关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG154

返回

Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрү жана сөз айкаштарын пайдалануунун Татиби ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 94 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 13-февралындагы

N 94 токтому менен

бекитилген

 

Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде

Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган

атын жана анын негизинде түзүлгөн

сөздөрү жана сөз айкаштарын

пайдалануунун

ТАРТИБИ

 

1. Бул Тартип "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул Тартип товардык белгилерде жана тейлөө белгилеринде (мындан ары - товардык белги) Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салат.

3. Товардык белгилерде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануу ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөр товардык белгисине, тейлөө белгиге киргизилиши мүмкүн, эгерде өтүнмө ээси:

а) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы болуп саналса;

б) Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда басымдуу абал ээлесе;

в) Кыргыз Республикасына гана мүнөздүү кайталангыс товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн чыгарса жана/же аткарса;

г) тышкы экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын дүйнөлүк рынокто узак мезгилден бери (кеминде 5 жыл) коюп келсе;

д) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган товарларды чыгарса жана/же жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарса.

5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн белгилөөлөр товардык белгиге коргоочу эмес элементтер катары киргизилиши мүмкүн, эгерде алар анда басымдуу абал ээлебесе.

6. Ушул Тартиптин 4-пунктунун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө эзсинен товардык белгини каттого арыз түшсө, алар өздөрүнүн укуктук статусун аныктоочу тиешелүү нормативдик укуктук актыны көрсөтүшөт.

7. Эгерде өтүнмө ээси ишкердик жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак болгон учурда Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган товардык белгини же билдирилген белгилөөнү каттоого берилген өтүнмөнүн экспертизасын өткөрүү процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө ээсинен ушул Тартиптин 4-пунктунун "б" - "д" пунктчаларында каралган шарттардын бар экендигин белгилөөчү компетенттүү органдын корутундусун талап кылууга акылуу.

Муну менен бирге көрсөтүлгөн корутундулар Кыргызпатентке берилет:

1) ушул Тартиптин 4-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө эзсине карата - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы тарабынан;

2) ушул Тартиптин 4-пунктунун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн өтүнмө ээсине карата - ушул өтүнмө ээсинин ишмердүүлүгүн тескөөчү тиешелүү мамлекеттик башкаруу органы;

3) ушул Тартиптин 4-пунктунун "г" жана "д" пунктчаларында көрсөтүлгөн өтүнмө ээлерине карата - Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана соода тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы.

8. Товардык белги катары Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөр, өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) белгиленген тартипте катталган аталышы менен бирдей же окшош белгилөөлөр катталышы мүмкүн. Бул учурда өтүнмө ээсине юридикалык жактын мамлекеттик катгоого алынгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет.

Эгерде өтүнмө ээлери өз ишмердүүлүгүндө товардык белги катары Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөрдү пайдаланышкан банктык же финансылык-кредиттик мекемелер болуп саналган юридикалык жак болгон учурда, мындай мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.

9. Ушул Тартиптин 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн документтер "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында каралган мөөнөттөрдө берилиши керек.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, өтүнмө чакыртылып алынды деп эсептелет.

10. Ушул Тартиптин 6 жана 7-пункттарында каралган документтер түшкөндө, Кыргызпатент он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгиге киргизүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттик корутунду чыгарат.

11. Эксперттик корутундуларды кароо жана экспертиза үчүн милдеттүү болгон чечим кабыл алуу үчүн Кыргызпатент тарабынан коллегиялдуу орган Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын камтыган белгилөөлөр боюнча корутундуларды карап чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.

12. Комиссиянын курамы Кыргызпатенттин директору тарабынан Кыргызпатент системасындагы адистердин ичинен түзүлөт жана бекитилет.

Комиссиянын төрагасын Кыргызпатенттин директору дайындайт.

13. Ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн корутунду Комиссияга жиберилет.

14. Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган расмий атын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгиге киргизүүгө мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин Комиссияга берилген корутундусу ал түшкөн күндөн тартип бир айдын ичинде каралат.

15. Эксперттик корутундуну кароо Комиссиянын үчтөн аз эмес мүчөсү катышкан курамда Комиссиянын жыйынында ишке ашырылат. Жыйынды Комиссиянын төрагасы өткөрөт.

16. Комиссиянын чечими анын мүчөлөрүнүн кеңешүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

Чечим Комиссияга катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.

Каралып жаткан корутунду Комиссиянын бир мүчөсүнө таандык болсо, ал добуш берүүгө катышпайт.

Комиссиянын чечими жазуу формасында баяндалат жана ага Комиссиянын төрагасы жана бардык мүчөлөрү кол коюшат.

17. Комиссиянын чечими өтүнмө боюнча жалпы чечим кабыл алуу үчүн экспертизага жиберилет.