关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG109

返回

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 794 'Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу' Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө' токтому

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 794 'Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу' Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө' токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 22-декабры № 794

"Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын

27-ноябрындагы № 694 токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө жободо:
жобонун бүткүл тексти боюнча "МБИ" деген аббревиатура "МБК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүктөгү:
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясынын (мындан ары - МБИ)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - МБК)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"интеллектуалдык менчиктин объектилери - илим, адабият жана искусство чыгармаларынын нускалары; электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларынын, маалыматтар базаларынын, фонограммалардын нускалары;
товардык белгилер, тейлөө белгилери менен маркаланган товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары менен белгиленген товарлар;".
2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"контрафакт товарлар - товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү же бажы контролунда турган товарлар менен башка аракеттерди жасоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу укук ээсинин укуктарын бузууга алып келген интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарлар";
- "Интеллектуалдык менчиктин объектисин каттатуу боюнча өтүнмө" деген II
бөлүктөгү:
4-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) интеллектуалдык менчиктин объектисине карата укуктарды ырастоочу документтер. Алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) берген товардык белгинин катталгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- товардык белгинин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык каттоого алынгандыгы жөнүндө Кыргызпатенттин тиешелүү ырастоосу менен кошо Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросунун реестринен алынган көчүрмө;
- товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна карата
Кыргызпатент тарабынан берилген күбөлүк;
- эгерде автордук укук Кыргызпатентте катталган болсо, анын каттоого алынгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- Кыргызпатентте катталган товардык белгиге жана тейлөө белгисине карата укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим, укуктарды ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишио( �
- автордук укуктун объектисине карата укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим
(лицензиялык келишим, укуктарды ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишио( �
4-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5) укук ээсинин бажы органдарын чыгашаларынын (эгер шектелген товарды токтото туруудан белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин укук ээси кармалган товар тууралуу маселени чечүү жөнүндө тийиштүү сотко арыз бергендигин документалдуу күбөлөндүрө албаган учурда) жана декларанттын (эгер соттун чечими менен кармалган товар контрафакттык эмес экени далилденсе) чыгымдарынын ордун толтуруу тууралуу ушул токтомдун тиркемесине ылайык үлгү боюнча толтурулуучу жазуу түрүндөгү милдеттемеси (мындан ары - милдеттеме).
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында укук ээсинин кызыкчылыктарын коргоого карата тийиштүү түрдө таризделген ишенимкат же мындай ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген башка документ (лицензиялык, автордук келишим, коммерциялык өкүлчүлүк келишими ж.б.) болгон учурда милдеттеме арыз ээси тарабынан берилиши мүмкүн.
Арызга милдеттемени аткарууну камсыз кылууну ырастаган документ же декларанттын пайдасына келтирилүүчү зыянга карата жоопкерчиликтин тобокелдигин камсыздандыруу келишими тиркелиши мүмкүн";
"Өтүнмөнү карап чыгуу" деген III бөлүктөгү:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. МБК арызды түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карайт жана арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин Реестрге киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралуу арыз ээси кат түрүндө кабарланат. Жетишээрлик негиз болгон учурда МБК мөөнөттү узартууга укуктуу, бирок бир айдан ашык эмес".
"Товар чыгарууну убактылуу токтотууга байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү" деген V бөлүктөгү:
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Укук ээси товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен бекитилген тартипте милдеттемени аткарууну камсыз кылууну төгүшү керек.
Эгер укук ээси ушул Жобонун 15-пунктундагы шарттарды аткарбаса, анда товарды чыгарууну токтото туруу менен байланышкан бажы органдарынын чыгымдарын жапа товарды токтото туруунун натыйжасында келип чыккан, декларанттын зыяндарын эсептен чыгаруу менен укук ээсине кайтарылып берилет. Ал эми эгер камсыз кылуунун суммасы көрсөтүлгөн чыгымдарды жана зыяндарды жабуу үчүн жетишсиз болуп чыкса, анда кошумча төлөнүүгө тийиш болгон сумманын өлчөмү укук ээси менен декларанттын ортосунда макулдашуу, же сот тартибинде аныкталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Д.Үсөнов

Тиркеме

бажысынын начальнигине

Товарларды токтото турууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө МИЛДЕТТЕМЕ
Муну менен, Укук ээси же укук ээсинин ишенимдүү адамы



_
(Уставга ылайык юридикалык же жеке жактын толук аталышы,
юридикалык дареги, МИЖРК коду, СТИН, телефон, факс, жеке адамдар үчүн паспортунун маалыматтары, ишеним каттын №)
Шектелген товар контрафакттык эмес экени белгилүү болгон учурда, товарды чыгарууну токтото туруу менен байланышкан бардык көрсөтүлгөн бажы органынын чыгымдарын жана декларантка келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

┌───┬──────────────────────┬──────────┬───────────────┬───────

────────┐

│Ка-│ Товардын аталышы │ТЭИТН

коду│Интеллектуалдык│Интеллектуалдык│

│тар│ │ │ менчиктин │

менчиктин │

│ № │ │ │ объектисинин │

объектисинин │

корголуу

│ каттоо

номери

│ │ │ │ мүмкүнчүлүгү

│ │

│ │ │ │ тууралуу

│ │

│ │ │ │ документтин

│ │

│ │ │ │ аталышы,

│ │

│ │ │ │ № жана күнү

│ │

├───┼──────────────────────┼──────────┼───────────────┼───────

────────┤

├───┼──────────────────────┼──────────┼───────────────┼───────

────────┤

└───┴──────────────────────┴──────────┴───────────────┴───────

────────┘

Арыз ээси товарды токтото туруу жөнүндө кабар алган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде милдеттемени аткарууну камсыз кылууну (товарлардын күрөөсү, банктык кепилдик, депозит, кепилдик) төгүүгө милдеттенет.
Бажы органынын боло турган чыгымдарынын эсебин Бажы берет (иш сараплар жана транспорттук чыгымдар жана башкалар), ал эми Декларанттын боло турган чыгымдарынын эсебин Декларант (транспорттук чыгымдар, жүктөө- түшүрүү жумуштары, убактылуу сактоо чыгымдары жана башкалар) берет.
Бажы органдарынын чыгымдарынын жана декларанттын зыяндарынын ордун толтурууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 345, 346,
348-беренелеринин талаптары менен тааныштым.

Укук ээси _ (колу)

М.О.