关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 在产权组织任职 问责制 专利 商标 外观设计 地理标志 版权 商业秘密 知识产权的未来 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 青年 审查员 创新生态系统 经济学 金融 无形资产 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 前沿技术 移动应用 体育 旅游 音乐 时尚 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 全球无形资产投资精要 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 重建基金 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 工作人员职位 附属人员职位 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决 按管辖区浏览

吉尔吉斯斯坦

KG147

返回

Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №748 токтому менен бекитилген)

 Эрежелери Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун (Жылдын 29-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, 2011-жылдын № 748)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 29-ноябры №748

Автордук укук объектилерине автордук келишимдерди, чектеш укуктар объектилери жаатындагы келишимдерди,

интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди карап чыгуунун

жана каттоонун эрежелерин, Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү

тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин, Автордук укук жана чектеш укуктар

объектисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин бекитүү тууралуу

"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө", "Электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө" жана "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү тиркелгендер бекитилсин: - Автордук укук объектилерине автордук келишимдерди, чектеш укуктар

объектилери жаатындагы келишимдерди, интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди карап чыгуунун жана каттоонун эрежелери;

- Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;

- Автордук укук жана чектеш укуктар объектисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри А. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №748 токтому менен бекитилген

Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмөнү

тариздөөнүн, түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

Бул Эрежелер "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун тартибин регламенттейт.

1. Өтүнмө берүү 1. Топологиянын автору же башка укук ээси өз каалоосу менен интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө берүү аркылуу топологияны каттай алат.

2. Өтүнмө бир топологияга тийиштүү болушу керек. 3. Базалык матрицалык кристаллдын топологиясын каттоого өтүнмө базалык

матрицалуу кристаллдын базасынын өзүнүн топологиясына, ошондой эле анын негизинде ишке ашырылуучу заказдык интегралдык микросхемалардын топологиясына кирген материалдарды да камтышы мүмкүн.

4. Өтүнмө берүүгө укугу бар адамдар. Өтүнмө берүү жана топологияны каттоо укугуна автор же ар кандай укук ээси

(мындан ары - өтүнмө ээси) ээ. Өтүнмөнү түздөн-түз өтүнмө ээси берет же өкүлү аркылуу берет. Өкүлдүн

ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат менен тастыкталат.

5. Өтүнмө берүүнүн жол-жобосу. Өтүнмө, эгер ал орун алса, топология биринчи жолу пайдаланылган күндөн

тартып, эки жылдан апшаган мөөнөттө берилет. Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жиберилет. 6. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек: - укук ээсин, ошондой эле, эгерде ал ушундай көрсөтүлүүгө каршы болбосо

авторду, алардын турган ордун (жашаган жерин), эгерде ал орун алса топология биринчи жолу пайдаланылган күндү көрсөтүү менен интегралдык микросхеманын топологиясын (мындан ары - ИМСТ) расмий каттоо үчүн арыз;

- топологиянын өзгөчөлүктүүлүгүн көрсөткөн рефератты кошкондо, топологияны идентификациялоочу депонирленүүчү материалдар;

- ИМСтин топологияларынын элементтеринин мейкиндиктик-геометриялык жайгашкан схемасы;

- белгиленген өлчөмдө жыйымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ же төлөнүүчү жыйымдан бошотуу, ошондой эле анын өлчөмүн кыскартуу үчүн негиз.

Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер: - эгерде бул топология Кыргызпатентке берилген күндөн мурда коммерциялык

максатта пайдаланылса, топология коммерциялык максатта биринчи жолу пайдаланылган күнүн тастыктаган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- эгерде укук ээси автор болуп эсептелбесе, мүлктүк укукту өткөрүп берүүнү тастыктаган документтин тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- эгерде өтүнмө өкүл аркылуу берилсе, өкүлчүлүктүн атына тийиштүү түрдө таризделген ишеним каты.

7. Өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилиши керек. Эгерде өтүнмө башка тилде берилсе, анда ага мамлекеттик же расмий тилде депонирленүүчү материалдардын тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелиши керек.

8. Өтүнмөнүн документтери бир нускада берилет. 2. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну жана таризделиши

9. Өтүнмөнүн документтеринин таризделишине талаптар. Өтүнмөнүн документтери аларды сүрөттүк, электростатистикалык, офсеттүү

жана микрофильмдөөгө түздөн-түз кайра көбөйтүүгө мүмкүн болгондой таризделиши керек.

Өтүнмөнүн документтери эгерде алардын белгиленген формасында башкача караштырылбаса, А4 (210x297 мм) форматтагы бышык, ак, жылмакай, үлдүрөбөгөн, жылтырабаган кагазда аткарылышы жана өзүнчө барактан башталышы керек. Өтүнмөнүн документтеринин барактарынын четтеринин өлчөмдөрү төмөнкүдөн кем болбошу керек (мм):

- сол жагы - 20; - үстү жагы - 17; - оң жана астыңкы жагы - 7. Өтүнмөнүн ар бир документинин экинчи жана акыркы бети араб сандары менен

номурланышы жана кара түстөгү шрифттер менен басылышы керек. 10. Интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоо үчүн арыз

КТ формасы боюнча ушул Эрежелердин 1-тиркемеси берилет. Каттоо үчүн өтүнмөнүн документтеринде аты-жөнү атооч жөндөмөсүндө

көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк ысымдар жана ишканалардын аталыштары кыргыз же орус

транслитерациясында көрсөтүлүшү керек. "Арыз" деген сөздүн үстүндө жайгашкан арыздын графалары Кыргызпатентке

өтүнмө түшкөндөн реквизиттерди жазуу үчүн арналган жана өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.

"Өтүнмө ээси(лери)" деген графада өтүнмө ээсинин толук аты-жөнү же аталышы, анын жашаган жери же турган жери көрсөтүлөт. Автордун - өтүнмө ээсинин жашаган жери жөнүндөгү маалымат "Автор" деген графада көрсөтүлөт.

"Бул чыгармага укуктун келип чыгышынын негиздери" деген графа өтүнүүчү автор болуп эсептелбеген учурда толтурулат. Анда "Х" белгисин коюу аркылуу тийиштүү чакмакта укук ээси көрсөтүлөт.

"Интегралдык микросхеманын бул топологиядагы аталышы" деген графада топологиянын кыскартылган жана толук аталышы көрсөтүлөт.

Эгерде топологияга тиешелүү болгон анын атына мурда документ жазылган болсо, катталуучу топология үчүн кошумча аталышы болсо, "Альтернативалуу аталыштар" деген тиктилке толтурулат.

"Бул топологиянын эң жакын аналогу жөнүндө маалымат" деген графада эгерде андай бар болсо аналог көрсөтүлөт. Аналог катарында коммерциялык максатта пайдаланылбаган, ошондой эле пайдаланылган да топология көрсөтүлөт. Акыркы учурунда "Коммерциялык максатта топология биринчи жолу пайдаланылган күн жана орду" деген графада ушул топология коммерциялык максатта биринчи жолу пайдаланылган толук дата (күн, ай, жыл) жана өлкө көрсөтүлөт.

"Коммерциялык максатта биринчи жолу пайдаланылган датадагы укук ээси жөнүндө маалыматтар" деген графада биринчи жолу пайдаланылган датадагы анын укук ээси жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

"Корголуучу топологиялар жөнүндө маалыматтар" деген графада каттоого көрсөтүлгөн топологияны түзүүдө пайдаланылуучу топологиялар жөнүндө маалымат берилет. Корголуучу топология деген түшүнүккө эки жылдан ашык эмес коммерциялык максатта пайдаланылган катталган, ошондой эле катталбаган топология кирет. Бул өтүнмө берилген топологиянын эң жакын аналогдору, ошондой эле анын жыйындысы өзгөчө болуп эсептелинген аны түзгөн датасына карата ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына жалпы белгилүү болгон элементтерден турган өтүнмө берилген топологияга кирген башка топологиялар болушу мүмкүн. Базалык матрицалык кристалл жөнүндө жана анын негизинде түзүлгөн заказдык интегралдык микросхемалар жөнүндө маалыматтар келтирилет.

"Автор" деген графада көрсөтүлгөн ырааттуулукта атооч жөндөмөдө автордун аты-жөнү, өлкөнүн расмий аталышын телефонун камтуу менен, туулган күнү, жарандыгы жана жашаган жери көрсөтүлөт.

Ушул эле графада автордун бул чыгарманы жаратуудагы чыгармачылык салымынын кыска баяны берилет.

Эгерде бир нече авторлор болсо, анда бул топологияны түзүүгө ар бир автордун ачык-айкын салымынын көлөмүн көрсөтүү менен КТ/Кошумча формасын (2- тиркеме) толтуруу зарыл.

"Өтүнмөнүн документтери" жана "Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер" деген графалар тиешелүү чакмакта "Х" белгисин коюу менен толтурулат.

"Депонирленүүчү материалдар" графасында бул топологияны идентификациялоочу материалдын түрү белгиленет.

"Адресат жөнүндө маалыматтар" деген графада ушул өтүнмө боюнча кат-кабар жиберүү үчүн адресат жөнүндө маалыматтар берилет, б.а. почта менен тез жеткирүүнүн кадимки талаптарын канааттандырган өтүнмө ээлеринин биринин дареги, аты же аталышы жана телефон, телекстин, факстын (ал бар болсо) номери жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

Арыздын акыркы графасында арызда көрсөтүлгөн маалыматтар анык жана депонирленүүчү идентификациялоочу материалдарга ылайык келгендигин тастыкталат. Графага кол койгон күнү көрсөтүлүп, өтүнмө ээси же анын өкүлү кол коет. Колу жана датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Колу кол койгон адамдын аты- жөнүнүн чечмелөө менен коюлат.

Эки жана андан ашык өтүнмө ээсинен өтүнмө берилгенде, арыздын бланкына ар бири кол коет, ал эми кат алышуу арыздын тиешелүү графасында көрсөтүлгөн дарек боюнча буга өтүнмө ээлери ыйгарым укук берген өкүл менен жүргүзүлөт.

Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси кызмат ордун көрсөтүү менен кол коет, колу чечмеленет жана мөөр менен бекемделет.

11. Депонирленүүчү материалдарды тариздөөгө талаптар. Кыргызпатентке депонирлөөгө берилген материалдар катталуучу топологиянын

бир маанидеги идентификациясын камсыздоосу зарыл. Өтүнмөнү каттоого бергенге чейин коммерциялык максатта пайдаланылбаган

топологияны идентификациялоо максатында депонирленүүчү материалдар топологиянын ар бир катмарын көрсөтүүчү толук комплектинин көрүнөө кабыл алынуучу төмөнкү түрлөрдүн биринин толук комплектин камтууга тийиш:

- фотоүлгү; - топтолгон топологиялык чийме; - катмарлуу топологиялык чиймелер; - ИМСТда белгиленген топологиянын ар бир катмарынын сүрөтү; - расмий бюллетенде кийин жарыялоого арналган маалыматтарды камтыган

реферат: - ИМСТнын аталышы; - өтүнмө ээсинин аталышы; - ИМСТны пайдалануу чөйрөсү, арналышы же милдеттери; - ИМСТди жасоо үчүн колдонулган технологиянын түрү. Рефераттын текстинин орточо көлөмү - 1500 чейин басылма белгилер. Өтүнмөнү каттоо үчүн берген күнгө чейин коммерциялык максатта

пайдаланылган топологияны идентификациялоо максатында өтүнмөнүн депонирленүүчү материалдары кошумча түрдө ал коммерциялык максатта пайдаланылган түрүндө ушул топологияны камтыган, ИМСТнын үлгүлөрүн камтышы зарыл, ал эми рефератта коммерциялык максатта биринчи жолу пайдалангандыгы жана ИМСТнын үлгүсүнүн негизги мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматы камтылат.

Топологиялык чиймелердин графикалык сүрөттөлүшү калькада же жылмакай ак кагазда аткарылат. Барактардын форматы бүктөлгөн түрдө 210x297 мм болушу керек. Графикалык сүрөттүн барактарынын минималдык четтери төмөнкүдөй өлчөмдө болуш керек: үстү жана сол жагы: - 20 мм, оң жагы 15 мм, асты - 10 мм.

Сүрөттөлгөн сүрөттөр кескин айырмалуу болушу керек. Чиймелердин жана фотосүрөттөрдүн бардык нускаларында сүрөттөрдүн

масштабы көрсөтүлөт. Сүрөттүн көрүнөө кабыл алынуучу материалдарында сүрөттөр 20:1 кем эмес

масштабда берилиши керек. Өтүнмөнүн курамына киргизилүүчү ИМСТнын үлгүлөрү алардан анын

топологияларынын ар бир катмарынын көрүнөө кабыл алынган сүрөттөрдү алууга мүмкүнчүлүк бериши керек.

Эгерде топологиянын кайсы бир кабаты купуя мүнөздөгү маалыматтарды камтыса (мисалы: "ноу-хау"га тиешелүү), көрүнөө кабыл алынган материалдарда ал катмардын тийиштүү бөлүгү (же бүтүндөй бөлүгү) алынып коюлушу жана купуя сакталган түрдө топологияны идентификациялоочу депонирленүүчү материалдардын курамына киргизилиши мүмкүн.

3. Өтүнмөнү карап чыгуу 12. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кирүү номери

коюлат жана түшкөн күнү белгиленет. Өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жөнүндө кирүү номерин, түшкөн күнүн

жана кабыл алынган документтердин тизмесин көрсөтүү менен маалымкат өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө берилет.

13. Өтүнмөнү карап чыгуу алты айдын ичинде жүргүзүлөт. Келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарында өтүнмөнү берүү жана карап чыгуу

үчүн белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымы төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин бар экендиги текшерилет.

Мындай документ жок болсо, өтүнмө ээсине кошумча жыйымды төлөө шартында, өтүнмө түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде аны көрсөтүшү тууралуу билдирилет.

Өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөндөн кийин эки айдын ичинде өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.

14. Өтүнмөнү карап чыгуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленет: - каттоо үчүн төлөнгөн жыйымдын белгиленген өлчөмгө ылайык келиши; - ушул Эрежелердин 6-пунктунда аныкталган керектүү документтердин болушу; - өтүнмөнүн документтеринин ушул Эрежелердин 9-11-пункттарынын

талаптарына ылайык туура таризделиши; - өтүнмө берилген топологиянын укуктук коргоо берилген объектилерге ылайык

келиши. Белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча Кыргызпатент

өтүнмө ээсине сурамды алган күндөн тартып, эки айдын ичинде болгон кемчиликтерди четтетүү сунушу менен сурам жиберет.

15. Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында ал укуктук коргоо берилген объектиге таризделгени белгиленсе, топологияны расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылат, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

Кыргызпатент текшерүүнүн оң жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Интегралдык микросхемаларынын топологияларынын реестрине тийиштүү жазууну киргизет, белгиленген тартипте Кыргызпатенттин "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенине катталган топология жөнүндө маалыматтарды жарыялайт, өтүнмө ээсине расмий каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.

16. Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында ал укуктук коргоо берилбеген объектиге таризделгени аныкталса жана ушул Эрежелердин 5- пунктунун экинчи абзацынын талаптарын өтүнмө ээси сактабаган учурда, б.а. коммерциялык максатта топология биринчи жолу пайдаланылган күндөн тартып, каттоого өтүнмө берүүнүн мөөнөтү белгиленген мөөнөттөн ашса (эки жыл), тиешелүү негиздемелер келтирилип, топологияны расмий каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

___________________________________________________________________ ____

________________________________________________________

___________________________________________________

___________________________________________________________________ ____

___________________________________________________________________ ____

Өтүнмөнү каттоодон баш тарткан учурда төлөнгөн алым жана өтүнмөнүн материалдары өтүнмө ээсине кайтарылып берилбейт.

1-тиркеме КТ формасы

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент)

Дареги: Келип түшкөн күнү _____ күн _____ ай _____ жыл Кириш № _______________ Расмий каттоо № Интегралдык микросхемалардын топологиясын (ИМСТ) расмий каттоо үчүн

АРЫЗ Төмөндө көрсөтүлгөн документтерди берүү менен топологияны каттоону

суранам 1. Өтүнмө ээси (ээлери) __________________________________________ (толук аты же аталышы жана

жашаган жери же турган жери) Авторлордун-өтүнмө ээлеринин жашаган жери тууралуу маалыматтар 9-

графада келтирилет. 2. Бул топологияга укуктун пайда болуу негизи (эгер өтүнмө ээси автор болбосо)

[ ] өтүнмө ээси автордун жумуш берүүчүсү болуп эсептелет; [ ] автор же анын укук мураскери укукту башка тарапка өткөрүп бериши; [ ] жумуш берүүчү укукту башка тарапка өткөрүп бериши; [ ] укук мурастоочу. 3. Бул топология менен интегралдык микросхеманын аталышы (кыскартылган

жана толук):

4. Альтернативалуу аталышы

5. Бул топологиянын эң жакын окшоштугу жөнүндө маалыматтар

6. Коммерциялык максатта топологияны биринчи жолу пайдаланган датасы жана орду

___________________________________________________________________ ____

___________________________________________________________________ ____

___________________________________________________________________ ____

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

___________________________________________________________________ ____

күн ______ ай ______ жыл Өлкө ___________________ 7. Коммерциялык максатта топологияны биринчи жолу пайдаланган күнгө

карата укук ээси жөнүндө маалыматтар (аты, аталышы, жарандыгы, дареги, телефону)

8. Корголуучу топологиялар жөнүндө маалыматтар (бул топологияны түзүүдө пайдаланылгандар)

9. Автор (башка авторлор жөнүндө маалыматтарды билдирүү үчүн КТ/ДОП формасын толтуруу керек)

Аты-жөнү Туулган күнү күн ______ ай ______ жыл ______ Жарандагы __________________________________

Жашаган жери, дареги, телефону

Бул чыгармага автордун салымынын кыскача баяндоосу

10. Бул топологияны идентификациялоочу депонирленүүчү материалдар: [ ] спецификациясын кошкондо бул топологиянын ар бир кабатын көрсөткөн

көрүнөө кабыл алынган материалдардын төмөнкү түрлөрүнүн биринин толук топтому

______ нускада: [ ] фотоүлгү даана _____________; [ ] ________ барак топологиялык чийменин жыйындысы; [ ] ________ барак кабаттуу топологиялык чийме; [ ] интегралдык микросхемада белгиленген топологиянын ар бир кабатынын

сүрөтү _____ даана; [ ] ИМСТнын топологиясынын элементтеринин мейкиндиктик-геометриялык

жайгашкан схемасы _______ барак; [ ] коммерциялык максатта пайдаланылган түрүндө бул топологияны камтыган

интегралдык микросхемалардын үлгүсү ______ нуска; [ ] реферат, _____ нуска. 11. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер:

___________________________________________________________________ ____

__________________________________________________________________

___________________________________________________________________ ____

__________________________________________________________________

[ ] каттоо үчүн жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө документ; [ ] каттоо үчүн жыйымдан бошотулгандыгы же анын өлчөмүн азайткандыгы

жөнүндө документ; [ ] мүлктүк укукту өткөрүп берүү жөнүндө документтин көчүрмөсү; [ ] коммерциялык максатта топологияны биринчи жолу пайдаланылган күнүн

жана ордун тастыктаган документтин көчүрмөсү; [ ] укук ээсинин өкүлүнүн ишеним каты; [ ] кыргыз же орус тилине котормосу. 12. ______________________________________________________________ Адресат жөнүндө маалымат (бул өтүнмө боюнча корреспонденция

жиберилүүчү жак) почта индекси менен дареги: - телефондун номерлери, эл аралык коду менен (факс, телефакс жана

башкалар); - алуучу. Мен, _____________________________________________________________ (кызмат орду)

(аты-жөнү) өтүнмөдө көрсөтүлгөндөр так жана депонирленүүчү идентификациялоочу

материалдарга ылайык экендигин ушуну менен тастыктайм. Колу _____________ "__" ________ 20__-ж.

2-тиркеме КТ формасы/Кошумча

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент)

Дареги: Катталган күнү ____ күн ____ ай ____ жыл Кириш № _________ Расмий каттоо №

Өтүнмө ээси (толук аты же "КТ формасында" көрсөтүлгөн

өтүнмө ээлеринин биринин аталышы)

Чыгарманын аталышы ("КТ формасында" көрсөтүлгөн)

___________________________________________________________________ ____

________________________________________________________ ___________________________________________________________________

____

__________________________________________________________________

"КТ форманын" 9-графасында көрсөтүлгөн Автор ____________________________________________________________ Аты-жөнү Туулган күнү _______ айы ________ жылы Жарандыгы Жашаган жеринин дареги, телефону Бул чыгармага автордун салымынын кыскача баяндоосу

"КТ форманын" 9-графасында көрсөтүлгөн Автор ____________________________________________________________ Аты-жөнү Туулган күнү ______ күн _____ ай _____ жыл Жарандыгы

Жашаган жеринин дареги, телефону Бул чыгармага автордун салымынын кыскача баяндоосу

"КТ форманын" 9-пунктуна карата толуктоолор Автор ____________________________________________________________ Аты-жөнү Туулган күнү ______ күн _______ ай ______ жыл Жарандыгы ________________________________________________________

Жашаган жеринин дареги, телефону Бул чыгармага автордун салымынын кыскача баяндоосу