрындагы № 654
токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000жылдын 9июнундагы № 330 "Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 4 пунктунун төртүнчү абзацы жана 5 пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007жылдын 31январындагы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катарында пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана биринчи пунктта "катарында пайдалануу" жана "катарында пайдалануунун" деген сөздөр "катары колдонуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катарында пайдалануунун тартибинде:
мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана тексттин 1пунктунда "катары пайдалануу" жана "катарында пайдалануунун" деген сөздөр "катары колдонуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2016жылдын 12декабрындагы № 654 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Биринчи виценремьерминистрдин
милдетин аткаруучу,
Премьерминистрдин
милдетин аткаруучу Дж.К. Оторбаев