2013-жылдын 1-апрели № 163
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, 2017- жылдын 28-февралындагы № 126 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2- статьясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы
№ 118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы "лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт "лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелеринде:
аталышы "лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
1-пунктунда:
биринчи абзацы "лицензиялык келишимди," деген сөздөрдөн кийин "өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы "лицензиялык келишим," деген сөздөрдөн кийин "өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишими," деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргызпатентте келишимди каттоо үчүн ушул Эреженин 1 же 3- тиркемелеринде келтирилген форма боюнча арыз катталуучу келишимдин түрүнө жараша бир нускада, мамлекеттик же расмий тилде берилиши керек.";
4-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эл аралык товардык белгиге карата келишимди каттоодо "ROMARI№" товардык белгилерди эл аралык каттоонун маалыматтар базасынан көчүрмө берилет.";
10-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим жана өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишими арызды жана аларды каттоо үчүн зарыл болгон документтер берилгенден кийин Кыргызпатентте каттоодон өткөрүлөт.";
төртүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: "Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди жана өнөр жайлык
менчик объектисине патенттин күрөө келишимин каттоо ушул Эрежелердин III
бөлүмүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.";
ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Ойлоп табуулар деп таанылбаган сунуштар
Төмөнкүлөр ойлоп табуулар деп таанылбайт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруу, оюндарды өткөрүү эрежелери жана методдору;
- эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруу долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын породалары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карты келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Пайдалуу модель болуп таанылбаган сунуштар
пайдалуу модель катарында төмөнкүлөр корголбойт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруу, оюндарды өткөрүү эрежелери жана методдору;
- эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруу долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын породалары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 1- апрелиндеги №
163 токтомуна тиркеме
"Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди
коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин жана технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерине
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)
720021, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., Москва көч., 62
(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
Дареги
Телефону
АРЫЗ
Өнөр жай менчигинин объектисине патенттин күрөө келишимин каттоону суранам .
Тиркелүүчү документтер ([х] менен белгилөө керек):
[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине патенттин түп нускасы, Өнөр жайлык менчик объектисин каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;
[ ] - өнөр жайлык менчик объектисине патенттин күрөө келишимин каттоо үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ.
Өтүнүүчү(лөр)
(кызмат орду, аты-жөнү, колу) М.О.
Күнү ".