Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG076

Atrás

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Товардык Белгилер, Тейлөө Белгилери Жана Товарлар Чыгарылган Жерлердин Аталыштары Жөнүндө» (КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 Товардык Белгилер, Тейлөө Белгилери Жана Товарлар Чыгарылган Жерлердин Аталыштары Жөнүндө Кр Мыйзамы

ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР, ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА ТОВАРЛАР ЧЫГАРЫЛГАН ЖЕРЛЕРДИН АТАЛЫШТАРЫ ЖӨНҮНДӨ КР МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 14-январы N 7

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана

товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын

2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Товардык белги жана тейлөө белгиси

III бөлүм. Товардык белгини каттоо

IV бөлүм. Жамааттык белги

V бөлүм. Товардык белгини пайдалануу

VI бөлүм. Товардык белгини башка бирөөгө өткөрүп берүү

VII бөлүм. Укуктук коргоону токтотуу

VIII бөлүм. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы

IX бөлүм. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана

пайдалануу укугун берүү

X бөлүм. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу

XI бөлүм. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын укуктук

жактан коргоону токтотуу

XII бөлүм. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган

жерлердин аталыштарын каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланышкан укуктук, экономикалык жана

уюштуруучулук мамилелери жөнгө салынып турат.

I бөлүм.

Жалпы жоболор

1-статья. Интеллектуалдык менчик жагындагы мамлекеттик орган

Интеллектуалдык менчик жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) ушул

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган

жерлердин аталыштарын коргоо жаатында бирдиктүү саясатты ишке ашырат, товардык белгилерди, тейлөө

белгилерин каттоого өтүнмөнү, ошондой эле товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун

берүүгө өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алат, алар боюнча калысбаалоо жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону ишке

ашырат, расмий маалыматтарды жарыялайт, ушул Мыйзамды колдонуу боюнча эрежелерди жана түшүндүрмөлөрдү

басып чыгарат, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарына

тиешелүү башка милдеттерди да ал жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого

ылайык аткарат.

Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын коргоо укугун берүү

боюнча Кыргызпатенттин иш-аракетин өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш

түзүлөт, ал көрсөтүлгөн объектилерде пайда болуучу талаш-тартыштарды өзүнүн кызматтык укугуна жараша карап

чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп саналат. Каршы пикирлерди Апелляциялык кеңештин карап

чыгуу тартиби Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

Кыргызпатенттин ишин каржылоочу булактар болуп мамлекеттик бюджеттин каражаттары, патенттик алымдар,

ошондой эле Кыргызпатент көрсөткөн кызмат жана берген материалдар үчүн төлөөлөр эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм.

Товардык белги жана тейлөө белгиси

2-cтатья. Товардык белги жана тейлөө белгиси

Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) бул белгиленген тартипте катталган товарга

жана анын сырткы оромосуна коюлуучу жана кайсы бир юридикалык жана жеке жактын товарлары менен кызмат

көрсөтүүлөрүн башка бир юридикалык жана жеке жактын тектеш товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан

ары - товарлар) айырмалоо милдетин аткаруучу белги.

Катталган товардык белгиге күбөлүк берилет. Күбөлүк товардык белгинин биринчилигин, күбөлүктө көрсөтүлгөн

товарларга карата товардык белгинин ээсинин артыкча ээлик укугун ырастайт.

Товардык белгилер катары оозеки, сүрөттөр, көлөмдүү жана башка белгилөөлөр же алардын кошундусу катталышы

мүмкүн.

Товардык белги ар кандай түстө же түстөрдүн айкалышында катталышы мүмкүн.

Товардык белги колдонулуучу товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоого эч качан бөгөт болуп саналбоого

тийиш.

Ушул Мыйзам көзгө көрүнбөгөн, боолголоп элестетчү нерселерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине

колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Товардык белгини укуктук жактан коргоо.

Товардык белгиге карата өзгөчө укук

Кыргыз Республикасында товардык белгини укуктук жактан коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте

мамлекеттик каттоонун негизинде, же Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерге жараша

жүргүзүлөт.

Товардык белги юридикалык жактын, ошондой эле ишкерлик кылып жүргөн жеке жактын атына катталышы мүмкүн.

Товардык белгинин ээсинин товардык белгини пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле башка адамдарга аны

пайдаланууга тыюу салууга артыкчылык укугу бар. Кыргыз Республикасында товардык белгинин ээсинин

уруксатысыз эч ким аны пайдалана албайт.

Товардык белгини уруксатсыз жасап алуу, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө

башка жол менен киргизүү, же ушул белги менен белгиленген товарды ушул максатта сактоо, бир тектүү товарларды

чаташтыруу даражасына чейин аларды окшоштуруп белгилөө, товардык белгинин ээсинин укугун бузуу деп

таанылат.

Кыргызпатент тарабынан басып чыгарылган расмий бюллетендеги товардык белгинин Кыргыз Республикасынын

товардык белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) катталышы жөнүндөгү маалымат

жарыяланган күндөн тартып товардык белгиде артыкчылык укугу жаралат.

Товар ээсинин белгилерин чаташтырганча чейин жетип, бирдей же окшош товарлардын белгисин Интернет

түйүнүндөгү дарек катары макулдашпастан пайдалануу да ээлик кылуучунун укугун бузгандык катары таанылат.

