About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG026

Back

'Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун' (Эрежелери КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 27-
октябрындагы
№685 токтому менен бекитилген

Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор
2. Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүү жана берүү
3. Патент алуу боюнча Кыргызпатент менен иш жүргүзүү
4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу
Тиркеме. Пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө арыз
Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун бул эрежелери "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык иштелип чыкты.

1. Жалпы жоболор

1. Түшүнүктөр жана терминдер
Эрежелер - Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;
Мыйзам - 1998-жылдын 14-январындагы № 8 "Патент мыйзамы" Кыргыз
Республикасын Мыйзамы;
Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
өтүнмө - пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын патентин алууга өтүнмө;
Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын Пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестри;
ЭПК - ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясы. Кыргыз
Республикасы 1971-жылдын 24-мартындагы "Эл аралык патенттик
классификациялоо жөнүндө Страсбург макулдашуусуна "Эл аралык патенттик классификациялоо жөнүндө Страсбург макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 10-сентябрындагы Мыйзамынын негизинде кошулган.
2. Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүү жана берүү

2. Өтүнмө берүү

2.1. Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укугу бар жактар Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укук пайдалуу моделдин авторуна, жумуш берүүчүгө, алардын укук мураскоруна, анын ичинде ыйгарып берүү тартибинде тиешелүү укук алган жакка (мындан ары - өтүнмө ээлери) таандык.
Өтүнмө ээси тарабынан патент алууга укукту ыйгарып берүү пайдалуу моделди каттоо учуруна чейин Кыргызпатентке берилген өтүнмөдө же арызда бул тууралуу көрсөтүү аркылуу жүргүзүлөт жана эгерде патент алуу укугун ыйгарып берүүдө башкасы айтылбаса, ошондой эле өтүнмө ээсинин укукту ыйгарып берүүсү болуп эсептелет.
Пайдалуу моделдин автору төмөнкү учурларда өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу:
- эгерде пайдалуу модель кызматтык болбосо;
- эгерде пайдалуу модель кызматтык болуп эсептелсе, бирок автор менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим менен автордун патент алууга укугу караштырылса же эгерде жумуш берүүчү түзүлгөн пайдалуу модель жөнүндө анын автору тарабынан кабарланган күндөн тартып, төрт айдын ичинде өтүнмө бербесе же башка жакка патент алууга укугун ыйгарып бербесе же авторго пайдалуу моделди жашырын сактоо жөнүндө билдирбесе.
Өтүнмө берүүгө кандайдыр бир документтер менен укугун тастыктоо талап кылынбайт.
2.2. Берүү жол-жобосу
Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же факс (кийин анын түпнускасын берүү менен) же машинада окулуучу электрондук түрүндө (бир эле убакта кагаз түрүндө дагы берилет) же башка берүү каражаттары аркылуу жөнөтүлөт.
2.3. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берүү
Өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз же анын Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлү аркылуу берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгерде Кыргыз Республикасынын катышуусу менен эл аралык макулдашууда башка тартип белгиленбесе, өтүнмө берүүнүн датасын аныктоого, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөлөрүн берүүгө, жогоруда аталган жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тил каттарын жана кабарлоолорун алууга, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөөгө байланыштуу жол-жоболордон тышкары, патентти алууга, ошондой эле пайдалуу моделди коргоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзөт.

