关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG168

返回

Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 544 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 27-майындагы
N 336 токтому менен
бекитилди

Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы N 665, 2016-жылдын 13-октябрындагы № 544 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо менен рационализаторлук сунуштарды жаратууга, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу келип чыгуучу мүлктүк, ошондой эле алар менен байланышкан мүлктүк эмес жеке мамилелер жөнгө салынат.

2. Рационализатордук сунуш деп ишкана үчүн жаңы жана пайдалуу болуп саналган техникалык, уюштуруучулук же дагы башка сунуштар таанылат.

3. Бул Жобонун максаттары үчүн ишкана деп Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине ылайык уюштурулган ар бир юридикалык тарап, ошондой эле ишкердик жүргүзгөн жеке адам эсептелет.

II. Рационализаторлук сунушту жаңы жана пайдалуу деп таануунун шарттары

4. Эгерде белгилүү форма боюнча арыз бергенге чейин ушул сунуш же ошого окшош сунуш ишканада болгон булактарда аны иш жүзүндө пайдаланууга жетиштүү болгон даражада белгилүү болбосо, мындай сунуш ишкана үчүн жаңы деп эсептелет.

Арыз бергенге чейин аны автордун демилгеси боюнча үч айдан ашык эмес убакыттын ичинде иш жүзүндө пайдалануу рационализатордук сунуштун жаңылыгына таасир берүүчү жагдай деп таанылбайт.

5. Эгерде сунушту иш жүзүндө пайдалануу ишканага экономикалык же башка бир ийгилик алып келе турган болсо мындай сунуш пайдалуу деп эсептелет.

6. Төмөндөгүлөр рационализатордук сунуш деп таанылбайт, атап айтканда, алар:

- продукциянын ишенимдүүлүгүн, колдонуу мөөнөтүн жана башка көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүчү же эмгек шартын жана экологияны начарлатуучу сунуштар;

- шарттуу белгилер, эрежелер, нормативдик-усулдук материалдар;

- буюмдун сырткы түрүнө тиешелүү ошондой эле түрдөгү сунуштар;

- илимий-изилдөө, конструктордук, технологиялык уюмдардын жана ишканалардын ушул сыяктуу бөлүмдөрүнүн инженер-техникалык кызматкерлери кызмат тапшырмаларын же келишим боюнча жумуштарды аткарууда жараткан сунуштар.

7. Рационализатордук сунуш анда мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар бар же жок экендиги боюнча текшерилет.

Эгерде рационализатордук сунушта камтылган маалыматты ачыкка чыгаруу мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтире турган болсо, мындай рационализатордук сунуш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруундукка алынат.

III. Рационализатордук сунуштун авторлорунун укуктары

8. Рационализатордук сунушка болгон укук ушул Жобо менен корголот жана ал рационализатордук сунуштун күбөлүгү менен ырасталат, ал билдирилген чечимдин рационализатордук сунуш деп таанылгандыгын, ушул рационализатордук сунушка артыкчылык укукту жана авторлукту, ошондой эле ал пайдаланылганда сый акы алуу укугун ырастайт.

9. Рационализатордук сунушка авторлукка укук аны чыгармачыл эмгеги менен жараткан жаранга таандык болот.

Авторлукка укук автордон башка эч ким ээлеп ала албай турган мүлктүк эмес жеке укук болуп саналат жана ал мөөнөтсүз корголот.

Эгерде рационализатордук сунуш бир нече жарандын биргелешкен чыгармачыл эмгеги менен жаралса, алардын бардыгы тең мындай рационализатордук сунуштун орток авторлору болуп саналышат.

Рационализатордук сунуштун авторуна техникалык, уюштуруучулук же материалдык жардам гана көрсөткөн, же болбосо рационализатордук сунушка укук алууга жана аны өндүрүштө пайдаланууга көмөк көрсөтүшкөн жараңдар орток авторлор болуп таанылышпайт.

Рационализатордук сунуштун орток авторлоруна таандык укуктарды пайдалануунун тартиби алардын ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

IV. Рационализатордук сунушту каттатуу үчүн арыз түзүү жана берүү

10. Сунушту рационализатордук деп таанышы үчүн автор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствого (Кыргызпатент) рационализатордук сунушту каттоого арыз берет (мындан ары - арыз).

Арыз бир чечимге гана таандык болушу керек.

Арызда төмөндөгүлөр болушу зарыл:

- автордун фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери же жүргөн жери, ошондой эле иштеген жери;

- сунуштун маани-маңызынын баяндамасы, анын ичинде сунушту пайдалануу үчүн жетиштүү болгон маалыматтар;

- рационализатордук сунуш кайсы ишкананын (ишканалардын) ишмердигине тиешелүү болсо ошону (ошолорду) көрсөтүү.

Эгерде рационализатордук сунуш жумуш берүүчүнүн ишмердигиндеги тармакка тиешелүү болсо автор жумуш берүүчүнүн ишканасын көрсөтүшү керек.

Арызга аны бергендик жана карагандык үчүн белгиленген өлчөмдө жыйым төлөгөндүгүн же аны төлөөдөн бошотуунун негиздерин ырастоочу документ тиркелет.

Арыз мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.

Арызга карата башка талаптар Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы N 665 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Рационализатордук сунуштун артыкчылыгы (приоритети) Кыргызпатентке берилген арыздын күнү боюнча белгиленет.

V. Рационализатордук сунуш боюнча арызды карап чыгуу

12. Кыргызпатент арыз берилген күндөн тартып үч күндүн ичинде аны түзүүнүн тууралыгын жана жыйым төлөнгөндүгүн текшерет.

Эгерде текшерүүнүн жыйынтыгында арызда зарыл маалыматтар жок экендиги аныкталса же ал белгиленген талаптарды бузуу менен толтурулса арыз ээсине аны алгандан кийин он күндүк мөөнөттүн ичинде оңдолгон же жетишпеген маалыматтарды берүүсү жөнүндө сунуш берилет.

Эгерде арыз ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде суралган маалыматтарды бербесе, анда арыз берилген жок деп эсептелет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы оң болгон учурда Кыргызпатент арызды анда көрсөтүлгөн ишканага корутунду чыгаруу үчүн жөнөтөт.

Ишкана арызды алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде берилген сунуштун ушул Жобонун 2, 4 жана 5-пункттарында белгиленген талаптарга дал келер-келбесин карап чыгат.

Арызды карап чыгуунун тартибин ишкана аныктайт.

Арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ишкана Кыргызпатентке сунушту рационализатордук сунуш деп тааныгандыгы жөнүндө же аны рационализатордук сунуш деп таануудан баш тарта тургандыгы жөнүндө корутундусун жиберет.

Ишкана сунушту рационализатордук сунуш деп таануудан баш тарткан учурда корутундуда андан баш тартуунун себептери көрсөтүлөт.

Ишкананын сунушту рационализатордук сунуш деп тааныгандыгы жөнүндө же сунушту рационализатордук сунуш деп таануудан баш тарта тургандыгы жөнүндө корутундусунун негизинде Кыргызпатент аны алган күндөн тартып беш күндүн ичинде рационализатордук сунушту каттоого алуу жөнүндө же каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

Рационализатордук сунушту каттоого алуу жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде авторго жиберилет же болбосо берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Рационализатордук сунушту каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге макул болбогон учурда, автор аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргызпатентке каршылык арыз бере алат. Кыргызпатент каршылык арызды сунушту рационализатордук сунуш деп таануудан баш тартуу жөнүндө корутунду чыгарган ишканага жиберет.

Каршылык арызды ишкананын рационализатордук талаштар боюнча Комиссиясы (мындан ары - Комиссия) аны алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде карап чыгышы керек.

Автор өзүнүн даттануу арызы каралып жатканда ага катышууга укуктуу.

Комиссия ишкананын администрациясынын өкүлдөрүнөн, Кыргызпатенттин жана Ойлоп табуучулар менен рационализаторлор коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлөт.

Комиссиянын корутундусу Кыргызпатентке жиберилет.

Кыргызпатент Комиссиянын корутундусунун негизинде чечим чыгарат.

VI. Рационализатордук сунушту каттоо жана ага күбөлүк берүү

14. Рационализатордук сунушту каттоо жөнүндөгү чечимдин негизинде Кыргызпатент рационализатордук сунушту каттагандыгы жана анын катталгандыгы жөнүндө күбөлүк бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө документти алган күндөн тартып беш күндүн ичинде рационализатордук сунушту Рационализатордук сунуштардын реестрине каттайт (мындан ары - Реестр) жана аны каттаган күндөн тартып бир айдын ичинде рационализатордук сунуштун катталгандыгы жөнүндө күбөлүк берет.

Жыйым сунушту рационализатордук сунуш деп таануу жөнүндө Кыргызпатенттин чечимин автор алган күндөн тартып он төрт күндүн ичинде төлөнөт.

Реестрге киргизилүүчү маалыматтардын тизмесин жана аларды Реестрге киргизүүнүн тартибин Кыргызпатент аныктайт.

VII. Рационализатордук сунуштун катталганы жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо

15. Ишкананын уруксаты болсо автордун каалоосу боюнча рационализатордук сунуштун каттоосу жөнүндө маалыматтарды, анын каттоосуна таандык башка маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн жыйым төлөө шарты менен алар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын тизмесин жана толуктугун Кыргызпатент автор менен макулдашып аныктайт.

VIII. Рационализатордук сунушту пайдалануу жана автордук сый акы төлөө

16. Эгерде рационализатордук сунуш даярдалып жаткан продукцияда, технологиялык же башка бир процессте пайдаланылып жатса, ошондой эле үчүнчү адамдарга акынын негизинде берилүүчү техникалык документтерде, сатылуучу лицензияда пайдаланылып жатса, ал пайдаланылды деп таанылат.

Продукция конструкцияга (түзүлүшкө) же материалга (затка) таандык рационализатордук сунушту пайдалануу менен даярдалса бул рационализатордук сунуш ушул продукция даярдала баштаган күндөн тартып пайдаланылды деп таанылат.

Ыкмага (технологияга) таандык рационализатордук сунуш ишканада пайдаланыла баштаган күндөн тартып ал пайдаланылды деп таанылат.

Уюштуруучулук чечимди камтыган рационализатордук сунуш ишканада пайдаланыла баштаган күндөн тартып ал пайдаланылды деп таанылат.

Рационализатордук сунушту пайдалануу фактысы рационализатордук сунуштун аталышын жана каттоо номерин, пайдаланыла баштаган күндү жана пайдаланылган жерди көрсөткөн атайын документ (акт) менен ырасталат.

17. Эгерде ишкана рационализатордук сунушту ал Реестрде катталган күндөн тартып алты айдын ичинде пайдаланууну баштабаса, анда рационализатордук сунушту пайдалануу укугу, анын ичинде рационализатордук сунушту чектөөсүз пайдалануу укугу авторго өтөт жана бул жөнүндө ишканага алдын ала билдирилет.

18. Ишкана рационализатордук сунушту пайдаланган учурда авторго сый акы төлөп берүүгө милдеттүү.

Сый акы төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби автор менен ишкананын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

19. Эгерде ошол эле бир автордун ошол эле бир рационализатордук сунушу бир нече ишканада рационализатордук сунуш деп таанылса, анда ушул ишканалардын ар бири сый акыны авторго бири-бирине көз карандысыз түрдө өз алдынча төлөп беришет.

20. Ишкана автордук сый акыны төлөп бербегендиги үчүн жана аны төлөөнүн мөөнөттөрү менен шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.

21. Эгерде автор өзүнүн рационализатордук сунушун пайдаланууга даярдоо боюнча ишке тартыла турган болсо, анда аны менен анын кызматтык тапшырмасын аткаруу тартибинде иштеле турган иштерине кирбеген ушул ишти аткаруу боюнча келишим түзүлүшү керек.

22. Ишкана рационализатордук сунушту пайдаланууга көмөк көрсөтүшкөн адамдарга, анын ичинде рационализатордук сунуштун авторлоруна материалдык жана моралдык сыйлык берүүнүн кошумча чараларын белгилей алат.

Рационализатордук сунушту пайдаланууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйлыктардын түрүн жана өлчөмүн ишкана жеке өзү аныктайт.

IX. Рационализатордук ишмердикке жумшалуучу чыгымдардын булактары

23. Ишкананын рационализатордук ишмердикке жумшоочу чыгымдары продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн ж.б.) өздүк наркына таандык болуп саналат.

Бюджеттик уюм рационализатордук ишмердикти каржылоону ушул уюмду кармап туруу үчүн бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен, ошондой эле уруксат берилип жүргүзүлгөн башка ишмердиктерден алынган каражаттардын эсебинен ишке ашырат.

X. Корутунду жоболор

24. Арыз бергендиги жана ал каралып чыккандыгы үчүн, рационализатордук сунушту каттагандыгы жана анын катталгандыгы жөнүндө күбөлүк бергеңдиги үчүн, анын катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн, ошондой эле рационализатордук сунушту каттоого байланышкан башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаргаңдыгы үчүн жыйындын өлчөмү, ошондой эле жыйым төлөөдөн бошотуунун же анын өлчөмүн азайтуунун негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Караңыз:

Рационализатордук сунушту каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги N 297 токтому менен бекитилди)

25. Рационализатордук ишмердикке байланышкан талаш-тартыштар соттук тартипте каралат.