关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG140

返回

КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 'Атаандаштык жөнүндө' Мыйзамы (КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Атаандаштык жөнүндө»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 22-июлу N 116

Атаандаштык жөнүндө

(КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги N 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуунун, чектөөнүн, токтотуунун уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

1-берене. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары (мындан ары монополияга каршы мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга негизденет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат жана ар кандай юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат.

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган аракеттер) - документте же бир нече документтерде камтылган жазуу жүзүндөгү келишүү, ошондой эле оозеки түрүндөгү келишүү, рыноктогу кырдаалдын өзгөрүүлөрүнө экономикалык талдоо анын далили боло алат;

жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы:
- тикелей же кыйыр чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошкондо) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкактарында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды албаганда), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак;
- юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызматтык адамдары, анын добуштук акцияларынын (салымынын, үлүшүнүн) 10 же андан ашык пайызына ээ болгон (ачык акционердик коомдор үчүн - 5 жана андан ашык пайыз) акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да таанылат;

өз ара алмаштырылуучу товарлар - алардын функциялык арналышы, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөрү, баасы жана башка параметрлери боюнча салыштырууга болуучу, сатып алуучу керектөө (өндүрүү) процессинде бирин бирине алмаштыруучу же алмаштыра алуучу товарлардын тобу;

үстөмдүк абал - чарба жүргүзүүчү субъектин (жактардын тобунун) же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын топторунун) белгилүү бир товар рыногунда ошол чарба жүргүзүүчү субъектке (жактардын тобуна) же ошондой чарба жүргүзүүчү субъекттерге (жактардын топторуна) тийиштүү рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана ал рыноктон башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди сүрүп чыгууга жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ал рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген абалы;

кодулоочу же өзгөчө шарттар - рынокко жетүүнүн шарттары, товар өндүрүүнүн, алмашуунун, керектөөнүн, алуунун, сатуунун, башкача жолдор менен берүүнүн шарттары мында чарба жүргүзүүчү

субъект же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер башка чарба жүргүзүүчү субъектке (субъекттерге)
салыштырганда тең абалга коюлбайт;

атаандаштык - рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттердин эркин мелдешүүчүлүк мында алардын өз алдынча аракеттери тиешелүү рынокто товарларды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир көрсөтүүсүнө болгон, алардын ар биринин мүмкүнчүлүгүн чектеген жана керектөөчү талап кылган товарларды өндүрүүгө дем берет;

контрагент - бүтүмдүн башка катышуучусуна каршы турган келишимдин катышуучусу, өнөктөш;

монополия - бир эле жакка, жактардын тобуна же мамлекетке таандык болгон өндүрүштүн, алуунун, соода жүргүзүүнүн, алмаштыруунун өзгөчө укугу (мүмкүндүгү) менен аныкталган рыноктун абалы;

монополисттик иш - чарба жүргүзүүчү субъекттин, жактардын тобунун өзүнүн үстөмдүк абалын кыянат пайдалануусу, монополияга каршы мыйзамга каршы келген макулдашуулар же макулдашылган аракеттер, чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын тобунун), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган аракеттери (аракетсиздиги);

монополиялуу кымбат баа - рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин өндүрүштүк кубаттуулукту толук эмес пайдалануудан болгон негизсиз чыгымдардын ордун толтуруу жана (же) салыштырылуучу шарттарда же атаандаштык шартында жогорку кирешени алуу максатында койгон товар баасы;

монополиялуу арзан баа - товар рыногунда сатып алуучу (керектөөчү) катары үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин кошумча пайда табуу жана (же) негизсиз чыгымдарды сатуучунун эсебинен жабуу максатында сатылуучу товарга койгон баасы, же чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан атайын сатуучу катары рынокто ошол товарды сатуудан алып келген чыгымдардын деңгээлинде, атайылап коюлгандыктан натыйжасында рыноктон сүрүп чыгаруу жолу менен атаандаштыкты чектөө болуп саналган же саналуучу товарга койгон баасы;

кара ниет атаандаштык - чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылыкты алууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн саптарына, ак ниеттиктин, акылга сыйбаган жана адилеттиктин талаптарына каршы келген жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге - атаандаштарга, же алардын ишмердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон же зыян келтирген ар кандай аракеттер;

