À propos de la propriété intellectuelle Formation en propriété intellectuelle Respect de la propriété intellectuelle Sensibilisation à la propriété intellectuelle La propriété intellectuelle pour… Propriété intellectuelle et… Propriété intellectuelle et… Information relative aux brevets et à la technologie Information en matière de marques Information en matière de dessins et modèles industriels Information en matière d’indications géographiques Information en matière de protection des obtentions végétales (UPOV) Lois, traités et jugements dans le domaine de la propriété intellectuelle Ressources relatives à la propriété intellectuelle Rapports sur la propriété intellectuelle Protection des brevets Protection des marques Protection des dessins et modèles industriels Protection des indications géographiques Protection des obtentions végétales (UPOV) Règlement extrajudiciaire des litiges Solutions opérationnelles à l’intention des offices de propriété intellectuelle Paiement de services de propriété intellectuelle Décisions et négociations Coopération en matière de développement Appui à l’innovation Partenariats public-privé Outils et services en matière d’intelligence artificielle L’Organisation Travailler avec nous Responsabilité Brevets Marques Dessins et modèles industriels Indications géographiques Droit d’auteur Secrets d’affaires Académie de l’OMPI Ateliers et séminaires Application des droits de propriété intellectuelle WIPO ALERT Sensibilisation Journée mondiale de la propriété intellectuelle Magazine de l’OMPI Études de cas et exemples de réussite Actualités dans le domaine de la propriété intellectuelle Prix de l’OMPI Entreprises Universités Peuples autochtones Instances judiciaires Ressources génétiques, savoirs traditionnels et expressions culturelles traditionnelles Économie Égalité des genres Santé mondiale Changement climatique Politique en matière de concurrence Objectifs de développement durable Technologies de pointe Applications mobiles Sport Tourisme PATENTSCOPE Analyse de brevets Classification internationale des brevets Programme ARDI – Recherche pour l’innovation Programme ASPI – Information spécialisée en matière de brevets Base de données mondiale sur les marques Madrid Monitor Base de données Article 6ter Express Classification de Nice Classification de Vienne Base de données mondiale sur les dessins et modèles Bulletin des dessins et modèles internationaux Base de données Hague Express Classification de Locarno Base de données Lisbon Express Base de données mondiale sur les marques relative aux indications géographiques Base de données PLUTO sur les variétés végétales Base de données GENIE Traités administrés par l’OMPI WIPO Lex – lois, traités et jugements en matière de propriété intellectuelle Normes de l’OMPI Statistiques de propriété intellectuelle WIPO Pearl (Terminologie) Publications de l’OMPI Profils nationaux Centre de connaissances de l’OMPI Série de rapports de l’OMPI consacrés aux tendances technologiques Indice mondial de l’innovation Rapport sur la propriété intellectuelle dans le monde PCT – Le système international des brevets ePCT Budapest – Le système international de dépôt des micro-organismes Madrid – Le système international des marques eMadrid Article 6ter (armoiries, drapeaux, emblèmes nationaux) La Haye – Le système international des dessins et modèles industriels eHague Lisbonne – Le système d’enregistrement international des indications géographiques eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Médiation Arbitrage Procédure d’expertise Litiges relatifs aux noms de domaine Accès centralisé aux résultats de la recherche et de l’examen (WIPO CASE) Service d’accès numérique aux documents de priorité (DAS) WIPO Pay Compte courant auprès de l’OMPI Assemblées de l’OMPI Comités permanents Calendrier des réunions WIPO Webcast Documents officiels de l’OMPI Plan d’action de l’OMPI pour le développement Assistance technique Institutions de formation en matière de propriété intellectuelle Mesures d’appui concernant la COVID-19 Stratégies nationales de propriété intellectuelle Assistance en matière d’élaboration des politiques et de formulation de la législation Pôle de coopération Centres d’appui à la technologie et à l’innovation (CATI) Transfert de technologie Programme d’aide aux inventeurs WIPO GREEN Initiative PAT-INFORMED de l’OMPI Consortium pour des livres accessibles L’OMPI pour les créateurs WIPO Translate Speech-to-Text Assistant de classification États membres Observateurs Directeur général Activités par unité administrative Bureaux extérieurs Avis de vacance d’emploi Achats Résultats et budget Rapports financiers Audit et supervision
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Lois Traités Jugements Parcourir par ressort juridique

Kirghizistan

KG226

Retour

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралы № 126 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө' токтому

 КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралы № 126 'Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө' токтому

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн

2017-жылдын 28-

февралындагы

№ 126 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар

мамлекеттик кызматы жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик

жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент)

интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатындагы

бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, аткаруу бийлигинин ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет.

2. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын

Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда

белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз

Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону

жетекчиликке алат.

3. Кыргызпатент юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, анын өз

алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсептери бар.

Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү

түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү жана

башка белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.

4. Кыргызпатент жана анын ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын

интеллектуалдык менчигинин бирдиктүү системасын түзөт.

5. Кыргызпатент, өз ишин ушул Жободо белгиленген жана анын ченемдерине

карама-каршы келбеген ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча уюштурат жана

ишке ашырат.

2. Кыргызпатенттин максаты жана милдеттери

6. Кыргызпатенттин ишинин макcаты интеллектуалдык менчикти коргоону

камсыздоо жана инновациялык иштерди өнүктүрүү болуп саналат.

7. Кыргызпатенттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- интеллектуалдык менчик объектилерин жана салттуу билимдерди укуктук

жактан коргоо жана аны камсыздоо;

- адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө,

ошондой эле келечектүү илимий-техникалык иштеп чыгууларды илгерилетүүгө

жана интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;

- патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;

- инновациялык иштерди өнүктүрүү жана аларга дем берүү.

3. Кыргызпатенттин функциялары

8. Кыргызпатент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясат функциялары:

- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук

стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын

камсыздайт;

- улуттук мыйзамдарды колдонуу практикасын талдайт жана жалпылайт,

интеллектуалдык менчик жана инновациялык иштер жаатындагы ченемдик укуктук

актыларды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;

- Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык

келишимдерди түзүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат,

ушул келишимдер боюнча Кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын

камсыздайт;

- Кыргызпатенттин карамагындагы мамлекеттик маалымат ресурстарынын,

маалымат системаларынын жана тармактарынын коопсуздугун жана корголушун

камсыздайт;

- интеллектуалдык менчик объектилеринин жана патенттик ишенимдүү

өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;

- патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын жана өнүктүрүү

проблемаларын баалоо, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик маалымат

ресурстарын түзүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасында инновациялык иштерди өнүктүрүү боюнча

сунуштарды түзөт;

- инновациялык долбоорлордун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

- инновациялык долбоорлордун абалын талдайт жана аларды өнүктүрүү

боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;

- кызыгдар болгон тараптар менен бирдикте инновациялык иштерге дем

берүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;

2) жөнгө салуу функциялары:

- өнөр жайлык менчик объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык

жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо

документтерин берүү жана аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн экспертиза

жүргүзөт;

- мамлекеттин атынан өнөр жайлык менчик объектилерине, салттуу

билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын

топологияларына коргоо документтерин берет, ошондой эле аларды күчүндө

кармоо боюнча чараларды ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу өнөр жайлык менчик

объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин берүү жөнүндө

келишимдерди, аларды пайдаланууга укуктарды берүү жөнүндө лицензиялык

келишимдерди, салттуу билимдерди пайдаланууга келишимдерди, өнөр жайлык

менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөө келишимдерин жана технологияларды

өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди, ошондой эле автордук укук объектилерине

автордук келишимдерди, чектеш укуктар объектилери жаатындагы келишимдерди,

интегралдык микросхемалардын топологияларына укуктарды өткөрүп берүү

жөнүндө келишимдерди каттайт;

- Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунушту каттайт жана ага

күбөлүк берет;

- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттайт;

- авторлорду жана чектеш укуктар ээлерин эсепке алууну жүргүзөт;

- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна

лицензиялык келишимдерди түзөт;

- лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сый акыларды

төлөөдөн автордук укук объектилерин пайдалануучулар баш тарткан учурда

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;

- Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн аттестациялайт,

каттайт жана аларга күбөлүк берет;

3) координациялоо жана контролдоо функциялары:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын

интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо маселелери боюнча

бирдиктүү иштешин камсыздайт;

- авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук

жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде

башкаруучу уюмдардын иштерин контролдойт;

- коргоо документтерин алуу үчүн берилген өтүнмөлөргө карата мамлекеттик

экспертизанын натыйжаларына даттанууларды жана арыздарды, ошондой эле

Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана

юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын карайт;

- кеңешүүчү органды - Кыргызпатенттин алдындагы Авторлор кеңешин - түзүү

жолу менен жамааттык негизде авторлордун мүлктүк укуктарын башкарууну

координациялайт;

- кеңешүүчү органды - Кыргызпатенттин алдындагы Чектеш укуктар ээлеринин

кеңешин түзүү жолу менен жамааттык негизде чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк

укуктарын башкарууну координациялайт;

- ведомстволук уюмдардын каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун

контролдойт;

4) кызмат көрсөтүү функциялары:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана авторлордун,

аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук жана чектеш

укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет

өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара билдирүү жөнүндө

макулдашууларга ылайык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн автордук укук

жана чектеш укуктар ээлерине сый акыларды чогултат, бөлүштүрөт жана аны төлөп

берет;

- мамлекеттик кызыкдар болгон уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды

патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдама жана аналитикалык

материалдар менен камсыздайт;

- жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде кызмат көрсөтөт жана

интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү, укуктук коргоо жана пайдалануу

жаатындагы иштерди аткарат;

- коомдук дөөлөткө өткөн автордук укук объектилерин пайдалангандыгы үчүн

келип түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчиктин

мамлекеттик фондунун каражаттарын, ошондой эле үч жыл ичинде талап

кылынбаган автордук сый акыларды жана башка каражаттарды Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тартипте чогултат жана

бөлүштүрөт;

- маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын

чыгарат жана сатат, ошондой эле башка полиграфиялык кызматтарды көрсөтөт;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктук пропагандалоо боюнча иш-

чараларды өткөрөт;

5) колдоо көрсөтүү функциялары:

- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана сактоо

маселелери боюнча эл аралык кызматташууну жүргүзөт, тиешелүү эл аралык

уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан ыйгарым укуктуу чыгат, эл аралык

келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Кыргыз Республикасынын

милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктарды коргоо жана сактоо

маселелери боюнча окутууларды уюштурат;

- авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жаздыруучулардын, автордук

укук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык

башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара билдирүү

жөнүндө макулдашууларды түзөт;

- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктар ээлерине укуктарын ишке

ашырууга көмөктөшөт;

- мамлекеттик патенттик фондун ата мекендик жана чет өлкөлүк патенттик

документтер жана адабияттар менен, аларды сатып алуу жана эл аралык уюмдар

жана чет өлкөлүк патенттик ведомстволор менен алмашуу аркылуу комплекттейт;

- интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга,

инновациялык иштердин натыйжаларын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт;

- инновациялык долбоорлорду маалыматтык чагылдырууну уюштурат;

- контрафакт белгилерин аныктоо предметине автордук укук жана чектеш

укуктар объектилерин камтыган аудио жана видеопродукцияларга изилдөө

жүргүзөт.

4. Кыргызпатенттин укуктары

9. Кыргызпатент функцияларын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү укуктарга

ээ:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна интеллектуалдык менчик

объектилерин укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчик системасынын иштөө

маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө

сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар

менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана аталган келишимдерге кол коюуга;

- көргөзмөлөрдү, конкурстарды, жайкы мектептерди жана башка иш-

чараларды, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштурууга жана

өткөрүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы

окуу борборлорун түзүүгө;

- расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды,

методикалык колдонмолорду, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана

инновациялык иштер жаатындагы башка адабияттарды чыгарууга;

- маалымат ресурстарын түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

мамлекеттик сыйлыктарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

сунуштарды киргизүүгө;

- интеллектуалдык менчик объекттерин коргоого байланыштуу

документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;

- автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук укук жана

чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун ырастаган

документтерди алууга;

- автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулардан

автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга тийиштүү

лицензиялык келишимдин болушун талап кылууга, ошондой эле пайдаланылган

чыгармалар жөнүндө ай сайын отчет берүүгө жана бул талап аткарылбаган учурда

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;

- автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулар

автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;

- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик

ведомстволордон жана уюмдардан ойлоп табуучулук жана патенттик-лицензиялык

иштер жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык

менчиктин башка объектилери жөнүндө статистикалык маалыматтарды Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сурап алууга;

- илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукцияларына, ошондой

эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштерге жана

кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди белгилөө боюнча белгиленген

тартипте сунуштарды киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү

үчүн Кыргызпатенттин алдындагы уюмдарды жана топторду түзүүгө;

- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоого байланыштуу

маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Кыргызпатенттин бюджетинин чегинде

башка иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн келишимдик негизде ата

мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы илимий-изилдөө жана башка иштерди

уюштурууга жана жүргүзүүгө;

- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоого жана

коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;

- Кыргызпатенттин юридикалык жак статусу менен ведомстволук уюмдарын

түзүүгө жана алардын ишине катышууга;

- өнөр жайлык менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди

коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча каршы пикирлерди жана арыздарды

кароо үчүн милдеттүү баштапкы орган болгон Апелляциялык кеңешти түзүүгө.

Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобо Кыргызпатенттин коллегиясынын чечими

менен бекитилет;

- кеңеш берүүчү органдарды - Кыргыпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар

кеңешин, Авторлор кеңешин, Чектеш укуктардын ээлеринин кеңешин түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке

ашырууга.

5. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу

10. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат

ордуна дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага башкарат.

11. Кыргызпатентте статс-катчынын жана төраганын орун басарынын кызмат

орундары каралган.

Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби,

анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.

Төраганын орун басары Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз

Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана

кызмат ордунан бошотулат, Кыргызпатенттин төрагасына түздөн-түз баш иет жана

Кыргызпатенттин ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.

12. Кыргызпатенттин кызматкерлери, ведомстволук уюмдарынын

кызматкерлерин кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматкерлер болуп саналат.

13. Кыргызпатенттин төрагасы:

- Кыргызпатенттин. анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук

уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Кыргызпатентке

жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;

- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин

мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана чет

мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишканалары, мекемелери

жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кыргызпатенттин атынан чыгат, өз

ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин

компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу

жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коёт;

- статс-катчынын жана төраганын орун басарынын милдеттерин аныктайт,

алар тарабынан Кыргызпатенттин компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруу,

кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү

боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын

белгилейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине Кыргызпатенттин ведомстволук

уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жөнүндө сунуш киргизет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна

дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте

Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна

дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

- Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык

расписаниесин, тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын

чегинде аларды күтүүгө чыгымдардын системасын бекитет, Кыргызпатенттин

атайын казыналык эсептеринде топтолгон каражаттарды тескейт, ошондой эле

анын аткарылышын контролдойт;

- ведомстволук уюмдарынын жобосун, түзүмүн жана штаттык расписаниесин

бекитет;

- Кыргызпатенттин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык

Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды,

жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды

чыгарат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ишинин

ички тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин

аныктайт;

- белгиленген тартипте Кыргызпатенттин системасында өзгөчө айырмаланган

кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды

ыйгарууга көрсөтөт;

- Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген тартип жазаларынын түрлөрүн колдонот;

- бөлүнгөн материалдык ресурстарды, бюджеттик ассигнованиелерди жана

Кыргызпатенттин атайын казыналык эсептеринде топтолгон каражаттарды

максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт, эсебин жүргүзөт жана алар

боюнча отчет берет;

- Кыргызпатенттин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык

келишимге кол коёт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык

келишимге ылайык Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын

кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин алдына

коюлган милдеттерди аткаруу үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

14. Кыргызпатентте 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын

курамына кызмат орду боюнча Кыргызпатенттин төрагасы, статс-катчы жана

төраганын орун басары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргызпатенттин

төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

буйругу менен бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.

15. Кыргызпатенттин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында

Коомдук кеңеш-консультациялык-байкоочу орган түзүлөт, ал коомдук негизде

иштейт.

16. Учурдагы өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүү жана түзүмдүк

бөлүмдөрдүн ишин координациялоо үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлүшү

мүмкүн, анын жеке курамын Кыргызпатенттин төрагасы бекитет.

17. Кыргызпатентте мамлекеттик жарандык кызматкерлердин этикасы боюнча

комиссия иштейт.

6. Корутунду жоболор

18. Кыргызпатенттин борбордук аппаратын жана анын ведомстволук

уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин

каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган

атайын казыналык эсепте топтолгон башка каражаттардын эсебинен жүзөгө

ашырылат.

19. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин

жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун маалыматтарын

даярдоону жана тийиштүү органдарга берүүнү камсыздайт.

20. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

21. Кыргызпатенттин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө келип

чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.