À propos de la propriété intellectuelle Formation en propriété intellectuelle Respect de la propriété intellectuelle Sensibilisation à la propriété intellectuelle La propriété intellectuelle pour… Propriété intellectuelle et… Propriété intellectuelle et… Information relative aux brevets et à la technologie Information en matière de marques Information en matière de dessins et modèles industriels Information en matière d’indications géographiques Information en matière de protection des obtentions végétales (UPOV) Lois, traités et jugements dans le domaine de la propriété intellectuelle Ressources relatives à la propriété intellectuelle Rapports sur la propriété intellectuelle Protection des brevets Protection des marques Protection des dessins et modèles industriels Protection des indications géographiques Protection des obtentions végétales (UPOV) Règlement extrajudiciaire des litiges Solutions opérationnelles à l’intention des offices de propriété intellectuelle Paiement de services de propriété intellectuelle Décisions et négociations Coopération en matière de développement Appui à l’innovation Partenariats public-privé Outils et services en matière d’intelligence artificielle L’Organisation Travailler avec nous Responsabilité Brevets Marques Dessins et modèles industriels Indications géographiques Droit d’auteur Secrets d’affaires Académie de l’OMPI Ateliers et séminaires Application des droits de propriété intellectuelle WIPO ALERT Sensibilisation Journée mondiale de la propriété intellectuelle Magazine de l’OMPI Études de cas et exemples de réussite Actualités dans le domaine de la propriété intellectuelle Prix de l’OMPI Entreprises Universités Peuples autochtones Instances judiciaires Ressources génétiques, savoirs traditionnels et expressions culturelles traditionnelles Économie Égalité des genres Santé mondiale Changement climatique Politique en matière de concurrence Objectifs de développement durable Technologies de pointe Applications mobiles Sport Tourisme PATENTSCOPE Analyse de brevets Classification internationale des brevets Programme ARDI – Recherche pour l’innovation Programme ASPI – Information spécialisée en matière de brevets Base de données mondiale sur les marques Madrid Monitor Base de données Article 6ter Express Classification de Nice Classification de Vienne Base de données mondiale sur les dessins et modèles Bulletin des dessins et modèles internationaux Base de données Hague Express Classification de Locarno Base de données Lisbon Express Base de données mondiale sur les marques relative aux indications géographiques Base de données PLUTO sur les variétés végétales Base de données GENIE Traités administrés par l’OMPI WIPO Lex – lois, traités et jugements en matière de propriété intellectuelle Normes de l’OMPI Statistiques de propriété intellectuelle WIPO Pearl (Terminologie) Publications de l’OMPI Profils nationaux Centre de connaissances de l’OMPI Série de rapports de l’OMPI consacrés aux tendances technologiques Indice mondial de l’innovation Rapport sur la propriété intellectuelle dans le monde PCT – Le système international des brevets ePCT Budapest – Le système international de dépôt des micro-organismes Madrid – Le système international des marques eMadrid Article 6ter (armoiries, drapeaux, emblèmes nationaux) La Haye – Le système international des dessins et modèles industriels eHague Lisbonne – Le système d’enregistrement international des indications géographiques eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Médiation Arbitrage Procédure d’expertise Litiges relatifs aux noms de domaine Accès centralisé aux résultats de la recherche et de l’examen (WIPO CASE) Service d’accès numérique aux documents de priorité (DAS) WIPO Pay Compte courant auprès de l’OMPI Assemblées de l’OMPI Comités permanents Calendrier des réunions WIPO Webcast Documents officiels de l’OMPI Plan d’action de l’OMPI pour le développement Assistance technique Institutions de formation en matière de propriété intellectuelle Mesures d’appui concernant la COVID-19 Stratégies nationales de propriété intellectuelle Assistance en matière d’élaboration des politiques et de formulation de la législation Pôle de coopération Centres d’appui à la technologie et à l’innovation (CATI) Transfert de technologie Programme d’aide aux inventeurs WIPO GREEN Initiative PAT-INFORMED de l’OMPI Consortium pour des livres accessibles L’OMPI pour les créateurs WIPO Translate Speech-to-Text Assistant de classification États membres Observateurs Directeur général Activités par unité administrative Bureaux extérieurs Avis de vacance d’emploi Achats Résultats et budget Rapports financiers Audit et supervision
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Lois Traités Jugements Parcourir par ressort juridique

Kirghizistan

KG079

Retour

Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө КР мыйзамы

 Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө КР мыйзамы

Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө КР мыйзамы Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 8-октябры N 108