атаандаштыкты чектөөнүн белгилери - рынокто жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын кыскартуу, рынокто товарды жүгүртүүнүн башка жалпы шарттарынын тиешелүү өзгөртүүлөрү менен байланышпаган рынокто товар баасынын өсүшү же төмөндөөсү; жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокто өз алдынча аракеттерден баш тартуусу; чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда өз ара макулдашуу же алар аткарууга милдеттүү болгон башка жактын көрсөтмөсү менен же жактардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин аз аракеттерин макулдашуусунун натыйжасында рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарын аныктоо; ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъект же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир этүүгө мүмкүн түзгөн жагдайлар;

региондук (жергиликтүү) товар рыногу - региондун аймагында же анын бөлүгүндө сатып алуучунун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө негизделген тиешелүү аймакта же анын бөлүгүндө же анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүктүн жоктугунан товарды алууга аныкталган товарды (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүгүртүү чөйрөсү;

республикалык товар рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын

(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүгүртүү чөйрөсү;

рынок (товардык рынок) - товарды жүгүртүү чөйрөсү;

рыноктун күчү - чарба жүргүзүүчү субъекттин жана/же жактардын тобунун рынокто атаандаштыктын чектелишине жана/же орчундуу өзгөрүүлөргө алып келген аракеттери (аракетсиздиги);

монополисттик ишти туруктуу жүзөгө ашыруу - чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныкталган бир жылдын ичинде эки жолудан ашуун эмес монополисттик иштин жүзөгө ашырылышы;

товар - сатууга, алмашууга же башка жүгүртүүгө киргизүүгө арналган жарандык укуктардын (анын ичинде жумуш, кызмат көрсөтүү) объекти;

ыйгарым укуктуу орган - атаандаштыкты өнүктүрүү, чектөө монополисттик ишке жана кара ниет атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик монополияга каршы орган;

чарба жүргүзүүчү субъекттер - коммерциялык уюмдар, алардын бирикмелери (бирликтери, ассоциациялары), жеке ишкерлер;

экономикалык концентрация - жүзөгө ашырылышы атаандаштыктын абалына таасир этүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттин бүтүмдөрү, башка иш аракеттери.

4-берене. Үстөмдүк абал

Эгерде төмөнкүдөй шарттардын бири бар болсо чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк болуп таанылат:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттин тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан жогору болсо;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттер рыноктогу абалды кыянаттык менен пайдалануусу аныкталган учурларда чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшү монополияга каршы мамлекеттик орган белгилеген үстөмдүктүн чегинен жогору болсо;
3) чарба жүргүзүүчү субъект рынокко (суроо-талапка, сунушка, баага, рыноктун субъекттеринин жүрүм-турумуна ж.б.) орчундуу таасир эткидей рыноктук күчкө (бийликке) ээ болсо;
4) үчтөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттердин биргелешкен үстөмдүк абалы жана бул рынокто ар биринин үлүшү башка субъекттердин үлүштөрүнөн көп жана жалпысынан 50 пайыздан ашса, же бештен көп эмес чарба жүргүзүүчү субъекттердин биргелешкен үлүшү жана алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рынокто башка субъекттердин үлүштөрүнөн ашса;
5) узак мезгилдин ичинде (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо тиешелүү рыноктун иштөө мезгилинде) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырма өлчөмдөрү өзгөрбөсө же бир аз гана өзгөрсө, ошондой эле жаңы атаандаштардын тиешелүү товар рыногуна кирүүсү кыйындаган болсо;
6) чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан сатылуучу же алынуучу товар керектөөдө башка товарга алмаштырылышы мүмкүн эмес (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө да), ал товардын баасы жөнүндө, аны сатуунун же алуунун шарты тууралуу маалыматтар адамдардын айрым гана чөйрөсүнө жеткиликтүү болсо.

5-берене. Адамдардын тобу

1. Төмөнкүлөр адамдардын тобу деп таанылат:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жак же юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъектке катышкандыктан же башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уставдык капиталында добуш берүүчү акциялардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын 50 пайыздан ашыгына ээ болсо;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттер мында бир эле жеке жак же бир эле юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъектке катышкандыктан же башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин уставдык капиталында добуш берүүчү акциялардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын 50 пайыздан ашыгына ээ болсо;
3) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жак же юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин аткаруу органынын милдетин жеке өзү жүзөгө ашырса;
4) аткаруу органынын милдетин бир эле жеке жак же бир эле юридикалык жак жеке өзү жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттер;
5) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жак же юридикалык жак ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруу документтеринин же ушул чарба жүргүзүүчү субъект менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол чарба жүргүзүүчү субъектке милдеттүү аткаруу үчүн көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болсо;
6) бир эле жеке жак же бир эле юридикалык жак ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруу документтеринин же ушул чарба жүргүзүүчү субъекттер менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол чарба жүргүзүүчү субъекттер милдеттүү аткаруу үчүн көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер;
7) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жактын же юридикалык жактын сунушу менен ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин жеке башкаруучу аткаруу органы дайындалса же тандалса;
8) бир эле жеке жактын же бир эле юридикалык жактын сунушу менен дайындалган же тандалган чарба жүргүзүүчү субъекттер жеке аткаруучу орган;
9) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жактын же юридикалык жактын сунушу менен коллегиялуу аткаруучу органдын сандык курамынын же ушул чарбалык коомдун директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) 50 пайыздан ашыгы шайланса;
10) коллегиялдуу аткаруучу органынын сандык курамынын жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) 50 пайыздан ашыгы ошол эле чарба жүргүзүүчү субъекттин бир эле жеке жактын же бир эле юридикалык жактын сунушу боюнча шайланган чарба жүргүзүүчү субъекттер;
11) коллегиялдуу аткаруучу органынын сандык курамынын жана (же) директорлор кеңешинин
(байкоочу кеңешинин) 50 пайыздан ашыгы бир эле жеке жак түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер;
12) бир эле финансылык-өнөр жайлык топтун катышуучусу болгон жактар;
13) жеке жак, анын жубайы, ата-энелери (анын ичинде асырап алгандар), балдары (анын ичинде асыроого алынгандар), бир тууган же аталаш/энелеш ага-инилер жана эже-карындаштар:
14) ар бири ушул бөлүктүн 1-13-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча бир эле адам менен бир топко кирген адамдар, ошондой эле ар бири ушул бөлүктүн 1-13-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча андай адамдардын ар бири менен бир топко кирген башка адамдар.
2. Ушул Мыйзамда чарба жүргүзүүчү субъекттин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттерине (аракетсиздигине) карата белгиленген тыюу салуулар адамдардын тобунун аракеттерине (аракетсиздигине) карата таркатылат.

6-берене. Үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдалануу

Үстөмдүк абалдагы чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) атаандаштыкты чектеген жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыгын кысымга алган же чектөөчү жана кысымга алуучу иш-аракеттерине тыюу салынат, анын ичине төмөнкүдөй аракеттер да кирет:
1) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокко кирүүсүнө тоскоолдуктарды түзүү:
2) рынокто тартыштыкты түзүү жана (же) кармап туруу же бааларды көтөрүү максатында товарларды жүгүртүүдөн алып коюу;
3) контрагентке келишимдин ал үчүн пайдасыз же келишимдин предметине кирбеген шарттарын таңуулоо (контрагенттен финансылык каражаттарын, башка мүлкүн, мүлк укуктарын, жумушчу күчүн ж.б. өткөрүп берүүнү негизсиз талап кылуу);
4) келишимге контрагентти башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыштырганда тең эмес абалга койгон, кысымга алуучу же артыкчылык берүүчү шарттарды киргизүү;
5) контрагентке (керектөөчүгө) белгилүү бир өндүрүүчү же сатып алуучу менен гана келишим түзүүгө милдеттендирген шарттарды таңуулоо;
6) контрагент же керектөөчү кызыкпаган товарларга тиешелүү жоболорду киргизүү шарты менен гана келишим түзүүгө макулдук берүү;
7) баа коюунун тартибин бузуу, анын ичинде монополиялык жогорку (төмөнкү) бааларды коюу, кармап туруу;
8) эгер ошол товарга суроо-талап болсо же аны берүүгө тапшырыктар жасалса жана аны рентабелдүү өндүрүүгө мүмкүндүк бар болуп туруп, ошондой эле эгер товар өндүрүүнү мындай азайтуу же токтотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары же соттук актылар менен каралбаса, товарды өндүрүүнү экономикалык же технологиялык негизсиз азайтуу же токтотуу;
9) келишимдин шарттарын аткаруудан форс-мажордук кырдаалга байланышпаган негизсиз баш тартуу;
10) тиешелүү товарды өндүрүүгө же жөнөтүүгө мүмкүндүк болгон учурда, айрым сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишимди түзүүдөн экономикалык жана технологиялык негизсиз баш тартуу же качуу, ошондой эле мындай баш тартуу же ушундай четтөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары же соттук актылары менен түздөн-түз каралбаган учурда;
11) анын далили кырдаалды экономикалык талдоо болгон атаандаштыкты чектөө максатында алдын ала сүйлөшүү;
12) кодулоо же өзгөчө шарттарды түзүү;
13) эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, бир эле товарга ар түрдүү бааларды (тарифтерди) экономикалык, технологиялык жана башка негизсиз коюу.

7-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү, атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган аракеттери)

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин, атаандаш чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандашууну чектеген же чектеши мүмкүн боло турган ар кандай формадагы толук жана жарым-жартылай жетишилген макулдашууларына (макулдашылган аракеттерине), анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) тыюу салынат жана жараксыз деп таанылат;
1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү), үстөк кошууну белгилөөгө (кармап турууга);
2) рынокто бааларды жогорулатуу, төмөндөтүү же бир калыпта кармап турууга;
3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү боюнча же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (тапшырыкчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүүгө;
4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди белгилүү бир товарлардын сатуучусу же сатып алуучусу
(тапшырыкчы) катары рынокко чыгышын чектөөгө же рыноктон сүрүп чыгарууга;
5) суроо-талаптын көлөмүн жасалма өзгөртүү максаты менен өндүрүштүн көлөмүн макулдашууга;
6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга;
7) баалык кодулоону орнотууга;
8) атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү товарга бааларды жасалма көтөрүүгө
(арзандатууга);
9) жүйөөлүү себептерсиз товарларды жөнөтүүнү негизсиз кыскартууга же токтотууга;
10) керектөөчүлөрдү пайдасыз абалга дуушарланткан же болбосо товарларды жана бул товарларды өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерди тандоонун эркиндигин чектеген келишимдердин типтүү шарттарын белгилөөгө же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караштырууга;
11) чектелген сунуш шартында айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге товардын көп үлүшүн алуу мүмкүнчүлүк берүүгө.
2. Эгерде мындай макулдашуулардын (макулдашылган аракеттердин) натыйжасы атаандаштыкты чектөө болсо же болушу мүмкүн болсо, анын ичинде макулдашуулар (макулдашылган аракеттер) атаандашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар кандай түрдө жетишилген атаандаштыкка каршы төмөнкү макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) тыюу салынат жана толугу менен же жарым- жартылай анык эмес деп табылат:
1) контрагент үчүн пайдасыз шарттарды таңуулаган;
2) кайсы бир товарды бир гана сатуучудан, бирок анын атаандаштарынан эмес, алууну шарттаган;
3) сатып алуучулардын аймагын же чөйрөсүн чектеген;
4) андан сатып алуучу тарабынан алынган товарларды кайра сатууда бааларга чектөөлөрдү коюучу;
5) атаандаштар тарабынан өндүрүлгөн товарларды сатууга тыюу салуучу.
3. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект оң натыйжа макулдашуулардан (макулдашылган аракеттерден) терс кесепеттеринин ашып түшкөндүгүн, ошондой эле эгерде төмөнкүлөр алардын натыйжасы болуп саналса же саналышы мүмкүн болсо, өзгөчө учурларда чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган аракеттери) монополияга каршы орган тарабынан укуктуу деп табылат:
1) товарларды өндүрүүнү, сатууну өркүндөтүү же техникалык, экономикалык прогресске дем берүү же болбосо дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
2) аракеттердин (аракетсиздиктин), макулдашуулардын жана макулдашылган аракеттердин, бүтүмдөрдүн натыйжасында чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан алынган артыкчылыктарга (пайдага) өлчөмү тең артыкчылыктардын (пайдалардын) керектөөчүлөр тарабынан алынышы.
4. Мында атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн милдеттүү шарттар монополияга каршы орган тарабынан белгиленген тартипте каралат, алар атаандаштыкка каршы макулдашууларда (макулдашылган аракеттерде) камтылууга тийиш.

8-берене. Кара ниет атаандаштык

1. Кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт, анын ичинде төмөндөгүлөргө:
1) товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүп алуу техникалык колдонуу менен гана шартталган учурларды кошпогондо, башка чарба жүргүзүүчү субъекттин товарын, ошондой эле сырткы көрүнүшү анын таңгагынын формасын жана сырткы жасалгасын өз алдынча көчүрүп алууга;
2) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин патенттик укугун бузуу жолу менен анын продукциясын түздөн-түз кайталап өндүрүп чыгарууга;
3) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин иши менен чаташтырууга алып келген товардык белгисин, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын, фирманын аталышын мыйзамсыз пайдаланууга;
4) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин ишкердик бедели жана финансылык абалы жөнүндө аны чыгашага дуушарлантуучу же ишкердик беделине зыян келтирүүчү жалган жана бурмаланган маалыматты таратууга;
5) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин продукциясын анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана аларга теңештирилген жарандык карым-катнашка катышуучуларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына укуктарын бузуу жолу менен даярдоого, сатууга жана рынокко башкача киргизүүгө (укукка сыйбаган пайдаланууга);6) атаандаштын илимий-техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бурмаланган маалыматтарды таркатууга;
7) атаандаштын ишкердик мамилелерин мыйзамсыз жолдор менен атайылап бузууга, үзгүлтүккө учуратууга жана токтотууга;
8) атаандаштын кызматкерлерине аларды кызматтык милдеттерин аткарбоого түртүү максатында мыйзамсыз жолдор менен таасир этүүгө;
9) чарба жүргүзүүчү субъекттин илимий-техникалык, өндүрүштүк же соода иштери жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде коммерциялык сырын мыйзамсыз жолдор менен билүүгө, пайдаланууга жана жарыялоого;
10) атаандаштыкты чектөөчү макулдашууларга (макулдашкан аракеттерге);
11) атаандашынан адилетсиз артыкчылык алуу максатында анын чарбалык чечимдерди кабыл алуусуна жана аткаруусуна мыйзамсыз жолдор менен таасир этүүгө;
12) атаандаштын ишкердик байланыштарын бузуу жана андай байланыштарды түзүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында рыноктун башка субъекттерин үндөөгө (кайрылууга);
13) керектөөчүлөрдү адаштыруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттин товарынын чыккан жери, жасоо ыкмасы, пайдалануу үчүн жарактуулугу, сапаты жана башка касиеттери жөнүндө, ишкердин жеке өзү же чарбалык ишинин мүнөзү жөнүндө адаштыруучу ар түрдүү маалыматтарды таратууга;
14) товарды керектөө жана башка маанилүү касиеттерине карата керектөөчүлөрдү адаштыруу максатында товарды ылайык эмес айырмалоо белгиси менен жабдууга;
15) товардын өз касиетине же ага коюлуучу талаптарга дал келбестигин жашырууга;
16) бааларды будамайлоо максатында тийиштүү товардык рынокто товардын кайсы бир түрүн атайылап жапырт сатууга, мындай көрүнүш атаандаштыкты чектөөгө багытталган же керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына терс таасир берет.
2. Жарандык карым-катнашка катышуучулардын, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчө укукту алуу жана пайдалануу менен байланышкан кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт.
3. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кара ниет атаандаштык кылуусуна карата иштерди кароо жана чечим кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2013-жылдын 5-апрелиндеги N 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана аракеттери (аракетсиздиги)

1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз алдынчалыгын чектеген актыларды алууга жана (же) аракеттерди жасоого, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши үчүн кысымга алган же ыңгайлуу шарттарды түзсө, эгерде мындай актылар жана (же) аракеттер атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюлууга жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана (же) жеке адамдардын кызыкчылыктарын кысымга алууга алып келсе же алып келүүгө мүмкүн болсо тыюу салынат, анын ичинде төмөндөгүлөргө:
1) иштин кайсы бир чөйрөсүндө жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө, ошондой эле иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга тыюу салууну белгилөөгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, товарлардын айрым түрлөрүн соодалоого жана (же) сатып алууга же өндүрүүгө тыюу салууну же чек коюуну киргизүүгө;
2) иштин кайсы бир чөйрөсүндө чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин жүзөгө ашырылышына негизсиз тоскоолдук кылууга;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттерге атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү ыйгарым укуктарды берүүгө;
4) продукцияны Кыргыз Республикасынын региондор ортосунда ташууга карата негизсиз тыюу салууну же чектөөнү белгилөөгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, рынокто үстөмдүк абалды ээлөөсү шартталган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө;
6) айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге бир эле рыноктогу башка субъекттерге карата артыкчылыктуу абалга чыгуучу жеңилдиктерди негизсиз берүүгө;
7) чарба жүргүзүүчү субъекттердин тышкы экономикалык иштерине негизсиз чектөөнү белгилөөгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъектке керектөөчүлөрдүн айрым чөйрөсү менен келишимдерди артыкчылыкта түзүү, товарларды биринчи кезекте берүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө;
9) товарларды бөлүштүрүү, даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча кош катар түзүмдөрдүн түзүлүшүнө тоскоолдук кылууга;
10) жаңы продукцияны жана технологияларды иштеп чыгуунун алдында негизсиз тоскоолдуктарды белгилөөгө, эгерде ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болсо;
11) эгерде мындай шарттар атаандаштыкты чектесе, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштери үчүн атаандаштыкты чектеген артыкчылыктуу же кысымга алуучу шарттарды түзүүнү белгилөөгө.
2. Мамлекеттик органдын башка мамлекеттик орган же чарба жүргүзүүчү субъект менен атаандаштыкты чектеген же чектеши мүмкүн болгон макулдашууларына монополияга каршы орган тарабынан тыюу салынат жана жараксыз деп таанылат.
3. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүзөгө ашырылышынын натыйжасында атаандаштыктын болтурбоого, чектелишине же жоюлушуна алып келүүчү (алып келиши мүмкүн болгон) ыйгарым укуктарды берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү, өндүрүштү жана
(же) товарларды сатууну монополиязациялаштыруу максатында түзүмдүк бөлүкчөлөрдү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө тыюу салынат.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чарба жүргүзүүчү субъекттердин функциялары менен айкалыштырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана укуктары менен бөлүшүүгө тыюу салынат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү максаттарында социалдык маанилүү товарлардын чекене бааларына 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.
Бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашуун пайызга өскөн шартта чекене бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
Социалдык маанилүү товарлардын тизмеси жана бааларга мамлекеттик жөнгө салуу тартиби
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

10-берене. Товарларды сатып алууга монополияга каршы талаптар

1. Сатып алууларды жүргүзүүдө атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге тыюу салынат, анын ичинде төмөндөгүлөргө:
1) сатып алууларды уюштуруучулар же тапшырыкчылар тарабынан анын катышуучуларынын иштерин координациялоого;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, сатып алуунун катышуучусуна же бир канча катышуучуларына сатып алууларга катышуунун артыкчылыктуу шарттарын, анын ичинде маалыматтарга жетүү жолу менен түзүүгө;
3) сатып алуулардын жеңүүчүсүн же жеңүүчүлөрүн аныктоо тартибин бузууга;
4) сатып алууларды уюштуруучулардын же тапшырыкчылардын жана (же) сатып алууларды уюштуруучулардын кызматкерлеринин же тапшырыкчылардын кызматкерлеринин сатып алууларга катышуусуна;
2. Сатып алууларды жүргүзүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тыюу салуулар менен катар, эгерде сатып алууларды уюштуруучулар же тапшырыкчылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды алуу, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү үчүн тапшырыкты берүүгө сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алууларга катышууну чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, тыюу салынат.
3. Мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызмат көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууга соода сатыктарды өткөрүүдө ушул берененин 1 жана
2-бөлүктөрүндө белгиленген тыюулар менен катар, сатып алуулардын предмети менен технологиялык жана функциялык жактардан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, көрсөтүү менен байланышы жок продукцияны (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) лоттордун курамына кошуу жолу менен сатып алуулардын катышуучуларынын арасында атаандаштыкты чектөөгө тыюу салынат.
4. Тиешелүү сатып алуулар жана мындай сатып алуулардын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз болсо, ушул берене менен белгиленген ченемдердин бузулушу монополияга каршы орган тарабынан таануу үчүн негиз болуп саналат.

11-берене. Чарбакер субъекттердин түзүлүшүнө, өзгөртүп уюштурулушуна, жоюлушуна мамлекеттик контроль

1. Чарбакер субъекттердин мүмкүн болуучу үстөмдүк абалын жана атаандаштыктын чектелишин болтурбоо максаттарында төмөнкү учурларда монополияга каршы орган тарабынан мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат:
1) чарбакер субъекттер (алардын бирикмелери) өзгөртүп уюшулганда (бириктирилгенде, кошулганда, кайра түзүлгөндө), эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе;
2) субъекттер табигый түрдө жана монополиянын уруксаты менен жоюлганда;
3) мамлекеттик жана муниципалдык ишкананы бириктиргенде, кошкондо жана жойгондо, эгерде бул үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъекттин жаралышына алып келсе.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өзгөрүп уюштуруу, жоюу тууралуу чечим кабыл алуучу чарбакер субъекттер монополияга каршы органдан макулдук алуусу зарыл.
Чарбакер субъекттер өзгөрүп уюшулганда, жоюулганда монополияга каршы органга чарбакер субъектти өзгөрүп уюштурууга, жоюуга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте документтердин тизмегин милдеттүү тартипте берет.
Монополияга каршы орган бардык зарыл документтерди алгандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен арыз ээсине өзүнүн чечими тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
3. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу тийиштүү уюмдун үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо же макулдашуу процессинде туура эмес маалыматтар берилсе, монополияга каршы орган өтүнүчтү четке кагууга укуктуу.
4. Чарбакер субъекттер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган өзгөртүп уюшулган, жоюлган учурда, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү (кайра каттоо) каттоо органдары тарабынан монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашкандан кийин гана жүзөгө ашырылат.
Ушул беренени бузуу менен иштеген чарбакер субъекттердин жана алардын бирикмелеринин мамлекеттик каттоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.

12-берене. Чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана башка учурлар

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин ошол эле товар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин уставдык капиталындагы акцияларды, үлүштүк укуктарды, катышуу үлүштөрүн алышы, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакетин, пайларын, катышуу үлүштөрүн башка бир юридикалык жактын же жарандын сатып алуусу монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
Ушул берененин максаты үчүн акциялардын, пайлардын, катышуу үлүштөрдүн контролдук пакети деп акционерлердин, уюштуруучулардын, пайчылардын жалпы чогулуштарында чечим кабыл алууда добуштардын 50 пайыздан ашыгын түз жана кыйыр камсыз кылуучу сан түшүндүрүлөт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн ыйгарым укуктуу жак монополияга каршы органга аларды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекиткен тартипке ылайык маалыматты берет.
3. Эгерде өтүнүчтү канааттандыруу чарбакер субъекттин (жактардын тобунун) үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо, же чечим кабыл алуу үчүн маанилүү маалымат туура эмес берилсе, өтүнүч четке кагылышы мүмкүн.
4. Ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен түзүлгөн, үстөмдүк абалдын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.

13-берене. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (бөлүп чыгаруу)

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект тарабынан монополиялык ишти такай жүзөгө ашырган учурда монополияга каршы орган мындай уюмдарды мажбурлап бөлүү жөнүндө же болбосо алардын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мажбурлап бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн уюмдар жактардын бир тобуна кире албайт.
2. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу чечими төмөнкүдөй бир же бир нече шарттар болгондо кабыл алынат:
1) рынокто атаандаштыктын өнүгүүсүнө алып келсе;
2) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүн өзүнчө бөлүүгө мүмкүнчүлүк болсо;
3) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүнүн технологиялык жактан шартталган өз ара байланышы жок болсо;
4) өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тийиштүү рынокто өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк бар болсо.
3. Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө чечим ал чечимде каралган талаптарды эске алуу менен жана ошол чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал мөөнөт үч айдан кем болушу мүмкүн эмес, менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылууга жатат.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы N 391 "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" токтому

14-берене. Маалымат алууга монополияга каршы органдын кызматкерлеринин укуктары

Монополияга каршы органдын кызматкерлери монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө арыздарды кароодо, экономикалык концентрацияга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө зарыл документтерди, маалыматтарды алуу үчүн өздөрүнө тапшырылган ыйгарым укуктарына ылайык кызматтык күбөлүктөрүн жана монополияга каршы органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) чечимин көрсөтүү менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, чарбакер субъекттерге жана алардын бирикмелерине уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.

15-берене. Монополияга каршы органга маалымат берүү боюнча милдеттер

Монополияга каршы органга жүктөлгөн тапшырмалардын жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн статистика, юстиция. бажы органдары жана башка мамлекеттик органдар чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштерин жөнгө салууну (көзөмөлдөөнү) жана алардын мамилелерин каттоону жүзөгө ашыруучу архивдик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы органдын талабы боюнча керектүү документтерди жана маалыматты, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча да, берүүгө милдеттүү.

16-берене. Чыгымдын ордун толтуруу

1. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, анын ичинде монополияга каршы органдын монополияга каршы мыйзамдарды бузуу менен кабыл алган актыларынан улам же көрсөтүлгөн органдар тарабынан өз милдеттерин аткарбагандыктан же тийиштүү түрдө аткарбагандыктан чарба жүргүзүүчү субъектке же башка адамга чыгым келтирилген болсо, ал чыгымдын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык толтурулууга тийиш.
2. Монополияга каршы мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), чарба жүргүзүүчү субъекттер (алардын жетекчилери) мыйзам бузууну монополияга каршы органдын чечимине ылайык токтотууга, мурдагы абалды кайра калыбына келтирүүгө, келишимди бузууга (келишим түзүүгө) же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген актыны жокко чыгарууга, монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун натыйжасында алынган кирешени республикалык бюджетке которууга жана көрсөтмөдө каралган башка аракеттерди аткарууга милдеттүү.
3. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин монополияга каршы мыйзамдарды бузуу аракетинен (аракетсиздигинен) башка чарба жүргүзүүчү субъектке же башка адамга чыгым келтирилсе, ал чыгымды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, ага дуушарланткан чарба жүргүзүүчү субъект ордун толтурууга тийиш.

17-берене. Жоопкерчилик чаралары

Монополияга каршы мыйзамдарды бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү адамдарды монополияга каршы органдын чечимин аткаруудан бошотпойт.

18-берене. Монополияга каршы орган тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын бузгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн негиздер

1. Монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди өз демилгеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн жана ушул Мыйзамдын бузулушун күбөлөгөн өзүндөгү башка материалдардын негизинде карайт.
2. Монополияга каршы органга арыздар жазуу түрүндө, монополияга каршы мыйзамдардын бузулган фактылары жөнүндө документтерди тиркөө менен берилет.
3. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди кароонун жана иликтөө жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы N 362 "Кара ниет атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибин бекитүү тууралуу" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы N 365 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

19-берене. Монополияга каршы органдын көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткаруу

Монополияга каршы органдын чечими (көрсөтмөсү) толук түрдө жана чечимде (көрсөтмөдө) белгиленген мөөнөттө аткарылууга жатат. Аталган чечимди (көрсөтмөнү) өз убагында жана толук түрдө аткарбоо монополияга каршы мыйзамдарда каралган натыйжаларга кириптер кылат.

20-берене. Монополияга каршы органдын чечимдерине даттануу укугу

Мамлекеттик органдар, чарбакер субъекттер жана алардын кызмат адамдары монополияга каршы органдын чечимдеринин (көрсөтмөлөрүнүн) толугу менен же айрым бөлүгү туура эмес деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 26-июлунда N 60 жарыяланды

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" 1994- жылдын 15-апрелиндеги N 1487-ХII Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., N 5, 163-ст.);
- "Монополиялык ишке чек коюу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" 2003-жылдын 6-мартындагы N 55 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 5, 221-
ст.);
- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" 2003-жылдын 1-августундагы N 164
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл
N 11, 505-ст.);
- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" 2009-жылдын 27- апрелиндеги N 134 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 4, 356-ст.);
- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги N 1488-ХII токтому (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл N 5, 164-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан тиешелүү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Р.Отунбаева

2011-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган