À propos de la propriété intellectuelle Formation en propriété intellectuelle Respect de la propriété intellectuelle Sensibilisation à la propriété intellectuelle La propriété intellectuelle pour… Propriété intellectuelle et… Propriété intellectuelle et… Information relative aux brevets et à la technologie Information en matière de marques Information en matière de dessins et modèles industriels Information en matière d’indications géographiques Information en matière de protection des obtentions végétales (UPOV) Lois, traités et jugements dans le domaine de la propriété intellectuelle Ressources relatives à la propriété intellectuelle Rapports sur la propriété intellectuelle Protection des brevets Protection des marques Protection des dessins et modèles industriels Protection des indications géographiques Protection des obtentions végétales (UPOV) Règlement extrajudiciaire des litiges Solutions opérationnelles à l’intention des offices de propriété intellectuelle Paiement de services de propriété intellectuelle Décisions et négociations Coopération en matière de développement Appui à l’innovation Partenariats public-privé Outils et services en matière d’intelligence artificielle L’Organisation Travailler avec nous Responsabilité Brevets Marques Dessins et modèles industriels Indications géographiques Droit d’auteur Secrets d’affaires Académie de l’OMPI Ateliers et séminaires Application des droits de propriété intellectuelle WIPO ALERT Sensibilisation Journée mondiale de la propriété intellectuelle Magazine de l’OMPI Études de cas et exemples de réussite Actualités dans le domaine de la propriété intellectuelle Prix de l’OMPI Entreprises Universités Peuples autochtones Instances judiciaires Ressources génétiques, savoirs traditionnels et expressions culturelles traditionnelles Économie Égalité des genres Santé mondiale Changement climatique Politique en matière de concurrence Objectifs de développement durable Technologies de pointe Applications mobiles Sport Tourisme PATENTSCOPE Analyse de brevets Classification internationale des brevets Programme ARDI – Recherche pour l’innovation Programme ASPI – Information spécialisée en matière de brevets Base de données mondiale sur les marques Madrid Monitor Base de données Article 6ter Express Classification de Nice Classification de Vienne Base de données mondiale sur les dessins et modèles Bulletin des dessins et modèles internationaux Base de données Hague Express Classification de Locarno Base de données Lisbon Express Base de données mondiale sur les marques relative aux indications géographiques Base de données PLUTO sur les variétés végétales Base de données GENIE Traités administrés par l’OMPI WIPO Lex – lois, traités et jugements en matière de propriété intellectuelle Normes de l’OMPI Statistiques de propriété intellectuelle WIPO Pearl (Terminologie) Publications de l’OMPI Profils nationaux Centre de connaissances de l’OMPI Série de rapports de l’OMPI consacrés aux tendances technologiques Indice mondial de l’innovation Rapport sur la propriété intellectuelle dans le monde PCT – Le système international des brevets ePCT Budapest – Le système international de dépôt des micro-organismes Madrid – Le système international des marques eMadrid Article 6ter (armoiries, drapeaux, emblèmes nationaux) La Haye – Le système international des dessins et modèles industriels eHague Lisbonne – Le système d’enregistrement international des indications géographiques eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Médiation Arbitrage Procédure d’expertise Litiges relatifs aux noms de domaine Accès centralisé aux résultats de la recherche et de l’examen (WIPO CASE) Service d’accès numérique aux documents de priorité (DAS) WIPO Pay Compte courant auprès de l’OMPI Assemblées de l’OMPI Comités permanents Calendrier des réunions WIPO Webcast Documents officiels de l’OMPI Plan d’action de l’OMPI pour le développement Assistance technique Institutions de formation en matière de propriété intellectuelle Mesures d’appui concernant la COVID-19 Stratégies nationales de propriété intellectuelle Assistance en matière d’élaboration des politiques et de formulation de la législation Pôle de coopération Centres d’appui à la technologie et à l’innovation (CATI) Transfert de technologie Programme d’aide aux inventeurs WIPO GREEN Initiative PAT-INFORMED de l’OMPI Consortium pour des livres accessibles L’OMPI pour les créateurs WIPO Translate Speech-to-Text Assistant de classification États membres Observateurs Directeur général Activités par unité administrative Bureaux extérieurs Avis de vacance d’emploi Achats Résultats et budget Rapports financiers Audit et supervision
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Lois Traités Jugements Parcourir par ressort juridique

