关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG249

返回

Кыргыз республикасынын мыйзамы 2018-жылдын 26-майы № 55 Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 Кыргыз республикасынын мыйзамы 2018-жылдын 26-майы № 55 Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 26-майы № 55

Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн

жоготту деп таануу жөнүндө

2018-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору,

1998-ж., № 3, 69-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) 2-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргызпатенттин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат."; 2) 34-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик фондду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат."; 3) 37-статьяда: а) 2-бөлүгүндө "Кыргызпатентке" деген сөз "республикалык бюджетке" деген сөздөргө алмаштырылсын; б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене. "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргызпатенттин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат."; 2) 39-статьяда: а) 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын; б) 3-бөлүгүндө "Кыргызпатентке" деген сөз "республикалык бюджетке" деген сөздөргө алмаштырылсын; в) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене. "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

4-берене. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) 3-статьянын 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 2) 8-статьянын 5-бөлүгүндө "же Салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик

фондуна" деген сөздөр алып салынсын; 3) 14-статьяда: а) 3-бөлүгүндө "же Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна" деген

сөздөр алып салынсын; б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мында келишимде каралган салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна төлөмдөрдү чегерүү жыйырма пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш.".

4) 16-статьяда: а) статьянын аталышында "Фондулар" деген сөз "Фонд" деген сөзгө алмаштырылсын; б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын; в) 3-бөлүгүндө "Фондуларды" деген сөз "Фондду" деген сөзгө алмаштырылсын.

5-берене. "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 43-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

6-берене. "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 36 жана 37-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын; 2) 51 жана 51-1-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "51-статья. Каражаттарды бөлүштүрүү Каттоо органдарынын ишинен келип түшүүчү каражаттар каттоо тутумунун иштөөсү боюнча чыгымдарды

жабууга багытталат. 51-1-статья. Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумун каржылоо булактары Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумун каржылоо булактары болуп төмөнкү каражаттар саналат: - республикалык бюджет; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн түшкөн; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.".

7-берене. "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 370-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 20-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуудан келип түшкөн каражаттар жаратылышты коргоо иш-чараларына

пайдалануу үчүн республикалык бюджетке жөнөтүлөт.".

8-берене. "Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 447-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) 7-статьянын 2-бөлүгүндө "жана башка булактардын" деген сөздөр алып салынсын; 2) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-статья. Каржылоо Биосфералык аймактардын иштеши боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү

бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.".

9-берене. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) 2-статьянын кырк үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 2) 6-статьянын 1-бөлүгүнүн он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 3) 15-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн акы юридикалык жана

жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет."; 4) 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "34-статья. Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен

жүргүзүлөт."; 5) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын; 6) 38-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык зоналарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды

каржылоо түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү

бюджеттердин максаттуу каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт."; 7) 40-статьянын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- экологиялык камсыздандыруу тартибин бекитүү;"; 8) 54-статьяда: а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Соттун чечими боюнча өндүрүлүүчү зыяндын суммасы республикалык жана (же) жергиликтүү бюджетке

чегерилет."; б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн акчалай каражаттардын суммасы зыян келтирген жактан

же ал өкүлү болгон ишканадан, мекемеден, уюмдан өндүрүлөт, ал эми аларды аныктоо мүмкүн болбогондо - тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өндүрүлөт.".

10-берене. "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Жарчысы, 2009-ж., № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9) ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.";

2) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: "8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ички аудиторлорду сертификаттоону

жүргүзөт."; 3) 17-беренеде: а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички аудиторду дайындоо тартиби"; б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын: "1-1. Ички аудитордун кызмат ордуна жогорку экономикалык билими жана экономикалык адистик боюнча бир

жылдан кем эмес иш стажы же башка жогорку (экономикалык эмес) билими жана экономикалык адистик боюнча үч жылдык иш стажы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптарга ылайык ички аудитордун квалификациялык сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.".

11-берене. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 1) "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 1-июнундагы № 71 Мыйзамы (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 321-ст.); 2) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-

жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 23-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);

3) "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 52 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 547-ст.);

4) "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-мартындагы № 12 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 3, 2005-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1047-ст.);

6) "Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 397-ст.).

12-берене. 1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык

келтирсин.

Кыргыз Республикасынын С. Жээнбеков Президенти