关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG063

返回

Кыргыз республикасынын мыйзамы 1998-жылдын 13-июну № 79 'Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө' Мыйзамы (КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 Селекциялык Жетишкендиктерди Укуктук Коргоо Жөнүндө Кр Мыйзамы

СЕЛЕКЦИЯЛЫК ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИ УКУКТУК КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 13-июну N 79

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын

2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын,

2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын,

2006-жылдын 8-августундагы N 155 Мыйзамынын

редакцияларына ылайык)

I бөлүм.Жалпы жоболор

II бөлүм. Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн

шарттары жана патент алууга өтүнмөнү толтуруу процеду-

расы

III бөлүм. Селекциялык жетишкендиктин экспертизасы

IV бөлүм. Селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү

V бөлүм. Селекциялык жетишкендиктин авторунун укуктары

VI бөлүм. Патент ээсинин укуктары жана милдеттери

VII бөлүм. Патент ээсинин укуктарын коргоо

VIII бөлүм. Патентти жараксыз деп таануу, патенттин колдонулушун

мөөнөтүнөн мурда токтотуу, патенттин колдонулушун

калыбына келтирүү

IX бөлүм. Лицензиялар

X бөлүм. Эл аралык кызматташтык

XI бөлүм. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын патенттери берилген селекциялык

жетишкендиктерди түзүүгө, пайдаланууга жана укуктук коргоого байланыштуу келип чыккан

мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес мамилелер жөнгө салынат.

Ушул Мыйзамдын күч-аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмеге ылайык

бардык ботаникалык жана зоологиялык урууларга, түрлөргө таралат.

I бөлүм

Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

селекциялык жетишкендиктин автору (селекциячы)- чыгармачылык эмгеги менен

селекциялык жетишкендикти түзгөн адам;

тукум - коргоого жөндөмдүүлүгүнө карабай генетикалык жактан шартталган биологиялык

жана морфологиялык касиеттерге жана белгилерге ээ болгон жаныбарлар тобу; ошондой

болсо да, алардын кээ бирлери ошол топ үчүн мүнөздүү болушат жана аны

жаныбарлардын башка түрлөрүнөн айырмалашат. Тукум ургаачы же эркек жаныбар же

асыл тукумдук материал түрүндө болушу мүмкүн. Тукумдун корголо турган категориялары:

тип, заводдук сызык, кросс сызыгы жана тукумдаштар болуп саналат.

асыл тукум жаныбар - тукум алуу үчүн калтырылган жаныбар;

асыл тукумдук материал - асыл тукум жаныбар, анын гаметалары же зиготтору

(эмбриондор);

селекциялык жетишкендик - өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму;

корголуучу селекциялык жетишкендик - корголуучу селекциялык жетишкендиктердин

мамлекеттик реестринде катталган өсүмдүктөр сорту, жаныбарлар тукуму;

сорт - белгилүү класстардын ичинен төмөнкү бир эле ботаникалык таксондун чегиндеги,

коргоого жөндөмдүүлүгүнүн шарттарын толук канааттандырган-канааттандырбагандыгына

карабай, ошол генотипти же генотиптер айкалышын мүнөздөөчү белгилер менен

аныкталышы мүмкүн болгон, ошол эле ботаникалык таксондогу өсүмдүктөрдүн бөлөк

топторунан болбоду дегенде бир белгиси менен айырмаланган, өзгөргүс бир бүтүн

өсүмдүктөр сортун алуу үчүн жарактуулук көз карашынан алганда бирдиктүү деп

эсептелиши мүмкүн болгон өсүмдүктөр тобу.

Сорттун корголуучу категориялары: клон, сызык, биринчи муундагы аргын, популяция

болуп саналат;

үрөн -сортту өстүрүп алуу үчүн колдонулган өсүмдүктөрдүн генеративдик жана

вегетативдик органдары;

өсүмдүк материалы - сортту кайрадан өстүрүүдөн айырмаланган, башка максаттарда

көбөйтүп чыгарууга же сатууга арналган бүтүндөй өсүмдүк же өсүмдүктүн бир бөлүгү,

үрөндөр, көчөттөр, отургузулуучу уруктар, ар кандай өсүмдүктөрдүн жемиштери;

контрафакттык селекциялык жетишкендик - селекциялык жетишкендик, аны көбөйтүү жана

(же) коммерциялык пайдалануу патент ээсинин бирден-бир укуктарын бузууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

2-статья. Селекциялык жетишкендикти укуктук коргоо

Селекциялык жетишкендикке карата укук ушул Мыйзам менен корголот жана селекциялык

жетишкендикке карата патент менен ырасталат. Патент селекциячынын автордугун,

селекциялык жетишкендиктин приоритетин, селекциялык жетишкендикти пайдаланууга

патент ээсинин бирден-бир укуктуулугун күбөлөндүрөт.

Селекциялык жетишкендикке карата патент тарабынанм берилген укуктук коргоонун көлөмү

селекциялык жетишкендиктин баянында жазылган олуттуу белгилердин жыйындысы

менен аныкталат.

3-статья. Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндөгү

мамлекеттик жөнгө салуу

Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органы (мындан ары интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган) ушул Мыйзамга ылайык селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо

жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат, селекциялык жетишкендикке карата

өтүнмөнү кароого кабыл алат; аларды жарыялоону жүзөгө ашырат, алдын ала

экспертизадан өткөрөт, экспертизанын натыйжалары боюнча жаңылыгына,

айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата патент берүү жөнүндө же

аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, селекциялык жетишкендиктерди

Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик

реестринде (мындан ары - Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик

реестри) мамлекеттик каттоону жүргүзөт, селекциялык жетишкендиктерди коргоого

тийиштүү расмий маалыматтарды жарыялоону камсыздайт, селекциялык

жетишкендиктерге патенттер берет, алардын күчүндө болушуна колдоо көрсөтүүгө

контролдукту жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндөгү

жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

Селекциялык жетишкендиктер маселелери боюнча келип чыккан талаш-тартыштарды

кароо үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга

караштуу Апелляциялык кеңеш түзүлөт. Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобону

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.

Айыл жана суу чарбасын мамлекеттик башкаруунун борбордук органы Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Ботаникалык жана зоологиялык уруулардын жана

түрлөрдүн тизмесин аныктайт (мындан ары - Тизме).

Айыл жана суу чарбасын мамлекеттик башкаруунун борбордук органы Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө:

Тизмени жаңы уруулар жана түрлөр менен толуктоо жөнүндө;

Тизмеге киргизилген уруулардын жана түрлөрдүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө.

Айыл жана суу чарбасын мамлекеттик башкаруунун борбордук органына караштуу Айыл

чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары -

Мамкомиссия) жана айыл жана суу чарбасын мамлекеттик башкаруунун борбордук

органына караштуу Мал чарбасындагы асыл тукумдаштыруу иши жана жайыттардын

мониторинги боюнча Мамлекеттик инспекция (мындан ары - Мамастукуминспекциясы)

мамлекеттик органдар болуп саналышат жана төмөндөгүдөй милдеттерди аткарышат:

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен

келишимдик негизде инспекциялык жетишкендиктердин айырмалуулугун, бир түрдүүлүгүн

жана туруктуулугун мамлекеттик сыноодон өткөрүшөт;

тийиштүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын райондоштурулган сортторунун

мамлекеттик реестерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик асыл тукумдук китепчесин

жүргүзүшөт;

селекциялык жетишкендикти өндүрүштө пайдаланууга жол берүү боюнча корутунду

берилет жана айыл жана суу чарбасын мамлекеттик башкаруунун борбордук органы

бекиткен алар жөнүндөгү Жоболорго ылайык башка милдеттерди аткарышат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын, 2005-

жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм

Селекциялык жетишкендиктин коргоого

жөндөмдүүлүгүнүн шарттары жана патент алууга

өтүнмөнү толтуруу процедурасы

4-статья. Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн

шарттары

Патент коргоого жөндөмдүүлүгүнүн белгиленген чендерине туура келген жана ботаникалык

жана зоологиялык урууларга жана түрлөргө кирген селекциялык жетишкендикке берилет.

Селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүнүн сынактары төмөндөгүлөр болуп

саналат:

1) жаңылыктуулук.

Эгерде патент алууга өтүнмө берилген датага карата ошол селекциялык жетишкендиктин

үрөнү же асыл тукумдук материалы селекциячы, анын укук мурастоочусу тарабынан же

алардын макулдугу менен селекциялык жетишкендикти: Кыргыз Республикасынын

аймагында пайдалануу үчүн-бул датадан бир жыл мурда;

башка мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн-төрт жыл мурда же эгерде ал жүзүмгө,

декорациялык бак-дарак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө тийиштүү болсо көрсөтүлгөн датадан

алты жыл мурда башка адамдарга сатылбаса жана башкача түрдө берилбесе селекциялык

жетишкендик жаңы деп эсептелет.

Эгерде сорттун же тукумдун кандай материалын болсун сатуу-берүү ушул пунктта

көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин башка адамдар тарабынан:

өтүнмө берүүчүгө атайылап зыян келтирүү максатында;

патент алууга укуктуулугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди аткарууда;

үчүнчү тарап сортту, тукумду көбөйтүү үчүн, мындай жөнөтүүлөр өтүнмө берүүчүнүн

контролдугу астында жүргүзүлгөн шартта, өтүнмө берүүчүнүн макулдугу менен кошумча

материал жөнөтүүнү жүргүзө турган келишимди аткарууда;

үчүнчү тарап сортту же тукумду сыноо боюнча талаадагы сыноолорду же лабораториялык

изилдөөлөрдү же контролдук сыноолорду жүргүзө турган келишимди аткарууда жасалса,

селекциялык жетишкендиктин жаңылыктуулугу жоготулбайт;

2) Айырмалуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде өтүнмө берген учурга карата жалпыга белгилүү болгон

селекциялык жетишкендиктин кайсынысынан болбосун өтө айырмаланып турса,

айырмалуу деп эсептелинет.

Жалпыга белгилүүлүк селекциялык жетишкендикке карата төмөндөгүчө белгилениши

мүмкүн:

- жогоруда аталган максаттар үчүн көбөйтүү, сактоо максаттарында аны өндүрүүнүн, кайра

өндүрүүнүн, себүү кондициясына жеткирүүнүн натыйжасында билимдин жалпы белгилүү

деңгээлинин бир бөлүгү болуп калган;

- сатууга сунуш кылынган, сатылган, ташылып кеткен же ташып келинген;

- расмий каталогдорго, маалымдама фондуларына киргизилген же жарыялоолордун

биринде так сыпатталган, же болбосо Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин

мамлекеттик реестрине киргизилген учурларда;

3) бир түрдүүлүк.

Селекциялык жетишкендик, эгерде анын көбөйүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен

өсүмдүктөр жана жаныбарлар өздөрүнүн белгилери боюнча жетиштүү түрдө бир түрдүү

болушса, бир түрдүү деп эсептелет;

4) туруктуулук.

Селекциялык жетишкендик, эгерде бир канча жолу көбөйтүлгөндөн кийин же көбөйтүүнүн

өзгөчө цикли учурунда, көбөйтүүнүн ар бир циклинин аягында анын негизги белгилери

өзгөрбөгөн бойдон калса, туруктуу деп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

5-статья. Патент алууга өтүнмө берүүгө укуктуу адамдар

Патент алууга өтүнмө берүү (мындан ары - өтүнмө) укугуна селекциячы, иш берүүчү же

алардын мурас жолдоочусу (мындан ары - өтүнмө берүүчү) ээ болот.

Эгерде селекциялык жетишкендик бир нече адамдар тарабынан биргелештикте түзүлсө,

аларга өтүнмөнү бирге берүү укугу берилет.

Өтүнмө, ишеним катка ылайык патент алууга байланышкан иштерди жүргүзгөн ишенимдүү

адам аркылуу берилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жерлери же турган жери жок, башка

мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары, эгерде Кыргыз Республикасынын эл

аралык келишиминде башкача эскертилбесе, патент алуу жана аны күчүндө кармоо боюнча

иштерди интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда

катталган, Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү адамдары аркылуу жүргүзүшөт.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын,

Мамкомиссиянын, Мамастукуминспекциясынын кызматкерлери бул мекемелерде иштеген

бардык мезгил ичинде селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө берүүгө

укуксуз болушат.

6-статья. Кызматтык тартипте түзүлгөн селекциялык жетишкендик

Эгерде селекциялык жетишкендик кызматтык тапшырманы же кызматтык милдеттерди

аткарууда түзүлсө, анда өтүнмө берүү укугу, эгерде селекция менен иш берүүчүнүн

ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө таандык болот.

Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүдө селекциячы:

ээлеген кызматына тиешелүү милдеттерин аткарса;

селекциялык жетишкендикти түзүү максатында ага атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарса,

ал жетишкендик кызматтык тартипте түзүлгөн деп эсептелет.

Эгерде иш берүүчү селекциячы ага түзүлгөн селекциялык жетишкендик жөнүндө

маалымдаган датадан тартып төрт айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө бербесе же өтүнмө берүү укугун башка

адамга бербесе, селекциячы өтүнмө берүүгө жана патентти өз атына алууга укуктуу болот.

Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине-авторго келишимдик негизде аныкталуучу

компенсация төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укуктуу болот.

Эгерде селекциялык жетишкендик кызматкер тарабынан иш берүүчүнүн тажрыйбасын,

материалын, техникалык жана башка каражаттарын пайдалануу менен, бирок

кызматкердин кызматтык милдеттерин же иш берүүчүнүн айкын-ачык тапшырмасын

аткаруусу менен байланышсыз түзүлсө, патент алуу укугу кызматкерге таандык болот.

Мындай учурда иш берүүчү патент ээсине келишимдик негизде аныкталган компенсация

төлөп берүү менен селекциялык жетишкендикти приоритеттик пайдалануу укугуна ээ болот.

Кызматкердин селекциялык жетишкендикти түзүүсүнө байланыштуу келип чыгуучу башка

мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

6-1-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда

түзүлгөн селекциялык жетишкендик

Эгерде селекциялык жетишкендик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыгы үчүн

мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлсө, анда селекциялык

жетишкендикке табыштама берүү жана патент алуу укугу аткаруучуга (ишти көтөрүүчү)

тийиштүү, эгерде анын атынан мамлекеттик тапшырыкчы чыкса жана бул укук Кыргыз

Республикасына тийиштүү экендиги мамлекеттик контракт менен белгиленбесе.

Эгерде мамлекеттик контрактка ылайык, патент алуу укугу Кыргыз Республикасына

тийиштүү болсо, мамлекеттик тапшырыкчы селекциялык жетишкендик катарында укуктук

коргоого жөндөмдүү чен-өлчөм алуу жөнүндөгү аткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуу

түрүндөгү анын кабарламасы жиберген учурунан баштап, алты айдын ичинде патент алууга

табыштама бере алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы

табыштама бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (ишти көтөрүүчү) ээ болот.

Эгерде Кыргыз Республикасынын муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди

аткарууда селекциялык жетишкендиктерге ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык

патентти мамлекеттик эмес тапшырыкчы алган учурда, патент ээси мамлекеттик

тапшырыкчынын талап кылуусу боюнча анын көрсөткөн жагына (жактарына) Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик муктаждыгы үчүн иштерди аткаруу же продукцияны

жөнөтүүнү жүзөгө ашыруу максатында ушул селекциялык жетишкендиктерди пайдаланууга

өзгөчөлөнбөгөн лицензия берүүгө милдеттүү.

Патент ээси болуп саналбаган, селекциялык жетишкендиктин авторуна ушул статьянын

биринчи бөлүгүнө ылайык, патент алган жак аркылуу сыйакы төлөнөт. Сыйакы төлөөдө

тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 22-статьясынын жоболору колдонулат.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Патент алууга өтүнмө берүү

Патент алууга өтүнмө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органга берилет. Өтүнмө:

1) арызды;

2) сорттун, тукумдун сыпаттамасы:

өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн - сорттун анкетасы;

жаныбарлардын тукумдары үчүн - айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча анын

колдонулуп жаткан усулга ылайык сыпаттамасы;

3) өтүнмө берүү үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу же өтүнмө берүү үчүн

алым төлөөдөн бошотуучу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз берүүчү документти

камтууга тийиш.

Өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге карата талаптар интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгуучу жана бекитүүчү,

селекциялык жетишкендикке өтүнмөнү түзүү, берүү жана кароо эрежелери (мындан ары -

эрежелер) менен белгиленет.

Өтүнмө бир селекциялык жетишкендикке таандык болууга тийиш.

Өтүнмө берүүчү өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн

жоопкерчиликтүү болот.

Өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Эгерде документтер

башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын кыргыз же орус тилиндеги котормосу тиркелет.

Өтүнмө берүүнүн датасы катары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган

документтердин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органга келип түшкөн датасы эсептелет.

Өтүнмө берүүчү патент берүү жөнүндө чечимди өзү алган датага чейин, кайсы убакта

болсун, өтүнмөнү кайра алып кое алат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын, 2006-жылдын

8-августундагы N 155 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Селекциялык жетишкендиктин аталышы

Селекциялык жетишкендиктин анын уруулук тегин көрсөткөн аталышы болууга тийиш.

Селекциялык жетишкендиктин аталышы селекциялык жетишкендикти идентификациялоого

мүмкүндүк берүүгө, кыскача болууга, ошондой эле же ага жакын ботаникалык, же

зоологиялык уруунун болгон селекциялык жетишкендиктеринин аттарынан айырмаланууга

тийиш. Ал жалаң цифралардан турбоого, селекциялык жетишкендиктин касиеттери, теги,

мааниси, селекциячынын инсандыгы жагында адаштырбоого, коомдук адептүүлүктүн

принциптерине каршы келбөөгө тийиш.

Селекциялык жетишкендикти пайдаланган кандай адам болсун, Корголуучу селекциялык

жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде ал кандай аталышта катталса, ошол

аталышты колдонууга тийиш.

Эгерде селекциялык жетишкендиктин аталышы ушул статьянын талаптарын

канааттандырбаса, өтүнмө берүүчү аны Эрежелерде белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө

милдеттүү. Селекциялык жетишкендиктин аталышын өтүнмө берүүчүнүн демилгеси боюнча

өзгөртүү үчүн тийиштүү алым төлөнөт.

Сорт, тукум башка өлкөлөрдө Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик

реестринде катталган аталышында сунушталууга тийиш. Башка өлкөнүн компетенттүү

органы селекциялык жетишкендиктин сунушталган аталышын, эгерде мындай аталыш

анын аймагында кабыл алынбайт деп эсептебегенде гана каттайт. Кабыл алынбайт деп

эсептеген учурда ал селекциячыдан башка аталышты сунуштоону талап кылышы мүмкүн.

Көрсөтүлгөн аймакта корголуучу селекциялык жетишкендикти сатыкка коюучу же аны

башка өлкөлөргө сатуу-берүүнү жүзөгө ашыруучу ар кандай адам, эгерде ушул статьянын

жетинчи бөлүгүнө ылайык мурда алынган укук мындай пайдаланууга тоскоолдук

келтирбегенде гана, ушул селекциялык жетишкендиктин аталышын бул селекциялык

жетишкендикке селекциячынын патентинин же укугунун мөөнөтү бүткөндөн кийин да

пайдаланууга милдеттүү.

Үчүнчү жактардын мурда алынган укуктарына кол тийгизилбейт. Эгерде ушул статьянын

алтынчы бөлүгүнө ылайык аны пайдаланууга милдеттүү болгон адамдын мурда алынган

укуктун күчүнөн улам сорттун, тукумдун кандайдыр бир аталышын пайдалануусуна тыюу

салынса, селекциячы Кыргызпатенттин талабы боюнча ошол сорт, тукум үчүн башка

аталыш берүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

9-статья. Селекциялык жетишкендиктин приоритеттик укугу

Селекциялык жетишкендиктин приоритети патент алууга интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берилген дата боюнча

белгиленет.

Эгерде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир

күндө бир эле селекциялык жетишкендикке эки (же андан көп) өтүнмө келип түшсө,

приоритет мурдараак жөнөтүлгөн өтүнмөнүн датасы боюнча белгиленет. Эгерде

экспертиза бул өтүнмөлөр бир эле датада жөнөтүлгөндүгүн аныктаса, патент

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мурдараак

катталуу номерине ээ болгон өтүнмө боюнча берилиши мүмкүн.

Селекциялык жетишкендиктин приоритети, эгерде өтүнмө интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн датадан тартып он эки

айдын ичинде келип түшсө, өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо

жөнүндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу же көп тараптуу эл аралык келишим менен

байланышкан чет өлкөдө биринчи өтүнмө берилген дата боюнча белгилениши мүмкүн.

Биринчи өтүнмөнүн негизинде приоритет укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө берүүчү

аны интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө

берүүдө көрсөтүүгө милдеттүү. Аларды алган орган тарабынан баштапкы өтүнмө

материалдарынын ырасталган көчүрмөлөрү, ошондой эле эки өтүнмөнүн тең предмети

болгон селекциялык жетишкендик бир эле нерсе экендигинин үлгүлөрү же башка

далилдери үч айдын ичинде берилет.

Селекциячыга приоритет бүткөндөн кийин же биринчи өтүнмө четке кагылган же кайра

алынган учурларда, экспертиза максаттары үчүн талап кылынган зарыл болгон

маалыматты, документтерди же материалдарды интеллектуалдык менчик жаатындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү үчүн жетиштүү убакыт (мындай четке кагуудан

же кайра алуудан кийин) берилет.

III бөлүм

Селекциялык жетишкендиктин экспертизасы

10-статья. Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн экспертизасы

Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн экспертизасы алдын ала экспертизаны жана

билдирилген селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана

туруктуулугуна карата сыноолорду камтыйт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

11-статья. Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала

экспертизасы

Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала экспертизасы ал интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенден кийин эки айлык

мөөнөттө өткөрүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 7-статьяда каралган документтердин бар

экендигин, селекциялык жетишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8-статьясынын

талаптарына дал келишии текшерет, селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгын

белгилейт.

Алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнөт.

