关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG215

返回

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

Постановление Правительства КР от 23 апреля 2015 года № 254 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Положения о порядке таможенного контроля в отношении товаров, содержащих объекты интеллектуальной собственности" от 27 ноября 2000 года № 694"

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ

2015-жылдын 23-апрели № 254

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27- ноябрындагы № 694 "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролунун тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктундагы "Жобо Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык иштелип чыкты жана анда" деген сөздөр "Жободо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"укук ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектисине карата укукка ээ болгон жак;";
- 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Интеллектуалдык менчик объектилеринин бажы реестрине (мындан ары - Бажы реестри) киргизилген интеллектуалдык менчиктин объектилерине карата укук ээлеринин укуктарын өзүнүн компетенциясынын чегинде коргоону ишке ашырат.
4. Интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестринде каттоого өтүнмө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга укук ээси же укук ээсинин кызыкчылыгын жактаган, бажы чек арасы аркылуу товарларды ташып өтүүдө алардын интеллектуалдык менчик объектисине карата укуктары бузулгандыгын же бузулушу мүмкүн экендигин болжолдоого жетиштүү негизи бар башка жак тарабынан берилет жана ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөр камтылууга тийиш болгон арызды:
- укук ээси жөнүндө, ал эми эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе, ал тууралуу да толук маалымат;
- Бажы реестрине киргизилүүчү интеллектуалдык менчик объектисин көрсөтүү;
- анын товарларды чыгаруучу уюмдардын, ошондой эле ага таандык интеллектуалдык менчик объектилерин колдонууга ыйгарым укуктары же лицензиялары бар уюмдардын аталыштары жана даректери, аларды колдонууга ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;
- түпкү товарларды чыгарган жери;
- интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды коргоо мөөнөтү. Көрсөтүлгөн мөөнөт 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;
2) Интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды тастыктоочу документтер. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- интеллектуалдык менчик жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) тарабынан берилген товардык белгисин жана/же тейлөө белгисин каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросунун реестринен Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгисин жана/же тейлөө белгисин эл аралык каттоо тууралуу көчүрмө, Кыргызпатенттин тиешелүү тастыктоосу менен;
- Кыргызпатент тарабынан берилген, товарларды чыгаруу жеринин аталышын колдонуу укугуна күбөлүк;
- автордук укуктарын каттоо тууралуу күбөлүк, эгерде ал Кыргызпатентте каттоого алынса;
- Кыргызпатентте катталган товардык белгисине жана тейлөө белгисине укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим (лицензиялык келишим, укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим), ошондой эле укук ээси интеллектуалдык менчик объектилерине карата өзүнүн укуктарын тастыктоо иретинде көрсөтө алган башка документтер;
- объектилерге карата автордук укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим (лицензиялык келишим, укуктарын өткөрүп берүү тууралуу келишим, автордук келишим ж.б.);
- башка жактарга зыян келтиргендиги үчүн арыз берүүчүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими;
- укук ээси тарабынан берилген ишеним кат, эгерде документтер өкүл тарабынан берилсе;
- белгиленген тартипте салык органдары тарабынан берилген КНС боюнча төлөөчү катары каттоо тууралуу маалымкат;
3) интеллектуалдык менчик объектилери бар түпкү товарлардын сүрөттөлүшү жана зарыл болгон учурда интеллектуалдык менчик объектисин камтыган товардын сырткы көрүнүшү тууралуу толук маалымат берген үлгү же фото сүрөт же башка маалыматтар;
4) Бажы реестрине киргизүүгө арыз берген күнгө чейин 5 (беш) жылдан кем эмес мезгил ичиндеги арыз ээси тарабынан интеллектуалдык менчик объектисин камтыган товарларды ташып өтүү жөнүндө маалыматтар;
- 5) контрафакттык товарларды аныктоого мүмкүнчүлүк берген башка маалыматтар:
- шектелген контрафакттык товарлардын импорттоочусунун жана/же жүк алуучунун аты жана дареги;
- шектелген товарлардын толук сүрөттөлүшү, үлгүсүн жана/же фото сүрөтүн кошуу менен;
- шектелген товарды чыгаруучу өлкө же чыгаруучу өлкөлөр жана ишканалар;
- шектелген товар бажылык тариздөө үчүн болжолдуу берилүүчү жер;
- унаанын түрү же ташуучу уюмдун аталышы;
6) ушул Жобонун тиркемесине ылайык үлгү боюнча укук ээси тарабынан толтурулуучу бажы органдарынын чыгымдарын (эгерде шектелген товардын чыгуусун токтоткондон кийин белгиленген мөөнөттүн ичинде укук ээси кармалган товарга карата маселени чечүү тууралуу тиешелүү сотко арыз бергендигин тастыктоочу документтерди бербесе) жана декларация берүүчүнүн чыгашаларын (эгерде соттун чечими менен кармалган товар контрафакттык эмес деп табылса) өндүрүп берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенме (мындан ары - милдеттенме).
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында укук ээсинин кызыкчылыктарын жактоого тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат же болбосо мындай ыйгарым укуктар берилген башка документтер (лицензиялык, автордук келишим, коммерциялык өкүлчүлүктүн келишими ж.б.) болсо, милдеттенме укук ээсинин өкүлү тарабынан таризделип жана берилиши мүмкүн.
Арызга милдеттенменин аткарылышын камсыздоону тастыктоочу документ же болбосо зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тобокелдигин декларанттын пайдасына камсыздандыруу келишими тиркелет;
7) жыйымдардын төлөнүшүн тастыктаган документ.
Укук ээси (анын өкүлү) тарабынан берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээсинен (анын өкүлүнөн), үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан берилген маалыматтарды ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Суралуучу документтер суроо-талап келген күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
Укук ээсинен (анын өкүлүнөн) суралган документтер келбесе, арыз кайра чакыртылган болуп саналат жана андан аркы кароого жатпайт, бул тууралуу укук ээси кат же электрондук формада кабарланат.";
- 5-пункттагы "МБК" аббревиатурасы "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6 жана 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды түшкөн күнүнөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт жана арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин Бажы реестрине киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралуу арыз ээси жазуу жүзүндө кабарланат. Мында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мөөнөттү узартууга укуктуу, бирок бир айдан ашык эмес.
7. Интеллектуалдык менчик объектилерин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө чечим чыккандан кийин интеллектуалдык менчик объектилери Бажы реестрине киргизилет.
Интеллектуалдык менчик объектилерин идентификациялоо үчүн керектүү маалымдарды камтыган маалыматтык баракча 3 (үч) күндүн ичинде бажы органдарына аткаруу үчүн таратылат.
Интеллектуалдык менчик объектиси укук ээсинин арызы боюнча же болбосо укук ээси интеллектуалдык менчик объектисине карата укуктарынын жоюлушуна байланыштуу маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу билдирбеген учурда, укук ээси алмашканда жана лицензиялык келишимди колдонуу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда же интеллектуалдык менчиктин объектисин Бажы реестрине киргизүүдө жалган маалыматтар берилгенде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Бажы реестринен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн.";
- 8-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бажы контролдугу ишке ашырылуучу каттоонун жарактуулук мөөнөтү - интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим чыгарган учурдан тартып
– эки жыл.";
- 9-10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. Укук ээси ушул Жобонун 4-пунктунун 6-пунткчасында каралган милдеттенмелерди аткарууну кепилдикке алуу максатында интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестрине киргизүү тууралуу чечим кабыл алгандыгы жөнүндө билдирмени жиберген күндөн баштап бир айдын ичинде товарлардын чыгышын токтотуу менен жактарга келтирген мүлктүк зыяны үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин (келишимдерди) берүүгө милдеттүү.
Мында камсыздандыруу суммасы 10 (он) миң евродон кем болбошу керек.
Укук ээсинин кызыкчылыктарын бажы органдарында көрсөтүүгө тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат же болбосо ушундай ыйгарым укуктар берилген башка документтер болгондо мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими (келишимдери) жана милдеттенме укук ээсинин өкүлү тарабынан таризделиши жана берилиши мүмкүн.
Мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими (келишимдери) берилбеген учурда Бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө ушундай чечим кабыл алган күндөн баштап беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.
Интеллектуалдык менчик объектилери Бажы реестринде каттоого алынганда төмөндөгү аткарылган иштер үчүн жыйым алынат:
- интеллектуалдык менчик объектилеринен ар бирин каттоого алгандыгы үчүн -
1330 сом;
- интеллектуалдык менчик объектисинин каттоосунун жарактуулук мөөнөтүн узарткандыгы үчүн - 410 сом.
10. Бажы реестри бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Бажы реестрин жүргүзүүнүн жана аны жарыялоонун тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.";
- 11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-14-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12. Бажы реестринде катталган интеллектуалдык менчик объектилери бар товарлар аныкталган учурда бажы органдары бул товарларды чыгарууну же шарттуу чыгарууну жана сатууну 10 (он) жумушчу күнгө чейин токтотушат.
Товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин укук ээси же анын өкүлү товарды ташып келүүгө жазуу жүзүндө макулдук берсе товар чыгаруу токтотулбайт.
Укук ээсинин же анын кызыкчылыгын жактаган жактын суроо-талабы боюнча бул мөөнөт бажы органы тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок 10 (он) жумушчу күндөн ашык эмес убакытка чейин гана.
13. Товарларды чыгарууну токтотуу жана товарларды чыгарууну токтотуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим бажы органынын жетекчиси же ыйгарым укук берилген адам тарабынан жазуу жүзүндө таризделет.
14. Кыргыз Республикасынын бажы органы товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей товар чыгарууну убактылуу токтотуу себептери жана убактылуу токтотуу мөөнөттөрү жөнүндө декларантка жана укук ээсине, же алардын укугун жактаган адамдарга билдирүүгө милдеттүү, ошондой эле ал декларантка укук ээсинин аталышы менен дарегин, ал эми укук ээсине декларанттын аталышы менен дарегин кабарлайт.";
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтерди берүүдө интеллектуалдык менчик объектилери бар товарларды чыгарууну токтотуунун мөөнөттөрү соттун тиешелүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин узартылат.";
- 16-пунктундагы "бүткөндөн кийин" деген сөздөр "ичинде" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 18-пунктундагы "жана жарнак, берүүчү" деген сөздөр "декларанттарга же алардын кызыкчылыгын жактаган жактарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктундагы "жарнак берүүчүлөр" деген сөздөр "декларанттар же алардын кызыкчылыгын жактаган адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктундагы "жарнак берүүчү" деген сөздөр "декларант же алардын кызыкчылыгын жактаган адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункту "укук ээси" деген сөздөрдөн кийин "(анын өкүлү)" деген сөздөр менен толукталсын; "МБКнын реестринен" деген сөздөр "Бажы реестринен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунун биринчи сүйлөмү "Укук ээси" деген сөздөрдөн кийин "(анын өкүлү)" деген сөздөр менен толукталсын;
товарларды убактылуу токтотууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеде "Тиркеме" деген сөз "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К.Оторбаев