关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG165

返回

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны бөлүштүрүүнүн Регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы № 5 чечими менен жактырылган, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 12-августундагы № 135 буйругу менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы № 5 чечими менен жактырылган

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 12-августундагы № 135 буйругу менен бекитилген

 

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны бөлүштүрүүнүн

РЕГЛАМЕНТИ 

I бөлүм

Жалпы жоболор 

1. Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны бөлүштүрүүнүн ушул Регламенти (мындан ары- Бөлүштүрүү регламенти) “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488-токтому менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан.

2. Бөлүштүрүү регламенти автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн мүлктүк укуктардын ээлерине пайдалануучулар тарабынан кошулуп эсептелген автордук сый акыларды бөлүштүрүүдө пайыздарды жана пайларды белгилейт.

Чыгарма жаратуучулардын бир категориясында авторлоштор болгон учурда, эгерде авторлордун ортосунда өзүнчө келишим жок болсо, автордук сый акынын суммасы тең бөлүнөт.

Авторлоштор тарабынан ажыратылгыс бир бүтүн чыгарма катары түзүлгөн, ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн турган чыгармаларды эл алдында аткаргандыгы үчүн автордук сый акы Бөлүштүрүү регламентинин II бөлүмүнө ылайык төлөнөт.

Алардын аткарууларын коштогон музыка (адабий текстти жок) үчүн оригиналдуу жанрдын артисттери (конферансье, клоундар, иллюзионисттер, психоэкспериментчилер ж. б.) тарабынан пайдаланылган адабий тексттин авторуна автордук сый акы Бөлүштүрүү регламентинин III бөлүмүнө ылайык төлөнөт.

Жалпыга маалымдоо үчүн эфирде же кабель боюнча аткарууларды берүүлөр үчүн авторлорго жана аткаруучуларга сый акылар төмөнкүдөй төлөнөт:

- биринчи пайдаланылганда аткаруучу менен коюуну жана/же берүүнү түзгөн уюмдун ортосундагы келишимге ылайык;

 

- кайталап пайдаланылганда Бөлүштүрүү регламентинин IV бөлүмүнө ылайык.

Эл алдында аткаргандыгы үчүн автордук сый акы автордук укугу корголгон авторлорго (алардын укук мураскерлерине) гана эсептелип бөлүнөт. Үч жыл ичинде суралбаган сый акы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуна чыгарылат.

3. “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37 жана 38-статьяларынан жоболорунан алуу менен коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманы чыгаруучунун жана аткаруусу мындай фонограммага жазылган аткаруучунун макулдугун албастан, бирок сый акы төлөө менен:

1) фонограмманы жалпы эл алдында аткарууга;

2) фонограмманы эфирге берүүгө;

3) фонограмманын жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу кабарлоого жол берилет.

            Жогоруда аталган Мыйзамдын 44-беренесинин негизинде бул сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөө фонограмма чыгаруучулардын жана аткаруучулардын укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын бири тарабынан ушул уюм менен пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык ишке ашырылат. Эгерде бул макулдашуу менен башкасы караштырылбаган болсо, көрсөтүлгөн сый акы фонограмма чыгаруучу менен аткаруучунун ортосунда тең бөлүнөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында чогултулган автордук сый акыны бөлүштүрүү пайдаланылган чыгармалар жөнүндөгү пайдалануучулардын отчетторунда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ишке ашырылат.

Пайдалануучулардын отчетторунун формалары пайдалануучулар менен Кыргызпатенттин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.

Бөлүштүрүүгө пайдалануучулардын ылайыктуу түрдө таризделген жана бөлүштүрүү үчүн жетишээрлик маалыматты камтыган отчеттору кабыл алынат.

Отчеттор төмөнкү учурларда ылайыктуу таризделбеген жана/же жетишээрлик маалыматты камтыбаган болуп таанылат:

-          отчет келишимде белгиленбеген форма боюнча түзүлгөн;

-          отчетто мөөр же пайдалануучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу жок же отчет кол коюуга укуксуз жак тарабынан кол коюлган;

-          отчеттун милдеттүү түрдө толтурула турган графасында маалымат жок;

-          отчетто авторлордун аты-жөнү жана/же чыгарманын аталышы көрсөтүлбөгөн;

-          отчетто билип туруп анык эмес маалымат көрсөтүлгөн (“автор” графасында аткаруучу көрсөтүлгөн ж. б.);

-          пайдалануучунун отчету 12ден кичине шрифт менен толтурулган.

 

Жогоруда көрсөтүлгөндөй учурларда отчет пайдалануучуга жеткилең иштеп чыгууга берилет. Эгерде отчет пайдалануучуга жеткилең иштеп чыгууга берилген болсо, мындай учурда мындай отчеттор боюнча келип түшкөн автордук сый акылардын суммасы отчеттор ылайыктуу түрдө келип түшкөн учурга чейин бөлүштүрүлбөйт.

Эгерде пайдалануучунун отчетунда кайра иштеп чыгууга уруксат алынбастан кайра иштелип чыккан чыгарма көрсөтүлгөн болсо, мындай учурда чыгарманын түп нускасынын авторунан ылайыктуу арыз же чыгарманы кайра иштеп чыгуу жөнүндө макулдашуу келип түшкөн учурга чейин автордук сый акылардын суммасы резервдештирилет. 

Негизги түшүнүктөр 

4. Ушул Бөлүштүрүү регламентинин максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдер мындай маанилерге ээ:

- автор (авторлош) – чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан (жаратышкан) жеке жак (жактар);

- аткаруучу – адабияттын же искусствонун чыгармаларын (анын ичинде эстрадалык, цирктик же куурчак номерлерин) роль кылып аткарган, ырдаган, музыкалык аспапта ойногон же башкача түрдө аткарган актер, ырчы, музыкант, бийчи же дагы башка адам, ошондой эле спектаклдин режиссер-коюучу жана дирижеру;

- автордук укуктун жана (же) чектеш укуктардын ээси:

- автор же аткаруучу, автор же аткаруучу мүлктүк укуктар менен бөлүнгөн учурда;

- мүлктүк укуктар ыйгарылып берилген жеке же юридикалык жак;

- алгач ирет мүлктүк укуктарга жеке же юридикалык жак ээ болгон учурларда автордон же аткаруучудан башка жеке же юридикалык жак (фонограмма чыгаруучу, аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу, басып чыгаруучу же анын демилгеси менен жана каражатына чыгарма жаратылган башка жак);

- пай – концерттик, бий, цирктик жана башка чогулган программалар үчүн автордук сый акыларды автордук укуктардын ээлерине бөлүштүрүүдө пайдаланылуучу чыгарманын белгилүү бир жанрынын салмак коэффициенти. 

II бөлүм

Драмалык, музыкалык (тексти бар же тексти жок) жана музыкалык-драмалык чыгармаларды эл алдында аткарууда чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыларды бөлүштүрүү

(Чоң формасы) 

5. Автордук сый акыны жыйноо, эсептөө, бөлүштүрүү жана төлөө менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн акча чегерүүлөрдүн өлчөмү төлөөчүдөн келип түшүүчү автордук сый акынын суммасынан 10 пайызды түзөт.

6. Автордук сый акынын калган суммасы авторлор ортосунда төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт: 

Чыгарманын түрү

Автордук сый акынын пайыздары

Оригиналдуу драмалык чыгармалар

Пьесанын автору

Композитор

 

80

20

Автордук укук менен корголуучу (корголбогон) чыгармалардын

инсценировкалары

Адабий чыгарманын автору

Инсценировканын автору

Композитор

 

40

40

20

Адабий чыгармаларды которууда автордук укук менен корголуучу (корголбогон) чыгармалардын инсценировкалары

 

Адабий чыгарманын автору

Инсценировканын автору

Адабий чыгарманын котормочусу (автордук укук менен корголгон адабий чыгарманын котормосун инсценировкалаган учурда)

Композитор

 

 

30

35

15

 

20

Автордук укук менен корголгон (корголбогон) драмалык чыгармалардын котормолору

Пьесанын автору

Котормочу

Композитор

 

 

40

40

20

Опера

Композитор

Либреттонун автору

Хореограф

 

70

20

10

Опера либреттону которгондо

Композитор

Либреттонун автору

Либреттонун котормочусу

Хореограф

 

70

15

5

10

Балет

Композитор

Либреттонун автору

Хореограф

 

70

5

25

Оперетта, музыкалык комедия, мюзикл

Пьесанын автору

Композитор

Хореограф

 

45

45

10

Оперетта, музыкалык комедия, мюзикл тексттин которууда

Композитор

Пьесанын автору

Пьесанын котормочусу

Хореограф

 

45

25

20

10

 

III бөлүм

Концерттик, бий, цирктик жана башка чогулган программалар үчүн келип түшкөн, музыкалык (тексти бар же тексти жок) жана драмалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн бөлүнгөн автордук сый акыларды бөлүштүрүү, пай менен

(Чакан формасы) 

7. Чакан формадагы чыгармаларды эл алдында аткаргандыгы үчүн автордук сый акыларды жыйноо, эсептөө, бөлүштүрүү жана төлөө менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн акча чегерүүлөрдүн өлчөмү төлөөчүдөн келип түшүүчү автордук сый акынын суммасынан 10 пайызды түзөт. 

8. Автордук сый акынын калган суммасы авторлор ортосунда пай менен төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт: 

Чыгарманын жанры (формасы)

Пайлардын саны

Текст/ либретто

музыка

Айтыш

15

 

Антракт

 

5

Операдан, опереттадан ария

3

6

Бир актылуу балет

9

35

Балет (бир акт)

9

35

Симфониялык баллада

 

20

Айрым аспаптар үчүн баллада

 

5

Баллада (ыр)

3

3

Симфониялык вариациялар

 

35

Эстрадалык вариациялар

 

5

Виват

3

6

Вокализ

 

5

Эстрадалык же цирктик программага, драмалык спектаклге карата чыгып аткаруу

 

5

Дастан

15

 

Дивертисмент

 

20

Операдан, опереттадан дуэт

3

6

Симфониялык кайрыктар

 

35

Интермедия

15

 

Хор, солисттер жана симфониялык оркестр үчүн кантата

9

35

Кантата (бир бөлүгү)

3

6

Симфониялык сүрөттөмөлөр

 

35

Квартет

 

35

Квартет (бир бөлүгү)

 

10

Квинтет

 

35

Квинтет (бир бөлүгү)

 

10

Композиция

 

5

Вокалдык-хореографиялык композиция

8

20

Вокалдык-хореографиялык композиция (бир бөлүгү)

3

6

Оркестрдин коштоосундагы концерт

 

35

Оркестр үчүн концерт

 

35

Концерт (бир бөлүгү)

 

10

Концертино

 

20

Конферанс

10

 

Музыканын коштоосунда конферанс

10

3

Күү

 

20

Кыяк, чоор

 

10

Адабий цикл (ыр, аңгеме, жомок)

10

 

Адабий цикл (поэма, повестю( �o:p>

10

 

Манас, Кенже эпостор

15

 

Месса

9

35

Метаморфозалар

 

5

Монолог

10

 

Цирктик номерге музыка (ар бир музыкалык номер үчүн)

 

2

Эл обондору

 

5

Нонет

 

35

Нонет (бир бөлүгү)

 

35

Октет

 

35

Октет (бир бөлүгү)

 

10

Бир актылуу опера

15

35

Опера (бир акт)

15

35

Оперетта (музыкалык комедия) бир актылуу

20

20

Оперетта (музыкалык комедия) (бир акт)

20

20

Оратория

9

35

Оратория (бир бөлүгү)

3

6

Оригиналдуу музыка, коштоп ырдоо

 

3

Пантомима

 

5

Парафраз

 

5

Пародия

3

 

Партита

 

20

Партита (бир бөлүгү)

 

5

Пассакалия

 

5

Пастораль

 

5

Пастораль (бир бөлүгү)

 

3

Обондуу ыр

3

3

Попурри

 

5

Симфониялык поэма

 

35

Вокалдык-симфониялык же хордук көп бөлүмдүү поэма)

9

35

Вокалдык-симфониялык поэма (бир бөлүгү)

3

6

Прелюдия

 

3

Аспаптык пьеса

 

3

Симфониялык рапсодия

 

20

Эстрадалык рапсодия

 

5

Ырдоо

3

6

Реквием

9

35

Реприза

5

 

Обондотуп сүйлөө

3

6

Романс

3

3

Саламдашуу

15

 

Сатира

3

 

Секстет

 

35

Секстет (бир бөлүгү)

 

10

Септет

 

35

Септет (бир бөлүгү)

 

10

Симфония

 

35

Симфония (бир бөлүгү)

 

10

Симфония тексти менен

9

35

Симфониетта

 

35

Симфониетта (бир бөлүгү)

 

10

Бир же бир нече аспаптар үчүн соната

 

35

Соната (бир бөлүгү )

 

10

Сонатина

 

20

Операдан көрүнүш

3

10

Балеттен көрүнүш (па-де-де)

2

10

Опереттадан көрүнүш

6

6

Вокалдык-хореографиялык сюита

8

20

Вокалдык-хореографиялык сюита (бир бөлүгү)

3

6

Вокалдык-симфониялык сюита (көп бөлүмдүү)

9

35

Вокалдык-симфониялык сюита (бир бөлүгү)

3

6

Үйлөмө аспаптар оркестри үчүн сюита

 

10

Үйлөмө аспаптар оркестри үчүн сюита (бир бөлүгү)

 

3

Балеттен сюита (симфониялык оркестр үчүн)

 

20

Балеттен сюита (симфониялык оркестр үчүн) (бир бөлүгү)

 

6

Операдан сюита

 

35

Симфониялык сюита

 

20

Симфониялык сюита (бир бөлүгү)

 

6

Бий сюитасы

 

10

Бий сюитасы (бир бөлүгү)

 

3

Хор сюитасы

8

20

Хор сюитасы (бир бөлүгү)

3

6

Эстрадалык сюита

 

5

Бий

 

3

Терме

15

 

Терцет

 

35

Токката

 

5

Токкатино

 

3

Аспаптык трио

 

35

Трио (бир бөлүгү)

 

10

Операдан, опереттадан трио

3

6

Триптих

 

9

Симфониялык увертюра

 

20

Балетке, операга, опереттага увертюра

 

10

Эстрадалык же цирктик программага, кинофильмге, драмалык спектаклге увертюра

 

5

Симфониялык фантазия

 

20

Эстрадалык фантазия

 

5

Куплеттүү фельетон

10

3

Хор

3

6

Частушкалар

3

3

Симфониялык эскиздер

 

35

Этюд

 

3

Чакона

 

10

Фрагмент (музыкалык)

 

3

Феерия

 

5

Фуга

 

 

10

Автордук сый акыны эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: 

a(i) = S D(i), мында: 

a(i) – i-автор үчүн автордук сый акы;

S – комиссиондукту кармап калуудан тышкары концерт үчүн төлөмдүн суммасы;

D(i) - автордун үлүшү. 

n

D(i) = P(i) / E P(i), мында:

i 

P(i) - i-автордун пайы;

n – ушул концертте чыгармалары аткарылган авторлордун саны. 

IV бөлүм

Эфирдик жана кабельдик берүү уюмдарында автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны бөлүштүрүү 

9. Автордук сый акыларды жыйноо, эсептөө, бөлүштүрүү жана төлөө менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн акча чегерүүлөрдүн өлчөмү төлөөчүдөн келип түшүүчү автордук сый акынын суммасынан 10 пайызды түзөт. Эсептөөлөр квартал үчүн отчеттор боюнча жүргүзүлөт.

10. Автордук сый акынын калган суммасы авторлор жана мүлктүк укук ээлеринин ортосунда отчеттук мезгил ичинде чыгармалардын аткарылышынын санына ылайык төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

40% - тексттин авторуна;

40% - музыканын авторуна;

20% - аткаруучуга. 

V бөлүм 

Пайдаланылган чыгармалар жөнүндө отчетсуз келип түшкөн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыларды бөлүштүрүү 

11. Пайдаланылган чыгармалар жөнүндө отчетсуз келип түшкөн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны жыйноо, эсептөө, бөлүштүрүү жана төлөө менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн акча чегерүүлөрдүн өлчөмү төлөөчүдөн келип түшүүчү автордук сый акынын суммасынан 10 пайызды түзөт.

12. Мындай учурда төлөөчүлөр болуп автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны төлөшкөн, бирок жүйөлүү себептерден улам пайдаланылган чыгармалар жөнүндө отчет бере албаган төлөөчүлөрдүн категориясына кирген юридикалык жана жеке жактар эсептелишет.

13. Бөлүштүрүү төмөнкүчө ишке ашырылат:

Отчетсуз келип түшкөн автордук сый акылар суммаланат жана эфирдик жана кабелдик берүү уюмдарынын жыйынтыкталган жылдык отчеттору боюнча эфирдик жана кабелдик берүү уюмдарынын ар биринин автордук сый акыны чегерүүлөрүнүн суммасына жараша пайыздык катышта бөлүнөт.

14. Автордук сый акыларды андан ары бөлүштүрүү ушул Регламенттин IV бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт. 

VI бөлүм

Эл алдында аткарылган чыгармаларды үндүк жазуу формасында кайра чыгаруудан жана таркатуудан келип түшкөн музыкалык (тексти бар жана тексти жок) жана драмалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн чегерилүүчү автордук сый акыларды бөлүштүрүү, пай менен (чакан формасы) 

15. Эл алдында аткарылган чыгармаларды үндүк жазуу формасында кайра чыгаруудан жана таркатуудан келип түшкөн музыкалык (тексти бар жана тексти жок) жана драмалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн чегерилүүчү автордук сый акылардын суммасы авторлор ортосунда ушул Регламенттин III бөлүмүнө ылайык пай менен жүргүзүлөт.