Kirghizistan

KG262

Retour

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралы № 80 токтому менен бекитилген)

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралы № 80 токтому менен бекитилген)

Тиркеме (Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн

2019-жылдын 20- февралындагы

№ 80 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар

мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана

аларды кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ

I. Жалпы жоболор

1. Ушул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун тартибин белгилейт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча талаш-тартыштарды карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп эсептелет жана ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кыргызпатент) жана ведомствого караштуу уюмдарынын кызматкерлеринин ичинен 7 мүчөдөн түзүлөт жана Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.

Апелляциялык кеңештин жыйындарында каршы пикирлерди жана арыздарды кароодо ачыктыкты жана айкындуулукту камсыздоо максатында чечимдерди кабыл алууда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жана Кыргызпатенттин Коомдук кеңешинин мүчөсү добуш берүүгө укуксуз байкоочу катарында катышат.

II. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар

3. Апелляциялык кеңешке Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин

аталыштары жөнүндө", "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык төмөнкүдөй каршы пикирлер жана арыздар берилиши мүмкүн:

1) ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;

2) товардык белгини, тейлөө белгисин жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала экспертизанын чечимине;

3) 1900-жылдын 14-декабрында Брюсселде, 1911-жылдын 2-июнунда Вашингтондо, 1925-жылдын 6-ноябрында Гаагада, 1934-жылдын 2-июнунда Лондондо, 1957-жылдын 15-июнунда Ниццада жана 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдо кайра каралып чыккан 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна (мындан ары - Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу) ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;

4) 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго (мындан ары - Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протокол) ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;

5) ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала экспертизанын чечимине;

6) селекциялык жетишкендикке өтүнмө берүүгө каршы; 7) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө өтүнмө

берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге; 8) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна ылайык

өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон биротоло баш тартууга;

9) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон биротоло баш тартууга;

10) өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө жана товарлар чыгарылган жерлердин катталган аталышын пайдаланууга укук берүүнү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге;

11) өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган товардык белгини, тейлөө белгисин каттоо жөнүндө чечимге, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:

- белгинин бир же бир нече элементтерин коргоодон чыгарганда; - белгини каттоо суралып, өтүнүүчү берген товарлардын тизмеси өзгөргөндө;

12) ойлоп табууга патентти, анын ичинде Евразия патенттик конвенциясына ылайык алынган ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;

13) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы; 14) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна ылайык

товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы; 15) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата

Протоколго ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы; 16) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган

жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы; 17) товарлар келип чыккан жерлердин аталыштарын каттоонун же товарлар

келип чыккан жерлердин аталышына пайдаланууга укук берүү күбөлүгүнүн күчүн токтотуу жөнүндө.

4. Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй арыздар берилиши мүмкүн: 1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү

деп таануу жөнүндө; 2) жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин жалпыга белгилүү статусун

жоготкондугу жөнүндө.

III. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүүнүн шарттары жана тартиби

5. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 7-11-пунктчаларында жана 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган каршы пикирлер жана арыздар өтүнүүчү тарабынан түздөн-түз же анын өкүлү аркылуу берилет.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 6, 12-17-пунктчаларында жана 4-пунктунун 2- пунктчасында каралган каршы пикирлер жана арыздар кайсыл жак болбосун түздөн-түз же анын өкүлү аркылуу берилет.

Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен

тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууда башка тартип белгиленбесе, каршы пикирлерин, билдиришет, алар боюнча Апелляциялык кеңешке кат жазышат жана Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жыйындарга катышат.

Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыктарын өкүлдөөгө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним катты ушул өтүнүүчү өзү же өтүнүүчү берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү бере алат. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.

6. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: - ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, товардык белгиге,

тейлөө белгисине жана товар чыгарылган жердин аталышына, селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн каттоо номери, ал эми коргоо документи тууралуу талаш- тартыш болгондо, документтин номери, каршы пикирди берген жеке жактын фамилиясы, аты же юридикалык жактын аталышы жана кат алышуу үчүн дареги;

- даттануу берилген чечимге карата талаш-тартыштын маани-маңызы; - сунушталган жана бардык ага каршы көрсөтүлгөн объектилердин

салыштыруу талдоосун кошкондо, өтүнүчүнүн бардык далилдерин жана жүйөлөрүн толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);

- өтүнүчүнүн пикири боюнча анын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи болгон жүйөлүү далилдер жана негиздүү жагдайлар;

- талаш-тартыш предмети боюнча өтүнүчүнүн так билдирилген талаптары. Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз эки нускада берилет. 7. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-4, 7-11-пунктчаларында каралган каршы

пикирлер өтүнүүчү чечимди алган күндөн тартып, үч айдын ичинде берилет. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирлер

өтүнүүчү чечимди алган датадан тартып эки айдын ичинде берилет. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикирлер

өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаган күндөн тартып, алты айдын ичинде берилет.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 12-пунктчасында каралган каршы пикирлер патентти колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет.

"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4- беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда ушул Эрежелердин 3- пунктунун 13-пунктчасында каралган каршы пикир каттоону колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет, ал эми "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген негиздемелер боюнча - Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялаган датадан тартып беш жыл өткөнгө чейин берилет.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 14-15-пунктчаларында каралган каршы пикирлер товардык белгини, тейлөө белгисин каттоонун бардык мөөнөтүндө берилет.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 16-пунктчасында каралган каршы пикирлер товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун, товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүнүн күбөлүгүн колдонуу мезгилинде берилет.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 17-пунктчасында каралган каршы пикирлер товарлар келип чыккан жерлердин аталыштарын каттоонун же товарлар келип чыккан жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү күбөлүгүн колдонуу мөөнөтүндө берилет.

Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган арыз товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.

Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.

8. Каршы пикирге же арызга каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.

Бир түрдүү товарларга карата, ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 3, 4, 7, 8, 9- пунктчаларында караштырылган каршы пикирге, берилген белгилемени каттоого "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин ээсинин макулдугу тиркелет.

9. Каршы пикир же арыз берген күн болуп Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен бул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз берген күн эсептелет.

Берилген каршы пикири же арызы ушул Эрежелердин талаптарына туура келбесе же каршы пикир же арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.

Алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тариздөө тартибин бузуу менен берилсе жараксыз болуп эсептелет, ал эми каршы пикир же арыз өтүнүүчүгө оңдогонго кайтарылып берилет. Каршы пикирди же арызды карап чыгуунун мөөнөтү оңдолгон документ берилген күндөн тартып эсептелет.

Каршы пикир же арыз берген жактын өтүнүчү боюнча каршы пикирди же арызды кароонун датасын белгилөө жөнүндө кабарлама жиберген датага чейин тиешелүү өтүнүч кат берген шартта, каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет.

10. Каршы пикир же арыз берген жак же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин бүтүмү жарыяланганга чейин берген каршы пикирин же арызын кайра сурап ала алат. Мында каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.

11. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же берилбеген болуп эсептелген каршы пикирди же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.

12. Өтүнүүчү тарабынан каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтү өтүнүчүнүн өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өтүнүч кат каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кетишинин жүйөлүү себептерин тастыктоону камтышы керек жана ага каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым жана каршы пикир үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.

Өтүнүч кат менен бирге каршы пикирди берүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин жүйөлүү себептерин тастыктаган, белгиленген өлчөмдө көрсөтүлгөн алымдарды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, өтүнүч кат жана каршы пикир берилбеген болуп эсептелет.

Эгер алым белгиленгенден аз төлөнгөн жана/же анын төлөгөндүгүн тастыктаган документ болбогон учурда, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.

13. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же каршы пикир берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин калыбына келтирүү жана өтүнүч кат менен бирге каршы пикир берилбеген деп таанылган учурда каршы пикир үчүн алымдардын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.

IV. Каршы пикирлерди жана арыздарды каттоо жана кабыл алуу

14. Ушул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикир же арыз болуп Апелляциялык кеңешке келип түшкөн бул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган каршы пикир же арызды берүүнүн шарттарын канааттандырган жазуу түрүндөгү каршы пикир же арыз таанылат.

15. Апелляциялык кеңешке келип түшкөн каршы пикир же арыз катталат жана ага кириш номери ыйгарылат.

16. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 12-17-пунктчалары жана 4-пунктунун 2- пунктчасында каралган каршы пикирди же арызды карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээсине каршы пикирдин же арыздын көчүрмөлөрүн тиркөө менен кабарлоо жиберилет.

Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна же Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык катталган товардык белгинин, тейлөө белгисинин ээсине жиберилүүчү кабарлоо белгинин ээсинин дарегине түздөн-түз жөнөтүлөт. Мында мындан ары каршы пикир же арызга байланыштуу ишти жүргүзүү ушул Эрежелердин III бөлүмүнө ылайык Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу ишке ашырыла тургандыгы билдирилет.

17. Эгер каршы пикир же арызды берүү ушул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган шарттарды канааттандырбаса, каршы пикир же арыз кайтарылып берилип, берилбеген болуп эсептелет.

V. Каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуунун мөөнөтү

18. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-11, 13-17-пунктчаларында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, төрт айдын ичинде каралып чыгат.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 12-пунктчасында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, алты айдын ичинде каралып чыгат.

Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1-2-пунктчаларында каралган арыздар Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, төрт айдын ичинде каралып чыгат.

19. Каршы пикирин же арызын кабыл алуу жөнүндө Апелляциялык кеңеш тарабынан кабарлоо жиберилген кайсы жак болбосун Апелляциялык кеңешке жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен жыйындын мөөнөтүн жылдыруу тууралуу өтүнүч кат менен кайрыла алат.

Өтүнүч кат жазуу түрүндө жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен берилиши керек жана эгер ал даттанууну карап чыгуунун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндүн ичинде келип түшсө, эске алынат.

Бул учурда Апелляциялык кеңештин жыйынын өткөрүүнүн жаңы датасы дайындалат, бул тууралуу каршы пикирди же арызды кароонун бардык катышуучуларына билдирилет.

20. Апелляциялык кеңеш иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотууга милдеттүү:

- эгер талаш-тартышка түшкөн укук мамилеси укук мураскорлукка уруксат берсе, каршы пикирди же арызды карап чыгуунун катышуучусу болуп эсептелген жаран (жеке жак) каза болсо же юридикалык жак жоюлганда же кайра өзгөртүлүп түзүлсө - чыгып калган жактын укук мураскорун аныктаганга чейин;

- жарандык сот ишинде же административдик тартипте каралып чыгуучу башка иш чечилгенге чейин бул ишти карап чыгуу мүмкүн болбогондо.

Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин мыйзамдарда каралган бардык мөөнөттөрдүн ичинде токтотулат.

Иш боюнча өндүрүш иштин бүтүшүнө кызыкдар болгон юридикалык жактын арызы боюнча же анын токтоп калышына негиз болуп калган кырдаалды четтеткенден кийин Апелляциялык кеңештин демилгеси боюнча кайтадан башталат.

VI. Апелляциялык кеңештин жыйынында каршы пикирди же арызды карап чыгуу

21. Каршы пикирди же арызды карап чыгуу төрагалык кылуучу менен кошо, курамында бештен кем эмес мүчөсү бар Апелляциялык кеңештин жыйынында жүргүзүлөт.

22. Апелляциялык кеңештин мүчөсү(мүчөлөрү) ишти карай албайт жана ишти кароодон четтетилиши керек, эгер ал:

- ишке катышкан кайсы бир жактын же алардын өкүлдөрүнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсү, жакын тууганы болуп саналса;

- иштин натыйжасына жеке, түздөн-түз же кыйыр кызыкдар болсо же анын объективдүүлүгүнө жана калыстыгына шек туудурган башкача абалдар келип чыкса;

- өтүнмөнүн материалдарын кароодо эксперт катарында катышкан болсо;

- аны Апелляциялык кеңештин талкуусуна чыгарганга чейин талаш-тартышка байланыштуу иштин божомолдуу жыйынтыгы жөнүндө кароосуз эле, кандай түрдө болбосун өз позициясын айткан болсо (же ачык билдирген болсо).

23. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда каршы пикир же арыз берген жак, талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээси жана/же өкүлү жана Кыргызпатенттин экспертизасынын тийиштүү бөлүмүнүн өкүлү катыша алат.

Каршы пикир же арыз берген жак, коргоо документинин ээси өзү, ошондой эле анын ыйгарым укугу тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат менен тастыкталган өкүлү аркылуу каршы пикирди же арызды карап чыгууга катыша алат.

Апелляциялык кеңеш башка жактарга добуш берүүгө укугу жок катышууга уруксат бере алат.

Ушул пункттун биринчи абзацында аталган жактар Апелляциялык кеңештин кайсы мүчөсүнө/мүчөлөрүнө болбосун анын ишти кароодон жүйөлүү четтей тургандыгын билдирүүгө укуктуу. Ишти кароодон четтегендиги ушул Эрежелердин 22-пунктунда баяндалган негиздердин бири белгилүү болгон учурдан кечиктирбестен, ишти маани-маңызы боюнча кароо бүтүрүлгөнгө чейин билдирилиши керек. Ишти кароодон четтөөнү билдирүү боюнча аныктама мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө кабыл алынууга тийиш. Ишти кароодон четтөөнүн жүйөлүү себептери көрсөтүлүп, жазуу түрүндө баяндалышы керек. Ишти кароодон четтөө боюнча аныктама даттанылбайт. Апелляциялык кеңештин мүчөсүнө/мүчөлөрүнө ишти кароодон четтөө жөнүндө негизделбеген арыз канааттандырылбайт.

24. Ушул Эрежелердин 22-пунктунда баяндалган жагдайлар болсо, Апелляциялык кеңештин мүчөсү (мүчөлөрү) өздөрүнүн ишти кароодон четтей тургандыгын билдирүүгө милдеттүү. Өздөрүнүн ишти кароодон четтей тургандыгы ишти маани-маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилиши керек.

Эгер ушул Эрежелердин 22-пунктунда баяндалган жакка өзүн ишти кароодон четтетүүчү негиз ишти кароо башталгандан кийин белгилүү болсо, анда ал тиешелүү негиз келип чыккан баскычта өзүнүн ишти кароодон четтей тургандыгын билдириши керек.

25. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда катышууга укугу бар жана Апелляциялык кеңештин жыйыны өткөрүлө турган күнү жана орду жөнүндө кабарлоо алган кайсы жактын болбосун келбей калышы каршы пикирди же арызды карап чыгууга тоскоолдук келтирбейт.

Апелляциялык кеңеш ошол жыйында тараптардын келбегендигине байланыштуу, каршы пикирди же арызды карап чыгуу мүмкүн эместигин таанып, жыйынды өткөрүү мөөнөтүн жылдырууга укуктуу.

26. Апелляциялык кеңеште иш мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Иш жүргүзүлүп жаткан тилдерди билбеген талаш-тартыштарга катышкан жактарга котормочу аркылуу талаш-тартыштын материалдары менен таанышууга жана Апелляциялык кеңештин ишине катышууга укук берилет.

Апелляциялык кеңештин жыйынында жаздыруу аппаратурасы Апелляциялык кеңештин макулдугу менен гана пайдаланышат.

27. Апелляциялык кеңештин жыйынын төрагалык кылуучу жетектейт. Төрагалык кылуучу Апелляциялык кеңештин жыйынын ачат жана каршы

пикирди же арызды кароого катышуучу адамдарды, Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат, ишти кароого катышуучу жактарга Апелляциялык кеңештин мүчөсүнө (мүчөлөрүнө) иштен четтөөнү билдирүүгө, өтүнүчүн билдирүүгө, Апелляциялык кеңештин жыйынынын протоколу менен таанышуу укугун түшүндүрөт.

28. Маани-маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыгуу төрагалык кылуучу тарабынан каршы пикирди же арызды жарыялоодон башталат.

Ишти андан ары карап чыгуу, эреже катары төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:

- тараптарды жана Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жоопторду угуу;

- эксперттер чыгып сүйлөшөт; - чыгып сүйлөгөндөрдү ишти кароого катышкандардын арасынан мурда чыгып

сүйлөгөндөр менен толуктоо. 29. Апелляциялык кеңештин жыйынынын протоколу Апелляциялык кеңештин

катчысы тарабынан жүргүзүлөт. Жыйындын протоколуна Апелляциялык кеңешке төрагалык кылуучу, бардык

мүчөлөрү жана катчысы кол коёт. 30. Зарыл учурда Апелляциялык кеңеш өз чечими менен атайын таанууну

талап кылган маселелерди түшүндүрүү үчүн көз карандысыз экспертизаны дайындоого укуктуу. Бул адистерге карап чыгууга берилүүчү материалдар өтүнүүчү жана каралуучу талаш-тартыштын маани-маңызы жөнүндө маалыматтарды камтыбашы керек.

Көз карандысыз экспертизаны жүргүзүү зарыл болгон билими бар компетенттүү адистерге тапшырылышы керек.

Көз карандысыз эксперт зарыл учурда Апелляциялык кеңештен кошумча материалдарды суроого укуктуу.

Көз карандысыз эксперттин корутундусу төмөнкүлөрдү камтышы керек: - жүргүзүлгөн изилдөөлөргө толук баяндоо; - жыйынтыгы боюнча чыгарылган корутунду; - Апелляциялык кеңеш тарабынан берилген суроолорго негизделген жооптор. Апелляциялык кеңешке корутунду жазуу түрүндө берилет. Көз карандысыз

эксперт корутундуну толук жана так бербеген учурда, Апелляциялык кеңеш кайрадан экспертизаны жүргүзүүнү белгилөөгө укуктуу, аны жүргүзүү ошол эле экспертке же башка көз карандысыз экспертке же эксперттик комиссияга тапшырылат.

VII. Чечимдин күчүнө кириши

31. Апелляциялык кеңештин чечими маани-маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыккандан кийин Апелляциялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

Чечим Апелляциялык кеңештин катышуучу мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Апелляциялык кеңешке төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.

Апелляциялык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдин корутундусун каршы пикирди же арызды карап чыгууга катышкан тарапка төрагалык кылуучу жарыялайт.

32. Апелляциялык кеңештин кайсы мүчөсүнүн болбосун өзгөчө пикири болсо, ал өзүнчө протокол түрүндө таризделет жана каршы пикирдин же арыздын материалдарына кошулат.

33. Апелляциялык кеңештин чечими жазуу түрүндө баяндалат, төрагалык кылуучу жана талаш-тартыштарды карап чыгууга катышкан Апелляциялык кеңештин бардык мүчөлөрү кол коюшат.

Ушул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикирди же арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча каршы пикирди же арызды канааттандыруу, жарым- жартылай канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

34. Апелляциялык кеңештин жүйөлүү чечими түзүлөт жана каршы пикирин же арызын берген жакка, ошондой эле коргоо документи же каттоо талаш-тартышка түшкөн учурда - коргоо документинин ээсине чечим чыгарылган датадан кийин бир айдын ичинде жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда чечимдин көчүрмөсү Кыргызпатенттин тийиштүү бөлүмдөрүнө жиберилиши мүмкүн.

35. Апелляциялык кеңештин чечими аны кабыл алган датадан тартып күчүнө кирет.

36. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, каршы пикирди билдирген кайсы тарап болбосун чечимди алган учурдан тартып, алты айдын ичинде сотко даттанууга укугу бар.