3. Өтүнмө

3.1. Пайдалуу модель
Пайдалуу моделдерге түзүлүштөр кирет.
3.2. Пайдалуу модель болуп таанылбаган сунуштар
Пайдалуу модель катарында төмөнкүлөр корголбойт:
- ыкмалар, заттар, микроорганизмдердин штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын культурасы, алардын жаңы арналышы боюнча колдонулушу;
- илимий теориялар жана математикалык ыкмалар;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу ыкмалары;
- шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр (расписаниелер), эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруунун ыкмалары;
- ушу сыяктуу эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү болгон чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жаныбарлардын тукумдары;
- курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү, коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерине каршы келген чечимдер.
3.3. Пайдалуу моделдин биримдүүлүгүнө талаптар
Өтүнмө пайдалуу моделдин биримдүүлүк талабын ушунчалык канааттандыргандай өз ара байланыштуу болгон, бир пайдалуу моделге же пайдалуу моделдердин тобуна тиешелүү болушу керек.
Биримдүүлүк талабы сакталган болуп таанылат, эгерде:
- бир көз карандысыз пункту бар пайдалуу моделдин формуласында бир пайдалуу модель мүнөздөлсө;
- бир нече көз карандысыз пункту бар пайдалуу моделдин формуласында пайдалуу моделдердин тобу мүнөздөлсө;
- алардын бири башкасын жасоо үчүн арналса (мисалы: түзүлүш жана аны жасап чыгаруу үчүн түзүлүш);
- алардын бири башканы же башкада пайдалануу үчүн арналса (мисалы:
түзүлүш жана анын курамдык бөлүгү);
- бир эле техникалык натыйжаны алууну камсыз кылуучу бирдей арналыштагы
(варианттары).
3.4. Өтүнмөнүн курамы
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- пайдалуу моделдин авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты, ошондой эле алардын жашаган жерин же турган ордун көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арызды;
- ишке ашырууга жетиштүү болгон аны толугу менен ачкан пайдалуу моделдин сыпаттамасы;
- сыпаттамага толугу менен негизделген пайдалуу моделдин формуласы;
- эгерде алар пайдалуу моделдин маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелери;
- реферат.
3.5. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер
1) Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөн же өтүнмө берүү үчүн алым төлөөдөн бошотуу үчүн негиздеме, ошондой эле анын өлчөмүн азайтууну
тастыктаган документ тиркелет, ал өтүнмө берүүдө же кошумча алым төлөнгөн шартында эки айдын ичинде берилет.
2) Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун тастыктаган тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин алдындагы өкүлчүлүккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштырылган тартипте ишеним кат түзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделүүчү ишеним кат ал түзүлө турган өлкөнүн мыйзамдары менен караштырылган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт, ал эми анын анык экендигине шектенүүлөр болгон учурда - Кыргызпатенттин талабы боюнча качан мыйзамдаштыруу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге байланыштуу, же өз ара түшүнүшүүнүн негизинде мыйзамдаштыруу талап кылынбаган учурдан тышкары учурларда, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде мыйзамдаштырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат ушул жактын өзү, ошондой эле өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилет. Акыркы учурунда аталган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү берилет.
Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген жак кол коет;
- ишеним кат патенттик ишенимдүү өкүл катарында Кыргызпатентте катталган жеке жактын атына берилет;
- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын өлчөмү көрсөтүлүшү керек;
- ишеним катта ал түзүлгөн күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал анык эмес.
Эгерде ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн атына берилсе, анда өтүнмө боюнча патент алуу боюнча иштер алардын кимиси менен болбосун жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кайсы аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат.
3) Конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө (мындан ары - конвенциялык өтүнмө) өтүнмө ээси тарабынан Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде берилген биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү (мындан ары - биринчи өтүнмө) тиркелет, ал Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмөнү берген күндөн тартып төрт айдан кечиктирбестен берилет. Эгерде биринчи өтүнмөдөн бир нече болсо, ушул өтүнмөлөрдүн бардыгынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Биринчи өтүнмөнү берген күндөн тартып 12 айдын ичинде, бирок 12 айлык мөөнөттүн өтүшүндө эки айдан кечиктирбестен келип түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылыкты сураганда өтүнмөгө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ жана өтүнмө ээсинен көз каранды болбогон көрсөтүлгөн 12 айлык мөөнөттө өтцнмө берүүгө тоскоолдук кылган абалды жана эгер Кыргызпатентке алар белгилүү болсо, ушул абалдын болгондугун тастыктаган документ тиркелет.
Конвенциялык артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (патент берүү жөнүндө арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
3.6. Өтүнмөнүн тили
Патент берүү жөнүндө арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет. Пайдалуу моделдин формуласы, пайдалуу моделдин аталышы, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле эксперттөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө берилүүчү документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилинде котормосу тиркелет. Мамлекеттик же расмий тилге котормосу өтүнмө ээси Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, үч айдан кечиктирилбестен берилиши керек.
Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча аталган материалдарды берүү мөөнөтү ал бузулган учурда, жүйөлүү себептери болгондугу жана тийиштүү алымды төлөгөндүгү тастыкталганда, узартылат же калыбына келтирилет.
3.7. Нускалардын саны
Бул Эрежелердин 3.4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же расмий тилинде түзүлгөн өтүнмөнүн документтери эки нускада берилет. Ошол эле документтер, эгер алар башка тилде түзүлсө, бир нускада, ал эми мамлекеттик же расмий тилине котормосу эки нускада берилет.
Калган документтер жана эгер башка тилде түзүлсө, алардын мамлекеттик же расмий тилинде котормосу бир нускада берилет.
4. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну
4.1. Патент алуу жөнүндө арыз
1) Патент алуу жөнүндө арыз ушул Эрежелерге карата тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.
Эгер кайсы-бир маалыматтарды тийиштүү графаларда толугу менен жайгаштыруу мүмкүн болбосо, аларды арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени карагыла" деген жазуу аркылуу көрсөтүү менен кошумча баракта ошол эле форма боюнча келтирилет.
2) "Арыз" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар Кыргызпатенке келип түшкөндөн кийин маалымдаректерин киргизүү үчүн арналган жана өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.
3) Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө өтүнүчтү камтыган графада "атына" деген сөздөрдөн кийин кимдин атына патент суралса, ошол жак (жактар) жөнүндө мамлекеттик же расмий тилинде маалыматтар берилет: жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), мында фамилиясы атынын астына жазылат же юридикалык жактын расмий аталышы (түзүүчү документке ылайык), ошондой эле өлкөнүн расмий аталышын жана дарегин кошкондо, алардын жашаган жери, турган орду жөнүндө маалыматтар.
Андан кийин ушул эле графада 71-код менен өтүнмө ээси (өтүнмө ээлери) жөнүндө ушу сыяктуу маалыматтар келтирилет. Ойлоп табуулардын авторлору болуп эсептелген өтүнмө ээлеринин жашаган жери жөнүндө маалыматтар бул графада жазылбайт, алар 97-код менен гана арыздын экинчи бетинде баяндалат. Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары үчүн алардын атына патент суралгандарга ИУЖК (Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык коду) коду көрсөтүлөт. Эгерде ИУЖК коду белгиленбеген болсо, тиешелүү жерде "белгиленген эмес" деп көрсөтүлөт.
Алардын атына патент суралган чет өлкөлүк же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) SТ.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду көрсөтүлөт (эгер ал аныкталса).
Эгерде алардын атына патент суралган жактар жана/же өтүнмө ээлери бир нече болсо, көрсөтүлгөн маалыматтар ар бирине өзүнчө берилет.
Эгерде патент өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) атына суралган болсо, анда патент суралган жак (жактар) жөнүндө маалыматтардын ордуна, "атына" деген сөздөн кийин "өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин)" деген сөз жазылат.
4) Артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүчтү камтыган графа Кыргызпатентке өтүнмө берген күнгө караганда андан мурунку артыкчылык суралганда, ошондо гана толтурулат. Мындай учурда тийиштүү көзчөлөрдө "X" белгисин коюу менен артыкчылыкты суроо үчүн негиздер белгиленет жана төмөнкүлөр көрсөтүлөт: мурда берилген өтүнмөнүн номери, анын же кошумча материалдардын негизинде артыкчылык суралат жана артыкчылык суроонун датасы (мурда өтүнмө же ал боюнча кошумча материалдар берилген күнү).
Эгерде артыкчылык мурда берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде суралса, бардык өтүнмөлөрдүн номери жана тийиштүү учурларда суралган артыкчылыктын бир нече датасы көрсөтүлөт. Конвенциялык артыкчылыкты суроодо ИМБДУ SТ.3 стандарты боюнча биринчи өтүнмө берген өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
5) 54-кодунун астындагы графада өтүнмө берилген ойлоп табуунун (ойлоп табуулардын топтору) аталышы келтирилет, ал ойлоп табуунун сыпаттамасында келтирилген аталышына дал келиши керек. Пайдалуу моделдин мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек.
6) 98-кодунун астындагы графада кат жазышуу үчүн дарек, адресаттын аты же аталышы келтирилет, алар тез почта аркылуу жеткирүүнүн кадимки талаптарын канааттандырышы керек жана телефон номери, е-mail электрондук почтасынын дареги (мындан ары - е-mail), факсы (эгерде ал бар болсо) берилет.
Кат жазышуу үчүн адресат катарында Кыргыз Республикасында жашаган өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин ичинен биринин) - жеке жактын жашаган жеринин дареги же өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдүн турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дареги көрсөтүлсө болот.
7) Өтүнмө берилгенге чейин өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл дайындалган учурда гана толтурулуучу 74-коду менен графада ал тууралуу маалыматтар келтирилет: фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номуру, Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги, телефон, факсынын, е-mail номери (эгерде ал бар болсо).
8) "Тиркелүүчү документтердин тизмеси" деген графа тийиштүү көзчөлөргө "X" белгисин жана тиркелүүчү документтердин ар бир нускасына нускалардын жана барактардын санын коюу аркылуу толтурулат. Арыздын формасында алардын түрү караштырылбаган тиркелүүчү документтер үчүн ("башка документ") алардын арналышы так көрсөтүлөт.
9) "Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктун келип чыгышы үчүн негиз" деген графада "X" белгисин коюу менен өтүнмө берүү жана патент алуу үчүн тийиштүү негизи (негиздери) белгиленет. Аталган графа качан өтүнмө ээлеринин курамы авторлордун курамы менен туура келген учурдан тышкары, өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) атына патент суралганда толтурулат.
10) 72, 97-коддору менен берилген графаларда ойлоп табуунун автору (авторлору) жөнүндө маалыматтар келтирилет: фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), өлкөнүн аталышы (ИМБДУнун SТ.3 стандарты боюнча коду) жана жашаган жеринин дареги.
11) Эгерде автор өтүнмө ээсине патент алууга укукту ыйгарып берсе, графанын оң жагындагы 97-кодго ээ болгон графада анын кол тамгасы коюлат жана датасы жазылат.
12) 72 жана 97-коддорго ээ болгон графаларда жайгашкан графа качан автор
(авторлор) патент берүүгө маалыматтарды жарыялоодо ушу сыяктуу (ушу
сыяктуулар) катарында эскербөөнү сураганда (суранышканда) гана толтурулат. Мындай учурда керексиз болгондору чийилип салынат, жарыялоодо эскертиле кетишин каалаган авторлордун ар биринин фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо) жана алардын кол тамгасы келтирилет.
13) Арыздын экинчи барагынын акыркысынын алдындагы графасы качан патентти алууга укук автордун укук мураскору тарабынан берилген учурда толтурулат. Анда ушундай укук мураскор жөнүндө маалыматтар келтирилет: жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), жашаган жеринин дареги же датасы коюу менен колу коюлуп ырасталган юридикалык жактын расмий аталышы жана турган ордунун дареги (качан автордун укук мураскору юридикалык жак болуп эсептелсе, жетекчинин колу келтирилет).
14) Кол койгон датасын көрсөтүү менен арыздын "Колу" деген акыркы графасы бардык учурда сөзсүз түрдө толтурулат. Арызга өтүнмө ээси, ошондой эле эгер ал өтүнмө ээси болуп эсептелбесе, анын атына патент суралган жак кол коет. Юридикалык жактын атынан арызга анын кызмат орду көрсөтүлүп, уюмдун жетекчиси кол коет, колу мөөр менен ырасталат.
Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу арыз берүүдө арызга патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.
15) Жогоруда 13 жана 14-пунктчаларда көрсөтүлгөн арыздын графаларындагы кол тамгалар кол койгон жактын фамилиясын жана аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет.
16) Кошумча баракта кол коюуну талап кылган тигил же бул маалыматтар келтирилген учурда, ага ушундай эле тартипте кол коюлат.
Ар бир кошумча баракка өтүнмө ээси же патенттик ишенимдүү өкүл милдеттүү түрдө кол коет.
4.2. Арналышы
Пайдалуу моделдин сыпаттамасы аны ишке ашыруу үчүн ойлоп табууну толук, жетишерлик ачышы керек.
4.3. Сыпаттамасынын түзүлүшү
Сыпаттама пайдалуу моделдин аталышын (ал эми өтүнмө берилген пайдалуу модель таандык болгон ЭПКнын колдонулуп жаткан редакциясынын рубрикасы аныкталган учурда - ушул рубриканын индексин дагы) көрсөтүүдөн башталат жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- пайдалуу модель тиешелүү болгон техниканын тармагы;
- техниканын деңгээли;
- пайдалуу моделдин маңызы;
- чиймелердин фигураларынын тизмеси;
- пайдалуу моделди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар. Сыпаттаманын бөлүмүн зарыл маалыматтар камтылган булактарга шилтеме
кылуу менен алмаштырууга болбойт (адабий булакка, мурда берилген өтүнмөдөгү сыпаттамага, коргоо документине карата сыпаттамага ж.у.с.).
4.4. Пайдалуу моделдин аталышы
Пайдалуу моделдин аталышы анын маңызына туура келиши жана пайдалуу моделдин арналышын мүнөздөшү керек.
Аталышы жекелик санда колдонулбаган учурдан тышкары, жекелик санда берилет.
Алардын бири башкасын даярдоо үчүн арналса, пайдалуу моделдердин тобунун аталышы бир пайдалуу моделдин толук аталышын жана башкасынын кыскаруусун камтыйт. Алардын бири башкасын же башкасында пайдалануу үчүн арналса, пайдалуу моделдердин тобунун аталышы топко кирген пайдалуу моделдердин толук аталышын камтыйт.
Варианттарга кирген пайдалуу моделдердин тобунун аталышы кашаада "варианттар" деген сөз менен көрсөтүлүп толукталган, топтун пайдалуу моделинин биринин аталышын камтыйт.
4.5. Пайдалуу модель тиешелүү болгон техниканын тармагы
"Пайдалуу модель тиешелүү болгон техниканын тармагы" деген сыпаттаманын бөлүмүндө пайдалуу модель колдонула турган тармагы көрсөтүлөт.
Эгерде мындай тармактар бир нече болсо, артыкчылыкка ээ болгондору көрсөтүлөт.
4.6. Техниканын деңгээли
Сыпаттаманын "Техниканын деңгээли" деген бөлүмүнө өтүнмө ээсине белгилүү болгон белгилеринин жыйындысы боюнча пайдалуу моделге эң жакын (прототип), алардын ичинен окшошун бөлүп көрсөтүү менен пайдалуу моделдин окшошу жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Окшошторунун ар бирин сыпаттоодо маалымат булагынын библиографиялык маалыматтары келтирилет, анда өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маанилүү белгилери менен дал келген окшошунун белгилери ачылып көрсөтүлөт, ошондой
эле өтүнмө ээсине талап кылынган техникалык натыйжаны алууга тоскоолдук кылган белгилүү себептер көрсөтүлөт.
Пайдалуу моделдердин тобун сыпаттоодо окшоштору жөнүндө маалыматтар ар бир пайдалуу модель үчүн өзүнчө берилет.
4.7. Пайдалуу моделдин маңызы
1) Пайдалуу моделдин маңызы пайдалуу моделдин камсыздандыруучу техникалык натыйжага (техникалык натыйжаларды) жетүү үчүн жетишерлик маанилүү белгилеринин жыйындысында билдирилет.
Белгилер эгерде алар алына турган техникалык натыйжага таасир берсе, б.а. көрсөтүлгөн натыйжа (натыйжалар) менен себебин издөө байланышында турса, маанилүүгө кириши мүмкүн.
Бул бөлүмдө өтүнмө берилген пайдалуу модель мындайча ачылат: пайдалуу моделди ишке ашырууда алына турган техникалык натыйжаны көрсөтүү менен техникалык маселени, анын чыгарылышын түшүнүүгө боло тургандай болуп ачылат. Ушул эле бөлүмдө пайдалуу моделди мүнөздөй турган бардык маанилүү белгилери көрсөтүлөт, эң жакын окшошунан айырмалана турган белгилер көрсөтүлөт, мында аларга укуктук коргоонун суралган көлөмү жайылтыла турган жана аткаруунун конкреттүү формаларында же аны аткаруунун өзгөчө шарттарында пайдалуу моделди мүнөздөй турган белгилер.
Эгерде пайдалуу моделди аткаруунун конкреттүү формаларында же аны аткаруунун өзгөчө учурларында техникалык натыйжаны алуу камсыздалса, аларды көрсөтүү керек.
Техникалык натыйжа негизинен, жумушчу органдын чөйрө менен байланышын жакшыртууда айландыруу учурун азайтуу, сүрүлүү коэффициентин төмөндөтүү, шынаа кагуунун алдын алуу, термелүүнү төмөндөтүү менен билдирилет.
Эгерде пайдалуу моделди түзүүдө белгилүү багыттагы техникалык каражаттын арсеналын кеңейтүүнүн гана маселеси чечилип жатса же мындай каражаттар биринчи жолу алынып жатса техникалык натыйжа ушул арналышын ишке ашыруудан турат жана анын атайын көрсөтмөсү талап кылынбайт.
Пайдалуу моделдердин тобу үчүн анын ичинде техникалык натыйжа жөнүндө дагы берилген маалыматтар ар бир пайдалуу модель үчүн өзүнчө берилет.
2) Пайдалуу моделдерди мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер.
Пайдалуу моделдерди мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- конструктивдүү элементтин (элементтердин) болушу;
- элементтердин ортосунда байланыштын болушу;
- элементтердин өз ара жайгашышы;
- бүтүндөй элементтин (элементтердин) аткарылган түрү атап айтканда, геометриялык формасы;
- элементтердин ортосундагы байланыштын аткарылган формасы;
- элементтин (элементтердин) параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү жана алардын өз ара байланышы;
- элемент (элементтер) жасалган материал же негизинен түзүлүш;
- элементтин функциясын аткаруучу чөйрө.
4.8. Чиймелердин жана башка материалдардын фигураларынын тизмеси
Сыпаттаманын бул бөлүмүндө фигуралардын тизмесинен тышкары, алардын ар биринде эмне сүрөттөлгөнүнө кыскача көрсөтмө берилет.
4.9. Пайдалуу моделди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
Бул бөлүмдө өтүнмө ээси билдирген арналышын ишке ашыруу менен пайдалуу моделди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
Чиймелердин фигураларына шилтеме кылуу менен Пайдалуу моделдин конструкциясынын (статискалык абалда) сыпаттамасы келтирилет. Сыпаттамада келтирилген сан ариптик белгилер чийменин фигурасындагы ылайыктуу элементтердин сан ариптик белгилерине дал келүүгө тийиш.
Пайдалуу моделдин конструкциясынын сыпаттамасынан кийин анын аракети (иши) же чиймелердин фигурасына ал эми зарыл болгон учурда - башка түшүндүрүүчү материалдарга (эпюралар, убактылуу диаграммалар ж.б.) шилтеме берүү менен, пайдалануунун ыкмасы сыпатталат.
Анын маңызы жалпы түшүнүк менен билдирилген, атап айтканда, функционалдык жалпылоо деңгээлинде көрсөтүлгөн белгини пайдалануу менен мүнөздөлүүчү пайдалуу моделди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү мындай белгини же аны алуунун ыкмаларын ишке ашыруу үчүн каражаттардын өтүнмөсүнүн материалдарында түздөн-түз сыпаттама менен тастыкталат, же мындай каражаттын же аны алуунун ыкмасынын белгилүүлүгүнө көрсөтмө менен тастыкталат.
Эгерде пайдалуу модель функционалдык жалпылоо деңгээлинде мүнөздөлгөн элементти камтыса жана баяндалган ишке ашыруунун формасы программалоочу (тескелүүчү) көп функционалдуу каражатты пайдаланууну болжоштурса, анда ушул пайдалуу моделдин курамында ага тиешелүү конкреттүү функцияны ушул каражат менен аткаруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар берилет. Эгерде мындай маалыматтардын ичинде алгоритм, атап айтканда эсептөөчү келтирилсе,
эгерде бул мүмкүн болсо, аны ылайыктуу математикалык туюнтманын блок- схемасы түрүндө көрсөтүү артыкчылыктуу.
Бул бөлүктө ошондой эле чечилүүчү маселени мүнөздөөдө "Пайдалуу моделдин маңызы" деген бөлүмдө көрсөтүлгөн ошол техникалык натыйжанын пайдалуу моделин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар берилет. Пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн маанилердин интервалы түрүндө көрсөтүлгөн сандык белгилерди пайдаланууда ушул интервалдагы техникалык натыйжаны алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
4.10. Пайдалуу моделдин формуласынын арналышы жана ага коюлуучу талаптар
1) Пайдалуу моделдин формуласы патент менен берилген укуктук коргоонун ченемин аныктоо үчүн арналат.
2) Пайдалуу моделдин формуласы толугу менен сыпаттамага негизделүүтө, б.а. пайдалуу моделди анын сыпаттамасында камтылган түшүнүктөр менен мүнөздөөгө тийиш.
3) Пайдалуу моделдин формуласы эгер ал өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишерлик анын маанилүү белгилеринин топтомун камтыса, анын маңызын билдирген болуп таанылат.
4) Пайдалуу моделдин белгилери ойлоп табуунун формуласында аларды бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай кылып, б.а. адистин белгилүү техника деңгээлинин негизинде ушул белгилер мүнөздөлгөн түшүнүктөрдүн маанилик мазмунун бирдей түшүнгөндөй кылып түшүндүрүлөт.
5) Пайдалуу моделдин формуласында белгинин мүнөздөмөсү качан ушундай шилтемесиз ушул пункттун 4-пунктчасынын талаптарын бузбастан, белгини мүнөздөө мүмкүн болбогон учурдан тышкары, сыпаттамага же чиймелерге карата шилтеме менен алмаштырылбайт.
6) Белгилер формулада пайдалуу моделди статикалык абалын мүнөздөө үчүн берилет. Пайдалуу моделдин конструктивдүү элементин аткарууну мүнөздөөдө анын кыймылдуулугуна, алардын белгилүү бир функцияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү ж.у.с. көрсөтмө берилет.
7) Эгерде бир жана ошол эле техникалык натыйжаны башка маанилүү белгилери менен бирге алууда камсыздоочу белгинин бир нече түрүн ишке ашыруу мүмкүн болсо, белгини ишке ашыруунун аныкталган формаларын камтыган жалпы түшүнүк менен билдирүү максатка ылайыктуу.
Эгерде мындай түшүнүк болбосо же жалпылоону укуксуз кылуучу техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаган белгини ишке ашыруунун мындай формаласын камтыса, анда белги белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формаларын мүнөздөөчү альтернативалуу түшүнүктөр түрүндө берилет.
4.11. Пайдалуу моделдин формуласынын структурасы
Формула бир звенолуу жана көп звенолуу болот жана ылайыгына карата бир же бир нече пункттарды камтыйт.
4.12. Пайдалуу моделдин бир звенолуу формуласы
Пайдалуу моделдин бир звенолуу формуласы аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларына колдонулуучу өнүгүүсү же тактоосу болбогон маанилүү белгилердин топтому бир пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн колдонулат.
4.13 Пайдалуу моделдин көп звенолуу формуласы
Көп звенолуу формула аткаруунун жеке учурларына же пайдалуу моделди пайдалануу же пайдалуу моделдердин топторун мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу анын маанилүү белгилеринин топтомун өнүктүрүү жана/же тактоо менен пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн колдонулат.
Бир пайдалуу моделди мүнөздөй турган көп звенолуу формула бир көз карандысыз пунктка жана андан кийинки көз каранды пунктка (пункттарга) ээ.
Пайдалуу моделдердин тобун мүнөздөй турган көп звенолуу формула бир нече көз карандысыз пункттарга ээ, алардын ар бири топтун пайдалуу моделдеринин бирин мүнөздөйт. Мында топтун ар бир пайдалуу модели ылайыгына карата көз карандысызга караштуу көз карандуу пункттарды тартуу менен мүнөздөлөт.
Пайдалуу моделдердин тобун мүнөздөй турган формуланы сыпаттоодо төмөнкүдөй эрежелер сакталат:
- өзүнчө пайдалуу моделдерди мүнөздөй турган көзкарандысыз пункттар эреже катары, формуланын башка пункттарына шилтемени камтыбайт (мындай шилтеме качан ал андагы башка пункттун болбогондугун толук кайталоосуз бул көзкарандысыз пунктту сыпаттамага мүмкүнчүлүк берген учурда гана болот);
- көзкаранды пункттар алар караштуу болгон көзкарандысыз пункт менен бирге топтолот;
- эгер пайдалуу моделдерди топко бириктирүү шарты болуп пайдалуу моделдин бири башкасын жасап чыгаруу же башкасын же башкасында колдонуу үчүн арналгандыгы эсептелсе, анда биринчи көзкарандысыз пунктта ал үчүн башка пайдалуу модель арналган пайдалуу моделдин мүнөздөмөсү берилет.
4.14. Формуланын пункту
Формуланын пункту эреже катары, эң жакын окшошунун белгилери менен туура келген маанилүү белгилерин камтыган чектөө бөлүгүнөн турат, анын ичине пайдалуу моделдин арналышын билдирген түрдүк түшүнүк жана пайдалуу моделди эң жакын окшошунан айырмалап турган маанилүү белгилерди камтыган айырмалоочу бөлүк кирет.
Формуланын пунктун түзүүдө чектөө бөлүгүн баяндагандан кийин андан кийин түздөн-түз айырмалоочу бөлүк баяндала турган "мунусу менен айырмаланат" деген сөздөр киргизилет.
Формуланын пункту эгерде окшошу болбогон пайдалуу моделди мүнөздөсө, чектөөчү жана айырмалоочу бөлүктөргө бөлүнбөстөн түзүлөт.
Формуланын пункту бир сүйлөм түрүндө берилет.
4.15. Формуланын көзкарандысыз пункту
1) Пайдалуу моделдин формуласынын көзкарандысыз пункту бир гана пайдалуу моделге тийиштүү болушу керек. Ал анын белгилери менен пайдалуу моделдин объектин логикалык аныктоо түрүндө берилет жана суралган укуктук коргоо көлөмүн аныктайт.
2) Формуланын көзкарандысыз пункту бир пайдалуу моделге тийиштүү болуп таанылбайт, эгерде андагы камтылган белгилердин топтому:
- бир жана ошол эле техникалык натыйжаны алууну камсыздабаган альтернатива түрүндө берилген белгилерди камтыйт же альтернатива өзүнчө белгилерге эмес, ал эми функционалдуу өз алдынча белгилерге кирсе (түзүлүштүн түйүнү же тетиги ж.у.с.), анын ичинде тигил же бул альтернативанын тандоосу ушундай белгилердин кайсы-бирине башка белги (белгилердин) үчүн чыгарылган тандоого караштуу болот.
- мында анын аталган топтомунда болушу же жок экендигине мүмкүнчүлүк берилген (негизинен, "(конструктивдүү элемент) камтылышы мүмкүн" сыяктуу жүгүртүүсү колдонулганда) белгини камтыйт";
- каражаттардын топтомунун мүнөздөмөсүн камтыйт, алардын ар бири көрсөтүлгөн топтому менен жалпы арналыштагы каражаттарды ишке ашырбастан, өз арналышына ээ.
4.16. Формуланын көз каранды пункту
1) Пайдалуу моделдин формуласынын көзкаранды пункту пайдалуу моделди аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурунда пайдалуу моделди мүнөздөй
турган белгилер менен көзкарандысыз пунктта келтирилген пайдалуу моделдин белгилерин өнүктүрүүнү жана/же тактоону камтыйт.
Пайдалуу моделдин формуласынын көзкаранды пунктун мындайча сыпаттама болбойт, мында ал көз каранды болгон формуланын ошол пунктунун белгилерин алмаштыруу же чыгарып салуу же ага ушул Эрежелердин 4.15-пунктунун 2) пунктчасында көрсөтүлгөн алардын топтому мүнөзгө ээ болгон белгилерди киргизүү жүргүзүлөт.
Эгерде пайдалуу моделдин формуласынын көзкаранды пункту мындайча түзүлсө, көзкарандысыз пункттун белгилерин алмаштыруунун же чыгарып салуунун орду болсо, бул көзкаранды пункт ал тийиштүү болгон көзкарандысыз менен бирге бир пайдалуу моделди мүнөздөйт деп таанылбайт.
2) Формуланын көзкаранды пунктунун чектелген бөлүгү ойлоп табуунун арналышын билдирген түрдүк түшүнүктөн турат, эреже катары көзкарандысыз пунктта келтирилгенге салыштыруу боюнча кыскартылып жана ага (аларга) бул көзкаранды пункт кирген көзкарандысыз пунктка жана/же көзкаранды пунктка шилтеме менен көрсөтүлүп баяндалган. Көзкаранды пункттун формуланын бир нече пункттарына көзкаранды болушунда аларга карата шилтеме альтернативаны пайдалануу менен көрсөтүлөт.
Эгерде көзкаранды пункттун белгилери менен жеке учурда аны аткарууда же пайдаланууда пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн көзкарандысыз пункттун белгилери гана зарыл, ушул көзкаранды пункттун түздөн-түз көзкарандысыз пунктка көзкарандылыгы пайдаланылат. Эгер аталган мүнөздөмө үчүн формуланын бир же бир нече башка көзкаранды пункттарынын белгилери зарыл болсо, бул көзкаранды пункттун көзкарандысыз пунктка тийиштүү көзкаранды пункттары аркылуу көзкарандылыгы пайдаланылат.
4.17. Чиймелер
Чиймелер графикалык материалдар түрүндө көрсөтүлөт (чиймелер, схемалар, графиктер, эпюралар, сүрөттөр, осциллограммалар ж.у.с.).
Эгерде сыпаттаманы сүрөттөөнү чиймелер же схемалар менен сүрөттөө мүмкүн болбосо, сүрөттөр берилет.
Өзгөчө учурларда фотосүрөттөр берилет.
Графикалык материалдардын ар бир бетинин жогору жагынын оң бурчунда пайдалуу моделдин аталышы көрсөтүлөт.
4.18. Реферат
Реферат пайдалуу модель жөнүндө маалыматтын максаты үчүн кызмат кылат жана өз алдынча аталышын, пайдалуу модель кирген техника тармагынын
мүнөздөмөсүн жана/же эгер бул аталышынан түшүнүксүз болсо, алына турган техникалык натыйжаны көрсөтүү менен маңызынын мүнөздөмөсүн камтыган, пайдалуу моделдин сыпаттамасынын мазмунунун кыскартылган баяндалышын билдирет. Рефератта пайдалуу моделдин маңызы формуласынын эркин мүнөздөлүп берилиши менен мүнөздөлөт, мында ар бир көзкарандысыз пункттун бардык маанилүү белгилери сакталат.
Зарыл учурда рефератка чиймени, химиялык формуланы кошуп беришет. Рефератка киргизилүүчү чийме рефераттын тексти сыяктуу эле нускаларынын саны дагы ошол эле санда, өзүнчө баракта жана сыпаттаманы сүрөттөгөн чиймелердин бири менен бирдей болгон учурда берилет.
Реферат кошумча маалыматтарды негизинен, формуланын көзкаранды пункттарынын, графикалык сүрөттөөлөрдүн, таблицалардын болушуна жана санына көрсөтмөнү камтый алат.
Рефераттын текстинин орточо көлөмү - 1000 басма белгисине чейин.

5. Уруксат кылынбаган элементтер

Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтыбашы керек: түшүндүрүүлөрдү, чиймелерди, сүрөттөрдү жана моралга жана коомдук тартипке каршы келген башка материалдарды; продукцияларга же технологиялык процесстерге, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө же патенттерге (күбөлүктөргө) карата тоотпостук менен айтып билдирүүлөрдү. "Техника деңгээли" бөлүмүндө келтирилген белгилүү каражаттардын жетишпестиктерин жөнөкөй көрсөтүү уруксат кылынбаган элемент болуп эсептелбейт.

6. Терминология жана белгилер

Пайдалуу моделдин формуласында, сыпаттамада жана анын түшүндүрүүчү материалдарында, ошондой эле рефератта стандартташтырылган терминдер жана кыскартуулар, ал эми алар жок болсо - илимий жана техникалык адабиятта жалпы кабыл алынгандар колдонулат.
Адабиятта кеңири колдонууга ээ болбогон терминдерди жана белгилерди колдонууда алар тексттеги мааниси биринчи жолу колдонууда эле түшүндүрүлөт.
Бардык шарттуу белгилер түшүндүрүлөт. Сыпаттамада жана формулада терминологиянын биримдүүлүгү сакталат, башкача айтканда сыпаттаманын текстинде жана формулада бир жана ошол эле белгилери бирдей аталат. Терминологиянын биримдүүлүгүн талап кылуу ошондой эле физикапык бирдиктердин чоңдугуна жана колдонулуучу шарттуу белгилерге кирет.
Физикалык чоңдуктар Эл аралык бирдиктер системасында колдонулуучу бирдиктерде берилет.

7. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө

7.1. Репродуциялоо (көбөйтүү) үчүн жарамдуулук
Бардык документтер алардын көчүрмөлөрүн чектелбеген санда түздөн-түз репродуциялоо (көбөйтүү) мүмкүн болгондой кылып, таризделет.
Ар бир барак барактын кичирээк жагында саптары параллелдүү жайгаштырылып, бир жагынан гана колдонулат.
Барактар бырышпаган же тытылбаган жана бүктөлбөгөн болушу керек.
7.2. Колдонулуучу материал
Өтүнмөнүн материалдарын бышык, ак, жылма, жылтырабаган кагазда аткарышат.
7.3. Өзүнчө барактар, барактардын өлчөмү
Өтүнмөнүн ар бир документи өзүнчө барактан башталат. Барактар 210x297 мм форматка ээ. Сыпаттаманы, формуланы рефератты камтыган барактардын жээги төмөнкүдөй аткарылат, мм:
үстүңкүсү - 20-40;
оң жана астыңкы жагы - 20-30;
сол жагы - 25-40.
7.4. Барактарды номерлөө
Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактары барактын оң жагынын үстүңкү бурчунда коюлган араб сандары менен номерленет.
7.5. Текстти жазуу
Документтер кара түстөгү шрифт менен басылат. Сыпаттаманын, формуланын жана рефераттын тексттери 2,1 мм ден кем болбогон башкы тамгалардын бийиктиги менен 2 аралыкта басылат.
Графикалык символдор, латын аталыштары, латын жана грек тамгалары, математикалык жана химиялык формулалар же символдор кара түстөгү сыя, паста же тушь менен жазылса болот. Формуланы басма түрүндө жана кол жазма менен аралаштырып жазууга болбойт.
7.6. Химиялык формулалар
Сыпаттамада, ойлоп табуунун формуласында жана рефератта химиялык формулалар колдонулушу мүмкүн.
Структуралык химиялык формулаларды жазууда элементтердин жалпы колдонулуучу символдорун пайдалануу жана элементтер менен радикалдар ортосундагы байланышты так көрсөтүү керек.
7.7. Математикалык формулалар жана символдор
Сыпаттамада, ойлоп табуунун формуласында жана рефератта математикалык туюнтмалар (формулалар) жана символдор колдонулушу мүмкүн.
Математикалык туюнтмаларды көрсөтүүнүн түрү регламенттелбейт.
Математикалык туюнтмалардагы бардык тамга менен берилген белгилер түшүндүрүлүп чечмеленет. Формулага карата түшүндүрүүнү мамыча түрүндө жазуу жана ар бир саптан кийин үтүр менен чекитти коюу керек. Муну менен тамга менен белгиленген белгилерди түшүндүрүп чечмелөө алардын формулада колдонуу тартиби боюнча берилет.
Математикалык белгилер: >, <, = жана башкалар математикалык формулаларда гана колдонулат, ал эми текстте аларды сөз менен жазуу керек (көп, аз, барабар ж.у.с.).
Оң чоңдуктардын ортосундагы интервалдарды белгилөө үчүн (-, :) белгисин колдонууга уруксат берилет. Башка учурларда: "баштап" жана "чейин" деген сөздөр менен жазуу керек.
Чоңдуктарды пайыз менен билдирүүдө пайыздын белгиси сандан кийин (%) коюлат. Эгер бир нече чоңдук болсо, анда пайыздын белгиси алардын астында коюлат жана алардан кош чекит менен бөлүнөт.
Математикалык формулаларда ташууга белги боюнча гана уруксат берилет.
7.8. Графикалык материалдар
Графикалык материалдарды сүрөттөө тушь менен боеп тартпастан, кара өчпөй турган так сызыктар жана штрихтер менен аткарылат.
Сүрөттөөлөрдүн масштабы жана ачыктыгы өлчөмүн 2/3 чейин сызыктык кичиртүүдө көбөйтүүдө бардык тетиктери айырмалангандай кылып тандашат.
Сандарды жана тамгаларды кашаага, тегеректерге жана тырмакчаларга жайгаштырууга болбойт. Сандардын жана тамгалардын бийиктиги 3,2 мм кем болбогондой тандалат.
Чиймелер "суу", "буу", "ачык", "жабык" сыяктуу керектүү сөздөрдөн тышкары, кандайдыр бир жазуусуз аткарылат.
Чиймеде тик бурчтуу (ортогоналдуу) проекцияларды пайдалануу артыкчылыктуу болуп эсептелет (ар түрдүү түрдө, кесилиште); ошондой эле аксонометриялык проекцияларды пайдаланууга уруксат берилет.
Чиймелердин өлчөмдөрү көрсөтүлбөйт, зарыл учурда алар сыпаттамада көрсөтүлөт.
Чиймеде ар бир элемент качан элементти так сүрөттөө үчүн пропорциялардын ар түрдүүлүгү зарыл болгон учурдан тышкары, бардык башка элементтерге пропорциялуу аткарылат.
Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгашышы мүмкүн, мында алар бири-биринен так чектелет.
Эгер эки жана андан көп баракта жайгашкан фигуралар бүтүндөй бир фигуранын бөлүктөрүн көргөзсө, алар мындайча жайгашат: бул фигура ар бир баракта сүрөттөлгөн фигуралардын кайсы-бирин калтырбастан сүрөттөлөт. Өзүнчө фигуралар барактар максималдуу түрдө толгондой жана барактын узунунан вертикалдуу жайгашуусунда чиймени окууга мүмкүн болгондой кылып жайгаштырылат.
Графикалык сүрөттөрдүн элементтери пайдалуу моделдин сыпаттамасына ылайык араб сандары менен белгиленет.
Бир нече фигураларда берилген бир жана ошол эле элементтер бир жана ошол эле сан менен белгиленет.
Эгер графикалык сүрөт схема түрүндө берилсе, анда аны аткарууда стандартташтырылган шарттуу графикалык белгилер колдонулат.
Бир түрүнүн схемасында башка түрүнүн схемасынын өзүнчө элементтерин (мисалы: электр схемасында - кинематикалык жана гидравликалык схемаларды) сүрөттөөгө уруксат берилет.
Эгер схема элементтердин графикалык белгилери катарында тик бурчтук түрүндө берилсе, анда сандык белгилөөдөн тышкары, түздөн-түз тик бурчтукка элементтин аталышы дагы кошуп жазылат. Эгер графикалык сүрөттүн өлчөмдөрү муну кылууга мүмкүнчүлүк бербесе, элементтин аталышын сыртындагы сызыкка
көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет (зарыл учурда, схеманын жээгине жайгашкан сүрөттүн астындагы жазуу түрүндө).
Фото сүрөттүн форматы өтүнмөнүн документтеринин барактарынын белгиленген өлчөмдөрүнөн ашпагандай кылып тандалып алынат. Чакан форматтын фото сүрөттөрү форматка жана барактын сапатына карата белгиленген талаптарды сактоо менен кагаз барактарына чапталып көрсөтүлөт.
Ар бир графикалык сүрөт сыпаттама текстинде келтирилген кезектүүлүгүнө ылайык, барактардын номерленишинен ушул сүрөттүн түрүнө карабастан (чийме, схема, график, сүрөт ж.б.) араб сандары менен номерленет (1-фигура, 2-фигура ж.у.с.). Эгер сыпаттама бир фигура менен эле түшүндүрүлсө, ага номер коюлбайт.
Графикалык сүрөттөр сыпаттамада жана формулада келтирилбейт.
7.9. Библиографиялык маалыматтар
Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары маалымат булагы алар боюнча табылгандай болуп, көрсөтүлөт.
3. Патент алуу боюнча Кыргызпатент менен иш жүргүзүү

8. Өкүлдү дайындоо

Өтүнмө берүү, аны бергенден кийин кат алышуу жана өтүнмөнү карап чыгууда башка аракеттерди жүргүзүү үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 3.5-пунктунун 2- пунктчасына ылайык таризделген ишеним катты ага берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган өтүнмө ээси - жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын өкүлү Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана боло алат. Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катарында негизинен, эгерде алар бир нече болсо, өтүнмө ээлеринин бири, ойлоп табуунун автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак боло алат.
Өкүлчүлүк кылууга ишеним кат (же ишеним каттын көчүрмөсү) Кыргызпатентке документтер менен бирге же ушул документтер берилгенден кийин эки ай мөөнөттүн ичинде берилет, аны берүүгө өкүл дайындалат. Ишеним кат өтүнмөнүн материалдарына кошулат.
Ишеним катты бергенге чейин өкүлдүн жүргүзгөн аракеттери жараксыз деп эсептелет жана көңүлгө алынбайт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген өкүлдүн кандай аракети болбосун же ага карата Кыргызпатенттин кандай аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети же өтүнмө ээсине карата мамиленин ошол эле натыйжасына ээ.
Өкүлчүлүк кылуу ишеним каттагы көрсөтүлгөн мөөнөттө ыйгарым укуктарын аткарып бүткөнгө чейин же Кыргызпатент ыйгарым укугун токтоткондугу жөнүндө билдирүү алганга чейин анык болуп эсептелет.
Өкүлдү дайындоо жазуу түрүндө арыз берүү аркылуу өтүнмө ээси же анын укук мураскору тарабынан токтотулса болот.

9. Кыргызпатент менен кат алышуу

1) Кат алышуу ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө, өтүнмө ээси же буга ыйгарым укук берилген анын өкүлү аркылуу жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийинки материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колун камтышы керек.
Өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар эгер номерди кыйыр түрүндө аныктоого болбосо, карап чыгуусуз кайтарылып берилет.
2) Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилүүчү материалдар Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгерде мөөнөтү "ичинде" деген сөздөр менен билдирилсе жана акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келсе, мөөнөтүнүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумушчу күн эсептелинет. Эгер мөөнөтүнүн акыркы күнү тийиштүү саны жок болгон айга туш болсо, мөөнөтү ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт.
3) Эгерде кабарлашуу боюнча өтүнмөнү өтүнмө ээсинин өкүлү ишке ашырса, Кыргызпатенттин корреспонденциясына байланыштуу материалдарды көрсөтүү мөөнөтү алардын ушул корреспонденцияны алган күндөн тартып эсептелинет.
4) Кыргызпатентте иш жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде берилген материалдарга алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет. Мында, белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси материалдарды берүүсүн аныктоо максаты үчүн башка тилде берилген материалдар эгер алардын котормосу башка тилде материалдар түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде келип түшсө, алар Кыргызпатентке келип түшкөн күнү берилген болуп эсептелет, андай болбосо материалдар алардын котормосу келип түшкөн күндө берилген болуп эсептелет. Котормосу берилгенге чейин, башка тилде берилген материалдар келип түшпөгөн болуп эсептелет.

10. Өтүнмөнүн документтерине оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү

Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча билдирилген чечимдин маңызын өзгөртпөстөн өтүнмөнүн материалдарын оңдоо жана тактоо өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде жүргүзүлсө болот.
Ушундай оңдоолор жана тактоолор белгиленген мөөнөт өткөндө деле, бирок пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим чыгарылганга чейин берилсе
болот. Мында оңдоолор жана тактоолор менен бирге белгиленген өлчөмдө тиешелүү алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилиши керек. Аталган документ көрсөтүлбөгөндө мындай оңдоолор жана тактоолор өтүнмөнү карап чыгууда эске алынбайт.
Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу барактарды берүү аркылуу ишке ашырылат. Алмаштыруучу барактар өтүнмөнүн тийиштүү документинин ар бир нускасы үчүн мамлекеттик же расмий тилинде же мамлекеттик же расмий тилине котормосу берилет жана ушул Эрежелердин 5-7- пункттардын талаптарын канааттандырышы керек.
Эгерде оңдоолор каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү кеткен каталарга ж.у.с. тийиштүү болсо жана документти оңдоо терс натыйжага алып келбесе, оңдоону киргизүүнүн зарылчылыгы өтүнмө ээсинин катында алмаштыруучу барактарды берүүсүз билдирилет.

11. Патент алууга укукту кайрадан ыйгарып берүү

Эгерде өтүнмө бергенден кийин өтүнмө ээси патент алууга өз укугун башка жакка кайрадан ыйгарып берсе, Кыргызпатентке башка жакка укугун кайрадан ыйгарып берген көрсөтмөнү, арызда көрсөтүлгөн жактын макулдугун жана ушул Эрежелердин 4.1-пунктундагы 3-пунктча менен караштырылган ал тууралуу маалыматтарды камтыган арыз берилет.
Арызга патент алууга өз укугун кайрадан ыйгарып берген өтүнмө ээси жана ушул Эрежелердин 4.1-пункту менен караштырылган тартипте ушул укукту ала турган аталган жак кол коет.
Арызга алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча башка жакка укугун кайрадан ыйгарып берүү Кыргызпатентте патент алууга укукту кайрадан ыйгарып берүү жөнүндө келишимди каттоо менен таризделет. Мында арыз менен бирге тиешелүү алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилет.

12. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу

Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) ал берген өтүнмө жана ага тийиштүү документтер менен алдын ала таанышуу күнүн жана убакытын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатентте жана өтүнмөнү ага тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүнө сурам жиберүү аркылуу тааныша алат.

13. Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу

Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу же ушул маселелер менен эки тарап тең таанышкандан кийин, өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн суроолору сурамда берилет, анда кошумча түрүндө жолугушуунун максатка ылайыктуулугу, аны жүргүзүү жөнүндө өтүнүүдө-өтүнмө ээсинин суроолору билдирилет.
Сурам жиберилген учурда, ага жооп өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууда катышууга ниеттенеби, анысына карабастан Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан берилет.
Өтүнмөнү карап чыгуунун күнү жана убакыты алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда, белгиленген убакытта өтүнмөнү карап чыгууда катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап тезинен бул тууралуу башка тарапка билдирет.
Өтүнмө ээси алдын ала макулдашуусуз Кыргызпатентке келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Өтүнмөнү карап чыгууда ушул Эрежелердин 3.5 жана 8-пункттарынын шарттарын сактоодо ушуга ыйгарым укук берилген өтүнмө ээсинин өкүлү катыша алат.
Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылат, анда маселелер түздөн-түз эксперт жана өтүнмө ээси тарабынан чечилет.

14. Сурам кат жиберилген материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу

1) Таризделишине жана түзүлүшүнө карата белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча өтүнмө ээсине аны алган күндөн тартып, эки айдын ичинде оңдолгон жана жетишпеген материалдарды берүүсүн сунуш кылуу менен сурам кат жиберилет.
2) Сурам жиберилген материалдарды берүүнүн мөөнөтү тийиштүү өтүнүч катты бергенде узартылса болот.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө экспертизалоо сурамына жооп алуу мөөнөтүн узартуу үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет.
Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелинет.
3) Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси сурам кат алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
4) Өтүнүч катты берүү мөөнөтү сакталбаганда, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты канааттандырылбайт, бул тууралуу ага билдирилет.
4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

15. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүшү

15.1. Пайдалуу моделге келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жана каттоо
Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдары кириш номери ыйгарылып жана алардын келип түшкөн күнү белгиленип кабыл алынат.
Өтүнмө ээсине өтүнмөнүн материалдары кабыл алынгандыгы анык экендиги жөнүндө кабыл алынган документтердин кириш номери, алардын келип түшкөн күнү жана барактардын саны көрсөтүлүп тилкат берилет.
15.2. Өтүнмөнүн жашырындуулугу
Өтүнмө жөнүндө маалыматтар Кыргызпатентке ал түшкөн учурдан тартып, өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин жашырын сыр болуп сакталышы керек жана мыйзамсыз түрдө элге таратууга болбойт.
16. Өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсү
16.1. Формалдык эксперттөө жүргүзүүнүн мөөнөтү
Формалдык эксперттөө Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде жүргүзүлөт.
16.2. Өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсүнүн мазмуну
Өтүнмөгө формалдык эксперттөө жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
- ушул Эрежелердин 3.4-пункту менен караштырылган өтүнмөнүн зарыл болгон документтеринин курамы;
- ушул Эрежелердин 4.1, 7.1-7.9-пункттарына ылайык алардын туура таризделиши;
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документтин болушу жана белгиленген талаптарга туура келиши;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним каттын болушун жана таризделишинин тууралыгын камтуу менен, Мыйзамдын 17- беренесинин 4-бөлүгүндө караштырылган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берилген учурда, өтүнмө берүүнүн эрежелерин сактоо;
- чыгарылган чечимдин ал боюнча пайдалуу модель катарында укуктук коргоо берилүүчү өнөр жай менчик объектилерине туура келиши.
Өтүнмө берилген күнү аныкталат.
16.3. Өтүнмөнүн берилбеген же оңдолгон материалдарына сурам кат жиберүү
Эгерде өтүнмөнүн формалдык эксперттөө процессинде өтүнмө тариздөө жана түзүү талаптарын бузуу менен берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине аны алган күндөн тартып, эки айдын ичинде оңдолгон же берилбеген материалдарды берүү сунушу менен сурам кат жиберилет.
Эгерде артыкчылык күнүн аныктоо үчүн зарыл болгон документ болбосо, сурам кат токтоосуз жиберилет.
Сурам үчүн негиз болуп атап айтканда төмөнкүлөр боло алат:
1) өтүнмөдө ушул Эрежелердин 3.4-пункту менен караштырылган документтердин эч болбогондо биринин жок болушу;
2) өтүнмөдө артыкчылык күнүн аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин эч болбогондо биринин жок болушу: анын (алардын) атына патент суралган жакты (жактарды), ошондой эле анын (алардын) турган ордун көрсөтүү менен пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө арыздын; Мыйзамдын 21-беренесинин 3, 6, 7, 8,
10-бөлүктөрү менен караштырылган пайдалуу моделдин сыпаттамасы же пайдалуу моделдин сыпаттамасынын бөлүгү же аталган сыпаттаманын элементи катарында чиймеси же мурун берилген кайсы болбосун түрүнө өтүнмөгө шилтемелер;
3) эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунун жоктугу; Котормо өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, үч айдан кечиктирилбестен бериши керек.
4) эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген болсо, өкүлчүлүк кылууга ишеним каттын жоктугу жана/же анын таризделишине талаптардын бузулушу;
5) өтүнмөнүн документтеринин белгиленгенден аз санда берилиши;
6) эгерде Кыргыз Республикасынын катышуусундагы эл аралык макулдашуу менен өтүнмөнүн ушундай берилишин караштырган тартип белгиленбесе, Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу эмес Кыргыз
Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактардын же чет өлкөлүк юридикалык жактардын өтүнмө бериши;
7) өтүнмө берүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин же белгиленген алымды төлөөдөн бошоткондугу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негизи бар тастыктоочу документтин жоктугу;
8) алымды туура төлөгөндүгүнө байланыштуу маселелерди тактоонун зарылдыгы. Эгерде пайдалуу моделдин санына төлөнгөн алымдын суммасы туура келбегендиги аныкталган учурда, өтүнмө ээсине пайдалуу моделдердин тобуна өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, эгерде ал белгиленген мөөнөттө өз тандоосу жөнүндө билдирбесе, алар үчүн алым төлөнгөн, өтүнмө ээси тандаган же формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн пайдалуу моделдерге карата гана эксперттөө жүргүзүлө тургандыгы билдирилет;
9) патент берүү жөнүндө арызда ушул Эрежелер менен караштырылган маалымдаректин, колдорунун, мөөрдүн оттискасынын жоктугу (зарыл учурда);
10) алардын сакталышына жана/же кызыкдар болгон жактардын алар менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк бербеген документтерди тариздөөдө, патентке карата сыпаттаманы жарыялоого даярдоодо жетишпестиктерди аныктоо (барактардын форматына, жээктеринин өлчөмдөрүнө ж.у.с. талаптардын бузулушу, өтүнмөнүн материалдарын окуп чыгууну кыйындатуучу басма сапаты ж.у.с.);
11) өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине туура келбегендиги (мисалы: арыздагы пайдалуу моделдин аталышы сыпаттамада, формулада жана рефератта көрсөтүлгөн аталышка туура келбейт);
12) өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын талдоосуз белгиленген өтүнмөнүн документтерине карата ушул Эрежелердин талаптарынын башка бузулушу.
Өтүнмө ээсине жетишпеген жана оңдолгон документтер боюнча сурам кат өтүнмөнүн жана анын документтеринин кемчиликтерин четтетүү үчүн канча жолу зарыл болсо, ошончо жолу жиберилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө ушул Эрежелердин 14-пункту менен караштырылган шарттарды сактоо менен аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө суралган материалдарды же өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, ал тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет. Мындай учурда өтүнмө боюнча иш жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүлүп берилет.
16.4. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
Эгерде формалдык эксперттөөнүн натыйжасында ал пайдалуу модель катарында корголуучу объектиге кирбей турган чечимге берилгендиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмө берилген сунуш эгерде ал бүтүндөй формулада мүнөздөлгөндөй, ушул Эрежелердин 3.2-пунктунда келтирилген сунуштардын тизмесине туура келген учурда, пайдалуу модель катарында корголуучу объектилерине кирген болуп таанылбайт.
Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде кошумча түрүндө өтүнмө ээсине пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим менен макул болбогон учурда, Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) чечимди алган күндөн тартып, эки айдын ичинде каршы болгондугун билдире ала турган укугу жөнүндө билдирилет.
Каршы болгондугу Апелляциялык кеңеш тарабынан аны алган күндөн тартып, эки ай мөөнөттүн ичинде каралып чыгат. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, ал аны алган күндөн тартып, алты айдын ичинде сотко доо менен кайрыла алат.
Өтүнмө ээсинин каршылыгын билдирүүсүнүн өткөрүлгөн мөөнөтү жүйөлүү себептерин тастыктаган жана алымды төлөгөн шартында, калыбына келтирилет. Тиешелүү өтүнүч кат мөөнөтү өткөн күндөн тартып, он эки айдан кечиктирилбестен берилет.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Эгерде аталган документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
16.5 Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө кабарлоо
Эгерде өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык керектүү документтерди камтыса жана өтүнмө берилген сунуш ойлоп табуу катарында корголуучу объектиге кирсе, өтүнмө ээсине өтүнмө берилген күнү көрсөтүлүп, өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
Өтүнмө берген күнү Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык артыкчылыгын аныктоо үчүн зарыл болгон документтер келип түшкөн күнү боюнча аныкталат.
17. Алдын ала эксперттөө
17.1. Өтүнмөнү алдын ала эксперттөө жүргүзүү мөөнөтү
Пайдалуу моделге өтүнмөнү формалдык эксперттөөнүн оң натыйжасында, он айдын ичинде алдын ала эксперттөө жүргүзүлөт (Мыйзамдын 23-2-беренесинин 1- бөлүгү).
Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жана тиешелүү алым төлөнгөн шартында тездетилген алдын ала эксперттөө жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, он эки ай өткөнгө чейин же артыкчылык күнүнөн тартып, артыкчылык суралса, патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса же патент берилсе жана көрсөтүлгөн мөөнөттө андан мурунку артыкчылыгын суроо менен окшош өтүнмө келип түшсө, патент берүү жөнүндө чечим же патент жокко чыгарылат.
17.2. Өтүнмөнүн алдын ала эксперттөөсүнүн мазмуну
Өтүнмөгө алдына ала эксперттөө жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
- өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата белгиленген талаптарды сактоосу (ушул Эрежелердин 4.2-6-пунктчасы);
- пайдалуу моделдин биримдүүлүк талабын сактоосу;
- эгерде алар берилсе, кошумча материалдар пайдалуу моделдин маңызын өзгөртпөдүбү жана аларды берүүнүн белгиленген тартиби сакталганбы;
- өтүнмө ээси жүргүзгөн ЭПК боюнча пайдалуу моделди классификациялоонун тууралыгы (же эгерде өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлбөсө, мындай классификациялоо жүргүзүлөт);
- Кыргызпатентке аны берүү күнүнө караганда, өтүнмөдө мындан мурунку артыкчылыкты суроону негизделиши;
- өтүнмө ээси берген пайдалуу моделдин формуласынын ушул Эрежелердин
4.10-4.16-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга туура келиши;
- өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнүн алгачкы материалдарында же Мыйзамдын
23-2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык патентке жөндөмдүүлүк шарттарына өтүнмөнү карап чыгууда эске алынган кошумча материалдарда сунушталган формулада мүнөздөлгөн өтүнмө берилген пайдалуу моделдин туура келгендиги.
17.3. Пайдалуу моделди классификациялоонун туура экендигин текшерүү
Эгерде ал өтүнмө ээси тарабынан кылынбаган учурда, өтүнмөнүн предметин техниканын тигил же бул тармагына киргизүү максатында Кыргызпатент өтүнмө берилген пайдалуу моделдерди ЭПКга ылайык классификациялоо жүргүзөт.
Классификациялоо ЭПКдагы Кириш сөз менен белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Классификациялоодо классификациялык индексти тандоо үчүн негиз болуп өтүнмө берилген пайдалуу моделдин формуласы эсептелет. Пайдалуу моделдин маңызын толук түшүнүү үчүн сыпаттама жана чиймелер пайдаланылат. Эгерде
өтүнмө ЭПКнын ар түрдүү рубрикасына кирген бир нече объектилерди камтыса, бардык тиешелүү классификациялык индекстери белгиленет. Мында биринчи индексти тандоо пайдалуу моделдин аталышы менен аныкталат.
17.4. Пайдалуу моделдин артыкчылыгын аныктоо
Пайдалуу моделдин артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
- Кыргызпатентке өтүнмөнү берген күнү боюнча (1-бөлүк);
- Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмөнү берген күнү боюнча;
- мурда берилген өтүнмөгө карата кошумча материалдарды берген күнү боюнча;
- Кыргызпатентке ошол эле өтүнмө ээсинин мындан мурда өтүнмөнүн берген күнү боюнча;
- мындан мурда берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде;
- бөлүнүлгөн өтүнмө боюнча.
Өтүнмө ээси суралган артыкчылыкты тастыктаган зарыл болгон документтерди көрсөтүүсү керек.
17.5. Өтүнмөнү берген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Эгерде өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмөнүн берилген күнүнө караганда эртерээк артыкчылык суралбаса, артыкчылык өтүнмөнү берүү күнү боюнча белгиленет.
17.6. Конвенциялык артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Конвенциялык артыкчылыкты суроодо төмөнкүлөр текшерилет:
- конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн өтүнмө ээсинин Мыйзамдын 21- беренесинин 5-бөлүгү менен белгиленген мөөнөттү сактоосу;
- биринчи өтүнмөнүн көчүрмөлөрүнүн болушу жана берүү мөөнөтүн сакташы (Кыргызпатентке өтүнмө берүү менен бирге же өтүнмө берген күндөн тартып, төрт айдан кечиктирбестен). Эгерде биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, айтылган шарттар ар бир өтүнмөнүн көчүрмөсүнө карата сакталышы керек;
- өтүнмө ээси тарабынан биринчи өтүнмө берген күндөн тартып, 12 айлык мөөнөттү сакташы, ошол мөөнөттүн ичинде Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмө келип түшүшү керек. Эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечирээк, бирок ал
бүткөн күндөн тартып, эки ай мөөнөткө чейин, тиешелүү алым төлөнгөн шартында берилсе, көрсөтүлгөн 12 айдын ичинде өтүнмө берүүгө тоскоол болгон шарттар өтүнмө ээси тарабынан түшүндүрүлдүбү, текшерилет жана эгерде ушундай тастыктоо болбосо, аларды документтик тастыктоо зарылчылыгы белгиленет (көрсөтүлгөн мөөнөттөр ушул Эрежелердин 9-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген тартипте эсептелет);
- өтүнмө берилген пайдалуу моделди биринчи өтүнмөдө ачуу.
17.7. Мурун берилген өтүнмөгө карата кошумча материалдар берилген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Мурун берилген өтүнмөгө карата кошумча материалдар берилген күнү боюнча пайдалуу моделдин артыкчылыгын суроодо төмөнкүдөй талаптарды сактоосу текшерилет:
- ал боюнча артыкчылык суралган өтүнмө аларды өтүнмө берилген чечимдин маңызын өзгөрткөндүгүн таанууга байланыштуу кошумча материалдарды эске алуу мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин кабарлоосун өтүнмө ээси алган күндөн тартып, үч айдын ичинде Кыргызпатенке берилиши керек;
- өтүнмө берилген пайдалуу модель алардын берилген күнү боюнча артыкчылык суралган кошумча материалдарда ачылышы керек (ал боюнча ушул материалдар берилген, өтүнмөнүн мазмунун эске алуу менен).
17.8. Мурун өтүнмө берген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Ушул пайдалуу моделди ачуучу ошол эле өтүнмө ээсинин мындан мурдагы өтүнмөнүн Кыргызпатентке берилген күнү боюнча пайдалуу моделдин артыкчылыгын суроодо төмөнкүдөй талаптарды сактагандыгы текшерилет:
- ушундай артыкчылык суралган өтүнмө пайдалуу моделге өтүнмөнү мындан мурун берген күндөн тартып, 6 айдан кечиктирбестен же ойлоп табууга мындан мурун берген күндөн тартып, 12 айдан кечиктирбестен Кыргызпатентке берилиши керек;
- өтүнмө берилген пайдалуу модель пайдалуу моделге же ойлоп табууга мурун берген өтүнмөдө ачылышы керек;
- мурун берилген өтүнмө боюнча мурунку артыкчылык суралбашы керек.
Көрсөтүлгөн артыкчылыкты суроодо мурунку өтүнмө (же эгерде алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) кайра сурап алынган болуп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
17.9. Бөлүнгөн өтүнмө боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоонун шарттары
Ушул пайдалуу моделди ачуучу биринчи өтүнмөнү Кыргызпатентке берген күнү боюнча пайдалуу моделдин артыкчылыгын суроодо (Мыйзамдын 21-беренесинин
10-бөлүгүнө ылайык) төмөнкүдөй талаптарды сакташы текшерилет:
- бөлүнгөн өтүнмө биринчи өтүнмө боюнча даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн, пайдалуу моделге же ойлоп табууга патент берүүгө баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин (б.а. өтүнмө боюнча иш жүргүзүүнү улантуу мүмкүнчүлүгү болгон мезгилинде) же биринчи өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, тийиштүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик реестринде пайдалуу моделди же ойлоп табууну каттаган күнгө чейин Кыргызпатентке берилиши керек;
- бөлүнгөн өтүнмөдө өтүнмө берилген пайдалуу модель биринчи жолу берилген өтүнмөдө ачылышы керек, ал эми өтүнмө конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнсө жана артыкчылык анын артыкчылыгынын күнү боюнча суралса - биринчи өтүнмөдө ачылат.
17.10. Бир нече артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Качан өтүнмө ээси тарабынан пайдалуу моделдер үчүн бир нече артыкчылык суралган учурда, өтүнмө ээси белгилеген негиздерге байланыштуу, ушундай артыкчылыктарды суроо үчүн ушул Эрежелердин 17.6-17.9-пункттарында айтылгандардын ичинен тиешелүү шарттарды сактоо белгиленет.
Эгер формуланын көзкарандысыз жана көзкаранды пункттарында мүнөздөлгөн пайдалуу моделге карата берилген күнү ар башка болгон эки биринчи өтүнмөнүн негизинде ар түрдүү конвенциялык артыкчылыктар суралса, анда өтүнмө ээсинин ушул Эрежелердин 17.6-пунктунда белгиленген талаптарды сактоосун аныктоодо эки биринчи өтүнмөнүн берилген күнү боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн болушу, эки биринчи өтүнмөнүн берилген күнүнө карата он эки айлык мөөнөттү сактагандыгы текшерилет. Көзкарандысыз жана көзкаранды пункттарда мүнөздөлгөн пайдалуу моделди ачуу (билүү) ал берилген күнү боюнча ушул пайдалуу модель үчүн артыкчылык суралган ошол биринчи өтүнмөгө карата текшерилет.
Качан өтүнмө ээси тарабынан формуланын пункттары боюнча артыкчылык суралган күнү жазылбаса, биринчи өтүнмөнүн кайсынысында пайдалуу моделдердин ар бири толугу менен ачылгандыгы аныкталат.
17.11. Пайдалуу моделдин артыкчылыгын аныктоонун шарттарын сактоону текшерүү
1) Ушул Эрежелердин 17.7-17.9-пункттарына ылайык пайдалуу моделдин артыкчылыгын аныктоонун шарттарын сактоону текшерүүдө анын негизинде артыкчылык суралуучу өтүнмө же ага ушундай суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү кошумча материалдар берилген өтүнмө кайра сурап алынган эмес же кайра сурап алынган болуп таанылган эмес экендигин тастыктоо зарыл.
Өтүнмө ээсинин суралган артыкчылыкты аныктоонун шарттары катарында белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 9-пунктунун
2-пунктчасын жетекчиликке алуу керек.
2) Өтүнмө ээсинин артыкчылыкты суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү мурун берилген материалдарда (мурун берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) өтүнмө берилген пайдалуу моделди ачууга байланыштуу талаптарды сактагандыгын аныктоодо бул материалдарда өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласына киргизилген бардык белгилер көрсөтүлгөнбү (сыпаттамада, мурун берилген өтүнмөнүн формуласында, кошумча материалдардын тексттик бөлүгүндө), ушулар текшерилет.
3) Өтүнмө ээсинин өтүнмө берилген пайдалуу моделге карата ушул Эрежелердин 17.6-17.9-пункттарында белгиленген талаптарды сактоосунда суралуучу артыкчылык белгиленет.
Качан артыкчылык конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнүп алынган өтүнмө боюнча суралган учурда, ушул Эрежелердин 17.9-пунктунун талаптарын сактоосунда пайдалуу моделдин артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык күнү боюнча аныкталат (Кыргызпатентке берген күнү боюнча эмес).
4) Өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 17.6-17.9-пункттарында белгиленген талаптардын бирин аткарбай калса дагы ойлоп табуунун артыкчылыгы (бул тууралуу өтүнмө ээсине алдын ала кабарлоо берүү менен) Мыйзамдын 21- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча аныкталат. Эгер белгиленген талаптар көп звенолуу формуланын пункттарынын биринде мүнөздөлгөн пайдалуу моделге карата сакталбаса, Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча артыкчылык формуланын тиешелүү пункту боюнча гана аныкталат.
17.12. Пайдалуу моделдин биримдүүлүк талаптарын сактагандыгын текшерүү
Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында өтүнмө пайдалуу моделдин биримдүүлүк талабын бузгандыгы менен берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ал жөнүндө кабарлоо жиберилет жана аны алган күндөн тартып, эки айдын ичинде пайдалуу моделдердин кайсынысы каралып чыгышы керек экендигин билдирүү жана өтүнмөнүн документтерин тактоо сунуш кылынат.
Пайдалуу моделдин биримдүүлүк талаптарын сактагандыгы пайдалуу моделдин биринчи формуласына карата же эгерде ал өзгөрүлгөн болсо, белгиленген тартипте өтүнмө ээси сунуштаган акыркы формулага карата текшерилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө пайдалуу моделдин кайсынысын (же эгерде ушундай топ өтүнмө берилген пайдалуу моделдердин ичинде камтылса, биримдүүлүк талаптарына жооп берген пайдалуу моделдердин тобу) карап чыгуу керек экендигин билдирбесе жана такталган документтерди бербесе, биринчи формулада көрсөтүлгөн пайдалуу моделге карата гана эксперттөө жүргүзүлөт (же формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн өтүнмө берилген пайдалуу моделдердин ичиндегилерден, алар пайдалуу моделдин биримдүүлүк талаптарына жооп берүүчү топту түзөт).
17.13. Пайдалуу моделдин формуласын текшерүү
1) Текшерүү өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсү бүткөн учурунда өтүнмөдө камтылган пайдалуу моделдин формуласына карата жүргүзүлөт, ал эми эгерде ал андан кийин өтүнмө ээси тарабынан өзгөртүлсө, анда өзгөртүлгөн формула ушул Эрежелердин 17.20-пунктунун 2-5-пунктчаларында белгиленген талаптарды сактоо шартында текшерилет.
2) Пайдалуу моделдин формуласын текшерүүдө андагы алардын топтому өтүнмө ээси белгилеген техникалык натыйжаны алуу үчүн жетиштүү болгон өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маанилүү белгилери болгондугу аныкталат. Ушундай техникалык натыйжаны алууда коомдук муктаждыктын бар экендиги текшерилбейт.
Эгерде ансыз техникалык натыйжа алынбай турган маанилүү белгиси пайдалуу моделдин формуласына киргизилбесе, бирок сыпаттамада берилсе, өтүнмө ээсине аны формулага киргизүү сунушталат. Мында техникалык натыйжаны алуу үчүн ушул белги зарыл экендигин тастыктаган жүйөлөр келтирилет. Мындай жүйөлөр сыпаттамада берилген белгилерине жана техникалык натыйжага же эксперттөө жүргүзгөн теориялык талдоого негизделет.
Качан өтүнмө ээси тарабынан берилген формула өтүнмө берилген пайдалуу моделдин аткарылышынын же пайдаланылышынын жеке формаларын гана мүнөздөөчү маанилүү болбогон белгилерин камтыганы аныкталган учурда, пайдалуу моделдин формуласынын ушундай редакциясын сактоодо өтүнмө ээсинин пикири суралат.
3) Пайдалуу моделдин формуласын текшерүү ушул Эрежелердин 4.10- пунктунун 4-пунктчасына ылайык андагы камтылган белгилерди бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн аныктоону дагы камтыйт.
Белгини бирдейлештирүүдө шектенүүлөр келип чыкканда, эксперттөө ушундай мүмкүнчүлүктү тактап берүүсүн суроого укуктуу.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгү үчүн пайдалуу моделдин сыпаттамасынын негизинде анын мүнөздөмөсүн оңдоо зарыл экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ушундай оңдоону жүргүзүү сунушталат.
Качан белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүнүн шарттары сакталса, бирок мүнөздөө үчүн эскирип калган же техниканын конкреттүү тармагында колдонууга толугу менен жооп бербеген терминология пайдаланылса, өтүнмө ээсине пайдалуу моделдин формуласына тийиштүү оңдоо киргизиши сунушталат.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүн эместиги аныкталса жана өтүнмө ээси пайдалуу моделдин формуласын оңдоодон баш тартса, анда өтүнмөнү мындан ары карап чыгууда мындай белги эске алынбайт.
4) Эгерде ойлоп табуунун формуласы жалпы түшүнүк менен берилген белгини камтыса, ушул Эрежелердин 4.10-пунктунун 7-пунктчасына ылайык аны пайдаланууга укуктуулугу аныкталат.
Качан эксперттөө тарабынан ушул жалпы түшүнүккө туура келген белгини ишке ашыруунун жеке формалары белгиленсе, бирок өтүнмө ээси белгилеген техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаса (башка маанилүү белгилер менен бирге), өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөр келтирилет жана ойлоп табуунун сыпаттамасынын негизинде аларды четтетүүгө же оңдоого сунуш кылынат.
5) Эгерде өтүнмөдө бир көзкарандысыз пункту менен бир звенолуу формула же көп звенолуу формула келтирилсе, мындай формулада бир пайдалуу модель мүнөздөлгөнбү, ошонусу текшерилет.
Мындай текшерүү ушул Эрежелердин 4.15-пунктунун 2-пунктчасынын жана
4.16-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарды бузгандыгы аныкталганда, өтүнмө ээсине тийиштүү алымды төлөө менен аныкталган бузууларды четтетүү үчүн формуланы оңдоосу сунушталат. Мында оңдолгон формулада биримдүүлүктү талап кылуу зарылчылыгына жана мурун өзүнчө көзкарандысыз пункттар менен берилбеген ойлоп табууга жаңы көзкарандысыз пункттардын оңдолгон формуласына тийиштүү алымды төлөшү, формуланы оңдоодон баш тартылган учурда - мындан ары каралуучу пайдалуу моделди көрсөтүү зарыл.
Эгерде көрсөтүлгөн жыйынтык үчүн альтернативалуу белгини мүнөздөө үчүн өтүнмө ээсинин шарттарды сактабагандыгы негиз болсо аларга карата ушундай бузуу аныкталган конкреттүү альтернативалуу мүнөздөмөлөрүн (бардык же өтүнмө ээси тарабынан келтирилгендердин ичинен айрымдарынын) көрсөтүү менен кетирилген катачылыктардын мүнөзү көрсөтүлөт.
6) Эгерде өтүнмө ээси бир нече көзкарандысыз пункттарды камтыган көп звенолуу формуланы сунуштаса, ушул пункттун 5-пунктчасында баяндалгандарга ылайык алардын ар бирине талдоо жүргүзүлөт (эгер ушундайлар болсо, алар караштуу болгон көзкаранды пункттар менен бирге).
Анын ар бир көзкарандысыз пункту (ага баш ийген көз каранды пункттар менен бирге, эгерде алар бар болсо) бир гана ойлоп табууну мүнөздөгөн көп звенолуу
формулага карата ага киргизилген ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн ойлоп табуулардын тобун билдиреби, ушунусу аныкталат.
Бирдиктүү ойлоп табуучулук ойдун шарты эгер көзкарандысыз пункттарда мүнөздөлгөн пайдалуу моделдер өз ара ушул Эрежелердин 3.3-пунктунда белгиленгендей катышта болсо, сакталган болуп таанылат.
Көзкарандысыз пункттарда мүнөздөлгөн пайдалуу моделдер варианттарга туура бөлүнгөндүгүн текшерүүдө, өтүнмө ээси белгилеген ойлоп табуулардын арналышы жана техникалык натыйжалары туура келгендигин аныктоо зарыл.
Эгерде топтун ойлоп табууларынын ар бири үчүн (же алардын бири) бир нече техникалык натыйжа белгиленсе, ал эми белгиленген техникалык натыйжалардын ичинен айрымдарына карата гана туура келиши аныкталса, техникалык натыйжалардын туура келген шарты бузулган болуп эсептелбейт.
Техникалык натыйжалардын шарттуу дал келүүлөрү качан, бардык ойлоп табуулар үчүн техникалык натыйжаны жалпы мүнөздөөдөн тышкары, алардын бирин сыпаттамада кошумча түрүндө кайсы-бир спецификалык өзгөчөлүгүнө ("сүрүлүүнү азайтуу" жана "жогору нымдуулукта сүрүлүүнү азайтуу") көрсөтмөнү камтыса, мындай учурда дагы бузулган болуп эсептелбейт.
7) Эгерде өтүнмө ээси сунуштаган ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө формуланын структурасына жана анын сыпаттамасына коюлуучу белгиленген талаптарга туура келбегендиги аныкталса, өтүнмө ээсине пайдалуу моделдин формуласын оңдоо сунушталат.
8) Эксперттөөнүн сурамы же жеке өз демилгеси боюнча өтүнмө ээси өзгөрткөн формулага карата ушул пункттун 2-7-пунктчаларына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.
Пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн өтүнмө ээси тастыктаган, өзгөртүүлөрү менен формула кабыл алынат.
9) Качан жогоруда баяндалган ушул пункттун 5-пунктчасына ылайык текшерүүдө бир көзкарандысыз пункту менен бир звенолуу формула же көп звенолуу формула бир эмес көбүрөөк пайдалуу моделге кире тургандыгы аныкталган жана өтүнмө ээси формуланы оңдоодон баш тарткан учурда, өтүнмө ээсине патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн төмөнкүлөр кабыл алына тургандыгы билдирилет:
- эгерде белгиленген пайдалуу моделдер бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзбөсө, ошондой эле качан алар биримдүүлүк талаптарын канааттандырып, бирок өтүнмөнү эксперттөө жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнбөсө жана пайдалуу моделдердин кайсынысы (кайсыларын) ушул өтүнмөнүн алкагында каралышы керек экендиги көрсөтүлбөгөндүгү аныкталса, пайдалуу моделдердин формуласында көрсөтүлгөндөрдүн биринчиси (ага алым төлөнгөн, бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн биринчиси).
- эгерде эксперттөө жүргүзүүдө белгиленген пайдалуу моделдер бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзсө жана белгиленген өлчөмдө кошумча алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ белгиленген мөөнөттө берилгендиги аныкталса, каралып жаткан формула.
10) Ушул пункттун 6-пунктчасы менен караштырылган текшерүү жүргүзүүдө 9- пунктчанын жоболору ылайыгына карата колдонулат.
17.14. Пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү
Алдын ала эксперттөөнүн баскычында өткөрүлүүчү өтүнмө берилген пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө анын патентке жөндөмдүүлүк шарттарына төмөнкүлөр боюнча ылайык келиши белгиленет:
- өтүнмө ээси тарабынан берилген пайдалуу моделге өтүнмөнүн материалдары;
- мурдагы артыкчылыгы менен ойлоп табууга жана пайдалуу моделге кайра сурап алынбаган өтүнмөлөр;
- ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге берилген Кыргыз
Республикасынын коргоо документтерди берилген фонду;
- ойлоп табууларга жарыяланган евразия өтүнмөлөрү жана патенттер.
Өтүнмө берилген пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө андан түздөн-түз же кыйыр түрүндө ушул маалыматты алган өтүнмө ээсинин, автордун же кайсы жактын болбосун ага тийиштүү болгон маалыматты элдин алдында таратуусу анын патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү кырдаал болуп таанылбайт, мында пайдалуу моделдин маңызы жөнүндө маалыматтар эгер ал суралган болсо, өтүнмө берген күнгө чейин же артыкчылык алган күнгө чейин он эки айдан эрте болбогон убакытта жалпыга белгилүү болот. Мында бул фактыны өтүнмө ээси далилдеши керек.
17.15. Өтүнмө берилген пайдалуу моделдин жаңылыктуулугу
1) Өтүнмө берилген пайдалуу моделдин жаңылыктуулук критерийине туура келиши үчүн өтүнмө ээси жоопкерчиликтүү.
2) Кыргызпатент алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулугунун маалыматтын төмөнкүдөй булактары боюнча текшерет:
- өтүнмө ээси формалдык эксперттөө бүтүп жаткан учурунда берген өтүнмөнүн материалдары;
- Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер, башкача айтканда тиешелүү Мамлекеттик реестрлерде катталган, ошондой эле аларга евразия патенти алынган ойлоп табуулар боюнча. Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер Мамлекеттик реестрде алардын каттоосу болгон формулага карата артыкчылык алган күнүнөн тартып эсепке алынат;
- мурун артыкчылык алган күнү менен ойлоп табуулар же пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр, алар үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталган:
өтүнмө Кыргыз Республикасында берилген;
өтүнмө башка жак, б.а. башка өтүнмө ээси тарабынан берилген;
өтүнмө кайра сурап алынган эмес же кайра сурап алынган деп таанылган эмес.
Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө ошондой эле ойлоп табууларга СССРдин автордук күбөлүктөрүн же патенттерин берүүгө өтүнмөлөр теңештирилет, алар боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын патенттерин берүү жөнүндө өтүнүч каттар жана Эл аралык өтүнмөлөр берилген, аларда СССРдин көрсөтмөлөрү, ошондой эле аларга карата ушул Эрежелердин шарттары сакталган жарыяланган евразия патенттери камтылган.
Өтүнмө ушул өтүнмөдө камтылган формулага жана сыпаттамага карата арыз, сыпаттама, формула жана чиймелери келип түшкөн күнгө карата эсепке алынат. Эгер бул дата каралуучу өтүнмөнүн артыкчылык күнүнө караганда кечирээк болсо, анда мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө артыкчылыгын аныктоо үчүн кызмат кылган материалдардын мазмуну менен туура келген анын мазмунунун бөлүгүндө маалыматтын булактарынын санына кирет (биринчи өтүнмө, мурун берилген өтүнмө, ушул өтүнмөгө карата кошумча материалдар).
3) Эгерде эксперттөөнүн жүрүшүндө өтүнмө Кыргыз Республикасындагы пайдалуу моделдин жалпы маалымат булагынан белгилүү болгон маалыматтардын негизинде жаңылыктуулугу жоктугу аныкталса, өтүнмө ээсине эксперттөөнүн жүйөлөрүн сыпаттама менен жана ушул жүйөлөргө карата өз пикирин билдирүүсүнө сурам жиберилет жана зарыл учурда, биринчи өтүнмөнүн материалдарынын негизинде пайдалуу моделдин формуласынын оңдоосу же өтүнмө ээсинин катышуусу менен эксперттөөнүн жүйөлөрү каралып чыгып, өтүнмөнү кайра сурап алуу сунушталат.
4) Каралып чыгуучу пайдалуу модель жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булагы болуп мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө эсептелсе, өтүнмө кайра сурап алынбагандыгын аныктоо зарыл.
Эгерде өтүнмө кайра сурап алынбаса жана кайра сурап алуу мөөнөтү өтө элек болсо, каралып чыгуучу пайдалуу моделдин өтүнмө ээсине ушундай өтүнмөнүн бар экендиги (анын өтүнмө ээсин көрсөтпөй жана мазмунун ачып көрсөтпөстөн) жана анын өтүнмөсүн карап чыгууну мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө боюнча аныкталмайынча кармап туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирилет.
Өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууну кармап турууга макул болбосо өтүнмө берилген пайдалуу моделдин жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги аныкталат.
5) Эгерде көзкаранды пункттарды камтыган формуланын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөн пайдалуу модель жаңылыктуулуктун шартына туура келгендиги аныкталса, анда көзкаранды пункттарга карата техника деңгээлин талдоо жүргүзүлбөйт.
6) Көзкаранды пункттарды камтыган формуланын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөн пайдалуу модель жаңы болуп таанылбаган учурда, өтүнмөнү мындан ары карап чыгуу ушул Эрежелердин 17.17-пунктунун 1-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.
7) Ал үчүн жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги аныкталган пайдалуу моделге карата өнөр жайда колдонуучулугун текшерүү жүргүзүлбөйт.
17.16. Өнөр жайда колдонулуучулугу
1) Пайдалуу модель эгерде ал иш жүзүндө пайдаланыла турган болсо, өнөр жайда колдонулат деп таанылат.
2) Пайдалуу моделдин колдонула турган мүмкүнчүлүгүн текшерүүдө өтүнмөнүн материалдары өтүнмө берилген пайдалуу моделдин объекти арналышына көрсөтмөсү барбы б.а. белгиленген коомдук муктаждыкты мүнөздөгөн милдеттерди алардын аткаруу мүмкүнчүлүгү текшерилет.
Ошондой эле пайдалуу моделдин формуласынын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөндөй түрдө пайдалуу моделди ишке ашыруу алардын жардамы менен мүмкүн болгон каражаттар жана ыкмалар өтүнмөнүн биринчи жолу берилген материалдарында баяндалганбы, ушулар текшерилет.
Ушул каражаттар жана ыкмалар жөнүндө маалыматтар же толугу менен өтүнмөдө камтылат же алардын айрым бөлүгүн өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө чейин өз алдынча белгилүү болгон техникалык каражаттар болсо, алар сыпаттамада баяндалбашы мүмкүн, бирок пайдалуу моделди мүнөздөөчү башка каражаттар менен бирге алардын пайдаланылышына көрсөтмө жана өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнөн мурун басууга кол коюлган маалымат булагына шилтеме камтылышы керек, аларда бул каражаттар адистер тарабынан кайра чыгаруу үчүн жетишерлик түрдө толугу менен баяндалган. Муну менен экспертте пайдалуу моделди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүндө шектенүүлөр болбошу керек.
Өтүнмө берилген техникалык натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн пайдалуу моделди талдоодо пайдалуу моделдин формуласында ушул техникалык натыйжаны камсыз кылуучу белгилердин бар экендиги аныкталат.
Эгерде эксперттөөнүн сунушталган каражаттары менен өтүнмө берилген техникалык натыйжаны алууга мүмкүнчүлүктө шектенүү пайда болсо, өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөр менен сурам жиберилет. Бул жүйөлөр белгилүү болгон билимдерге (маалыматтарга) же шилтемелер менен бекемделиши же эксперттөө келтирилген далилдөөлөрдүн жардамы менен негизделиши керек.
Сыпаттамада келтирилген бир же бир нече натыйжаларга жетүүнүн мүмкүн болбогондугу эгерде сыпаттамада айтылгандардын ичинен калгандарынын натыйжалары ишке ашырыла турганы мүмкүн болсо, ойлоп табууну анын патентке жөндөмдүүлүк шартына туура келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
3) Эгерде пайдалуу моделдин артыкчылык алган күнүнө карата бардык көрсөтүлгөн талаптар сакталганы аныкталса, формуланын ушул көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөн пайдалуу модель өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келген болуп таанылат.
Коюлган талаптардын бирин болсо дагы сактабаганда пайдалуу модель өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келбегендиги жөнүндө жыйынтык чыгарылат. Мындай учурда өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөрдү баяндап жана ушул жүйөлөргө карата анын өз пикирин билдирүүсүн жана ойлоп табуу формуласын оңдоосун өтүнүү менен сурам жиберилет (эгер, эксперттөөнүн пикири боюнча өтүнмөнүн материалдары ушундай оңдоого мүмкүнчүлүк берсе, анын натыйжасында көрсөтүлгөн натыйжа өзгөртүлүшү мүмкүн). Муну менен сурамда формуланы оңдоо боюнча конкреттүү сунуштар келтирилиши мүмкүн.
17.17. Көп топтук формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун патенттик жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн өзгөчөлүгү
1) Эгерде пайдалуу модель көз каранды пунктту камтыган көп топтук формулада мүнөздөлсө жана жаңылыктуулугунун жоктугу менен көз каранды эмес пунктка тийиштүү патенттик жөндөмсүздүгү боюнча корутунду алынса ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат жана пайдалуу моделдин оңдолгон формуласынын ушундай максатын тастыктаган учурда, өтүнмөнүн мындан аркы карап чыгуусу максаттуу экендиги боюнча ой пикирин айтуу сунушталат.
2) Көз каранды пункттарды камтыган формуланын көз каранды эмес пункттарына тийиштүү пайдалуу моделдин патенттик жөндөмдүүлүгү белгиленген учурда бул пункттарда камтылган пайдалуу моделдин белгилеринин мүнөздөмөсү пайдалуу моделди ишке ашырууга же өтүнмө ээси менен көрсөтүлгөн милдетин аткарууга тоскоол болбогонун ишенүү керек. Мындан тышкары көз каранды пункттарды тартуу менен мүнөздөлгөн ойлоп табуу коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерине каршы эместигин билүү керек.
Бардык айтылган шарттарга тийиштүү текшерүүнүн оң натыйжасында көз каранды пункттарды камтыган көп топтук формулада мүнөздөлгөн пайдалуу модель патентке жөндөмдүү деп таанылат жана ушул Эрежелердин 17.21- пунктуна ылайык патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Кандай болбосун шарттарга тийиштүү текшерүүнүн терс натыйжасында ал жөнүндө өтүнмө ээсине сурам катта кабарланат жана эксперттөөнүн корутундусун жокко чыгаруучу далилдерди көрсөтүү же пайдалуу моделдин формуласынан мындай көз каранды пункттарды оңдоо же жокко чыгаруу сунушталат.
3) Эгерде пайдалуу моделдердин тобуна өтүнмө берилсе, патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү анын ичине кирген ар бир пайдалуу моделдин ар бирине жүргүзүлөт. Топтун патентке жөндөмдүүлүгү топтун ар бир пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгү болгондо гана далилденет.
Эгерде топтун бардык эмес пайдалуу моделдери патентке жөндөмдүү экендиги аныкталса, өтүнмө ээси ал жөнүндө кабарланат жана келтирилген далилдер боюнча өзүнүн ой пикирин билдирүү, жана зарыл учурда патентке жөндөмсүз пайдалуу моделдер мүнөздөлгөн формуланын көз каранды эмес пункттарын жокко чыгаруу же бул пункттарды түзөтүлгөн түрдө көрсөтүү сунушталат.
4) Эгерде өтүнмө ээси тарабынан жогоруда баяндалган учурларда пайдалуу моделдин өзгөртүлгөн формуласы берилсе, мындан аркы өтүнмөнү карап чыгуу ушул Эрежелердин 17.13 жана 17.14-пункттарына ылайык бул формулада мүнөздөлгөн пайдалуу моделге (моделдерге) тийиштүү жүргүзүлөт.
5) Өтүнмө ээси эксперттөөнүн корутундусун жокко чыгаруучу далилдерди же өзгөртүлгөн формуланы көрсөтүүсүз ал менен мурда берилген формула менен патент берүүнү сураган учурда, мындан аркы өтүнмөнү карап чыгуу жүргүзүлбөйт жана бул Эрежелердин 16.12-пунктуна ылайык патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
17.18. Маалыматтык издөө жүргүзүү
Өтүнмө ээси жана үчүнчү жактар техника деңгээлин аныктоо үчүн пайдалуу моделге берилген өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу, аларга салыштырмалуу пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн баалоо жүргүзүлөт. Маалыматтык издөө жүргүзүүнүн жана ал жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби Кыргызпатент тарабынан аныкталат.
17.19. Кошумча материалдарга сурам кат жиберүү
Сурам кат жиберүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өтүнмөдө суралган мурдагы артыкчылыгын аныктоого байланыштуу маселелерди тактоонун зарылдыгы;
2) пайдалуу моделдин сыпаттамасында ушул Эрежелер менен караштырылган түзүмдүк бөлүктөрдүн жоктугу;
3) пайдалуу моделдин формуласынын пунктун бир сүйлөм түрүндө сыпаттама жөнүндө ушул Эрежелердин 4.14-пунктунун талабынын бузулгандыгы;
4) ал үчүн укуктук коргоо суралган, пайдалуу моделдин арналышын көрсөткөн түрдүк түшүнүктүн формулада жоктугу;
5) формулада пайдалуу моделдин белгилеринин ордуна аны ишке ашырууда жана/же пайдаланууда орду бар болгон анын пайдалануу көрсөткүчтөрү жана керектөө касиеттери, натыйжалары жана кубулуштары жөнүндө гана маалыматтардын болушу;
6) пайдалуу моделдин көп топтук формуласынын көзкаранды пункттарында аны аткарууда же колдонууда тиешелүү жеке учурларында пайдалуу моделдин коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук же морал принциптерине карама- каршылыкты шарттоочу белгилердин болушу;
7) ушул Эрежелердин 4.15-пунктунун бузулушу, ага ылайык формуланын көзкарандысыз пункту бир гана пайдалуу моделге тиешелүү болушу керек;
8) пайдалуу моделдин формуласында ал багынган формуланын пунктунун белгисин (белгилерин) чыгарууну же алмаштырууну болжоштурган көзкаранды пункттун болгондугу;
9) өтүнмөнүн документтеринин бири бирине туура келбегендиги (арызда көрсөтүлгөн пайдалуу моделдин аталышы сыпаттамада көрсөтүлгөн аталышына туура келбегендиги; пайдалуу моделдин формуласында көрсөтүлгөн белгилердин пайдалуу моделдин сыпаттамасында жоктугу; пайдалуу моделдин формуласында анын маңызы өтүнмө ээси тарабынан "пайдалуу моделдин маңызы" деген сыпаттаманын бөлүгүндө белгиленген белгинин жоктугу; чиймелер пайдалуу моделдин сыпаттамасына туура келбейт ж.у.с.);
10) пайдалуу моделдин формуласында сыпаттамада берилген ошол эле белгинин конкреттүү мүнөздөмөсү менен айкалышкан конкреттүү эмес көрсөтүлгөн белгинин болушу ("өзгөчө", "атайын", "жакшыртылган" ж.у.с.);
11) пайдалуу моделдин формуласын аны ушул Эрежелердин 17.13-пунктуна ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тактоонун зарылчылыгы;
12) ушул Эрежелердин 16.7-пунктуна ылайык өтүнмө берилген пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы;
13) өтүнмө берилген пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пайдалуу моделдин формуласын тактоонун зарылдыгы;
14) ушул Эрежелердин 16.13-пунктуна ылайык бир жана ошол эле артыкчылык күнүнө ээ болгон окшош өнөр жай менчик объектилерине өтүнмөлөрдү карап чыгууга байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда келип чыккан жана мисалы, артыкчылыкты аныктоого, ойлоп табуунун маанилүү белгисин тактоого байланыштуу ж.у.с. эскертүүлөр жана сунуштар жогоруда көрсөтүлгөн негизде жиберилүүчү сурам катка киргизилиши мүмкүн.
Жетишпеген жана оңдолгон материалдар боюнча сурам кат өтүнмөнүн жана анын документтеринин кемчилигин четтетүү үчүн канча жолу зарыл болсо, өтүнмө ээсине ошончо жолу жиберилет.
Сурамга ылайык киргизилген оңдоолор менен катар өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча оңдоолорду камтыган өтүнмө ээси тарабынан оңдолгон документ ушул Эрежелердин 17.20-пунктунун шарттарын сактоо менен берилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды жана ушул Эрежелердин 14-пункту менен караштырылган шарттарды сактоо менен аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
Ушул пункттун 7 жана 8-пунктчаларына ылайык жиберилген сурам катта өтүнмө ээсине бирдиктүү чыгармачылык ойду түзгөн, бир пайдалуу моделге же пайдалуу моделдердин тобуна кирген такталган сыпаттаманы жана формуланы берүүсү жана зарыл учурда, тиешелүү алымды төлөшү (кошумча төлөшү) сунушталат. Эгерде белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан сурам катка жооп берилсе, бирок пайдалуу моделдин формуласын оңдоо жүргүзүлбөсө жана/же тиешелүү алымды төлөгөндүгү (кошумча төлөгөндүгү) жөнүндө документ берилбесе, алдын ала эксперттөө өтүнмө ээси тандаган объектилерге же мындай тандоо кылынбаса, формулада биринчи көрсөтүлгөнгө жана алым төлөнгөнгө жүргүзүлөт. Муну менен эгерде формулада мүнөздөлгөн объектилерге гана эксперттөө жүргүзүлсө жана алар пайдалуу модель катарында корголуучу объектиге киргендиги аныкталса, анда өтүнмө ээсине жиберилген сурам катта бул тууралуу билдирилет жана ага (аларга) карата эксперттөө жүргүзүлбөгөн объектиден (объектилерден) мүнөздөмөнү чыгарып салуу же зарыл учурда, тиешелүү алымды төлөө менен көз карандысыз пунктка ушул объектини (ушундай объектилердин ар бирин) бөлүү аркылуу формуланы кайра оңдоо сунуш кылынат. Өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербеген учурда, өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
17.20. Кошумча материалдарды текшерүү
1) Өтүнмөнүн документтерин оңдоочу же тактоочу (б.а. анын мазмунуна киргизүүгө тиешелүү) жана өтүнмө ээсинин демилгеси же Кыргызпатенттин сурам каты боюнча берилген кошумча материалдар түшкөндө өтүнмө ээси тарабынан ушундай материалдарды берүү мөөнөтүнүн сакталгандыгы текшерилет.
Көрсөтүлгөн кошумча материалдар өтүнмө берген күндөн тартып, эки ай өткөндөн кийин берилген же кошумча материалдар менен бирге белгиленген тартипте тиешелүү алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилбеген учурда, өтүнмөнү карап чыгууда бул материалдар эске алынбайт, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет. Мындай кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилүүчү эксперттөөнүн кезектеги документинин мазмунуна киргизилиши мүмкүн.
2) Качан кошумча материалдар пайдалуу моделдин өзгөртүлгөн формуласын камтыган учурда, формуланын өзгөрүшү ага баштапкы формуласында ушу сыяктуу болуп бөлүнбөгөн пайдалуу моделге бир же бир нече көзкарандысыз жана/же көзкаранды пункттардын киришин караштырабы жана ушундай кошумча материалдар менен бирге тиешелүү алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилгендиги аныкталат.
Кошумча материалдар менен бирге аталган документ берилбеген учурда, өтүнмөнү карап чыгууда формуланын өзгөрүшү эске алынбайт.
3) Кыргызпатенттин сурам каты боюнча өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдарга карата өтүнмө ээси тарабынан аларды берүү мөөнөтү сакталгандыгы текшерилет.
Өтүнмө ээси сурам кат алган күнүнөн тартып, эки айдын ичинде аталган материалдар берилиши керек.
Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул
Эрежелердин 9-пунктунун 2-пунктчасын жетекчиликке алуу керек.
Эгерде өтүнмө ээси кошумча материалдарды белгиленген мөөнөттү бузуу менен бергендиги аныкталса (жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелердин 14-пунктуна ылайык узартылбаса), өтүнмө кайра сурап алынган болуп таанылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
4) Өтүнмө ээси өз демилгеси же Кыргызпатенттин сурам каты боюнча берилген жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө алар өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртпөдүбү, ошонусу текшерилет. Кошумча материалдар эгерде алар өтүнмөнүн баштапкы материалдарында формулага киргизиле турган белгилерди камтыса, өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөрткөн болуп таанылат.
Белгилер пайдалуу моделдин формуласына киргизүүгө тиешелүү болуп качан алар өтүнмө ээси берген такталган формулада камтылган учурда гана эмес, өтүнмө ээси ушундай киргизүүнү көрсөткөндө дагы эсептелет.
Кошумча материалдарда көрсөтүлгөн жана формулага киргизүүгө тийиштүү болгон белгилер эгерде, ошол датага Кыргызпатентке патент берүүгө арыз, сыпаттама, пайдалуу моделдин формуласы жана чиймелер келип түшкөн күндөгү өтүнмөдө камтылган формулада же сыпаттамада ачылбаган болсо, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон болуп таанылат.
Эгерде өтүнмөнүн баштапкы материалдарында пайдалуу моделдин маанилүү белгиси аны аткаруунун жеке формаларын ачуусуз жалпы түшүнүк менен берилсе, анда аткаруунун ушундай формасын кошумча материалдарда аны пайдалуу моделдин формуласына киргизүүгө тийиштүү болгон белгиге киргизүү менен көрсөтүү өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртүүчү кошумча материалдарды таануу үчүн негиз болуп эсептелет.
Сыпаттамада техника деңгээлине гана, анын ичинде жакын окшошуна карата айтылган белгилер өтүнмөнүн баштапкы материалдарында камтылган өтүнмө берилген пайдалуу моделдин белгилерине кирбейт.
Өтүнмө пайдалуу моделдердин тобуна тиешелүү болгон учурда, өтүнмөнүн баштапкы материалдарындагы камтылган топтун кайсы бир пайдалуу моделинин белгилери болуп топтун так ушул пайдалуу моделине колдонулуучу сыпаттамада айтылган белгилер эсептелет.
Алардын бири башкасын пайдалануу үчүн арналган пайдалуу моделдердин тобу өзгөчөлүктүү болот. Муну менен баштапкы материалдарда камтылган башкасын пайдалануу үчүн арналган бир пайдалуу моделдин белгилери ошол башка пайдалуу моделдин дагы белгилери болуп эсептелет.
Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон формулага киргизүүгө тийиштүү болгон белгилерге кирбеген пайдалуу модель жөнүндө маалыматтарды камтыган кошумча материалдар пайдалуу моделдин маңызын өзгөрткөн болуп эсептелбейт. Мындай маалыматтарга негизинен, пайдалуу моделди ишке ашыруунун шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, пайдалуу моделди ишке ашыруунун мисалдары, кошумча техникалык натыйжа алуу мүмкүнчүлүгүнө көрсөтмө, такталган графикалык материалдар ж.у.с. кирет.
Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында пайдалуу моделдин формуласына киргизүүгө тиешелүү болгон белгилери менен катар, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгуу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар камтылган кошумча маалыматтар көрсөтүлгөн белгилер камтылган бөлүгүндө гана маңызын өзгөрткөн болуп таанылат.
Башка маалыматтар эксперттөө жүргүзүүдө эске алынат.
5) Өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөртүүчү бөлүгүндөгү кошумча материалдар өтүнмөнү карап чыгууда эске алынбайт жана өтүнмө ээси билдирилген чечимдин маңызын өзгөрткөн деп таанылгандыгына байланыштуу, кошумча материалдарды эске алуу мүмкүн эмес экендиги жөнүндө Кыргызпатенттен кабарлоо алган күндөн тартып, үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катарында таризделсе болот.
Кошумча материалдар өтүнмө берилген пайдалуу моделдин маңызын өзгөрткөн деп таанылган учурда, өтүнмө ээсине (ага эксперттөөнүн кезектеги жиберген документинде) кошумча материалдарга киргизилген кайсы маалыматтар эксперттөөнүн ушундай жыйынтык чыгаруусуна негиз болгондугу билдирилет.
6) Өтүнмө ээсинин анын өтүнмөнүн документтеринин оңдоолорун жана тактоолорун берүүсүндө демилгесинин болгондугун аныктоо бөлүгүндө Мыйзамдын 22-беренесин колдонууда төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу керек:
- өтүнмө ээси тарабынан анын кайсы бир жазуу түрүндөгү билдирүүнү, эксперттөөнүн сурам катын алгандан кийин, ошондой эле ушундай билдирүүнү же сурам катты албастан эле берген өтүнмөнүн кайсы документин болбосун оңдоо жана тактоо эгерде ушул оңдоо же тактоо өтүнмөнүн документтерине карата белгиленген талаптардын бузулушун четтетүүгө багытталса, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо болуп эсептелбейт;
- өтүнмө ээси тарабынан анын кайсы бир жазуу түрүндөгү билдирүүнү, эксперттөөнүн сурам катын алгандан кийин, берген өтүнмөнүн кайсы документин болбосун оңдоо жана тактоо эгерде ушул оңдоо же тактоо жазуу түрүндөгү билдирүүгө, эксперттөөнүн сурам катына байланыштуу болсо, өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо болуп эсептелбейт;
- өтүнмө ээси тарабынан анын кайсы бир жазуу түрүндөгү билдирүүнү, эксперттөөнүн сурам катын алгандан кийин, ошондой эле ушундай билдирүүнү же сурам катты албастан эле берген өтүнмөнүн документтерин бардык башка оңдоолор жана тактоолор өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн документтерин оңдоо болуп эсептелинет жана Мыйзамдын 22-беренесине ылайык киргизилет.
17.21. Патент берүү жөнүндө чечим
Алдын ала эксперттөөнү оң натыйжа менен өткөн пайдалуу моделге өтүнмө боюнча пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат. Өтүнмө ээси чечимде алдын ала эксперттөөнүн оң натыйжасы жана пайдалуу моделдин артыкчылыгын белгилөө жөнүндө кабарланат.
Чечимде пайдалуу моделдин формуласы өтүнмө ээси сунуштаган редакцияда жана сурам катка ушул Эрежелердин 17.19-пунктунун 14-пунктчасынын алтынчы абзацынын жоболоруна ылайык жооп берген учурунда, өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө пайдалуу моделдин формуласын оңдобосо, бирок формулада мүнөздөлгөн бардык пайдалуу моделдер үчүн алым төлөнсө жана пайдалуу моделдин биримдүүлүгүнө талаптар сакталган болсо берилет.
Пайдалуу моделге патент өтүнмө ээсинин жоопкерчилигинде берилет.
Мыйзамдын 23-2-беренесинин 2-бөлүгүндө караштырылгандай учурда, патент берүү жөнүндө чечим же патент жокко чыгарылат.
17.22. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
1) Эгерде алдын ала эксперттөөнүн натыйжасында өтүнмө берилген сунуш патентке жөндөмдүү эмес экендиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
2) Качан пайдалуу модель башка көзкарандысыз пункттары болбогон формуланын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлсө, ал эми көзкаранды пункттардагы камтылган пайдалуу моделднн мүнөздөмөсү мындай, ал пайдалуу моделди ишке ашырууга же өтүнмө ээси көрсөткөн арналышын ишке ашырууга тоскоолдук кылса же пайдалуу моделди коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерине каршы келгенин таануу үчүн негиз болуп эсептелсе жана өтүнмө ээси оңдоодон же формуладан ушундай көзкаранды пункттарды чыгарып салуудан баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
3) Өтүнмө ээси сунуштаган формула бир көз карандысыз пунктка ээ болсо жана ал сыпаттамадагы пайдалуу моделдин маанилүү белгисин киргизбесе, анын аркасында пайдалуу модель ушундай мүнөздөмөсү менен патентке жөндөмдүүлүгүнүн кайсы бир шартына туура келбеген учурда, эгерде өтүнмө ээси
көрсөтүлгөн белгини формулага киргизүүдөн баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
4) Эгерде өтүнмө берилген пайдалуу моделдин тобу патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттарынын бирине туура келбеген пайдалуу моделди камтыгандыгы аныкталса жана өтүнмө ээси ушул пайдалуу моделдин формуласынан мүнөздөмөсүн оңдоодон же чыгарып салуудан баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Муну менен чечимде ага карата ушундай корутунду чыгарылган башка пайдалуу моделдин патентке жөндөмдүүлүгү тастыкталат.
5) Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде кошумча түрүндө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим менен макул болбогон учурда, өтүнмө ээси тиешелүү алым төлөгөн шартында, чечимди алган күндөн тартып, эки айдын ичинде Апелляциялык кеңешке каршы болгондугун билдирүүгө укуктуу экендиги жөнүндө кабарланат. Каршы болгондугу Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, эки ай мөөнөттүн ичинде каралып чыгат. Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, ал аны алган күндөн тартып, алты айдын ичинде доо менен сотко кайрыла алат.
17.23. Ошол эле артыкчылык күнгө ээ болгон өнөр жай менчигинин окшош объектине башка өтүнмөнүн бар экендиги аныкталганда өтүнмөнү карап чыгуунун өзгөчөлүктөрү
1) Эгерде каралып жаткан өтүнмө боюнча ошол эле артыкчылык күнгө ээ болгон окшош ойлоп табууга же пайдалуу моделге башка кайра чакыртылып алынбаган же кайра чакыртылып алынды деп таанылбаган башка өтүнмө бар болсо, анда каралып жаткан өтүнмөнүн өтүнмө ээсине бул тууралуу жана анын өтүнмөсү боюнча патент берүү Мыйзамдын 21-беренесинин 11-бөлүгүндө белгиленген шарттарды аткарууда мүмкүн экендиги жөнүндө кабарланат. Муну менен өтүнмө ээсине ошондой эле, анын өтүнмөсү Кыргызпатентте эртерээк же кечирээк катталган номери бар экендиги кабарланат.
Каралып жаткан өтүнмөнүн өтүнмө ээсине окшош ойлоп табууну же пайдалуу моделди камтыган башка өтүнмөнүн кандайдыр бир библиографиялык маалыматтарын билдирүү жана ушул өтүнмө боюнча маалыматтарды жарыялаганга чейин аны мазмунун билдирүү же ага патент берүү буга башка өтүнмөнүн өтүнмө ээсинин макулдугу менен гана мүмкүн болот.
2) Пайдалуу моделдердин окшоштугу (же ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин) белгилүү тартипте өтүнмө ээлери берген алардын акыркы редакциясынын формуласынын негизинде аныкталат.
Эгерде формуланын көз карандысыз пункттарынын мазмундары толугу менен дал келсе, пайдалуу моделдер окшош болуп (же ойлоп табуу жана пайдалуу модель) таанылат.

18. Өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү

1) Пайдалуу моделге түзүлгөн өтүнмө ойлоп табууга өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
Ушундай кайра өзгөртүп түзүү боюнча өтүнүч кат түшкөндө өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин берилдиби жана өтүнүч катка белгиленген өлчөмдө тиешелүү алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелгендиби, ушулар аныкталат.
Патент берүү жөнүндө чечим чыккандан кийин өтүнүч кат келип түшкөндө өтүнмө ээсине өтүнмөнүн кайра өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн эместиги тууралуу билдирилет.
Өтүнүч кат менен бирге алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, акыркысы берилбеген болуп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
Кайра өзгөртүп түзүүгө болбогон өтүнмө пайдалуу моделге түзүлгөн өтүнмө болуп калат жана ага карата кийин ушул Эрежелер колдонулат.
Эгерде өтүнүч кат белгиленген мөөнөттү сактоо менен жана аны менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилсе, өтүнмө ээсине кайра өзгөртүп түзүү, ошондой эле өтүнмөнү мындан ары карап чыгуу Ойлоп табууга өтүнмө берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерине ылайык жүргүзүлө тургандыгы кабарланат.
2) Өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч кат берилген күнгө өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнү оңдоочу же тактоочу кошумча материалдар же пайдалуу моделдин өзгөртүлгөн формуласы берилген учурда, кайра өзгөртүп түзүү өтүнүч катын карап чыкканга чейин ушул материалдарды бул Эрежелердин
17.4 жана 17.20-пункттарына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.
Эгерде кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч менен бир убакта өтүнмө түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде келип түшкөн өтүнмөнү оңдоочу, тактоочу кошумча материалдар өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча берилген деп белгиленсе, аларды карап чыгуу өтүнмөнү ойлоп табууга берилген өтүнмөгө кирген материалдар катарында кайра өзгөртүлүп түзүлгөндөн кийин бүткөрүлөт.
3) Кайра сурап алынган же кайра сурап алынган деп таанылган пайдалуу моделдерге өтүнмөлөргө карата кайра өзгөртүп түзүү жүргүзүлбөйт.
4) Ага өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүүгө боло тургандыгы жөнүндө кабарлоону жибергенге чейин, өтүнмө ээсинен анын арызын берилбеген деп эсептөө өтүнүчү келип түшкөндө, кайра өзгөртүп түзүү болгон жок деп эсептелет, өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же белгиленген тартипте эсепке алынат.
Ага пайдалуу моделге өтүнмөнү ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмөгө кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө кабарлоону жибергенден кийин өтүнмө ээсинен келип түшкөн өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч катты берилбеген деп
эсептөө сунушу өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жана төлөнгөн алымды кайтарып берүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
5) Өтүнмөнү ойлоп табууга кайра өзгөртүп түзүүнүн натыйжасы болуп эсептелген пайдалуу моделге өтүнмө ушул Эрежелердин 16.1-17.22-пункттарына ылайык каралып чыгат. Мында эгерде айтылган кайра өзгөртүп түзүү ойлоп табууга өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсүнөн кийин болсо, анда пайдалуу моделге өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсү өтүнмө ээси боло турган кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө кабарлоосун алган күндөн тартып башталат.
Аны пайдалуу моделге өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн күнгө ойлоп табууга өтүнмө боюнча берилген кошумча материалдар пайдалуу моделге өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүүдө аларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эске алынуучу бөлүгүндө көңүлгө алынат.
Тиркеме

┌────────────────────┬───────────────────┬────────────────────

────┐

Кыр-│(22) Берилген датасы│Кириш № │(21) Каттоо номери │

гыз-│ │Келип түшкөн датасы│ │

па-

├────────────────────┼───────────────────┼──────────────────────

──┤

тент│Артыкчылыгы │(51) ӨҮЭК │

та-

├────────────────────┴───────────────┬───┴──────────────────────

──┤

ра- │ │ Интеллектуалдык менчик │

бы- │ Пайдалуу моделге Кыргыз │ жаатындагы ыйгарым укуктуу │

нан │ Республикасынын патентин │ мамлекеттик органына │

тол-│ берүү жөнүндө │ (Кыргызпатент) │

ту- │ АРЫЗ

│ │

ру- │ │ 720021, Бишкек ш., │

лат │ │ Москва көч.,

62 │

├────────────────────────────────────┴───────────┬────────────

────┤

│Төмөндө көрсөтүлгөн документтерди берүү менен, │ Ишканалардын │

│атына Кыргыз Республикасынын патентин берүүнү │жана уюмдардын │

│суранам (суранабыз) │

жалпы │

│ │

республикалык │

│классификациясы │

│(71) Өтүнмө ээси (ээлери) │ (ИУЖК)

боюнча │

│ │

уюмдун, │

│ │

ишкананын │

│(толук аты же аталышы жана жашаган же турган │

коду │

│жери көрсөтүлөт. Авторлордун - өтүнмө

│ │

│ээлеринин жашаган жери жөнүндө маалыматтар

│ │

│97-кодунун астындагы графада келтирилет. │ ИМБДУнун

ST.3 │

│ │

стандарты │

│ │боюнча өлкөнүн │

│ │

коду │

├────────────────────────────────────────────────┴────────────

────┤

Ке- │┌─┐

рек-│└─┘ Төмөнкү дата боюнча пайдалу моделдин артыкчылыгын белгилөөнү │

түү-│ суранам

(суранабыз): │

сүн │┌─┐ Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмөнүн│

[X] │└─┘ берилиши (Мыйзамды 21-бер. 3-

б.) │

бел-│┌─┐ Мыйзамдын 21-б. 7-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатентке кыйла мурда │

гиси│└─┘ өтүнмөнүн

берилгендиги │

ме- │┌─┐ Мыйзамдын 21-б. 10-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатентке баштапкы │

нен │└─┘ өтүнмөнүн

берилиши │

бел-│┌─┐ Кошумча материалдардын берилиши (Мыйзамдын 21-

беренесинин │

ги- │└─┘ 6-

б.(*) │

лөө │

ке- │(Кыргызпатентке өтүнмө берилген датага караганда кыйла мурдагы │

рек │артыкчылыгы суралганда гана толтурулат) │

├───────────────────────┬───────────────────┬─────────────────

────┤

│Биринчи, кыйла мурдагы,│

Суралган

(33) ST.3

боюнча

│ баштапкы өтүнмөнүн № │ артыкчылыктын │берилген өлкөнүн коду│

│ │ │артыкчылык сураганда)│

├───────────────────────┼───────────────────┼─────────────────

────┤

│1. │

│ │

│2. │

│ │

│3. │

│ │

├───────────────────────┴───────────────────┴─────────────────

────┤

│(54) Пайдалуу моделдин

аталышы │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почталык дареги, адресаттын аты│

│же аталышы)

│Телефону:

e-mail:

Факсы:

│(*) "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты, каттоо номери, турган │

│жери)

│Телефону:

e-mail:

Факсы:

├─────────────────────────────────┬──────┬──────┬─────────────

────┤

│ Тиркелүүчү документтердин │ Саны │Нуска-│Өтүнмө берүүгө │

│ тизмеси │1-нус-│лардын│жана патент │

│ │када │ саны │алууга укуктун │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤пайда болуусу │

│┌─┐ Пайдалуу моделдин │ │ │үчүн негиз │

│└─┘ сыпаттамасы │ │

│(документтерди │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤көрсөтүүсүз

│┌─┐ пайдалуу моделдин формуласы │ │

│ │

│└─┘ (көз карандысыз пункттардын │ │ │┌─┐ өтүнмө ээси │

│ саны) │ │ │└─┘

жумуш │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

берүүчү │

│┌─┐ чийме (чиймелер) жана

башка

болуп

│└─┘ материалдар │ │ │

эсептелет │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤ жана

Патент │

│┌─┐ │ │ │ Мыйзамынын │

│└─┘ реферат │ │ │ 9 жана

10-бе-│

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

ренелеринин │

│┌─┐ алым төлөгөндөгү жөнүндө │ │ │

шарттары │

│└─┘ документ: │ │ │

сакталган │

│ │ │

│ │

│┌─┐ өтүнмө бергендиги жана │ │ │┌─┐ жумуш берүүчү│

│└─┘ эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн│ │ │└─┘

тарабынан │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

укуктардын │

│┌─┐ төмөнкүлөр үчүн негиздердин │ │ │ башка жакка │

│└─┘ бар экендигин тастыктаган │ │ │

кайрадан │

│ документ │ │ │

ыйгарылышы │

│┌─┐ │ │

│ │

│└─┘ алым төлөөдөн бошотуу │ │ │┌─┐ автор же анын│

│┌─┐ │ │ │└─┘

укук │

│└─┘ алымдын өлчөмүн азайтуу │ │ │

мураскери │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

тарабынан │

│┌─┐ баштапкы өтүнмөнүн │ │ │ укуктун башка│

│└─┘ (өтүнмөлөрдүн) көчүрмөсү │ │ │

жакка │

│ (конвенциялык артыкчылык │ │ │

ыйгарылып │

│ сураганда) │ │ │

берилиши │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ өтүнмөнүн орус же кыргыз │ │ │┌─┐

мураскерлик │

│└─┘ тилине котормосу │ │ │└─┘

укугу │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ патенттик ишенимдүү өкүлдүн │ │ │

│└─┘ ыйгарым укугун

тастыктаган

│ ишеним кат │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ │ │

│ │

│└─┘ башка документ (көрсөтүү │ │

│ │

│ керек) │ │

│ │

├─────────────┬───────────────────┴──────┼──────┴─────────────

────┤

│(72) Автор │ (97) Жашаган жеринин │ Патент алууга укугун │

│(авторлор) │ дареги (чет өлкөлүктөр │ыйгарып берүүчү автордун│

│(толук аты- │ үчүн - ИМБДУнун ST.3 │ авторлордун колу │

│жөнү │ стандарты боюнча өлкөнүн │ колдору;

датасы │

│көрсөтүлөт)

коду, эгерде ал

│ │ белгиленсе

│ │

├─────────────┴──────────────────────────┴────────────────────

────┤

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Мен (биз)

│ толук аты-

жөнү │

│патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени (бизди)

автор │

│катарында эскербөөнү суранам

(суранабыз) │

│Автордун (авторлордун) колу

(колдору) │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Патент алууга укугун ыйгарып берүүчү автордун укук мураскери

(то-│

│лук аты-жөнү же аталышы, жашаган жери же жайгашкан жери, колу,│

│датасы):

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Колу:

│Анын атына патент суралган жактын, өтүнмө ээсинин

(ээлеринин) же│

│патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу (колдору); кол (колдор)

коюлган│

│дата (юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр│

│менен

күбөлөндүрүлөт) │

│Кыргыз Республикасынын Патент

Мыйзамы │

└─────────────────────────────────────────────────────────────

────┘