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Илимий-техникалык маалымат тутуму жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-Глава.Жалпы жоболор 2-Глава. Илимий-техникалык маалыматтын укуктук режими 3-Глава. Кыргыз Республикасындагы ИТМдин улуттук тутумун уюштуруу 4-Глава. ИТМ рыногу 5-Глава. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Илимий техникалык маалымат (мындан ары - ИТМ) тутумунун уюштуруучулук, экономикалык жана укуктук негиздери белгиленет. Мыйзамда ИТМ тутумундагы объектилердин жана субъектилердин мамилелери, ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаттары жана багыттары: ИТМдин улуттук тутумунун уюштуруучулук структурасын, анын ресурстарын калыптандыруунун жана пайдалануунун ыкмалары менен жолдору, ИТМдин продуктылар рыногунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иштөө принциптерин аныкталат. Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн, аракеттери ИТМ жыйноого, топтоого, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга байланыштуу болгон бардык юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.Мыйзамдын күчү мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды камтыган ИТМге колдонулбайт. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-Глава Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер колдонулат: ИТМдин автору (тең автору) - интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы катары өзүнүн (өздөрүнүн) чыгармачыл эмгеги менен ИТМди жараткан жак (жактар); илимий-техникалык маалыматтар базасы - анда болгон маалыматты автоматташтырып, кайтадан иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү, машиналык алып жүрүүчүдө көрсөтүлүп белгиленген максат үчүн жетиштүү маалыматтардын топтому; илимий-техникалык маалыматтар банкы - бир же бир нече илимий-техникалык маалыматтар базаларынан жана алардагы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана издөө тутумунан турган автоматташкан маалыматтык-издөө тутуму; документтештирилген ИТМ - сактоону, топтоону, көчүрмөлөөнү издөөнү, таратууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу, аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү, реквизиттери бар материалдык алып жүрүүчүдө чагылдырылган ИТМ; маалымат борбору - тармакта же региондо илимий-маалыматтык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюм; илимий-маалыматтык ишмердүүлүк - ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, талдоо-

синтетикалык иштеп чыгуу, белгилөө, сактоо, таратуу жана аны пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысы; илимий-техникалык маалыматтар продукциясы - ИТМди пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) маалыматка болгон муктаждыктарын камсыздоого арналган маалыматтык илимий-техникалык ишмердүүлүктүн материалдашкан жыйынтыгы; илимий-техникалык маалымат (ИТМ) - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, долбоорлоо-технологиялык, уюштуруу-башкаруу, өндүрүштүк-экономикалык, инновациялык жана коомдук ишмердүүлүк процессинде алынуучу маалыматтардын бардык түрлөрүн камтыган документтер жана фактылар тууралу маалыматтар; ИТМдин объектисине болгон өзгөчө укуктардын ээси (мындан ары укук ээси) - мамлекет, илимий-техникалык маалымат тармагында укуктук мамилелердин субъектиси катары, документтештирилген ИТМге, анын ресурстарына жана түзүмүнө болгон менчик укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар; ИТМ органдары - ушул тармакта илимий-маалыматтык ишмердүүлүктү жана илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдар же ишкананын же уюмдун түзүмдүк бөлүктөрү; ИТМди пайдалануучу (керектөөчү) - справкалык-маалымат фондуларга, илимий- техникалык маалыматтардын тутумдарына же ортомчуларга документтештирлген керектүү ИТМди алуу үчүн кайрылуучу ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси; ИТМ тармагындагы ортомчу - укук ээсинин тапшыруусу боюнча илимий-техникалык маалыматтык продукцияны таратуу, сатуу жана пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү боюнча ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси; ИТМди иштеп чыгуучу - ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, сактоо, таратуу жана аны пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысын камсыз кылуу боюнча укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси; ИТМдин ресурстары - документтештирилген ИТМи бар справкалык-маалымат фонд жана илимий-техникалык маалыматтар базасы; ИТМ тутуму - ИТМнын ресурстарынын жана мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, издөө жана берүү процесстерин жүзөгө ашыруучу уюштуруу- технологиялык каражаттардын ирээтке келтирилген жыйындысы; справкалык-маалымат фондулары - кагаз, аудиовизуалдык, машина жана башка материалдык алып жүрүүчүлөрдө чагылдырылып, ИТМди пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) муктаждыктарына арналып, ирээтке келтирилген алгачкы документтердин жыйындысы (китептер, брошюралар, мезгилдүү басылмалар, патенттик документтер, ченемдик-техникалык документтер, өнөр жай каталогдору, конструктордук документтер, илимий-изилдөө. тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык жумуштар боюнча отчеттук илимий-техникалык документтер, депонирленген колжазмалар, илимий-техникалык адабияттар менен документтердин котормолору, жарыяланган жана жарыяланбаган дагы башка илимий- техникалык документтер). (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Илимий-маалымат ишмердүүлүгү

1. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсүндө илимий-маалымат иштеринде эмгектенишкен юридикалык жана жеке жактар ИТМди издөө, жыйноо, кайра иштетүү, сактоо, жайылтуу жана керектөөчүлөргө аларды маалымат булактары жана кызмат

көрсөтүүлөр түрүндө берүү аркылуу коомдун керектөөлөрүн канааттандырышат. 2. ИТМди талдоонун, ага баа берүүнүн жана жалпылоонун негизинде даярдалган илимий-техникалык маалыматтык продукциянын бардык түрлөрү маалымат булагына таандык. 3.Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу керектөөчүлөргө ИТМдин бардык түрлөрүн жана булактарын, кайра иштетүү, маалыматтарды берүү, жайылтуу жана билим берүү каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

1. ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат илимий-техникалык саясаттын курамдык бөлүгү катарында Кыргыз Республикасынын эл чарбасында Ата Мекендик жана чет өлкөлүк илимдин, техниканын жана алдыңкы өндүрүштүк тажрыйбанын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды жалпы коомдун социалдык-экономикалык таламдарына ылайык пайдалануусун камсыз кылууга багытталган. 2.Мамлекет бул максаттарда: - ИТМ тутумун түзөт жана өнүктүрөт, анын айрым звенолорунун мазмунун жана ишинин мүнөзүн аныктайт, аларга жетекчиликти жүзөгө ашырат; - ИТМ тутумун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди бюджеттик каржылоону жүзөгө ашырат; - ИТМдин ресурстарынын жалпыга мүмкүн болушу, аларды пайдалануунун натыйжалуулугунун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзөт; - ИТМ чөйрөсүндөгү рыноктук мамилелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт, атаандаштыкты кубаттайт, ишкердүүлүккө түрткү берет; - ИТМ чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрөт, ИТМдин улуттук уюмдарынын чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жана структуралар менен эркин жана тең укуктуу мамилелерди жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтөт. 3. ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жалпы компетенциядагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, ошондой эле атайын компетенциядагы тиешелүү мамлекеттик органдар аныктайт жана жүзөгө ашырат. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. ИТМ тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. ИТМ тутуму жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан башка мыйзам актыларынан, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган мамлекеттер аралык келишимдерден, макулдашуулардан жана эл аралык укуктун ченемдеринен турат. 2.Маалымат булактарын чогултуу, сактоо, жайылтуу, берүү интеллектуаддык менчиктин объектиси болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө Мыйзамы менен жөнгө салынат. 3.Мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ченемдик укук актыларын жетекчиликке алат.

2-Глава Илимий-техникалык маалыматтын укуктук режими

5-статья. Илимий-техникалык маалыматка укук

Кыргыз Республикасынын бардык жеке жана юридикалык жактары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ачык ИТМди, маалыматтык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. ИТМге болгон менчик укугу

1. ИТМ менчиктин, ээлик кылуунун, пайдалануунун же тескөөнүн укуктук объектиси болушу мүмкүн. ИТМди түзүүгө катышууга жараша, ал мамлекеттин, бардык жеке жана юридикалык жактардын менчиги болушу мүмкүн. 2.Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан түзүлгөн ИТМ мамлекеттик менчик болуп эсептелет. 3.Жеке жана юридикалык жактар тарабынан алардын өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн, болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жолдор менен ээ болгон ИТМ алардын менчиги болуп саналат. 4. Бир нече жеке, болбосо юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн ИТМге менчик укугу алардын ортосундагы келишим менен аныкталат. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. ИТМдин субъектилеринин ортосундагы укуктук мамилелер

1. ИТМ тармагындагы укуктук мамилелер “Автордук укук жана аралаш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жөнгө салынат. 2. ИТМдин менчик ээси (укук ээси) аны сатууга же аны керектөөчүлөргө акысыз берүүгө укуктуу. 3.Менчик ээси (укук ээси) ИТМге болгон өзүнүн укугун өз алдынча же ортомчу аркылуу жүзөгө ашырат. 4. ИТМди пайдалануучу (керектөөчү) менчик ээсинин (укук ээсинин) укуктарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 5. Авторлордун (тең авторлордун), укук ээлеринин, иштеп чыгуучулардын, ортомчулардын, пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алардын ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча жүргүзүлөт. 6. Талаш маселелер сот тартибинде чечилет. 7. ИТМдин менчик ээси (укук ээси) же ортомчу анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-Глава Кыргыз Республикасындагы ИТМдин улуттук тутумун уюштуруу

8-статья. ИТМдин улуттук тутумунун максаттары жана милдеттери

1. Кыргыз Республикасында жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ИТМге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу ИТМдин улуттук тутуму тарабынан камсыз кылынат. 2. ИТМдин улуттук тутуму - бул анын жардамы менен ИТМ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ишке ашыра турган уюштуруучулук-укуктук тутум. 3. Төмөндөгүлөр: - Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк илимдин, техниканын жана өндүрүштүк

тажрыйбанын алдыңкы жетишкендиктерин эл чарбасында кеңири пайдаланууну камсыз кылуу; - Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк китепканалык жана справкалык-маалыматтык фондулардын булактарынын негизинде автоматташтырылган жалпы мамлекеттик жана коммерциялык маалымат базаларын жана банктарын калыптандыруу; - маалымат маркетинги, маалымат булактарын, кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтар банктарын, базаларын берүү жана аларды жарыялоо ИТМдин улуттук тутумунун негизги милдеттери болуп эсептелет. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. ИТМдин улуттук тутумунун курамы

1. ИТМдин улуттук тутуму: - мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ИТМ тутумунун мамлекеттик бөлүмүн түзгөн ИТМдин адистештирилген мамлекеттик ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен, илимий жана илимий-техникалык китепканалардан; - ишинин заты коомдун ИТМге болгон керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле ИТМ чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жана продуктыларды берүү болгон жеке менчик же жамааттык менчикке негизделген ар кандай уюштуруу-укуктук түрдөгү ишканалар менен уюмдардан турат. 2. ИТМдин улуттук тутумун түзүп тургандардын биримдиги мамлекеттик башкаруунун атайын бөлүнгөн орган тарабынан стандарттардын, маалымат продуктыларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын сертификациясынын сакталышына, илимий- маалымат ишин лицензиялоого контролдук жүргүзүү, алдыңкы технологияларды пайдаланууга түрткү берүү жана артыкчылык берилген программалар менен долбоорлорго катышуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу ИТМ чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик башкарууга жана жөнгө салууга негизделет. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. ИТМдин улуттук тутумундагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИТМдин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзгөн жана жүзөгө ашырган, ИТМдин улуттук тутумун уюштурууну жана иштешин камсыздаган ыйгарым укуктуу органды дайындайт, ошондой эле ал төмөнкүлөрдү: - илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын ИТМдин тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат; - ИТМ чөйрөсүндө стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды сактоону коргойт; - Кыргыз Республикасында ИТМдин бардык уюмдарынын жана мекемелеринин иш- аракетин координациялайт. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. ИТМдин улуттук тутумунун ресурстары

1. Кыргыз Республикасынын ИТМдин улуттук тутумунун ресурстарына: - илимий-техникалык китептердин, журналдардын жана китепчелердин, мезгилдүү жана улама басылмалардын, патенттик жана ченемдик-техникалык документтердин фондуларынын жыйындысы; - илимий-изилдөөлөр жана техникалык иштеп чыгуулар жөнүндө отчеттор, диссертациялар, чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттардын жана документтердин

котормолору жана көчүрмөлөрү; - маалымат базалары жана банктары, анын ичинде зарыл болгон справкалык-издөө аппараттары жана ИТМдин, ишмердүүлүгү ИТМ менен байланышкан илимий мекемелердин, эл аралык уюмдардын, китепканалардын, коммерциялык борборлордун, уюмдардын менчигинде, тескөөсүндө, пайдалануусунда болгон маалыматтарды сактоонун, кайра иштетүүнүн жана берүүнүн тиешелүү техникалык каражаттары Кыргыз Республикасынын улуттук ИТМ тутумунун ресурстарына кирет. 2.Мамлекеттин каражаттарынан түзүлгөн улуттук ИТМ тутумунун ресурстары ИТМдин мамлекеттик ресурстарын түзөт, алар коомдун энчи болуп эсептелет жана менчиктештирилүүгө жатпайт. 3. Улуттук ИТМ тутумунун ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынууга жана катталууга тийиш. 4. ИТМдин мамлекеттик ресурстарын калыптандыруунун, алмаштыруунун, берүүнүн жана пайдалануунун тартиби мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан регламенттештирилет. 5.Менчигинин түрүнө карабастан, улуттук ИТМ тутумунун бардык структуралары эл чарбасынын тутумунда “Информатика” (“Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр”) деген кошумча тармак катары эсепке алынат. (КР 2005-жылдын 16-мартындагы N 54Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. ИТМдин улуттук тутумунун маалымат ресурстарын пайдалануу

1. ИТМдин бардык керектөөчүлөрү маалымат ресурстарын пайдаланууда бирдей укуктарга ээ болот. Башкаларга берүү чектелген маалыматтар гана буга кирбейт. 2. ИТМдин мамлекеттик тутумун уюштуруу ИТМдин керектөөчүлөрүнө аларды издөөнү жана берүүнү кирешесиз негизде жүзөгө ашырат. 3. ИТМдин мамлекеттик тутумунун уюмдары ИТМди талдоонун, баа берүүнүн жана жалпылоонун негизинде даярдаган баяндамалары, аналитикалык жана далилдүү справкалары коммерциялык негизде ишке ашырылат, аларды мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдарына берүү акысыз жүзөгө ашырылат. 4. Илим жана техника жагындагы басылма чыгармаларды агартуу максаттарында репродукциялоо пайда албастан жүзөгө ашырылат. 5. ИТМдин өзүнүн эсебинен калыптандырылган ресурстары бар менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар жана мекемелер маалымат продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү келишимдик негизде беришет.

13-статья. Чет өлкөлүк ИТМди алуу жана пайдалануу

1. ИТМдин улуттук ресурстарын калыптандыруу үчүн зарыл болгон чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди, маалыматтар базасын, банктарын алуу, өз ара алмашуу же болбосо маалымат ишин жүзөгө ашыруучу ишканалар менен мекемелердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 2.Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалар менен уюмдардын чет өлкөлүк ИТМ ресурсун түзүү үчүн валюталык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде максаттуу багыт менен каралат.

4-Глава ИТМ рыногу

14-статья. ИТМ товардык мамилелердин объектиси катарында

1. ИТМ, ИТМ чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырган ишканалардын, уюмдардын жана жарандардын маалымат продукциялары жана кызмат көрсөтүүлөрү колдонуудагы жана кызмат көрсөтүүлөрү колдонуудагы мыйзамдар тарабынан жөнгө салынуучу товардык мамилелердин объектилери болушу мүмкүн. 2. ИТМ менен соода-сатык кылууда интеллектуалдык менчикти, автордук укукту, коммерциялык сырды, ИТМдин менчик ээлеринин жана маалымат продуктыларын берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү уюмдардын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.

15-статья. ИТМ рыногун калыптандыруу

1. ИТМди сатып - өткөрүү, өздөрүнүн маалымат продукцияларын берүү жана кызмат көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары жана жарандары товар өндүрүүчүлөрдүн тармагын түзөт, алар ИТМди керектөөчүлөр менен биргелешип жалпы негиздерде менчигинин түрүнө карабастан, ИТМдин рыногун түзүүгө катышат. 2. Товар өндүрүүчү маалымат продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын, маалыматтын ыкмаларын жана түрлөрүн тандап алууда эркин болот, ал өзүнүн продукциясын сатып өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай юридикалык аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу болот. 3.Менчигинин түрүнө карабастан, ИТМди керектеген ишканалар, мекемелер менен уюмдар өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда маалыматты жөнөтүүчүлөрдү жана алар менен мамилелердин түрлөрүн тандап алууда эркин болот. 4. ИТМди өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы мамилелерди регламенттөөчү негизги документ алардын ортосундагы мыйзамга ылайык түзүлгөн келишим болуп эсептелет. 5. Кыргыз Республикасында ИТМ чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактардын монополиясына тыюу салынат.

16-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын ИТМ рыногуна катышуусу

Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар ИТМ рыногуна Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жана ишкердүүлүктү жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын жана ченемдик актылардын негизинде катышат.

17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын жоболорун бузууда күнөөлүү болгон же болбосо аларга ушул мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткан юридикалык жана жеке жактар жана жарандыгы жок адамдар менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жазыктык жоопкерчиликке тартышат.

5-Глава Корутунду жоболор

18-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн укуктук-ченем актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

1999-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган