关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 在产权组织任职 问责制 专利 商标 外观设计 地理标志 版权 商业秘密 知识产权的未来 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 青年 审查员 创新生态系统 经济学 金融 无形资产 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 前沿技术 移动应用 体育 旅游 音乐 时尚 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 全球无形资产投资精要 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 重建基金 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 工作人员职位 附属人员职位 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决 按管辖区浏览

吉尔吉斯斯坦

KG251

返回

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом № 654 2016-жылдын 12-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом № 654 2016-жылдын 12-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 12-декабры № 654

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркелген тизмекке ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С. Жээнбеков

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон айрым чечимдеринин ТИЗМЕГИ

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 31-декабрындагы № 594 "Кыргызстандын музыкалык фондуна чегерүүлөр жөнүндө" токтому.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-июлундагы № 319 "Кыргызстандын ишкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын иши жөнүндө" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-ноябрындагы № 560 "Кыргызстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун маселелери" токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 4-февралындагы № 52 "Сүткө эркин сатып алуу баалары жөнүндө" токтому.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасында баалуу металлдарды экинчи жолу кайра иштетүү өндүрүшүн уюштуруу жөнүндө" токтому.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 29-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасында спирт өндүрүүнү жана сатууну жөнгө салуу, спирт ичимдиктерин өндүрүүгө жана сатууга көзөмөлдүк жасоо жөнүндө"токтому.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 4-майындагы № 284 "Суу ресурстарын бөлүштүрүүнүн, суу пайдалануучулар тарабынан чарбалык суу тармактарын пайдалануунун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу"токтому.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-августундагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 11-мартындагы № 103 "Кыргыз Республикасында баалуу металлдарды экинчи жолу кайра иштетүү өндүрүшүн уюштуруу жөнүндө" токтому.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-сентябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасында туристтик-экскурсиялык жана альпинисттик ишти лицензиялоо жөнүндө" токтому.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-апрелиндеги № 113 "Айыл чарба өндүрүшүндө жана токой чарбасында пайдаланылуучу сууну алууга, ташууга жана бөлүштүрүүгө байланышкан кызматтар үчүн акыны бекитүү жөнүндө" токтому.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 8-июнундагы № 232 "Кыргыз Республикасында спиртти жана ликер-арак ичимдиктерин өндүрүү, алып кирүү жана сатуу менен байланышкан маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 16-ноябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик салыктык каттоону киргизүү жөнүндө" токтому.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 27-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарын жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө, импорттоого жана сатууга акциздик маркаларды колдонууну киргизүү жөнүндө" токтому.

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 5-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарына жана алкоголдук ичимдиктерге акциздик маркаларды киргизүү тартибин жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому.

15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 240 "Улуттук жер фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1-9 пункттары.

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-июлундагы № 334 "Спиртти өндүрүү, сактоо жана сатууга жүз проценттик мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө" токтому.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн спиртти сатууну иретке келтирүү жөнүндө" токтому.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 18-сентябрындагы № 435 "Тамеки буюмдарын жана ферменттелген тамекини сатууну мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан кошумча чаралар жөнүндө" токтому.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-октябрындагы № 475 "Улуттук камсыздандыруу рыногун коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому.

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 182 "Акциздик товарларды өндүрүүгө, сатууга, импорттоого жана экспорттоого контролду күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 5-сентябрындагы № 513 "Монополист-ишканалардын акцияларын чыгарууну мамлекеттик каттоого алуу үчүн бир жолку жыйымынын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-апрелиндеги № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 6-июлундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" токтому.

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-сентябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасында жеке ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун демилгеси жөнүндө" токтому.

26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 16-декабрындагы № 705 "Бажы союзу жөнүндө Макулдашууга катышкан мамлекеттерге ташылып келчү товарларга карата техникалык, медициналык, фармацевтикалык, санитардык, фитосанитардык жана экологиялык стандарттарды, нормаларды, эрежелерди жана талаптарды колдонуунун бирдей тартиби жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому.

27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-апрелиндеги № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 16-февралындагы "Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин иштерин мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому.

28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-июнундагы № 330 "Фирмалык аталыштарды каттагандыгы үчүн алынуучу алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык зоналарды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясы жөнүндө" токтому.

30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги көрсөтүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому.

31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-сентябрындагы № 571 "Экономикалык ишкердиктин эркиндигин чектөөчү жаңы нормативдик укуктук актыларды чыгарууга мораторий коюу жөнүндө" токтому.

32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-июлундагы № 356 "Ишкердик тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 386 "Ишкердик субъекттерине мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксат этүү документтери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-октябрындагы № 602 "Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө кызыкчылыктардын кагылышын четтетүү боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 "Жеке ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому.

36. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101 "Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык иштин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттик негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-июнундагы № 376 "Имараттардын жана курулмалардын сейсмотуруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.

38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-июнундагы № 394 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101 "Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык ишкердиктин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттүү негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-сентябрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101 "Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык ишкердиктин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттүү негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

40. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 265 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтому.

41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги № 293 "Юридикалык жана жеке жактар тарабынан экономикалык иштин айрым түрлөрүн милдеттүү түрдө патенттик негизде жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 101токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

42. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысыккөл облусунун курорттук- рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

43. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 917 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишининрегламентин жана Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

44. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-июнундагы № 205 "Кыргыз Республикасынын алкоголдук өнөр жайынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.

45. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-августундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ысыккөл облусунда Мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" пилоттук долбоорун өткөрүү маселелери боюнча жарлыктарынын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 13-апрелиндеги № 100Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун 3-пункту.

46. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

47. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-октябрындагы № 740 "Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9- июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

48. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-декабрындагы № 855 "Бишкек шаарында шаар транспортунун ишин өркүндөтүү жөнүндө" токтому.

49. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 "Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 19-пунктунун төртүнчү абзацы.

50. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

51. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"токтомунун 35-пункту.

52. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-декабрындагы № 628 "Кошумча наркка салыктын каттоо чеги жөнүндө" токтому.

53. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 396 "Чакан ишкердик субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 846 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому. 54. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы № 445 "Кыргыз Республикасында

автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси" токтому.

55. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-июлундагы № 547 "Ысык-Көл облусунун курорттук- рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү боюнча комиссиянын ишинин регламентин жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, туристтик объекттерди жана тейлөө объекттерин куруу үчүн берүү боюнча тооруктарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1- апрелиндеги № 207 токтому.

56. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

57. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 746 "Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому.

58. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 3-пункту.

59. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-февралындагы № 69 "Кош коридор тутумун колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому.

60. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому.

61. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

62. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө" токтому.