À propos de la propriété intellectuelle Formation en propriété intellectuelle Respect de la propriété intellectuelle Sensibilisation à la propriété intellectuelle La propriété intellectuelle pour… Propriété intellectuelle et… Propriété intellectuelle et… Information relative aux brevets et à la technologie Information en matière de marques Information en matière de dessins et modèles industriels Information en matière d’indications géographiques Information en matière de protection des obtentions végétales (UPOV) Lois, traités et jugements dans le domaine de la propriété intellectuelle Ressources relatives à la propriété intellectuelle Rapports sur la propriété intellectuelle Protection des brevets Protection des marques Protection des dessins et modèles industriels Protection des indications géographiques Protection des obtentions végétales (UPOV) Règlement extrajudiciaire des litiges Solutions opérationnelles à l’intention des offices de propriété intellectuelle Paiement de services de propriété intellectuelle Décisions et négociations Coopération en matière de développement Appui à l’innovation Partenariats public-privé Outils et services en matière d’intelligence artificielle L’Organisation Travailler avec nous Responsabilité Brevets Marques Dessins et modèles industriels Indications géographiques Droit d’auteur Secrets d’affaires Académie de l’OMPI Ateliers et séminaires Application des droits de propriété intellectuelle WIPO ALERT Sensibilisation Journée mondiale de la propriété intellectuelle Magazine de l’OMPI Études de cas et exemples de réussite Actualités dans le domaine de la propriété intellectuelle Prix de l’OMPI Entreprises Universités Peuples autochtones Instances judiciaires Ressources génétiques, savoirs traditionnels et expressions culturelles traditionnelles Économie Égalité des genres Santé mondiale Changement climatique Politique en matière de concurrence Objectifs de développement durable Technologies de pointe Applications mobiles Sport Tourisme PATENTSCOPE Analyse de brevets Classification internationale des brevets Programme ARDI – Recherche pour l’innovation Programme ASPI – Information spécialisée en matière de brevets Base de données mondiale sur les marques Madrid Monitor Base de données Article 6ter Express Classification de Nice Classification de Vienne Base de données mondiale sur les dessins et modèles Bulletin des dessins et modèles internationaux Base de données Hague Express Classification de Locarno Base de données Lisbon Express Base de données mondiale sur les marques relative aux indications géographiques Base de données PLUTO sur les variétés végétales Base de données GENIE Traités administrés par l’OMPI WIPO Lex – lois, traités et jugements en matière de propriété intellectuelle Normes de l’OMPI Statistiques de propriété intellectuelle WIPO Pearl (Terminologie) Publications de l’OMPI Profils nationaux Centre de connaissances de l’OMPI Série de rapports de l’OMPI consacrés aux tendances technologiques Indice mondial de l’innovation Rapport sur la propriété intellectuelle dans le monde PCT – Le système international des brevets ePCT Budapest – Le système international de dépôt des micro-organismes Madrid – Le système international des marques eMadrid Article 6ter (armoiries, drapeaux, emblèmes nationaux) La Haye – Le système international des dessins et modèles industriels eHague Lisbonne – Le système d’enregistrement international des indications géographiques eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Médiation Arbitrage Procédure d’expertise Litiges relatifs aux noms de domaine Accès centralisé aux résultats de la recherche et de l’examen (WIPO CASE) Service d’accès numérique aux documents de priorité (DAS) WIPO Pay Compte courant auprès de l’OMPI Assemblées de l’OMPI Comités permanents Calendrier des réunions WIPO Webcast Documents officiels de l’OMPI Plan d’action de l’OMPI pour le développement Assistance technique Institutions de formation en matière de propriété intellectuelle Mesures d’appui concernant la COVID-19 Stratégies nationales de propriété intellectuelle Assistance en matière d’élaboration des politiques et de formulation de la législation Pôle de coopération Centres d’appui à la technologie et à l’innovation (CATI) Transfert de technologie Programme d’aide aux inventeurs WIPO GREEN Initiative PAT-INFORMED de l’OMPI Consortium pour des livres accessibles L’OMPI pour les créateurs WIPO Translate Speech-to-Text Assistant de classification États membres Observateurs Directeur général Activités par unité administrative Bureaux extérieurs Avis de vacance d’emploi Achats Résultats et budget Rapports financiers Audit et supervision
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Lois Traités Jugements Parcourir par ressort juridique

Kirghizistan

KG001

Retour

Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык Кодекси (II Бөлүк, V Бөлүм)

 Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси

КР граждандык кодекси. 2 бөлүк

Бишкек шаары 1998-жылдын 5-январы N 1

кыргыз республикасынын граждандык кодекси

II БӨЛҮК V БӨЛҮМ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК

53-Глава Жалпы жоболор

1037-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилери

Төмөндөгүлөр: 1) интеллектуалдык иштин натыйжалары: илимий, адабий жана искусство чыгармалары; уктуруу уюмунун аткаруулары, фонограммалары жана берүүлөрү; электрондук эсептөө машиналары үчүн программалар жана маалыматтар базасы; ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жайлык үлгүлөр; селекциялык жетишкендиктер; ачыла элек маалыматтар, анын ичинде өндүрүштүк сырлар (ноу-хау); интегралдык микросхемалардын топологиясы; 2) граждандык карым-катнашка катышуучулардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттары; фирмалык аталыштар; товардык белгилер (тейлөө белгилери); товарлардын чыккан жеринин аталыштары; 3) интеллектуалдык иштин башка натыйжалары жана ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда граждандык карым-катнашка катышуучулардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттары интеллектуалдык менчиктин объектилерине таандык кылынат.

1038-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилерин укуктук коргоо

Интеллектуалдык менчиктин объектилерин укуктук коргоо алардын түзүлүш фактысы боюнча же болбосо ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан укуктук коргоого алуунун натыйжасында келип чыгат.

1039-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине мүлктүк эмес жана мүлктүк жеке укуктар

1. Интеллектуалдык иштин натыйжаларынын авторлоруна иштин ошол натыйжаларына карата мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар таандык болот. Мүлктүк эмес жеке укуктар авторго анын мүлктүк укуктарына карабастан таандык болот жана анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына болгон мүлктүк укуктары башка адамга өткөн учурда да сакталат. 2. Граждандык карым-катнаштын катышуучуларынын товарларын, жумуштарын же кызмат көрсөтүүлөрүн (мындан ары - жекече түргө өткөрүү каражаттары) жекече түргө

өткөрүү каражаттарына укугу барларга ушул каражаттар жагындагы мүлктүк укуктар таандык кылынат. 3. Автордук укук (интеллектуалдык иштин натыйжасынын автору катары таануу укугу) мүлктүк эмес жеке укук болуп эсептелет жана чыгармачыл эмгеги менен интеллектуалдык иштин натыйжасын түзгөн адамга гана таандык болушу мүмкүн. Автордук укук ээликтен ажыратылбайт жана башкага берилбейт. 4. Эгерде натыйжа эки же андан ашык адамдын биргелешкен чыгармачыл эмгеги менен түзүлсө, алар авторлош деп таанылат.

1040-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзгөчө укук

1. Интелектуалдык иштин натыйжаларына же жеке каражаттарга мүлктүк укуктун ээсине интеллектуалдык менчиктин ушул объектисин өзү каалагандай ар кандай түрдө жана ар кандай ыкма менен укукка ылайык пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат. Укук ээсине өзгөчө укук таандык кылынган интеллектуалдык менчиктин объектилерин башка адамдардын пайдаланышына укук ээсинин макулдугу менен гана жол берилет. 2. Интеллектуалдык менчик объектисине өзгөчө укугу бар адам бул укугун башка адамга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө, башка адамга интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдаланууга уруксат берүүгө укуктуу жана мунун өзү ушул Кодекстин жана башка мыйзамдардын эрежелерине карама-каршы келбесе, аны башкача жол менен тескөөгө укуктуу. 3. Өзгөчө укуктарды чектөөгө, анын ичинде интеллектуалдык менчиктин объектисин башка адамдарга пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу, бул укуктарды жараксыз деп таанууга жана аларды токтотууга (жокко чыгарууга) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган чектерде жана тартипте жол берилет. Мындай чектөө интеллектуалдык менчикти туура пайдаланууга зыян келтирбеген жана укук ээлеринин мыйзамдуу таламдарына шек келтирбеген шартта өзгөчө укуктарды чектөөгө жол берилет.

1041-статья. Өзгөчө укуктардын башка адамга өтүшү

1. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамдарда башкача каралбаса, интеллектуалдык менчиктин объектисине өзгөчө укугу бар адамга таандык мүлктүк укуктар укук ээси тарабынан келишим боюнча башка адамга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши, ошондой эле мураска берилиши жана юридикалык жак - укук ээси кайра уюштурулганда укуктук жолун жолдоочулук тартибинде башка адамга өтүшү мүмкүн. 2.Мүлктүк укуктарды келишим боюнча өткөрүп берүү же болбосо алардын универсалдуу укуктук жолун жолдоочулук тартибинде башкага өтүшү автордук укукту же башка жеке мүлктүк эмес укуктарды өткөрүп берүүгө же чектөөгө алып келбейт. Келишим боюнча өткөрүлүп бериле турган өзгөчө укуктар келишимде аныкталууга тийиш. Анын өткөрүлүп берилишинин далили жок болгондуктан, келишимде ээликтен ажыратылуучу катары көрсөтүлбөгөн укуктар өткөрүлүп берилген эмес деп болжолдонот. Өзгөчө укукту башка адамга чектеген убакытка өткөрүп берүүнү караган келишимге лицензиялык келишим жөнүндө эрежелер колдонулат.

1042-статья. Лицензиялык келишим

1. Лицензиялык келишим боюнча интеллектуалдык иштин натыйжаларына же жеке каражаттарга өзгөчө укугу бар тарап (лицензия берүүчү) экинчи тарапка (лицензия

алуучуга) интеллектуалдык менчиктин тиешелүү объектисин пайдаланууга уруксат берет. Лицензиялык келишим акысыз болууга тийиш. 2. Лицензиялык келишимде лицензия алуучуга: лицензия берүүчүнүн интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун жана башка адамдарга лицензия берүү укугун (өзгөчөлөнбөгөн жөнөкөй лицензия) сактоо менен интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун; лицензия берүүчүнүн интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануунун лицензия берүүчүгө өткөрүлүп берилбей турган укугун сактоо менен, (өзгөчө лицензия), интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун; мыйзам жооп берген лицензиялардын башка түрлөрүн берүү каралышы мүмкүн. Эгерде лицензиялык келишимде башкача каралбаса, жөнөкөй лицензия (өзгөчө эмес) колдонулат. 3. Лицензия берүүчү тарабынан интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун башка адамга берүү жөнүндө келишим сублицензиялык келишим катары таанылат. Лицензия берүүчү лицензиялык келишимде каралган учурларда адамдар менен сублицензиялык келишим түзүүгө укуктуу. Эгерде лицензиялык келишимде башкача каралбаса, лицензиялоочунун алдында сублицензиялоочунун аракети үчүн лицензия берүүчү жоопкерчилик тартат.

1043-статья. Интеллектуалдык иштин натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим

1. Интеллектуалдык иштин натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим боюнча автор өзүнө келечекте чыгарма жаратуу, ойлоп табуу же интеллектуалдык иштин башка натыйжасын түзүү жөнүндө милдеттенме алышы мүмкүн жана анын жумуш берүүчүсү болуп эсептелбеген буюрмачыга бул натыйжаны пайдаланууга өзгөчө укукту бериши мүмкүн. Мындай келишимде интеллектуалдык иштин натыйжасын түзүүнүн мүнөзү, ошондой эле аны пайдалануунун максаты же болбосо ыкмалары аныкталууга тийиш. 2. Автор келечекте түзүүгө тийиш болгон интеллектуалдык иштин натыйжаларын пайдаланууга болгон өзгөчө укуктуу кимдир бирөөгө берүү жөнүндө авторду милдеттендирген келишим арзыбаган келишим болуп эсептелет. Келечекте белгилүү бир түрдөгү же болбосо белгилүү бир жактагы интеллектуалдык иштин натыйжаларын түзүүдө авторду чектеген интеллектуалдык иштин натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттары арзыбаган шарттар болуп эсептелет.

1044-статья. Өзгөчө укук жана менчик укугу

Интеллектуалдык иштин натыйжаларына же жеке каражаттарга өзгөчө укук мындай натыйжаны же каражатты билдирип турган материалдык объектиге менчик укугуна карабастан болот.

1045-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзгөчө укуктун колдонулуш мөөнөтү

1. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзгөчө укук ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган мөөнөттүн ичинде колдонулат. 2. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине карата мүлктүк эмес жеке укуктар мөөнөтсүз колдонулат. 3.Мыйзамда каралган учурларда интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзгөчө

укуктун колдонулушу аны белгилүү бир убакыттын ичинде пайдаланбоонун натыйжасында токтотулушу мүмкүн.

1046-статья. Иинтеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон өзгөчө укуктарды коргоонун ыкмалары

1. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон өзгөчө укуктарды коргоо ушул Кодекстин 11-статьясында каралган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Өзгөчө укуктарды коргоо ошондой эле: өзгөчө укуктарды бузууга жардам берген материалдык объектилери жана ушундай укук бузуунун натыйжасында түзүлгөн материалдык объектилерди алып коюу; жол берилген укук бузуу жөнүндө милдеттүү түрдө жарыялоо, ага бузулган укук кимге таандык экендиги жөнүндө маалыматтарды киргизүү; мыйзамда каралган башка ыкмалар аркылуу жүзөгө ашырылат. 2. Интеллектуалдык иштин натыйжаларын жана жеке каражаттарды түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим бузулганда, милдеттенмелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө жалпы эрежелер колдонулат.

54-Глава Автордук укук

1047-статья. Автордук укук тарабынан корголуучу чыгармалар (автордук укуктун объектилери)

1. Автордук укук арналышына жана татыктуулугуна, ошондой эле аларды билдирүү ыкмаларына карабастан чыгармачыл иштин натыйжасы болуп эсептелген илимий, адабият жана искусство чыгармаларына жайылтылат. 2. Чыгарма аны кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген оозеки, кат жүзүндө же башка объективдүү түрдө болууга тийиш. Кат жүзүндөгү же башкача ыкма менен материалдык алып жүрүүчү аркылуу (кол жазма, машинкага басылган, ноталык жазуу, техникалык каражаттар аркылуу жазуу, анын ичинде үн жазуу же көргөзмө жазуу, элестерди эки өлчөмдө же көлөмдүү - мейкиндик түрүндө көрсөтүү жана башкалар) берилген чыгармалар, алардын үчүнчү жактарга түшүнүктүү болгондугуна карабастан, объективдүү түргө ээ болгон деп эсептелет. Эгерде оозеки же материалдык алып жүрүүчүдө көрсөтүлбөгөн башка чыгарма үчүнчү жактарга түшүнүктүү болсо (калк алдында сүйлөө, калк алдында аткаруу жана башкалар) ал объективдүү түргө ээ болгон деп эсептелет. 3. Автордук укук элге белгилүү болгон, ошондой эле элге белгилүү болбогон чыгармаларга да жайылтылат. 4. Автордук укук идеяларга, концепцияларга, принциптерге, тутумдарга, сунуш кылынуучу чечимдерге, табигый болуп келген көрүнүштөрдү ачууга карата жайылтылбайт. 5. Автордук укуктун келип чыгышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка жол-жоболорду сактоо талап кылынбайт.

1048-статья. Автордук укуктун объектилеринин түрлөрү

Төмөндөгүлөр: адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул сыяктуу); драмалык жана сценалык чыгармалар;

тексти бар жана тексти жок музыкалык чыгармалар; музыкалык-драмалык чыгармалар; хореографиялык чыгармалар жана пантомималар; үнвизуалдык чыгармалар (кино, теле, жана көргөзмө фильмдер, слайд-фильмдери жана башка кино, теле жана көргөзмө чыгармалар); живопись, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү искусствонун башка чыгармалары; декоративдик-прикладдык сценалык искусствонун чыгармалары; архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-сейил бак искусствосунун чыгармалары; фото чыгармалар жана фото сүрөткө окшош ыкмалар менен алынган чыгармалар; географиялык, геологиялык жана башка карталар, географияга, топографияга жана башка илимдерге таандык кылынган пландар, эскиздер жана чыгармалар; ар кандай түрдөгү электрондук-эсептөө машиналары (ЭЭМ), анын ичинде прикладдык программалар жана операциялык системалар; ушул Кодекстин 1047-статьясында белгиленген талаптарга жооп берген башка чыгармалар автордук укуктун объектилерине таандык кылынат. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 39Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1049-статья. Чыгарманын бөлүтөрү же чыгармадан жаратылган, курамдык чыгармалар

1. Ушул Кодекстин 1047-статьясында белгиленген талаптарды канааттандырган чыгармалардын бөлүктөрү, алардын аталыштары жана чыгармадан жаратылган чыгармалар автордук укуктун объектилери болуп эсептелет. Чыгармадан жаратылган чыгармаларга: башка чыгармаларды кайра иштеп чыгуунун натыйжасында жаратылган чыгармалар (котормолор кайра иштеп чыгуу, анноттациялар, рефераттар, резюме, обзорлор, инсценировкалар, аранжировкалар жана илимдин, адабияттын жана искусствонун ушул сыяктуу башка чыгармалары); курамдуу чыгармаларга; чыгармачыл эмгектин натыйжаларынын материалдарын тандап алуу же жайгаштыруу аркылуу жаратылган жыйнактар (энциклопедиялар, антологиялар, маалыматтар базасы) жана чыгармалардын башка курамдары таандык кылынат. 2. Чыгармадан жаратылган жана курамдуу чыгармалар өздөрү негизделген жана аларга киргизилген чыгармалар автордук укуктун объектилери болгон же болбогондугуна карабастан , автордук укук тарабынан корголот.

1050-статья. Автордук укуктун объектилери болуп эсептелбеген чыгармалар жана ошол сыяктуу иштин натыйжалары

Төмөндөгүлөр: расмий документтер (мыйзамдар, токтомдор, чечимдер жана башкалар), ошондой эле алардын расмий котормолору; расмий символдор жана белгилер (желектер, гербдер, ордендер, акча белгилери жана башкалар); элдик чыгармачылыктын чыгармалары; кадыресе басма сөз маалыматынын мүнөзүнө ээ болгон күндөлүк жаңылыктар жөнүндө маалыматтар же күндөлүк окуялар жөнүндө билдирүүлөр; белгилүү бир нерсени өндүрүү үчүн арналган техникалык каражаттын жардамы менен, адам тарабынан чыгармачыл ишти жүзөгө ашырбастан алынган натыйжалар автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт.

1051-статья. Расмий документтердин, символдордун жана белгилердин долбоорлоруна укуктуулук

1. Расмий документтин, символдун же белгинин долбооруна автордук укук долбоорду түзгөн (иштеп чыккан) адамга таандык болот. Эгерде буга долбоор тапшырмасы боюнча иштелип жаткан орган тарабынан тыюу салынбаса, расмий документтердин, символордун жана белгилердин долбоорлорун иштеп чыгуучулар мындай долбоорлорду жарыялоого укуктуу. 2. Эгерде долбоор компотенттүү орган тарабынан жарыяланса жана тиешелүү органга жөнөтүлсө, долбоор бул орган тарабынан аны иштеп чыгуучунун макулдугусуз эле расмий документти даярдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Расмий документтерди, символдорду жана белгилерди даярдоодо долбоордун негизинде ага расмий документти, символду же белгини даярдоону жүзөгө ашыруучу органдын кароосу боюнча толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Долбоор компетенттүү орган тарабынан жактырылгандан кийин ал иштеп чыгуучунун ысымын көрсөтпөстөн пайдаланылышы мүмкүн.

1052-статья. Чыгарманын автору. Автордуктун презумпциясы

1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан граждан чыгарманын автору деп таанылат. Эгерде башкача далилденбесе, чыгарма биринчи жарыяланганда анын автору катары белгиленген адам анын автору деп эсептелет. 2. Чыгарма автору аталбастан же тергеме ат менен жарыяланганда (автордун тергеме аты анын инсандыгынан шектенүүнү пайда кылбагандан башка учурларда), башкалардын далилдери жок болгон учурда чыгармада ысымы же аталышы көрсөтүлгөн бастырып чыгаруучу автордун өкүлү катары эсептелет жана автордук укукту коргоого жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу болот. Бул жобо мындай чыгарманын автору өзүнүн инсандыгын ачыкка чыгарып жана өзүнүн автор экиндигин билдирмейинче колдонулат.

1053-статья. Авторлоштук

1. Эки же андан ашык автордун чыгармачыл эмгеги менен түзүлгөн чыгармага автордук укук мындай чыгарма бир бүтүн чыгарманы түзгөндүгүнө же ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн тургандыгына карабастан авторлошторго бирдей таандык болот. Эгерде чыгарманын бир бөлүгү бул чыгарманын башка бөлүктөрнө карабастан пайдаланылышы мүмкүн болсо, ал өз алдынча мааниге ээ деп таанылат. 2. Эгерде алардын ортосундага макулдашууда башкача каралбаса, авторлоштордун ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон чыгарманын өзү түзгөн бөлүгүн өзүнүн кароосу боюнча пайдаланууга укуктуу. Авторлоштордун ортосундагы мамилелер, эреже катары, макулдашуунун негизинде аныкталат.Мындай макулдашуу жок болгон учурда чыгармага автордук укук бардык авторлор тарабынан чогуу жүзөгө ашырылат, ал эми акчасы алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

1054-статья. Чыгармалардан жаратылган жана курамдуу чыгармалардын авторлору

1.Материалдарды тандоо же жайгаштыруу боюнча чыгармачыл эмгектин натыйжасын билдирген башка чыгармаларды кайра иштеп чыккан адамдар, котормочулар,

жыйнактарды жана чыгармалардын башка курамдык бөлүктөрүн түзүүчүлөр тиешелүү түрдө чыгармалардан жаратылган жана курамдуу чыгармалардын автору деп таанылат. Чыгармадан жаратылган чыгарманын автору кайра иштетилген, которулган же курамдык чыгармага киргизилген чыгарманын авторунун укуктарын сактаган шартта, мындай чыгармага автордук укукка ээ болот. 2. Чыгармадан чыгарма жаратуучулардын автордук укугу башка адамдардын мурда пайдаланылган чыгармалардын негизинде чыгармадан чыгарма жаратуусуна тоскоолдук кылбайт.

1055-статья. Чыгармаларды түзүүнү уюштурган адамдардын укуктары

1. Чыгармаларды түзүүнү уюштурган адамдар (энциклопедияларды басып чыгаруучулар, фильмдерди даярдоочулар, продюсерлер жана башкалар) тиешелүү чыгарманын автору деп таанылбайт. Бирок ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда, мындай адамдар бул чыгармаларды пайдаланууга өзгөчө укукка ээ болот. 2. Энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана улантылган жыйнактарын, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды бастырып чыгаруучуларга мындай басылмаларды пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат. Басып чыгаруучу мындай басылманы ар кандай пайдаланууда өзүнүн аталышын көрсөтүүгө же болбосо ушундай кылып көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. 3. Эгерде чыгарманы түзүү келишиминде башкача каралбаса, мындай басылмаларга киргизилген чыгармалардын авторлору жалпы басылганына карабастан өз чыгармаларын пайдалануунун өзгөчө укугун сактап калышат. 4. Эгерде келишимде башкача каралбаса, үнвизуалдук чыгарманы, анын ичинде фильмди жаратууга келишим түзүү бул чыгарманын авторлорунун аны даярдоочуга чыгарманы көбөйтүүгө, жайылтууга, калк алдында аткарууга, жалпыга билдирүү үчүн зым аркылуу берүүгө, эфирге берүүгө же калк алдында ар кандай түрдө пайдаланууга, фильмдин текстин субтитрлештирүүгө жана аны коштоого болгон өзгөчө укугун өткөрүп берүүгө алып келбейт. Аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу бул чыгарманы ар кандай пайдаланууда өзүнүн ысымын же аталышын көрсөтүүгө же болбосо ушундай кылып көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, аудиовизуалдык чыгарма калкка көрсөтүлгөндө музыкалык чыгарманын (тексти бар же тексти жок) автору өзүнүн музыкалык чыгармасынын калк алдында аткарылышы үчүн акчалай сыйлык алуу укугун сактап калат. Автордун жана мүлктүк укуктардын башка ээлеринин макулдугусуз фильмдин акыркы вариантын (жазылып алынган түп нускасын, негативин) жок кылууга тыюу салынат.

1056-статья. Автордук укукту сактоо белгилери

1. Автордук өзгөчө укуктун ээси өзүнүн укуктары жөнүндө билдирүү үчүн автордук укукту коргоо белгисин пайдалана алат, ал чыгарманын ар бир нускасына жайгаштырылат жана үч элементтен турат, анда; тегеректелген “С” латын тамгасы; автордук өзгөчө укуктун ээсинин ысымы (аталышы); чыгарманын алгачкы жарыяланган жылы көрсөтүлөт. 2. Эгерде башкача экендиги далилденбесе, автордук укукту коргоо белгисинде көрсөтүлгөн адам анын укуктук ээси деп эсептелет.

1057-статья. Автордун мүлктүк эмес жеке укуктары

1. Чыгарманын атворуна: автордук укук; ысымга болгон укук; элге белгилүү кылуу укугу, анын ичинде кайра алуу укугу; чыгарманын кол тийгистик укугу сыяктуу мүлктүк эмес жеке укуктар таандык кылынат. 2. Автордун мүлктүк эмес жеке укуктарын жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө кимдир-бирөө менен макулдашуусу жана бул жөнүндө автордун билдирүүсү арзыбаган билдирүү болуп саналат.

1058-статья. Автордук укук

Өздөрү тарабынан түзүлгөн чыгармага автордук укук таандык болгон автордун (авторлоштордун) ушул эле чыгармасына башка адамдарды автор катары таанууну жокко чыгарат.

1059-статья.Ысымга болгон укук

Авторго чыгарманы өзүнүн ысымында, тергеме ат менен же авторун атабай пайдаланууга же пайдаланууга уруксат берүүнүн өзгөчө укугу (ысымга болгон укук) таандык кылынат.

1060-статья. Чыгарманын кол тийгистик укугу

1. Авторго өзүнүн чыгармасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана ага автордун макулдугусуз өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн чыгарманы коргоонун (чыгарманын кол тийгистик укугу) өзгөчө укугу таандык кылынат. Чыгарманы бастырып чыгарууда, калк алдында аткарууда же башкача пайдаланууда чыгарманын өзүнө, ошондой эле анын аталышына жана автор белгилеген атка кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө автордун макулудугу менен гана жол берилет. Автордун макулдугусуз анын чыгармасын бастырып чыгарууда аны иллустрациялар, кириш сөздөр, соңку сөздөр, комментариялар же кандайдыр-бир коштомо материалдар менен толуктоого автордун макулдугусуз тыюу салынат. 2. Автор өлгөндөн кийин чыгарманын кол тийгистиги керээзде көрсөтүлгөн адам тарабынан, ал эми мындай көрсөтмөлөр жок болгондо автордун мураскорлору, ошондой эле мыйзамга ылайык автордук укуктарды коргоо жүктөлгөн адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

1061-статья. Чыгарманы элге белгилүү кылуу укугу

1. Авторго чыгармага адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө мүмкүнчүлүк берүү укугу (аны элге белгилүү кылуу укугу) таандык кылынат. 2. Автор тарабынан же анын макулдугу менен чыгарманы бастырып чыгаруу, калк алдында аткаруу, калк алдында көрсөтүү же аны башка жол менен жарыкка чыгаруу аркылуу адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө алгачкы жолу алынып чыккандан кийин чыгарма элге белгилүү болду деп эсептелет. Автор чыгарманы пайдаланууга укук алган адамдардын мындай чечимден улам тарткан зыяндарынын, анын ичинде алынбай калган пайдасынын ордун толтурган шартта чыгармасын элге белгилүү кылуу жөнүндө мурда кабыл алынган чечиминен (кайра алуу укугу) баш тартууга укуктуу. Эгерде чыгарма элге белгилүү болсо, автор аны кайра алуу жөнүндө ачык жарыялоого милдеттүү.Мында ал чыгарманын мурда

даярдалган нускаларын өзүнүн эсебинен жүгүртүүдөн алып салууга укуктуу. Эгерде автор менен келишимде башкача каралбаса, бул жобо кызматтык чыгармаларга да колдонулат.

1062-статья. Автордун чыгарманы пайдалануу укугу

1. Авторго чыгарманы ар кандай түрдө жана ар кандай ыкмада пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат. 2. Чыгарманы кеңири чыгаруу жана жайылтуу жана аны башка ыкмалар менен сатып өткөрүү чыгарманы пайдалануу деп эсептелет, аларга атап айтканда: чыгарманы калк алдында көрсөтүү (көргөзмөгө коюу, көрсөтүү); чыгарманын материалдык алып жүрүүчүсү болгон нусканы прокатка берүү; чыгарманы калк алдында аткаруу; чыгарманы эфирге чыгаруу (радио же телекөрсөтүү аркылуу берүү), анын ичинде зым же спутник байланышы аркылуу берүү; чыгарманы техникалык жазып алуу; чыгарманын техникалык жазылышын кайталап берүү, анын ичинде радио же телекөрсөтүү аркылуу берүү; чыгарманы андан ары пайдалануу үчүн аларды которуу же кайра иштеп чыгуу; шаар куруу, архитектуралык, жана дизайнердик долбоорду практикалык ишке ашыруу таандык кылынат. Чыгармага экинчи жолу объективдүү түрдү, ал түп нускасында кандай түрдө болсо ошондой түрдү берүү (чыгарманы басып чыгаруу үн же көргөзмө жазууларды жана башкаларды нускалоо) кайталап берүү болуп эсептелет. Чыгарманы сатуу, алмаштыруу, прокатка берүү же анын нускалары менен башка операцияларды жүргүзүү, чыгарманы жайылтуу болуп эсептелет. 3. Эгерде чыгарманын нускалары укукка ылайык ээликтен ажыратылса, мыйзамда каралгандан башка учурларда, анда аларды андан ары жайылтууга автордун макулдугусуз жана ага акчалай акы төлөбөстөн жол берилет. 4. Чыгарма киреше (пайда) алуу максатында пайдалангандыгына же болбосо аны пайдалануу буга багытталбагандыгына карабастан пайдаланылды деп эсептелет. 5. Чыгарманын (ойлоп табуулардын башка техникалык, экономикалык, уюштуруу жана ушул сыяктуу чечимдердин) жоболорун иш жүзүндө колдонуу автордук укук жагынан алганда чыгарманы пайдалануу деп эсептелбейт.

1063-статья. Чыгарманы пайдалануу укугун тескөө

1. Автор же укук ээси келишим боюнча анын ичинде калк алдында соода кылууда түзүлгөн келишим боюнча чыгарманы пайдалануунун бардык укуктарын башка адамга өткөрүп бериши (пайдалануу укугун ээликтен ажыратуу) мүмкүн. 2. Чыгарманы пайдалануу укугу униварсалдуу укуктук жолун жолдоочулук тартибинде өтөт. 3. Укук ээси башка адамга чыгарманы белгилүү бир чектерде пайдаланууга уруксат (лицензия) бериши мүмкүн. Уруксат чыгарманы алгачкы түрүндө, ошондой эле кайра иштетилген түрүндө, атап айтканда өткөрүү, аранжировка жана башкалар түрүндө пайдалануу үчүн талап кылынат. 4. Чыгарманы пайдалануунун ар бир ыкмасына укук ээсинин атайын уруксаты талап кылынат.

1064-статья. Автордун укуктарды чектөө

Автордун жана башка адамдардын чыгарманы пайдаланууга болгон өзгөчө укуктарын чектөөгө ушул Кодекстин 1165-1168-статьяларында жана башка мыйзамдарда каралган учурларда гана жол берилет. Аталган чектөөлөр алар чыгарманы ойдогудай пайдаланууга ыксыз зыян келтирбеген жана автордун мыйзамдуу таламдарына негизсиз зыян келтирбеген шарттарда колдонулат.

1065-статья. Башка чыгарманы жеке максаттарда кайра чыгаруу

1. Эгерде мында чыгарманы ойдогудай пайдаланууга зыян жана автордун мыйзамдуу таламдарына шек келтирилбесе, басылып чыккан башка чыгарманы автордун макулдугусуз жана авторго акчалай акы төлөбөстөн пайдаланууга жол берилет. 2. Ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери төмөндөгү мамилелер боюнча: имараттар жана ошого окшош курулуштар түрүндөгү архитектура чыгармаларын пайдалануу; маалыматтар базасын же алардын олуттуу бөлүктөрүн пайдалануу; мыйзамдардан каралгандан башка учурларда, ЭЭМ үчүн программаларды пайдалануу; китептерди (жалпысынан) жана нота тексттерин репродукциялоо боюнча мамилелерге карата колдонулбайт. 3. Ушул статьянын 1-пунктуна карама-каршы келген түрдө мыйзамда аудиовизуалдык чыгарманын же фонограммада чагылдырылган чыгарманын жеке максатта пайдаланган учурда тиешелүү жазуунун автору, аткаруучусу жана аны чыгарган адам тиешелүү акчалай сыйлык алууга укуктуу болот. Кайра пайдалануу үчүн акчалай сыйлык кайра пайдалануу үчүн керектелүүчү жабдууларды (үн аппаратураларды, көрсөтмө магнитофондорду жана башкаларды) жана материалдык алып жүрүүчүлөрдү (үн жана (же) көргөзмө тасмалар, кассеталар, лазер дискалары, компакт-дискеттер жана башкаларды) өндүрүүчүлөр же импортоочулар тарабынан чегерүүлөр (проценттер) түрүндө төлөнөт.

1066-статья. Чыгармаларды калк алдында эркин аткаруу

Укукка ылайык жарыяланган музыкалык чыгармаларды расмий, диний жана өлүк көмүү каада-салттарынын убагында мындай каада-салттардын мүнөзүнө жооп берген көлөмдө автордун макулдугусуз жана автордук акчалай сыйлык төлөбөстөн калк аткарууга жол берилет.

1067-статья. Чыгармаларды соттук максаттар үчүн эркин аткаруу

Чыгармаларды соттук жана административдик өндүрүштүн максаттары үчүн пайдалануунун максатына ылайык келген көлөмдө автордун макулдугусуз жана автордук акчалай сыйлык төлөбөстөн кайталоого жол берилет.

1068-статья. Кызматтык чыгармага болгон укук

1. Кызматтык тапшырманы аткаруу тартибинде түзүлгөн чыгармага (кызматтык чыгарма) мүлктүк эмес жеке укук чыгарманын авторуна таандык кылынат. 2. Эгерде аны менен автордун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, кызматтык чыгарманы тапшырманын максатында шартталган ыкма менен жана андан келип чыгуучу чектерде пайдалануу укугу ал чыгарма тапшырмасы менен түзүлгөн жана автор эмгектик мамилелерде турган адамга (жумуш берүүчүгө) таандык болот. Жумуш берүүчүнүн автор менен түзгөн келишиминде кызматтык чыгарманын пайдаланылышы үчүн авторго акчалай сыйлык төлөө каралышы жана аны

пайдалануунун башка шарттары камтылышы мүмкүн. 3. Чыгарма берилген учурдан тартып он жыл аяктагандан кийин, ал эми жумуш берүүчүнүн макулдугу менен жана андан мурда автор чыгарманы пайдаланууга жана жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимге карабастан автордук акчалай сыйлык алууга толук көлөмдө укуктуу болот. 4. Автордун кызматтык чыгарманы тапшырманын максатында шартталбаган ыкма менен пайдалануу укугу чектелбейт.

1069-статья. Автордук укуктун Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында элге белгилүү болгон же элге белгилүү болбогон бирок түп нускасы кандайдыр-бир объективдүү түрдө анын аймагында болгон чыгармага автордук укук Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат. Мындай учурда автордук укук анын авторуна жана анын мураскорлоруна, ошондой эле граждандыгына карабастан атвордун башка укуктук жолдун жолдоочуларына таандык экендиги таанылат. 2. Автордук укук ошондой эле чыгармалары элге белгилүү болгон же кандайдыр-бир объективдүү түрдө чет мамлекеттин аймагында болгон, Кыргыз Республикасынын граждандарынын, ошондой эле алардын мураскорлорунун жана укуктук жолун жолдоочулардын автордук укугу да таанылат. 3. Авторго эл аралык келишимдерге ылайык укуктук жактан коргоо берилгенде чыгарманын чет мамлекеттин аймагында элге белгилүү болушунун фактысы тиешелүү эл аралык келишимдин жоболоруна ылайык аныкталат. Чыгарманын Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо максатында чыгарманын автору катары таанылган адам чыгарма кайсыл мамлекеттин аймагында биринчи жолу корголо баштаса, ошол мамлекеттин мыйзамдары боюнча аныкталат.

1070-статья. Автордук укуктун колдонула башташы

1. Чыгармага болгон автордук укук чыгармага анын үчүнчү жактар кабыл алуу үчүн мүмкүн болгон түргө келген учурдан тартып, анын элге белгилүү болушуна карабастан колдонула баштайт. Оозеки чыгармаларга автордук укук ал үчүнчү жактарга угузулгандан тартып колдонулат. 2. Эгерде чыгарма ушул Кодекстин 1109-статьясынын колдонулушуна туура келбесе мындай чыгармага автордук укук ал чыгарма Кыргыз Республикасында элге белгилүү болгон учурдан тартып корголот.

1071-статья. Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү

1. Автордук укук анын бүткүл өмүрүнүн ичинде жана автор өлгөндөн кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептегенде дагы 50 жыл бою күчүндө болот. 2. Авторлоштук менен түзүлгөн чыгармага автордук укук авторлоштордун бүткүл өмүрүнүн ичинде жана башка авторлоштордон көп жашаган акыркы автор өлгөндөн кийин 50 жыл бою күчүндө болот. 3. Тергеме ат менен же автору аталбастан биринчи жолу жарык көргөн чыгармаларга автордук укук чыгарма жарык көргөн жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып элүү жыл бою күчүндө болот. Эгерде аталган убакыттын ичинде аты белгисиз автор же тергеме ат билинсе, анда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр колдонулат. 4. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде автордук укук автордун мураскорлоруна таандык болот жана мурастоо боюнча өтүп турат. Ушул эле

мезгилдин ичинде атвордук укук бул укукту автор менен келишим боюнча алган укуктук жолун жолдоочуларга, анын мураскорлоруна жана андан кийинки укуктук жолун жолдоочуларга таандык болот. 5. Автор өлгөндөн кийин элүү жылдын ичинде алгачкы жолу жарык көргөн чыгармага автордук укук чыгарма жарык көргөн жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептегенде элүү жыл бою күчүндө болот. 6. Автордук, автордун ысымы жана чыгарманын кол тийгистиги мөөнөтсүз корголот.

1072-статья. Чыгарманын коомдук энчиге өтүшү

1. Чыгармага автордук укуктун күчүнүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин ал коомдук энчи болуп калат. Кыргыз Республикасынын аймагында эч качан корголбогон чыгарма коомдук энчи деп эсептелет. 2. Коомдук энчи деп эсептелген чыгармалар ар кандай адам тарабынан автордук акчалай сыйлык төлөбөстөн эркин пайдаланылат.Мында автордук укук, ысымга болгон укук жана чыгарманын кол тийгистик укугу сакталууга тийиш.

1073-статья. Автордук келишим

1. Автор же анын мураскору автордук келишим түзүү аркылуу, өзүнүн чыгармасын пайдалануу укугун башка адамга өткөрүп бере алат, автордук келишим акысыз түзүлөт. 2. Автордук келишим даяр чыгармага же автор түзүүгө милдеттенген чыгармага карата (буюрма келишим) түзүлүшү мүмкүн, автор же анын мураскорлору тарабынан чыгарманы тигил же бул чектерде пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө түзүлгөн келишим (автордук лицензиялык келишим) да автордук келишим болуп эсептелет.

1074-статья. Автордук келишимдин шарттары

1. Автордук келишимге: чыгарманы пайдалануунун ыкмалары (аталган келишим боюнча өткөрүлүп берилүүчү айкын укуктар); укук өткөрүлүп берилген мөөнөт жана аймак; чыгарманы пайдалануунун ар бир ыкмасы үчүн акчалай сыйлыктын өлчөмү жана (же) анын өлчөмүн аныктоонун тартиби, төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү каралууга тийиш. Автордук келишимге чыгарманы пайдалануу укугу кандай мөөнөткө бериле тургандыгы жөнүндө шарттар жок болгондо, эгерде аны пайдалануучу келишим бузулганга чейин алты ай калганда бул тууралу кат жүзүндө билдирилсе, келишим автор тарабынан ал түзүлгөн күндөн тартып беш жыл аяктагандан кийин бузулушу мүмкүн. Автордук келишимде чыгарманы пайдалануу укугу колдонула турган аймактын чектери жөнүндө шартар жок болгондо, келишим боюнча өткөрүлүп берилүүчү укуктун күчү Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет. 2. Келишим түзүү учуруна карата белгисиз болгон чыгарманы пайдалануу укугу автордук келишимдин заты боло албайт. 3. Чыгарманы пайдалангандык үчүн акчалай сыйлыктын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча автордук келишимде аныкталат. Эгерде чыгарманы басып чыгаруу же башкача кайталоо жөнүндө автордук келишимде акчалай сыйлык белгилүү бир сумма түрүндө аныкталса, анда келишимде чыгарманын максималдуу нускасы белгиленүүгө тийиш. Акчалай сыйлыкты алуу укугунан автордун же анын мураскорлорунун баш тартышы

арзыбаган баш тартуу болуп эсептелет. 4. Автордук келишим боюнча өткөрүлүп берилген укуктар келишимдин ар кандай тарабы аркылуу башка адамдарга бул мындай келишимде тикелей каралган учурда гана берилиши мүмкүн.

1075-статья. Автордук келишимдин түрү

Мыйзамда каралгандан башка учурларда, автордук келишим кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

1076-статья. Автордук келишим боюнча жоопкерчилик

Автордук келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган тарап экинчи тарапка келтирилген зыяндын, анын ичинде алынбай калган пайданын ордун толтурууга милдеттүү.

1077-статья. Автордук лицензиялык келишимдин колдонулуш мөөнөтү

1. Автордук лицензиялык келишим анда каралган мөөнөттүн ичинде, бирок автордук укуктун күчүнүн мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө күчүндө болот. 2. Чыгарманын автору же анын мураскорлору автордук лицензиялык келишимге анын мөөнөтү жөнүндө шарттар киргизилгендигине карабастан, келишим түзүлгөн күндөн тартып он жыл өткөндөн кийин, келишимди бузууга чейин алты ай калганда өзүнүн контрагентине бул тууралу кат жүзүндө билдирүү менен, келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу.Мындай укук автордо же анын мурасчыларында ар бир он жылда пайда болот. 3. Келишимде укук ээсинин келишимди бузууга алып келе турган чыгарманы пайдалануунун мөөнөттөрүн каралышы мүмкүн.

1078-статья. Чыгарманы келишимсиз укукка жат пайдалануу үчүн жоопкерчилик

Чыгарма укук ээси менен келишимсиз пайдаланылганда, укук бузуучу укук ээсинин тарткан зыяндарынын, анын ичинде алынбай калган пайдасынын ордун толтурууга милдеттүү. Укук ээси укук бузуучудан зыяндын ордун толтруунун ордуна укук бузуунун натыйжасында алынган кирешелерди өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Чыгарманы автордук келишимде каралбаган ыкмалар менен пайдалануу, же мындай келишимдин күчү токтотулгандан кийин пайдалануу чыгарманы келишимсиз пайдалануу деп эсептелет.

1079-статья. Автордук мамилелерди укуктук жөнгө салуу

Автордук мамилелер ушул Кодекс жана башка мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат.

55-Глава Эриш-аркак укуктар

1080-статья. Эриш-аркак укуктардын объектиси

Эриш-аркак укуктар оюн коюларга, аткарууга, фонограммаларга, эфир жана зым аркылуу уктуруу уюмдарынын берүүлөрүнө жайылтылат.

1081-статья. Эриш-аркак укуктардын субъектилери

1. Аткаруу укугу аткаруучу артисттерге, коюуучу режиссерлорго, дирижерлорго таандык кылынат.Мындай аткарууну пайдалануу укугу мураскорлорго жана башка укуктук жолун жолдоочуларга өтүшү мүмкүн. 2. Аткарууну жазып алуу укугу мындай жазууну түзгөн адамга же анын укуктук жолун жолдоочуларга таандык кылынат. 3. Трансляциялоо укугу берүүнү түзгөн эфирге чыгаруу же зым аркылуу уктуруу уюмуна же анын укуктук жолун жолдоочуларына таандык кылынат.

1082-статья. Эриш-аркак укуктардын коргоо белгиси

Фонограмманы ишке ашыруучу жана аткаруучу өзүнүн укуктарын билдирүү үчүн эриш-аркак укуктарын коргоонун белгисин пайдаланылышы мүмкүн, ал белги фонограмманын ар бир нускасында жана (же) анын ар бир кутусунда жайгаштырылат жана төмөндөгүдөй үч элементен: тегеректелген “Р” латын тамагасынан; өзгөчө эриш-аркак укуктардын ээсинин ысымынан (аталышынан); жазуу алгачкы жарыяланган жылдан турат.

1083-статья. Аткаруучунун укугу

1. Аткаруучуга: аткаруу учурунда, аткаруунун же коюлган оюндун жазылган нускасында, трансляциялоодо же аткарууну же коюлган оюнду кайра берүүдө өзүнүн ысымын көрсөтүүгө; аткаруунун же коюлган оюндун бурмалоодон корголушуна; аткарууну же коюлган оюнду жүзөгө ашырууга же аны пайдаланууга уруксат берүүгө укуктуу. 2. Аткарууну же коюлган оюнду пайдалануу укугу: аткарууну эфир же зым боюнча трансляциялоого; аткарууну же коюлган оюнду техникалык каражаттардын жардамы менен жазууга; аткаруунун же коюлган оюндун жазылган нускасын трансляциялоого жана калк алдында кайра уктурууга; аткаруунун же коюлган оюндун жазылган нускаларын көбөйтүүгө жана жайылтууга уруксат берүү укугун камтыйт. 3. Аткаруучулар өз укуктарын аткарылган чыгармалардын авторлорунун укуктарын сактоо менен жүзөгө ашырышат. 4. Аткарууну коюлган оюнду пайдалануу укугун чектөө мыйзам тарабынан белгиленет. 5. Кызматтык милдетти аткаруу тартибинде жүзөгө ашырылган аткаруу укугуна (кызматтык аткаруу же оюн коюу) тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 1068-статьясынын жоболору колдонулат.

1084-статья. Фонограмманы жазып алган адамдын укуктары

1. Фонограмманы чыгарган адамга жана анын укуктук жолдун жолдоочусуна бул жазууга болгон өзгөчө укук таандык кылынат. Мындай фонограмманы башка адамдар тарабынан пайдаланууга, жазууну жазып алган адамдын же анын укуктук жолдун жолдоочусунун уруксаты менен гана жол берилет. Фонограмманы жазып алган адам же укуктук жолун жолдоочусу: фонограмманы калк алдында кайра уктурууга; фонограмманы кайра иштеп чыгууга же башкача кылууга; фонограмманы нускаларын жайылтууга (сатуу, прокатка берүү жана башкалар) анын ичинде аларды чет өлкөгө берүүнү;

фонограмманы нускаларын импорттоону жүзөгө ашырууга же ага уруксат берүүгө укуктуу. 3. Эгерде фонограмманын жазылып алынган нускасына менчик укугу аны жазып алуучуга таандык болбосо, фонограмманы пайдалануунун, анын ичинде коммерциялык прокатка берүүнүн өзгөчө укугу жазууну жазган адамга карата сакталат. 4. Аткарууну чыгарган адамдын укуктары мыйзам тарабынан чектелет. 5. Аткарууну жазуунун укук ээлери өз укуктарын чыгарманын авторлорунун жана аткаруучулардын укуктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

1085-статья. Эфирдик уктуруу уюмунун укугу

1. Эфирдик уктуруу уюмуна өз берүүлөрүн ар кандай түрдө пайдалануунун жана мындай берүүнүн үчүнчү жактардын пайдаланышына уруксат берүүнүн өзгөчө укугу таандык. Берүүнү үчүнчү жактар тарабынан пайдалануу келишим боюнча жүзөгө ашырылат. Укук ээси аны пайдалануунун ар-бир түрү үчүн акчалай сыйлык алууга укуктуу. 2. Эфирдик уктуруу уюмунун укуктарын чектөө мыйзам тарабынан белгиленет. 3. Эфирдик уктуруу уюму өз укуктарын чыгарманын авторлорунун жана аткаруучулардын укуктарын, ал эми тиешелүү учурларда фонограмманы жазып алган укук ээлеринин жана эфирдик уктуруунун башка уюмдарынын укуктарын эске алуу менен жүзөгө ашырат.

1086-статья. Зым аркылуу берүү уюмунун укуктары

Зым аркылуу уктуруу уюмунун укуктары эфирдик уктуруу уюмдары үчүн ушул Кодексте жана мыйзамда белгиленген укуктарга ылайык белгиленет.

1087-статья. Эриш-аркак укуктарды пайдалануу жөнүндө келишимди аткарбагандык же талапка ылайык аткарбагандык жана чыгарманы укукка жат түрдө келишимсиз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик

Эриш-аркак укуктарды пайдалануу жөнүндө келишимди аткарбаган же талапка ылайык аткарбаган же болбосо чыгарманы укукка жат түрдө келишимсиз пайдаланган адам келишимди аткарбагандык же талапка ылайык аткарбагандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө жалпы эрежелер боюнча, же болбосо зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликке ылайык жоопкерчилик тартат.

56-Глава Өнөр жайлык менчик укугу (ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө болгон укук)

1088-статья. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн укуктук коргоо

1. Ойлоп чыгарууга, пайдалуу моделге жана өнөр жай үлгүсүнө болгон укук патент берүү шартында сакталат; 2. Алууга укук пайда боло турган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө карата коюлуучу талаптар, аны патенттик бюро тарабынан берүүнүн тартиби Мыйзам тарабынан белгиленет. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 39Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1089-статья. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануу укугу

1. Патент ээсине патент аркылуу корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн өзүнүн кароосу боюнча пайдалануунун өзгөчө укугу, анын ичинде корголгон чечимдерди колдонуу менен продукция чыгаруу укугу, патент менен корголгон технологиялык процесстерди өз өндүрүшүндө колдонуу, корголгон чечимдерди камтыган продуктыларды сатуу же сатууга сунуш кылуу, тиешелүү продуктыларды импорттоо укугу таандык кылынат. Патент ээсинен башка адамдар ушул Кодекске же башка мыйзамдарга ылайык мындай пайдалануу патент ээсинин укуктарын бузуу болуп эсептелбеген башка учурларда, башка адамдар ойлоп табууну пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укуксуз. 2. Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн камтыган продуктуну санкциялабастан даярдоо, колдонуу, импорттоо, сатууга сунуш кылуу, сатуу, граждандык карым-катнашка башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле чарбалык карым-катнашка киргизүү же болбосо ушул максатта ойлоп табууга болгон патент тарабынан корголуучу ыкма менен түздөн-түз даярдалган продуктуну түздөн-түз сактоо иштегенде же пайдаланганда анын арналышына ылайык ушул ыкма өзүнөн өзү ишке аша турган түзүлүш патент ээсинин өзгөчө укугун бузуу деп таанылат. Башкача далилденбесе продукт патенттелген ыкма менен даярдалды деп эсептелет. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 39Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1090-статья. Патент укугун тескөө

Патент алуу укугун патент алуу укугуна берилген билдирмени каттоодон келип чыгуучу укуктарды жана патенттен келип чыгуучу укуктарды башка адамга толугу менен же жарым-жартылай берүүгө болот.

1091-статья. Автордук укук

1. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна автордук укук таандык кылынат жана ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө атайын аталыш ыйгаруу укугу берилет. Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө атвордук укук жана башка жеке укуктар патентке негизделген укуктар пайда болгон учурдан тартып келип чыгат. 2.Мыйзам тарабынан ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна атайын укуктар, жеңилдиктер жана социалдык мүнөздөгү артыкчылыктар бекемделиши мүмкүн. 3. Билдирмеде автор катары көрсөтүлгөн адам, башкача далилденгенге чейин автор болуп эсептелет. Укук келип чыкканга чейин орун алган фактылар жана жагдайлар гана далил катары келтирилиши мүмкүн.

1092-статья. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторлоштору

Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин өнөр жай үлгүсүнүн авторлошторунун өз ара мамилелери алардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди өнөр жай үлгүсүн түзүүгө чыгармачыл эмес көмөк көрсөтүү (техникалык, уюштуруучулук же математикалык жардам, укуктарды жол- жоболоштурууга жана башкаларга көмөк көрсөтүү) авторлоштукка алып келбейт.

1093-статья. Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү

1. Эгерде бул алардын ортосундагы келишимде каралса, жумушчулар тарабынан өздөрүнүн кызматык милдеттерин же жумуш берүүчүнүн айкын тапшырмасын аткаруу учурунда түзүлгөн ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө (кызматтык ойлоп табуу) патент алуу укугу жумуш берүүчүгө таандык кылынат. 2. Кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модел, өнөр жай үлгүсү үчүн авторго акчалай сыйлык төлөөнүн өлчөмү, шарттары жана тартиби аны менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу тарабынан аныкталат.Макулдашууга жетишилбеген учурда чечим сот тарабынан кабыл алынат. Эгерде кызматттык ойлоп табууну, пайдалануу моделди же өнөр жай үлгүсүн түзүүдөгү автордун жана жумуш берүүчүнүн салымын өлчөөгө мүмкүн болбосо, авторго жумуш берүүчү алган же алууга тийиш болгон пайданын жарымын алуу укугу таанылат. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 39Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1094-статья. Патентке болгон укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин түрү

Патентке болгон укукту (патентти) өткөрүп берүү жөнүндө келишим кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш жана ал патенттик ведомстводо катталууга тийиш. Кат жүзүндө жазууну же каттоодон өткөрүү талабын сактабоо келишимдин жараксыздыгына алып келет. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 39Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1095-статья. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга уруксаттын (лицензиянын) түрү

Лицензиялык келишим жана сублицензиялык келишим кат жүзүндө түзүлөт жана патенттик ведомстводо катталууга тийиш. Кат жүзүндө жазууну же каттоо жөнүнүдө талапты сактабоо келишимдин жараксыздыгына алып келет.

1096-статья. Коргоо документин бузгандык үчүн жоопкерчилик

Патенттин ээсинин талабы боюнча патентти бузуу токтотулууга тийиш, ал эми патентти бузуучу патент ээсинин тарткан зыяндарынын ордун толтурууга милдеттүү. Патенттин ээси тарткан зыяндарынын ордуна патентти бузуучудан ал алган кирешени өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 39Мыйзамынын редакциясына ылайык)

57-Глава Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна жана жаныбарлардын жаңы тукумдарына болгон укук

1097-статья. Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна жана жаныбарлардын жаңы тукумдарына болгон укуктарды коргоо

1. Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна жана жаныбарлардын жаңы тукумдарына (селекциялык жетишкендиктер) болгон укуктар патент берилген шартта корголот. 2. Патент алууга укук келип чыга турган талаптар жана селекциялык жетишкендикке патент берүүнүн тартиби мыйзам тарабынан белгиленет. 3. Эгерде ушул главанын эрежелеринде жана мыйзамда башкача каралбаса, селекциялык жетишкендиктерге болгон укуктарга жана бул укуктарды коргоого

байланыштуу мамилелерге карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 1090-1096- статьяларынын эрежелери колдонулат.

1098-статья. Селекциялык жетишкендиктин авторунун акчалай сыйлык алуу укугу

Патент ээси болуп саналбаган селекциялык жетишкендиктин автору патенттин аракетинин мөөнөтүнүн ичинде селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн патент ээсинен акчалай сыйлык алууга укуктуу. Селекциялык жетишкендиктин авторуна акчалай сыйлыкты төлөп берүүнүн өлчөмдөрү жана шарттары автор менен патент ээсинин ортосунда түзүлгөн келишим тарабынан аныкталат.

1099-статья. Патент ээсинин укугу

Селекциялык жетишкендиктин патент ээсине ал жетишкендикти мыйзам тарабынан белгиленген чендерде колдонуунун өзгөчө укугу таандык болот.

1100-статья. Патент ээсинин милдети

Селекциялык жетишкендиктин патентинин ээси өсүмдүктүн тиешелүү сортун же малдын тиешелүү тукумун патенттин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде аларды каттоодон өткөргөн учурда түзүлгөн сорттун жана тукумдун баяндамасында көрсөтүлгөн белгилери сакталгандай күтүүгө милдеттүү.

58-Глава Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан сактоо

1101-статья.Жабык маалыматты коргоо укугу

Эгерде ушул Кодекстин 34-статьясында белгиленген шарттар сакталса, үчүнчү жактарга белгисиз (жабык маалымат) техникалык, уюштуруучулук же коммерциялык маалыматка, анын ичинде өндүрүштүн жашыруун сырларына укуктун чегинде ээ болгон адам ал маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан коргоо укугуна ээ болот. Жабык маалыматты мыйзамдуу негиздерсиз пайдалануудан коргоо укугу ал маалыматка карата кандайдыр бир майда эрежелер (аны каттоодон өткөрүү, күбөлүк алуу ж.б.) аткарылгандыгына карабастан пайда болот. Жабык маалыматты коргоо жөнүндө эрежелер мыйзамга ылайык кызматтык же коммерциялык жашыруун сырды (юридикалык жактар, мүлккө болгон укуктар жана аны менен болгон бүтүмдөр жөнүндө мамлекеттик каттоого жаткан маалыматтар, мамлекеттик статистикалык отчеттуулук катары берилүүгө жаткан маалыматтар ж.б.) түзө албаган маалыматтарга колдонулбайт. Жабык маалыматты коргоо укугу ушул Кодекстин 34-статьясында каралган шарттар сакталып турганга чейин колдонулат.

1102-статья.Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик

1.Жабык маалыматты мыйзамсыз негизде алган же таркатып жиберген, же болбосо пайдаланган адам андай маалыматка укуктун ченеминде ээ болгон адамга аны мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Эгерде жабык маалыматты мыйзамсыз пайдаланган адам маалыматты аны таркатууга

укуксуз адамдан алса, ал жөнүндө алуучу билбесе жана билүүгө тийиш болбосо (ак ниет алуучу), жабык маалыматтын укук ченеминде ээси ак ниет алуучу аны пайдалануу мыйзамсыз экендигин билгенден кийин жабык маалыматты пайдалануудан келтирилген зыяндардын ордун толтурууну андан талап кылууга укуктуу. 2.Жабык маалыматка укук ченеминде ээ болгон адам аны мыйзамсыз пайдаланган адамдан аны ошол замат токтотууну талап кылууга укуктуу. Бирок сот ак ниет алуучу тарабынан аны пайдаланууга чыгымдалган каражаттарды эске алуу менен акы төлөнүүчү өзгөчө лицензия шарттарында аны андан ары пайдаланууга уруксат бериши мүмкүн. 3.Жабык маалыматтын мазмунун түзгөн маалыматтарды өз алдынча жана укук ченеминде алган адам ал маалыматты тиешелүү жабык маалыматтын ээсинин укуктарына көз карандысыз пайдаланууга укуктуу жана анын алдында мындай пайдалануу үчүн жооп бербейт.

1103-статья.Жабык маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан коргоо укугунун башкага өтүшү

Жабык маалыматка ээ болгон адам ал маалыматты түзгөн маалыматтардын баарын же бир бөлүгүн башка адамга лицензиялык келишим боюнча бере алат. Лицензия берүүчү келишим боюнча алынган маалыматтын жашыруундуулугун коргоого карата тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү жана аны үчүнчү жактар тарабынан мыйзамсыз пайдалануудан коргоого лицензия берүүчүдөй эле укукка ээ болот. Келишимде башкача каралбагандыктан улам, маалыматтын жашыруундуулугун сактоо милдети, эгерде тиешелүү маалыматтар жабык маалымат бойдон кала берсе, лицензиялык келишим токтотулгандан кийин да лицензия берүүчүгө тагылат.

59-Глава Граждандык карым-катнаштын катышуучуларын, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүүнүн каражаттары

1-§. Фирмалык аталыш

1104-статья. Фирмалык аталышка болгон укук

1. Фирмалык аталышы белгиленген тартипте катталган юридикалык жак өз ишине байланыштуу товарларда, алардын таңгактарында, рекламасында, көрнөгүндө, проспекттеринде, эсептеринде, басылмаларында, ырасмий бланктарында жана башка документтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде пайдалануунун өзгөчө укугуна ээ. 2.Юридикалык жактын фирмалык аталышын каттонун тартиби ченемдик укуктук актылар тарабынан аныкталат.

1105-статья.Юридикалык жактын фирмалык аталышын товардык белгиде пайдалануу

Юридикалык жактын фирмалык аталышы ага тиешелүү товардык белгиде пайдаланылышы мүмкүн.

1106-статья. Фирмалык аталышка болгон укуктун аракети

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасында мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өткөн фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук

колдонулат. 2. Чет мамлекетте каттоодон өткөн же жалпыга таанылган фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзам тарабынан каралган учурларда колдонулат. 3. Фирмалык аталышка болгон укуктун аракети юридикалык жакты жойгондон же анын фирмалык аталышын өзгөрткөндөн тартып, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда токтотулат. (КР 2000-жылдын 18-январындагы N 24Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1107-статья. Фирмалык аталышка болгон укукка ээ болуудан ажыратуу

Юридикалык жактын фирмалык аталышына болгон укукка ээ болуусунан ажыратууга жана укуктун башкаларга өтүшүнө юридикалык жакты кайра уюштурган жана бүтүндөйүнөн ишканага ээ болуудан ажыратылган учурларда гана жол берилет. Фирмалык аталышка болгон укуктун ээси башка адамга өз аталышын ушул Кодекстин 44-главасынын эрежелерине ылайык пайдаланууга уруксат бере алат. (КР 2000-жылдын 18-январындагы N 24Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-§. Товардык белги (тейлөө банкы)

1108-статья. Товардык белгини укуктук кароо

1. Товардык белгини (тейлөө белгисин) укуктук коргоо аны каттоодон өткөрүүнүн негизинде берилет. 2. Товардык белгиге болгон укук күбөлүк менен ырасталат.

1109-статья. Товардык белгини пайдалануу укугу

1. Товардык белгиге болгон укуктун ээси өзүнө тиешелүү белгини пайдалануунун жана тескөөнүн өзгөчө укугуна ээ болот. 2.Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте аны кандай гана болбосун жүгүртүүгө киргизүү товардык белгини пайдалануу болуп саналат.

1110-статья. Товардык белгини пайдалануунун кесепеттери

1. Ал каттоодон өткөрүлгөндөн кийин үч жылдын ичинде үзгүлтүксүз жүйөлүү себеби жок товардык белгини пайдаланбоо ишке тиешеси бар ар кандай адамдын талабы боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн. 2. Товардык белгини пайдаланууга лицензия берүү аны пайдалануу болуп саналат.

1111-статья. Товардык белги болгон укуктун башкага өтүшү

1. Күбөлүктө көрсөтүлгөн бардык класстагы товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, же болбосо алардын бир бөлүгүнө карата товардык белгиге болгон укук анын ээси тарабынан келишим боюнча башка адамга берилиши мүмкүн. Эгерде ал товарга же анын жасоочусуна карата жаңыланууга алып келүүнүн себеби болушу мүмкүн болсо, товардык белгиге болгон укукту башка бирөөгө берүүгө жол берилбейт. 2. Товардык белгиге болгон укукту башкага келишим боюнча же укукту мурастоо тартибинде берүү патенттик ведомстводо катталууга тийиш.

1112-статья. Товардык белгиге болгон укукту башкага берүү жөнүндө келишимдин түрү

Товардык белгиге болгон укукту башкага берүү жөнүндө же лицензия берүү жөнүндө келишим кат жүзүндө түзүлүүгө жана патенттик ведомстводо каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Кат жүзүндөгү түрдү жана каттоодон өткөрүү жөнүндө талапты сактабагандык келишимдин анык эместигине алып келет.

1113-статья. Товардык белгиге болгон укукту бузгандык үчүн жоопкерчилик

Товардык белгини укук ченеминде колдонбогон адам эреже бузууну токтотууга жана товардык белгинин ээсине келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү. Товардык белгини мыйзам ченеминде колдонбогон адам товардык белгинин даярдап алган сүрөттөлүштөрүн жок кылууга, товардан же анын таңгагынан мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгини же аны менен алмаштырып алууга чейинки даражада окшош белгини алып салууга милдеттүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткаруу мүмкүн болбогондо тиешелүү товар жок кылынууга жатат.

3-§. Товар келип чыккан жердин аталышы

1114-статья. Товар келип чыккан жердин аталышын укуктук коргоо

1. Товар келип чыккан жердин аталышын укуктук коргоо аны каттоодон өткөрүүнүн негизинде берилет. 2. Товар келип чыккан жердин (келип чыгышынын көрсөтүлүшү) аталышы деп товарды белгилөө үчүн пайдаланылуучу өлкөнүн, калктуу пункттун, жердин же башка географиялык объекттин аталышы таанылып, анын өзгөчө касиеттери, жаратылыш шарттары же башка факторлор, же болбосо жаратылыш шарттарынын жана ал факторлордун айкалышы мүнөздүүлүгү ал географиялык объект үчүн өзгөчө же негизинен аныкталат. Товардын келип чыккан жеринин аталышы географиялык объекттин тарыхый аталышы болушу мүмкүн. 3. Географиялык объекттин аталышы болгон же аны камтыган, бирок Кыргыз Республикасында белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө катары жалпы колдонууга өтүп кеткен, анын жасоо ордуна байланышпаган товардын келип чыккан жеринин аталышы ушул параграфтын эержелерине ылайык анын укуктук корголуш максаты үчүн таанылбайт жана каттоодон өткөрүлүүгө жатпайт. Бирок мунун өзү мындай аталышты кара ниеттик менен пайдалануудан укугу бузулган адамды мыйзамда каралган башка ыкмалар менен коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. 4. Товардын келип чыккан жеринин аталышын каттодон өткөрүү патенттик ведомстолор тарабынан жүзөгө ашырылат. 5. Каттоодон өткөрүүнүн негизинде товардын келип чыккан жеринин аталышын пайдалануу жөнүндө күбөлүк берилет. 6. Каттоодон өткөрүүнүн, күбөлүк берүүнүн каттоонун жана күбөлүктөрдүн аракетин анык эмес деп табуунун жана аларды токтотуунун тартиби жана шарттары мыйзам тарабынан аныкталат.

1115-статья. Товардын келип чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугу

1. Товардын келип чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон адам ал товардын граждандык жүгүртүүгө киргизилишине байланыштуу ал аталышты товарда,

таңгакта, рекламада, проспекттерде, эсептерде жайгаштырууга жана аны башкача пайдаланууга укуктуу. 2. Товардын келип чыккан жеринин аталышы ушул Кодекстин 1114-статьясынын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген товарларды белгилөө үчүн бир канча адамдар тарабынан биргелешип, бири-бирине көз карандысыз да каттоодон өткөрүлүшү мүмкүн. 3. Товардын келип чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна ээ болуудан ажыратууга, укукка жол берүү жөнүндө бүтүмдөргө жана аларды лицензиянын негизинде пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.

1116-статья. Товардын келип чыккан жеринин аталышын укуктук коргоонун аракетинин чөйрөсү

1. Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын аймагында болгон товардын келип чыккан жеринин аталышын укуктук коргоо берилет. 2. Эгерде товар келип чыккан өлкөдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын патенттик ведомствосунда ал аталыш ушул Кодекске ылайык каттоодон өткөрүлсө, башка мамлекетте болгон товардын келип чыккан жеринин аталышын укуктук коргоо Кыргыз Республикасында берилет.

1117-статья. Товардын келип чыккан ордунун аталышын укук ченеминде пайдаланбагандык үчүн жоопкерчилик

1. Товардын келип чыккан ордунун аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон адам, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдар ал аталышты мыйзамсыз пайдалангандардан аны пайдаланууну токтотууну, товардан, анын таңгагынан, бланктарынан жана ага окшогон документтерден мыйзамсыз пайдаланылып жаткан аталышты же алмаштырып алганга чейинки даражада окшош белгини алып салууну, ал эми мындай кылуу мүмкүн болбосо - товарды жана (же) таңгакты алып коюуну жана жок кылууну талап кылууга укуктуу. 2. Товардын келип чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон адам ал укукту бузуучудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.