Товардык белгини пайдалануу тартиби же чаташтыруу даражасына чейин жеткендигин белгилөө Интернет

түйүнүндөгү дарек катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Каттоодон баш тартуу үчүн талашсыз негиздер

Төмөндөгү белгилөөлөрдөн гана турган товардык белгилерди каттого жол берилбейт:

1) айырмалоочу белгилерге ээ болбогондор;

2) мамлекеттик гербдер, желектер жана эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эмблемалары, эл

аралык уюмдардын кыскартылган же толук аттары, расмий контролдук, кепилдик жана сыноочу энтамгалар,

мөөрлөр, сыйлыктар менен айырмачылыктын башка белгилерин билдирген же чаташтырууга чейин жеткен окшош

белгилер. Эгерде буга тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу болсо, мындай белгилөөлөр

товардык белгиге корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн;

3) бир түрдөгү товарларды белгилөө үчүн жалпы керектөөгө киргендер;

4) ушундай терминдерди же символдорду белгилер катары колдонууга сунуш кылынган товарлардын жалпы кабыл

алынган терминдери жана символдору болуп саналгандар;

5) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланыларын, баалуулугун, ошондой эле алардын

чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн ордун жана мезгилин көрсөткөндөр.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2, 3, 4 жана 5-пункттарда көрсөтүлгөн белгилөөлөр, эгерде алар басымдуулук

абалды ээлешпесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилиши мүмкүн.

Товардык белгилер же аларды белгилөөчу элементтер катары төмөндөгүлөрдү каттоого жол берилбейт:

1) товарга жана аны жасоочуга карата жалган же керектөөчүнү чаташтырууга дуушар кылууга жөндөмдүү болуп

эсептелгендер;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен корголгон шарап же күчтүү спирт

ичимдиктеринин чыгарылган жерлерин көрсөтүүнү камтыса жана туюндурса, эгерде мындай белгилөөлөр

көрсөтүлгөн жерден чыгарылбаган күчтүү спирт ичимдиктери менен шараптарга арналса, ошондой эле анык жерин

формалдуу көрсөтүп, бирок, товардын башка аймактан чыгарылгандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк берсе;

3) коомдук таламдарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине карама-каршы келүүчүлөр.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Каттоодон баш тартуунун дагы башка негиздери

Бирдей же чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен окшош бир түрдүү товарлар белги коюу үчүн товардык белги

катары каттоого алынбайт:

1) мурда белгиленген артыкчылыгы бар, Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоо

үчүн билдирилген бир түрдүү товарларга карата товардык белгилер;

2) бир түрдүү же окшош ишмердиктин түрлөрү, же товарлар же тейлөөлөргө карата - Кыргыз Республикасында

катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен корголгон башка адамдардын товардык

белгилери;

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пунктарында көрсөтүлгөн товардык белгилерге чаташтырганга

чейинки деңгээлге жеткен белгилөөлөрдү каттоо бир түрдүү товарларга карата ушундай товардык белгинин зэсинин

макулдугу менен гана мындай белгилөөлөрдү каттоого жол берилет.

Чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен бир түрдүү же окшош бардык товардык белгилерди товардык белги катары

каттоого болбойт:

1) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте таанылган жалпыга белгилүү товардык белгилер; Кыргыз

Республикасында товардык белгинин жалпыга таанымал болуу критерийлери жана жалпыга белгилүү болуу

тартибин таануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2) ушундай аталышта аны пайдалануу укугуна ээ болгон адамдын ысымына катталган товардык белгидеги

корголбогон элемент катары киргизилгенден башка учурларда ушул Мыйзамга ылайык корголгон товарлардын

жасалган жерлеринин аталыштары.

Кайталап чыгарылган белги коюулар товардык белги катары катталбайт:

1) бир түрдүү товарларга карата товардык белгиге өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө чейин бул аталыштарды

пайдаланууга укук алган Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү болгон бир түрдүү товарларга карата башка

адамдарга таандык болгон фирмалык аталыштар (же алардын бир бөлүгү);

2) автордук укуктун ээсинин же анын укуктук мураскорлорунун макулдугусуз илимдин, адабияттын жана искусствонун

Кыргыз

3) өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын

тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп калган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз

белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, (тергеме аттары) жана алардан таркагандар жана алардын

портреттери менен факсимелелери;

4) эгерде өнөр жай үлгүсү каттоого өтүнмө берилген товардык белгиге салыштырганда бир кыйла эртерээк

артыкчылыкка ээ болсо, Кыргыз Республикасында укугу башка адамга таандык өнөр жай үлгүлөрү товардык

белгилер катары катталбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүм.

Товардык белгини каттоо

6-статья. Товардык белгини каттоого өтүнмө

Товардык белгиге карата өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык

же жеке жак тарабынан Кыргызпатентке берилет.

Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү адам, же башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн.

Чет өлкөлүк юридикалык жактар жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашап турушкан жеке

жактар, же алардын патенттик ишенимдүү адамдары товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди

Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү адамдар аркылуу жүргүзүшөт.

Патенттик ишенимдүү адамдын же башка өкүлдүн ыйгарым укугу товардык белгиге күбөлүк суратылган адамдын

атынан берилген ишеним кат менен ырасталат.

Кыргызпатент патенттик ишенимдүү адамдарды аттестациялоонун жана каттоонун тартибин белгилейт жана жүзөгө

ашырат.

Өтүнмө бир гана белгиге тиешелүү болууга тийиш.

Өтүнмөдө мына булар камтылууга тийиш:

1) товардык белги катары белгилөөнү каттоо жөнүндө, өтүнмө ээси, ошондой эле анын турган жери же жашаган жери

көрсөтүлгөн арыз;

2) билдирилген белги;

3) белгилерди каттоо үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Эл аралык классификациясынын класстары

боюнча топтоштурулган товардык белгилерди каттоо суралып жаткан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн

тизмеги.

Өтүнмө кыргыз же орус тилинде берилет.

Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;

2) билдирилген белгинин сүрөттөп жазылышы;

3) эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы.

Ушул статьянын эгерде аталган документтер бир учурда берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы

берилген күн боюнча жетинчи бөлүгүндө каралган документтердин Кыргызпатентке келип түшкөн күнү өтүнмө

берилген күн деп эсептелинет.

Өтүнмөгө тиркелген документтер кыргыз же орус тилинде берилет.

Жогоруда аталган өтүнмөнүн документтерине аларды берүүнүн тартиптерине коюлган талаптар Кыргызпатент

тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Товардык белгинин биринчилиги

Товардык белгинин биринчилиги ушул Мыйзамдын 6-статьясынын жетинчи бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу

өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күн боюнча белгиленет.

Товардык белгинин биринчилиги, эгерде Кыргызпатентке өтүнмө берүү, көрсөтүлгөн күндөн тартып алты ай ичинде

ишке ашырылса. Биринчи өтүнмө берилген күн бул мөөнөттү эсептегенге кирбейт. Өнөр жай менчигин коргоо боюнча

Париж конвенциясына (конвенциялык биринчилик) катышуучу мамлекетке биринчи өтүнмө берилген күн боюнча

белгиленет.

Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу мамлекеттердин биринин аймагында

уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган товардык

белгилердин биринчилиги, эгерде Кыргызпатентке товардык белгиге өтүнмө берүү көрсөтүлгөн күндөн тартып алты

ай ичинде ишке ашырылса, көргөзмөнү экспонатта ачык көрсөтүүнүн (көргөзмөлүк биринчилик) башталыш күнү

боюнча белгилениши мүмкүн.

Конвенциялык же көргөзмөлүк биринчиликтин укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси муну товардык белгиге

өтүнмөнү берген кезде же Кыргызпатентке өтүнмө келип берилген күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүүгө жана

мындай талаптын жөндүү экендигин ырастоочу зарыл документтерди тиркөөгө, же болбосо Кыргызпатентке өтүнмө

келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбей бул документтерди тапшырууга милдеттүү.

Товардык белгинин биринчилиги Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык товардык белгини эл

аралык каттоо боюнча белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Товардык белгиге өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

Өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылып, алдын ала баалоону жана билдирилген

белгини калысбаалоону камтыйт.

Калысбаа өткөрүү учурунда өтүнмө ээси ал боюнча чечим кабыл алынганга чейин өтүнмөдөгү материалдарды

толуктап, тактап же оңдогонго укуктуу.

Эгерде кошумча документтерде өтүнмө берилген күнгө өтүнмөгө кирбей калган товарларга көрсөтмө камтылбай

калса, же өтүнүлгөн белгилөөнү олуттуу өзгөртсө, анда алар карап чыгууга кабыл алынбайт.

Өтүнмө аны карап чыгуунун ар кандай мөөнөтүндө, бирок товардык белгини Реестрде каттоо болгон күндөн кечикпей

өтүнмө ээсинин суроосу боюнча кайтарып алынышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Алдын ала калысбаалоо

Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде алдын ала калысбаа өткөрөт, анын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын

2-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө жана 6-статьясында аныкталган талаптарга ылайык, өтүнмөнүн мазмуну

текшерилет.

Алдын ала калысбаалоонун жүрүшүндө өтүнмө ээсине кошумча материалдардын зарылдыгы жөнүндө суроо талап

жиберилиши мүмкүн, ага жооп эки айдын ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү

себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент бул мөөнөттү алты айга чейин узарта алат.

Эгерде өтүнмө ээси бул мөөнөттү бузса, же суроо-талапты жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп

эсептелинет.

Алдын ала калысбаанын жыйынтыктары боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же андан баш тартуу жөнүндө чечим

чыгарылат.

Товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө өтүнмө ээсине билдирүү жиберилет.

Алдын ала калысбаанын оң жыйынтыктары жөнүндө жана өтүнмө берилген күн тууралу ушул Мыйзамдын 6-

статьясынын жетинчи бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнү кароо кабыл алынгандыгы жөнүндө чечим өтүнмө

ээсине жөнөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Билдирилген белгини калысбаадан өткөрүү

Билдирилген белгиге калысбаа өтүнмө берилген күндөн тартып ок эки айдын ичинде алдын ала калысбаа аякталары

менен жүргүзүлөт.

Калысбаанын жүрүшүндө билдирилген белгилөө ушул Мыйзамдын 2-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 4 жана 5-

статьяларда белгиленген талаптарга ылайык келиши текшерилет жана ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык

товардык белгинин артыкчылыгы белгиленет.

Калысбаанын натыйжалары боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө чечим

чыгарылат.

Калысбаадан өткөрүүнүн каалаган учурунда Кыргызпатент өтүнмө ээсинен аларсыз калысбаа өткөрүү мүмкүн болбой

турган кошумча документтерди суратууга акылуу.

Калысбаанын суроосу боюнча кошумча материалдар суроо алынган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө

тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта эки

айлык мөөнөттүн ичинде жооп берүүнүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал мөөнөт он эки айдан ашпоого тийиш.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же калысбаанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, өтүнмө

кайтарылып алынды деп эсептелет.

Калысбаа жүргүзүү учурунда товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын-ала чечим чыгарылышы

мүмкүн.

Алдын ала чечимге жооп өтүнмө ээси тарабынан алдын ала чечимди колуна алган күндөн тартып эки айдын ичинде

берилиши мүмкүн. Өтүнмөнүн ээсинин суроосу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт, суроо ушул мөөнөт аяктаганга чейин

келип түшкөн шартта узартылышы мүмкүн. Алдын ала чечимге жооптун мөөнөтү он эки айдан ашпаган мөөнөткө

узартылат.

Эгерде бул мөөнөттү бузса же алдын ала чечимди жоопсуз калтырса, товардык белгини каттоодон баш тартуу

жөнүндө чечим кабыл алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген

мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси алдын ала калысбаанын чечимине же билдирилген белгинин калысбаасынын чечимине макул

болбосо,ал чечимди алган күндөн тартып үч ай ичинде Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары -

Апелляциялык кеңеш) каршы пикир билдирүүгө акылуу. Каршы пикир билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал

келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралып чыгууга тийиш.

Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко

даттанылышы мүмкүн.

Өтүнмө ээси калысбаанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга акылуу.

Өтүнмө боюнча чечимди алгандан кийин бир ай ичинде өтүнмө ээси ушул материалдардын көчүрмөсүн сурап ала

алат.

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 10-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана ушул статьянын

биринчи жана төртүнчү бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин өткөрүп жиберген мөөнөттөрү, мөөнөттөр аяктагандан

кийин эки айдан кечикпей берилип, жүйөлүү себептер бар экендиги жана алым төлөнгөндүгү ырасталган учурда

өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Товардык белгини каттоо

Товардык белгини каттоо жөнүндөгү чечимдин негизинде, Кыргызпатент, белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндөгү

документти алган күндөн тартып бир ай ичинде Реестрде товардык белгини каттоону жүргүзөт.

Алым өтүнмө ээси товардык белгини каттоо жөнүндө калысбаанын чечимин колуна алган күндөн тартып эки айдын

ичинде же ушул көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча алым төлөнгөн

шартта алынат.

Реестрге киргизүүнүн тартиби жана ага киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Каттоо жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо

Товардык белгини каттоого тиешелүү жана Реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан товардык

белги Реестрде катталган күндөн тартып же Реестрге товардык белгини каттоого өзгөртүүлөр киргизилген күндөн

баштап үч ай ичинде расмий бюллетенде жарыяланат.

14-статья. Товардык белгиге күбөлүк берүү

Товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргызпатент тарабынан товардык белги расмий бюллетенде жарыяланган күндөн

алты ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

15-статья. Товардык белгини каттоонун аракеттенүү мөөнөтү

Товардык белгини каттоо Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эсептегенде он жыл аяктаганга чейин

колдонулат.

Товардык белгинин катталышынын аракет мөөнөтү анын ээсинин арызы боюнча товардык белгинин күчүндө болуу

мөөнөтү аяктап бара жаткан акыркы жылы ичинде, алым төлөнгөн шартта, ар бир жолу он жылга узартылышы

мүмкүн. Ээсинин өтүнүчү боюнча товардык белгинин аракет мөөнөтүн узартуу үчүн ага кошумча алым төлөнгөн

шартта, каттоонун аракет мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.

Товардык белгинин катталышынын аракет мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана

товардык белгиге берилген күбөлүккө киргизилет.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү

Товардык белгинин ээси өзгөртүүлөр жөнүндө товардык белгинин ээсинин аталышын, фамилиясын, атын же

атасынын атын, товардык белгини каттоодогу товарлардын тизмесинин кыскартылышын, товардык белгинин

маңызын өзгөртпөй турган анын айрым элементтеринин өзгөртүлүшүн, товардык белгини каттоого тиешеси бар

башка өзгөртүүлөрдү Кыргызпатентке кабарлап турат.

Товардык белги катталган товарлардын тизмесин толуктоо зарылдыгы чыккан учурда, жаңы өтүнмөнү даярдоо талап

кылынат.

Өзгөртүүлөр алым төлөнгөн шартта Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.

Өтүнмө ээси күнөөлүү болбогон анык жана техникалык каталарды оңдоолор Кыргызпатент тарабынан алым

төлөнбөстөн Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө жазылат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Чет өлкөлөрдө товардык белгини каттоо

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары товардык белгини чет өлкөлөрдө каттоого же ага эл

аралык каттоодон өткөрүүгө акылуу.

Товардык белгини эл аралык каттоого өтүнмө Кыргызпатент аркылуу берилет.

IV бөлүм.

Жамааттык белги

18-статья.Жамааттык белгиге карата укуктар

Бирликтердин, чарбалык ассоциациялардын, концерндердин же юридикалык жактардын башка бирикмелеринин

(мындан ары - бирикмелер) өкүлдөрү болгон юридикалык жактар бирдиктүү сапаттык же башка жалпы мүнөздөмөсү

бар өздөрү чыгарып жана сатып жаткан товарларды белгилөөгө арналган жамааттык белгиге өтүнмө бере алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья.Жамааттык белгини каттоо

Жамааттык белгини каттоо ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Буга кошумча Реестрге жана

күбөлүккө жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактар жөнүндөгү маалыматтар, уставга жана

анын күнүнө шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.

Жамааттык белгинин ээси жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргызпатентти кабарландырып

турат.

Жамааттык белгиге берилген өтүнмөнү каттоого жамааттык белгисинин уставы кошо тиркелет, анда аталыштар,

юридикалык жактардын, бул белгини пайдаланууга укугу барлардын тизмелери, аны каттоонун максаты жана

жамааттык белги менен белгилене турган товарлардын бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы мүнөздөмөсүнүн

тизмеси, аны пайдалануунун шарттары, аны пайдалануу, көзөмөлдөөнүн тартиби, жамааттык белгинин уставын

бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндөгү маалыматтар камтылат.

Жамааттык белгини бирдиктүү сапаттык же башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга пайдаланган

учурда, каттоонун күчү ар кандай адамдын арызы боюнча соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толук же

жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V бөлүм.

Товардык белгини пайдалануу

20-статья. Товардык белгини пайдалануу жана аны пайдаланбоодон

келип чыккан кесепеттер

Товардык белгини пайдалануу деп товардык белгинин ээсинин же ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык

лицензиялык келишимдин негизинде ушундай укук берилген жактын булар үчүн товардык белги катталган товарларга

жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонуусу эсептелет.

Ошондой эле товардык белгини рекламага, басма сөз басылмаларына, расмий бланктарга, көрнөктөргө колдонуу,

Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде экспонаттарды көрсөтүүдө колдонуу да

товардык белгини пайдалануу деп таанылышы мүмкүн, мында товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна

товардык белгини колдонбоонун жүйөлүү себептери болууга тийиш.

Товардык белгини Интернет түйүнүндөгү дарек катары колдонуу да пайдалануу деп таанылышы мүмкүн.

Далдалчылык ишти аткаруучу юридикалык жана жеке жак келишимдин негизинде товарларды жасоочунун товардык

белгиси менен катар, ошондой эле анын товардык белгисинин ордуна өзүнүн товардык белгисин пайдаланышы

мүмкүн.

Товардык белгини каттоонун аракети товардык белги соттун чечиминин негизинде ал катталган күндөн тартып үч

жыл катары менен үзгүлтүксүз пайдаланылбай калганга байланыштуу товарлардын бардыгына же бир бөлүгүнө

карата мындай үзгүлтүксүз пайдаланылбай калган мезгилде ар кандай адамдын арызы боюнча мөөнөтүнөн мурда

токтотулушу мүмкүн.

Товардык белгини пайдаланбоого байланыштуу товардык белгини каттоонун күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу

жөнүндө чечимди кабыл алууда товардык белгинин ээсинин ага байланышпаган жагдайлар, анын ичинде, алар үчүн

товардык белги катталган товарларга мамлекет тарабынан белгиленген чектөөлөр боюнча аны пайдаланбай

калгандыгы жөнүндөгү далилдери эске алынышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Эскертүүчү маркалоо

Товардык белгинин ээси товардык белгинин катарына колдонулуп жаткан белги Кыргыз Республикасында катталган

товардык белги болуп санала тургандыгын көрсөтүүчү латын тамгалары түрүндө R же тегеректин ичиндеги R

эскертүүчү маркалоону же “катталган товардык белги” деген сөз белги коюлушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI бөлүм.

Товардык белгини башка бирөөгө өткөрүп берүү

22-статья. Товардык белгини ыктыярдуу өткөрүп берүү

Товардык белги анын ээси тарабынан келишим боюнча булар үчүн товардык белги катталган товарлардын баарына

же алардын бир бөлүгүнө карата тийиштүү өндүрүшү менен же анын бир бөлүгү менен бирге да, аларсыз да

юридикалык же жеке жакка ыйгарылып берилиши мүмкүн.

Эгерде товарга, анын сапатына, аны жасоочуга карата керектөөчүлөрдү чаташтырууга дуушар кылуунун себеби

болуп саналышы мүмкүн болсо, товардык белгини келишим боюнча ыктыярдуу өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Жамааттык товардык белгилер башка адамдарга ыктыярдуу өткөрүлүп берилбейт.

23-статья. Товардык белгини пайдаланууга лицензия берүү

Катталган бир товарга, бир нече же бардык товарларга карата товардык белгини пайдалануу укугу товардык

белгинин ээси тарабынан (лицензиар) лицензиялык келишим боюнча башка адамга (лицензиатка) берилиши мүмкүн.

Лицензиялык келишим лицензиаттын товарларынын сапаты лицензиардын товарларынын сапатынан төмөн

болбостугу жөнүндөгү шартты жана бул шартты аткарууга контролду лицензиар ишке ашыра тургандыгын камтууга

тийиш.

Жамааттык товардык белгилер лицензиялык келишимдин предмети боло албайт.

24-статья. Товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди жана

лицензиялык келишимди каттоо

Товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим жана лицензиялык келишим Кыргызпатентте катталат жана

алар катталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мындай каттоосуз алар жараксыз деп эсептелинет.

Эгерде келишим ушул Мыйзамдын 22 жана 23-статьяларынын талаптарына ылайык келбесе, аны Кыргызпатент

каттабайт.

Келишимди каттоо үчүн тиешелүү алым төлөнөт.

VII бөлүм.

Укуктук коргоону токтотуу

25-статья. Товардык белгинин катталышын жараксыз деп таануу

Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, товардык белгинин

катталыш аракетинин күчүнүн бүткүл мөөнөтүндө бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз

деп таанылышы мүмкүн.

Ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген негиздер боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо

жөнүндөгү маалыматтар жарыяланган күндөн тартып беш жыл бою товардык белгини каттоо толук же жарым-

жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Бул ченем караниеттик менен катталган жана пайдаланылган товардык

белгилерге жайылтылбайт.

Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө,

товардык белгинин катталыш аракетинин бүткүл мөөнөтүндө бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай

жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

Ар кандай адам ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө товардык белгини

каттоого карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир бере алат. Товардык белгини каттоого карата каршы пикир

билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралууга тийиш.

Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнүч ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-статья. Товардык белгини каттоонун аракетинин токтотулушу

Товардык белгини каттоонун аракети төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

1) ушул мыйзамдын 15-статьясында каралган анын аракет мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу;

2) ушул мыйзамдын 19-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык, бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы

мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга жамааттык товардык белгини пайдалангандыгы үчүн товардык белгини

каттоонун аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришинин негизинде;

3) ушул Мыйзамдын 20-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык товардык белгини пайдаланбагандыктары үчүн анын

аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришинин негизинде;

4) анын аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде, эгерде ал сотко

даттанган болсо - соттун чечим боюнча, товардык белгинин ээси - юридикалык жак жоюлганда же товардык белгинин

ээси болгон жеке жактын иш-аракети, укук мураскору түзүлбөй токтотулган учурда;

5) товардык белгинин белгилүү бир түрдөгү керектөөгө кирген товарлардын жалпы белгисине айланган учурунда

мыйзам күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;

6) товардык белгинин ээсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде андан баш тарткан учурда.

Ушул статьянын 1, 4 жана 6-пункттарына ылайык өзүнүн аракеттенүү мөөнөтүн токтоткон товардык белги

аракеттенүү мөөнөтү токтотулган күндөн тартып үч жылдын ичинде жаңы адамдын ысмына катталышы мүмкүн эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII бөлүм.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы

27-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы - бул өлкөнүн, элдүү пункттун, жердин, же географиялык башка

обьектинин аты (мындан ары - географиялык обьект) мындай аталыш бөтөнчө касиеттери өзгөчө же негизинен ушул

географиялык обьект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен аныкталуучу же

бир эле мезгилде жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен аныкталуучу товарды белгилөө үчүн

пайдаланылат.

Географиялык обьектинин тарыхый аталышы товардын чыгарылган жеринин аты болушу мүмкүн.

Белгилер, географиялык обьектини көрсөтүп же анын аталышын камтып турса да, бирок товар чыгарылган жер

менен байланышы жок белгилүү бир түрдөгү товарды белгилөө катары Кыргыз Республикасында жалпы

пайдаланууга кирип калса, товарлардын чыгарылган жеринин аталышы болуп таанылбайт.

28-статья. Укуктук коргоонун келип чыгышы

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын укуктук коргоо Кыргыз Республикасында аны ушул Мыйзам белгилеген

тартипте каттоонун негизинде же Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдерге жараша келип чыгат.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы мыйзам менен корголот.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы

мүмкүн. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттаган адам, эгерде ушул адам өндүрүп жаткан товар ушул

Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгү белгилеген талаптарга жооп берсе, аны пайдаланууга укук алат.

Белгиленген тартипте катталган товарлардын чыгарылган жеринин ушул эле аталышын пайдаланууга укук, ошол эле

географиялык обьектиде турган жана ошол эле касиеттеги товар өндүрүп жаткан ар кандай юридикалык же жеке

жакка берилиши мүмкүн.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышынын каттоосу мөөнөт менен чектелбейт.

IX бөлүм.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын

каттоо жана пайдалануу укугун берүү

29-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоого жана

пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же эчак

катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - өтүнмө)

Кыргызпатентке өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан өз алдынча же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү

өкүл аркылуу берилет.

Өтүнмө товар чыгарылган бир гана жердин аталышына тиешелүү болууга тийиш.

Өтүнмө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндөгү же эчак катталган

товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндөгү арыз, анда өтүнмө ээсин (ээлерин),

ошондой эле анын (алардын) турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү керек;

билдирилүүчү белги;

товарды көрсөтүү, мында аны белгилөө үчүн товарлардын чыгарылган жеринин атын каттоо жана аны пайдалануу

укугун берүү же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин атын пайдаланууга укук берүү суралып, ал

өндүрүлүүчү жер (географиялык обьектинин чеги) көрсөтүлөт;

товардын өзгөчө касиеттеринин сүрөттөп жазылышы.

Өтүнмө кыргыз же орус тилдеринде берилет.

Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:

өтүнмөнүн ээси көрсөтүлгөн географиялык обьектиде тургандыгы жөнүндө жана ушул көрсөтүлгөн географиялык

обьект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары же адамдык факторлору менен белгиленүүчү же болбосо

жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен бир мезгилде белгиленүүчү өзгөчө сапаттары товарды

өндүрүп жаткандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу;

чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн - товар чыгарылган өлкөдө билдирилген товарлардын чыгарылган жеринин аталышына

анын укугун ырастоочу документ;

белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган өтүнмөнүн берилген күнү болуп Кыргызпатентке документтер

тапшырылган күн, эгерде көрсөтүлгөн документтер бир мезгилде тапшырылбаса, анда берилген документтердин

акыркысынын тапшырылган күнү эсептелет.

Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер кыргыз же орус тилинде берилет. Эгерде бул документтер башка тилде берилсе,

анда өтүнмөгө алардын кыргыз же орус тилдеринде котормосу тиркелет.

Жогоруда айтылган өтүнмөнүн документтерине жана аларды берүүнүн тартибине коюлган талаптар Кыргызпатент

тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү

Өтүнмөнү калысбаадан өткөрүү Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылат жана алдын ала калысбаа менен

билдирилген белгинин калысбаасын кошо камтыйт.

Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде өтүнмө ээси кошумча акы төлөөсүз өтүнмөнүн маңызын өзгөртпөй

турган толуктоолорду, тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу. Эгерде кошумча материалдар өтүнмөнүн

маңызын өзгөртө турган болсо, бул материалдар кароого кабыл алынбайт, ал өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча

өтүнмө катары катталышы мүмкүн.

Калысбааны жүргүзүү мезгилинде Кыргызпатент өтүнмө ээсинен аларсыз калысбаа жүргүзүү мүмкүн болбой турган

кошумча материалдарды сурап алууга акылуу.

Суралган материалдар суроо-талап алынган күндөн тартып эки ай ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү

боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент бул мөөнөттү алты айга

чейин узарта алат. Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же калысбаанын суроо-талабын жоопсуз

калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелет.

Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өтүнмөгө алдын ала калысбаа жүргүзүлөт.

Калысбаанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган зарыл болгон документтердин курамы,

алардын туура жазылышы, алымдын төлөнүшү текшерилет.

Өтүнмөнүн ээси бир ай өткөнгө чейин алдын ала калысбааны баштоо жөнүндөгү кат жүзүндө өтүнүч бере алат,

өтүнүч берилген күндөн тартып өтүнмө ээси ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган укугун жоготот.

Алдын ала калысбаанын жыйынтыктары боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же аны кароодон баш тартылгандыгы

жөнүндө чечим чыгарылат.

Товар чыккан жердин аталышын каттоодон баш тартуу тууралу өтүнмөнүн ээсине кабарлоо жиберилет.

Ушул Мыйзамдын 29-статьясына ылайык, алдын ала калысбаанын оң натыйжасы жөнүндө жана өтүнмө берилген күн

жөнүндө өтүнмө ээсине өтүнмөнүн кароого кабыл алынгандыгы тууралу чечим жиберилет.

Карап чыгууга кабыл алынган анын ушул Мыйзамдын 27-статьясында белгиленген талаптарына ылайык келээрине

калысбаа жүргүзүлөт.

Калысбаалоо бүткөндөн кийин Кыргызпатент товар чыккан жердин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук

берүү жөнүндө же товар чыккан жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө жана аны пайдаланууга укук берүү

же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим же аларды пайдаланууга

укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Өтүнмө ээси өзүнүн өтүнмөсүн аны карап чыгуунун ар кандай этабында кайтарып ала алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберген

мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси алдын ала калысбаанын чечимине же билдирилген белгинин калысбаасынын чечимине макул болбосо,

ал чечимди алган күндөн тартып үч ай ичинде Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө акылуу. Каршы пикир

келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде Апелляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгууга тийиш.

Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнүч ээси чечимди алган күндөн тартып алты ай ичинде сотко даттана алат.

Ушул Мыйзамдын 30-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, өтүнмө

ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши

мүмкүн, мында бул өтүнүч мөөнөттөрдүн аяктаганынан эки ай кечикпей, буга жүйөлүү себептерди жана алымдын

төлөнүшүн ырастаган шартта берилүүгө тийиш.

32-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана

товарлардын чыгарылган жеринин аталышын колдонуу

укугуна күбөлүк берүү. Товарлардын чыгарылган жеринин

аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү

жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

Товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана белгиленген алымды төлөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу

укугун берүү жөнүндө калысбаанын чечиминин негизинде Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын товарлардын

чыгарылган жеринин аталыштарынын Мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) товардын чыккан жеринин

аталышын каттоону жүргүзөт.

Реестрге киргизүүнүн тартиби жана ага киргизилүүчү маалыматтардын тизмеси Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

Алым өтүнмө ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жөнүндө калысбаанын чечимин алган күндөн

тартып эки ай ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч ай аралыгында кошумча алым

төлөгөн шартта алынат.

Каттоого жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө тийиштүү жана Реестрге

киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан аларды Реестрге киргизген күндөн тартып үч айдын ичинде

расмий бюллетенде жарыяланат.

Күбөлүктү берүү Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыялагандан кийин үч ай өткөн соң жүргүзүлөт.

Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

33-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу

укугуна күбөлүктүн күчүндө болуу мөөнөтү

Күбөлүк Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде он жыл өткөнгө чейин күчүндө болот.

Күбөлүктүн аракет мөөнөтү күбөлүктүн ээсинин арызы боюнча жана күбөлүктүн ээси ушул географиялык обьектиде

тураарын жана күбөлүктө көрсөтүлгөн касиеттери бар товарды өндүрөөрүн ырастоочу компетенттүү органдын

(компетенттүү органдардын) корутундусу берилген шартта узартылышы мүмкүн.

Арыз күбөлүктүн аракетинин акыркы жылынын ичинде берилет.

Күбөлүктүн аракет мөөнөтү ар жолу он жылга узартылат.

Күбөлүктүн аракетин узартуу үчүн күбөлүктүн ээсинин өтүнүчү боюнча ага күбөлүктүн аракет мөөнөтү аяктагандан

кийин, кошумча алым төлөөнүн шартында алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.

Күбөлүктүн күчүндө болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана күбөлүккө жазылып

коюлат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Реестрге жана күбөлүккө өзгөртүүлөрдү киргизүү

Күбөлүктүн ээси өзүнүн аталышынын, фамилиясынын, атынын же атасынын атынын өзгөрүшү жөнүндө, ошондой эле

товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө тиешелүү башка өзгөрүүлөр жөнүндө

Кыргызпатентке кабарлайт.

Алым төлөнгөн шартта өзгөрүүлөр жөнүндө Реестрге жана күбөлүккө жазылып коюлат.

Өтүнмө ээси күнөөлүү болбогон анык жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан алым төлөнбөстөн

Реестрге жана товар чыккан жердин аталышын пайдаланууга укук берүүчү күбөлүккө жазылат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Чет өлкөлөрдө товарлардын чыгарылган жеринин

аталышын каттоо

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары товар чыгарылган жердин аталышын чет өлкөлөрдө

каттоого акылуу.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын чет өлкөлөрдө каттоого өтүнмө берүү аны Кыргыз Республикасында

каттагандан жана ушул товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун алгандан кийин жүргүзүлөт.

X бөлүм.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу

36-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу деп аны товарга, сырткы оромосуна, рекламага,

проспекттерге, бланктарга жана товарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө байланыштуу башка документтерде

колдонуу эсептелинет.

Товар чыгарылган жердин аталышын Интернет түйүнүндө дарек катары

колдонуу да пайдалануу деп таанылышы мүмкүн.

Катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын күбөлүгү жок адамдар тарабынан пайдаланышына, эгер

товарлардын анык чыккан жерин көрсөтүп же аталышы “түр”, “тип”, “окшоштуруу” жана ушул сыяктуу сөз

айкалыштарына которулуп пайдаланылса да, ошондой эле товарлардын чыккан жери жана өзгөчө касиеттери

жагынан керектөөчүлөрдү чаташтырууга дуушар кылуучу бир түрдүү товарлар үчүн окшош белгилөөнү пайдаланууга

жол берилбейт.

Күбөлүктүн ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышын башка жактарга пайдаланууга лицензия берүүгө

акысы жок.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Эскертүүчү маркалоо

Күбөлүктүн ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышынын катарына, колдонулуп жаткан белгилөө Кыргыз

Республикасында катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышы болуп санала тургандыгын көрсөтүүчү

эскертүүчү маркалоону “катталган товар чыккан жердин аталышын” же “НМПТ. Каттоо” деген сөздөр менен белгилеп

кое алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

XI бөлүм.

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын

укуктук жактан коргоону токтотуу

38-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жана

товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу

укугуна күбөлүктү жараксыз деп табуу

Эгерде товардын чыккан жеринин аталышын каттоо ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен

жүргүзүлсө, ал аракетте болгон бардык мөөнөттүн ичинде жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүк, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген

талаптарды бузуу менен берилсе же товардын чыккан жеринин аталышын каттоо жараксыз деп табылганына

байланыштуу, жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Ушул статьянын биринчи-экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ар кандай адам товардын чыккан

жеринин аталышын каттоого жана товардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө карата

Апелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Каршы пикир билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып төрт ай

ичинде каралууга тийиш. Каршы пикир билдирген адам, ошондой эле күбөлүктүн ээси да анын каралышына

катышууга укуктуу.

Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнүч ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-1-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун жана

товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу

укугуна күбөлүктүн аракетинин токтотулушу

Товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун аракети төмөндөгү учурларда токтотулат:

- ушул географиялык объектке мүнөздүү болгон шарттардын жок болуп кетишине жана товарды Реестрде

көрсөтүлгөн касиеттер менен өндүрүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу;

- чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактардын ушул товардын чыгарылган жеринин аталышына товар чыгарылган

өлкөнүн укугун жоготуусуна байланыштуу.

Товардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчү төмөндөгү учурларда токтотулат:

- ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер боюнча товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоонун

аракетинин токтотулушуна байланыштуу;

- ушул Мыйзамдын 33-статьясында каралган анын аракет мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу;

- товардын чыгарылган жеринин ушул аталышына карата товардын Реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин

жоготушуна байланыштуу;

- юридикалык жак жоюлган же күбөлүктүн ээси болгон жеке жактын ишкердиги укук мураскору түзүлбөй токтотулган

учурда;

- күбөлүктүн зэсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө жана экинчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацында каралган негиздер боюнча ар кандай

адам товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун жана товардын чыккан жеринин сталышынан пайдалануу

укугуна күбөлүктүн күчүн жоготушуна карата Алелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Арыз келип түшкөн

күндөн тартып төрт ай ичинде каралууга тийиш.

Апелляциялык кеңештин чечимине арыз ээси аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

XII бөлүм.

Корутунду жоболор

39-статья. Алымдар

Товардык белгини каттоого, товарлар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө

байланыштуу юридикалык олуттуу аракеттерди жасагандык үчүн алымдар алынат. Алымдар Кыргызпатентке

төлөнөт.

Жасалгандыгы үчүн алым алынуучу аракеттердин тизмеси, алардын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү, ошондой эле

алымдарды төлөөдөн куткарууну, алардын өлчөмүн азайтууну жана аларды кайтарып берүүнү негиздөө Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Алымдар өтүнмө ээси, товардык белгинин жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна

күбөлүктүн ээси, же алардын макулдашуусу боюнча ар кандай жеке же юридикалык жак тарабынан Кыргызпатентке

төлөнөт.

Кыргызпатенттин эсебине келип түшкөн, валюталарды кошкондогу, бардык каражат жана кызмат көрсөтүү жана

материалдар үчүн алынган акы Кыргызпатент тарабынан техникалык жабдуулар, автоматташтырылган системаны

пайдалануу, патенттик маалыматтарды комплектөө, кадрларды даярдоо жана аларга өбөлгө түзүү

үчүн пайдаланылат.

40-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу

талаш-тартыштарды карап чыгуу

Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген

тартипте, төмөндөгү:

1) товардык белгиге өзгөчө укукту бузгандык жөнүндө;

2) лицензиялык келишимди жана товардык белгини башка бирөөгө макулдук менен берүү келишимин түзүү жана

аларды аткаруу жөнүндө;

3) товарлардын чыгарылган жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалангандык жөнүндө;

4) товардык белгини ушул мыйзамдын 20-статьясына ылайык пайдаланылбагандык жөнүндөгү талаш-тартыштар

менен кошо каралат.

Апелляциялык кеңеш ушул Мыйзамга ылайык өзүнүн кызмат укугуна таандык болгон талаш-тартыштарды карайт.

41-статья. Товардык белгини жана товарлардын чыгарылган жеринин

аталышын мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик

Товардык белгини же бир түрдүү товарларга карата товардык белгиге окшош белгилөөнү, ошондой эле жалпыга

белгилүү товардык белгини же аларга окшош белгини же товардын чыккан жеринин аталышы же ушул Мыйзамга

карама-каршы келүүчү ар кандай товарларга карата товар чыккан жердин аталышы менен окшош белгини

пайдалануу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык граждандык, административдик жана кылмыш

жоопкерчилигине кириптер кылат.

Бузууларды токтотуу же келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптардан башка товардык белгини

мыйзамсыз пайдалануудан граждандык укуктарды коргоо төмөндөгү жолдор менен:

жабыр тартуучунун ишкерлик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоо;

товардан же анын сырткы оромосунан мыйзамсыз колдонгон товардык белгини же чаташтыруу даражасына чейин

жеткен ага окшош белгини алып таштоо, же болбосо товардык белгилердин же чаташтыруу даражасына чейин

жеткен ага окшош белгилөөнүн белендеп койгон сүрөттөрүн жок кылуу;

товардык белги мыйзамсыз колдонулган товарларга арест салуу же аларды жок кылуу аркылуу иш жүзүнө

ашырылат.

Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге же товарлар чыгарылган жердин аталышына карата

эскертүүчү маркалоону жасоочу адам Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке

тартылат.

Катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын же ушундай атка окшош белгини мыйзамсыз пайдаланган

адам товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк ээсинин, коомдук уюмдун, мамлекеттик

органдын же прокурордун талабы боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:

аны пайдаланууну токтотууга жана бардык жабыр тарткандарга келтирген зыяндарынын ордун толтурууга, ошондой

эле товарлар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануудан алынган каражаттын зыяндардын ордун

толтуруудан ашкан суммасын жергиликтүү бюджеттин кирешисине төлөп берүүгө;

жабыр тартуучунун ишкерлик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоого;

товардан же анын сырткы оромосунан мыйзамсыз колдонгон товарлар чыгарылган жердин аталышын, же

чаташтыруу даражасына чейин жеткен ага окшош белгини алып таштоого, же болбосо товарлар чыгарылган жердин

аталышын же чаташтыруу даражасына чейин жеткен ага окшош белгилөөдөн белендеп койгон сүрөттөрүн жок

кылууга.

Товардык белгини жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын товардан же анын сырткы оромосунан алып

таштоо, мыйзамсыз колдонулган товардык белгилери бар товарга арест салуу же аны жок кылуу ушундай товардын

ээсинин өз укуктарын коргоо мыйзамда белгилененген тартипте жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактын укуктары

Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар товардык белгилерди жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын

укуктук коргоого тийиштүү ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган укуктардан Кыргыз

Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен бирдей же өз ара түшүнүшүү принцибинин

негизинде пайдаланышат.

43-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылган

эрежелерден башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

44-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө

“Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1997-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган