КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015жылдын 21сентябры № 652
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016жылдын 3октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012жылдын 29февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жободо:
1тиркеменин 6пунктунда:
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
тогузунчу абзацтагы "." белгиси ";" белгиси менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
" патентти калыбына келтирүү жөнүндө.";
1пунктчада:
он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма төртүнчү абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2пунктчада:
үчүнчү абзацтагы "жана патенттин түпнускасы бар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
5пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Патенттин, өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астындагы патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү.
Мыйзамдын 321беренесине ылайык патенттик алым аны күчүндө кармоо үчүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу жарактуулугу токтотулган патенттин жана өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астындагы патенттин жарактуулугу патент ээсинин өтүнүчү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
Патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч жарактуулуктун ар бир өткөрүлгөн жылы үчүн алым жана мындай өтүнүчтү бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Мыйзамдын 4беренесине ылайык патенттин жарактуулугунун белгиленген жыйырма жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргызпатентке берилет.
Патент ээси патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же Мыйзамда каралган учурларда башка өкүлгө ага тиешелүү ишеним кат берүү менен ыйгарым укук бериши мүмкүн.
Өтүнүч мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнүчкө патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам атыжөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр коюлат.
Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:
ойлоп табууга патент (түпнуска);
патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
эгерде өтүнүч патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Түздөнтүз берилген же почта аркылуу келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
Зарыл болгон кайсы бир документтер жок болгон же туура эмес таризделген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө суроо талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди Кыргызпатентке берүү сунушу менен сурооталап жиберилет.
Мында ушул пунктчада каралган өтүнүчтү кароо мөөнөтү жетишпеген же оңдолгон документтердин акыркысы келип түшкөн датадан баштап эсептелет.
Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүчтү берүү шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин жарактуулук мөөнөтү калыбына келтирилет.
Мында Кыргызпатент төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
он жумуш күндүн ичинде ОТ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
патентти бир айдын ичинде калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн дарегине коргоо документтерин жана патентти күчүндө кармоо даталары жана аны күчүндө кармоо үчүн алымдарды эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды келтирүү менен патенттин жарактуулук мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу жазуу менен кабарламаны он жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө кабарланат.";
6пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";
7пунктчада:
экинчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дубликатты берүү жөнүндө маалыматтар ОТ мамреестрине киргизилет.";
он экинчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
2тиркеменин 4пунктунун жыйырма экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4тиркеменин 6пунктунун 1пунктчасында:
он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма төртүнчү абзацтагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3пунктчанын он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4пунктчада:
үчүнчү абзацтагы "жана күбөлүктүн түпнускасы бар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацтагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
7пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";
9пунктчада:
экинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дубликатты берүү жөнүндө маалыматтар ОТ мамреестрине киргизилет";
он үчүнчү абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
6тиркеменин 5пунктунда:
1пунктчада:
он биринчи жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырманчы абзацтагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2пунктчада:
жетинчи абзацтагы "каттоону жана күбөлүктү" деген сөздөр "товар чыгарылган жердин аталышын каттоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы "күбөлүктү" деген сөздөн мурун "товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна" деген сөздөр менен толукталсын;
4пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";
6пунктчанын он үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
7тиркеменин 4пунктунун 1пунктчасынын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8тиркемеде:
4пунктта:
1пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2пунктчада:
үчүнчү абзацтагы ", патенттин түпнускасы бар болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
5пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";
6пунктчанын он үчүнчү абзацында:
"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7пунктча менен толукталсын:
"7) Мыйзамдын 321беренесине ылайык патенттик алым аны күчүндө кармоо үчүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу жарактуулугу токтотулган патенттин жарактуулугу патент ээсинин өтүнүчү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
Патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч жарактуулуктун ар бир өткөрүлгөн жылы үчүн алым жана мындай өтүнүчтү бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Мыйзамдын 17беренесине ылайык патенттин жарактуулугунун белгиленген жыйырма беш жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин, өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү бакдарак, мөмөжемиш өсүмдүктөрүнүн жана токой өсүмдүктөрүнүн сорттору үчүн, анын ичинде алардын кыйыштырылуучу көчөттөрүнө, ошондой эле жаныбарлардын тукумуна аталган патенттик алым төлөнгөн мөөнөт аяктаган датадан тартып беш жылдын ичинде Кыргызпатентке берилет.
Патент ээси патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө (мындан ары патенттик ишенимдүү өкүл) же "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда башка өкүлгө ага тиешелүү ишеним кат берүү менен ыйгарым укук бериши мүмкүн.
Өтүнүч ушул тартиптин тиркемесинде келтирилген үлгүгө ылайык мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Өтүнүчкө патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт.
Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам атыжөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр коюлат.
Кол койгон адамдын атыжөнүн көрсөтүү менен коюлган кол чечмеленет.
Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:
селекциялык жетишкендикке патент (түпнуска);
патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
өткөрүлгөн жылдар үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
эгерде өтүнүч патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Түздөнтүз берилген же почта аркылуу келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он күндүк мөөнөттө каралат.
Зарыл болгон кайсы бир документтер жок болгон же туура таризделбеген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө суроо талапты алган датадан баштап эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди Кыргызпатентке берүү сунушу менен сурооталап жиберилет.
Мында ушул пунктчада каралган өтүнүчтү кароо мөөнөтү жетишпеген же оңдолгон документтердин акыркысы келип түшкөн датадан тартып эсептелет.
Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүчтү берүүнүн шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин жарактуулук мөөнөтү калыбына келтирилет.
Мында Кыргызпатент төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
он жумуш күндүн ичинде ОТ мамреестрине тиешелүү маалымдарды киргизет;
патентти бир айдын ичинде калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет;
патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн дарегине коргоо документтерин жана патентти күчүндө кармоо даталары жана аны күчүндө кармоо үчүн алымдарды эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды келтирүү менен патенттин жарактуулук мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу жазуу менен кабарламаны он жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө кабарланат.";
9тиркеменин 4пунктунда:
1пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
1пунктчанын жыйырма үчүнчү абзацындагы жана 2пунктчанын бешинчи абзацындагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4пунктчанын он үчүнчү абзацында:
"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
12тиркеменин 4пунктунда:
1пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
1пунктчанын жыйырма төртүнчү абзацындагы жана 2пунктчанын бешинчи абзацындагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2пунктчанын үчүнчү абзацындагы "жана күбөлүктүн түпнускасы бар болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;
4пунктчанын он үчүнчү абзацында:
"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2016жылдын 3октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998жылдын 24декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
2пункттун "б" пунктчасы "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын;
4пункттун экинчи абзацындагы "ошол өлчөмдөгү компенсацияны" деген сөздөр "ошол өлчөмдөгү сыйакыны" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5пункттун "в" пунктчасындагы жана 6пунктунун экинчи абзацындагы "коммерциялык" деген сөз алып салынсын;
9пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011жылдын 5январындагы № 7 "Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1пункттун экинчи абзацы;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьерминистр Т.А.
Сариев