À propos de la propriété intellectuelle Formation en propriété intellectuelle Respect de la propriété intellectuelle Sensibilisation à la propriété intellectuelle La propriété intellectuelle pour… Propriété intellectuelle et… Propriété intellectuelle et… Information relative aux brevets et à la technologie Information en matière de marques Information en matière de dessins et modèles Information en matière d’indications géographiques Information en matière de protection des obtentions végétales (UPOV) Lois, traités et jugements dans le domaine de la propriété intellectuelle Ressources relatives à la propriété intellectuelle Rapports sur la propriété intellectuelle Protection des brevets Protection des marques Protection des dessins et modèles Protection des indications géographiques Protection des obtentions végétales (UPOV) Règlement extrajudiciaire des litiges Solutions opérationnelles à l’intention des offices de propriété intellectuelle Paiement de services de propriété intellectuelle Décisions et négociations Coopération en matière de développement Appui à l’innovation Partenariats public-privé Outils et services en matière d’intelligence artificielle L’Organisation Travailler à l’OMPI Responsabilité Brevets Marques Dessins et modèles Indications géographiques Droit d’auteur Secrets d’affaires Avenir de la propriété intellectuelle Académie de l’OMPI Ateliers et séminaires Application des droits de propriété intellectuelle WIPO ALERT Sensibilisation Journée mondiale de la propriété intellectuelle Magazine de l’OMPI Études de cas et exemples de réussite Actualités dans le domaine de la propriété intellectuelle Prix de l’OMPI Entreprises Universités Peuples autochtones Instances judiciaires Jeunesse Examinateurs Écosystèmes d’innovation Économie Financement Actifs incorporels Égalité des genres Santé mondiale Changement climatique Politique en matière de concurrence Objectifs de développement durable Ressources génétiques, savoirs traditionnels et expressions culturelles traditionnelles Technologies de pointe Applications mobiles Sport Tourisme Musique Mode PATENTSCOPE Analyse de brevets Classification internationale des brevets Programme ARDI – Recherche pour l’innovation Programme ASPI – Information spécialisée en matière de brevets Base de données mondiale sur les marques Madrid Monitor Base de données Article 6ter Express Classification de Nice Classification de Vienne Base de données mondiale sur les dessins et modèles Bulletin des dessins et modèles internationaux Base de données Hague Express Classification de Locarno Base de données Lisbon Express Base de données mondiale sur les marques relative aux indications géographiques Base de données PLUTO sur les variétés végétales Base de données GENIE Traités administrés par l’OMPI WIPO Lex – lois, traités et jugements en matière de propriété intellectuelle Normes de l’OMPI Statistiques de propriété intellectuelle WIPO Pearl (Terminologie) Publications de l’OMPI Profils nationaux Centre de connaissances de l’OMPI Données essentielles sur l’investissement incorporel dans le monde Série de rapports de l’OMPI consacrés aux tendances technologiques Indice mondial de l’innovation Rapport sur la propriété intellectuelle dans le monde PCT – Le système international des brevets ePCT Budapest – Le système international de dépôt des micro-organismes Madrid – Le système international des marques eMadrid Article 6ter (armoiries, drapeaux, emblèmes nationaux) La Haye – Le système international des dessins et modèles industriels eHague Lisbonne – Le système d’enregistrement international des indications géographiques eLisbon UPOV PRISMA Médiation Arbitrage Procédure d’expertise Litiges relatifs aux noms de domaine Accès centralisé aux résultats de la recherche et de l’examen (WIPO CASE) Service d’accès numérique aux documents de priorité (DAS) WIPO Pay Compte courant auprès de l’OMPI Assemblées de l’OMPI Comités permanents Calendrier des réunions WIPO Webcast Documents officiels de l’OMPI Plan d’action de l’OMPI pour le développement Assistance technique Institutions de formation en matière de propriété intellectuelle Fonds de reconstruction Stratégies nationales de propriété intellectuelle Assistance en matière d’élaboration des politiques et de formulation de la législation Pôle de coopération Centres d’appui à la technologie et à l’innovation (CATI) Transfert de technologie Programme d’aide aux inventeurs WIPO GREEN Initiative PAT-INFORMED de l’OMPI Consortium pour des livres accessibles L’OMPI pour les créateurs WIPO Translate Speech-to-Text Assistant de classification États membres Observateurs Directeur général Activités par unité administrative Bureaux extérieurs Postes de fonctionnaires Postes de personnel affilié Achats Résultats et budget Rapports financiers Audit et supervision
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Lois Traités Jugements Recherche par ressort juridique