Өтүнмө берүүчү өтүнмө берген күндөн тартып жана өтүнмөнүн карап чыгууга кабыл

алынгандыгы жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган өтүнмө ээсине кабарлаганга чейин өтүнмө ээси билдирилген селекциялык

жетишкендиктин маани-маңызын өзгөртпөстөн, алым төлөнгөн болсо, өз демилгеси боюнча

өтүнмөнүн материалдарын толукташы, оңдошу же тактоосу мүмкүн.

Эгерде өтүнмө аны жол-жоболоштурууга жана түзүүгө карата белгиленген талаптарды

бузуу менен берилсе же экспертизанын максаттары үчүн кошумча материалдар талап

кылынса, өтүнмө ээсине суроо-талап жөнөтүлөт, анда аны алган күндөн тартып эки айлык

мөөнөттүн ичинде оңдолгон же жок материалдарды берүү жагы сунуш кылынат.

Эгерде алдын ала экспертизанын жүрүшүндө селекциялык жетишкендиктин аталышы

белгиленген талаптарга дал келбей турганы аныкталса, өтүнмө ээсине кабарлама

жиберилет, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде башка аталышты

берүү жагы сунуш кылынат.

Өтүнмө ээсинин өтүнмөсү боюнча, эгерде жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым

төлөнсө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул

статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган суроо-талапка же кабарламага

жооп берүүнүн мөөнөтүн алты айга чейин узартууга уруксат бере алат.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдарды бербесе, селекциялык

жетишкендиктин аталышын өзгөртпөсө же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнмө

бербесе, өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат.

Алдын ала экспертиза оң жагына чечилгенде өтүнмө ээсине анын өтүнмөсү карап чыгууга

кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарланат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

12-статья. Селекциялык жетишкендикке карата өтүнмөнү жарыялоо

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган селекциялык

жетишкендикке карата өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы аяктаган датадан тартып төрт

айдан кечиктирбей расмий бюллетенде өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыялайт.

Жарыялануучу маалыматтардын курамын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Билдирме тууралу маалыматтар жарыялангандан

кийин кандай адам болсун анын материалдары менен таанышууга укуктуу. Материалдар

менен таанышуу үчүн тийиштүү алым төлөнөт.

Эгерде жарыялоо мөөнөтү өткөнчө ошол өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим

кабыл алынса же ал кайра алынса же ал боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө

чечим кабыл алынып, ага даттануу мүмкүнчүлүгү аякталган учурларда өтүнмө жөнүндө

маалыматтар жарыяланбайт.

Эгерде ал патент ээси болбосо, селекциялык жетишкендиктин автору өтүнмө жөнүндө

жарыяланган маалыматтарда автор катары аталуудан баш тарта алат.

Өтүнмө жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде анын жаңылыгына карата ар

кандай таламдаш адамдын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органга түшкөн терс пикири эске алынат.

Таламдаш жактын терс пикири каршы болуу түрүндө Апелляциялык кеңешке берилет.

Каршы пикирдин түшкөндүгү жөнүндө Апелляциялык кеңеш өтүнмө ээсине каршы пикирдин

маани-маңызы баяндалган кабар жиберет. Өтүнмө ээси таламдаш жактын каршы пикирине

макул болбогон учурда кабарды алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Апелляциялык

кеңешке жүйөлүү далилдерди жөнөтүүгө укугу бар.

Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан аны алган күндөн тартып төрт айдын ичинде

каралууга тийиш. Апелляциялык кеңешке каршы пикир бергендиги жана аны карап

чыккандыгы үчүн алым төлөнөт.

Каршы пикир берген адам, ошондой эле өтүнмө ээси аны карап чыгууга катыша алышат.

Эгерде селекциялык жетишкендик жаңылыктын шарттарына туура келбесе, патент

берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Каршы пикир боюнча Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон ар бир тарап

чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө сотко доо менен кайрыла алат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

13-статья. Селекциялык жетишкендикти убактылуу укуктук коргоо

Өтүнмө жарыяланган датадан тартып жана патент берилген датага чейинки мезгилге

карата өтүнмө берүүчүгө селекциялык жетишкендикти убактылуу укуктук коргоо берилет.

Патент алгандан кийин патент ээси, селекциялык жетишкендикти убактылуу укуктук коргоо

мезгилинде өтүнмө берүүчүнүн уруксатысыз ушул Мыйзамдын 24-статьясынын биринчи

бөлүгүндө каралган аракеттерди жасаган адамдан компенсация алууга укуктуу болот.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

14-статья. Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир

тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолор

Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна

карата сыноо Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы же Кыргыз

Республикасы өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө эки

тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан компетенттүү уюмдар

тарабынан жүргүзүлөт.

Сортту сынагандыгы үчүн алым төлөнөт.

Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугун, бир тектүүлүгүн жана туруктуулугун

баалоодо Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы:

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен же Кыргыз Республикасы

өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын коргоо жөнүндө эки тараптуу же көп

тараптуу келишимдер менен байланышкан чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен

селекциялык жетишкендиктерди сыноо боюнча түзүлгөн келишимдер боюнча өткөрүлгөн

сыноолордун жыйынтыктарына;

өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлгөн же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасында

же андан тышкары жактарда өткөрүлгөн сыноолорго негиздене алышат.

Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы өтүнмө ээсинен керектүү

маалыматтарды, документтерди же отургузулуучу, асыл тукум материалдарын берүүсүн

талап кыла алат, ошондой эле өтүнмө ээсине сортко, тукумга карата айрым сыноолорду

өткөрүүнү сунуш кыла алат.

Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы селекциялык жетишкендиктердин

сыноолорунун жыйынтыктары боюнча селекциялык жетишкендиктин коргоого

жарамдуулуктун шарттарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду чыгарышат жана

селекциялык жетишкендиктин расмий сыпаттамасын түзүшөт.

Техникалык өнүгүүнүн жүрүшүндө Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы

каалаган убакытта патент колдонулган мөөнөтүнүн ичинде селекциялык жетишкендиктин

сыпаттамасын толуктоого укуктуу.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган селекциялык

жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата

сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде жана Мамкомиссия менен Мамлекеттик асыл

тукум инспекциясынын отчеттору менен корутундусунун материалдарына таянып, патент

берүү жөнүндө чечим чыгарат жана, эгерде анын артыкчылыгы алдын ала экспертизаны

өткөрүү учурунда белгиленбесе, аны белгилейт же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө

чечим кабыл алат.

Өтүнмө ээси экспертиза өткөрүлгөндө пайдаланылган материалдар менен тааныша алат

жана сыноонун жүрүшүн байкап тура алат. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу

жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы

коюлган материалдардын көчүрмөсүн, ошондой эле өткөрүлгөн сыноолордун

жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кыла алат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

15-статья. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу

жана өткөрүлгөн мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимге макул болбосо ал

Апелляциялык кеңешке өтүнмө боюнча чечимди же өтүнмөгө каршы коюлган

материалдардын көчүрмөсүн жана сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук

маалыматты алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө

чечимге каршы пикир берүүгө укуктуу.

Каршы пикир Апелляциялык кеңешке келип түшкөн күндөн тартып төрт айлык мөөнөттүн

ичинде каралууга тийиш. Татаал өтүнмөлөр боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт өтүнмө ээси менен

макулдашуу боюнча узартылышы мүмкүн. Өтүнмөнүн ээси өзүнүн каршы пикирин карап

чыгууга өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

Апелляциялык кеңешке каршы пикир бергендиги үчүн тиешелүү алым төлөнөт.

Апелляциялык кеңештин чечимине карата өтүнмө ээси кабыл алынган күндөн тартып алты

айдын ичинде сот тартибинде даттанышы мүмкүн.

Ушул Мыйзамдын 11-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган, өтүнмө

ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр жүйөлүү себептер болгондо жана алым төлөнгөндө

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан

калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээси тарабынан

өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

IV бөлүм

Селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү

16-статья. Селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү

Патент берүү жөнүндө чечим чыгарылгандан жана тийиштүү алым төлөнгөндөн кийин

селекциялык жетишкендик интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган тарабынан Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик

реестринде катталат.

Алым өтүнмө берүүчү экспертизанын селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндөгү

чечимин алган датадан тартып эки айдын ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт өткөн

күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча алым төлөнгөн шартта төлөнөт.

Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү

маалыматтарды киргизүү тартиби жана алардын тизмеси интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Селекциялык жетишкендиктин патенти өтүнмө берүүчүгө берилет. Эгерде патент алуу

жөнүндөгү өтүнмөдө бир нече өтүнмө берүүчүлөр көрсөтүлсө, патент өтүнмөдө биринчи

көрсөтүлгөн өтүнмө берүүчүгө берилет жана өтүнмө берүүчүлөр тарабынан алардын

ортосундагы макулдашуу боюнча бирге пайдаланылат.

Селекциялык жетишкендикке патент Кыргыз Республикасынын атынан берилет жана ага

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери

тарабынан кол коюлат.

Патенттин түрү, анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан

белгиленет.

Патент ээси болбогон селекциялык жетишкендиктин авторуна Кыргызпатент тарабынан

ушул Мыйзамдын 21-статьясына ылайык автордун күбөлүгү берилет.

Патент ээсинин талабы боюнча берилген патентке айкын-ачык жана техникалык

жаңылыштыктарга оңдоолор киргизилет.

Патент жоголгон же ага зыян келтирилген учурда патент ээсине тийиштүү алым төлөнгөн

шартта дубликат берилет.

17-статья. Патенттин күч-аракетинин мөөнөтү

Өсүмдүктөр сортуна карата патенттин күч-аракетинин мөөнөтү өтүнмө берилген

селекциялык жетишкендик корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик

реестринде катталган датадан тартып 20 жылды түзөт.Жүзүмдүн, декорациялык бак-дарак,

мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана токой тукумдарынын, анын ичинде алардын башка

өсүмдүк кыйыштырылган тукумдарынын, сортторуна, ошондой эле жаныбарлардын

тукумуна карата патенттин күч-аракетинин мөөнөтү 25 жылды түзөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

18-статья. Патентти күчүндө сактоо

Патент ээси патентти күчүндө сактоо үчүн жыл сайын алым төлөөгө милдеттүү. Патент

берилген календардык жылдан кийинки биринчи жыл жыл сайын төлөнүүчү алым төлөөнүн

биринчи жылы болуп саналат.

19-статья. Патент жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Корголуучу

селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып эки

айдын ичинде расмий бюллетенде патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.

Жарыяланган маалыматтардын курамын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

20-статья. Патенттик алымдар

Селекциялык жетишкендикке өтүнмө берүү үчүн, экспертиза өткөрүү жана селекциялык

жетишкендикке патент берүү үчүн, аны күчүндө сактоо үчүн, ошондой эле башка

юридикалык жактан маанилүү аракеттер жасоо үчүн алым алынат.

Жасалгандыгы үчүн алым алынган аракеттердин тизмеси, алардын өлчөмдөрү жана төлөө

мөөнөттөрү, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуунун, алардын өлчөмдөрүн

азайтуунун же алымдарды кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан белгиленет.

Алымдар интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга

өтүнмө берүүчү, патент ээси же алар менен макулдашуу боюнча ар кандай жеке жана

юридикалык жактар тарабынан төлөнүп берилет.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине

алымдар түрүндө, анын ичинде валюта түрүндө келип түшкөн бардык каражаттар, кызмат

көрсөтүүлөр жана материалдар үчүн төлөөлөр интеллектуалдык менчик жаатындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө

каралган аракеттерди жүзөгө ашырууга байланышкан чыгашаларды жабууга, ошондой эле

техникалык жактан жабдуу, автоматтык тутумду түзүү жана өнүктүрүү, патенттик маалымат

фондун топтоо, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

V бөлүм

Селекциялык жетишкендиктин авторунун укуктары

21-статья. Селекциялык жетишкендиктин автору

Чыгармачылык эмгеги менен селекциялык жетишкендик түзүлгөн жеке адам селекциялык

жетишкендиктин автору катары таанылат. Эгерде селекциялык жетишкендикти түзүүгө бир

нече адам катышса, алардын бардыгы авторлоштор катары эсептелет. Авторлошторго

таандык укуктарды пайдалануу тартиби алардын ортосундагы макулдашуу менен

аныкталат.

Сортту, тукумду түзүүгө жекече салым кошпогон, авторго (авторлорго) болгону техникалык,

уюштуруучулук же материалдык жардам көрсөткөн, же селекциялык жетишкендикке карата

укуктарды толтурууга көмөк көрсөтүшкөн гана адамдар авторлоштор катары таанылбайт.

Селекциячынын авторлугун ыйгарып алуу, авторлоштукка мажбурлоо Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет.

Селекциялык жетишкендиктин авторуна, ажыратылгыс жекече мүлктүк эмес укук болгон

жана мөөнөтсүз корголуучу автордук укук таандык болот. Автордук жөнүндөгү талаш-

тартыштар сот тартибинде чечилет.

Селекциялык жетишкендиктин автору эмес патент ээси менен патент ээси эмес автордун

ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

Автордун күбөлүгү интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган тарабынан ар бир авторго берилет. Автордун күбөлүгү авторлукту, ошондой эле

патент ээсинен селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн акы алууга автордун

укугун күбөлөндүрөт.

Автордун күбөлүгү жоголгон же ага зыян келтирилген учурда авторго тийиштүү алым

төлөнгөн шартта дубликат берилет.

Автордун күбөлүгүнүн түрү, анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

22-статья. Патент ээси болбогон, селекциялык жетишкендиктин

авторуна акы төлөө

Патент ээси болуп эсептелбеген, селекциялык жетишкендиктин автору патент ээсинен өзү

түзгөн селекциялык жетишкендикти пайдалангандык үчүн патент колдонулган мөөнөт

ичинде акы алууга укуктуу болот. Акынын өлчөмү жана аны төлөө шарттары патент ээси

менен автор ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат.

Эгерде сорт, тукум бир нече авторлор тарабынан түзүлсө, акы алар ортосундагы

макулдашууга ылайык бөлүштүрүлөт.

Тараптар ортосунда акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө макулдашууга

жетишилбесе, талаш-тартыш сот тартибинде каралат.

VI бөлүм

Патент ээсинин укуктары жана милдеттери

23-статья. Патент ээси

Патент алуу укугу:

селекциялык жетишкендиктин авторуна (авторлоруна);

ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларда иш берүүчүгө;

алардын укук мураскоруна, анын ичинде өткөрүп берүү тартибинде тийиштүү укук алган

адамга таандык болот.

24-статья. Патент ээсинин укуктары

Патент ээсине селекциялык жетишкендикти пайдалануунун бирден-бир укугу таандык.

Патент ээсинин бирден-бир укугу корголуучу селекциялык жетишкендиктин үрөн, асыл

тукумдук материалы менен төмөндөгүдөй аракеттерди:

өндүрүүнү жана кайра өндүрүүнү;

кийинки көбөйтүү үчүн эгүү кондициясына жеткирүүнү;

сатууга сунуш кылууну;

сатууну жана сатып-өткөрүүнүн башка түрлөрүн;

Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууну;

Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү;

жогоруда саналып өткөн максаттарда сактоону жүзөгө ашыруу укугун билдирет.

Патентке карата укук жана патенттен улам келип чыккан селекциялык жетишкендикти

пайдаланууга карата укук патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим же лицензиялык

келишим боюнча ар кандай жеке же юридикалык жакка берилиши мүмкүн.

Патент ээсинин өзгөчө укугу ошондой эле патент ээсинин уруксатысыз чарбалык жүгүртүүгө

киргизилген өсүмдүк материалдарына жана коргоого алынган сорттун өсүмдүк

материалынан жасалган товардык продукцияга да жайылтылат.

Патент ээсинин уруксаты ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган:

эгерде бул корголуучу сорт же тукум өз кезегинде башка селекциялык жетишкендиктердин

белгилерин олуттуу түрдө мурастаган селекциялык жетишкендиктер болушпаса, корголуучу

сорттун (баштапкы сорттун), тукумдун (баштапкы тукумдун) белгилерин олуттуу түрдө

мурасташкан;

корголуучу сорттон, тукумдан айкын айырмаланбаган;

үрөн өндүрүү үчүн корголуучу сортту көп жолу пайдаланууну талап кылган үрөндөр, асыл

тукум материалы менен аракеттерди жасоо үчүн зарыл болот.

Башка баштапкы корголуучу селекциялык жетишкендиктин белгилерин олуттуу түрдө

мурастоочу селекциялык жетишкендик катары, баштапкыдан айкын айырмалануу менен:

баштапкы селекциялык жетишкендиктин же баштапкы селекциялык жетишкендиктин

олуттуу белгилерин өзү мурастаган селекциялык жетишкендиктин эң жалпы олуттуу

белгилерин мурастаган, мында селекциялык жетишкендиктин генотибин же генотиптер

тобун чагылдыруучу негизги белгилерди сактап калган;

баштапкы сорттон, тукумдан жекече тандап алуу, индуцирияланган мутанттан тандап алуу,

ген инженериясы сыяктуу ыкмаларды колдонуудан улам келип чыккан чектөөлөрдөн бөлөк,

баштапкы селекциялык жетишкендиктин генотибине же генотиптеринин тобуна ылайык

келген селекциялык жетишкендик катары таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

25-статья. Патент ээсинин укуктарын бузуу катары таанылбаган

аракеттер

Патент ээсинин төмөндөгүдөй аракеттери укук бузуу катары таанылбайт:

керт башы үчүн жана коммерциялык эмес максаттарда жасалган аракеттер;

эксперименттик максаттарда жасалган аракеттер;

коргоого алынуучу сортту, тукумду ушул Мыйзамдын 24-статьясынын бешинчи бөлүгүндө

каралган учурлардан башка учурда, жаңы селекциялык жетишкендикти түзүү үчүн

баштапкы материал катарында пайдалануу боюнча аракеттер, мындай селекциялык

жетишкендиктерге карата ушул Мыйзамдын 24-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн

аракеттер;

дыйкан (фермердик) чарба тарабынан алынган өсүмдүк материалын өзүнүн ишканасынын

аймагында сортту өстүрүү үчүн үрөн катары ушул ишкананын эки жыл бою пайдаланышы.

Аларга карата ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн

артыкчылыктар колдонулуучу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана түрлөрүнүн тизмесин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

26-статья. Селекциялык жетишкендикти сактоо

Патент ээси патент күч-аракеттеринде болгон мөөнөт ичинде сортту, тукумду, алар

корголуучу селекциялык жетишкендиктерди мамлекеттик реестрде катталган датадагы

сорттун, тукумдун баяндалышында көрсөтүлгөн белгилери сакталгандай кармоого

милдеттүү.

Патент ээси Мамкомиссиянын суроо-талабы боюнча контролдук сыноолор жүргүзүү үчүн

үрөн берүүгө жана инспекциялоону жеринде өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоого, ал эми

Мамастукуминспекциясынын талабы боюнча жеринде контролдук апробация жүргүзүү үчүн

асыл тукумдук материалды тоскоолсуз берүүгө милдеттүү.

VII бөлүм

Патент ээсинин укуктарын коргоо

27-статья. Патент ээсинин укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамда каралган патент ээсинин укуктарын бузгандыгы үчүн Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.

Эгерде бул лицензиялык келишимде каралса, патентти бузуучуга лицензия алуучу да

талаптар коюшу мүмкүн.

Патент ээсинин бирден-бир укуктарына карата ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган,

анын ичинде патент ээсинин уруксатысыз Кыргыз Республикасына үрөн, асыл тукум

материалын алып келген жеке же юридикалык жак патент бузуучу, ал эми селекциялык

жетишкендик - контрафакттык болуп саналат.

Мындай селекциялык жетишкендиктер мыйзам тарабынан эч качан корголбогон же

корголбой калган мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү, бирок ушул

Мыйзам тарабынан корголгон селекциялык жетишкендиктер да контрафакттык деп

таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

28-статья. Патент ээсинин укуктарын коргоо

Патент ээси укук бузуучудан:

а) патент ээсинин укуктарын таанууну;

б) укуктар бузулганга чейин өкүм сүргөн жоболорду калыбына келтирүүнү жана укуктарды

бузуучу же аны бузуу үчүн коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну;

в) чыгашалардын, анын ичинде колдон чыгарылган пайданын ордун толтуруп берүүнү;

г) чыгашалардын ордун толтуруунун ордуна патент ээсинин укуктарын бузуунун

натыйжасында укук бузуучу алган кирешени өндүрүп алууну;

д) өздөрүнүн укуктарын коргоого байланышкан, башка ченемдик укуктук актыларда

каралган чараларды көрүүнү талап кылууга укуктуу.

Ушул статьянын “в” жана “г” пункттарында көрсөтүлгөн чаралар патент ээсинин тандап

алуусу боюнча колдонулат.

Патент ээси өз укуктарын коргоо үчүн сотко, ошондой эле алардын компетенцияларына

ылайык тергөө органдарына кайрылууга укуктуу.

Контрафакттык үрөн, асыл тукум материал соттун чечими боюнча милдеттүү түрдө

конфискацияланууга тийиш. Конфискацияланган контрафакттык үрөн, асыл тукум материал

патент ээсинин суроосу боюнча алар патент ээсине берилген учурлардан бөлөктө жок

кылынууга тийиш.

Патент ээсинин укуктарынын бузулушу жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгондо тергөө

органы же сот контрафакттык деп болжолдонгон селекциялык жетишкендикти издөө жана

ага камак салуу үчүн чаралар көрүүгө милдеттүү болушат.

VIII бөлүм

ПАТЕНТТИ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТААНУУ, ПАТЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУН

МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТОКТОТУУ, ПАТЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУН

КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

(Бөлүмдүн аталышы Кыргыз Республикасынын

2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

29-статья. Патентти жараксыз деп табуу

Патент жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып патентти жараксыз деп табуу

жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн арызы менен Апелляциялык кеңешке кандай жак болсун

кайрыла алат. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

арыздын көчүрмөсүн патент ээсине жөнөтөт, ал көрсөтүлгөн көчүрмө жөнөтүлгөн күндөн

тартып үч айдын ичинде жүйөлөштүрүлгөн жооп берүүгө тийиш. Патентти жараксыз деп

табуу жөнүндө арыз берүү жана аны кароо үчүн алым төлөнөт.

Апелляциялык кеңеш ошол маселе боюнча, эгерде кошумча сыноолор жүргүзүү талап

кылынбаса, алты айдын ичинде чечим кабыл алат.

Патент:

эгерде патент берүү датасына карата селекциялык жетишкендик жаңылыктуулук, бир

түрдүүлүк, туруктуулук же айырмалуулук шарттарына ылайык келбесе;

эгерде патентте патент ээси катары көрсөтүлгөн адам патент алуу үчүн мыйзамдуу

негиздерге ээ болбосо жараксыз деп табылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

30-статья. Патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу

Патенттин колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

эгерде патент ээси белгиленген мөөнөттө патентти күчүндө сактоо үчүн алым төлөбөсө;

эгерде патент ээси Мамкомиссиянын, Мамастукуминспекциясынын суроо-талабы боюнча

белгиленген мөөнөт ичинде селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүн

текшерүү үчүн үрөндү, асыл тукум материалын, документтерин жана башка

маалыматтарды бербесе же селекциялык жетишкендикти жеринде инспекциялоону

жүргүзүү үчүн шартты камсыз кылбаса;

эгерде селекциялык жетишкендик бир түрдүүлүк жана туруктуулук шарттарына андан ары

ылайык келбей калса жоюлат.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патенттин

колдонулушунун мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды расмий

бюллетенде жарыялайт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

30-1-статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин

колдонуу укугу

Патентти колдоо үчүн патенттик алымдын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө

байланыштуу токтотулган селекциялык жетишкендикке карата патенттин колдонулушу

патент таандык болгон адамдын өтүнмөсү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн. Мындай

өтүнмө интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга

өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү жыгач,

мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы

көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна аталган патенттик алымын төлөгөн күндөн

тартып 5 жыл ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмөгө патенттин колдонулушун калыбына

келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү патенттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган

документ тиркелүүгө тийиш.

Интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий

бюллетенинде патенттин колдонулушу калыбына келтирилгендиги тууралу маалыматты

жарыялайт.

Патенттин колдонуу мөөнөтү токтотулган күн менен патенттин колдонулушунун калыбына

келтирилгендиги жөнүндөгү маалымат интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланган күндүн ортосунда патенттелген

селекциялык жетишкендикти Кыргыз Республикасынын аймагында иштете баштаган, же

болбосо аталган мезгилде буга карата даярдыктарды көргөн ар кандай адам мындай

пайдалануунун көлөмүн (кийин пайдалануу укугун) кеңейтпей туруп аны андан ары акысыз

пайдалануу укугун сактап калат.

Кийин пайдалануу укугу бул селекциялык жетишкендикти колдонгон же бул даярдыкка

карата керек болгон нерселер жасалган жердеги биргелешкөн өндүрүштөгү жеке же

юридикалык жакка гана берилиши мүмкүн.

Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө саналып өткөн укуктар кайсы бир

адамга аталган иш-аракеттерди жасоого лицензия берүүнү камтыбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

31-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын Апелляциялык кеңешинин

чечимдерине даттануу

Апелляциялык кеңештин патент берүү же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө, патентти

жараксыз деп табуу жөнүндө чечимине өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып алты айдын

ичинде сот тартибинде даттана алат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

IX бөлүм

Лицензиялар

32-статья. Лицензиялык келишим

Лицензиялык келишим (бирден-бир же бирден-бир эмес лицензия) боюнча патент ээси

(лицензия берүүчү) селекциялык жетишкендикти пайдалануу укугун башка адамга

(лицензия алуучуга) берилүүчү укуктарын келишимде шартталган көлөмүндө, мөөнөттөрдө,

аймакта жана төлөө тартибинде өткөрүп берет.

Бирден-бир эмес лицензияны өткөрүп берген учурда лицензия алуучуга селекциялык

жетишкендикти пайдалануу укугу лицензиялык келишимде каралган мөөнөткө жана

өткөрүлүп берилген укуктардын көлөмүнүн чектеринде берилет. Бирден-бир эмес лицензия

берүү лицензия берүүчүгө үчүнчү жактарга лицензия берүүгө же селекциялык

жетишкендикти өзү пайдаланууга тоскоолдук кылууга тийиш эмес. Лицензия лицензия

алуучу тарабынан үчүнчү жактарга өткөрүлүп берүүгө тийиш эмес. Лицензия алуучу

сублицензиялар берүүгө укуктуу болбойт.

Бирден-бир лицензияны өткөрүп берген учурда лицензия алуучуга селекциялык

жетишкендикти макулдашылган шарттарда, аймакта жана эскертилген мөөнөт ичинде

пайдаланууга бирден-бир укук берилет. Бирден-бир лицензия берүүдө лицензия берүүчү

селекциялык жетишкендикти пайдаланууга, ошондой эле ошол аймакта үчүнчү жактарга

лицензия берүүгө укуксуз болот. Лицензия алуучу лицензия берүүчү менен макулдашылган

шарттарда үчүнчү жактарга сублицензиялар берүүгө укуктуу болот.

Лицензия алуучуга, ага патент тарабынан берилүүчү укуктардан келип чыкпаган

чектөөлөрдү жүктөгөн же патентти сактоо үчүн зарыл болуп саналбаган лицензиялык

келишимдин шарттары жараксыз болот.

Лицензиялык келишим, патент берүү жөнүндөгү келишим интеллектуалдык менчик

жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат, ансыз алар жараксыз деп

эсептелинет. Каттоо жөнүндө маалыматтар Расмий бюллетенде жарыяланат. Лицензиялык

келишимди, патент берүү жөнүндөгү келишимди каттаткандыгы үчүн тиешелүү алым

төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

33-статья. Ачык лицензия

Патент ээси Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде өтүнмөде шартталган төлөмдөр

төлөнгөн шартта бул жөнүндө патент ээсине маалымдалган датадан тартып, ар кандай жак

анын селекциялык жетишкендигин пайдаланууга укуктуу экендиги жөнүндө билдирүү

жарыялай алат.

Патентти күчүндө сактоо үчүн алымдын өлчөмү ачык лицензия берүү жөнүндө өтүнмө

жарыяланган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып 50 процентке төмөндөтүлөт.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Корголуучу

селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн

көрсөтүү менен ачык лицензия берүү жөнүндө жазат.

Патент ээсинин арызы боюнча жана ачык лицензиянын бардык ээлери макул болгондо

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Корголуучу

селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине ачык лицензиянын күч-аракетин

токтотулгандыгы жөнүндө жазат.

Ачык лицензиянын күч-аракетин токтотуу жөнүндө арыз берүү үчүн жана расмий

бюллетенде ачык лицензиянын күч-аракетин токтотуу тууралу маалыматтарды жарыялоо

үчүн тийиштүү алым төлөнөт.

34-статья. Мажбурлоочу лицензия

Эгерде патенттин ээси же ага карата укукту өткөрүп алган жак патент берилген күндөн

тартып үч жыл ичинде өлкөнүн айыл чарбасы үчүн турмуштук өтө маанилүү болгон

селекциялык жетишкендикти пайдаланбаса жана рынокту жетиштүү деңгээлдеги үрөн

менен камсыз кылбаса, ошону менен бирге таламдаш жак менен макулдашуу түзүүдөн баш

тартса, акыркы аталган жак бул селекциялык жетишкендикти пайдалануу боюнча ага

мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

Өзгөчө кырдаалдардын учурларында (табигый кырсыктар, кыйроолор ж.б.) Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү патент ээсине кыска мөөнөттүн ичинде кабарлама берип жана

ошонун өлчөмүндө компенсация төлөп берип, патент ээсинин макулдугусуз селекциялык

жетишкендикти пайдаланууга уруксат берүүгө укуктуу, муну менен бирге патенттелген

селекциялык жетишкендикти кайсы максаттар үчүн пайдаланууга уруксат берилсе, аны

пайдалануунун көлөмү жана узактыгы ушул максаттар менен чектелет. Мындай

пайдалануудан келип чыгуучу талаш-тартыштар сот тарабынан чечилет.

Эгерде патент ээси селекциялык жетишкендикти пайдаланбагандыгы жүйөлүү себептер

менен шартталгандыгын далилдебесе, сот пайдалануунун чектерин, төлөмдөрүнүн

өлчөмдөрүн жана тартибин аныктоо менен көрсөтүлгөн лицензияны бере алат.

Төлөмдөрдүн өлчөмү лицензиянын калыптанган тажрыйбасына ылайык аныкталган

баасынан төмөн белгиленбөөгө тийиш.

Мажбурлоочу лицензия берүүдө лицензия алуучуга бирден-бир эмес лицензиянын

укуктарынын көлөмүндө селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берилет.

Сот ылайыктуу шартта тиешелүү акы төлөп берилгенден кийин патент ээсин лицензия

алуучуга мажбурлоочу лицензияны натыйжалуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл

болгон сандагы көбөйтүлгөн материалды берүүгө милдеттендире алат.

Мажбурлоочу лицензия төмөндөгүдөй шарттар болгондо:

мажбурлоочу лицензияга арыз берүүчү финансылык, техникалык, илимий жактардан

патент ээсинин укугун натыйжалуу пайдаланууга жарагыдай абалда болууга тийиш;

патент ээси арыз берүүчүгө корголуучу селекциялык жетишкендикти коомдун керектөөсү

үчүн жетиштүү ыкмада өндүрүүгө же көбөйтүлүүчү материал менен соода жүргүзүүгө

уруксат берүүдө мажбурлоочу лицензия берүүдөн баш тартса же ылайыктуу шарттарда

мындай уруксат берүүгө даяр болбосо;

патент ээси селекциялык жетишкендикти талап кылынган ыкмада пайдаланууга уруксат

бере албай турган негиздер болбосо.

Мажбурлоочу лицензиянын узактыгы сот тарабынан аныкталат.

Мажбурлоочу лицензия жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат жана

корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилет.

Мажбурлоочу лицензия берилгендиги жөнүндө маалыматтарды каттоо жана расмий

бюллетенде жарыялоо үчүн лицензия алуучу тийиштүү алым төлөйт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

X бөлүм

Эл аралык кызматташтык

35-статья. Башка мамлекеттерге өтүнмө берүү укугу

Өтүнмө берүүчү селекциялык жетишкендиктин коргоого алынышына өтүнмөнү башка

мамлекеттин компетенттүү органдарына бере алат жана бул тууралу интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.

Селекциялык жетишкендикке карата укуктарды Кыргыз Республикасынын чектеринен

тышта коргоого байланышкан чыгымдарды өтүнмө берүүчү көтөрөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

36-статья. Чет өлкөлүк граждандардын жана юридикалык жактардын

укуктары

Чет өлкөлүк граждандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын эл аралык

келишимдеринин күчүнөн улам же эриш-аркак принцибинин негизинде ушул Мыйзамда

каралган укуктардан Кыргыз Республикасынын граждандары жана юридикалык жактары

менен бирдей пайдаланышат.

37-статья. Эл аралык келишимдердин колдонулушу

Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда

камтылгандардан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин

эрежелери колдонулат.

XI бөлүм

Корутунду жоболор

38-статья. Селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып

чыгарууга контроль

Коргоого алынуучу селекциялык жетишкендиктердин Мамлекеттик реестринде катталган

селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып чыгарууга контроль Кыргыз

Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө

ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

39-статья. СССРдин ойлоп табуулар жана ачылыштар иштери боюнча

мамлекеттик комитетинде катталган селекциялык жетишкен-

диктердин күбөлүктөрүнүн, автордук күбөлүктөрдүн

укуктук тартиби

Кыргыз Республикасынын аймагында СССРдин ойлоп табуулар жана ачылыштар иштери

боюнча мамлекеттик комитетинде катталган селекциялык жетишкендиктердин

күбөлүктөрүнүн жана автордук күбөлүктөрүнүн күч-аракети таанылат.

Өтүнмө берилген датадан тартып өсүмдүктөрдүн сортторуна карата 20 жылдык коргоо

мөөнөтү, ал эми жүзүм, декорациялык бак-дарактардын жана токой өсүмдүктөрүнүн

сортторуна жана жаныбарлар тукумдарына карата 25 жылдык коргоо мөөнөтү өтө элек

күбөлүктөрдүн жана автордук күбөлүктөрдүн ээлерине аларды Кыргыз Республикасынын

патенттерине алмаштыруу жөнүндө өтүнүч билдирүү укугу берилет. Өтүнүч берүү жана аны

кароо тартиби эрежелерде аныкталат.

Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин берилип, алар боюнча Мамкомиссия,

Мамастукуминспекциясы сыноолор өткөргөн жана аларды пайдаланууга уруксат берүү

жөнүндө чечимдер кабыл алынган, жаңы сортко, тукумга автордук күбөлүктөр алууга карата

өтүнмөлөр боюнча өтүнмө берүүчүгө, бул селекциялык жетишкендик ушул Мыйзамга

ылайык коргоого жөндөмдүүлүктүн талаптарына ылайык келген шартта, селекциялык

жетишкендикке Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө өтүнүч билдирүү укугу

берилет.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн өтүнүчтөр белгиленген мөөнөттө берилген

өтүнмөлөр ушул Мыйзамда жана Эрежелерде белгиленген тартипте, ушул Мыйзамдын 4-

статьясына ылайык селекциялык жетишкендикке жаңылыктуулук талабы коюлбай туруп

каралат.

Күбөлүктөрдү, автордук күбөлүктөрдү алмашуу жөнүндөгү өтүнүчтөр боюнча берилген,

селекциялык жетишкендикке карата Кыргыз Республикасынын патенттери билдирилген

селекциялык жетишкендик Корголуучу селекциялык жетишкендиктин мамлекеттик

реестрине катталган датадан жана өтүнмө берилген датадан тартып коргоонун

өсүмдүктөрдүн сортторуна карата 20 жылдык мөөнөтү, ал эми жүзүмдүн, декорациялык

бак-дарактардын жана токой өсүмдүктөрүнүн сортторуна карата 25 жылдык мөөнөтү

өткөнгө чейин күч-аракетинде болот.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

40-статья. Өтмө жоболор

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин селекциялык жетишкендиктерге берилген Кыргыз

Республикасынын патенттери андагы көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүн сактайт.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча он чечим

чыгарылган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө карата табыштама боюнча

селекциялык жетишкендикке Кыргыз Республикасынын патенттери төмөндөгүдөй колдонуу

мөөнөттөрү менен берилет: өсүмдүктөрдүн сортторуна - коргоого алынуучу селекциялык

жетишкендштердин мамлекеттик реестринде билдирилген селекциялык

жетишкендиктеринде катталган күндөн тартып 30 жылга; жүзүмдүн, декоративдүү жыгач,

мөмө-жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы

көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна - 35 жылга берилет.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча чечим

чыгарылбаган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө карата табыштама боюнча

кароонун андан аркы жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын

ичинде:

- ушул Мыйзамга ылайык корголо турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ботаникалык

жана зоологиялык түрлөрүнүн урууларынын тизмесин бекитүү;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын

редакцияcына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1998-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган