Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG182

Atrás

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин камтыган продукцияларды кабыл алуунун, сактоонун, экспертиза жүргүзүүнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби жөнүндө” нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2013-жылдын 3-майы №3 чечими менен жактырылган, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 25-июну № 111 буйругу менен бекитилген)

·        

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Илимий-техникалык кеңешинин чечими менен Жактырылган 2013-жылдын 3-майы №3

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын буйругу менен бекитилген 2013-жылдын 25-июну, № 111

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин камтыган продукцияларды кабыл алуунун, сактоонун, экспертиза жүргүзүүнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби жөнүндө” нускама

I. Жалпы жоболор

1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин – аудиовизуалдык чыгармаларды, фонограммаларды, ЭЭМ үчүн программаларды жана маалымат базаларын (мындан ары – продукция) камтыган продукцияларды кабыл алуу, сактоо, экспертиза жүргүзүү жана кайтарып берүү тартибин белгилейт.

2. Бул Нускамага киргизилген эрежелер автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин камтыган продукцияларга жана изилдөөгө, экспертизалоого (алып салуу жана башка тергөө аракеттеринин протоколдору, фотосүрөткө тартып алуулар ж.б. (мындан ары - материалдар), изилденип жаткан объектиге жана предметке тиешелүү маалыматтарды камтыган же салыштырма изилдөө үчүн үлгү катары кылмыш, административдик жана жарандык иштер боюнча келип түшкөн документтерге, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан изилдөөгө берилген коштомо документтерге (лицензиялык келишимдер, сублицензиялар, коштомо кагаздар, кайра ыйгарып берүү келишими ж.б.) жайылтылат.

3. Ушун нускама менен белгиленген эреже Кыргызпатенттин кызматкерлерине, ишмердүүлүгү продукцияга изилдөө жана экспертизалоо маселелери менен байланыштарга, экспертиза жүргүзүүнү белгилеген жактарга милдеттүү.

4. Бул Нускаманын максаты үчүн төмөндө келтирилген терминдер төмөндөгүдөй мааниге ээ:

Аудиовизуалдык чыгармалар – тиешелүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен көрүп жана угуп (үн менен коштолгон учурда) кабыл алууга арналган (коштоосуз же үндүн коштоосусуз) кадрлардын өз ара байланышта жазып алынган серияларынан турган чыгарма; аудиовизуалдык чыгармалар кинематографиялык чыгармаларды жана алардын алгачкы же кийинки жазылган ыкмасына карабастан, кинематографиялыкка окшош каражаттар менен берилген (теле- жана видеофильмдер, диафильмдер жана слайдфильмдер жана ушуга окшогон чыгармалар) чыгармалардын бардыгын камтыйт.

Фонограмма – кайсы болбосун материалдык алып жүрүүчүдө кайра коюуга жана өздөштүрүүгө мүмкүн болгон аткаруунун же башка добуштун жалаң үндүк жазуусу;

ЭЭМ үчүн программа – сөз, арип, код, символ, белги менен, же кандайдыр бир башка формада берилген, белгиленген максаттарга же жыйынтыктарга жетүү үчүн ЭЭМ жана башка компьютердик түзүлүштөрдө иштөөгө арналган нускамалардын жана эрежелердин жыйынтыгы;

маалыматтар базасы – маалыматтардын (макалардын, эсептердин жана башкалардын) жыйындысын уюштуруунун жана көрсөтүүнүн объективдүү формасы, демек, бул маалыматтар электрондук эсептөө машинасынын (ЭЭМдин) жардамы менен табууга жана иштеп чыгууга мүмкүн болгудай системалаштырылган; 

II. Продукцияларды кабыл алуунун жана каттоонун тартиби

5. Кыргызпатентке изилдөө жана экспертизалоо үчүн жөнөтүлгөн продукциялар жана материалдар коштомо кат, аныктама же токтом боюнча экспертиза жүргүзүүнү белгилеген жак тарабынан түздөн түз Кыргызпатенттин иш кагаздарын жүргүзүү кызматына берилет.

Кыргызпатенттин жетекчилиги карагандан кийин материалдар иш кагаздарын жүргүзүү кызматы Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальнигине берет (мындан ары – начальник), анан алар изилдөө секторуна берилет.

6. Ташылбаган объектилерди изилдөөгө жана экспертизалоого берүү экспертиза жүргүзүүнү белгилеген жак (орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.

7. Продукция жана материалдар, алар коштомо катта, аныктамада, же токтомдо материалдардын жана продукциялардын толук комплектин камтыган учурда гана кабыл алынат.

Продукцияларды жана материалдарды кабыл алууда:

- материалдардын жана продукциялардын жалпы санын эсептөө жүргүзүлөт;

- берилген документтердин коштомо катта, аныктамада же токтомдо келтирилген алардын тизмеси менен дал келишин текшерүү жүзөгө ашырылат;

- “Келип түшкөн жана берилген продукциялар журналына” жазуу киргизилет;

- “Арыз берген күнү” жана “Кирүү номери” графалары толтурулат;

Изилдөө жана экспертизалоо үчүн Кыргызпатентке келип түшкөн продукцияларды жана материалдарды изилдөө секторунун башчысы кабыл алат, анын толук сыпаттамасы (саны, таңгактын түрү ж.б.у.с.) менен продукцияны кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.

Материалды кабыл алууда продукциянын таңгагы ачылбайт жана аны бузуу учурунда таңгактын түрү жана абалы гана белгиленет.

Экспертиза жүргүзүүнү белгилөө жөнүндө коштомо кат, аныктама же токтом продукция менен бир таңгакта турган учурда, ал экспертиза жүргүзүүнү белгилеген жактын катышуусунда ачылат. Аларды изилдөөгө жана экспертизалоого жөнөтүү үчүн продукцияны таңгактоо жүргүзгөн жактарга көрсөтүлгөн документти продукциядан бөлөк жайгаштыруу сунушталат.

Экспертиза жүргүзүүнү белгилөө жөнүндө коштомо каттын, аныктаманын же токтомдун экинчи нускасында продукцияны кабыл алуучу эксперт жана материалдын келип түшкөн датасы көрсөтүлөт. Изилденүүчү продукция келип түшкөнгө чейин өз алдынча келип түшкөн материалдар изилденбейт.

8. Изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн материалдар жана продукциялардин тизмеси “Келип түшкөн жана берилген продукциялар журналына” киргизилет. Изилдөө секторунун башчысы – эксперт продукцияны алгандан кийин таңгагын ачат, изилдөө жана экспертизалоо үчүн материалдардын даярдалуу эрежелеринин сакталышын жана изилдөө жана экспертизалоо белгиленгендиги жөнүндө коштомо каттагы, аныктамадагы же токтомдогу алардын тдокументтеринин тизмелери менен таңгакта турган предметтин дал келишин текшерет.

9. Таңгакты ачканда объектини экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо катта, аныктамада же токтомдо көрсөтүлгөндөр жок болуп чыккан, же экспертизалоого жөнөтүлгөн предметтердин саны же сыпаттамасы дал келбеген учурда сектор башчы-эксперт менен Кыргызпатенттин иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын кызматкерлери тарабынан акт түзүлөт.

Анда берилбеген маалыматтар көрсөтүлүшү керек:

- фамилиясы, аты, атасынын аты;

- иштин номери;

- материалдардын жана продукциялардын келип түшкөн датасы;

- материалдардын жана продукциялардын тизмеси;

- коштомо катта, аныктамада же токтомдо көрсөтүлгөн продукциялардын түрлөрү.

10. Изилдөөгө жана экспертизалоого жөнөтүлгөн материалдарды тариздөөнүн эрежесин сактабоодо, алардын толук эместигинде жана сапатсыздыгында, берилген материалдардын жана продукциялардын ичинен экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо катта, аныктамада же токтомдо көрсөтүлгөн өз алдынча предметтер жана документтер жок болгондо, Кыргызпатент экспертизалоону белгилеген органга ал жөнүндө 3 күндүк мөөнөттө билдирет. Эгерде акыркы 10 күндүн аралыгында көрсөтүлгөн жетишпестиктер оңдолбосо, материалдар себептерин көрсөтүү менен кайтарып берилет.

III. Продукцияны сактоо

11. Изилдөөгө жана экспертизалоого берилген продукцияларды жана материалдарды сактоо үчүн изилдөө жана экспертизалоо жүргүзүүчү эксперт жоопкерчиликтүү болот.

12. Изилдөө секторунун башчысы-эксперттин жоопкерчилигинде сакталууда турган, ал тарабынан изилдөөгө кабыл алынган продукциялар жана материалдар, анын сырткы түрүн жана касиеттерин өзгөртүүдөн сырткары, сакталуусун камсыз кылуучу жаап салмасы бар шкафтарда, ящиктерде, сейфтерде материалдарды сактоонун жалпы кабыл алынган эрежелерин сактоо менен сакталат. Ага изилдөө жүргүзгөн эксперттер гана кире алышы керек.

IV. Экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү

13. Изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү 10 жумушчу күнүн түзөт. Тартып алынган продукциялардын 3 (үч) миңден ашык нускасы изилдөөгө жана экспертизалоого берилип калган учурда, изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальнигинин өтүнүч каты боюнча Кыргызпатенттин жетекчилиги тарабынан 7 жумушчу күнүнө чейин узартылышы мүмкүн.

14. Эксперттин милдетине анын атайын билиминин негизинде анын алдына койгон маселелерди чечүү үчүн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин камтыган продукцияларды изилдөө жана экспертизалоо жана иш боюнча объективдүү корутунду берүү кирет.

15. Мурда изилденген объектилерге карата жаңы маселелер пайда болгондо, кошумча экспертизалоо белгиленет.

16. Эксперттин корутундусу менен экспертизалоону белгилеген органдын ортосунда негиздүү макул болбоо, иштин материалы менен эксперттин корутундусунда карама-каршылык пайда болгондо, жаңы маалыматтар белгиленип, ал эксперттин тыянактарына таасир эткенде, экспертизалоону белгилөөдө жана жүргүзүүдө процессуалдык мыйзамдар олуттуу бузулганда, экинчи экспертизалоо белгиленет.

17. Эгерде белгиленген экспертиза жүргүзүү Кыргызпатенттин компетенциясына кирбеген учурда, ошондой эле эгерде ал тиешелүү адистер жана жабдуулар менен жабдылбаса, Кыргызпатент экспертизалоо белгилеген органга бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет жана материалдар кайтарылып берилет.

18. Изилдөөгө жана экспертизалоого берилген материалдарды ушул Нускамада каралган негиздер боюнча изилдөө жүргүзбөстөн, кайтарып берүүгө жол берилбейт.

19. Изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтү Кыргызпатентке материалдын келип түшкөн күндүн эртеси күнүнөн тартып эсептелет жана Кыргызпатенттин иш кагаздарын жүргүзүү кызматына анын жыйынтыктарын тапшырган күндөн бүтөт, мында эс алуу, майрам күндөр изилдөө жана экспертиза жүргүзүү мөөнөтүнө эсептелбейт. Эгерде изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн башталышы же аягы жумушчу эмес күнгө туура келип калса, мөөнөттүн башталыш же аяктоо күнү болуп, андан кийинки жумушчу күнү эсептелет.

20. Кыргызпатентте изилдөө жана экспертиза жүргүзүү мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулат:

1) Кыргызпатент тарабынан экспертизалоо белгиленген органга төмөндөгүдөй өтүнүч каттар жер сурамдар жөнөтүлгөндө:

- аларсыз экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбогон, кошумча материалдарды берүү жөнүндө;

- факт жүзүндөгү жагдайлар жөнүндө маселелерди жана маалыматтарды тактоо жөнүндө;

- экспертизалоону белгилөө жөнүндө токтомдо саналган материалдардын бардыгынын же бөлүгүнүн толук түшпөгөндүгү жөнүндө;

- изилденип жаткан объектини жок кылуу же аз-аздап бузуу (ажыратуу, жараксыз кылуу) суранычы.

Өтүнүч катты же сурамды жөнөтүү күнүнөн тартып, өтүнүч катты, сурамды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө материалдарды же билдирүүлөрдү алган күнгө чейин мөөнөттүн өтүшү токтотулат.

2) эксперт ооруп калганда, кызматтык иш сапарында жүргөндө жана башка негиздүү себептерде.

V. Кыргызпатентке изилдөө жана экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн материалдарды тариздөө

21. Изилдөө жана экспертизалоо иштеп жаткан мыйзамдарга жана ушул Нускамага ылайык таризделген материалдарды берүү боюнча жүргүзүлөт.

1. Изилдөөгө жана экспертизалоого төмөндөгүлөр берилиши керек:

- экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо кат, токтом же аныктама;

- эксперттик изилдөө объектилери болуп саналган материалдар.

23. Мыйзамдардын талаптарына ылайык экспертизалоо белгиленгендиги жөнүндө коштомо катта, токтомдо же аныктамада төмөндөгү маалыматтар чагылдырылышы керек:

1) экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо катты, токтомду же аныктаманы түзүүнүн орду жана күнү, органдын аталышы, экспертизалоону белгилеген органдын, жактын кызматы жана фамилиясы;

2) изилдөө жана экспертизалоо белгилөө үчүн негиз (иштин кыскача дилбаяны жана көйгөйлөрдүн баяндамасы, атайын билимдердин базасында жетишүү болжолдонгон чечио( �

3) экспертизалоо жүргүзүүчү мекеменин аталышы;

4) эксперттердин алдына коюлган маселелер;

5) экспертизалоону белгилеген жактын колу.

2. Изилдөө секторунун башчысы-эксперттин буйругунда берилүүчү документтер:

- эксперттик изилдөө объектилери (предметтер, документтер);

- экпертизалоо предметине кирген маалыматтарды камтыган документтер жана салыштырма изилдөө жүргүзүү үчүн үлгүлөр;

- изилдөө жана экспертизалоо жүргүзүү үчүн мааниси бар башка материалдар.

VI. Эксперттин милдеттери жана укуктары

25. Изилдөө жана экспертизалоо жүргүзүүдө эксперттердин жазык укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүнүн жана корутунду берүүдөн баш тартууга же билип туруп жалган корутунду берүүгө кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза (КЖК) жана Жарандык-процессуалдык мыйзамдары менен аныкталат.

Андан сырткары, КР КЖКнын 63, 65, КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 576, 577-статьяларында белгиленген экспертиза жүргүзүүчү Кыргызпатенттин эксперттеринин милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери кызматтык жана ушул Нускаман менен жөнгө салынат.

26. Эксперт төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- КР КЖКнын 78, 79-ст. көрсөтүлгөн негиздер бар болгондо өзүнүн кандидатурасын алып салууну билдирүү. Бирок изилдөө жана экспертизалоо жүргүзүүдөн баш тартууга ал өзүнүн кандидатурасын алып салуу канааттандырылган учурда гана укуктуу;

- ушул Нускамада белгиленген тартипте ага тапшырылган изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнү кабыл алуу, ар тараптуу, толук изилдөө жүргүзүү жана туура корутунду же анын компетенциясына кирген маселелер боюнча корутунду берүү мүмкүндүгү жөнүндө билдирүү берүү;

- эксперт тарабынан табылган изилдөөгө таасир этүүчү, изилдөө жана экспертиза жүргүзүүгө берилген материалдарды тариздөө эрежелеринин олуттуу жетишпестиктери жөнүндө Кыргызпатенттин (башкармалыктын, сектордун) жетекчилигин кабардар кылуу;

- ал тарабынан изилдөөнүн көлөмүн кеңейтүүнүн зарылдыгын күбөлөндүргөн, анын ичинде башка изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен жаңы эксперттерди тартуу менен белгиленген фактылардын бардыгы жөнүндө Кыргызпатенттин (башкармалыктын, сектордун) жетекчилигин билдирүү;

- алар изилдөө мүнөзүндө болгон учурда, аларды максималдуу сактоону камсыз кылуу менен материалдардын жана продукциялардын бузулушуна жол бербөө. Экспертиза жүргүзүү изилдөөгө берилген объектини жок кылууну же олуттуу бузууну талап кылган учурда, бул үчүн экспертизалоону белгилеген органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу керек;  

- Кыргызпатенттин жетекчилигинин жазуу жүзүндө жөнөтүүсү боюнча же тергөөчүнүн суракка чакыруусуна, же ал тарабынан берилген корутундуну кошумчалоо же түшүндүрүү үчүн сотко, ошондой эле эксперт катары сот отурумуна катышуу үчүн зарыл болгон учурда баруу;

- экспертизалоону белгилеген органдын уруксатысыз алдын ала изилдөөнүн маалыматтарын таратпоо;

- кызматтык жана кызматтан сырткары өзүнүн жүрүм-туруму менен эксперттик объективдүүлүккө күмөн саноого себеп түзбөө.

1.       Эксперт төмөндөгүлөргө укуктуу:

- изилдөө жана экспертизалоо предметине кирген иштин материалдарында берилбегендер менен кошумча таанышуу;

- ал маселе анын компетенциясына жана атайын билимдерине туура келбегендиктен, ага түшүнүксүз болгондо, экспертизалоо белгилегендиги жөнүндө токтомдо (аныктамада) жазылган маселелердин чечмелөөлөрүн өзгөртүү;

- сурак жана башка тергөө аракеттерин жүргүзүүгө тергөөчүнүн уруксаты менен катышуу жана экспертизалоо предметине тиешелүү тактап сураштыруучу суроолорду берүү;

- эгерде ал сот иши жүрүп жаткан тилди билбесе жана котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланбаса, суракта корутундуну жана жооптуу эне тилинде берүү;

- ал сурак кылынган протокол менен таанышуу жана протоколго киргизүү тийиштүү эскертүүлөрдү айтуу;

- изилдөө жана экспертиза жүргүзүүдө белгилеген өзүнүн корутундусунда, ал тарабынан коюлбай калган суроолор боюнча иш үчүн олуттуу мааниге ээ жагдайларды, өзүнүн жеке демилгеси менен кошумча суроолорду коюуну кошуп, көрсөтүү.

Эксперт төмөндөгүлөргө укуктуу эмес:

- Кыргызпатенттин жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү тапшырмасысыз материалдарды изилдөө жана экспертизалоо өндүрүшүнө кабыл алууга;

- экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо каттын токтомунда (аныктамасында) көрсөтүлбөгөн материалдарга изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

- ишке тиешелүү, бирок ага мыйзамда белгиленген тартипте берилбеген, материалдарды өз алдынча чогултууга жана чыгарып салууга;

- изилдөө жана экспертизалоо боюнча иштин материалдарын кызматтык имараттан сырткары сактоого;

- ага тапшырылган экспертизалоону жүргүзүүгө башка мекеменин кызматкерлерин өз алдынча тартууга;

- экспертизалоо белгилеген органдын макулдугусуз айыпталуучу (күнөөгө шектүү), соттолуучу, жабырлануучу, күбө, коргоочу, жарандык доогер же жоопкер (алардын өкүлдөрү) жана иш боюнча котормочу менен кандайдыр-бир байланыштарды түзүүгө;

- анын компетенциясынан тышкары, корутунду, түшүндүрмө, маселе боюнча сунуш, уруксат берүүгө.

Эгерде төмөндөгүдөй болсо маселе эксперттин компетенциясынын чегинен чыгат:

- анын уруксаты үчүн атайын билимдин негизинде изилдөө жүргүзүү талап кылынбаса;

- ал башка адистик эксперттин компетенциясына кирет.

29. Эксперт ага берилген материалдарга изилдөө жүргүзүүдө, мыйзамдын талаптарына ылайык катуу жүргүзүү менен, көз карандысыз. Экспертизалоо белгилеген орган экспертке ал экспертиза жүргүзүүдө кандай ыкмаларды жана методикаларды пайдаланарын көрсөтүүгө укугу жок.

30. Эксперт өзүнүн атынан өзүнүн атайын билимдерине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын баалоонун негизинде корутунду  берет жана ал үчүн жекече жоопкерчиликте болот.

Соттун чакыруусу боюнча негизсиз себептер менен баруудан баш тартууда эксперт КР КЖК 63, 65-ст. каралган тартипте жоопкерчилик тартат.

Изилдөө жана экспертизалоо өндүрүшүнүн мөөнөтүн, тартибин бузгандыгы жана кызматтык милдеттерине карата караниеттик менен мамиле жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган Кыргызпатенттин эксперти Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

VII. Изилдөө жана экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана алардын жыйынтыктарын тариздөө

31. Изилдөөгө жана экспертизалоого материалдарды тариздөөнүн тартиби олуттуу бузулганы табылганда эксперт ушул Нускаманын талаптарына ылайык аракет жасайт.

Изилдөө жана экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперт ага берилген материалдар менен таанышат. Эгерде экспертизалоо өндүрүшү үчүн керектүү маалыматтар жок болгондугу белгиленген учурда Кыргызпатент тиешелүү сурамды жөнөтөт.

Өтүнүч кат эки нускада түзүлөт. Биринчи нуска экспертизалоо белгилеген органга жөнөтүлөт. Экинчиси көзөмөлдөө өндүрүшүндө сакталат.

Шашылыш учурларда өтүнүч каттын мазмуну экспертизалоону белгилеген органга факс же телефон аркылуу, бирок тиешелүү журналга милдеттүү түрдө каттоо менен берилет. 

32. Эксперттин корутундусу жазуу жүзүндө берилет,  ар түрдүү түшүндүрмөлөргө жол берилбеген так жана түшүнүктүү тилде жазылат, үч бөлүктөн турат: киришүү, изилдөө жана тыянактар.

Айрым учурларда корутундуга фотосүрөттөр, иллюстрациялар, чиймелер, сүрөттөр, иштеп чыгуулар ж.б.у.с. корутундунун изилдөө бөлүгүн түшүндүрүүчү жана толуктоочу баяндамал тиркелет.

Корутундунун жана тиркеменин ар бир бетине эксперт (эксперттер) тарабынан кол коюлат, тыянак чыгаргандан кийинки эксперттин (эксперттердин) колу Кыргызпатенттин кеңсе мөөрүн басуу менен күбөлөндүрүлөт.

Контрафактуулук белгилери бар экспертизалоо объектилери полиграфиялык кошумча баракка жана дисктин (аудиовизуалдык продукция болгон учурда) алды жак бетине “контрафактуулук белгилери бар” деген штамп коюлуу менен белгиленет.

Изилденүүчү материалдар кайтарып берүүнүн алдында таңгакталат, мөөр басылат жана тиешелүү штамп басуу менен белгиленет.

33. Корутундунун киришүү бөлүгүндө көрсөтүлөт:

- экспертизалоонун аталышы, анын номери, түзүлгөн күнү;

- изилдөө жана экспертиза жүргүзүү үчүн негиздер (экспертизалоону белгилеген уюмдун фирмалык бланкында экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо кат, токтом же аныктама);

- изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн материалдын аталышы, таңгактоонун түрү жана изилденүүчү объектинин реквизиттери;

- эксперт (эксперттер) жөнүндө маалыматтар фамилиясы, аты, атасынын аты, билими, адистиги, илимий даражасы, кызматы жана иш стажысы;

- баштапкы малыматтар катары эксперт тарабынан кабыл алынган жана корутунду берүү үчүн олуттуу мааниси бар иштердин жана маселелердин жагдайы;

- экспертиза өткөрүүдө катышкан жактар жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, инициалдары, жазык абалдары) жана алардын катышуусунун негиздери.

Эксперттин демилгеси менен коюлган маселе киришүү бөлүгүндө дагы, бирок экспертизалоону белгилөө жөнүндө токтомдо (аныктамада) көрсөтүлгөн маселелерден кийин жазылат.

Экинчи ирет жүргүзүлгөн экспертизалоонун корутундусунун киришүү бөлүгүндө изилдөө жана экспертизалоо экинчи жолку болуп саналганы белгиленет, биринчи экспертизалоо жөнүндө маалыматтар жана экспертизалоону экинчи ирет жүргүзүүнү белгилөөнүн себептери жазылат.

Комплекстүү жана комиссиялык экспертизалоо учурунда киришүү бөлүгүндө эксперттин аты-жөнү жана ал өткөрүлгөн жер, комплекстүү жана комиссиялык экспертизалоонун себептери көрсөтүлөт.

34. Изилдөө бөлүгүндө изилдөө жана экспертизалоо процесси, анын натыйжалары баяндалат, аныкталган фактыларга түшүндүрмө берилет. 

Изилдөө бөлүгүндө төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: коюлган маселелерди чечүүдө эксперт жетекчиликке алган ченемдик-маалымдама материалдар (токтомдор, буйруктар, макулдашуулар, нускамалар, методикалык көрсөтмөлөр, салыштырма үлгүлөр), ошону менен катар изилдөө жүргүзүүдө пайдаланылган адабий булактар (автору, чыгарманын аталышы, басылып чыккан жери жана жылы, беттери):

- экспертизалоо объектилеринин аталышы жана алардын мазмуну, саны;

- продукциянын же товардын контрафактуулугун көрсөтүүчү белгилер;

Аудиовидео продукцияларын изилдөөдө жана экспертизалоодо контрафактуулук индекстери пайдаланылат (1-тиркеме);

- эгерде алар тыянакты негиздөөдө баштапкы маалыматтардын мааниси бар болсо, тергөө аракеттерин (сурактарды, карап чыгууларды, эксперименттерди ж.б.) баяндоо.

Эгерде коюлган маселелердин айрымдарына жооп берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калса, изилдөө бөлүгүндө анын себептери көрсөтүлөт.

35. Экинчи ирет жүргүзүлгөн экспертизалоонун изилдөө бөлүгүндө эксперт, эгерде ошондойлор орун алса, биринчи экспертизалоонун тыянактары менен айырмачылыктардын себептерин көрсөтөт.

36. Комплекстүү экспертизалоодо эксперттер комиссиясы мүмкүнчүлүккө жараша экспертизалоонун материалдары менен бир мезгилде таанышат. Эксперттердин ар бири бардык берилген материалдардын толук көлөмүнө керектүү изилдөөлөрдү жүргүзөт (өзүнүн эксперттик адистигинин алкагында), андан кийин эксперттер өз ара кеңешип, жалпы тыянак жасашат.

Башка эксперттин пикири менен макул болбогон эксперттер, же корутундуну өз алдынча беришет, же жалпы корутундуга өзүнүн бөлүгүн, анда пикир келишпестиктеринин жүйөлөрүн көрсөтүү менен, тариздейт.

37. Изилдөөнүн жана экспертизалоонун тыянактары эксперттин алдына коюлган маселелерге ылайык ошол эле ырааттуулукта жазылат, же себептерин көрсөтүү менен аны чечүүнүн мүмкүн эместиги көрсөтүлөт.

Тыянактардын ырааттуулугу жүргүзүлгөн изилдөөнүн жана экспертизалоонун тартибине дал келиши керек.

Эгерде корутундунун изилдөө бөлүгүндө  жазылган изилдөөнүн жыйынтыктары толук баяндамасыз түзүлгөн учурда корутундунун изилдөө бөлүгүнө шилтеме берилет.

38. Эгерде экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо катта, токтомдо же аныктамада көрсөтүлгөн бир дагы маселеге эксперт тийиштүү жооп (жок дегенде аз-аздап) бере албаса, үч бөлүктөн турган: киришүүдөн, жүйөсү көрсөтүлгөн жана тыянак чыгарылган, корутундуну берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү түзүлөт. Киришүү бөлүгүндө ушул Нускаманын 36-пунктунда саналган маалыматтар жазылат. Жүйөсү көрсөтүлгөн бөлүгүндө корутунду берүүгө мүмкүн болбогон себептер толу жазылат. Тыянак чыгарылган бөлүгүндө эксперттин алдына коюлган маселелердин ар бири боюнча жооп берүүгө мүмкүн эместиги көрсөтүлөт.

39. Кыргызпатент экспертизалоону белгилеген органга коюлган маселе боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирет:

1) эгерде берилген материалдар корутунду берүү үчүн жеткиликтүү болбосо жана бул тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүн эмес болсо;

2) эгерде коюлган маселелер эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыккан болсо;

3) изилдөө методикаларынын заманбап деңгээли коюлган маселени бир маанилүү чечүүгө мүмкүндүк түзбөйт;

4) коюлган маселени чечүүнүн методикасы жок;

5) белгилердин табылган жыйындылары карама-каршылыктуу жана мааниси боюнча маселени чечүү үчүн жеткиликсиз.

40. Эгерде экспертизалоону белгилөө жөнүндө коштомо катта, токтомдо же аныктамада көрсөтүлгөн бир маселе боюнча эксперт корутунду берип, ал эми экинчи маселе боюнча корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү үчүн негиздер бар болсо, бирдиктүү документ – эксперттин корутундусу түзүлөт.

41. Изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн продукцияларды жана материалдарды бөлүмдүн ичиндеги башка экспертке өткөрүп берүү экспертизалоо өндүрүшү үчүн келип түшкөн материалдарды Каттоо китебине Башкармалыктын начальнигинин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт.

VIII. Продукцияларды жана документтерди кайтарып берүү

42. Экспертиза белгилеген жакты же анын ишенимдүү өкүлүн продукциясы жок  Кыргызпатенткен корутундуга жөнөтүүгө жол берилбейт.

43. Изилденген продукцияны таңгактоо экспертиза жүргүзгөн эксперт тарабынан жасалат.

44. Экспертизалоонун материалдары жана продукциялары экспертизалоону белгилеген жакка, же анын ишенимдүү өкүлүнө түздөн-түз берилет. Мында келип түшкөн жана берилген продукциялардын Журналына аты-жөнү, кириш жана чыгыш номерлери, иштеген жери, алуучунун кызматы, ишеним каттын номери, изилдөөгө жана экспертизалоого келип түшкөн продукциялардын жана товарлардын аталышы жана саны белгиленет. Мындан сырткары, “өзү алды”, “ишеним кат менен берилди” деген белгилер жана экспертизалоо материалдарынын берилген күнү коюлат.

45. “Келип түшкөн жана берилген продукциялар журналы” Кыргызпатенттин иш кагаздарын жүргүзүү кызматында көктөлөт, номер коюлат жана мөөр басылат.