关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG112

返回

Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 8 токтому менен бекитилген)

 Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 8 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5- январындагы № 8 токтому менен бекитилген

Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө

берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун ЭРЕЖЕЛЕР

1. Жалпы жоболор

1. Жашырын ойлоп табууларга өтүнмө берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык иштелип чыккан жана "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына жана Кыргыз Республикасында жашырындуулук тартибин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жашырын ойлоп табууга патент берүүгө өтүнмөнү (мындан ары - жашырын ойлоп табууга өтүнмө) берүүнүн жана карап чыгуунун жол-жобосун, аны жашырын сактоонун шарттарын аныктайт.

2. Жашырын ойлоп табууга өтүнмө берүү

2. Жашырын ойлоп табууга өтүнмө Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын талаптарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Эрежелерде каралган мамлекеттик жашырын сырларды сактоонун талаптарын сактоо менен "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган жактар тарабынан берилет.

Чет өлкөлүк жарандардан же чет өлкөлүк юридикалык жактардан келип түшкөн жашырын ойлоп табууга өтүнмө өтүнүүчүгө карап чыгуусуз кайтарылып берилет.

3. Жашырын сактоого тийиштүү ойлоп табууга өтүнмө интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга (мындан ары - Кыргызпатент) Кыргызпатенттин атайын секторуна берилет.

4. Өтүнүүчүлөр (юридикалык жактар) - жашырын сактоого тийиштүү маалыматтардын тизмесине ээ жана алар ойлоп табууга берген өтүнмөдө камтылган жашырын маалыматтары бар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор мындай өтүнмөлөрдү өздөрүнүн режимдик- жашырын түзүмдүк бөлүкчөлөрү аркылуу аларга жашырындуулуктун тийиштүү деңгээлдеги грифин коюу менен беришет.

5. Жашырын сактоого тийиштүү маалыматтардын тизмеси болбогон өтүнүүчүлөр (жеке жана юридикалык жактар) эгер алар берген өтүнмө алардын пикири боюнча, мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтарды камтыса жана жашырын сакталышы зарыл болгон учурда, иштеген (турган) жери боюнча

режимдик-жашырын түзүмдүк бөлүкчөлөрү аркылуу жашырын сактоо жөнүндө өтүнүч менен ушундай өтүнмө берет, ал эми мындай мүмкүнчүлүк болбосо, жашаган (турган) жери боюнча атайын байланыш аркылуу же Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган тартипте тикелей берилет.

6. Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтерди берүү үчүн факсты пайдаланууга уруксат берилбейт.

7. Жашырын ойлоп табууга өтүнмө Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлөт.

Жашырын ойлоп табуунун баяндоосун түзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун жашырындуулук деңгээлине караганда, жашырындуулук деңгээли жогору белгиленген маалыматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

8. Жашырын ойлоп табууга өтүнмөнүн бардык документтери бир нускада берилет.

9. Жашырын ойлоп табууга өтүнмө боюнча Кыргызпатенттин атайын сектору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жашырын сырларды коргоону камсыздоочу шарттарды сактоо менен өзүнчө иш жүргүзөт.

3. Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтарды камтыган өтүнмөнү жашырын сактоо

10. Ойлоп табуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтардын тизмесинин жана борбордук аткаруу органдар тарабынан иштелип чыккан жашырын сактоого тийиштүү маалыматтардын тизмесинин негизинде сакталат.

11. Мамлекеттик жашырын сырларды сактоого байланыштуу эмес, коммерциялык сырды же башка жүйөлөр боюнча ойлоп табууларды жашырын сактоого уруксат берилбейт.

12. Мамлекеттик жашырын сырларды камтыган өтүнмөлөрдү жашырын сактоо, жашырындуулук деңгээлин аныктоо, ошондой эле аны карап чыгуунун мөөнөтү, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мамлекеттик органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар) тарабынан ишке ашырылат.

13. Жашырын сактоого тийиштүү маалыматтардын колдонулуп жаткан тизмесине ээ болгон мамлекеттик орган - министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство тарабынан берилген жашырын ойлоп табууга өтүнмө жашырындуулуктун тийиштүү деңгээлинин грифи коюлуп жана анын кайра карап чыгуу мөөнөтү белгиленип, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте ушул органдын өзү тарабынан жашырын сакталат.

14. Жашырындуулук деңгээли аныкталбаган жана өтүнүүчүнүн анда мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтарды камтылгандыгы жөнүндө өтүнүч камтылган Кыргызпатентке келип түшкөн жашырын ойлоп табууга өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргызпатенттин атайын сектору тарабынан андагы маалыматтар каралып чыгат, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырын түзгөн маалыматтардын тизмесине ылайык мамлекеттик жашырын сырларга киргизилиши мүмкүн.

15. Өтүнмөдө мамлекеттик жашырын сырды түзгөн маалыматтар аныкталган учурда, Кыргызпатенттин атайын сектору өтүнмөнү каттайт, атайын номур ыйгарат жана аны тематикалык тиешелүүлүгүнө карата маалыматтарды мамлекеттик жашырын сырларга жана аларды коргоого киргизүү боюнча ыйгарым укук берилген тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.

Жашырын ойлоп табууга өтүнмөнүн атайын номуру төмөнкүлөрдү камтыйт: биринчи төрт сан өтүнмө түшкөн жылды, бешинчи сан - жашырын ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү белгилөө үчүн пайдалануучу кодду, калган эки сан - ушул жылдын сериясындагы жашырын ойлоп табууга өтүнмөнүн катар номурун билдирет.

16. Иш чөйрөсүнө өтүнмө берилген ойлоп табуу кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түшкөн жашырын ойлоп табууга өтүнмө аны жашырын сактоонун негизин жана жашырындуулук деңгээлин аныктоо үчүн текшерилет. Текшерүү көрсөтүлгөн органга өтүнмө түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде жүргүзүлөт.

Эгер ойлоп табууну жашырын сактоо үчүн жетишерлик негиздемелер болбосо, анда өтүнүүчүгө жана Кыргызпатентке жашырын сактабоо же жашырындуулук деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө же билдирилген чечимдин маңызына тийиштүү болбогон жашырын маалыматтарды өтүнмөнүн материалдарынан чыгаруу жөнүндө жүйөлүү корутунду жиберилет.

Эгер өтүнүүчү ушундай корутундуну алган күндөн тартып, эки айдын ичинде жашырындуулугун ачыкка чыгарбаса, жашырындуулук деңгээлин төмөндөтпөсө, өтүнмө берилген объектинин маңызына тийиштүү болбогон жашырын маалыматтарды өтүнмөнүн материалдарынан чыгарбаса же көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу жөнүндө жүйөлүү өтүнүчтү бербесе, өтүнмө берилбеген болуп эсептелет.

17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөнү жашырын сактоо зарылчылыгы жөнүндө чечимди кабыл алган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ойлоп табууну жашырын сактоо, анын жашырындуулук деңгээли жөнүндө корутунду түзөт, аны кайра карап чыгуу мөөнөтүн белгилейт, өтүнмөгө тийиштүү жашырындуулук деңгээлинин грифин коет жана бул жашырын өтүнмөнү Кыргызпатенттин атайын секторуна жөнөтөт, аны андан ары карап чыгуу ушул Эрежелердин 3-пунктуна ылайык Кыргызпатентте жүргүзүлөт.

18. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун жашырын сактоо үчүн негиздемелери жок болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөдө жашырын сактоого тийиштүү маалыматтар жок экендиги жөнүндө корутунду жазат жана аны өтүнмө менен бирге Кыргызпатенттин атайын секторуна жиберет.

Кыргызпатенттин атайын сектору Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык ойлоп табуунун коргоого жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында карап чыгуу үчүн Кыргызпатенттин ачык иш кагаздарын жүргүзүүнүн эксперттик бөлүмүнө жашырын эмес өтүнмөнү өткөрүп берет, өтүнүүчүгө бул тууралуу билдирилет.

Кыргызпатентте аталган өтүнмөнү карап чыгуунун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык өтүнмөнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карап чыгуусунун мезгилине жараша узартылат.

4. Жашырын ойлоп табууга өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү

19. Жашырын сактоо зарылчылыгы тастыкталган жашырын ойлоп табууга өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү Кыргызпатентте жүргүзүлөт жана формалдык, алдын ала экспертизаны жана маңызы боюнча эксперттөөнү камтыйт, алар Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын

сырларды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мамлекеттик жашырын сырларды сактоонун талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

20. Жашырын ойлоп табууга өтүнмөнү экспертизадан өткөрүүнү өтүнмөдө камтылган маалыматтардын жашырындуулук деңгээлине туура келген мамлекеттик жашырын сырларды билүүгө укугу бар Кыргызпатенттин адистери жүргүзөт.

Зарыл болгон учурда, маңызы боюнча экспертизаны жүргүзүүдө Кыргызпатент жашырын ойлоп табууга өтүнмөгө экспертиза жүргүзүүгө ушундай экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон квалификациясы бар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын адистерин тартууга укуктуу.

Куралдануунун, аскер техниканын принциптүү жаңы каражаттарына жана атайын техникалык каражаттарына тийиштүү маңызы боюнча өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү компетенциясына ойлоп табуу тийиштүү болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун бергенден кийин жүргүзүлөт.

21. Жашырын ойлоп табууга маңызы боюнча экспертиза өткөрүү өтүнүүчүдө маңызы боюнча эксперттөөнү жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат болгондо жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында белгиленген мөөнөттө аталган өтүнүч кат берилбесе, жашырын ойлоп табууга өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелинет.

20. Жашырын ойлоп табуунун коргоого жөндөмдүүлүгүн аныктоодо "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында белгиленген патентке жөндөмдүүлүк шарттары колдонулат.

Ойлоп табуунун жаңы экендиги аныкталганда, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган маалыматтар менен катар эле мурдагы артыкчылык шартына жараша техника деңгээлине төмөнкүлөр киргизилет:

- жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патенттери;

- Кыргыз Республикасында башка жактар тарабынан берилген жашырын ойлоп табууларга патент алууга өтүнмөлөр (сурап алынган өтүнмөлөрдөн тышкары);

- өтүнмө берилген жашырын сырларга мурда артыкчылык алган, мыйзамдуу негизде ушундай маалыматтарды билүүгө укугу жактар үчүн Кыргыз Республикасында ачык болгон басылмаларда жана маалыматтын башка булактарында ачылган мамлекеттик жашырын сырларды түзгөн маалыматтар.

Техника деңгээлине киргизилген мамлекеттик жашырын сырды түзгөн жашырын ойлоп табуулардын жаңылыгын, маалыматтардын жашырындуулук деңгээлин аныктоодо, өтүнмө берилген жашырын ойлоп табуунун жашырындуулук деңгээлинен артыкча болбошу керек.

23. Экспертизанын чечимдерине, кабарлоолоруна, сурамдарына Кыргызпатенттин экспертиза жүргүзгөн адиси жана атайын сектордун жетекчиси кол коет.

Кыргызпатентке өтүнүүчү тарабынан жиберилген өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, тактоолорду, оңдоолорду жашырын ойлоп табууларга берилген өтүнмөнүн материалдарына жашырындуулук грифин ыйгарган мамлекеттик орган күбөлөндүрөт.

24. Өтүнүүчү өз демилгеси боюнча же Кыргызпатенттин атайын секторунун чакыруусу боюнча экспертизанын жүрүшүндө келип чыккан маселелерди карап

чыгууга катышууга, мыйзамдарда белгиленген тартипте экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылуучу материалдар менен таанышууга укуктуу.

25. Эгер жашырын ойлоп табууга берилген өтүнмөгө экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргызпатент өтүнмө берилген ойлоп табуу өтүнүүчүнүн сураган укуктук коргоосу Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө туура келгендигин аныктаса, өтүнүүчү сунуштаган жана макулдашылган ойлоп табуу формуласы бар жашырын ойлоп табууга патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.

Өтүнмө берилген объект жашырын ойлоп табуу деп таанылгандыгы жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде, тийиштүү алым төлөнгөн шартта, Кыргызпатент жашырын ойлоп табууну Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрине киргизет, өтүнүүчүгө "Жашырын" деген грифи (мөөрү) бар жашырын ойлоп табууга патент, ал эми авторго (авторлорго) - авторлук жөнүндө күбөлүк берет.

26. Өтүнмө берилген жашырын ойлоп табуу өтүнүүчү сураган укуктук коргоо Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келбегендиги аныкталса, жашырын ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Экспертизанын чечими менен макул болбогондо, өтүнүүчү Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 23-2 жана 24-беренелерине ылайык жашырын ойлоп табууга өтүнмөнүн материалдарына мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектөөчү гриф ыйгаргандыгына каршы экендигин билдирүүгө укугу бар.

27. Өтүнмө берилген объект жашырын ойлоп табуу болуп таанылбаган учурда, жашырын сактоо жана мамлекеттик жашырын сырларды түзгөн маалыматтарды камтыган иштеп чыгууларды пайдалануу жана "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жашырын ойлоп табуулар деп тааныбоо боюнча мамилелер "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Жашырын ойлоп табуунун жашырындуулугунун белгиленген деңгээлин сактоонун мөөнөтү өткөндө "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жоболоруна ылайык анын жашырындуулугу ачылат жана "Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин шарттарын сактоодо ачыкка чыгарылган ойлоп табууга патент берилет.

5. Жашырын ойлоп табууга берилген өтүнмө боюнча экспертизанын чечимдерине өтүнүүчүнүн даттануу тартиби

28. Экспертизанын чечимдерине даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 23-2 жана 24-беренелери, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы №117 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Апелляциялык кеңеште (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) даттанууларды, арыздарды берүүнүн жана коргоонун эрежелерине ылайык жөнгө салынат.

Апелляциялык кеңешке билдирилген даттануулар өтүнмөнүн материалдарын жашырын сактаган жана аларга чектөөчү гриф ыйгарган мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлөт.

Экспертизанын чечимдерине даттануулар Апелляциялык кеңештин жабык отурумунда каралып чыгат. Даттанууну карап чыгууга катышуучу Апелляциялык кеңештин мүчөлөрү жана башка жактар жашырын ойлоп табууга берилген өтүнмөдө камтылган маалыматтардын жашырындуулугунун деңгээлине ылайык келүүчү мамлекеттик жашырын сырларды билүүгө укугу бар болушу керек.