Kirghizistan

KG074

Retour

Кыргыз республикасынын мыйзамы 1998-жылдын 31-марты № 29 'интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө' (КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 Интегралдык Микросхемалардын Топологияларын Укуктук Коргоо Жөнүндө Кр Мыйзамы

ИНТЕГРАЛДЫК МИКРОСХЕМАЛАРДЫН ТОПОЛОГИЯЛАРЫН УКУКТУК КОРГОО ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 31-марты N 29

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Интегралдык микросхемалардын

топологияларын укуктук коргоо жөнүндө

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын,

2006-жылдын 7-августундагы N 150 Мыйзамынын,

2007-жылдын 31-июлундагы N 127 Мыйзамынын

редакцияларына ылайык)

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр: интегралдык микросхема (мындан ары - ИМС) -

электрондук схеманын милдетин аткарууга арналган биротоло бүткөн же орто аралык формадагы

микроэлектрондук буюм, анын элементтери менен байланыштары бул буюмдун жасалышына негиз

болгон материалдын көлөмүнө жана (же) бет жагына ажырагыс түрдө түзүлөт;

интегралдык микросхеманын топологиясы (мындан ары - топология) интегралдык микросхеманын

элементтеринин жыйындысынын жана алардын ортосундагы байланыштардын материалдык алып

жүрүүчүсүндө белгиленген мейкиндик геометриялык жайгашуусу;

коммерциялык максаттарда пайдалануу - сатуу, жалдоого берүү жана коммерциялык жайылтуунун

башка ыкмалары, ошондой эле бул аракеттерди ишке ашырууга сунуш кылуу.

Ушул Мыйзамда автор, анын мураскери, ошондой эле мыйзам же келишим аркылуу алган өзгөчө

мүлктүк укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак укук ээси болуп саналат.

2-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

Ушул Мыйзам менен топологияларды түзүүгө, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланыштуу

мамилелер жөнгө салынат.

Топологияларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу Интеллектуалдык менчик

жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке

ашырылат (мындан ары - Кыргызпатент).

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Укуктук коргоонун объектиси жана шарттары

Ушул Мыйзам менен берилүүчү укуктук коргоо оригиналдуу топологияга гана жайылтылат.

Автордун чыгармачыл иш аракетинин натыйжасында түзүлгөн топология оригиналдуу болуп

эсептелет. Топология, анын тескерисинчеси далилденмейинче, оригиналдуу деп тааныла берет.

ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына анын элементтеринин жыйындысы ал жасалган

күнгө карата жалпысынан белгилүү болгон топологияга ушул Мыйзам менен укуктук коргоо

берилбейт.

ИМСтин иштеп чыгуучуларына жана жасоочуларына ал жасалган күнгө карата жалпысынан белгилүү

болуп, элементтерден турган топологияга, эгерде мындай элементтердин жыйындысы бүтүндөй

алганда ушул статьянын 2-бөлүгүнүн талаптарын канааттандырган учурда гана укуктук коргоо

берилет.

Ушул Мыйзам менен берилген укуктук коргоо топологияда ишке ашырылууга мүмкүн болгон

идеяларга, ыкмаларга, системаларга, технологияларга же шарттуу белгиленген

маалыматтарга жайылтылбайт.

4-статья. Топологияга автордук

Чыгармачылык иш-аракетинин натыйжасында ушул топологияны түзгөн жеке адам топологиянын

автору деп таанылат.

Эгерде топология бир нече адам тарабынан биргелешип түзүлсө, бул адамдардын ар бири мындай

топологиянын автору деп таанылат.

Топологияны түзүүгө жекече чыгармачыл салым кошпой, авторго техникалык, уюштуруучулук же

материалдык гана жардам көрсөткөн, же топологияны пайдаланууга укук алууга көмөктөшкөн жеке

адамдар автор катары таанылбайт.

Топологияга автордук укук ажыратылгыс жекече укук болуп саналат жана мыйзам тарабынан

мөөнөтсүз корголот.

5-статья. Мүлктүк укуктар

Авторго же башка укук ээсине бул топологияны өз билгениндей, атап айтканда, ушундай

топологиядагы ИМСти жасоо жана жайылтуу жолу менен пайдаланууга бөтөнчө укук таандык; буга

ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган учурларды кошпогондо, тийиштүү уруксатсыз бул

топологияны башка адамдардын пайдаланышына тыюу салуу укугу да кошулат.

Топологиянын бир нече авторлоруна же башка укук ээлерине таандык укуктарды пайдалануунун

тартиби алардын ортосундагы келишим менен аныкталат. Мындай келишим жок болгон учурда,

алардын ар бири топологияны өзүнүн кароосу боюнча пайдалана алат, бирок калган башка укук

ээлеринин макулдугусуз каттоодон өткөрүлгөн топологияга мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү

жөнүндө келишим түзүүгө укугу жок. Мүлктүк укуктардын бардыгын толук берүү жөнүндөгу келишимди

түзүү тууралу укук ээлеринин ортосунда өз ара макулдашууга жетишпеген учурда, алардын

арасындагы талаш сот аркылуу чечилиши мүмкүн.

Автордон же башка укук ээсинен уруксатсыз жасалган төмөндөгү иш-аракеттер топологияны

пайдаланууда:

топологияны ИМСке кошуу же дагы башкача жол менен топологияны бүт бойдон же анын бир бөлүгүн

көчүрүп алуу;

буга топологиянын түп нускасы болуп саналбаган бөлүгүнөн гана көчүрүп алуу кошулбайт;

топологияны же ушул топология бар ИМСти колдонуу, ташып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу жана

дагы башка чарбалык жүгүртүүгө киргизүү өзгөчө укукту бузуу катары таанылат.

6-статья. Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү

Топологияга мүлктүк укуктар башка жеке же юридикалык жактарга келишим боюнча бүт бойдон же

жарым-жартылай берилиши мүмкүн.

Келишим жазма түрүндө түзүлөт жана өзүнө төмөнкү шарттарды камтууга тийиш: берилүүчү

укуктардын көлөмү жана топологияларды пайдалануу ыкмалары, төлөм тартиби жана сыйлык

өлчөмү, аны пайдалануунун аймагы жана келишимдин иш мөөнөтү.

Мүлктүк укуктарды берүү жөнүндөгү же катталган топологияга лицензиялык келишим Кыргызпатентте

катталууга тийиш.

Топологияга мүлктүк укуктарды тапшыруу (өткөрүү) жөнүндөгү келишим Кыргызпатентте катталбаса

жараксыз деп табылат.

Топологияга мүлктүк укуктар мыйзам менен аныкталган тартипте мурас боюнча өтөт.

7-статья. Кызмат милдеттерин аткаруу катары жана заказчы менен ке-

лишим боюнча түзүлгөн топологияга мүлктүк укуктар

Кызмат милдеттерин аткаруу же жумуш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча түзүлгөн топологияга

мүлктүк укуктар, эгерде жумуш берүүчү менен автордун ортосундагы келишимде башкача каралбаса,

жумуш берүүчүгө таандык болот.

Сый акы төлөө тартиби жана өлчөмү автор менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишим менен

белгиленет.

Жумуш берүүчү болуп эсептелбеген заказчы менен түзүлгөн келишим боюнча автор жасаган

топологияга мүлктүк укуктар, эгерде келишимде башкача каралбаса, заказчыга таандык болот.

7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн

топологияга болгон мүлктүк укуктар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди

аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан

мамлекеттик тапшырыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгиленбесе,

аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча

иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык

берүүчүгө таандык болсо, мындай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же жалданып

иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук берүү жөнүндө мамлекеттик

тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү.

Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге (авторго) сыйакы ушул статьянын

биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн

тартиби жана апып өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин ортосундагы

келишимде белгиленет.

(КР 2006-жылдын 7-августундагы N 150 Мыйзамынын, 2007-жылдын 31-июлундагы N 127

Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу

деп таанылбаган иш-аракеттер

Топологияны пайдаланууга берилген:

мыйзамдуу түрдө алган ИМСти же ушундай ИМС бар буюмдарды, эгерде ушундай пайдаланууну

жүргүзүп жаткан жак бул ИМСтер же мындай ИМС бар буюмдар топологияны пайдаланууга берилген

өзгөчө укукту бузуу менен жасалганын же жайылтылып жатканын билбесе же билүүгө тийиш болбосо,

аларды пайдалануу. Топологиянын укук ээсинен тийиштүү эскертүү алгандан кийин бул жак ар бир

ИМС үчүн же ушундай ИМС бар ар бир буюм үчүн ылайыгына жараша компенсация төлөп берет;

пайда көрүүнү көздөбөй жеке максатта, ошондой эле баалоо, талдоо, изилдөө жана үйрөнүү

максатында пайдалануу;

мыйзамдуу жол менен чарбалык жүгүртүүгө киргизилген корголуучу топологиялуу ИМСти жайылтуу

өзгөчө укукту бузуу деп таанылбайт.

Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн, башка автордун түзгөнүнө

карабастан, окшош оригиналдуу топологияга карата ишке ашырылып жаткан иш-аракеттер

топологияны пайдаланууга берилген өзгөчө укукту бузуу деп таанылбайт.

9-статья. Топологияны каттоо

Топологиянын автору же башка бир укук ээси түздөн-түз өзүнүн каалоосу боюнча, же өзүнүн өкүлү

аркылуу топологияны ИМСтин топологиясын официалдуу каттоого билдирме берүү (мындан ары -

каттоого билдирме) жолу менен Кыргызпатентке каттата алат.

Каттоого билдирме берүү топологияны биринчи жолу пайдалануу күнүнөн тартып, эгерде мындай

пайдалануу болсо, эки жылдан ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.

Каттоого билдирме берүү бир гана топологияга тиешелүү болууга жана төмөндөгүлөрдү камтууга

тийиш:

ИМСтин топологиясын официалдуу каттоого арыз, анда укук ээси, ошондой эле автору, эгерде

ушундай деп аталуудан баш тартпаса, жана алардын турган жери (жашаган жери), топологияны

биринчи жолу пайдалануу күнү, эгерде мындай пайдалануу болгон болсо, көрсөтүлөт;

топологияны идентификациялаган депозитке өткөрүлгөн материалдар, буга топологиянын

оригиналдуулугүн көрсөтүүчү реферат да камтылат; ИМСтин топологиясынын геометрикалык-

мейкиндик элементтеринин схемасын жайгаштыруу;

белгиленген өлчөмдө каттоо акысын төлөгөндүгүн ырастоочу документ, же каттоо акысын төлөөдөн

бошотуу, ошондой эле ал акынын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздемелер.

Каттоого билдирме документтерине башка талаптарды Кыргызпатент аныктайт.

Каттоого билдирме келип түшкөндөн кийин Кыргызпатент зарыл документтердин түгөлдүгүн жана

алардын ушул статьянын үчүнчү пунктунда айтылган талаптарга ылайык келүүсүн текшерет.

Кыргызпатентке билдирме берилип чечим кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде билдирме ээси

билдирме материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого акылуу. Билдирмени кароо алты айдын

ичинде жүргүзүлөт.

Текшерүүнун натыйжасы оң чыккан учурда Кыргызпатент топологияны Кыргыз Республикасынын

интегралдык микросхемалардын топологиялары мамлекеттик реестрине киргизет, билдирме ээсине

интегралдуу микросхеманын топологиясын расмий каттоо жөнүндө күбөлүк берет жана

Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде топологиянын катталгандыгы жөнүндө маалымат

жарыялайт.

Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн формасы, аларда көрсөтүлгөн

маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Ошондой эле Кыргызпатент расмий

бюллетенде жарыяланган маалыматтардын тизмесин да аныктайт.

Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик

реестрине киргизилген маалыматтар, алардын тескерисинчеси далилденмейинче туура деп

эсептелет.

Көрсөтүлгөн маалыматтардын туура экендиги үчүн жоопкерчилик билдирме ээсине жүктөлөт.

Интегралдык микросхемалардын топологияларын, расмий каттоого байланыштуу, укуктарды өткөрүп

берүү жөнүндө келишимдерди ишке ашыруу жана маалыматтарды жарыялоо үчүн каттоо жыйымы

алынат.

Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын

өлчөмүн азайтуу үчүн негиздемелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кыргызпатенттин эсебине жыйым түрүндө келип түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валюталык

каражаттар Кыргызпатент тарабынан ушул статьяда каралган аракеттерди жүзөгө ашырууга

байланыштуу кеткен чыгымдарды жабууга, ошондой эле кадрларды даярдоонун жана аларга түрткү

берүүнүн автоматташтырылган тутумун жабдуу, түзүү жана колдонуу үчүн пайдаланылат.

Топологиянын автору же анын укук мураскери өздөрүнүн укуктарын кабарлоо үчүн корголуучу

топологияга, ошондой эле ушундай топологияны камтуучу буюмдарга чоң Т (“Т”, [Т], , Т* же Т тамгасы

менен бөлүнгөн бул түр жөнүндө кабарлоону көрсөтүүгө, топологияны пайдаланууга жана укук ээсин

идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматты пайдаланууга өзгөчө укуктук аракеттенүү

мөөнөтүнүн башталыш күнүн көрсөтүүгө укугу бар.

10-статья. Топологияны пайдаланууда өзгөчө укуктук аракеттенүү

мөөнөтү

Топологияны пайдаланууга өзгөчө укук он жыл аралыгында күчүндө болот.

Топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнүн мөөнөтүнүн башталышы төмөндөгү даталардын

бир кыйла эртерээги боюнча белгиленет:

топологияны биринчи пайдалануунун күнү боюнча; мында кайсы бир жерде бул топологияны же ушул

топология менен ИМСти чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнүн бир кыйла эртерээк документтештирип

жазылган күнү эсептелет;

Кыргызпатентте топологияны каттоо күнү боюнча.

Окшош оригиналдуу топология пайда болгон учурда, башка автордун түзгөнүнө карабастан,

топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун күчүнүн жалпы мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш.

11-статья. Топологияга укукту коргоо

Топологиянын автору же башка бир укук ээси төмөндөгүлөрдү талап кылууга акылуу:

укуктарды таанууну;

укуктун бузулушуна чейин күчүндө болгон абалды калыбына келтирүүнү жана укукту бузуучу же

укукту бузууга коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотууну; келтирилген зыяндардын ордун толтурууну,

булардын өлчөмүнө укук бузуучу мыйзамсыз алган кирешелердин суммасы кошулат;

алардын укуктарын коргоого байланышкан, ченемдик мыйзам актыларында каралган башка

чараларды колдонууну.

Автор же башка бир укук ээси өзүнүн укугун коргоо үчүн белгиленген тартипте сотко кайрыла алат.

Келтирилген зыяндардын ордун толтуруудан тышкары соттун кароосу боюнча доочунун пайдасына

сот кесип берген суммадан он процент өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын бюджетинин

республикалык кирешесине айып алынышы мүмкүн.

Сот мыйзамсыз даярдалган ИМСтин нускаларын жана ушундай ИМСти камтыган буюмдарды,

ошондой эле аларды жасоо үчүн пайдаланылуучу материалдар менен жабдууларды конфискациялоо

жөнүндө жана аларды жок кылуу же аларды Кыргыз Республикасынын бюджетинин республикалык

кирешесине же доочунун өтүнүчү боюнча ал тарткан зыяндардын ордун толтуруу үчүн ага өткөрүп

берүү жөнүндө чечим чыгара алат.

12-статья. Чет өлкөлөрдө топологияга укукту коргоо

Автор же башка укук ээси чет өлкөлөрдө топологияга укуктук коргоо боюнча тийиштүү билдирмени

Кыргызпатентте каттодон өткөргөндөн кийин гана сурап ала алат. Бул жобону сактабоо Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Чет өлкөлөрдө топологияга

укуктук коргоону алууга байланышкан чыгымдарды ушундай коргоону сурап алуучу жак же аны менен

макулдашуу боюнча башка жеке адам же юридикалык жак көтөрөт.

13-статья. Чет өлкөлүк жеке адамдардын жана юридикалык жактардын

укуктары

Чет өлкөлүк жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын эл аралык

келишимдерине жараша же өз ара келишүү принцибинин негизинде Кыргыз Республикасынын жеке

адамдары жана юридикалык жактары менен бирдей ушул Мыйзамда каралган

укуктардан пайдаланышат.

14-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда жазылгандардан башка

эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын “Интегралдык микросхемалардын топологиясын укуктук коргоо жөнүндө”

Мыйзамы көрсөтүлгөн Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан интегралдык

микросхемалардын түзүлүшүнө жана пайдаланылышына байланыштуу мамилелерге карата

жайылтылат.

Эгерде интегралдык микросхемалардын топологиясы ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып эки

жылдын ичинде Кыргызпатентте катталса, Ушул Мыйзамдын күчү аталган Мыйзам кабыл алынганга

чейин келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга

ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1998-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган