2015-жылдын 7-июлу № 149
"Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228-"а" ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Топологияларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.".
2. 3-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына ал түзүлгөн датага карата жалпыга белгилүү болгон элементтерден турган топологияга, эгерде мындай элементтердин жыйындысы ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген учурда гана укуктук коргоо берилет.".
3. 6-статьяда:
3-бөлүгүндө "Кыргызпатентте" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүндө "Кыргызпатентте" деген сөз алып салынсын.
4. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-статья. Топологияны каттоо
Топологиянын автору же башка бир укук ээси өзүнүн каалоосу боюнча түздөн- түз же өзүнүн өкүлү аркылуу топологияны ИМСтин топологиясын расмий каттоого билдирме берүү (мындан ары - каттоого билдирме) жолу менен каттата алат.
Каттоого билдирме берүү топологияны биринчи жолу пайдалануу датасынан тартып, эгерде мындай пайдалануу болсо, эки жылдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Каттоого билдирме берүү бир гана топологияга тиешелүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
укук ээсин, ошондой эле эгерде ушундай катары көрсөтүлүүдөн баш тартпаса авторун, алардын турган жерин (жашаган жерин), топологияны биринчи жолу пайдалануу датасын, эгерде мындай пайдалануу болсо, көрсөтүү менен ИМСтин топологиясын расмий каттоого арызды;
топологиянын өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү рефератты кошуп алганда, топологияны идентификациялаган депонирленген материалдарды;
ИМСтин топологиясынын элементтеринин жайгашуусунун геометриялык- мейкиндик схемасын;
белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымы төлөнгөнүн ырастоочу документти же каттоо жыйымын төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди.
Каттоого билдирме келип түшкөндөн кийин зарыл документтердин болушу, алардын ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө баяндалган талаптарга ылайык келүүсү текшерилет. Билдирме берилгенден кийин эки айдын ичинде арыз ээси билдирменин материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.
Билдирмени кароо алты айдын ичинде жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн оң натыйжасы чыкканда топология Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилет, топологиянын катталганы жөнүндө маалыматтар жарыяланат жана арыз ээсине интегралдык микросхеманын топологиясы расмий катталганы жөнүндө күбөлүк берилет.
Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы, аларда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалар топологияларынын мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтар, алар тескерисинче далилденгенге чейин ишенимдүү деп эсептелет.
Көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн арыз ээси жоопкерчилик тартат.
Интегралдык микросхемалардын топологияларын, укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди расмий каттоого байланыштуу аракеттерди жүзөгө ашыруу жана маалыматтарды жарыялоо үчүн каттоо жыйымдары алынат.
Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмдөрүн азайтуу үчүн негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Топологиянын автору же анын укук мураскери өздөрүнүн укуктары жөнүндө билдирүү үчүн корголуучу топологияга, ошондой эле ушундай топологияны камтыган буюмдарга Т ("Т", [Т], (Т), Т* же Т) жазуу тамгасы түрүндө белгиленген кабарлоону, укук ээсин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү топологияны жана маалыматты пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнө кирүү мөөнөтү башталган датаны көрсөтүүгө укуктуу.".
5. 10-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында жана 12-статьянын 1-бөлүгүндө
"Кыргызпатентте" деген сөз алып салынсын.
6. 11-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын укуктары
Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара келишүү принцибинин негизинде ушул Мыйзамда каралган укуктардан Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.".
8. 14-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 10-июлунда № 63 жарыяланды