КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016жылдын 13октябры № 544
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002жылдын 27 майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы
рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
"Административдик иштин негиздери жана административдик жолжоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002жылдын 27майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жободо:
12пункттун онунчу абзацындагы "ал чыгарылган күндөн тартып 5 күндүн ичинде авторго билдирилет" деген сөздөр менен цифра "ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде авторго жиберилет же болбосо берилет." деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьерминистри С. Жээнбеков