Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG227

Atrás

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 'Кылмыш Жаза' Кодекси (2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 'Кылмыш Жаза' Кодекси (2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык

2019-жылдын 1-январынан тартып

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ

1997-жылдын 1-октябры № 68

(КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 1999-жылдын 9-декабрындагы

№ 141,

2001-жылдын 23-июлундагы № 77, 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 92, 2002- жылдын 12-мартындагы № 36,

2002-жылдын 22-июнундагы № 109, 2002-жылдын 8-июлундагы № 115, 2002- жылдын 16-октябрындагы № 141,

2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98,

2003-жылдын 11-июнундагы № 99,

2003-жылдын 11-июнундагы № 100, 2003-жылдын 5-августундагы № 192,

2003-жылдын 9-августундагы № 193,

2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 221,

2003-жылдын 15-ноябрындагы № 223, 2004-жылдын 15-февралындагы № 13,

2004-жылдын 7-мартындагы № 17, 2004-жылдын 23-мартындагы № 46,

2004-жылдын 26-июлундагы № 99,

2004-жылдын 27-июлундагы № 101, 2004-жылдын 15-декабрындагы № 191,

2005-жылдын 5-августундагы № 122,

2006-жылдын 5-январындагы № 1, 2006-жылдын 6-февралындагы № 35, 2006- жылдын 13-февралындагы № 56,

2006-жылдын 13-февралындагы № 57, 2006-жылдын 8-августу № 156, 2006- жылдын 8-августундагы № 158,

2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 182,

2006-жылдын 22-ноябрындагы № 183,

2006-жылдын 28-декабрындагы № 211, 2006-жылдын 28-декабрындагы №

216,

2006-жылдын 29-декабрындагы № 230, 2007-жылдын 12-февралындагы № 16,

2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 31-июлундагы № 129,

2007-жылдын 6-августундагы № 131, 2007-жылдын 10-августундагы № 150,

2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2008-жылдын 23-июнундагы № 131,

2008-жылдын 7-июлундагы № 138, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151, 2008- жылдын 5-августундагы № 199,

2008-жылдын 17-октябрындагы № 223,

2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2008-жылдын 29-декабрындагы №

274, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 275, 2009-жылдын 19-январындагы № 8,

2009-жылдын 20-февралындагы № 58, 2009-жылдын 17-мартындагы № 83, 2009- жылдын 8-майындагы № 150, 2009-жылдын 17-июлундагы № 230, 2009-жылдын

17-июлундагы № 234, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2009-жылдын 13- октябрындагы № 271, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301,

2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27,

2011-жылдын 11-июлундагы № 89, 2011-жылдын 26-июлундагы № 141,

2011-жылдын 26-июлундагы № 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы №

177, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 195,

2011-жылдын 10-ноябрындагы № 204, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 244,

2011-жылдын 21-декабрындагы № 246,

2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2012-жылдын 8-майындагы № 48, 2012- жылдын 12-июлундагы № 105, 2012-жылдын 16-июлундагы № 111,

2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012- жылдын 10-августундагы № 164,

2012-жылдын 21-ноябрындагы № 186,

2013-жылдын 25-январындагы № 9, 2013-жылдын 25-февралындагы № 34,

2013-жылдын 25-февралындагы № 35,

2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 53,

2013-жылдын 29-апрелиндеги № 64,

2013-жылдын 29-майындагы № 83, 2013-жылдын 9-июлундагы № 125, 2013- жылдын 9-июлундагы № 126,

2013-жылдын 24-июлундагы № 159, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2013- жылдын 3-августундагы № 180,

2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198, 2014-жылдын 18-февралындагы № 33,

2014-жылдын 21-апрелиндеги № 62,

2014-жылдын 17-майындагы № 68, 2014-жылдын 18-июнундагы № 90, 2014- жылдын 30-июнундагы № 100,

2014-жылдын 1-июлундагы № 108, 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148,

2014-жылдын 29-декабрындагы № 170,

2015-жылдын 16-январындагы № 16, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33,

2015-жылдын 27-февралындагы № 41,

2015-жылдын 10-мартындагы № 53, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015- жылдын 21-июлундагы № 184,

2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200, 2016- жылдын 2-августундагы № 162,

2016-жылдын 12-августундагы № 166, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 179,

2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188,

2017-жылдын 20-февралындагы № 26, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41,

2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98, 2017- жылдын 14-июнундагы № 102,

2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 1997-жылдын 1-октябрындагы № 69 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК I БӨЛҮМ

КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ

1-Глава

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери жана принциптери

1-статья. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары

(1) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде камтылган ченемдерге негизделген ушул Кодекстен турат.
(2) Кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган жаңы мыйзамдар ушул Кодекске киргизилүүгө тийиш.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин максаттары жана милдеттери

(1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин максаттары: кылмыштардын алдын алуу, граждандардын инсандыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, юридикалык жактарды, менчикти, жаратылыш чөйрөсүн, коомдук тартипти жана коопсуздукту, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, адамдардын тынчтыгын жана коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат.
(2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери кылмыш- жаза жоопкерчилигинин принциптерин, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негиздерин, кылмыштын жалпы түшүнүгүнүн белгилерин, коомдук коркунучтуу жосундардын чөйрөсүн, кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулуучу жазалардын түрлөрүн аныктоо болуп саналат.

3-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин принциптери

(1) Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуулуктун, жеке жазалык жоопкерчиликтин, адилетүүлүктүн, демократиялуулуктун, гумандуулуктун, ошондой эле граждандардын мыйзам алдында бирдейлигинин жана жасаган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартары шексиз экендигинин принциптерине негизделет.
(2) Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөлүү деп аныкталмайынча, эч ким кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылышы мүмкүн эмес.
(3) Бир эле кылмыш үчүн эч ким эки жолу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.

4-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи

Кылмыш-жаза мыйзамында каралган кылмыш курамынын белгилерин камтыган коомдук коркунучтуу жосун жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи болуп саналат.

2-Глава

Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулуш чектери

5-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

(1) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган бардык адамдар ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
(2) Эгерде кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында бүтсө же ага бөгөт коюлса, башка мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш үчүн жоопкерчилик ушул Кодекс боюнча келип чыгат.
(3) Колдонуудагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү жана башка граждандар Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаганда, алардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

(1) Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын граждандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган граждандыгы жок адамдар, чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча жазага тартылышпаса, ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
(2) Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын граждандары ошол мамлекетке кармалып берилбейт.
(3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекетке кармалып берилиши мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Кылмыш-жаза мыйзамынын убакыт боюнча колдонулушу

(1) Жосундун кылмыштуулугу жана жазалуулугу ошол жосун жасалган убакытта колдонулуп жаткан мыйзам тарабынан аныкталат.
(2) Жосундун жазалуулугун жокко чыгаруучу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тийиштүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган, анын ичинде жазасын өтөп жаткан же өтөгөн, бирок соттуулугу бар адамдарга да колдонулат.
(3) Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II БӨЛҮМ КЫЛМЫШ

3-Глава

Кылмыштардын түшүнүгү жана түрлөрү

8-статья. Кылмыштын түшүнүгү

(1) Кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш катары табылат.
(2) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган жосундун белгилерине формалдуу түрдө туура келген, бирок анчалык маанилүү болбогондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген аракет же аракетсиздик кылмыш болуп эсептелбейт.

9-статья. Кылмыштарды жиктөө (классификациялоо)

(1) Кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт.
(2) Кылмыштын оордугу статьянын санкциясында каралган кыйла катаал жазанын эң жогорку мөөнөтү менен аныкталат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар

Чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарга - эки жылга эркиндигинен ажыратуудан ашпаган эң жогорку жаза колдонулган, атайылап жасалган, ошондой эле эң жогорку жазасы беш жылга эркиндигинен ажыратуудан ашпаган байкабастыктан жасалган кылмыштар таандык.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Анча оор эмес кылмыштар

Анча оор эмес кылмыштарга - мыйзам тарабынан беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар, ошондой эле беш жылдан ашык эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган байкабастыктан жасалган кылмыштар таандык.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Оор кылмыштар

Оор кылмыштарга - мыйзам тарабынан беш жылдан жогору, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар таандык.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Өзгөчө оор кылмыштар

Өзгөчө оор кылмыштарга - мыйзам тарабынан он жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган атайылап жасалган кылмыштар таандык.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Бир нече жолу кылмыш жасоо

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

15-статья. Кылмыштар жыйындысы

(1) Эки же андан ашуун кылмыштар жасалып, алардын бири үчүн да ал адам соттолбосо, анда ал кылмыштар жыйындысы деп табылат. Мында адам мыйзамда белгиленген негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган кылмыштар эске алынбайт.
(2) Эгерде кылмыш жалпы жана атайын ченемдерде каралса, кылмыш-жаза жоопкерчилиги атайын ченем боюнча каралат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Өнөкөт кылмыштар

(1) Мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам тарабынан атайылап кылмыш жасоо өнөкөт кылмыштар деп табылат.
(2) Төмөндөгү учурларда өнөкөт кылмыштар коркунучтуу деп табылат:
1) эгерде мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн үч жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам атайылап кылмыш жасаса жана ал үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолсо;
2) эгерде мурда эки жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам оор кылмыш жасаса.
(3) Төмөндөгү учурларда өнөкөт кылмыштар өзгөчө коркунучтуу деп таанылат:
1) эгерде мурда жасаган оор кылмыштары үчүн үч же андан көп жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам атайылап кылмыш жасап, ал үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолсо;
2) мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн үч жолу соттолгон же эки жолу өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам оор кылмыш жасаса;
3) мурда өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам өзгөчө оор кылмыш жасаса.
(4) Кылмыштарды өнөкөт кылмыштар деп таанууда төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) чоң коркунуч келтирбеген атайын кылмыш үчүн соттуулук;
2) он сегиз жашка чейинки адам жасаган кылмыш үчүн соттуулук;
3) шарттуу деп таанылган кылмыштар үчүн, болбосо өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу берилгендиги боюнча соттуулук, эгерде шарттуу соттуулук же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жоюлбаган жана адам жазаны өтөө үчүн эркинен ажыратуу жайына жөнөтүлбөгөн, ошондой эле ушул Кодекстин 76- статьясында белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган соттуулуктар.
4) адамга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза дайындалган кылмыштар үчүн соттуулуктар.
(5) Өнөкөт кылмыштар ушул Кодексте каралган негиздерде жана чектерде кыйла катуу жазага тартууга алып келет.
Эскертүү. Кыргыз Республикасында да кылмыш деп таанылган жосундар үчүн чет мамлекеттеги соттуулук өнөкөт кылмыштар деп таанууда эске алынат.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2003-жылдын 11-июнундагы № 99,

2006-жылдын 13-февралындагы № 56, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012- жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-Глава

Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу адамдар

17-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жалпы шарттары

Кылмыш-жаза жоопкерчилигине ушул Кодексте белгиленген жашка жеткен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган адам гана тартылат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы

(1) Кылмыш жасаганга чейин он алты жашка толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
(2) Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка толгон балдар киши өлтүрүү (97- статья), саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү (104-статья), саламаттыкка атайылап анча оор эмес оор залал келтирүү (105-статья), адамды уурдоо (123- статья), адамдарды сатуу (124-статья), зордуктоо (129-статья), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (130-статья), уурдоо (164-статья), мал уурдоо (165- статья), тоноо (167-статья), каракчылык (168-статья), башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо (169-статья), опузалап талап кылуу (170-статья), автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу (172-статья), өрттөө аркылуу, башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен же оор кесепеттерге алып келүү менен мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу (174-статьянын экинчи бөлүгү), терроризм (226-статья), барымтага кармоо (227- статья), оордотуучу жагдайлардагы хулиганчылык (234-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү), вандализм (235-статья), ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (245-статья), башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү (247-статья), баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (248- статья), транспорт каражаттарын же жол катнашын жараксыз абалга келтирүү (283-статья) үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.

(КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2002-жылдын 8-июлундагы №

115, 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Акыл-эси соо эместик

(1) Коомдук коркунучтуу жосун жасаган убакта акыл-эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорусунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же болбосо психикасынын башка оорулуу абалынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албаган же аларды башкара албаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.
(2) Акыл-эси соо эмес деп таанылган адамга карата сот тарабынан ушул Кодексте каралган медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

20-статья. Акыл-эси соо, бирок ачууга алдырган адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилиги

(1) Кылмыш жасаган убакта ачууга алдыруудан улам өзүнүн аракеттеринин
(аракетсиздигинин) анык мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулугун толук ченемде
аңдап биле албаган же өз аракетин башкара албай калган акыл-эси соо адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
(2) Акыл-эси соо туруп ачууга алдыруу жаза дайындоодо сот тарабынан эске алынат жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоого негиз болушу мүмкүн.

21-статья. Мас абалында кылмыш жасаган адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилиги

Алкоголдук ичимдик ичүүдөн, баңгилик каражаттарды же башка деңдароо кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында кылмыш жасаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

5-Глава

Күнөө

22-статья. Күнөөнүн түрлөрү

Атайылап же байкабастыктан коомдук коркунучтуу жосун жасаган адам гана кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Атайылап жасалган кылмыш

(1) Тикелей же кыйыр ниетте жасалган жосун, атайылап жасалган кылмыш деп табылат.
(2) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, алардын ошондой болушун кааласа, анда ал тикелей ниетте жасалган кылмыш деп табылат.
(3) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билсе, коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы мүмкүн экендигин баамдай алса, аларды каалабаса, бирок аң-сезимдүү түрдө аларга жол берсе, анда ал кыйыр ниетте жасалган кылмыш деп табылат.

24-статья. Байкабастыктан жасалган кылмыш

(1) Жеңил ойлуулук же этиятсыздык менен жасалган жосун байкабастыктан жасалган кылмыш деп табылат.
(2) Эгерде адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай алса, бирок жетиштүү негиздер болбосо деле өзүнө-өзү ишенип аларды болтурбайм деп ойлосо, кылмыш жеңил ойлуулук менен жасалган деп табылат.
(3) Эгерде адам өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса, бирок аларды баамдоого тийиш болсо жана баамдашы мүмкүн болсо, кылмыш этиятсыздык менен жасалган деп табылат.

25-статья. Күнөөсүз зыян келтирүү (кокустук)

Эгерде жосун жасаган адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билбесе, билүүгө тийиш болбосо же аңдап билиши мүмкүн болбосо же анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса жана иштин
жагдайлары боюнча аларды баамдоого тийиш болбосо же баамдашы мүмкүн болбосо жосун күнөөсүз жасалган деп табылат.

6-Глава

Аякталган жана аякталбаган кылмыш

26-статья. Аякталбаган кылмыш үчүн жоопкерчилик

(1) Эгерде адам жасаган жосунда ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын бардык белгилери камтылса, кылмыш аякталган деп табылат.
(2) Кылмышка даярдануу жана кылмыш далалаты аякталбаган кылмыш деп табылат.
(3) Аякталбаган кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги, ушул Кодекстин
27 же 28-статьяларына таянуу менен, ушул Кодекстин аякталган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясы боюнча келип чыгат.

27-статья. Кылмышка даярдануу

(1) Каражаттарды же куралдарды издөөнү же ылайыктоону тикелей ниетте жасоо, кылмыш жасоо үчүн макулдашуу же болбосо кылмыш жасоого башка атайылап жасалган шарттарды түзүү, эгерде мында кылмыш адамдарга көз каранды эмес жагдайлар боюнча аягына чыгарылбаса, кылмышка даярдануу деп табылат.
(2) Оор же өзгөчө оор кылмышка даярдануу үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгат.

28-статья. Кылмыш далалаты

Кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган, тикелей ниетте жасалган аракет же аракетсиздик, эгерде мында кылмыш адамдарга көз каранды эмес жагдайлар боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш далалаты деп табылат.

29-статья. Кылмыш жасоодон өз ыктыяры менен баш тартуу

(1) Адамдын даярдык аракеттерин токтотушу же болбосо кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган аракетти же аракетсиздикти токтотушу, эгерде адам кылмышты аягына чыгарууну аңдап билсе жана чыныгы мүмкүнчүлүккө ээ болсо, кылмыштан өз ыктыяры менен баш тартуу деп табылат.
(2) Жосундан өз ыктыяры менен баш тартуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт. Кылмышты аягына чыгаруудан өз ыктыяры менен баш тарткан адам, эгерде ал жасаган жосун иш жүзүндө башка кылмыштын курамын камтыган учурда гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
(3) Кылмышты уюштуруучунун, шыкакчынын же көмөкчүнүн өз ыктыяры менен баш тартуусу, эгерде адам кылмыш жасоону болтурбоо үчүн колунан келген чаралардын бардыгын өз убагында жасаса жана мында кылмыштын коомдук коркунучтуу кесепеттери али жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигин жокко чыгарат.

7-Глава

Кылмышка шериктеш болуу

30-статья. Кылмышка шериктеш болуу

(1) Эки же андан көп адамдардын кылмыш жасоого атайылап өз ара биргелешип катышуусу кылмышка шериктеш болуу деп табылат.
(2) Аткаруучулар менен катар уюштуруучулар, шыкакчылар жана көмөкчүлөр кылмыш шериктери деп табылат.
(3) Түздөн-түз кылмыш жасаган же болбосо аны жасоого башка адамдар менен бирге түздөн-түз катышкан, ошондой эле мыйзамдын күчүнөн улам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай турган башка адамдарды пайдалануунун аркасында кылмыш жасаган адам аткаруучу деп табылат.
(4) Кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген адам, ошого тете уюшкан кылмыштуу топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген адам уюштуруучу деп табылат.
(5) Кылмыш жасоого түрткөн адам шыкакчы деп табылат.
(6) Кеңеш, көрсөтмөлөр, каражаттар, маалымат, мүлк берүү менен же тоскоолдуктарды жоюу менен кылмыш жасоого көмөктөшкөн адам, же кылмышкерди, кылмыш жасоонун куралдарын же каражаттарын, кылмыш издерин же болбосо кылмыш жолу менен табылган нерселерди жашырууга алдын ала убада берген адам, ошого тете мындай нерселерди алууга же өткөрүүгө алдын ала убада берген адам көмөкчү деп табылат.
(7) Уюштуруучунун, шыкакчынын жана көмөкчүнүн жоопкерчилиги аткаруучунукундай эле Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүндөгү статья боюнча, ошол статьяга таянуу менен келип чыгат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2016-жылдын 2-августундагы №

162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-статья. Шериктиктин түрлөрү

(1) Жөнөкөй шериктик, татаал шериктик, уюшкан кылмыштуу топ, кылмыштуу чоң топ кылмыш шериктигинин түрлөрү катары табылат.
(2) Ар бири кылмыш курамында каралган аракетти жасаган эки же андан көп адамдардын кылмыш жасашы жөнөкөй шериктик (кошо аткаруучулук) деп табылат. Жөнөкөй шериктик эки түрдө болушу мүмкүн:
1) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүмсүз жасалган;
2) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган.
(3) Милдеттерди (уюштуруучунун, шыкакчынын, аткаруучунун жана көмөкчүнүн) бөлүштүрүү менен эки же андан көп адамдар тарабынан кылмыш жасоо татаал шериктик деп табылат.
(4) Кылмыш жасоо үчүн алдын ала уюшуп алган эки жана андан көп адамдардан турган туруктуу топ уюмдашкан кылмыштуу топ деп табылат.
(5) Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдын ала уюшуп алган эки же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси кылмыштуу чоң топ (кылмыштуу уюм) деп табылат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Кылмышты аткаруучунун аша чапкандыгы

Аткаруучу тарабынан катышуучулардын макулдашуусунун чегинен чыккан жана алардын ниетине туура келбеген аракеттерди жасашы аткаруучунун аша чапкандыгы деп табылат.

33-статья. Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчилик

(1) Адамдардын уюшкан кылмыштуу тобун түзгөн же ага жетекчилик кылган адам, анын ниети боюнча бул топ жасаган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартат.
(2) Уюшкан кылмыштуу топтун башка катышуучулары, топтун курамындагы аткарган иштерине карабай өздөрүнүн ниети боюнча уюшкан кылмыштуу топ жасаган кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартышат.

34-статья. Кылмыштуу чоң топ (кылмыштуу уюм) жасаган кылмыштар үчүн жоопкерчилик

(1) Кылмыштуу чоң топтун (кылмыштуу уюмдун) уюштуруучусу жана жетекчиси, кылмыштуу чоң топтогу (кылмыштуу уюмдагы) адамдардын ниети боюнча жасалган жана бул чоң топту (кылмыштуу уюмду) түзүүнүн кылмыштуу максаттарына ылайык келген кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартат.
(2) Кылмыштуу чоң топтун (кылмыштуу уюмдун) мүчөлөрү чоң топто (кылмыштуу уюмда) аткарган кылмыштуу милдеттерине карабай чоң топто (кылмыштуу уюмда) жасалган бардык кылмыштар үчүн, эгерде ал кылмыштар алардын ниети боюнча жасалса, кылмыштуу чоң топту (кылмыштуу уюмду) түзүүнүн максаттарынын чөйрөсүнө кирсе, кылмыш шериктиктери катары жооп беришет.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Жашыруучулук

(1) Кылмышкерди, ошого тете кылмыш жасоонун куралдарын жана каражаттарын, кылмыштын издерин же болбосо кылмыш жолу менен табылган нерселерди алдын ала убада бербестен жашыруу, ушул Кодексте каралган атайын учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.
(2) Шектүүнүн, айыпкердин же соттолуучунун жубайы же жакын туугандары алдын ала убада бербестен жашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышпайт.

8-Глава

Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлар

36-статья. Коргонуу зарылдыгы

(1) Эгерде бул кол салуу коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулук түздөн-түз опузалоону колдонуу менен коштолсо, коргонуунун зарылдык абалында, башкача айтканда, коргонуучу же башка адамдын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомдун же мамлекеттин мыйзамдар менен корголгон кызыкчылыктарын коомдук коркунучтуу кол салуудан коргоодо кол салуучу адамга зыян келтирүү кылмыш болуп саналбайт.
(2) Коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулук түздөн-түз опузалоону колдонуу менен коштолбогон болсо, ошондой эле башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга мыйзамсыз кол салуудан коргоо, эгерде мында зарыл коргонуунун чектеринен аша чабууга, башкача айтканда, кол салуунун мүнөзүнө жана коркунучтуулугуна айкын-ачык ылайык келбеген атайын аракеттерге жол берилбесе, мыйзам ченемдүү болуп саналат.
(3) Кол салуунун мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулугунун деңгээлине коргонуунун айкын-ачык ылайык келбегендиги зарыл коргонуунун чектеринен аша
чабуу деп таанылат, анын натыйжасында кол салуучуга айкын-ачык ашыкча, жагдайдан келип чыкпаган оор зыян келтирилет.
(4) Эгерде коргонуучу адам ага кол салуунун күтүүсүздүгүнүн натыйжасында, бул кол салуунун коркунучтуулук даражасын жана мүнөзүн объективдүү баалай албаса, коргонуучу адамдын аракеттери зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу деп саналбайт. Мында кол салуучуга залал келтирүү, анын ичинде күтүүсүз кол салуу менен же болбосо байкабастык менен байланыштуу өлүмгө алып келүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт.
(5) Мыйзамдуу негизде турак-жайда жашаган (турган) адамдын эркине каршы бул турак-жайга кол салган адамдын мыйзамсыз басып кирүүсүнөн коргонууда коргонуучу адамдын кол салуучуга залал келтирген, анын ичинде анын өлүмүнө алып келген аракеттери зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу болуп саналбайт.
(6) Кол салуучуга келтирилген зыяндын оордугуна карабастан, төмөнкүлөр үчүн куралды же кандай гана болбосун башка каражаттарды же болбосо курал- жаракты колдонуу да зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу болуп саналбайт жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт:
1) куралчан адамдын кол салуусунан коргонуу;
2) топтордун кол салуусунан коргонуу.
Ушул статьяда кош бойлуулуктун айкын-ачык белгилери бар аялдардын же болбосо айкын-ачык жаш бала болуп саналган адамдардын кол салуусун кошпогондо, эки жана андан көп адамдардын кол салуусу топтук кол салуу деп эсептелет.
(7) Ушул статьянын жоболору алардын кесиптик же бөлөк атайын даярдыгына жана кызматтык абалына карабастан, ошондой эле коомдук коркунучтуу кол салуудан качуу же болбосо башка адамдарга же бийлик органдарына жардамга кайрылуу мүмкүндүгүнө карабастан, бардык адамдарга бирдей өлчөмдө жайылтылат.

(КР 2015-жылдын 27-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Аргасыз зарылдык

(1) Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ошол адамдын же башка адамдардын инсандыгына же укуктарына, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн укук тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирүү, эгерде бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болбосо жана эгерде келтирилген зыян болтурулбаган зыяндан кыйла аз болсо, кылмыш деп табылбайт.
(2) Болтурулбаган зыянга тете же андан чоң зыян келтирген, келтирилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына жана коркунуч жоюлуучу жагдайларга айкын-ачык ылайык келбеген зыян келтирүү аргасыз зарылдыктын чектеринен аша чабуу деп табылат. Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

38-статья. Кылмыш жасаган адамды кармоодо ага зыян келтирүү

(1) Эгерде кармалган адам жасаган жосундун мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулугунун даражасына жана кармоонун жагдайларына кармоо чараларынын ылайыксыздыгына ачык жол берилбесе, кармалганды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында, аны кылмыш жасап жаткан учурда же
түздөн-түз жасагандан кийин кармоодо ага зыян келтирүү, кылмыш болуп саналбайт.
(2) Кармоонун каражаттары менен ыкмалары жосундун коркунучтуулугуна жана аны жасаган адамга, ошондой эле кармоонун жагдайларына ачык ылайык келбегенде, натыйжада адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чыкпаган, атайылап зыян келтирилгенде, адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан аша чабуу деп табылат. Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

39-статья. Буйрукту же башка тескөөнү аткаруу

(1) Адам тарабынан буйрукту же башка тескөөнү, ошого тете өзүнүн кызматы боюнча каралган милдеттерин укук ченемдүү аткарууда келтирилген зыян кылмыш болуп саналбайт.
(2) Кылмыштуу экендиги белгилүү буйрук же башка тескөө боюнча кылмыш жасаган адам, жалпы негиздерде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
(3) Эгерде укукка жат негизде берилген буйрукту, тескөөнү же кызматтык милдеттерин аткарбаган же башкача бузган адам ал иш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Эгерде иш жүзүндө жасалган жосун башка кылмыштын курамын камтыган учурда гана жоопкерчилик келип чыгат.

40-статья. Орундуу тобокелдик

(1) Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн орундуу тобокелдик жасалган учурда укук тарабынан корголуучу таламдарга келтирилген зыян кылмыш болуп саналбайт.
(2) Эгерде жасалган аракет азыркы илимий-техникалык илим-билимге жана тажрыйбага ылайык келсе, ал эми коюлган максатка тобокелчиликке байланышпаган аракеттер менен жетишүүгө мүмкүн болбосо жана тобокелчиликке барган адам укук тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирбөө үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын көрсө, тобокелчилик негиздүү деп табылат.
(3) Эгерде тобокелчилик, адамдардын өлүм коркунучу, экологиялык апаат менен, же болбосо атайылап башка оор кесепеттер менен коштолсо, ал негиздүү деп табылбайт.

III БӨЛҮМ ЖАЗА

9-Глава

Жазанын түшүнүгү жана максаттары. Жазанын түрлөрү

41-статья. Жазанын түшүнүгү жана максаттары

(1) Жаза бул кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылган адамга карата мамлекеттин атынан соттун өкүмү боюнча колдонулуучу жана соттолгонду укуктарынан жана эркиндиктеринен ажыратууну же чектөөнү билдирген мажбурлоо чарасы болуп эсептелет.
(2) Жаза социалдык адилеттикти калыбына келтирүү, соттолгондорду оң жолго салуу, ошондой эле соттолгондор тарабынан да, башка адамдар тарабынан да башка кылмыштардын жасалышынын алдын алуу максаттарында колдонулат.
(3) Жаза адамды азапка салуу же анын кадыр-баркын кемсинтүү максатын көздөбөйт.

42-статья. Жазанын түрлөрү

(1) Кылмыш жасаган адамдарга карата жазанын төмөндөгүдөй негизги түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
1) коомдук жумуштарга тартуу;
2) айып;
3) үч эселенген айып;
4) белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу;
5) зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроо;
6) түзөтүү жумуштары;
7) эркиндигин чектөө;
8) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо;
9) эркиндигинен ажыратуу;
10) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.
(2) Соттолгондорго карата негизги жазалардан тышкары төмөндөгүдөй кошумча жазалар колдонулушу мүмкүн:
1) атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу;
2) мүлкүн конфискациялоо;
3) транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу.
(3) Айып, зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо жана белгилүү кызматтарды ээлөө жана белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кошумча жазалар катары да колдонулушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50,

2015-жылдын 16-февралындагы № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

43-статья. Коомдук жумуштарга тартуу

(1) Коомдук жумуштар соттолгондордун негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдун пайдасына акысыз эмгектенүүдөн турат, анын түрү жазык- аткаруу тутумунун инспекциясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат.
(2) Коомдук жумуштар кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки узактыкта белгиленет. Соттолгондор тарабынан, негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдук жумуш күнүнө төрт сааттан ашпаган, ал эми иштебегендерге күнүнө сегиз сааттан ашпаган убакытка акысыз өтөлөт.
Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза, эреже катары, анын ден соолугунун абалын, кесибин, квалификациясын, билим деңгээлин эске алуу менен дайындалат.
3) Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда сот жазык-аткаруу инспекциясынын сунуштамасы боюнча жазаны түзөтүү жумуштарына, ушул Кодекстин 46-3 жана 49-статьяларына ылайык каралган мөөнөттөрдүн чегинде эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга алмаштыра алат. Мында соттолгон адамдын коомдук жумуштарды аткарган мезгил ичиндеги убакыты түзөтүү жумуштарынын бир күнү, эркиндигин чектөө же
эркиндигинен ажыратуу коомдук жумуштардын сегиз сааттык эсебинде эсепке алынат.
Эгерде адам күнөөлүү деп табылган статьянын санкциясында жазанын мындай түрлөрү каралбаса, коомдук жумуштар түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга да алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарынын, эркиндигин чектөөнүн же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү бир жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет.
Соттолгон адам иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдеткен жагдай катары эске алынат.
(4) Коомдук жумуштар:
1) аскер кызматчыларына;
2) 55 жаштан ашкан аялдарга жана 60 жаштан ашкан эркектерге;
3) кош бойлуу аялдарга;
4) 3 жашка чейинки балдары бар аялдарга;
5) I жана II топтогу майыптарга;
6) туруктуу жашаган жери жок адамдарга.

(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2002- жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын

31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

44-статья. Айып

(1) Айып - ушул Кодексте белгиленген учурларда жана чектерде сот тарабынан акчалай формада салынуучу же болбосо предметтин наркынын же коммерциялык сатып алуунун же паранын эселенген чоңдугунда эсептелүүчү айыпты мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу.
(2) Айып соттолгон адамдын мүлктүк абалын эске алуу менен жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша белгиленет.
(3) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасоону кошпогондо, айып негизги жаза катары эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма өлчөмүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма беш миңине чейинки өлчөмүндө, ал эми кошумча жаза катары - кылмыш жасалган учурга эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма өлчөмүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн беш миңге чейинки өлчөмүндө белгиленет.
(4) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаганы үчүн айып негизги жаза катары эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн беш миңге чейинки өлчөмүндө, ал эми кошумча жаза катары - кылмыш жасалган учурга эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүз өлчөмүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн он миңге чейинки өлчөмүндө белгиленет.
(5) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаганы үчүн айып негизги же болбосо кошумча жаза катары коммерциялык сатып алуунун же паранын эселенген суммасынын чоңдугуна жараша эсептелүүчү коммерциялык сатып алуунун же паранын жүз эселенген суммасына чейинки өлчөмүндө белгиленет, бирок беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана элүү миң эсептик көрсөткүчтөн жогору болушу мүмкүн эмес.
(6) Кошумча жаза катары айып ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьяларында каралган учурларда гана сот тарабынан дайындалат.
(7) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасоодо күнөөлүү тарабынан күнөөсүн моюнга алган жана кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтурган учурларда, сот ушул Кодекстин көрсөтүлгөн статьяларында каралаган айыптын төмөнкү өлчөмүнүн түрүндө жаза дайындайт.
(8) Айыпты төлөөдөн четтеген учурда, ал боюнча адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьясында каралган мөөнөттүн чектеринде түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат.
Эгерде ал боюнча адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясы жазалардын бул түрлөрүн карабаган учурда, айып түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө менен алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарына тартуунун, эркиндигин чектөөнүн, же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөттөрү алты айдан бир жылга чейин белгиленет.
Ушул статьянын 8-бөлүгүнүн жоболору ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315- статьяларында каралган кылмыштар үчүн айып түрүндө жазалоого соттолгондорго жайылтылбайт.
(9) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштар үчүн соттолгондор айыпты төлөөдөн четтеген учурда, ал адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьясында каралган мөөнөттүн чектеринде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-статья. Үч эселенген айып

(1) Үч эселенген айып сот тарабынан келтирилген зыяндын үч эселенген өлчөмүндө салынуучу акчалай же натуралай түрдө өндүрүп алуу.
(2) Үч эселенген айыптын эки бөлүгү материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жабырлануучунун пайдасына, үчүнчү бөлүгү - мамлекеттин пайдасына өндүрүлөт.
(3) Үч эселенген айыпты төлөөдөн качкан учурда ал ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн адам күнөөлүү деп табылган тийиштүү статьясынын санкциясында каралган мөөнөттүн чегинде түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.
Ошондой эле эгерде адам күнөөлүү деп табылган Мыйзамдын санкциясында жазалардын мындай түрлөрү каралбаса, үч эселенген айып түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарынын, эркиндигин чектөөнүн же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөттөрү алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу

(1) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу сот тарабынан негизги жаза катары бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө же кошумча жаза катары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.
(2) Адам жасаган кылмыштын мүнөзүнө таянуу менен сот белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугун сактоону мүмкүн эмес деп тапса, эгерде бул чара ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында каралбаса, күнөөкөр тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу кошумча жаза катары сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
(3) Бул жазаны эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого кошумча катары дайындоодо мөөнөттүн өтүшү өкүмдө белгиленген негизги жазаны өтөгөндөн кийин башталат. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууну жазанын башка түрлөрүнө кошумча катары дайындоодо, ошондой эле шарттуу соттоодо анын мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 редакцияларына ылайык)

46-1-статья. Зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо

(1) Зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо кылмыш-жаза жазасынын түрү катары анча чоң эмес жана оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан дайындалат жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, тийиштүү калктуу конуштун тургундарынын, ошондой эле эмгек жамаатынын катышуусунда эл алдында жабыр тартуучудан кечирим суроону билдирет.
(2) Эгерде жабырлануучунун материалдык зыянынын орду толтурулбаган жана жабыр тартуучу кечирим суроону кабыл албаган учурда эл алдында кечирим суроо түрүндөгү жаза дайындалбайт.
(3) Бул жаза кошумча жаза катары дайындалганда эл алдында кечирим суроо сотто жасалат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-2-статья. Түзөтүү жумуштары

(1) Түзөтүү жумуштары коомдон ажыратпай жана кылмыш жасаганга чейин жашап турган жана иштеген жеринен алып кетпей эле оңдоого жана кайра тарбиялоого мүмкүн болсо, соттолгон адамга дайындалат.
(2) Түзөтүү жумуштары анча чоң эмес жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн үч айдан үч жылга чейинки мөөнөткө жана соттолгон адамдын негизги иштеген жеринде же жашап жаткан жериндеги түзөтүү жумуштарынын аткарылышын башкарган орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныктала турган дагы башка жерлерде аткаруу дайындалат.
(3) Соттун чечими боюнча түзөтүү иштерине соттолгондун ай сайынкы эмгек акысынан мамлекеттин кирешесине бештен жыйырма пайызга чейинки өлчөмдө кармап калуу жүргүзүлөт.
(4) Түзөтүү жумуштарына соттолгон адамдар жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качкан учурда, сот жазанын аткарылышын башкарган органдын сунуштамасы боюнча түзөтүү жумуштарын бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырышы мүмкүн.
(5) Эмгекке жараксыз деп таанылган адамдарга же өндүрүштөн ажыратылбай окуу жайларында окуп жатышкандарга, аскер кызматчыларына, боюнда бар аялдарга жана үч жашарга чейинки жаш балдары бар аялдарга, I жана II топтогу
майыптарга жана туруктуу жашаган же иштеген жери жок адамдарга түзөтүү жумуштары дайындалбайт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

46-3-статья. Эркиндикти чектөө

(1) Эркиндикти чектөө соттолгон адамга карата сот тарабынан анын эркиндигин чектеген белгилүү бир милдеттердин салынганын билдирет жана адистештирилген мамлекеттик органдын көзөмөлү астында коомдон ажыратпай ал жашаган жер боюнча өтөлөт.
(2) Анча оор эмес же анчейин оор эмес кылмышты жасаганы үчүн алты айдан беш жылга чейинки эркиндигин чектөө дайындалат. Жаза коомдук иштерге тартуу түрүндөгү эркиндигин чектөө менен алмаштырылганда, ал алты айдан азыраак мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.
(3) Сот эркиндикти чектөө түрүндөгү жазаны дайындоо менен соттолгон адамга төмөндөгү бир же бир нече милдеттерди: туруктуу жашаган жерин, ишин жана окуусун көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органга кабарлабай туруп алмаштырбоо, окуудан жана иштен бош убагында белгилүү жерлерге барбоо; көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын уруксатысыз башка жерлерге машина менен кетип калбоо милдеттерин жүктөйт. Сот эркиндиги чектелүүгө соттолгон адамга анын оңолушуна көмөк берүүчү башка милдеттерди: алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан дарылоо курсунан өтүүнү, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүүнү аткарууну да жүктөй алат.
(4) Эркиндигин чектөөгө соттолгон адам жазасын өтөөдөн кыянаттык менен качкан учурда, жазанын аткарылышын башкаруучу органдын сунуштамасы боюнча сот эркиндигин чектөөнүн өтөлө элек бөлүгүн ошол эле мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыра алат. Мында эркиндиги чектелген мөөнөттүн өтөлгөн убакыты эркиндигинен ажыратуунун бир күнү эркиндигин чектөөнүн бир күнү катары эсептөөнүн негизинде эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтүнө кошулат.
(5) Туруктуу жашаган жери болбогон жарандарга, четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турушкан адамдарга, ошондой эле аскер кызматчыларына эркиндигин чектөө дайындалбайт.
(6) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгон адамдын тартибине көзөмөлдү ишке ашыруучу органдын сунуштамасы боюнча сот соттолгон адамга карата мурда белгиленген милдеттерди толугу менен же жарым- жартылай бузушу же кошумча милдеттерди белгилеши мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

46-4-статья. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу

(1) Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу кошумча жаза катарында бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
(2) Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу кошумча жаза катары адам тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүнөн улам сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
(3) Бул жазаны эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого кошумча катары дайындоодо мөөнөттүн өтүшү өкүмдө белгиленген негизги жазаны өтөгөндөн кийин башталат.

(КР 2015-жылдын 16-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

47-статья. Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо

Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо ушул Кодексте каралган учурларда мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата үч айдан бир жылга чейин, ошондой эле сот иштин жагдайларын жана айыпкердин инсандыгын эске алуу менен беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуунун ордуна тартиптик аскер бөлүгүндө бир жылга чейинки мөөнөткө кармоону колдонуу керек деп тапкан учурда колдонулат.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-статья. Камакка алуу

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

49-статья. Эркиндигинен ажыратуу

(1) Эркиндигинен ажыратуу - соттолгон адамды жатак-абакка жөнөтүү же жалпы, күчөтүлгөн, өзгөчө, катуу тартиптеги абактарга, же болбосо түрмөгө жайгаштыруу жолу менен коомдон мажбурлап өзгөчө бөлүп кармоо дегенди билдирет.
(2) Эркиндигинен ажыратуу алты айдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.
(3) Кылмыштар жыйындысы боюнча жазаларды белгилөөдө эркиндигинен ажыратууну жарым-жартылай же толук кошкон учурда эркиндигинен ажыратуунун эң чоң мөөнөтү жыйырма беш жылдан, ал эми өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча отуз жылдан ашпоого тийиш.
(4) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркектерге жазаны:
1) байкабастыктан жасаган кылмыштар үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды - жатак-абактарында;
2) чоң коркунуч келтирбеген атайын кылмыштар, ошондой эле анча оор эмес кылмыштар жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдарды, ошого тете байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана айып, үч эселенген айып, коомдук жумуштарга тартуу, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарды, соттолгон адамдарды, - жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында;
3) оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн биринчи жолу соттолгон адамдарды, - күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында;
4) эгерде адам эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөсө, өнөкөт кылмыштар учурунда, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында;
5) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу
жазасы кечирим берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга, - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөө дайындалат.
(5) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга жазаны:
1) байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга, - жатак абактарда;
2) өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон аялдарга, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда, - катуу тартиптеги абактарда;
3) башка соттолгондорго - жалпы тартиптеги абактарда өтөө чектелет.
(6) Өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда жазанын бир бөлүгүн түрмөдө өтөө чектелиши мүмкүн, бирок ал беш жылдан ашпоого тийиш.
(7) Сот өкүм чыгарган учурда он сегиз жашка чыга элек эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарына жайгаштырылат.
(8) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон жаш курагы элүүдөн ашкан эркектердин жана жаш курагы элүүдөн ашкан аялдардын жаза мөөнөтү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган эң чоң эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт.
(9) Соттолгонго дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

50-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу

(1) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгонду өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагына жөнөтүү жолу менен аны коомдон изоляциялоону билдирет жана ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндөгү тиешелүү статьяларда каралган учурлар үчүн белгиленет.
(2) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу төмөндөгүлөргө дайындалбайт:
- аялдарга;
- он сегиз жаш куракка чейинки кылмыш жасаган адамдарга;
- кылмыш жасаган учурда алтымыш жашка чыккан эркектерге.
(3) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде отуз жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылышы мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

51-статья. Атайын, аскердик, ардактуу наамдардан же класстык чендерден ажыратуу

Оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн сот күнөөлүүнүн инсандыгын эске алуу менен аны атайын, аскердик, ардактуу наамынан, класстык ченинен, атайын класстык ченинен, дипломатиялык рангынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратышы мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-статья. Мүлктү конфискациялоо

1. Мүлктү конфискациялоо төмөнкүлөрдү мамлекеттин менчигине мажбурлап акысыз алып коюуда турат:
1) соттолгондун мүлкүн жана (же) андан алынган кирешелерди, кылмыш жасоодо пайдаланылган же кандайдыр-бир жол менен пайдалануу үчүн арналган жабдууларды, курал-жарактарды жана башка каражаттарды;
2) эгерде мүлктү алган адам ал кылмыш аракеттеринин натыйжасында алынгандыгын билсе же билиши керек болсо, соттолгон тарабынан башка адамга берилген мүлктү;
3) кылмыштуу кирешени легалдаштыруунун (адалдоонун) натыйжаларында алынган кылмыштуу кирешелерди же кылмыштуу кирешеден кандай болбосун кирешени (үзүрдү);
4) эгерде кылмыштуу кирешелер мыйзамдуу булактардан сатып алынган мүлккө кошулуп коюлса, кошулуп коюлган кылмыштуу кирешелердин бааланган наркына ылайык келген мүлктү же мүлктүн бөлүгүн.
2. Эгерде алар тергөө органдары же сот тарабынан мүлктү кыймылсыз кармоо, камакка алуу жана конфискациялоо боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин келип чыкса, мүлктү конфискациялоодо мамлекет соттолгондун карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Конфискацияланган мүлктүн эсебинен канааттандырылууга жаткан дооматтарга карата мамлекет ушул мүлктүн чектеринде гана жооп берет, ошондой болсо дагы дооматтарды канааттандыруунун кезектүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер сакталат.
3. Эгерде мүлктүн бир гана бөлүгү конфискацияланууга тийиш болсо, анда сот мүлктүн кайсы бөлүгү конфискациялана тургандыгын көрсөтүүгө же конфискациялануучу буюмдарды тизмелөөгө тийиш.
Эгерде мүлккө кирген белгилүү буюмду конфискациялоо сот тарабынан бул буюмду конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, анын колдонулгандыгына, сатылгандыгына байланыштуу же башка себептер боюнча мүмкүн болбосо, сот бул буюмдун наркына ылайык келген акча суммасын конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.
4. Мүлктү конфискациялоо сот тарабынан ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьяларында каралган пайда табуу ниети менен атайылап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана дайындалышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-1-статья. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу

(1) Ушул Кодекстин 52-статьясына ылайык мүлктү конфискациялоо жөнүндө маселени чечүүдө биринчи кезекте мыйзамдуу ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилиши керек.
(2) Ушул Кодекстин 52-статьясында көрсөтүлгөндөн тышкары, соттолгондун өндүрүп алууга башка мүлкү жок болгондо, анын наркынан мыйзамдуу ээсине келтирилген зыяндын орду толтурулат, ал эми калган бөлүгү мамлекеттин кирешесине айландырылат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-Глава

Жаза белгилөө

53-статья. Жаза белгилөөнүн жалпы негиздери

(1) Сот жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында белгиленген чектерде жана ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен жаза белгилейт. Жазаны белгилөөдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, иштин жүйөлөрүн, күнөөкөрдүн жүрүш-турушун, келтирилген зыяндын мүнөзүн жана өлчөмүн, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алат.
(2) Кылмыш жасаган адамга, анын оңолушуна жана жаңы кылмыштардын алдын алуу үчүн зарыл жана жетишерлик болгон адилет жаза дайындалууга тийиш. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган башка, кыйла жеңил жаза менен жетишүүгө мүмкүн болбогон шартта гана эркиндигинен ажыратуу жазасы белгилениши мүмкүн.
(3) Ушул Кодекстин 164-166, 171-статьяларынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 177- статьясында, 181-статьясынын 1-бөлүгүндө, 183-статьясында, 184-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 185-статьясында, 203-статьясынын 1-бөлүгүндө, 209, 210,
276, 278-статьяларында, 280-статьясынын 1-бөлүгүндө, 282-статьясынын 1- бөлүгүндө, 284-статьясында, 290-статьясынын 1-бөлүгүндө, 306-статьясынын 1- бөлүгүндө каралган анча оор эмес жана анчейин оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза, эгерде соттолуучунун келтирилген залалдын ордун толтурууга же келтирилген зыянды четтетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда гана дайындалышы мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

54-статья. Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар

(1) Төмөндөгүлөр:
1) күнөөсүн мойнуна алып келүү, чын дилинен өкүнүү, кылмышты ачууга жигердүү көмөк көрсөтүү;
2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу же четтетүү;
3) жеке, үй-бүлөлүк жана башка оор жагдайлардын чырмалышынан улам кылмыш жасоо;
4) коркутуунун же мажбурлоонун таасиринен же болбосо материалдык, кызматтык же башка жагынан көз карандылыктан улам, ошондой эле мыйзамсыз буйрукту же тескөөнү аткарган учурда кылмыш жасоо;
5) жабырлануучунун зомбулук көрсөтүшүнөн, катуу кордошунан же укукка жат башка аракеттеринен улам келип чыккан ачууга өтө жеңдирүүнүн таасиринен кылмыш жасоо;
6) аргасыз коргонуунун, өтө зарылчылдыктын, кылмыш жасаган адамды кармоонун укукка ылайыктуу шарттарын бузуу менен кылмыш жасоо;
7) жашы жетпегендердин кылмыш жасашы;
8) кош бойлуу аялдын кылмыш жасашы жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар катары табылат.
(2) Жаза белгилөөдө сот ушул статьяда көрсөтүлбөгөн жагдайларды да жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанышы мүмкүн.
(3) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында кылмыштын белгиси катары каралган жеңилдетүүчү жагдай, жаза белгилөөдө кайрадан эске алынышы мүмкүн эмес.
(4) Күнөөсүн мойнуна алып келгенде же кылмышты ачууга активдүү көмөктөшкөндө жана оордотуучу жагдайлар жок болгондо же анча чоң коркунуч келтирбеген жана анчейин оор эмес кылмыш жасаганда жазанын өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган жазанын эң катаал түрүнүн эң чоң мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашпоого, оор кылмыш жасаганда - үчтөн экисинен ашпоого, өзгөчө оор кылмыш жасаганда - төрттөн үч бөлүгүнөн ашпоого тийиш.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

55-статья. Жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар

(1) Төмөндөгүлөр:
1) өнөкөт кылмыштар, кылмыштарды кесип катары жасоо;
2) адамдар тобунун, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобунун, уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу чоң топтун (кылмыштуу уюмдун) курамында кылмыш жасоо;
3) жеке пайдасын көздөп же башка ыплас максаттардан улам кылмыш жасоо;
4) өзүнүн кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн кызмат адамына же анын жакын туугандарына карата кылмыш жасоо;
5) кылмыш аркылуу оор кесепеттерге алып келүү;
6) жаш балага, карыган адамга же алсыз абалдагы адамга карата кылмыш жасоо;
7) күнөөкөр үчүн кош бойлуулугу алдын ала белгилүү аялга карата кылмыш жасоо;
8) күнөөкөргө материалдык, кызматтык же башка көз карандылыкта турган адамга карата кылмыш жасоо;
9) жаш баланы же күнөөкөр үчүн психикалык оорусу же кем акылдыгы алдын- ала белгилүү адамды пайдалануу менен кылмыш жасоо;
10) өзгөчө ырайымсыздык же кордоо менен кылмыш жасоо;
11) коомдук кырсыктын, массалык тартипсиздиктин шарттарын пайдалануу менен, же өзгөчө абалдын мезгилинде кылмыш жасоо;
12) жалпыга коркунучтуу ыкма менен кылмыш жасоо;
13) курал-жаракты, ок-дарыны жарылуучу заттарды, жарылуучу же аларга окшош түзүлүштөрдү, атайын жасалган техникалык каражаттарды, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, дарылык жана башка химиялык-фармакологиялык препараттарды пайдалануу менен, ошондой эле күчкө салып же психикалык жактан мажбурлоону колдонуу менен кылмыш жасоо;
14) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында кылмыш жасоо жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар катары каралат;
15) адамдын ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч келтирүүчү эзүү максатында кылмыш жасоо;
16) алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында кылмышка баруу;
17) мамлекеттик органдын кызмат адамынын мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө кийлигишүү менен экономикалык чыгымдарды келтирүүсү.
18) ата-эне же аны алмаштырган адам, ага тете мыйзам менен аларга жаш балдарга көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн тарбиялоо, дарылоо, калкты социалдык коргоо жана башка ушундай мекемелер жаш балага карата кылмыш жасагандыгы.
(2) Кылмыштын мүнөзүнө жараша сот биринчи бөлүктө саналып өткөн жагдайлардын ар бирин оордотуучу жагдай катары эсептебей коюуга укуктуу.
(3) Жаза белгилөөдө сот ушул статьяда көрсөтүлбөгөн жагдайларды оордотуучу жагдай катары тааный албайт.
(4) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында кылмыш белгиси катары каралган оордотуучу жагдай, жаза белгилөөдө кайрадан эске алынышы мүмкүн эмес.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2007-жылдын 6-августундагы № 131, 2009-жылдын 8-майындагы № 150, 2016- жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

56-статья. Мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгилөө

(1) Сот, жосундун коомдук коркунучтуулук деңгээлин кыйла төмөндөткөн иштин өзгөчө жагдайларын, ошондой эле күнөөкөрдүн инсандыгын эске алып жана ага ошол кылмыш үчүн мыйзамда каралган ылдыйкы чектен төмөн жаза белгилөөнү, же башка, кыйла жеңил жаза түрүнө өтүүнү зарыл деп таап жүйөлөрүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен мындай жеңилдетүүгө жол бере алат. Мында жазанын мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин 43-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 44- статьясынын экинчи бөлүгүндө, 45-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 46- статьясынын биринчи бөлүгүндө, 47-статьясында, 48-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 49-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 80 жана 81-статьяларында жазанын ушул түрү үчүн каралган эң төмөнкү чектен төмөн болушу мүмкүн эмес.
(2) Сот ошол эле негиздөө боюнча, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясына ылайык милдеттүү болгон кошумча жазаны колдонбой кое алат.
(3) Айрым жеңилдетүүчү жагдайлар, ошондой эле андай жагдайлардын жыйындысы да өзгөчө жагдайлар деп таанылышы мүмкүн.
(4) Ушул статьянын колдонулушу ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315- статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата жайылтылбайт.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2012-жылдын 10-августундагы №

164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

57-статья. Кылмышка даярдануу, кылмыш далалаты үчүн жана кылмыш жасоого кошо катышкандыгы үчүн жаза белгилөө

(1) Кылмышка даярдануу жана кылмыш далалаты үчүн жаза белгилөөдө сот күнөөкөр жасаган аракеттердин мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, кылмыштуу ниеттин жүзөгө ашырылышынын деңгээлин жана кылмыштын аягына чыкпай калышына таасир эткен себептерди эске алат.
(2) Кылмышка шериктеш болгондорго жаза белгилөөдө сот алардын ар биринин кылмышты жасоого катышуусунун мүнөзүн жана деңгээлин эске алат. Ар бир шериктин инсандыгына таандык оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлар, сот тарабынан ошол шерикке жаза колдонууда гана эске алынат.
(3) Кылмышка даярдангандыгы жана кылмыш далалаты үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалбайт.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

58-статья. Өнөкөт кылмыштар учурунда жаза белгилөө

(1) Өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн жаза белгилөөдө жасалган кылмыштардын саны, мүнөзү, оордугу жана кесепеттери, мурдагы жазанын түзөтүүчү таасирин жетишсиз кылган жагдайлар, ошондой эле жаңы кылмыштардын мүнөзү, оордугу жана кесепеттери эске алынат.
(2) Өнөкөт кылмыштар үчүн жазанын өлчөмү жасалган кылмыш үчүн каралган эң жогорку жазанын жарымынан, коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн - үчтөн экисинен, ал эми өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн төрттөн үчүнөн кем болбоого тийиш.
(3) Ушул Кодекстин 56-статьясында каралган өзгөчө жагдайлар болгондо өнөкөт кылмыштар үчүн жаза ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чектөөлөрдү эске албастан белгиленет.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

59-статья. Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө

(1) Кылмыштар жыйындысы боюнча сот ар бир кылмыш боюнча өзүнчө жаза белгилеп, ушул Кодекстин 49-статьясында белгиленген чектерде толук же жарым- жартылай кошуу жолу менен жазаны биротоло белгилейт.
(2) Сот негизги жазага, адам жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган кылмыштар үчүн белгиленген кошумча жазаларды кошуп кое алат.
(3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат.
(4) Эгерде иш боюнча өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адамдын, биринчи иш боюнча өкүм чыкканга чейин ал тарабынан жасалган башка кылмыш үчүн күнөөлүү экендиги айкындалса, жаза ушул эле эрежелер боюнча дайындалат. Мындай учурда жаза мөөнөтүнө биринчи өкүм боюнча өтөлгөн жаза кошулуп эсептелет.

(КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-статья. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөө

(1) Эгерде соттолгон адам өкүм чыгарылгандан кийин, бирок жазасын толук өтөгөнгө чейин жаңы кылмыш жасаса, сот акыркы өкүм боюнча белгиленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүн толугу менен же жарым- жартылай кошот.
(2) Эгерде өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза эркиндигинен ажыратууга караганда алда канча жеңил болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө
жазанын ушул түрү үчүн каралган эң жогорку мөөнөттөн жана өлчөмдөн ашпоого тийиш.
(3) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү акыркы жаза отуз жылдан ашпоого тийиш.
(4) Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча акыркы жаза жаңыдан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жазага караганда да, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн да жогору болууга тийиш.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

61-статья. Жазаларды кошуу жана кошуп эсептөө эрежелери

(1) Кылмыштардын жыйындысы жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды кошкондо эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө:
1) тартиптик аскердик бөлүктө кармоонун бир күнү;
2) эркиндикти чектөөнүн эки күнү;
3) түзөтүү жумуштарынын үч күнү;
4) коомдук жумуштардын он алты сааты туура келет.
(2) Алдын ала камоо сот тарабынан жазанын мөөнөтүнө кошулат. Мында болжолдуу камоонун бир күнү:
1) түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн төрт күнүнө;
2) түзөтүү жумуштары жана эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн, ошондой эле жатак - абакта кармоонун үч күнүнө;
3) жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоочу абакта, жалпы күчөтүлгөн же катаал тартиптеги түзөтүү абагында, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоонун эки күнүнө;
4) өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында, түрмөдө кармоонун бир күнүнө;
5) коомдук жумуштар түрүндөгү жазанын жыйырма саатына туура келет.
(3) Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй камагында кармалган убакыт эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын мөөнөтүнө эки күнү бир күнгө, түзөтүү жумуштары жана эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтүнө бир күнү бир күнгө, ал эми коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазанын мөөнөтүнө - үй камагында кармоонун бир күнү коомдук жумуштардын эки саатынын эсебинде кошуп эсептелинет.
(4) Алдын ала жана үй камагына камалган мезгилинде кылмыш жасагандан кийин мүчөсүнө зыян келтирүүгө жана оорумуш болууга байланышпаган себептер боюнча ооруп калган жана дарылоо мекемесинде болгон адамдын убакыты жазанын мөөнөтүнө кошуп эсептелинет.
Эскертүү. Алдын ала камоо - бул шектүүнү кармоо жана айыпкерди, соттолуучуну соттун өкүмү күчүнө киргенге чейинки камакка алуу мөөнөтү.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

62-статья. Жазанын мөөнөттөрүн эсептөө

(1) Жазанын мөөнөттөрү суткалар, айлар жана жылдар менен эсептелет. (2) Коомдук жумуштарга тартуунун мөөнөттөрү сааттар менен эсептелет.

63-статья. Шарттуу соттоо

(1) Эгерде сот эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык бөлүктө кармоо түрүндө жаза белгилөөдө жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен, жазаны өтөбөй эле, бирок анын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү шарттарында соттолгондун оңолушу мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда күнөөкөргө карата жазаны шарттуу колдонбоо жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде алар тарабынан белгиленген сынак мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам жаңы кылмыш жасабаса жана ага сот жүктөгөн милдеттерди аткарса, мындай учурда өкүм аткарылбайт.
(2) Шарттуу соттоо белгиленгенде мүлктү конфискациялоодон тышкары кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.
(3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейинки убакытка белгиленет.
(4) Сот шарттуу соттогондо, ага карата негиздер болгондо, соттолгон адамды белгилүү бир мөөнөттө келтирилген зыянды четтетүүгө, жумушка же окууга кирүүгө, жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин алмаштырбоого, иштеген же окуган жери өзгөрүлгөндүгү жөнүндө жазык-аткаруу инспекциясына маалымдоого, жазык-аткаруу инспекциясына катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип турууга, аларга маалымдабай туруп туруктуу жашаган жеринен кетпөөгө, белгилүү бир жерлерге барбоого, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин жашаган жеринде болууга, алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан жана жыныстык оорудан дарылануу курсунан өтүүгө милдеттендире алат. Сот шарттуу соттолгонго анын оңолушуна көмөктөшүүчү башка милдеттерди аткарууну да жүктөй алат.
(5) Шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү ички иштер органдарынын көмөгү алдында жазык-аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматындагыларга карата аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы жүзөгө ашырат.
(6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот шарттуу соттолгондун жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча, соттолгон адам үчүн мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же кошумчалашы мүмкүн.
(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыздардын жана жашы жете элек адамдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга, ушул Кодекстин 224, 225, 226 - 2266, 227, 232, 299 - 2993, 303-315 жана
375-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга карата шарттуу
соттоо колдонулбайт.

(8) (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012- жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126, 2016- жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

64-статья. Шарттуу соттоону жокко чыгаруу же сынак мөөнөтүн узартуу

(1) Эгерде сынак мөөнөтү бүткөнчө шарттуу соттолгон адам өзүнүн жүрүм- туруму менен өзүнүн оңолгондугун далилдесе, сот шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча шарттуу соттоону жокко чыгаруу жана соттолгондун соттуулугун алып салуу жөнүндө токтом чыгара алат. Мында шарттуу соттоо белгиленген сынак мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин жокко чыгарылышы мүмкүн.
(2) Эгерде шарттуу соттолгон адам ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан качса же коомдук тартипти бузса, ал үчүн ага администрациялык жаза берилсе, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча сынак мөөнөтүн узарта алат, бирок ал бир жылдан ашык болбоого тийиш.
(3) Шарттуу соттолгон адам сынак мөөнөтүнүн ичинде ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди дайыма же кыянаттык менен бузган учурда, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча шарттуу соттоону жокко чыгаруу жана соттун өкүмү менен белгиленген жазаны аткаруу жөнүндө токтом чыгара алат.
(4) Шарттуу соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза белгилейт. Мында сот шарттуу соттоону жокко чыгарат, алдын ала камакка алуудан башка, мурдагы өкүм боюнча жазаны өтөлө элек деп эсептейт.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV БӨЛҮМ

КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН ЖАНА ЖАЗАДАН БОШОТУУ

11-Глава

Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

65-статья. Кырдаалдын өзгөрүшүнөн же адамдын коомдук коркунучтуулугунун жоюлушунан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

Эгерде кырдаалдын өзгөрүүсүнөн улам чоң коркунуч келтирбеген жана биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган адамдын жосуну коомдук коркунучтуу мүнөзүн жоготту же ал адам коомго коркунучтуу болбой калды деп таанылса, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

66-статья. Жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде кылмыш- жаза жоопкерчилигинен бошотуу

(1) Чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабыр тартуучу менен элдешсе жана келтирилген зыянды жайгарса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
(2) Өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адам ушул статьянын 1-бөлүгү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жатпайт.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

66-1-статья. Кепилге өткөрүп берүү менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

(1) Эгерде иштин жагдайы боюнча адам тарабынан жасалган кылмыштын белгилерин камтыган жосун жана бул адамдын өзү коомчулукка чоң коркунуч болбосо, ошондой эле адам келтирилген материалдык чыгымды же залалды
четтетсе, анда кылмыш жасалган учурда ал иштеген (окуган) жердеги коомдук уюмдун, эмгек жамаатынын же билим берүү мекемесинин өтүнмөсү боюнча ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу жана кайра тарбиялоо жана оңоо үчүн өтүнмө берген коомдук уюмга, эмгек жамаатына же билим берүү мекемесине кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн.
(2) Билип туруп анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыш жасаган, бул үчүн алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган адам кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн.
(3) Мурда билип туруп кылмыш жасаганы үчүн соттолгон же мурда да кепилге берилген адамдын, ошондой эле ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315- статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдардын кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
Өзүн күнөөлүмүн деп эсептебеген же кандайдыр бир себептер менен иштин сотто каралышын талап кылган адамдын да кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
(4) Кылмыш жасаган адамды кепилге өткөрүп берип жатканда белгилүү бир жерлерге барууга тыюу салынышы же эс алуусуна чектөө коюлушу мүмкүн.
(5) Эгерде кепилге алынган адам бир жыл ичинде жаматтын ишеничин актабаса, жакшы жүрүм-туруму жана адал эмгеги менен өзүнүн оңолгонун далилдейм деген убадасын бузса же коомдук таасир тийгизүүдөн качуу максатында эмгек жамаатын таштап кетсе, анда аны кепилге алган коомдук уюм, эмгек жамааты же билим берүү мекемеси кепилдиктен баш тартуу тууралуу чечим чыгарат жана кылмыштын белгилери бар жосунду жасаганы үчүн кепилге өткөрүп берилген адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн бул чечимди прокуратурага же сотко жөнөтөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145,

2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

67-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши

(1) Эгерде кылмыш жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр:
1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин бир жыл;
2) анча оор эмес кылмыш жасалгандан кийин үч жыл;
3) оор кылмыш жасалгандан кийин жети жыл;
4) ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин он жылга.
(2) Эскирүү мөөнөтү кылмыш жасалган күндөн тартып жана соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурга чейин эсепке алынат.
(3) Адам жаны кылмыш жасаган учурда эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш боюнча өзүнчө эсепке алынат.
(4) Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качып жүрсө эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү адам кармалган учурдан же ал күнөөсүн мойнуна алып келгенден тартып кайра жаңыртылат.
(4-1) Эгерде иммунитетке ээ адамга карата жазык иши козголсо жана иммунитеттин болгонуна байланыштуу ал токтотулса, анда ушул учурда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.
(5) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасаган адамга карата эскирүү мөөнөттөрүн колдонуу жөнүндөгү маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот ага карата эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу колдонулбайт, эркиндигинен ажыратуу дайындалат.
(6) Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган, ошондой эле ушул Кодекстин 226 - 2266, 227, 232, 292, 294, 2951, 299 - 2993, 303- статьяларында жана 304-статьясынын 4-бөлүгүндө, 375-статьясында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.
(7) Жашы жетпегендерге карата инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү 15 жылды түзөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 64,

2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198, 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 62, 2016- жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-Глава

Жазадан бошотуу

68-статья. Адамдын коомго коркунучтуу болбой калышынан улам жазадан бошотуу

Эгерде кылмыш жасаган адам, кылмыш жасагандан кийин кынтыксыз жүрүм- турумунун жана эмгекке же окууга ак ниет мамилесинин натыйжасында коомго коркунуч келтирбей калды деп таанылса, ал соттун өкүмү боюнча жазадан бошотулушу мүмкүн.

69-статья. Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу

(1) Эгерде сот анын оңолушу үчүн сот дайындаган жазаны толук өтөөгө муктаж эмес деп тапса, эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөө түрүндө жазасын өтөп жаткан адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн. Мында адам кошумча жазадан толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
(2) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну колдонуу менен сот адамга ушул Кодекстин 63-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган милдеттерди жүктөшү мүмкүн, адам аларды жазанын өтөлбөй калган бөлүгү ичинде аткарууга тийиш.
(3) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу соттолгон адам иш жүзүндө:
1) анча чоң эмес жана анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн бирин, ал эми жабырлануучу менен жарашкан жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген учурда - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин;
2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын, ал эми жабырлануучу менен жарашканда жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген учурда - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен экисин өтөгөндөн кийин;
3) өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн;
(31) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу төмөнкү соттолгонго карата колдонулат:
1) эгерде мындай көз карандылык болсо, баңги жана (же) ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же болбосо кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;
2) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтургандан кийин.
4) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төртүн;
5) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандар жаза мөөнөтүнүн кеминде алтыдан бешин өтөгөндөн кийин гана колдонулушу мүмкүн.
(4) Адам үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны иш жүзүндө өтөөнүн мөөнөтү алты айдан кем болбоого тийиш.
(5) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан адам, эгерде сот тарабынан ал мындай жазаны андан ары өтөөгө муктаж эмес деп таанылса жана эркиндигинен ажыратуунун кеминде отуз жылын өтөсө, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн.
(6) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүү ички иштер органдарынын көмөгү алдында жазык-аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматындагыларга карата аскер бөлүгүндөр менен мекемелердин командачылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(7) Эгерде, жазанын өтөлбөй калган мөөнөтүнүн ичинде:
1) соттолгон адам коомдук тартипти бузса, ал үчүн ага администрациялык жаза берилсе, же мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну колдонууда ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан кыянаттык менен качса, сот ушул статьянын алтынчы бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын сунушу боюнча мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну бузуу жана жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн аткаруу жөнүндө токтом чыгарат;
2) соттолгон адам байкабастыктан кылмыш жасаса, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну бузуу же сактоо маселеси сот тарабынан чечилет.
3) соттолгон адам атайылап кылмыш жасаса, сот ага ушул Кодекстин 60- статьясында каралган эрежелер боюнча жаза колдонот. Эгерде сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгарса, байкабастан кылмыш жасаган учурда жаза ошол эле эрежелер боюнча дайындалат.
4) соттолгон жаңы кылмыш жасаса жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.
(8) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармалып турган, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөөгө соттолгондорго контроль жүргүзүүнүн мөөнөтү жаза мөөнөтүнүн өтөлбөгөн бөлүгүнө, ал эми өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган соттолгондорго - беш жылга барабар болот.
(81) Жаш балага жана жашы жетпегенге карата каршы кылмыш жасагандыгына байланыштуу жазасын өтөп жаткан адамга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуунун колдонулушу мүмкүн эмес.
9) Шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу жамааттын (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 226 - 2266, 227, 232, 294, 295-1, 299 - 2993 жана 375- статьяларда каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата колдонулбайт.
(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы кылмыш жасаган соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуш кылынбайт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 26-июлундагы № 141,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198, 2016- жылдын 2-августундагы № 162, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185, 2017- жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

70-статья. Жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу

(1) Чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо же кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөп жаткан адамга сот анын жазаны өтөө мезгилиндеги жүрүм-турумун эске алуу менен жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыра алат.
(2) Жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу соттолгон адам:
1) сот тарабынан анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмыш үчүн дайындалган мөөнөттүн кеминде төрттөн бирин;
2) сот тарабынан оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин иш жүзүндө өтөгөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.
(3) Жазанын өтөлө элек бөлүгүн алмаштырууда сот ушул Кодекстин 42- статьясында көрсөтүлгөн жазанын түрлөрүнө ылайык ушул Кодексте жазанын ар бир түрү үчүн каралган чектерде жазанын кыйла жеңил түрүнүн ар кандайын тандап алышы мүмкүн.
(4) Жазанын өтөлө элек бөлүгүн ушул Кодекстин 226 – 2266, 227, 232, 294, 295-
1, 299 - 2993 - жана 375-статьяларында каралган кылмыш жасагандыгы үчүн кыйла жеңил жаза менен алмаштырууга жол берилбейт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27,

2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

71-статья. Катуу оорусуна байланыштуу жазадан бошотуу

(1) Өкүм чыгарылгандан кийин өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан психикалык ооруга чалдыккан адам, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жазаны өтөөгө тосколдук кылуучу башка катуу ооруга чалдыккан адам, медициналык комиссиянын корутундусу боюнча жазаны өтөөдөн бошотулат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн адамдарга карата сот тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулушу мүмкүн.
(3) Эгерде мындай адамдар ушул Кодекстин 67-статьясында каралган, сот тарабынан медициналык мүнөздөгү чара колдонулган күндөн тартып эсептелген
эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейин сакайып кетишсе, аларды жазалоо аткарылышы мүмкүн.
(4) Дисциплинардык бөлүккө жөнөтүүгө соттолгон аскер кызматчылары, алар саламаттыгы жагынан аскердик кызматка жараксыз деп табылган учурда, жазаны өтөөдөн бошотулушат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

72-статья. Жаш балдары бар соттолгондордун жазаны өтөөсүн кийинкиге калтыруу

(1) Өзгөчө оор кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондон тышкары, соттолгон кош бойлуу аялга, он төрт жашка чейинки баласы бар аялга, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондон тышкары, он төрт жашка чейинки баласы бар жана жалгыз ата-энеси болуп саналган эркекке, сот жазаны өтөө мөөнөтүн бала он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырышы мүмкүн.
(2) Эгерде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондор баладан баш тартышса же жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган соттолгондор жүрүм- турумуна көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу орган билдирген эскертүүдөн кийин баланы тарбиялоо боюнча милдеттеринен качуусун уланта берсе, сот ошол органдын сунушу боюнча жазаны өтөөнү кийинкиге калтырууну жокко чыгара алат жана соттолгондорду жазаны өтөө үчүн соттун өкүмүнө ылайык дайындалган жерге жөнөтө алат.
(3) Бала он төрт жашка чыккандан кийин сот ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорду жазасын өтөөдөн бошотот же болбосо жазанын калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырат же жазанын калган бөлүгүн өтөө үчүн соттолгондорду тийиштүү мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(4) Эгерде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондор жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган мезгилде жаңы кылмыш жасаса, сот аларга ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза дайындайт.
Эскертүү. Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн эрежелери 1998-жылдын 1-январына чейин соттолгон адамдарга 1960-жылдын 29-декабрындагы редакция менен чыккан Кыргыз Республикасынын Уголовный кодексинин 41-1-статьясын колдонуу менен жайылтылат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73-статья. Айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтүнүн эскиришинен улам жазадан бошотуу

(1) Эгерде айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө:
1) эки жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттолгондо - эки жылда;
2) беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - төрт жылда;
3) он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - жети жылда;
4) он жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуудан кыйла катуу жазага соттолгондо - он жылда айыптоо өкүмү аткарылбаса, адам негизги жана кошумча жазадан бошотулат.
(2) Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотула турат. Мындай учурда адам кармалган же күнөөсүн мойнуна алып өзү келген учурдан тартып эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра башталат. Мында ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөттөрү эки эсеге көбөйөт, бирок ал он беш жылдан ашпоого тийиш.
(3) Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга карата эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.
(4) Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыш жасалганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-Глава

Мунапыс. Кечирим берүү. Соттуулук

74-статья. Мунапыс

(1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жеке аныкталбаган адамдар чөйрөсүнө карата мунапыс берүү жөнүндө акт чыгарат.
(2) Кылмыш жасаган адамдар мунапыс берүү жөнүндө актысы боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар жазадан бошотулушу, же аларга дайындалган жаза кыскартылышы же жазанын кыйла жеңил түрү менен алмаштырылышы мүмкүн, же болбосо мындай адамдар жазанын кошумча түрүнөн бошотулушу мүмкүн.

75-статья. Кечирим берүү

(1) Айрым жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кечирим берүү жүзөгө ашырылат.
(2) Кылмыш үчүн соттолгон адам кечирим берүү актысы боюнча андан ары жаза өтөөдөн бошотулушу же болбосо ага дайындалган жаза кыскартылышы же жазанын кыйла жеңил түрү менен алмаштырылышы мүмкүн.
(3) Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде кечирим берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

76-статья. Соттуулук

(1) Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып соттуулугу жоюлган же алынып салынган учурга чейин соттолгон деп эсептелет. Соттуулук ушул Кодекске ылайык өнөкөт кылмыштар учурунда жана жаза белгилөөдө эске алынат.
(2) Соттун өкүмү менен жазадан бошотулган адам соттолгон эмес деп эсептелет.
(3) Соттуулук:
1) шарттуу соттолгон адамдарга карата - сынак мөөнөтү бүткөндө;
2) эркиндигинен ажыратууга караганда жазанын кыйла жеңил түрлөрүнө соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн же жазаны аткаргандан кийин бир жыл өткөндө;
3) чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин үч жыл өткөндө;
4) анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин беш жыл өткөндө;
5) оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата
- жазаны өтөгөндөн кийин сегиз жыл өткөндө;
6) өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин он жыл өткөндө соттуулук жоюлат.
(3-1) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн негизги жазага айып түрүндө соттолгон адамдардын соттуулугу, жазасын толугу менен аткаргандан кийин ушул статьянын
3-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарына ылайык жоюлат.
(4) Эгерде соттолгон адам мыйзамда белгиленген тартипте жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулса же жазанын өтөлбөгөн бөлүгү жазанын кыйла жеңил түрү менен алмаштырылса, соттуулуктун жоюлушунун мөөнөтү жазанын өтөлгөн мөөнөтүнө таянуу менен жазанын негизги жана кошумча түрлөрүн өтөөдөн бошотулган учурдан тартып эсептелет.
(5) Эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат.
(6) Соттуулуктун жоюулушу же алынып салынышы соттуулукка байланышкан бардык укуктук кесепеттерди жокко чыгарат.

(КР 2004-жылдын 27-июлундагы № 101, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V БӨЛҮМ

ЖАШЫ ЖЕТПЕГЕНДЕРДИН КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

14-Глава

Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

77-статья. Жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилиги

(1) Кылмыш жасалган учурда он сегизге толбогон адамдар жашы жетпегендер деп табылат.
(2) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жаза берилет же болбосо тарбиялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн.

78-статья. Жашы жетпегендерге колдонулуучу жазанын түрлөрү

(1) Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазанын төмөнкүдөй түрлөрү гана колдонулушу мүмкүн:
1) коомдук жумуштар;
2) айып;

3) (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) эркиндигин чектөө;
6) эркиндигинен ажыратуу.
(2) Эгерде жашы жетпеген соттолгонго шарттуу соттоо дайындалса, сыноо мөөнөтүнүн ичинде анча оор эмес жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана айыптуунун инсандыгын эске алуу менен жаңы сыноо мөөнөтүн белгилеп жана ушул Кодекстин 63-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган белгилүү милдеттерди аткарууну шарттуу соттолгондун мойнуна жүктөп, шарттуу соттоо жөнүндө кайрадан чечим кабыл алалат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

79-статья. Жашы жетпегенге жаза белгилөө

(1) Жашы жетпегенге жаза белгилөөдө ушул Кодекстин 53-статьясында каралган жагдайлардан тышкары, анын турмушу менен тарбия шарттары, психикалык өнүгүшүнүн деңгээли, инсандык башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ага жашы улуулардын таасири эске алынат.
(2) Жеңилдетүүчү жагдай катары жашы жете элек курак жеңилдетүүчү жана оордотуучу башка жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.

80-статья. Жашы жетпегендерге дайындалуучу коомдук жумуштар

Коомдук жумуштар кырк сааттан жүз жыйырма саатка чейинки мөөнөткө дайындалат, жашы жетпегендин колунан келе турган жумуштарды аткарууну билдирет жана ал аны окуудан же негизги ишинен бош убакта аткарат. Жазанын мындай түрүн он төрт жаштан он алты жашка чейинки курактагы адамдардын аткаруусунун узактыгы бир күндө эки сааттан, ал эми он алтыдан он сегиз жашка чейинки адамдарга бир күндө - үч сааттан ашпоосу тийиш.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

80-1-статья. Жашы жетпегенге дайындалуучу айып

(1) Айып он алты жашка чыккан жашы жетпегенге карата колдонулат. Айып жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө белгиленет.
(2) Айып жашы жетпеген соттолгон адамдын өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алууга айландырыла турган мүлкү болгондо гана дайындалат.
Жашы жетпегенге дайындалган айып соттун чечими боюнча анын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан төлөнүшү мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

80-2-статья. Жашы жетпеген адамга дайындалуучу түзөтүү жумуштары

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

80-3-статья. Жашы жетпегендин эркиндигин чектөө

Анча чоң эмес же анчейин оор эмес кылмыш жасаган он алты жашка чейинки жашы жетпегенге алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө, он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагыларга - бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө дайындалат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

81-статья. Жашы жетпегенди камакка алуу

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

82-статья. Жашы жетпегенге эркиндигинен ажыратууну белгилөө

(1) Он сегиз жашка чыкканга чейин кылмыш жасаган адамды эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү төмөндөгүдөн ашпайт:
1) анча чоң эмес кылмыш үчүн - бир жылдан;
2) анчейин оор эмес кылмыштар үчүн - үч жылдан;
3) оор кылмыш үчүн -беш жылдан;
4) өзгөчө оор кылмыш үчүн - он жылдан.
(2) Кылмыштар же өкүмдөр жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш.
(3) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейин чоң
коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жете элек соттолгон адамга, ошондой эле чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды биринчи жолу жасаган калган жашы жетпеген адамдарга дайындалышы мүмкүн эмес.

(4) (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(5) Өкүм чыгарылган учурда он сегизге чыга элек жашы жетпегендерге эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялык абактарда өтөө белгиленет.
(6) Тарбиялык абактарда жаза өтөө:
1) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон, жашы жетпеген эркек балдарга, ошондой эле жашы жетпеген кыздарга - жалпы тартиптеги абактарда;
2) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн, жашы жетпеген эркек балдарга, - күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөө белгиленет.
(7) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук деңгээлине, күнөөкөрдүн инсандыгына жана иштин башка жагдайларына жараша сот тарабынан кабыл алынган чечимдин жүйөлөрүн көрсөтүү менен соттолгон жашы жетпеген эркек балдарга эркиндигинен ажыратууну - жалпы тартиптеги тарбиялык абактарда өтөө белгилениши мүмкүн.
(8) Он төрттөн он алты жашка чейинки курагында соттолгон жашы жетпеген адамга оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындаганда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган жазанын төмөнкү чеги жарымына кыскартылат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

83-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чаралары

(1) Эгерде, анын оңолуп-түзөлүшүнө тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жетишүүгө мүмкүн деп табылса, биринчи жолу чоң коркунуч келтирилбеген кылмыш, же анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетпеген өспүрүм кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.
(2) Жашы жетпеген өспүрүмгө төмөндөгүдөй мажбурлоо чаралары:
1) эскертүү;
2) ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын, же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көзөмөлүнө берүү;
3) жашы жетпеген өспүрүмдүн бош убактысын чектөө жана жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды белгилөө дайындалышы мүмкүн.
(3) Жашы жетпеген өспүрүмгө бир эле мезгилде тарбиялык таасир тийгизүүчү бир нече мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган тарбиялык таасир берүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасаганда бир айдан эки жылга чейинки узактыкта жана анчейин оор эмес кылмыш жасаганда - алты айдан үч жылга чейин белгиленет.
(4) Жашы жетпеген өспүрүм тарабынан тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын аткарбоо үргүлжүкө айланган учурда, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын сунушу боюнча бул чара бузулат жана материалдар жашы жетпегенди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн жөнөтүлөт.

(КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2007-жылдын 25-июнундагы №

91, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

84-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларынын мазмуну

(1) Эскертүү - жашы жетпегенге анын жосуну келтирген зыянды жана ушул Кодексте каралган кылмыштарды кайталап жасоонун кесепеттерин түшүндүрүүнү билдирет.
(2) Көзөмөлгө берүү ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, же болбосо ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясына же жашы жете электердин иштери боюнча комиссияга жашы жетпегенге тарбиялык таасир берүү жана анын жүрүм-турумуна контролдук кылуу милдеттерин жүктөөнү билдирет.
(3) Жашы жетпегендин бош убактысын чектөөдө жана жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды белгилөөдө белгилүү жерлерге барууга, эс алуунун белгилүү түрлөрүн, анын ичинде механикалык транспорт каражаттарын башкарууга байланышкан түрлөрүн пайдаланууга тыюу салууну, сутканын белгилүү убактысынан кийин үйдөн сыртта болууну, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын уруксатысыз башка жерге барууну чектөө каралышы мүмкүн. Жашы жетпегенге ошондой эле билим берүү мекемесине кайтып келүү же болбосо жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын жардамы менен ишке орношуу талабы коюлушу мүмкүн.
Бул тизме толук тизме болуп эсептелбейт.

85-статья. Жашы жетпегенди жазадан бошотуу

(1) Чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген, ушул Кодекстин 83-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу менен сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн.
(2) Эгерде анча оор эмес кылмыш жасоо үчүн соттолгон жашы жетпеген өспүрүмдү жашы жетпегендер үчүн атайын тарбиялоо же дарылоо-тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу жолу менен жазалоонун максатына жетишүүгө мүмкүн деп табылса, ал сот тарабынан жазадан бошотулушу мүмкүн. Мында көрсөтүлгөн мекемеде болуунун мөөнөтү жашы жетпеген өспүрүм жасаган кылмыш үчүн ушул Кодексте каралган эң чоң жазанын мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

86-статья. Жашы жетпегенди мажбурлоо чараларын колдонуу менен жоопкерчиликтен же жазадан бошотуу

(1) Эгерде жасалган кылмыштын мүнөзүн, айыпкердин инсанын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен жаза колдонбой эле анын оңолуп-түзөлүшү мүмкүн болсо, сот материалдарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берүү менен чоң коркунуч келтирбеген кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жетпегенди жоопкерчиликтен бошотушу мүмкүн.
(2) Биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасаган жашы жетпегенге карата, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер болсо, сот аны жазадан жана мажбурлоо чараларын колдонуудан бошото алат.
(3) Жашы жетпеген жаш курактык жагынан өнүгүүдө олуттуу артта калып, жасаган жосундун маанисин толук ченемде аңдап билүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган болсо, сот жазанын ордуна мажбурлоочу чараларды колдоно алат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

87-статья. Жашы жетпегенди жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу

Эркиндигинен ажыратуу, коомдук жумуштар жана эркиндигин чектөө түрүндө жаза өтөп жаткан жашы жетпегендерге жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

87-1-статья. Жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

88-статья. Эскирүү мөөнөттөрүнүн өтүшүнө байланыштуу жашы жетпегенди кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу

Жашы жетпеген куракта кылмыш жасаган адамдарды эскирүү мөөнөттөрүнүн өтүшүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу, жетилген куракта кылмыш жасаган адамдар үчүн каралгандан эки эсе аз мөөнөттөрдү колдонуу менен жүргүзүлөт.

89-статья. Жашы жетпеген куракта соттолгондордун соттуулугун жоюу

Он сегиз жашка чыкканга чейин кылмыш жасаган адамдар үчүн ушул Кодекстин 76-статьясында каралган соттуулугун жоюунун мөөнөттөрү кыскартылат жана тийиштүүлүгүнө жараша:
1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууну өтөгөндөн кийин эки жылга;
2) анча оор эмес кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууну өтөгөндөн кийин үч жылга;
3) оор кылмыш үчүн жазаны өтөгөндөн кийин - беш жылга;
4) өзгөчө оор кылмыш үчүн жазаны өтөгөндөн кийин - жети жылга барабар болот.

VI БӨЛҮМ

МЕДИЦИНАЛЫК МҮНӨЗДӨГҮ МАЖБУРЛООЧУ ЖАНА БАШКА ЧАРАЛАР

15-Глава

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар

90-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу жана башка чаралар

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан коомдук коркунучтуу жосун жасаган акыл-эси ордунда эмес адамдарга карата, дарылоо жана бул адамдар тарабынан жаңы коомдук коркунучтуу жосундардын жасалышынын алдын алуу максатында белгилениши мүмкүн.
(2) Сот тарабынан жаза берүү менен катар, аракечтиктен, баңгиликтен же токсикоманиядан жапа чеккен соттолгон адамдарга карата, дарылоо максатында жана жазанын максатына жетишүүгө көмөк берүүчү шарттарды түзүү максатында медициналык чаралар белгилениши мүмкүн.

91-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу

Акыл-эси ордунда эмес абалда коомдук коркунучтуу жосундар жасаган, же ушундай жосундарды акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүм чыгарганга чейин же жазаны өтөө убагында, аларды өз аракеттерине жооп берүү же аларды башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан жан оорусу менен ооруп калган адамдарга карата, сот тарабынан саламаттык сактоо органдарынын мекемелери жүзөгө ашыруучу медициналык мүнөздөгү төмөндөгүдөй мажбурлоо чаралары:
1) милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо
(мажбурлап диспансерлештирүү);
2) катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу;
3) күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу;
4) катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканага жайгаштыруу колдонулушу мүмкүн.

92-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын белгилөөнүн негиздери

(1) Милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөбөгөн психикалык оорулууларга, ошондой эле психикасы бузулган оорудан сакайган адамдарга карата, активдүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөт алышын жана жаңы коомдук коркунучтуу жосундардын алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
(2) Катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу жосунунун мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулууга карата белгилениши мүмкүн.
(3) Күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо, граждандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган коомдук коркунучтуу жосун жасаган жана психикалык абалы боюнча айлана- тегерегиндегилерге коркунуч келтирбеген, бирок ооруканада кармоого жана
күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү шарттарында дарылоого муктаж болгон психикалык оорулууга белгилениши мүмкүн.
(4) Катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо, психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу жосунунун мүнөзү боюнча коом үчүн өзгөчө коркунуч келтирген жана катуу байкоо жүргүзүү шарттарында ооруканада кармоого муктаж болгон психикалык оорулууга белгилениши мүмкүн.
(5) Күчөтүлгөн жана катуу байкоо жүргүзүүчү психиатриялык ооруканаларга жайгаштырылган адамдар, алардын жаңы коомдук коркунучтуу жосунду жасашына мүмкүнчүлүк бербеген шарттарда кармалышат.

93-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү жана токтотуу

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү жана токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
(2) Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү чаралар белгиленген адамдар, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында иш козгоонун мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн кеминде алты айда бир жолу врач психиатрлардын комиссиясында каралып, алардын күбөлөндүрүүсүнөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү чараны өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздер болбосо врач-психиатрлардын комиссиясы бул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал корутунду дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан жылына кеминде бир жолу кароо үчүн сотко жөнөтүлүп турат.

94-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө

Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, аны өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыраткан психикасы бузулган ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттеринин маанисин түшүнүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтө элек болсо же аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер жок болсо сот тарабынан жаза белгилениши мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда болгон бир күн эркиндигинен ажыратуунун бир күнү эсебинде жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

95-статья. Акыл-эсинен ажырабаган, психикасы бузулган деп таанылган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү чаралар колдонуу

Эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана акыл-эсинен ажырабаган, психикасы бузулган деп таанылган адамдарга карата колдонулуучу медициналык мүнөздөгү чаралар врач-психиатрдын амбулатордук байкоо жүргүзүүсүн, психиатриялык стационарда дарылоону, ошондой эле жаза өтөө убагында психикалык- терапиялык жана психикалык-коррекциялык чараларды жүргүзүүгө көмөк берүүчү шарттарды түзүүнү камтыйт. Стационардык дарылоо адамдын психикалык абалы начарлап өзгөргөн учурда врач-психиатрдын сунушу менен жүргүзүлөт. Аларга эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза белгиленгенде, дарылоо жалпы негизде жүргүзүлөт.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

96-статья. Аракечтиктен, баңгиликтен же токсикоманиядан, туберкулездон, жыныстык дарттан жана ВИЧ-жугуш оорусунан жапа чеккен адамдарга карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу

(1) Аракечтиктен, баңгиликтен, токсикоманиядан, туберкулездон, жыныстык дарттан жана ВИЧ-жугуш оорусунан жапа чекккен адамдар кылмыш жасаган учурда, медициналык корутунду болсо сот жазалоо менен катар аларга медициналык мүнөздөгү чараларды белгилеши мүмкүн.
(2) Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалоо чараларына соттолгон, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарыланууга тийиш. Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда алар жазасын өтөгөн жерде, ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу зарыл болгон учурларда, медициналык мекемелерде дарыланууга алынууга тийиш.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК VII БӨЛҮМ

ИНСАНГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

16-Глава

Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар

97-статья. Киши өлтүрүү

(1) Киши өлтүргөндө, атайылап башка кишинин өмүрүн кыйганда, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Киши өлтүрүү:
1) эки же андан ашык адамды;
2) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялды;
3) күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү;
4) өзүнүн кызматтык ишин же коомдук парзын жүзөгө ашырып жүргөн адамды же анын жакындарын;
5) көптөгөн адамдардын өмүрү үчүн коркунучтуу ыкма менен;
6) өзгөчө мыкаачылык менен;
7) зордуктоо же жыныстык кумарын башка түрдө күч колдонуп канааттандыруу менен коштолгондо;
8) пайда табуу максатында же жалданып, ошого тете каракчылык, опузалап талап кылуу же бандитчилик менен коштолгондо;
9) улуттар аралык, расалык, же болбосо диний көрө албастык же касташуу негизинде;
10) хулигандык максаттарда;
11) адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолгондо;
12) жабырлануучунун бир мүчөсүн же денесинин башка жерин пайдалануу максатында;
13) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында;
14) адамдардын тобу тарабынан;
15) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
16) уюшкан кылмыштуу топ же кылмыштуу шериктик тарабынан жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан өмүр бою эркиндигинен ажыратууга тартылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

98-статья. Ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү

(1) Жабырлануучу тараптан болгон укукка жат зомбулук көрсөтүү же катуу мазактоо, жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен, ошого тете жабырлануучунун үзгүлтүксүз укукка жат же моралга туура келбеген жүрүш- турушунан улам узак убакыт бою психикасын бузган жагдайга байланыштуу капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалда (аффект) киши өлтүргөндө, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалда эки же андан ашык кишини өлтүргөндө, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

99-статья. Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып же болбосо кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүрүү

Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып киши өлтүргөндө, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүргөндө, -
үч жылга эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

100-статья. Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү

Жаңы төрөлгөн бала энеси тарабынан төрөт маалында же төрөттөн кийин дароо өлтүрүлгөндө, ошого тете жаңы төрөлгөн бала энеси тарабынан акыл-эси ордунда туруп өтө кызууланган жагдайдын шарттарында же психикасы бузулган абалда өлтүрүлгөндө,-
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

101-статья. Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу

(1) Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылганда,-
бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбоонун кесепетинен өлүмгө дуушар кылганда, ошого тете байкабастыктан эки же андан ашык кишини өлүмгө дуушар кылганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

102-статья. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

(1) Коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын дайыма кемсинтүү аркылуу адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткиргенде,-
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды
болгон жаш балага же болбосо адамга карата жасалганда, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

103-статья. Өзүн өлтүрүүгө түрткү берүү

Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү, көндүрүү, алдоо же башка жол менен экинчи бир адамда өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечимди пайда кылганда, эгерде бул адам өзүн өлтүрсө же өлтүрүүгө аракет кылса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

104-статья. Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү

(1) Саламаттыкка, өмүргө коркунуч келтирген же көрбөй, сүйлөбөй, укпай калууга же кайсы бир мүчөсүнөн ажыратууга же дененин бир мүчөсүнүн иштебей калышына, психикалык дартка чалдыгышына же саламаттыгынын башка бузулушуна алып келген оор залал келтирилгенде, бул эмгекке жарамдуулугунун үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен коштолгондо же боюнан түшүүгө, же болбосо бети, башына өчпөс так салууга алып келгенде, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) кош бойлуу экендиги айыпкерге белгилүү болгон аялга карата;
2) өзүнүн кызматтык же коомдук парзын аткарган адамга же анын жакындарына карата;
3) кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен;
4) пайда табуу максатында, ошого тете жалданып жасалганда;
5) хулигандык максаттарда;
6) уурдалган же барымтага алынган адамга карата жасалганда;
7) жабырлануучунун бир мүчөсүн же денесинин бир жерин алуу максатында;
8) башка кылмышты жасоону жеңилдетүү максатында;
9) адамдардын тобу тарабынан;
10) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -
11) алсыз абалда экендиги күнөөлүүгө белгилүү болгон адамга же жаш балага карата жасалганда, -
алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ушул эле
жосундар:
1) эки же андан ашык адамга карата;
2) өзгөчө мыкаачылык менен;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
4) мурда ушул Кодекстин 97-статьясында каралган киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -
сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

105-статья. Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү

(1) Саламаттыкка атайылап өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин
104-статьясында каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок саламаттыктын узакка начарлашына же эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген анча оор эмес залал келтирилгенде, -
эки жүз элүүдөн үч жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жүздөн төрт жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен көпчүлүк алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) эки же андан ашык адамга карата;
2) кызматтык ишин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамга же анын жакындарына карата;
3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга же жаш балага карата;
4) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;
5) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
6) хулигандык максаттарда;
7) мурда жабырлануучунун саламаттыгына атайылап оор залал келтирген же ушул Кодекстин 97-статьясында каралгандай киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -
төрт жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151,

2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

106-статья. Ачууга өтө алдырган абалда саламаттыкка атайылап оор залал же анча оор эмес залал келтирүү

Жабырлануучу тараптан болгон укукка жат зомбулук көрсөтүү же катуу мазактоо, жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен, ошого тете жабырлануучунун дайыма укукка жат же моралга туура келбеген жүрүш- турушунан улам узак убакыт бою психикасын бузуунун натыйжасында капысынан чыккан ачууга өтө алдырган абалда саламаттыкка атайылап оор залал же анча оор эмес залал келтирилгенде, -
эки жүздөн эки жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же жүздөн жүз элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

107-статья. Аргасыз коргонуунун чегинен чыгып саламаттыкка атайылап оор залал же анча оор эмес залал келтирүү

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

108-статья. Кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып саламаттыкка атайылап оор залал же анча оор эмес залал келтирүү

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

109-статья. Байкабастыктан саламаттыкка оор же анча оор эмес залал келтирүү

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

110-статья. Уруп-сабоо

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

111-статья. Кыйноо

(1) Такай уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен азап- тозокко салганда, эгерде бул ушул Кодекстин 104, 105-статьяларында көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келбесе, -
элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) эки же андан ашык адамга карата;
2) өзүнүн кызматтык ишин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамга же анын жакындарына карата;
3) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
4) жашы жете элек экендиги же күнөөлүү үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон же болбосо айыпкерге материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, ошого тете уурдалган же болбосо барымтага алынган адамга карата;
5) кыйноого салуу менен;
6) адамдардын тобу тарабынан;
7) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
8) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
9) жалданып жасалганда, -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

112-статья. Саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү

(1) Саламаттыкка жеңил залал келтирилгенде, бул саламаттыктын кыска убакытка бузулушуна же эмгекке жарамдуулугун утурумдук жоготууга алып келсе,
-
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) (Бөлүк КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

113-статья. Өлтүрөм деп коркутуу

Өлтүрөм деп коркутуу, бул коркутуунун жүзөгө ашырылышынан коркууга жетиштүү негиздер болгондо төмөндөгүлөр тарабынан жасалганда:
1) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тарабынан же анын кызыкчылыгында жасалса;
2) өзүнүн кызматтык же жарандык парзын аткаруусуна байланыштуу адамга же анын жакын туугандарына карата жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

114-статья. Трансплантациялоо үчүн адамдын мүчөлөрүн же денесинин бир жерин кесип алууга мажбурлоо

(1) Трансплантациялоо үчүн адамды анын же жакындарынын мүчөлөрүн же денесинин бир жерин кесип алууга мажбурлаганда, бул зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен же алдоо жолу менен жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар күнөөлүү адамга материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

115-статья. Трансплантациялоо боюнча операция жүргүзүү эрежелерин бузуу

(1) Адамдын мүчөлөрүн жана (же) дененин бир жерин алуунун мыйзамдарда белгиленген шарттары жана тартиби же болбосо трансплантациялоо шарттары жана тартиби бузулганда, бул байкабастыктан реципиенттин саламаттыгына оор же анча оор эмес залал келтиргенде, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен белгилүү бир кызматты ээлөөгө же үч жылга чейин белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар байкабастыктан реципиенттин өлүмүнө алып келсе, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же беш жылга чейинки
мөөнөткө эркинен ажыратуу менен белгилүү бир кызматты ээлөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

116-статья. Мыйзамсыз боюнан түшүрүү

(1) Тиешелүү багыттагы жогорку медициналык билими бар адам мыйзамсыз түрдө бирөөнүн боюнан түшүргөндө, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.
(2) Тиешелүү багыттагы жогорку медициналык билими жок адам мыйзамсыз түрдө бирөөнүн боюнан түшүргөндө, -
жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар байкабастыктан жабыр тартуучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен белгилүү бир кызматты ээлөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

117-статья. ВИЧ-инфекциясын жуктуруу

(1) Билип туруп башка адамды ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучуна туш кылганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Өзүндө ал оорунун бар экендигин билген адам ВИЧ-инфекциясын башка адамга жуктурганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан ашык
адамга же болбосо жашы жетпегенге карата жасалганда, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаганынын кесепетинен ВИЧ-инфекциясы башка адамга жукканда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам, эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого ыктыярдуу макул болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

118-статья. Жыныстык ооруну жуктуруу

(1) Жыныстык оорусу бар экендигин билген адам аны башка адамга жуктурганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар мурда жыныстык ооруну жуктургандыгы үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, ошого тете эки же андан ашык адамга же жашы жетпегенге жуктурулганда, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

119-статья. Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы

(1) Медициналык кызматкер өзүнүн кесиптик милдетин аткарбаганда же талапка ылайык аткарбаганда, бул саламаттыктын узак убакытка бузулушуна алып келгенде, эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин туруктуу түрдө жоготуу менен коштолгондо, -
беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат же эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнөн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат.
(2) Ошол эле жосундар жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

120-статья. Оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуу

Медициналык кызматкер оор абалда жаткан оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтоткондо, ушунун натыйжасында оорулуу оор абалга дуушар болсо, -
жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 230

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

121-статья. Коркунуч абалда калтыруу

(1) Жаштыгына, карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамды анын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу абалда жардам бербестен, атайылап таштап кеткенде, эгерде айыпкердин жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо жана ал жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү болсо же болбосо өзү анын өмүрү үчүн коркунучтуу абалга алып келсе, -
жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

122-статья. Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу

(1) Мыйзамсыз дарыгерлик кылганда, эгерде бул саламаттыктын узак убакыт начарлашына же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Атайын уруксаты бар адам дарыгерликти талапка ылайык жүргүзбөгөндө, бул ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кесепеттерге алып келгенде, -
жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-Глава Инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар

123-статья. Адамды уурдоо

(1) Адамды анын эркине койбостон уурдап кетүү, алдоо, болбосо дагы башка жол менен же адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтүү менен ушул Кодекстин 227-статьясында каралган кылмыштын
белгилерин жасабастан, аны туруктуу же убактылуу жашап турган жеринен алып кетип же аны баштагы турган жеринен айырмаланган жерде кармап туруу, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен;
3) курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу;
4) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата;
5) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
6) эки же андан ашык адамга карата;
7) пайда табуу максатында жасалганда, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган
жосундар акча алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктан жаш балага
(кызга) карата, же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса же болбосо байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде уурдаган адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Он төрт жашка толо элек адам жаш бала (кыз) деп эсептелет.

(КР 2002-жылдын 8-июлундагы № 115, 2003-жылдын 9-августундагы № 193,

2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы

№ 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

124-статья. Адамдарды сатуу

(1) адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же болбосо башка пайда та-
буу максатында адамды жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатып алуу-сатуу же мажбурлоо, шантаж, алдамчылык, алдоо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган анын макулдугу менен же макулдугусуз жасалган башка мыйзамсыз бүтүм,-
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) бир нече адамга карата;
2) жашы жетпегендерге карата;

3) (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу тарабынан;
5) бийликти кыянаттык менен же кызмат абалынан пайдалануу жолу менен;
6) күнөөлүү адамга материалдык же дагы башка жагынан көз каранды болгон адамга карата;
7) адамды чет өлкөгө мыйзамсыз алып кетүүгө же чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келүүгө байланыштуу;
8) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же аны колдонуу менен жасалганда;
9) жасалма документтерди пайдалануу менен, ага тете эле жабырлануучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу же болбосо жок кылуу менен,-
мүлкүн конфискациялоо менен сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(3) ошол эле жосун:
1) трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;
2) коркутуу же адам өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зордук- зомбулук колдонуу менен;
3) күнөөлүү адам үчүн кош бойлуулугу белгилүү болгон аялга карата;
4) жашы жетпегенге карата;
5) курал-жарак же болбосо курал-жарак катары пайдаланылган нерселерди колдонуу менен;
6) көптөгөн адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучтуу ыкма менен жасалса;
7) байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе;
8) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Адамды кылмыштуу ишке тартуу, сойкулукка же сексуалдык иштин башка түрлөрүнө, мажбурлаган эмгекке же кызмат көрсөтүүлөргө, кулчулукка мажбурлоо, коммерциялык максаттарда асырап алуу (баланы же кызды), куралдуу кагылыштарга пайдалануу эксплуатациялоо катары түшүнүлөт.
Адамдарды соодалоонун курмандыгы болуп калган адам, эгерде ал адамдарды соодалоо процессин уюштуруучуларды, аткаруучуларды жана кошо аткаруучуларды табууда жана жазык жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, жазык укук бузуусуна жаткан аракеттерди жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2006-жылдын 5-январындагы № 1,

2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2011- жылдын 10-ноябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

125-статья. Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу

(1) Кызматтык кылмыштын белгилерин көрсөтпөстөн, адамды зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен;
3) курал же башка курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу менен;
4) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон балага карата;
5) эки же андан ашык адамга карата;
6) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата жасалганда, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган
жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса же байкабастыктан
жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

125-1-статья. Эмгекти мажбурлоо менен пайдалануу (кулчулук эмгек)

(1) Адам ага карата менчик укугуна таандык аракеттердин колдонулушунан улам өзүнө көз каранды болбогон себептер боюнча баш тарта албаган иштерди (кулчулук эмгек) аткаруу үчүн адам эмгегин мажбурлоо менен пайдалануу,-
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун:
1) эки же андан ашык адамдарга карата;
2) жашы жетпегенге карата;
3) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;
4) коркутуп-үркүтүү, зомбулук же аны колдонуу коркунучу менен;
5) жабыр тарткандын инсандыгын ырастаган документтерин алып коюу, жашыруу же болбосо жок кылуу менен жасалганда,-
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү менен каралган жосун:
1) билип туруп жаш балага карата.
2) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү, башка оор кесепеттерге же жабырлануучунун өлүмүнө алып келген;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда,-
жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

126-статья. Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу

(1) Адам психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткырылганда, -
эки жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалганда же болбосо байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келгенде, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

127-статья. Ушактоо

(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

128-статья. Мазактоо

(КР 2015-жылдын 10-мартындагы № 53 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

18-Глава

Инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар

129-статья. Зордуктоо

(1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдарга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу менен жабырлануучунун каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Зордуктоо:
1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда;
2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда;
5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Зордуктоо:
1) жашы жете электерге карата жасалганда;
2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн
билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктиктин) мүчөсү тарабынан жасалганда;
4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;
5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле аракеттер жаш балдарга карата жасалганда, -
жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган башка оор кесепеттер деп: жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, анын психикасынын бузулушун, күнөөлүү адам тарабынан жабырлануучунун ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (жасалган зордуктоонун натыйжасында боюнда болуп калууну, жатындын тышына боюна бүтүп калууну, боюнан түшүүнү, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн жоготууну, жыныстык катышуу мүмкүнчүлүгүн жоготууну же бала төрөөнү), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек.
Он сегиз жашка толо элек адам жашы жете элек болуп эсептелет. Ал эми он төрт жашка толо элек жаш бала болуп эсептелет.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

(1) Жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен бачабаздык, лесбиянчылык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер жасалганда, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) ушул главанын статьяларында каралган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди мурда жасаган адам тарабынан жасалганда;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) өлтүрөм деп коркутуу же саламаттыгына оор залал келтирүү менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга карата өзгөчө катаалдык менен жасалганда;
5) жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде;

6) (КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:
1) жашы жете элек адамга карата жасалса;
2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктиктин) мүчөсү тарабынан жасалганда;
4) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе;
5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, -
жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

131-статья. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

(1) Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) жашы жете элек адамга карата жасалса;
2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
үч жылга чейин окутуучулук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, -
үч жылга чейин педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

132-статья. Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо

Он алты жашка толо элек экендиги белгилүү болгон адам менен он сегиз жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо, бачабаздык же лесбиянчылык кылганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

133-статья. Ыплас аракеттер

(1) Он сегиз жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар жаш адамдарга карата жасалганда, -
үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-Глава

Адамдын жана граждандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар

134-статья. Граждандардын тең укуктуулугун бузуу

(1) Жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк же кызматтык абалына, жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандык болгондугуна карата адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери тикелей же кыйыр түрдө бузулганда, бул граждандын мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылдык мөөнөткө чейин түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

135-статья. Адамдын жеке турмушунун кол тийгистигин бузуу

(1) Башка адамдын макулдугусуз анын жеке же үй-бүлөлүк сырын түзгөн жеке турмушу жөнүндө маалыматтарды жайылтуу максатында мыйзамсыз түрдө чогултканда, же мындай маалыматтарды ачык сүйлөө, ачык коюлган чыгармада же массалык маалымат каражаттарында жайылтканда, бул жабырлануучунун укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына зыян келтиргенде, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат.
(2) Ошол эле жосундар кызмат абалынан пайдалануу менен жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

136-статья. Кат жазышуулардын, телефондо жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугун бузуу

(1) Жарандардын кат жазышууларынын, телефондо жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграф, электрондук же башка билдирүүлөрүнүн жашырындуулугу бузулганда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар кызматтык абалынан пайдалануу менен же маалыматтарды билдирбей алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат.
(3) Маалыматтарды билдирбей алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүргөндө, сатканда же сатуу үчүн алганда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

137-статья. Турак-жайдын кол тийгистигин бузуу

(1) Турак-жайда жашаган же мыйзамдуу негиздерде убактылуу турган адамдын каалоосуна каршы ага мыйзамсыз кирип барганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.
(2) Ошол эле жосундар зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьяларында ага жашоочу жана жашабоочу жайлар кирген жеке турак үй, менчиктин түрүнө карабастан турак-жай фондуна кирген жана туруктуу жашоо үчүн жарактуу турак- жайлар, ага тете турак-жай фондуна кирбеген, бирок убактылуу жашоо үчүн арналган башка жай же курулма турак-жай деп түшүнүлөт.
Турак-жайга ошондой эле мыйзамдуу негиздерде убактылуу турган орун кирет.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы № 99, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2015-жылдын 27-февралындагы № 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

138-статья. Гражданга маалымат берүүдөн баш тартуу

Граждандын укуктарына жана эркиндиктерине түздөн-түз тиешеси бар, белгиленген тартипте чогултулган документтерди жана материалдарды берүүдөн кызмат адамынын укукка ылайыксыз баш тартышы, же гражданга атайылап толук эмес же жалган маалымат бериши, эгерде бул жосундар граждандын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына олуттуу зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат.

139-статья. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу

(1) Гражданиндин өзүнүн шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укуктарын эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн купуялуулугун сырын бузуу, ошондой эле аларга өз милдеттерин аткарууларына байланыштуу шайлоо комиссияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын же шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ишине тоскоолдук кылуу -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Кызмат орундук же кызматтык абалды пайдалануу менен шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын шайлоо жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына, анын чечимине таасир этүү максаты менен кийлигишүүсү, алып айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын саноо маселелери боюнча жана шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын гана компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча талаптары же көрсөтмөлөрү -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар:
1) алдоо, мажбурлоо, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолгондо;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда;
3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалганда;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин айып салууга же белгилүү кызмат орундарын ээлөө укугунан же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейин ажыратууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

140-статья. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

(1) Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын добуштарын акча каражаттарын төлөө же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызмат ордун же башка убайларды алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алуу -
эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салууга же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка
шайланма органдарына талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары тарабынан жасалган ошол эле аракет -
эсептик көрсөткүчтүн үч миң өлчөмүнөн беш миң өлчөмүнө чейин айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

140-1-статья. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн,

референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун иштерин каржылоо тартибин бузуу
(1) Шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү шайлоо фондун кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга ири суммадагы акча каражаттарын берүү; же шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында шайлоо фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо; же шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен ордун толтуруусуз ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды талапкерге, саясий партияга берүү; же шайлоо менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо белгилүү натыйжаны алууга багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу; товарларды сатып өткөрүү, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акысы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү; же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү референдум фондун кыйгап өтүү менен референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топко ири өлчөмдөгү акча каражаттарын берүү; же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, референдумдун фонддоруна которулбаган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын чыгымдоо; же референдумда белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү референдум фондунун каражаттарынын эсебинен ордун толтуруусуз ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топко берүү; же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүгө, референдумда белгилүү натыйжага жетишүүгө багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, тиешелүү референдум фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү референдум фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле жалган адамдар аркылуу шайлоо фондуна, референдум фондуна ири өлчөмдөгү кайрымдуулук каражаттарын төгүү -
эсептик көрсөткүчтүн беш миң өлчөмүнөн он миң өлчөмүнө чейин айып салуу же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн өткөрүү үчүн талапкер, анын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү шайлоо фондунун финансылык (материалдык) колдоо каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу, референдум өткөрүү демилгесин көтөрүү, референдумда белгилүү натыйжаны алуу үчүн референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топтун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан референдумдун тиешелүү фондунун каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу, ошондой эле шайлоолор жана
референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондунун атайын эсебине которулган кайрымдуулуктарды ири өлчөмдө чыгымдоо -
эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүнөн жыйырма миң өлчөмүнө чейин айып салуу, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда ири өлчөм деп ушул статьяда каралган жосундар жасалган учурда, шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген, шайлоо фондунун, тиешелүүлүгүнө жараша талапкердин, саясий партиянын, референдум фондунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелүү суммасынын ондон биринен ашкан, бирок беш жүз миң сомдон кем эмести түзгөн акча суммасы, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайдалардын наркы таанылат.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

141-статья. Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө

(1) Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо, добуштарды атайылап туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын атайылап туура эмес чыгаруу, эгерде бул жосундар шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, ошондой эле саясий партиянын, референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы, шайлоо же референдум күнү техникалык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылган ыйгарым укуктуу адам тарабынан, буга тете эле алдын ала сүйлөшүп алуу боюнча жасалган ошол эле аракеттер -
эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын талапкерди, саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин, референдумду өткөрүү демилгесин колдогон кол тамгаларын жасоо же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалган, атайлап жасалган кол тамгаларды (кол коюу барактарын) күбөлөндүрүү, же сатып алуу, мажбурлоо, күч колдонуу же аны колдонуу коркунучу, ошондой эле мүлктү жок кылуу же аны жок кылуу коркунучу менен бириккен, же жарандардын же юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келген аракеттер
-
эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Мыйзамсыз даярдоо, ага тете мыйзамсыз даярдалган шайлоо бюллетендерин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерди, тизмеден чыгаруу күбөлүктөрүн сактоо же ташып жеткирүү, -
эсептик көрсөткүчтүн он миңден он беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

141-1-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо

Эсепке алынбаган бюллетендерди добуш берүүдө пайдаланылган бюллетендердин санына кошуу; же шайлоочулар, референдумдун катышуучулары тууралуу атайлап туура эмес маалыматтарды берүү, же аларга жигердүү шайлоо укугуна, референдумга катышуу укугуна ээ болбогон адамдарды, же ойдон чыгарылган адамдарды киргизүү менен билдирилген шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин атайлап туура эмес түзүү; же шайлоочулардын, шайлоочулардын тизмесиндеги референдумдун катышуучуларынын кол тамгаларын бурмалоо; же шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын белгилери менен жарактуу бюллетендерди алмаштыруу; же шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эркин билдирүүлөрүн аныктоонун мүмкүн эместигине алып келгендей бюллетендерди бузуу; же бюллетендерди мыйзамсыз жок кылуу, же шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын атайлап туура эмес эсептөө; же добуштарды эсептөөгө же добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталганга чейин шайлоо комиссияларынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюулары; же добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду (добуш берүүнүн чыныгы жыйынтыктарына шайкеш келбеген) атайлап туура эмес түзүү; же аны толтургандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизүү; же добуш берүүнүн жыйынтыктарын, шайлоонун, референдумдун натыйжаларын атайлап туура эмес аныктоо, -
эсептик көрсөткүчтүн он беш миңден жыйырма беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

142-статья. Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу

(1) Техникалык коопсуздукту сактоого жооптуу адам тарабынан саламаттыкка анча оор эмес залал келтирүүгө алып келүүчү техникалык коопсуздуктун, өнөр жай санитариясынын эрежелери же эмгекти коргоонун башка эрежелери бузулганда, -
эки жүз элүүдөн үч жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жүздөн төрт жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен көпчүлүк алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ошол эле укук бузуулар оор кесепеттерге алып келгенде, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

143-статья. Эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Жеке максаттарда адамды жумуштан мыйзамсыз атайылап бошотуу, ошого тете эмгек жөнүндө мыйзамдарды башкача түрдө олуттуу бузуу, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат.

144-статья. Кош бойлуу аялды, ошондой эле үч жашка толо элек баласы бар аялды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу же жумуштан негизсиз бошотуу

Кош бойлуулугуна байланыштуу аялды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу же жумуштан негизсиз бошотуу, үч жашка толо элек баласы бар аялды ушуга байланыштуу жумушка алуудан негизсиз баш тартуу же жумуштан негизсиз бошотуу, ошого тете эмгек акысынын өлчөмүн төмөндөтүү, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.

145-статья. Дарыгерлик сырды билдирип коюу

(1) Медициналык, фармацевт же башка кызматкер кесиптик же кызматтык зарылдыгы болбосо деле, пациенттин дарты же медициналык күбөлөндүрүлүшүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды билдирип койгондо, -
эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнө чейин айып салынат.
(2) Ошол эле жосундар адамдын иммунодефицитинин вирусу бар экендиги жөнүндө маалыматтарды билдирүү аркылуу жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

146-статья. Динге ишенүү жана дин тутуу эркиндиги укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

Диний уюмдардын ишине же диний ырым-жырымдарды жасоого мыйзамсыз тоскоолдук кылуу, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

146-1-статья. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин

(Акыйкатчысынын) ишине тоскоолдук кылуу

(1) "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна жана милдеттерин аткаруусуна кандай формада болсун тоскоолдук кылуу, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

146-2-статья. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкеринин ишине тоскоолдук кылуу

Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкеринин тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна кандай гана болбосун формада тоскоолдук кылуу, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

147-статья. Диний ырым-жырымдарды аткарымыш болуп инсанга жана граждандын укуктарына шек келтирүү

(1) Диний окууларды үйрөтүмүш жана диний ырым-жырымдарды аткарымыш болуп, граждандардын саламаттыгына зыян келтиргенде же инсанга же граждандын укуктарына башкача шек келтиргенде, же граждандарга коомдук иштен же граждандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга түрткү берүү менен коштолгон иш жүргүзгөн топту уюштуруу же ага жетекчилик кылуу, ошого тете бул топко жашы жете электерди тартуу, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же жүз элүүдөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете аларда көрсөтүлгөн жосундарды жасоого багытталган үзгүлтүксүз пропаганда жүргүзүү, -
сексенден жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жосундары жана аларды жасаган адамдар коомго анча коркунуч келтирбесе, аларга карата коомдук таасир көрсөтүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

148-статья. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу

Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же болбосо ага катышууга мажбурлоо, эгерде бул жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен,
же зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

149-статья. Жалпыга бирдей милдеттүү билим берүү жөнүндө мыйзамды аткарбоо

Кызмат адамы тарабынан жалпыга бирдей милдеттүү билим берүү жөнүндө мыйзам кыянаттык менен аткарылбаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.

150-статья. Автордук, чектеш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

(1) Автордук укуктун же чектеш укуктардын объекттерин мыйзамсыз пайдалануу ошого тете эле, сатуу максатында чыгармалардын же (жана) фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу же жасоо, ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөржай үлгүсүн, ЭЭМ программасын же маалыматтар базасын мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөржай үлгүсүнүн маани-маңызын алар жөнүндөгү маалыматтар расмий жарыяланганга чейин жарыя кылуу, эгерде мындай жосундар ири зыян келтирүү менен же ири өлчөмдө киреше табуу максатында жасалса, -
үч эселенген айып салууга, же жети жүздөн бир миң беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган же өзгөчө ири зыян келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше табуу максатында жасалган жосундар, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айып салууга, же болбосо бир миң беш жүздөн үч миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө, же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде зыяндын же пайданын өлчөмү же болбосо пайдалардын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашып кетсе, ири зыян келтирүү менен же ири өлчөмдөгү пайда табуу максатында жасалган болуп таанылат, ал эми жосундар, эгерде зыяндын же пайданын өлчөмү же пайдалардын суммасы, кылмыш жасалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашып кетсе, өзгөчө ири зыян келтирүү же өзгөчө ири өлчөмдөгү пайда табуу максатында жасалган болуп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

151-статья. Журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

(1) Маалыматты жайылтууга же аны жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо аркылуу журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.
(2) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

152-статья. Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө арналган акчалай каражаттарды пайдалануу

(1) Менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө арналган каражаттар багыты боюнча пайдаланылбаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-Глава

Үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар

153-статья. Эки жана андан көп аял алуу

Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

154-статья. Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо

(1) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо -
жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

155-статья. Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу

(1) Аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда -
жүздөн эки жүз чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Анын эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качканда -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1551-статья. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошого тете жашы жетпеген менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган жашы жеткен адам -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

156-статья. Жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу

(1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан убада берүү, алдоо, коркутуу же башка ыкма менен жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар ата-энеси, мугалими, же жашы жетпеген жөнүндө кам көрүү милдети мыйзам тарабынан жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалганда, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалганда, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар жашы жетпегенди уюшкан кылмыштуу топко же кылмыштуу шериктикке тартуу менен, же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого байланыштуу болгондо, -
сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого тартуу

(1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан жашы жетпеген адамды аракечтикке, баңги же башка баш айлантуучу заттарды врачтын дайындоосуз керектөөгө, селсаяктык же кайырчылык кылууга же болбосо аны селсаяктыкта же кайырчылыкта пайдаланууга тартканда, -
жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -
үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган, зомбулукту колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган жосундар, -
беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Эгерде бул жосундар жашоонун булагынан ажыроонун же жашаган жеринин жоктугунан келип чыккан оор турмуштук жагдайларга туш болуунун айынан ата-энелер тарабынан жасалса, ушул статьянын колдонулушу жашы жетпегенди селсаяктыкка тартуунун же болбосо селсаяктыкта пайдалануунун учурларына жайылтылбайт.

(КР 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 195, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

158-статья. Бөбөктү алмаштырып коюу

(1) Бөбөктү алмаштырып койгондо, -
жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар кара ниеттик же башка жаман ой менен жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

159-статья. Балдарды сатуу

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

Көңүл буруңуздар:

(Бул статьяга КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык өзгөртүүлөр киргизилген)

160-статья. Баланы (кызды) асырап алуунун сырын ачуу

Баланы (кызды) асырап алган адамдын эркине каршы асырап алуунун сырын ачып койгондо, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

160-1-статья. Балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер

Асырап алууну каалаган адамдардын атынан же кызыкчылыктарында балдарды асырап алууга тандоо жана өткөрүп берүү боюнча аракеттер, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ыйгарым укук берилбеген адам тарабынан ушундай эле укук бузуу үчүн администрациялык жаза-чарасы салынгандан кийин бир жылдын ичинде жүзөгө ашырылганда, ошого тете ал адам тарабынан пайда табуу максатында балдарды асырап алууга макул болууга көндүргөндө -
элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

161-статья. Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо

Ата-эне же өздөрүнө жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерин, ошого тете жашы жетпегенге көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү болгон билим берүүчү, тарбиялоочу, дарылоочу же башка мекемелердин окутуучусу же башка кызматкери өз милдеттерин аткарбаганда же талапка ылайык аткарбаганда, эгерде бул жосундар жашы жетпегенге ырайымсыз мамиле жасоо менен коштолсо, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

162-статья. Балдарды багууга каражаттарды төлөбөгөндүк

1. Жашы жете элек балдарды, жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды, ошого тете билим берүү уюмдарында окуган жашы жеткен балдарды багууга 70 пайыздан ашык төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды соттун чечимин же нотариалдык ырасталган макулдашууну бузуу менен жүйөлүү себепсиз ата-эне тарабынан төлөбөгөндүк, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Администрациялык жаза чарасын колдонгондон кийин бир жылдын ичинде администрациялык жаза чарасына тартылган ата-энелер тарабынан төлөбөгөндүк бир нече жолу жасалган төлөбөгөндүк деп таанылат.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

163-статья. Эмгекке жарамсыз ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөгөндүк

1. Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата- энелерди багууга 70 пайыздан ашык төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды соттун
чечимин же нотариалдык ырасталган макулдашууну бузуу менен жүйөлүү себепсиз жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар тарабынан төлөбөгөндүк, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Администрациялык жаза чарасын колдонгондон кийин бир жылдын ичинде администрациялык жаза чарасына тартылган балдар тарабынан төлөбөгөндүк бир нече жолу жасалган төлөбөгөндүк деп таанылат.

(КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VIII БӨЛҮМ

ЭКОНОМИКА ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТАР

21-Глава

Менчикке каршы кылмыштар

164-статья. Уурдоо

(1) Уурдоо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап кетүү,-
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга, жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч эселенген айып салууга, же болбосо алты айлык мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен көпчүлүк алдында кечирим суроого жазаланат.
(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) жабырлануучунун кийимдеринен же жанындагы кол жүгүнөн уурдалганда
(чөнтөк уурулугу);
2) турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен;
3) ири өлчөмдө жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле аракеттер:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;
3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: 1. Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө айыпкердин же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүү максатында жасалганда, менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтиргенде, мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.
2. Ушул главанын статьяларында каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы уурдоо жасалган учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма эсеге ашса, олуттуу өлчөмдө жасалган деп табылат.
3. Ушул главанын статьяларында каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурдагы каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсеге көп болсо, ал эми өзгөчө - ири өлчөмдө жыйырма беш миң эседен ашып кетсе - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309,

2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

165-статья. Мал уурдоо

(1) Мал уурдоо, башкача айтканда башканын малын билгизбей уурдап кеткенде, -
үч эселенген айып же эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:
1) турак-жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же мал короого, мал камалган тосмого кирүү менен;
2) ири өлчөмдө жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле аракеттер:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалганда;
3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2011-жылдын 21-декабрындагы №

244 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

166-статья. Алдамчылык

(1) Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же үч эселенген айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) кыйла чоң өлчөмдө жасалганда, -
элүүдөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер ири өлчөмдө жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдө;
3) кызмат абалынан пайдалануу менен;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

167-статья. Тоноо

(1) Тоноо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн ачык эле ээлеп алуу, -
элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу зыян келтирүү менен жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) ири өлчөмдө;
2) өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтүү же болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле аракеттер:
1) турак жайга, имарат жайга же башка сактоочу жайга кирүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

168-статья. Каракчылык

(1) Каракчылык, башкача айтканда өмүргө же ден соолукка коркунучтуу болгон зомбулук көрсөтүү менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатындагы кол салуу, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле аракет:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;
2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу нерселерди колдонуу менен;
3) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү менен жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер:
1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) турак жайга, имарат жайга же болбосо башка сактоочу жайга кирүү менен;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

169-статья. Башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

169-1-статья. Тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулуктарга ээ буюмдарды же документтерди уурдоо

(1) Уурдоо ыкмасына карабастан тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулуктарга ээ нерселерди же документтерди уурдоо, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн нерселерди же документтерди жок кылууга, бузууга же талкалоого алып келген ошол эле жосундар, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

170-статья. Опуза талап

(1) Опуза талап, башкача айтканда зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же башка бирөөнүн мүлкүн талкалайм же сындырам деп коркутуу, ага тете эле жабырлануучуну же анын жакын туугандарын маскаралаган маалыматтарды, же болбосо жабырлануучунун же анын жакын туугандарынын укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтарды таратам деп коркутуу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө карата укугун талап кылуу же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо, -
үч эселенген айып салууга же үч жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун:
1) зомбулук көрсөтүү менен;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосун:
1) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

171-статья. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу

(1). Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
үч эселенген айыпка же жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейин мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3) Ошол эле жосун ири өлчөмдө жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле жосун:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) кызмат абалын пайдалануу менен;
3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151

2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

172-статья. Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу

(1) Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтүү, болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан, болбосо өмүргө же саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен, же ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

172-1-статья. Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу

(1) Менчигинин формасына карабастан өзү билип жер ээлеп алуу олуттуу материалдык зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө айып салууга же үч эселенген айыпка жазаланат.
(2) Жер участогун өзү билип басып алуу, башкача айтканда, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жер участогун мыйзамсыз ээлеп алууга багытталган атайы аракеттер, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Жер участогун массалык басууга катышуу, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же өлтүрөм деп коркутуу менен;
2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен жасалса, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(5) Жер участогун мыйзамсыз басып алууну уюштуруу же жетектөө, -
жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү эсе ашкан зыян - олуттуу өлчөмдөгү зыян деп таанылат.
Эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо жана ал жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруп берсе, жер участогун ыктыярдуу түрдө бошотуп берген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

172-2-статья. Турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу

(1) Менчигинин формасына карабастан турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу, башкача айтканда, зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды басып алууга багытталган атайы аракеттер, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, эгер алар:
1) адамдардын тобу тарабынан жасалса;
2) турак-жай жана турак-жай эмес жайлардын, имараттардын жана курулуштардын зыян тартышына алып келсе, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:
1) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же болбосо өлтүрөм деп коркутуу менен;
2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен,
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Менчигинин формасына карабастан турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды мыйзамсыз басып алууну уюштуруу же аны жетектөө, -
сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо жана ал жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруп берсе, жайларды, имараттарды же курулуштарды ыктыярдуу түрдө бошотуп берген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

173-статья. Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү

(1) Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу менчик ээсине же мүлктүн башка ээсине уурдоо белгилери жок мүлктүк зыян келтирилгенде, -
жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;
2) ири зыян келтиргенде;
3) мурда эки же андан ашык уурулук кылгандыгы, опузалап талап кылгандыгы, болбосо алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Менчик ээсине келтирген зыян өз ыктыяры менен толтурулганда, ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн белгилер жок болгондо, зыян келтирген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

174-статья. Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу

(1) Башканын мүлкүнө олуттуу зыян келтирүү менен аны атайылап жок кылганда же зыянга учуратканда, -
үч эселенген айып же эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) өрттөө аркылуу;
2) башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен;
3) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалганда, -
эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

175-статья. Тарых жана маданият эстеликтерин, жаратылыш объекттерин атайылап жок кылуу же бузуу

(1) Тарых жана маданият эстеликтерин, жаратылыш объекттерин атайылап жок кылуу же бузуу, -
жүз элүүдөн эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейин эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
жетимиштен жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

176-статья. Мүлктү байкабастыктан кыйратуу же бүлүндүрүү

(1) Башка бирөөнүн мүлкүн байкабастыктан кыйратуу же бүлүндүрүү менен жасалган ири өлчөмдөгү зыянга учуратуу, -
жүз элүү сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка жазаланат.
(2) От же өтө коркунучтуу болгон башка нерсеге байкабай мамиле кылуу менен же өтө оор натыйжаларга алып келген ошондой эле жосундар, -
эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Менчик ээсине келтирилген зыяндын орду ыктыярдуу толтурулуп берилген учурда зыян келтирген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

177-статья. Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу

(1) Мурда убада бербестен кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу, -
сексенден жүз алтымыш саатка чейин коомдук жумуштарга тартууга же жыйырма бешке чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар кесип катарында же ири өлчөмдөрдө жасалганда, -
эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга, зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-Глава

Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар

178-статья. Мыйзамдуу ишкердик кылуу ишине тоскоолдук кылуу

(1) Жеке ишкердик кылуучуну же юридикалык жакты каттоодон мыйзамга ылайыксыз баш тартуу же аларды каттоодон четтөө, белгилүү ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн укукка ылайыксыз баш тартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө, жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ошого тете алардын өз алдынчалыгын чектөө, ишкердикти жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылып жаткан жайларды карап чыгуу болбосо жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз түрдө башкача кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат.
(2) Ошол эле жосундар мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын бузуу менен жасалганда, ошого тете ири зыян келтирилгенде, -
эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда жай деп менчигинин түрүнө карабастан ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн ылайыкташтырылган офис, өндүрүштүк цех, кампа жана башка жайлар түшүнүлөт.
Кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан суммада келтирилген зыян ушул главанын 178, 180, 181, 182, 184, 189, 191, 194, 197, 205,
216, 217, 218-статьяларында ири зыян деп табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58,

2009-жылдын 8-майындагы № 150, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2013- жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

179-статья. Жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү каттоо

(1) Жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү атайылап каттоо, Мамлекеттик жер кадастрынын эсептик маалыматын бурмалоо, ошого тете жер үчүн акынын өлчөмүн атайылап төмөндөтүү, болбосо жогорулатуу, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса, -
беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ошол эле жосун, -
үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246,

2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

180-статья. Мыйзамсыз ишкердик кылуу

(1) Мындай уруксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда, ишкердик кылуу ишин каттоосуз же атайын уруксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруу, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишке ашыруу, эгерде бул жосун граждандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтиргенде же ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, -
жүз сексенден үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;
2) өтө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо;
3) мурда мыйзамсыз ишкердик кылуу ишин же мыйзамсыз банк ишин жүргүзгөндүгү үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 180, 181, 182-статьяларында кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан суммадагы киреше ири өлчөмдөгү киреше, эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн ашкан суммадагы киреше өтө ири өлчөмдөгү киреше катары табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

181-статья. Банк ишин мыйзамсыз жүргүзүү

(1) Мындай уруксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда, банк ишин (банк операцияларын) каттоосуз же атайын уруксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруу, же лицензиялоону бузуу менен ишке ашыруу, эгерде бул жосун граждандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтиргенде же ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, -
эки миңден сегиз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;
2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо;
3) мурда банк ишин мыйзамсыз же мыйзамсыз ишкердик кылуу ишин жүргүзгөндүгү үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

182-статья. Жалган ээлик кылуучулук

Жалган ээлик кылуучулук, башкача айтканда, ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырууну ойлобостон, кредит алуу, салыктан бошонуу, мүлктүк башка пайда табуу же тыюу салынган ишти көмүскөлөө максатында юридикалык жак түзүү, бул граждандарга, башка коммерциялык уюмдарга же болбосо мамлекетке ири зыян келтиргенде, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 8-майындагы № 150

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

183-статья. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)

(1) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, жосун үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында мүлк чыккан кылмыштуу булакты жашырып- жабуу же айтпай коюу же кылмыш жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү
максаттарында мүлктү кайра түзүү (конвенциялоо) же которуу боюнча кандай болбосун аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерге ээлик кылууга, пайдаланууга же тескөөгө укуктук түр берүү; эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, булактын чыныгы мүнөзүн, мүлктүн турган жерин, аны тескөөнүн жана ордун которуунун ыкмасын жашырып-жабуу же айтпай коюу; же болбосо эгерде адамга мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адамдын мүлктү жаап-жашыруусу же үзгүлтүксүз кармап туруусу; же болбосо аны алган учурда адамга мүлк кылмыштардан алынган киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) ири өлчөмдө жасалса; -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү.
1) Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашуучу сумма ири өлчөм деп таанылат.
2) Ушул статьяда кылмыш жасоонун натыйжасында тикелей же кыйыр түрдө алынган же чыгарылган кандай болбосун экономикалык пайда же мүлк кылмыштуу киреше деп түшүнүлөт.
3) Ушул статьяда кандай болбосун түрдөгү мүлк: материалдык же материалдык эмес (аңдап түшүнүлгөн же аңдап түшүнүлбөгөн), кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк кредиттерин, жолкире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда, ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай болбосун формада (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт.

(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

184-статья. Мыйзамсыз кредит берүү жана алуу

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 58

Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(1) Жеке ишкердик кылуучу же уюмдун жетекчиси банкка же башка кредит берүүчүгө ишкердик кылуучунун же уюмдун чарбалык же финансылык абалы жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды берүү менен кредит алганда, болбосо кредит берүүнүн жеңилдик берүүчү шарттарына ээ болгондо, эгерде бул жосун чоң зыян келтирсе, -
эки жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр айыбы менен же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Мамлекеттик максаттуу кредитти мыйзамсыз алуудан улам ири зыян келтирилгенде, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн айыбы менен же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын кызмат адамдары жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик максаттуу кредитти мыйзамсыз бергенде, же болбосо аларга кредит берүүнүн жеңилдетилген шарттарын мыйзамсыз бергенде
-
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же белгилүү бир кызматты ээлөө, же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан беш жылга чейин ажыратууга, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58,

2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

185-статья. Мамлекеттик кредитти максатка ылайыксыз пайдалануу

(1) Мамлекеттик кредитти максатка ылайыксыз пайдалануу, -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же анын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун, -
беш жүздөн беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же залалдын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроого же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

186-статья. Кредиттик карызды тындыруудан четтөө

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 58 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

187-статья. Бухгалтердик эсептин эрежелерин бузуу

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 131 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

188-статья. Монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө

(1) Монополиялык жогорку же монополиялык төмөнкү бааларды белгилөө же кармап туруу, же ага тете эле рынокту бөлүштүрүүгө, рынокко чыгууну чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъекттерин четтетүүгө же бирдей бааларды белгилөөгө же кармап турууга багытталган бүтүм же макулдашылган аракеттер жоюу менен атаандаштыкты чектөө адамдардын тобу тарабынан же адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалса, -
беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу;
2) башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу, болбосо башка бирөөнүн мүлкүн жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу аркылуу;
3) кызматтык абалын пайдалануу менен;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

189-статья. Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу

Мүлктүн ээсине, ачык соода-сатыктарды же аукциондорду уюштуруучуга, сатып алуучуга же башка чарба жүргүзүүчү субъектке ири зыян келтирип, ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айып салуу менен үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

190-статья. Бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо

(1) Зомбулук көрсөтөм, башка бирөөнүн мүлкүн жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу аркылуу бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо, ошого тете жабырлануучунун же анын жакындарынын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды таратуу, мында опузалап талап кылуунун белгилери жок болсо, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) зомбулук көрсөтүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

191-статья. Товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу

(1) Бөтөн товардык белгини, тейлөө белгисин, фирмалык аталышты, товардын келип чыккан жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн төрт жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч эселенген айыпка, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
(2) Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, тейлөө белгисине же товардын чыккан жерине карата эскертүүчү белгини мыйзамсыз пайдаланганда, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч эселенген айыпка, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

192-статья. Атайылап жалган рекламалоо

(1) Реклама берүүчү тарабынан товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле аларды өндүрүүчүлөр же сатуучулар тууралу атайылап жалган маалыматты пайдалануу, милдеттүү түрдө сертификациядан же лицензиялоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты, лицензиясы болбогон продукцияны рекламалоо жеке пайда көздөөдөн улам жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса;
2) олуттуу зыян келтирсе, -
үч эсе айып салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз сааттан эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
Эскертүү. Жеке жактар үчүн кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө жана юридикалык жак үчүн эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө зыян келтирүү ушул статьяда олуттуу зыян катары табылат.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

192-1-статья. Пиво, алкоголь жана тамеки продукцияларын жарнамалоо эрежелерин бузуу

(1) Пиво, алкоголь жана тамеки продукцияларын жарнамалоо эрежелерин эки же андан ашык бузуу, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) кызмат адамдары;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлору тарабынан жасалганда,
-
эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

193-статья. Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу

(1) Документтерди уурдоо, коммерциялык же банктык жашыруун сырды билген адамдарды, алардын жакындарын паралап сатып алуу жана коркутуу, байланыш каражаттарынан маалыматты кармап калуу, компьютердик тутумга же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды пайдалануу жолу менен, ошого тете башка мыйзамсыз ыкма менен коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматтарды чогултуу ошол маалыматтарды таратуу, болбосо пайдалануу максатында жасалса, -
жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ошол эле жосун, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

194-статья. Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын ачыкка чыгаруу

(1) Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды түзгөн билдирүүлөрдүн, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын алардын ээсинин макулдугусуз ишеним берилген же ага кызматы же иши боюнча белгилүү болгон жак тарабынан мыйзамсыз ачыкка чыгарылуусу же пайдаланылуусу, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ири зыян алып келген же пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган, ага тете менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ошол эле жосундар, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 223, 2009-жылдын 24-июлундагы №

246, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

194-1-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр

(1) Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо:
1) инсайдер же анын аффилирленген жагы тарабынан инсайдердик маалыматтарды пайдалануу менен баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;
2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жайылтуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жетимдүүлүгүн мыйзамсыз берүү, ошого тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү,
эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында жасалса же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин жак билсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалса;
2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан кирешенин суммасы өзгөчө ири өлчөмдөгү киреше деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

194-2-статья. Баалуу кагаздар рыногунда баалар менен манипуляциялоо

(1) Баалуу кагаздар рыногунда баалар менен манипуляциялоо, башкача айтканда төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо:
1) бааларды, баалуу кагаздар рыногунда соода активдүүлүгүн сунуштардын жана суроо-талаптардын объективдүү бирдейлигинин натыйжаларында белгиленгенден жогорулатууга же төмөндөтүүгө багытталган аракеттерди жасоо;
2) суроо-талаптарга жана сунуштарга, баалуу кагаздарга же соода-сатыктын көлөмүнө таасир тийгизүүчү же таасир тийгизүүгө жөндөмдүү жалган же адаштырууга алып келүүчү маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары, жалпы колдонуудагы маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу жана башка кандай болбосун ыкма менен жайылтуу;
3) бүтүмдөр алдын ала ошондой кылуу жөнүндө сүйлөшүп алышкан жактардын атынан же ошол жактардын эсебинен же алардын өкүлдөрү тарабынан жасалган шартта, ошол күнү уюштурулган соодаларда ошондой эле баалуу кагаздарга
колдонулган баалардан олуттуу айырмаланган баалар боюнча баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүү;
эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар баалуу кагаздар рыногунун башка катышуучуларына зыян келтирүү менен пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же баалуу кагаздарды сатуу же сатып алуу кызыкчылыктарын жаратуу максаттарында жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) кызмат абалынан пайдалануу менен;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

195-статья. Мамлекеттик эн тамганы жасоонун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу

(1) Мамлекеттик эн тамганы санкциясыз даярдоо, өткөрүү же пайдалануу, ошого тете окшотуп жасоо, -
миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейин эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
үч миңден сегиз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

195-1-статья. Мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун санкцияланбаган өзгөртүү

(1) Мобилдик түзүлүштүн аны чыгаруучу тарабынан орнотулган эл аралык идентификаторун санкцияланбаган өзгөртүү кара ниеттилик менен жасалган мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторунун жасалмалуулугуна барабар -
жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эсептик көрсөткүчтөрдүн жүз элүүдөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү өлчөмүндөгү айып салуу менен бир жылдан үч жылга жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун адамдардын тобу тарабынан жасалса -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

196-статья. Метрологиялык эрежелерди бузуу

Түрлөрүн бекитүүсүз же метрологиялык аттестациялоосуз жана текшерилбеген чен-өлчөм каражаттарын колдонууга чыгаруу, ошого тете тийиштүү уруксатсыз чен-өлчөм каражаттарын жасоо, оңдоо жана текшерүү, текшерүүнүн ыкмаларын жана эрежелерин бузуу оор кесепеттерге алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн жүз элүүдөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо элүү эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айып салуу менен үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

197-статья. Баалуу кагаздарды чыгарууда (эмиссиялоодо) кыянаттык кылуу

Баалуу кагаздар эмиссиясынын басылма проспектисине атайылап анык эмес маалымат киргизүү, ошого тете анык эмес маалыматты камтыган эмиссия басылма проспектин бекитүү, же атайылап эмиссиянын анык эмес натыйжаларын бекитүү, эгерде бул жосундар ири зыянга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

198-статья. Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү

(1) Жасалма акча, металл тыйын, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды өткөрүү максатында даярдаганда, болбосо өткөрүү максатында сактаганда, ошого тете сатып өткөргөндө, -
үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) ири өлчөмдө;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен жетиден он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашса, ири өлчөмдөгү кылмыш предмети деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарыныны редакцияларына ылайык)

199-статья. Жасалма акциздик маркаларды даярдоо, сактоо, өткөрүү жана пайдалануу

Өткөрүү максатында жасалма акциздик маркаларды даярдоо, ошого тете сатып өткөрүү максатында сактоо, болбосо өткөрүү же жасалма акциздик маркаларды ири өлчөмдө, болбосо алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан пайдалануу, -
жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга, же беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же мүлкүн үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде даярдоодо, сактоодо, өткөрүүдө жана пайдаланууда жасалма акциздик марканын саны беш жүздөн ашса, ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

200-статья. Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү, сактоо, импорттоо жана сатуу

Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатуу ири өлчөмдө жасалса, болбосо аталган кылмыш үчүн же салык салуудан качкандыгы үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн алты жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жүз кырктан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Эгерде продукцияга милдеттүү түрдө эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан суммага акциз салынууга тийиш болсо, ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп таанылат.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2009-жылдын 13-октябрындагы №

271, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

201-статья. Спирт жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, өткөрүү

Спирт же алкоголдук продукцияны өткөрүү максатында мыйзамсыз өндүрүү же сактоо, ошого тете ири өлчөмдө өткөрүү, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же үч жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде спирт өндүрүү жана сатып өткөрүү жыйырма жана андан көп литрди, алкоголдук продукциялар элүү жана андан көп литрди түзсө, ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2004-жылдын 15-февралындагы № 13,

2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 13-октябрындагы № 271, 2012- жылдын 31-июлундагы № 145, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

202-статья. Сапатсыз спирт жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү, сактоо, өткөрүү

Өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербеген алкоголдук продукцияларды өндүрүү же сактоо, ошого тете өткөрүү байкабастыктан адамдын өлүмүнө, саламаттыгына зыян келтирүүгө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же үч жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 13-октябрындагы №

271, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

202-1-статья. Үйдө жасалган спирт ичимдиктерин даярдоо, сатып өткөрүү же сатып өткөрүү максатында сактоо

Үйдө жасалган (этил спиртинин үлүшү 9 пайыздан ашык көлөмдө болгон) спирт ичимдиктерин ири өлчөмдө даярдоо, сатып өткөрүү же сатып өткөрүү максатында сактоо, же болбосо аларды иштеп чыгаруу үчүн өндүрүш каражаттарын даярдоо же сатып өткөрүү максатында сактоо, ага барабар болгон аталган спирт ичимдиктерин же өндүрүш каражаттарын сатып өткөрүү, -
жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же төрт жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
Эскертүү. Эгерде спирт ичимдиктерин даярдоо, сатып өткөрүү жана сактоо элүү жана андан көп литрди түзсө, ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

(КР 2004-жылдын 15-февралындагы № 13, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2009-жылдын 13-октябрындагы № 271, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

203-статья. Жасалма кредиттик, болбосо эсептик карталарды жана башка төлөм документтерин даярдоо же өткөрүү

(1) Жасалма кредиттик, болбосо эсептик карталарды, ошондой эле баалуу кагаз деп эсептелбеген башка төлөм документтерин өткөрүү максатында даярдоо же өткөрүү, -
эки жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейин мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

204-статья. Контрабанда

(1) Контрабанда, башкача айтканда, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкаркы товарларды же башка нерселерди ири өлчөмдөрдө алып өтүү, бажы көзөмөлүнөн буйтап же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификация каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса, болбосо декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, -
бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу баңгилик каражаттарды, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жарылгыч заттарды, курал-жарактарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, ок атуучу курал-жарак жана ок-дарыларды, ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн, массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактарды түзүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон жана аларга карата Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматтарды жана жабдууларды, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык жактан маанилүү чийки зат товарларды жана маданий баалуулуктарды алып өтүү, эгерде бул жосун бажы көзөмөлүн буйтап же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификациялоо каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса же декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса;
2) бажылык контролду жүзөгө ашырган адамга зордук көрсөтүү менен жасалса,
-
3) адамдардын тобу;
4) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу;
5) өзгөчө ири өлчөмдө, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул главанын 204, 205-статьяларында каралган жосундар, эгерде алынып өтүлгөн товарлардын наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир миң эселенген өлчөмүнөн ашса ири өлчөмдө өзгөчө ири өлчөмдө - он миң эселенген өлчөмүнөн ашса жасалган деп табылат.
Эгерде аларды ташып чыгарууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаган учурда адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынган же өндүрүлгөн товарларды жана буюмдарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга багытталган аракеттери ушул главанын 204-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган жосундарга кирбейт.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгер анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы жагынан жол-жоболоштуруу менен айыптарды жана туумдарды кошкондо, тийиштүү бажы төлөмдөрүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 18-октябрындагы №

177, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 246, 2014-жылдын 29-декабрындагы №

170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

204-1-статья. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу

(1) Транспорт каражаттарын же жасалма документтерди, болбосо турак жай же дагы башка имарат-жайды берүү, ошондой эле жарандардын мыйзамсыз келүүсү, кетүүсү үчүн дагы башка кызматтарды көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында орун которуп жүрүү менен мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, -
беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат;
(2) Алдынала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, болбосо өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен жасалган ошол эле жосундар, -
үчтөн беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.

(КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

204-2-статья. Администрациялык таасир этүү чаралары колдонулгандан кийин Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу

Администрациялык таасир этүүнүн чаралары колдонулгандан кийин Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу -
беш жүздөн эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

205-статья. Материалдык байлыктарды чет өлкөдөн кайтарбоо

Милдеттүү түрдө кайра алып келүү милдеттенмеси менен алынып кеткен, Кыргыз Республикасына таандык, ири өлчөмдөгү материалдык байлыктар чет өлкөлөрдөн кайтарылбаганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашса ири өлчөмдөгү кылмыш предметинин наркы деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

206-статья. Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн элдеринин энчиси болгон көркөм, тарыхый жана археологиялык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарбоо

Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары алынып кеткен, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн элдеринин энчиси болгон көркөм, тарыхый жана археологиялык буюмдар белгиленген мөөнөттө анын аймагына кайтарылбаганда, эгерде мындай кайтаруу милдеттүү болуп эсептелсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

207-статья. Чет өлкөлүк валютадагы каражаттарды чет мамлекеттерден кайтарбоо

Уюмдун жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын ыйгарым укугу берилген банкынын эсебине милдеттүү түрдө которулууга тийиш болгон чет өлкөлүк валютадагы ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражаттар кайтарылбаганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде чет өлкөлүк валютадагы кайтарылбаган каражаттардын суммасы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

208-статья. Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү

(1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерди бузуп, кымбат баалуу металлдар, табигый асыл таштар менен байланышкан соода-сатык жасоо, ошого тете зергердик жана тиричилик буюмдарынан жана мындай буюмдардын сыныктарынан тышкары, кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды кандай түрдө, абалда болсун мыйзамсыз сактоо, ташуу же жөнөтүү, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн мурда соттолгон адам тарабынан;
2) ири өлчөмдө;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда каралган жосундар, эгерде мыйзамсыз жүгүртүлгөн кымбат баалуу металлдардын, табигый асыл таштардын наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашса ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

209-статья. Кымбат баалуу металлдарды жана табигый асыл таштарды мамлекетке өткөрүп берүүнүн эрежелерин бузуу

Жер казынасынан казылып, калдык чийки заттардан алынган, ошондой эле суу түбүнөн алынган жана табылган кымбат баалуу металлдарды же асыл таштарды аффинажга милдеттүү түрдө өткөрүп берүүдөн же мамлекетке милдеттүү түрдө сатуудан четтөө, эгерде бул жосун ири өлчөмдө жасалса, -
бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн, мамлекетке өткөрүлбөгөн же сатылбаган нерселердин наркы, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашса, ушул статьяда каралган жосун ири өлчөмдө жасалган деп табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

210-статья. Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө

(1) Төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу, ошондой эле төлөмдөрдү эсептөө үчүн документтерге бурмаланган малыматтарды атайылап киргизүү, ошондой эле салык салуунун башка объектилерин жашыруу аркылуу ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө, -
эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат. (2) Ошол эле жосундар:
1) кызмат абалын пайдалануу менен;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө же уюшкан кылмыштуу топтун бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөөсү, -
беш миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ири өлчөмдөгү бажы жыйымдарын төлөбөө, кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашса, ири өлчөмдө бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө деп табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

211-статья. Адамдын салык төлөөдөн четтөөсү

Декларация берүү милдеттүү болуп эсептелген учурларда кирешелер жөнүндө декларация бербөө жолу менен, болбосо декларацияга кирешелер же чыгашалар
жөнүндө атайылап бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен адамдын ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөөсү, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.

(экинчи абзац КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2001-жылдын 23-июлундагы № 77, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

212-статья. Жекече ишкердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү

(1) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу жолу менен жекече ишкердин салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү, мындай документтерге кирешелери жана чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды атайылап киргизүүсү же салык салуунун жана социалдык камсыздандыруунун башка объекттерин жашырып коюусу ири өлчөмдөгү чыгымга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, болбосо жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын ири
өлчөмдө төлөөдөн четтөө катары кылмыш жасалган күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген - эсептик көрсөткүчтөн беш миң эседен ашуун, өзгөчө ири өлчөм катары - эсептик көрсөткүчтөн он миң эседен ашуун салыктарды жана камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөө деп табылат.

(Экинчи абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы № 166 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү абзац КР 2016-жылдын 12-августундагы № 166 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2014-жылдын 18-февралындагы № 33, 2016- жылдын 12-августундагы № 166 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

213-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү

(1) Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерди бербөө, салыктарды жана камсыздандыруу акыларын эсептөө үчүн документтерге
кирешелери же чыгашалары жөнүндө бурмаланган маалыматтарды киргизүү же мындай документтерди жок кылуу жолу менен салыктарды жана милдеттүү социалдык камсыздандыруу акыларын ири өлчөмдө төлөөдөн четтеши ири өлчөмдөгү чыгымга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
беш миңден он миңге чейинки өлчөмдөгү айып менен же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын ири өлчөмдө төлөөдөн четтөө катары кылмыш жасалган күнгө карай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эседен ашкан, өзгөчө ири өлчөм катары - он миң эседен ашкан, салыкты жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөө деп табылат.
Салык карызынын бүткүл суммасы, анын ичинде айыптар жана туумдар ыктыярдуу түрдө жоюлган учурда жакты жазыктык куугунтуктоо жазык процессинин ар кандай стадиясында токтотулууга тийиш. Бул бөлүмдүн жоболору ушул Кодекстин 210-213-статьяларына жайылтылат.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2009-жылдын 20-февралындагы № 58, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2014- жылдын 18-февралындагы № 33, 2016-жылдын 12-августундагы № 166

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

214-статья. Салык кызматынын, Социалдык фонддун органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо жана аларга каршы аракеттенүү
Салыкты, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө үчүн зарыл документтерди берүү жөнүндө салык кызматтарынын жана Социалдык фонддун органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, салык кызматтарынын жана Социалдык фонддун органдарынын кызмат адамдарына карата алардын өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу зомбулук аракеттер, ошого тете салык кызматтары койгон пломбаларды жана мөөрлөрдү жулуп салуу, -
эсептик көрсөткүчтүн эки миң өлчөмүндө айып салууга, же болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2016-жылдын 12-августундагы № 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

215-статья. Финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу

Салыктык, бажылык же башка финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз бергенде же алганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

216-статья. Банкротко учуроодогу укукка жат аракеттер

(1) Мүлктү же мүлктүк милдеттерди, мүлк, анын өлчөмү, турган орду жөнүндөгү кабарларды, болбосо мүлк жөнүндөгү башка маалыматты жашырганда, мүлктү башканын ээлигине бергенде, мүлктү ээликтен ажыратканда, же жок кылганда, ошого тете экономикалык ишти чагылдырган бухгалтердик жана башка эсеп- кысаптык документтерди жашырганда, жок кылганда, бурмалаганда, эгерде бул аракеттер банкротко учуроодо же банкроттук күтүлгөн учурда карыз уюмдун жетекчиси же менчик ээси же жеке ишкер администратор тарабынан жасалып, ири зыянга учуратса, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Карыз уюмдун жетекчиси же менчик ээси же өзүнүн иш жүзүндөгү кудуретсиздиги (банкроттугу) жөнүндө билген башка жеке ишкердин башка кредиторлорго атайылап зыян келтирүү менен айрым кредиторлордун мүлктүк талаптары укукка жат канааттандырылганда, ошого тете жарамсыз карыз башка кредиторлорго зыян келтирүү менен өзүнө артыкчылык берүүсү жөнүндө билген кредитор тарабынан мындай канааттандыруу кабыл алынганда, эгерде бул аракеттер ири зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2002-жылдын 22-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

217-статья. Атайылап жасалган банкротчулук

Коммерциялык уюмдун жетекчиси же менчик ээси, ошого тете жеке ишкер өзүнүн же башка адамдардын кызыкчылыктарында төлөөгө жөндөмсүздүктү атайылап түзгөндө же көбөйткөндө ири зыян келтирилсе, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү өлчөмүндөгү айып салуу менен эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

218-статья. Жалган банкротчулук

Жалган банкротчулук, башкача айтканда кредиторлорго тийиштүү төлөөлөрдүн мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөө үчүн же карызын жеңилдетүү, ошого тете карыздарын төлөбөй коюу үчүн кредиторлорду алдап жазгыруу максатында коммерциялык уюмдун жетекчиси же менчик ээси, ошого тете жеке ишкердик кылуучу өзүнүн кудуретсиздиги жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо менен ири зыян келтиргенде, -
жүз элүүдөн эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

219-статья. Керектөөчүлөрдү алдоо

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчун жоготту)

220-статья. Спорттук мелдештерге жана оюн-зоок конкурстарына катышуучуларды жана уюштуруучуларды паралап сатып алуу

(1) Спортсмендерди, спорттук судьяларды, машыктыруучуларды, командалардын жетекчилерин жана профессионал спорттук мелдештердин башка катышуучуларын же уюштуруучуларын, ага тете эле коммерциялык оюн -зоок конкурстарынын уюштуруучуларын же жюринин мүчөлөрүн мындай мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир көрсөтүү максатында паралап сатып алуу уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү өлчөмүндөгү айып салуу менен эки жуз кырктан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн төрт жүздөн алты жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Спорттук судьялардын, машыктыруучулардын, командалардын жетекчилеринин же спорттук мелдештерди уюштуруучулардын, ага тете эле коммерциялык оюн-зоок конкурстарынын уюштуруучуларынын же жюри мүчөлөрүнүн мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир көрсөтүү максатында акча же материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алуусу, -
беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-Глава

Мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

221-статья. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы

(1) Коммерциялык же башка уюмдун кызматчылары өзүнүн тескөөчү же башка башкаруучулук ыйгарым укуктарын бул уюмдун кызыкчылыктарына каршы жана өзү үчүн, ошондой эле башка адамдар үчүн пайда же артыкчылык табуу, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү максатында пайдаланганда, эгерде ал граждандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге, ага тете коммерциялык же башка уюмдун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган, оор кесепеттерге алып келген, ага тете жосун:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүүлөр. 1. Ушул главанын статьяларында коммерциялык же башка уюмда башкаруучулук милдеттерди аткаруучу катары, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болбогон коммерциялык эмес уюмда уюштуруучулук-тескөөчүлүк же администрациялык- чарбалык милдеттерди туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча аткарган адам табылат.
2. Эгерде ушул статьяда же болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде ушул статьяда, болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун башка уюмдардын кызыкчылыктарына, ошондой эле граждандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу жалпы негизде жүзөгө ашырылат.
4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246,

2015-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

222-статья. Жеке нотариустардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу

(1) Жеке нотариустун өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн иш милдеттерине каршы жана өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү менен пайдалануусу, эгерде мындай жосун жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголуучу таламдарына зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү өлчөмүндөгү айып салуу менен эки жүз алтымыштан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш
жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун билип туруп жашы жетпеген же жөндөмсүз адамга карата жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 223, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2014- жылдын 1-июлундагы № 108 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

222-1-статья. Аудитордун билип туруп жалган аудитордук корутунду

(отчет) түзүүсү

Аудит жүргүзбөстөн же болбосо өзү же башка жактар үчүн пайдаларды жана артыкчылыктарды алуу максатында же болбосо, эгерде бул жосун жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына зыян келтирсе, аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө аудитор тарабынан каралган документтердин мазмунуна карама-каршы келген анын натыйжалары боюнча түзүлгөн билип туруп жалган аудитордук корутунду (отчет) түзүүсү, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.

(КР 2014-жылдын 1-июлундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

223-статья. Жеке детективдик кызматтардын кызматчысынын ыйгарым укуктарынан аша чабуусу

(1) Жеке детективдик кызматтын жетекчиси же кызматчысы өзүнө берилген кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканда, эгерде жосун зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) курал колдонуу менен жасалса;
2) оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

224-статья. Коммерциялык паралап сатып алуу

(1) Коммерциялык уюмда башкаруучулук милдеттерди аткарган адамга, ошол адамдын ээлеген кызматтык абалына байланыштуу берип жаткандын кызыкчылыгы үчүн жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн, акча, баалуу кагаздар, башка мүлк мыйзамсыз берилгенде, ошого тете мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүлгөндө, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн сегиз жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Коммерциялык уюмда башкаруучулук милдеттерди аткарган адам өзүнүн, ээлеген кызматтык абалына байланыштуу берген адамдын кызыкчылыктарына жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн мыйзамсыз акча, баалуу кагаздар, башка мүлктү алганда, ошого тете мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз пайдаланганда, -
эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен коммерциялык паралап сатып алуунун жыйырма эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде алар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу;
2) опузалап талап кылуу менен коштолсо;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн он миңден жыйырма миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен коммерциялык паралап сатып алуунун элүү эседен жетимиш эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундарды жасаган адам, эгерде ага карата опузалап талап кылуу жасалса же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө кылмыш-жаза ишин козгоого укугу бар органга өз ыктыяры менен билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

225-статья. Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу

(1) Мамлекеттик органдын, ишкананын, мекеменин, уюмдун, коомдук бирикменин, граждандардын өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы болбогон кызматчы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып жасоого тийиш болгон же жасай ала турган белгилүү аракетти акча берген адамдын таламында аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн олуттуу өлчөмдө материалдык сыйлык же мүлктүк пайданы мыйзамсыз алганда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун жетимиш эседен жүз эсеге чейинки суммасында айып салынат.
(2) Ошол эле жосун адамдардын тобу тарабынан же ири өлчөмдө жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн эки миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун жыйырма эседен отуз эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосун өтө ири өлчөмдө жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо коммерциялык паралап сатып алуунун бир эседен үч эсеге чейинки суммасында айып салынат же белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга сыйлыктын же мүлктүк пайданын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү эсе ашса олуттуу өлчөмдө, миң эсе ашса - ири, он миң эсе ашса
- өзгөчө ири өлчөмдө деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IX БӨЛҮМ

КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

24-Глава

Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар

226-статья. Терроризм актысы

(1) Адамдардын курман болуу коркунучун түзгөн, олуттуу мүлктүк зыян келтирген, болбосо башка коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышына алып келген жардыруу, өрттөө же башка аракеттер жасалганда, эгерде бул аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, калкты коркутуу же бийлик органдары же эл аралык уюмдар тарабынан чечим кабыл алууга таасир көрсөтүү максатында жасалса, ошондой эле аталган аракеттерди ошол эле максаттарда жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он жылдан он беш жылга мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
2) ок атуучу куралды ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн колдонуу менен жасалганда;
3) стратегиялык объектилерде жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он беш жылдан он сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, же байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
он сегиз жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан өмүр бою эркиндигинен ажыратылат.
Эскертүү. Терроризм актысын даярдоого катышкан адам, эгерде бийлик органдарына өз убагында эскертсе же башка ыкма менен терроризм актысын жүзөгө ашырууну болтурбай коюуга көмөк көрсөтсө жана бул адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-мартындагы № 83,

2013-жылдын 3-августундагы № 180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2261-статья. Террорчулук ишти финансылоо

(1) Террорчулук ишти финансылоо, башкача айтканда каражаттар террорчуну жана (же) террордук уюмду толук же жарым-жартылай финансылоо үчүн же болбосо террористтик актыларды жасоо, пландоо, даярдоо же жасоого катышуу максатында же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү үчүн алар жашабаган же жарандыгы болбогон мамлекетке жөнөтүлүп жаткан адамдардын сапарын финансылоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террорчулук ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону финансылоо үчүн багытталаарына же пайдаланылаарына ниеттенүү же аңдап билүү менен мыйзамсыз каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды кандай болбосун усул же ыкма менен, тикелей же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу, -
мүлкүн конфискациялоо менен төрттөн сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан;
2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү.
1. Ушул статьяда террордук мүнөздөгү кылмышты даярдаган же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же террордук уюмдун көзөмөлүнүн астында турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо ушундай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же ушундай каражаттарды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат.
2. Ушул статьяда пайдаланылуучу "каражаттар", "террорист", "террористтик уюм", "террористтик иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83, 2016-жылдын 2-августундагы № 162

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2262-статья. Террорчулук же экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тартуу же аларды жасоого башка көмөктөрдү көрсөтүү

(1) Ушул кодекстин 226, 2261, 2263-2265, 227, 229, 232, 294, 2951 296, 299-2993,
376-статьяларында каралган кылмыштарды жасоого адамды тартуу, же террорчулук же экстремисттик уюмдун иш аракеттерине катышууга адамды үгүттөө, же жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, болбосо окутуу жана даярдоо -
сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адам өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен;
2) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Кылмыш жасаган адам ушул статьяда көрсөтүлгөндөй, эгерде ал бийлик органдарына өз мезгилинде билдирүү же башка ыкмалар менен ушул статьяда көрсөтүлгөн кылмыштардын алдын алууга же болтурбоого көмөкчү болсо жана анын аракеттеринде кылмыштын башка түрлөрү болбосо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2009-жылдын 17-мартындагы № 83, 2015-жылдын 21-июлундагы № 18,

2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2263-берене. Көпчүлүк алдында террорчулук иш аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулуктукту актоо

(1) Көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулуктукту актоо, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу менен жасалган ошол эле жосундар, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда терроризмдин идеологиясын жана практикасын туура, колдоого жана тууроого муктаж деп таануу жөнүндө ачык билдирүү терроризмди ачык актоо деп түшүнүлөт.

(КР 2009-жылдын 17-мартындагы № 83, 2013-жылдын 3-августундагы №

180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2264-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү

(1) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалдануу белгилери болбостон чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтүшү, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2265-статья. Чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштар же согуш аракеттери жүрүп жаткан чөлкөмгө жашы жетпегендерди чыгарып кетүү

(1) Чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыш же согуш аракеттери жүрүп жаткан чөлкөмгө жашы жетпегендерди чыгарып кетүү -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар ата-энеси же мыйзам менен жашы жетпегенди
тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалса, ошого тете мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемесинин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалса -
төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2266-статья. Террористтик же экстремисттик ишти ачык жактыруу

Террористтик же экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга же болбосо терроризм менен экстремизмди ачык актоого чакыруу белгилери болбогондо ачык чыгып сүйлөө же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын пайдалануу жолу менен террористтик же экстремисттик ишти ачык жактыруу, ошондой эле террористтик же экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайын эмес пайдалануу, көрсөтүлгөн укук бузуулар администрациялык айып салуудан кийин бир жылдын ичинде жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн миңден эки миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ачык жактыруу террористтик же экстремисттик ишти ачык даңктоо же мактоо, анын ичинде ага суктануу, актоо ушул статьяда ачык жактоо деп түшүнүлөт.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы N 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

227-статья. Барымтага кармоо

(1) Барымтага алынган адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр-бир аракетти жасоого же жасатпай коюуга мажбурлоо максатында адамды барымтага алуу же кармоо, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же өлтүрөм деп коркутуу менен;
4) курал же курал катарында пайдаланылган башка нерселерди колдонуу менен;
5) эки же андан ашык адамга карата;
6) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон адамга карата;
7) айыпкерге, кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;
8) пайда табуу максатында же жалданып жасалганда, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса, же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор залал келтирсе, болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде барымтага кармаган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-мартындагы № 83

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

228-статья. Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо

(1) Адамдардын өлүмүнө, олуттуу мүлктүк зыянга, коомдук иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга же болбосо башка оор кесепеттердин келип чыгышына коркунуч келтирүүчү даярдалып жаткан, өрттөө же башка аракеттер жөнүндө билип туруп жалган маалымат билдирилгенде, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндөгү айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар ири зыян алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн бир миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар өзгөчө ири зыян алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн он миңден жыйырма беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда укук бузуу жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашкан зыян - ири, ал эми эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан зыян - өзгөчө ири зыян деп таанылат.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

229-статья. Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу

(1) Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуун (бирикме, отряд, дружина же башка топ)
түзүү, ошого тете мындай кошуунга жетекчилик кылуу, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Куралдуу кошуунга катышканда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде мыйзамсыз түрдө түзүлгөн куралдуу кошуунга катышууну токтоткон жана куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 3-августундагы № 180

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

230-статья. Бандитчилик

(1) Граждандарга же уюмдарга кол салуу максатында уюмдашкан туруктуу куралдуу топту (банданы) түзүү, мындай топко (бандага) жетекчилик кылуу, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Куралдуу топко (бандага), ошого тете банда тарабынан жасалган кол салууларга катышканда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

231-статья. Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу

(1) Оор же өтө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу шериктик (кылмыштуу уюм) түзүү, ошого тете мындай шериктикке (уюмга) же ага кирген структуралык кичи бөлүмдөргө жетекчилик кылуу, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан кылмыштуу топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүү, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Кылмыштуу шериктикке (кылмыштуу уюмга) катышканда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

232-статья. Аба же суу транспортун, болбосо темир жолдогу кыймылдуу курамды айдай качуу

(1) Аба же суу транспортун, болбосо темир жолдун кыймылдуу курамын айдай качуу, ошого тете мындай кемени же курамды айдай качуу максатында ээлеп алуу, -
төрт жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу болгон зомбулук көрсөтүү, болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу;
3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн же курал катары пайдаланылган нерселерди колдонуу менен жасалса;
4) коомчулукту коркутуу, же жеке жана юридикалык жакты, эл аралык уюмду же мамлекетти кандайдыр-бир аракетти жасоого мажбурлоо же андан баш тартуу максатында жасалганда, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, болбосо байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 3-августундагы № 180,

2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

233-статья. Массалык тартипсиздиктер

(1) Зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралды, жардыруучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү пайдалануу менен, ошондой эле бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолгон массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, -
сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган массалык тартипсиздиктерге катышканда, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке чакырык жасаганда, ошого тете граждандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык жасалганда, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

234-статья. Хулиганчылык

(1) Хулиганчылык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, ошого тете мүлктү жок кылам же зыянга учуратам деп коркутуу менен коштолгон, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо жүз сексенден эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Хулиганчылык:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;
3) жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо;
4) башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү, аны жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгондо, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Хулиганчылык:

1) (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) курал колдонуу же курал-жарак, болбосо курал катары пайдалануучу нерселерди колдоном деп коркутуу менен коштолгондо;
3) коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга, же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалганда, -
төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2013-жылдын 30-июлундагы №

169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

235-статья. Вандализм

Имараттарга же башка курулуш жайларга коомдук адеп-ахлакка одоно шек келтирген уят сөздөрдү жазуу, коомдук транспорттогу же башка коомдук жайлардагы мүлктү бүлүндүрүү, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо жүз сексенден эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы № 158, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

236-статья. Кен, курулуш, жарылуу коркунучу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу

(1) Кен, курулуш же жарылуу коркунучу бар жумуштарды жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу, эгерде ал байкабастыктан саламаттыкка анча оор эмес залал келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

236-1-статья. Сапатсыз курулуш

1. Сапатсыз курулган, аягына чейин бүткөрүлбөгөн же келишимдин жана долбоордук документтердин шарттарына ылайык келбеген имараттарды жана курулмаларды, электр станцияларды, турак үйлөрдү же башка курулуш объекттерин ишке чегилүүчү, курулуш уюмунун жетекчиси жана курулуштун сапатына көзөмөлдү жүзөгө ашырган кызмат адамы тарабынан эксплуатациялоого берүү жана (же) кабыл алуу, ошого тете жумуштарды жүргүзүүчүлөр тарабынан алардын сапатсыз ремонту, эгерде бул байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирсе, -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

237-статья. Жарылуучу, тез күйгөн заттарды жана пиротехникалык жасалгаларды каттоо, сактоо, ташуу жана пайдалануу эрежелеринин бузулушу

Жарылуучу, тез күйгөн заттарды жана пиротехникалык жасалгаларды каттоо, сактоо, ташуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу, ошондой эле бул заттарды почта аркылуу же жүк менен мыйзамсыз жөнөтүү, эгерде бул жосундар байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирсе же өлүмүнө алып келсе, -
бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү
укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 182, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

238-статья. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу

(1) Өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышына жооптуу адам тарабынан бул эрежелердин бузулушунун кесепетинен өрт чыгып, саламаттыкка жеңил же анча оор эмес залал келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
эки жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

239-статья. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз колдонуу

(1) Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, пайдалануу, бирөөгө берүү, сатуу же бузуу, -
жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
((2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан жасалса, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор
кесепеттерге алып келсе, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 3-августундагы № 180

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

240-статья. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап талап кылуу

(1) Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап талап кылуу,-
эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан;
3) адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирилбеген зомбулук колдонуу менен, же мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Радиоактивдүү материалдарды уурдаганда же опузалап талап кылганда адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген, зомбулук менен, болбосо уюшкан кылмыштуу топ же кылмыштуу шериктик, же уурдагандыгы же опузалап талап кылгандыгы үчүн эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

241-статья. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү

(1) Ок атуучу куралдарды (мергенчинин сайсыз мылтыгынан башка жана алардын ок-дарыларынан башка), ошондой эле, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз алуу, бирөөгө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар, адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалса, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ок атпоочу, газ атуучу куралдарды, денени жабыркатуучу патрон менен атуу үчүн арналган сайсыз куралды анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз сатып алганда, сатып өткөргөндө же алып жүргөндө, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыяры менен тапшырган адамдын аракетинде кылмыштын башка курамы болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Ушул статьяда, ошондой эле ушул Кодекстин 242-статьясында көрсөтүлгөн буюмдарды адамды кармаган учурда, ошондой эле аларды табуу жана тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү деп таанылышы мүмкүн.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2011-жылдын 27-октябрындагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

242-статья. Куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо

(1) Ок атуучу куралды мыйзамсыз оңдоо (мергенчилик сайсыздан башка) же даярдоо, ага тете ок-дарыларды, жардыргыч заттарды же колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же эки жылга чейинки түзөтүү иштерине же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ок атуучу куралдын конструкциясын удаа атууну жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүгүнө алып келген мыйзамсыз өзгөртүү же болбосо куралдын стандарттык талаптарга жооп бербеген, ошондой эле атууну сайсыз же болбосо газ куралынан сайлуу куралдан атуу үчүн арналган патрондор менен жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү жалпы узундугун кыскартуу, -
эсептик көрсөткүчтүн миңге чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Денени жабыркатуучу патрон менен атуу үчүн арналган газ атуучу, сайсыз куралды, ок атпоочу куралдарды, анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз даярдоо, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Эгерде анын аракеттеринде башка кылмыш иштери болбосо, ушул статьяда көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырып берген адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
(5) жалындоо үчүн түзүлүшү (запалы) бар күйүүчү аралашма куюлган сыйымдуулуктарды даярдоо, сатып алуу, сактоо сатып өткөрүү, ташуу же алып жүрүү, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2014-жылдын 25-октябрындагы

№ 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

243-статья. Ок атуучу куралдарды этиятсыз сактоо

Ок атуучу курал этиятсыз сакталып, башка бирөөнүн пайдалануусу үчүн шарт түзүп, бул оор кесепеттерге алып келсе, -
жүз алтымыштан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

244-статья. Куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо боюнча милдетти талаптагыдай аткарбоо

Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо тапшырылган адам өз милдетин талаптагыдай аткарбаса, эгерде ал алардын
уурдалышына же жок кылынышына, болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе,
-
беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

245-статья. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу

(1) Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо болбосо опузалап талап кылуу, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) ок атуучу курал, ок-дарылар же жарылуучу заттар ага кызмат абалына байланыштуу же сактоого берилген адам тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар адамдын өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу болгон зомбулук колдонуу менен, же кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-Глава

Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар

246-статья. Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү

(1) Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды анча чоң эмес өлчөмдөрдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле аракеттер үчүн администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалса, -
жүздөн эки жүз кырк саатка чейинки коомдук жумуштарга тартууга же элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар баңги заттары менен байланышкан ар кандай кылмышты мурда жасаган адам тарабынан жасалса, -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо, -
эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле жосундар, эгерде алардын предмети өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттары болсо, -
үч миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмеси, ал эми ушул статья боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка статьялары боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ушул статьяда каралган кылмышты жасаган, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшогондорду ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшогондорду мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларга бөгөт коюуга, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштуу жол менен табылган мүлктү табууга активдүү көмөктөшкөн адам бул кылмыш үчүн кылмыш- жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшогондорду адамды кармаган, ошондой эле аларды табуу жана алуу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзгөн учурда ыктыярдуу өткөрүп берүү деп таанылышы мүмкүн эмес.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

247-статья. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү

(1) Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү, -
төрт жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) ири өлчөмдө;
3) жашы жетпегендиги мурда белгилүү болгон адамга карата 18 жашка чыккан адам тарабынан;
4) мурда баңги каражаттары менен байланышкан ар кандай кылмыш жасаган адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жалдын он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам тарабынан;
3) он төрт жашка чыга электиги мурда белгилүү болгон адамга карата;
4) өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

248-статья. Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу

(1) Уурдоо же опузалап талап кылуу жолу менен баңгилик каражаттарга же психотроптук заттарга мыйзамсыз ээ болгондо, -
мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Эгерде ошол эле жосундар:
1) мурда уурулук же опузалап талап кылуу үчүн соттолгон адам тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
3) баңгилик каражаттар же психотроптук заттар кызматтык абалына байланыштуу же кайтарууга ишенилип берилген адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун же ири өлчөмдө жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар же өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

249-статья. Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонууга тартуу

(1) Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонууга тартуу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Эгерде ушул эле жосун:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
2) жашы жетпегендерге же эки же андан ашык адамга карата жасалса;
3) күч колдонуу менен же күч колдонуу коркунучу алдында жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

250-статья. Баңги заттарын камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү

(1) Өстүрүүгө тыюу салынган, баңги заттарын камтыган өсүмдүктөрдү анча чоң эмес өлчөмдөрдө айдоо же өстүрүү, ошол эле аракеттер үчүн администрациялык жаза колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталап жасалса, -
жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки
мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ири өлчөмдөрдө же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан же баңги каражаттары менен байланышкан ар кандай кылмыш мурда жасаган адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар, өзгөчө ири өлчөмдөрдө жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: Ушул статьянын максатында баңги заттарын камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

251-статья. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу

(1) Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, эсепке алуу, берүү, сатып өткөрүү, сатуу, бөлүштүрүү, ташуу, жөнөтүү, сатып алуу, пайдалануу, алып келүү, алып чыгуу эрежелерин бузуу же болбосо атайын контролдо турган баңги каражаттарын же психотроптук заттарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу аспаптарды же жабдууларды жок кылуу алардын жоголушуна алып келсе, эгерде мындай жосун көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо анын милдетине кирген адам тарабынан жасалса,
-
жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосун карасанатайлык максатта же болбосо баңги каражаттары менен байланышкан ар кандай кылмыштарды мурда жасаган адам тарабынан
жасалса, же болбосо байкабастыктан адамдын ден соолугуна залал келтирсе же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

252-статья. Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү

(1) Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү, же ошол эле максаттар үчүн жай берүү, -
эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

253-статья. Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды алууга укук берген рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүү же окшотуп жасоо

Баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды алууга укук берген рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүү же окшотуп жасоо, -
бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

254-статья. Күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз жүгүртүү

(1) Өткөрүү максатында баңгилик каражаттар же психотроптук заттар болуп саналбаган күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды, же аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле мыйзамсыз өткөрүү, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар
уюшкан кылмыштуу топ тарабынан же ири өлчөмдө жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) күчтүү таасир тийгизүүчү же уулуу заттарды өндүрүү, алуу, сактоо, каттоо, берүү, ташуу, же жөнөтүү эрежелерин бузганда, эгерде ал алардын уурдалышына же башка олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

255-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү жана өткөрүү

(1) Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды белгиленген талаптарды бузуу менен өндүрүү жана (же) өткөрүү, эгерде мындай иштин натыйжасында байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе -
келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе,
-
үч миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга
же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөөгө же болбосо белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө укугунан же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же эки жылдан беш жылга чейинки эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

256-статья. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

(1) Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу адамдардын массалык түрдө ооруп калышына же ууланышына алып келсе, -
эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же беш жүздөн эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

257-статья. Адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо

(1) Адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына же айлана-чөйрө үчүн коркунуч келтирген окуялар, фактылар же кубулуштар жөнүндө маалыматтар менен калкты камсыз кылууга милдеттүү болгон адам тарабынан алар жашырылганда же бурмаланганда, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же
белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар мамлекеттик жооптуу кызмат адамдары, ошого тете жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан жасалса, жосундун натыйжасында адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе же башка оор кесепеттер келип чыкса, -
эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

258-статья. Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү

(1) Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүргөндө же сатканда, же кызмат көрсөткөндө, ошого тете товарлардын, иштердин же көрсөтүлгөн кызматтардын коопсуздук талаптарына ылайык келерлигин күбөлөндүргөн расмий документ укукка ылайыксыз берилгенде же пайдаланылганда, эгерде бул жосундар байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, эгерде алар:
1) жаш балдарга арналган товарларга, иштерге же кызматтарга карата жасалса;
2) байкабастыктан эки же андан ашык адамдын саламаттыгына зыян келтирсе;
3) байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан улам эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
төрт жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

259-статья. Граждандардын инсанына жана укуктарына кыянаттык келтирүүчү бирикмелерди уюштуруу

(1) Иши граждандарга зомбулук кылуу же алардын саламаттыгына башкача зыян келтирүү менен коштолгон, болбосо граждандарды өздөрүнүн граждандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка укукка жат иш-аракеттерди жасоого ниеттендирүү менен коштолгон диний уюмдарды же коомдук бирикмелерди уюштуруу, ошого тете мындай бирикмелерге жетекчилик кылуу, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Көрсөтүлгөн бирикмелердин ишине катышканда, ошого тете ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундарды пропагандалаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

259-1-статья. Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок же лотерея жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын жана лотереяларды өткөрүү

1. Лотерея, кумар оюндарын оюн-зоок жабдууларын пайдалануу, же болбосо маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу менен уюштуруу, өткөрүү, -
эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүндөгү айып менен же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
2. Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш миң өлчөмүндө айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ошол эле жосундар:
1) адам тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;
2) адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүү боюнча;
3) уюшкан кылмыштуу топ же кылмыштуу шериктик тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен бештен он жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьянын колдонулушу мамлекеттик, кесиптик жана кызыктыруучу лотереялардын ишине жайылтылбайт.

(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2017-жылдын 10-майындагы № 79

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

260-статья. Сойкулук жасоого тартуу

(1) Күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен сойкулук жасоого тартуу, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар жашы жете элек адамга карата жасалганда, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, -
он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126,

2014-жылдын 18-июнундагы № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

261-статья. Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү

(1) Башка адамдардын сойкулук жасоосун уюштурууга багытталган, ага тете эле сойкулук жасоо үчүн жайларды күтүүгө багытталган жосундар же сойкулук жасоо үчүн жайларды туруктуу берүү, -
беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан;
2) зордук кылуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса,-
эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар жашы жете элек адамды азгырып тартуу менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ошол эле жосундар жаш адамды азгырып тартуу менен жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145,

2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

262-статья. Порнографиялык буюмдарды жасоо же сатуу

Сатуу, жайылтуу же рекламалоо максатында порнографиялык чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды даярдоо, ошондой эле аларды сатуу же сатуу максатында сактоо, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

262-1-статья. Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш- чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу

(1) Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосун, -
сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун:
1) ата-эне же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам, ошого тете ага мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемелердин башка кызматкерлери тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) жаш балага карата жасалганда, -
сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

263-статья. Өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо

(1) Өлгөн адамдын денесин мазактаганда жана көрүстөн жайларын, мүрзөнүн үстүндөгү курулуштарды жок кылганда, зыянга учуратканда же ыпыластаганда, ошого тете бейиттин ичиндеги же үстүндөгү буюмдарды уурдап кеткенде, -
жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) эгерде ошол эле жосундар адамдардын тобу тарабынан жасалса, - үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

264-статья. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле

Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасаганда, бул алардын өлүмүнө же жаракат алышына алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, болбосо жүз жыйырма сааттан жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-Глава

Экологиялык кылмыштар

265-статья. Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу

Өнөр жай, чарба, илимий жана башка объектилерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга берүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелеринин сакталышы үчүн жооптуу болгон адамдар тарабынан бул эрежелердин бузулушу, эгерде ал радиоактивдүү чөйрөнүн олуттуу өзгөрүшүнө, адамдардын саламаттыгына зыян келтирүүгө, жаныбарлардын жапырт өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

266-статья. Экологиялык коркунучтуу заттарды жана таштандыларды чыгаруу эрежелерин бузуу

(1) Радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттар жана таштандылар эрежелерди бузуу менен ташылганда, көмүлгөндө же зыянсыздандырылганда, эгерде бул жосундар адамдын саламаттыгына же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүү коркунучун түзсө, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар айлана-чөйрөнүн булганышына, ууланышына же зыяндуу абалга алып келсе, адамдын саламаттыгына зыян келтирсе же малдын текши кырылышына алып келсе, ошого тете экологиялык кырсык болгон зонада же өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан
улам адамдардын текши ооруп калышына же адамдын өлүмүнө алып келсе, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

267-статья. Микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же уулуу заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу

(1) Микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же токсиндерди колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуудан улам адамдардын саламаттыгына зыян келтирилсе, эпидемиянын, эпизоотиянын таралышына, болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

268-статья. Өсүмдүк илдеттерине же зыянкечтерине каршы күрөшүү үчүн белгиленген эрежелерди бузуу

Өсүмдүк илдеттерине же зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүү үчүн белгиленген эрежелерди бузуу оор кесепеттерге алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөөгө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

269-статья. Ветеринардык эрежелерди бузуу

Ветеринардык эрежелерди бузуу эпизоотиянын таралышына, малдын текши кырылышына же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

270-статья. Токойду жана башка жаратылыш объектилерин жок кылуу же аларга зыян келтирүү

(1) Отко же башка чоң коркунуч келтирүүчү нерселерге кайдыгер мамиле жасоонун натыйжасында токой же башка жаратылыш объектилери жок кылынса же зыянга учураса, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Өрттөп жиберүү менен же башка жалпы коркунучтуу ыкма менен токойду, чым көңдү же башка жаратылыш объектилерин жок кылганда же зыянга учуратканда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

271-статья. Сууларды булгоо

(1) Көлмөлөрдү (жер үстүндөгү же жер астындагы сууларды) агынды суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана таштандылардын жана калдыктардын башка түрлөрү, ошондой эле балыкты жана суу жаныбарларын кармоого тыюу салынган куралдар менен булгоо же ылайлоо калктын саламаттыгына, суу ресурстарынын жана суу жаныбарларынын абалына зыян келтирсе же башка оор кесепеттерге алып келсе -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301, 2013-жылдын 25-февралындагы №

35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

272-статья. Атмосфераны булгоо

(1) Булганыч заттарды атмосферага чыгаруунун эрежелерин бузуу же жасалгаларды, курулуштарды жана башка объектилерди пайдаланууну бузуу абанын булганышына же башка табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар адамдын саламаттыгына зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

273-статья. Жерди бузуу

(1) Уу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоодо, пайдаланууда жана ташууда аларды колдонуу эрежелерин бузуудан улам чарбалык же башка иштердин зыяндуу продукциялары менен жердин ууланышы, булганышы же башка бузулушу адамдын саламаттыгына же жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
(2) Жерди рекультивациялоо эрежелерин аткарбоонун кесепетинен кыртыштын күрдүү катмарынын бузулушу же жок кылынышы, эгерде бул өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада же экологиялык кырсык болгон зонадагы жерлердин айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз болуп калышына алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

274-статья. Экологиялык эрежелерди бузуунун кесепеттерин жоюу боюнча чара көрбөө

Экологиялык булганууга дуушар болгон жерлерге дезактивациялык же башка калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүдөн качуу же аларды туура эмес жүргүзүү оор кесепеттерге алып келсе, -
Эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө, же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

275-статья. Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

Кен ишканаларын же пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга берүүдө жана пайдаланууда жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелеринин бузулушу, ошого тете пайдалуу кен байлыктары жаткан аянтка өз алдынча курулуш курганда ал жосундар кыйла зыян тартууга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

276-статья. Балыкты жана суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо

(1) Балыкты жана суу жаныбарларын мыйзамсыз уулаганда, эгерде бул жосун:
1) ири зыян келтирилсе;
2) өзү жүргөн транспорттук сүзүүчү каражаттарды, жардыргыч жана химиялык заттарды, электр тогун же аларды кырып жок кылуучу башка ыкмаларды колдонуу менен жасалса;
3) урук таштаган жерлерде же ага бараткан миграциялык жолдордо жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн эки миңден беш миңге чейинки өлчөмүндөгү айып же үч
жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ушул эле жосун кызматтык абалды пайдалануу менен же болбосо мамлекеттик коруктун, өзгөчө коруктун аймагында же экологиялык кырсык болгон зонада же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, же болбосо адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүү боюнча жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

276-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты сатып өткөрүү, сатуу максатында алып чыгуу, ташуу, сатып алуу

(1) Мыйзамсыз кармалган балыкты жана андан жасалган продукцияны жана икраны сатып өткөрүү, сатуу максатында алып чыгуу, ташуу, сатып алуу, эгер бул иштер балыктын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүнө карата жасалса,-
беш жүздөн эки миң эсептик көрсөткүчкө чейинки ири өлчөмдө айып салынат же бир жылга чейинки түзөтүү жумуштары, же эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, эгер алар ири өлчөмдө мурдатан макулдашкан же уюшкан кылмыштуу топтогу адамдардын топтору аркылуу жасалса, -
эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат же эки жылга чейинки түзөтүү жумуштары, же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 276-1, 279-1-статьяларында кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма эсе ашса кылмыш предметинин наркы олуттуу өлчөм, ал эми эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашса - ири өлчөм деп таанылат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 199, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамыдарынын редакцияларына ылайык)

277-статья. Балык корун коргоо эрежелерин бузуу

Суу алынуучу курулуштарды жана сордуруучу механизмдерди пайдалануу, көпүрөлөрдү, дамбаларды куруу, жардыруу жана башка иштерди жүргүзүү балык корун коргоо эрежелерин бузуу менен жасалганда, эгерде бул жосундар балыктардын же башка суу жаныбарларынын текши кырылышына, тоют корунун көп өлчөмдө жок кылынышына же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

278-статья. Мыйзамсыз аңчылык кылуу

(1) Мыйзамсыз аңчылык кылуу, эгерде бул жосун:
1) ири зыян келтирүү менен;
2) механикалык транспорт каражаттарын же аба кемесин, жардыргыч заттарды, газдарды же канаттуулар менен айбанаттарды текши кыруунун башка ыкмаларын колдонуу менен;
3) аңчылык кылууга толук тыюу салынган канаттууларга жана айбанаттарга карата;
4) коруктун, атайын коруктун аймагында же экологиялык кырсык болгон зонада же өзгөчө экологиялык кырдаал түзүлгөн зонада жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса же алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

279-статья. Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу

(1) Мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлордогу же коргоо же жашылдандыруу зоналарындагы дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу, ошого тете өспөй калгандай деңгээлге чейин зыян келтирүү, эгерде бул жосундар олуттуу зыян келтирсе, ошого тете ар кандай жерлердеги өзгөчө корголуучу дарактар өспөй калганга чейинки даражада мыйзамсыз кыйылса же зыян келтирилсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат.
(2) Токойдогу дарактарды жана бадалдарды кыюу же аларга өсүшүн токтоткондой даражага чейин зыян келтирүү:
1) ири зыян келтирүүгө алып келсе;
2) кызмат абалынан пайдалануу менен жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 275, 276, 277, 278, 279-статьяларында кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма эсе ашса олуттуу өлчөмдөгү зыян, ал эми эки жүз эсе ашса
- ири өлчөмдөгү зыян деп таанылат.

КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 275 Мыйзамы менен Кодекстин расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 5-августундагы № 199,

2009-жылдын 20-ноябрындагы № 301, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

279-1-статья. Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу

(1) Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, ташуу, кайра иштетүү, сатып алуу же сатуу, -
эсептик көрсөткүчтөрдүн жети жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салуу менен жазаланат.
(2) Ошол эле жосун:

1) (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;
3) ири өлчөмдө жасалганда, -
кылмыш жасоо үчүн пайдаланылган материалдарды, кайра иштетүүчү жабдууларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосун өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен алты жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 12-февралындагы № 16, 2009-жылдын 17-декабрындагы №

309, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-Глава

Транспорт кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздугуна каршы кылмыштар

280-статья. Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу

(1) Аткарган ишине же ээлеген кызматына байланыштуу темир жол, аба, суу транспортунун кыймылынын жана/же аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттүү болгон адам тарабынан бул эрежелер бузулганда, эгерде бул жосун байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирсе же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келсе, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же бир миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч эселеген айып салууга, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ушул эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 280, 282, 283 жана 286-статьяларында кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашса - ири өлчөмдөгү зыян деп таанылат.

(КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145 редакциясына ылайык)

281-статья. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу

(1) Транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирилсе, -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен же анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор зыян келтирсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган жосун бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда транспорт каражаттары деп автомобилдердин бардык түрлөрү, троллейбустар, тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар, мотоциклдер жана башка механикалык транспорт каражаттары түшүнүлөт.
(4) Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар алкоголдук, баңгилик же башка мас абалындагы адам тарабынан жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(5) Транспорт каражатын башкаруучу адамдын жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетүүсүнүн натыйжасында жол кыймылынын катышуучуларынын саламаттыгына оор залал келтирсе же болбосо жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 6-августундагы № 131,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

282-статья. Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана аларды техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу

(1) Транспорт каражаттарынын техникалык абалы үчүн жооптуу адам тарабынан транспорт каражаттарын, жол катнашын, кабарлагыч же байланыш каражаттарын, же болбосо башка транспорт жабдууларын сапатсыз оңдоо, ошого тете техникалык жактан бузук транспорт каражаттарын атайылап пайдаланууга чыгаруу, эгерде бул байкабастыктан улам жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирүүгө же ири зыян келтирүүгө алып келсе, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосун, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
эки жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейин белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

283-статья. Транспорт каражаттарын же жол катнашын жараксыз абалга келтирүү

(1) Транспорт каражаттарын, жол катнашын, кабарлагыч же байланыш каражаттарын, же башка транспорт жабдууларын бузганда, зыян келтирүү же башка ыкма менен пайдалануу үчүн жараксыз абалга алып келгенде, ошого тете транспорт коммуникациясына бөгөт коюу байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор зыян келтирсе же болбосо ири өлчөмдө материалдык зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат болбосо бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар, байкабастыктан
эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

284-статья. Мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү

Алкоголдук, баңгилик же башка ар кандай мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга, мындай транспорт каражатын пайдалануу үчүн жооптуу адам тарабынан жол берилгенде, эгерде ал ушул Кодекстин 281-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келсе, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

285-статья. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу эрежелерди бузуу

(1) Жүргүнчү, жөө адам же жол кыймылынын башка катышуучусу тарабынан коопсуздук же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануу эрежелери бузулса, эгерде бул жапа чегүүчүнүн саламаттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирсе, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат.
(2) Ушул эле жосун, байкабастыктан бир же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо бир миңден үч миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

286-статья. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү курууда, пайдаланууда же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу

(1) Магистралдык түтүк өткөргүчтөрдү курууда, пайдаланууда же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузганда, эгерде бул жосун байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор залал келтирсе же ири зыян келтирсе, -
үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан
ажыратуу менен же андай кылбастан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул эле жосун, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар байкабастыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
төрт жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

287-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды коргоо эрежелерин бузуу

(1) Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды коргоо эрежелери бузулганда, башкача айтканда, автомобиль жолдорунда жана аларга бөлүнгөн тилкеде тиешелүү уруксатсыз жер астындагы же жер үстүндөгү коммуникацияларды өткөргөндө, оңдогондо, бул иштерди аткаруунун белгиленген шарттары жана мөөнөттөрү сакталбаганда, аркаларды, тосмолорду, материалдарды жана башка нерселерди жолго жыйнап койгондо, жол тасмасын бузганда, мунун өзү байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес залал келтирсе, -
беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, адамдын өлүмүнө алып келсе, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар:
1) эки же андан көп адамдын өлүмүнө;
2) башка оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

287-1-статья. Автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу

(1) Автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жыйырма төрт сааттан ашык узактыкка жөө жүрүүчүлөрдүн, автомобиль жана башка транспорт каражаттарынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган, жол тилкесинде адамдардын топтолушун түзүү же болбосо тосмо курулмаларды, техниканы же башка нерселерди коюу жолу менен же болбосо жол тилкесин топтолгон адамдардан бошотууга жана тосуучу курулмалардан, техникадан же башка нерселерден тазалоого тоскоолдук кылуу жолу менен атайылап жасалган аракеттер, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди уюштуруу же жетектөө, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) жабырлануучунун ден соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирүүгө;
2) ири өлчөмдөгү материалдык зыянды келтирүүгө алып келсе, -
укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) адамдын өлүмүнө;
2) өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыянды келтирүүгө алып келсе, -
укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(5) Ушул статьянын биринчи-төртүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар куралды же жалындоо үчүн түзүлүшү (запалы) бар күйүүчү аралашма куюлган сыйымдуулукту колдонуу, ошондой эле бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен жасалса, -
укук бузууну жасоонун куралы болуп саналган каражаттарды конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн беш жүз эсе ашкан зыян ушул статьяда - ири зыян, миң эсе ашкан зыян - өзгөчө ири зыян деп табылат.

(КР 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

288-статья. Эл аралык учуулардын эрежелерин бузуу

Уруксат берилген каттамдарда көрсөтүлгөн маршруттар, конуу орундары, аба дарбазаларын учуу бийиктиги сакталбаганда же эл аралык учуулардын эрежелери башкача бузулганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы № 158 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25- июнундагы № 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

28-Глава

Компьютердик маалыматтар чөйрөсүндөгү кылмыштар

289-статья. Автоматташтырылган компьютердик тутумга укуксуз кирүү

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

290-статья. ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таратуу

(1) Маалыматтарды атайылап санкциясыз жок кылууга, чыгарбоого, модификациялоого, же болбосо маалыматтарды көчүрүп алууга, ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын ишинин бузулушуна алып келүүчү ЭЭМ үчүн программаларды түзүү же болгон программаларга өзгөрүүлөр киргизүү, ошого тете мындай программалар же ушундай программалуу машиналык сактагычтар пайдаланылса же жайылтылса, -
зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же болбосо беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

291-статья. ЭЭМди, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин бузуу

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

Х БӨЛҮМ

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШ

29-Глава

Конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар

292-статья. Мамлекеттик чыккынчылык

Мамлекеттик чыккынчылык, башкача айтканда мамлекеттик жашыруун сырды ачып берүү, же болбосо чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна зыян келтирген кастык иш жүргүзүшүнө башкача жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын гражданы тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин аталган статьясында, ошондой эле 293, 295- статьяларында каралган кылмыш жасаган адам, эгерде ал бийлик органдарына ыктыярдуу жана өз убагында кабарлоо менен же башкача түрдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына андан ары зыян келтирүүнү болтурбоого көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

293-статья. Шпиончулук

Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтар чет мамлекетке, чет өлкөлүк уюмга же алардын өкүлдөрүнө берилгенде, ошого тете берүү максатында чогултулганда, уурдалганда же сакталганда, ошондой эле чет өлкөлүк чалгындын тапшырмасы боюнча башка маалыматтар Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүгө пайдалануу үчүн берилгенде же чогултулганда, эгерде бул аракеттер чет өлкөлүк же граждандыгы жок адам тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

294-статья. Мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө же ден соолугуна кол салуу

(1) Мамлекеттик же коомдук ишмерге же болбосо аны менен чогуу жашаган үй- бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук аракеттер, ошого тете анын мамлекеттик же коомдук ишин токтотуу же болбосо мындай иш үчүн өч алуу максатында мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Анын мамлекеттик же башка саясий ишин токтотуу же болбосо мындай иши үчүн өч алуу максатында жасалган мамлекеттик же коомдук ишмерди өлтүрүү, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

295-статья. Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу

Бийлик Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө салып тартып алынганда же бийлик күч менен кармалып турганда, ошого тете ушундай эле аракеттер Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгө багытталганда, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

295-1-статья. Сепаратисттик ишмердүүлүк

(1) Сепаратисттик ишмердүүлүк - бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде андан аймактын бөлүгүн ажыратууга же мамлекетти басып алуу жолу менен дезинтеграциялоого багытталган жосун, ошого тете ушул сыяктуу жосунду пландаштыруу жана даярдоо, аны жасоого көмөк көрсөтүү, ага азгыруу, ага тете сепаратисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө байланыштуу ишин токтотуу тууралу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук же диний бирикмелердин, болбосо башка уюмдун ишин жандандыруу, уюштуруу, жетектөө, аларга катышуу, -
ондон он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

296-статья. Куралдуу козголоң

Конституциялык түзүлүштү кулатуу же күчкө салып өзгөртүү же болбосо Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн бузуу максатында куралдуу козголоң уюштурулганда же болбосо ага активдүү катышканда, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

297-статья. Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо

(1) Бийликти күчкө салып тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасаганда, -
элүүдөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса, -
бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

298-статья. Диверсия

Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун же коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн кедерин кетирүү максатында же болбосо мамлекеттик органдардын ишин жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуз абалга келтирүү максатында жардырууларды, өрт коюуларды жана ишканаларды, курулуштарды, жолдорду жана кабарлоо каражаттарын, байланыш каражаттарын, калктын турмуш-тиричилигин камсыздоочу объекттерди талкалаганда же зыянга учуратууга багытталган башка аракеттерди жасаганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырмага чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

299-статья. Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу

(1) Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса, -
төрттөн жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) зомбулук кылуу же зомбулук кылам деп коркутуу менен;
2) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;
3) адамдардын тобунун же кылмыштуу шериктештиктин (кылмыштуу уюмдун)
курамында;
4) экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен алтыдан он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 60,

2013-жылдын 3-августундагы № 180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2991-статья. Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет

(1) Иш-аракети улуттук (этностор аралык), расалык, диний жана регион аралык кастыкты козутуу, улуттук кадыр-баркты басмырлоо, жарандын динге карата мамилесинин белгилери боюнча анын өзгөчөлүгүн, үстөмдүгүн же болбосо толук кандуу эместигин пропагандалоо менен коштолгон коомдук бирикмени жана диний уюмду же болбосо башка уюмду түзүү жана ага жетекчиликти ишке ашыруу, -
кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Экстремисттик иш-аракет жүргүзүүгө, ошондой эле жарандарды алардын ишине тартууга байланыштуу сот тарабынан жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка уюмдун ишин уюштуруу -
кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен алтыдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(3) экстремисттик иш-аракет жүргүзүүгө байланыштуу жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка уюмдун ишине катышуу, -
кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(4) Өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам, ошондой эле экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосун, -
кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жетиден он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Эскертүү. Экстремисттик иш-аракетти жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка уюмдун ишине катышууну ыктыярдуу түрдө токтоткон же ал мындай бирикмелердин жана уюмдардын уюштуруучуларын жана мүчөлөрүн аныктоодо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөктөшкөн адам, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 60, 2013-жылдын 3-августундагы №

180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2992-статья. Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу

(1) Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү, -
кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) кызмат абалын пайдалануу менен;
3) чет өлкөлүк, коомдук бирикмелерден жана диний уюмдардан же болбосо башка уюмдардан, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен;
4) эл алдында иш-чараларды өткөрүү учурунда;
5) экстремисттик же террористтик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет)
кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалса, -
кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жетиден он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 60, 2013-жылдын 3-августундагы №

180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

299-3-статья. Экстремисттик ишти каржылоо

(1) Экстремисттик ишти каржылоо, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүргүзүүнү каржылоого багыштоо же толук же жарым-жартылай пайдалануу ниети менен же мындай арналышын же пайдаланылышын билип туруп, ар кандай усулдар же ыкмалар менен, тикелей же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды мыйзамсыз берүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү же каражаттарды топтоону жүзөгө ашыруу, -
мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле аракет төмөнкүлөр тарабынан жасалса:
1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу;
3) уюшкан кылмыштуу топ, -
мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүүлөр.
1. Ушул статьяда экстремисттик мүнөздөгү кылмышты даярдаган же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролдугунда турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат.
2. Ушул статьяда пайдаланылган "каражаттар", "экстремисттик уюм", "экстремисттик иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
3. Экстремисттик ишти каржылоону жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

300-статья. Мамлекеттик жашыруун сырларды билдирип коюу

(1) Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтар ага кызматы же иши боюнча ишенилип берилген же ал маалыматтар белгилүү болуп калган адам тарабынан билдирилсе, мында мамлекеттик чыккынчылык же шпиондуктун белгилери болбосо, -
беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар оор кесепеттерге алып келсе, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

301-статья. Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган документтерди жоготуу

(1) Мамлекеттик жашыруун сырды билген адам мамлекеттик сырды камтыган документтерди, ошого тете маалыматтары мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн предметтерди колдонуунун белгиленген эрежелерин бузганда, эгерде бул байкабастыктан аларды жоготууга алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

302-статья. Кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында берүү же чогултуу

(1) Кызматтык жашыруун сырды түзгөн экономикалык, илимий-техникалык же башка маалыматтарды, бул маалыматтар кызматы же иши боюнча ишенилип берилген, же башка жол менен белгилүү болгон адам тарабынан чет өлкөлүк уюмдарга же алардын өкүлдөрүнө берилгенде же берүү максатында чогултулганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, мамлекеттик же коомдук уюмдарга мүлктүк ири зыян келтирсе, же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

30-Глава

Кызматтык кылмыштар

303-статья. Коррупция

(1) Коррупция - материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыгында жасалса, же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

304-статья. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу

(1) Кызмат адамы өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланса, эгерде бул жосун граждандардын же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келсе,
-
эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар өзү же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктар табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн үч миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосун:
1) өзгөчө ири зыян келтирүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;
3) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган, жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, -
эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. 1. Ушул главанын статьяларында кызмат адамдары катары туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн милдеттерин жүзөгө ашырган же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрдө уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык милдеттерди аткарышкан адамдар табылат.
2. Ушул Кодекстин статьяларында жооптуу абалды ээлеген кызмат адамдары деп Кыргыз Республикасынын Конституциясында, конституциялык мыйзамдарында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын түздөн-түз аткаруу үчүн мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар табылат.
3. Кызмат адамдарынын катарына кирбеген мамлекеттик кызматчылар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматчылары ушул Кодекстин тийиштүү статьялары боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.
4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсеге ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246,

2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012- жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3041-статья. Мамлекеттик контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү

1) Мамлекеттик контролдоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү, эгерде бул текшерүүлөр жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарына жана таламдарына доо кетирсе, -
бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же мамлекеттик контролдоочу органдарда белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2) Ошол эле жосун өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, -
үч миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосун кесепеттерге алып келсе,
-
беш миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка
же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы № 192, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2017- жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

305-статья. Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу

(1) Кызмат адамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша чапкан жана ушул Кодекстин 305-1-статьясында каралган кылмыштын белгилери болбогондо, адамдардын, юридикалык жактын укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасаса, -
бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдын үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;
2) жооптуу абалды ээлеген, кызмат адамы тарабынан;
3) зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу алдында;
4) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен;
5) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалса;
6) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында, -
жыйырма миңден отуз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 8-майындагы

150,

2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2011-жылдын 27-октябрындагы

185,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы

164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

305-1-статья. Кыйноо

(1) Кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же жасады деп шек туудурган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого аны же башка адамды мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, же кандай болбосун мүнөздөгү теңсиздикке мүнөздөлгөн кандай болбосун себеп боюнча, мындай аракет кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу боюнча же анын көрүп-билүүсү менен же ичтен макулдугу менен жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) кош бойлуу экени айыпкерге белгилүү болгон аялга, же жашы жетпегендерге карата жасалса;
2) алсыз абалда болгон адамга карата жасалса;
3) өзгөчө мыкаачылык менен жасалса;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса;
5) оор кесепеттерге алып келсе, ошого тете саламаттыгына оор залал келтирсе же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

305-2-статья. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу

Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерди кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга менчикке же убактылуу пайдаланууга берүүсү, -
беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кызмат адамы тарабынан менчигинин түрүнө карабастан жерлерди бир категориядан башка категорияга мыйзамсыз которуу (трансформациялоо) менен, анын ичинде ар кандай арналыштагы объекттерди куруу үчүн берүү максатында жердин максаттуу арналышын өзгөртүү менен жасалган ошол эле жосун, ага тете кызмат адамы тарабынан документтерге жерлерди мыйзамсыз которууга алып келген жалган маалыматтарды атайылап киргизүү, -
мүлкүн конфискациялоо жана беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кызмат адамы деп мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ишканаларда кызмат ордун ээлеген жана кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу адам таанылат.

(КР 2004-жылдын 7-мартындагы № 17, 2012-жылдын 10-августундагы №

164, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

306-статья. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу

(1) Кызмат адамы мамлекет үчүн атайылап пайдасыз контракт түзсө, ошого тете ири өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашырса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
2) уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыктарында жасалса;
3) өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
жыйырма миңден отуз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде зыяндын наркы жүздөн он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдү түзсө, ушул статьяда каралган жоруктар ири өлчөмдө жасалганда,
ал эми эгерде зыяндын наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эсептик көрсөткүчтөрдүн он миңден ашыгын түзсө - өзгөчө ири өлчөмдө деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145,

2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

307-статья. Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык- уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 8-майындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(1) Кызмат адамы менчиктештирүүгө болбой турган объектилерди менчикке берүүдөн, же болбосо салыктарды, бажы жыйымдарын же менчиктештирилүүчү объектилердин наркын төмөндөтүү, ошого тете салыктардан же бажы жыйымдарынан мыйзамсыз бошотуу, же болбосо лицензияны, белгилүү иш жүргүзүүгө атайын уруксаты, квалификациялык аттестаты (күбөлүгү) мыйзамсыз берүү аркылуу өзүнүн кызмат абалынан пайдаланганда, -
бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан жасалса, же болбосо ири зыян келтирсе, -
беш миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашса, ири өлчөмдөгү зыян деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 8-майындагы № 150,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

307-1-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимдеринде (контракт) каралган электр менен камсыздоонун чектөөлөрүн колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарбоо же болбосо турмуш-тиричиликти камсыздоонун башка булактарынан өчүрүү

(1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимдеринде (контракт) каралган электр менен камсыздоонун чектөөлөрүн колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарбоо же турмуш-тиричиликти камсыздоонун башка булактарынан өчүрүү кызмат адамы, ошого тете коммерциялык же башка уюмда башкаруу функциясын аткарган адам тарабынан жасалса, эгерде бул байкабастыктан ири зыян келтирүүгө, саламаттыгына оор зыян келтирсе же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же эки жылга чейин эркиндигин чектөөгө же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

308-статья. Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

(1) Кызмат адамы тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) ири өлчөмдө жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

308-1-статья. Мыйзамсыз баюу

(1) Ал жүйөөлүү негиздеп бере албаган кызмат адамынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен олуттуу көбөйүшү, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) ири өлчөмдө;
2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн үч миң эсе ашкан акчалардын суммасы, баалуу кагаздардын, башка мүлктүн наркы, же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда активдеринин олуттуу көбөйүшү деп таанылат.
Эгерде кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан акчалардын суммасы, баалуу кагаздардын, башка мүлктүн наркы, же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

309-статья. Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу

Мыйзамда белгиленген тыюу салууга карабай кызмат адамы ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырган уюмду уюштурса, же болбосо мындай уюмду жеке өзү же ишенимдүү адам аркылуу башкарса, эгерде бул жосундар мындай уюмдарга жеңилдиктер жана артыкчылыктар берүү же башка формада колдоо көрсөтүү менен байланышса, -
эсептик көрсөткүчтүн бир миңден эки миңге чейинки чейинки өлчөмүндө айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

310-статья. Паралап сый берүү

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

311-статья. Паралап сатып алуу

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

312-статья. Кызмат бергендиги үчүн пара алуу

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

313-статья. Опузалап пара талап кылуу

(1) Кызмат адамы берүүчүнүн кызыкчылыктарында анын мыйзамдуу укуктарын бузган өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткарганы же аткарбаганы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кызмат адамы жеке өзү же ортомчулар аркылуу опузалап талап кылганда, ошого тетеё аны өзүнүн укук тарабынан корголгон кызыкчылыктарына зыян келтирген кесепеттер келип чыгышынын алдын алуу максатында пара берүүгө мажбур болгондой шарттарга койгондо, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын жыйырма эседен отуз эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Опузалап пара талап кылуу:
1) ири өлчөмдө;
2) жооптуу кызмат адамы тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн кырк миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын кырк эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. 313, 313-1, 313-2 жана 314-статьяларда кылмыш жасалган учурга
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жүз
эсе ашкан акчалардын суммасы, баалуу кагаздардын, башка мүлктүн наркы, же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда ири өлчөмдөгү пара алуу деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

313-1-статья. Пара алуу

(1) Эгерде мындай аракет (аракетсиздик) кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе же болбосо кызматтык абалына байланыштуу ушундай аракетке (аракетсиздикке) көмөк көрсөтүшү мүмкүн болсо, кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу акчалай, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүүчүнүн же анын өкүлү болгон адамдардын пайдасына жасаган аракет (аракетсиздик) үчүн пара алуу, ошого тете кызмат боюнча колдоочулук же билип туруп жол берүү, -
эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын беш эседен он эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Мыйзамсыз аракети (аракетсиздиги) үчүн кызмат адамы, чет өлкөлүк кызмат адамы же эл аралык уюмдун кызмат адамы пара алса, -
эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын он эседен жыйырма эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар:
1) мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат ордун бергендиги үчүн;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан;
3) ири өлчөмдө жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Эгерде ушул статьянын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
1. 313-1 жана 314-статьяларда кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир миң
өлчөмүнөн ашкан акчанын суммасы, баалуу кагаздардын наркы, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда өзгөчө ири өлчөмү пара алуу деп таанылат.
2. Ушул Кодекстин статьяларында чет мамлекеттин мыйзам чыгаруу, аткаруу, администрациялык же сот органында кандайдыр бир кызмат ээлеген дайындалган же шайланган адам же чет мамлекет үчүн, анын ичинде мамлекеттик ведомство же ишкана үчүн кандайдыр бир функция аткарган адам чет өлкөлүк кызмат адамы деп түшүнүлөт.
3. Эл аралык жарандык кызматчы же мындай уюмдун атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген адам эл аралык уюмдун кызмат адамы деп түшүнүлөт.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

313-2-статья. Пара алуудагы ортомчулук

(1) Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча түздөн-түз пара берүү (пара алуудагы ортомчулук), -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен пара алуудагы же ири өлчөмдө пара алуудагы ортомчулук, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү:
1. Пара алуу же башка адамга пара берүү жөнүндө макулдашууга жетишүүгө жана аны жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адам ортомчу-көмөкчү деп таанылат.
2. Пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу-көмөкчү болуп саналган адам, эгерде ал бул тууралуу кылмыш ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу түрдө билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

314-статья. Пара берүү

(1) Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызмат адамы кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү, -
эсептик көрсөткүчтүн эки миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) ири өлчөмдө;
2) атайылап мыйзамсыз аракетти (аракетсиздикти) жасоо үчүн;
3) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында, -
эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Эгерде ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү менен каралган жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгында;
2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. 1.(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Пара берген адам, эгерде кызмат адамы тарабынан опузалап пара талап кылуу жасалса, же адам алдыдагы пара берүү жөнүндө кылмыш-жаза ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 57, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

315-статья. Кызматтык жасалмачылык

(1) Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматчы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын , анын ичинде кызматтык адам болуп саналбаган, кызматчысы расмий документтерге жалган маалыматтарды атайылап киргизсе, мындай документтерге алардын чыныгы мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизсе, эгерде бул жосундар жеке пайда көздөп же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалса, ошондой эле менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалса -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн төрт миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 8-майындагы № 150,

2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3151-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү

(1) Кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматчы же кызмат адамы болуп саналбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчысы тарабынан документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө же иштин белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.
(2) Кызматка ак ниетсиз же кош көңүл мамиледен улам кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан өзүнүн милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда, эгерде ал Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга мыйзамсыз берүүгө же Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейин мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2016-жылдын 2-августундагы №

162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

316-статья. Шалаакылык

(1) Шалаакылык, башкача айтканда кызматка ак ниетсиз же көңүл кош мамиле жасоонун кесепетинен кызмат адамы тарабынан өз милдеттерин аткарбоо же ойдогудай эмес аткаруу, эгерде бул жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарына ири зыян же укук бузууларды алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки чейинки өлчөмүндө айып салынат, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, байкабастыктан, адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген жосун, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда ири зыян деп кылмыш жасаган учурга карата
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн мин эсе ашып кеткен зыян эсептелет.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 274,

2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2012-жылдын 10-августундагы № 164

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-Глава

Сот адилеттигине каршы кылмыштар

317-статья. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

(1) Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук жасоо максатында сот ишине ар кандай түрдө кийлигишкенде, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жасалса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

318-статья. Тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу

(1) Ишти ар тараптан, толук объективдүү тергөөгө тоскоолдук кылуу максатында ар кандай түрдө прокурордун, тергөөчүнүн ишине кийлигишкенде, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар!

КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамы менен 318-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

318-1-статья. Коргоочулардын кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

(1) Коргоочунун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 48- статьясында каралган укуктарын ишке ашырууга жана милдеттерин аткарууга ар кандай түрдө тоскоолдук кылуу -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке жак тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосунду жасоо -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө, болбосо белгилүү бир иште иштөө укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 141, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

319-статья. Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырган адамды өлтүрүү

Судьяны, сот арачысын, прокурорду, тергөөчүнү, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын кызматкерин, актоочуну, экспертти, сот аткаруучусун, ага тете эле алардын жакын адамдарын ишти же материалдарды сотто кароого, тергөө жүргүзүүгө же болбосо өкүмдү, соттун чечимин же башка сот актысын аткарууга байланыштуу өлтүрүү, аталган адамдардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук келтирүү максатында же болбосо мындай иш үчүн өч алуу үчүн жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234,

2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

320-статья. Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо

(1) Иштерди же материалдарды сотто кароого байланыштуу судьяга, сот арачысына же сот адилеттигин аткарууга катышкан башка адамдарга, ошого тете алардын жакындарына карата өлтүрөм, саламаттыгына зыян келтирем же мүлкүңө зыян келтирем же жок кылам деп коркутканда, -
эки жүздөн жети миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар тергөө жүргүзүүгө, иштерди же материалдарды сотто кароого же болбосо соттун өкүмүн, чечимин же башка сот актысын аткарууга байланыштуу прокурорго, тергөөчүгө, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын кызматкерине, коргоочуга, экспертке, адиске, сот аткаруучусуна, ошого тете алардын жакындарына карата жасалса, -
эки жүздөн жети миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айып салууга, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү менен жасалса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен жасалса, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234,

2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

321-статья. Сотту урматтабоо

(1) Соттук териштирүүнүн катышуучуларын маскаралоо менен сотту урматтабаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар судьяны же сот адилеттигин аткарууга катышкан заседателди маскаралоо менен жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

321-1-статья. Кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо

(1) Тергөөчү, прокурор тарабынан кылмыш белгилери, ошондой эле кылмыш- жаза ишин козгоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган себептер жана жетиштүү негиздер жок болгондо кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо, -
үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Оор жана өзгөчө оор кылмыштын белгилери боюнча кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо менен байланышкан ошол эле жосун, -
беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалганда, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

322-статья. Күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу

(1) Күнөөсүз экендиги белгилүү адамды тергөө, прокуратура органдарынын кызматкери кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартканда, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, оор же өзгөчө оор кылмыш жасаган деген айыптоо
менен коштолсо, ошондой эле менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалса, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 246 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

323-статья. Кылмыш-жаза ишин козгоодон мыйзамсыз баш тартуу

Кылмыш-жаза ишин козгоодон атайылап мыйзамсыз баш тартылса, ошондой эле тергөөчү, прокурор тарабынан кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш мыйзамсыз кыскартылса, бул коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Көңүл буруңуздар!

КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамы менен 323-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

324-статья. Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу

(1) Атайылап мыйзамсыз кармаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Атайылап мыйзамсыз камакка алганда же камакта кармаганда, - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар оор кесепеттерге алып келсе, ошондой эле менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалса, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 246 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

325-статья. Көрсөтмөлөрдү берүүгө мажбурлоо

(1) Тергөө жүргүзгөн адам же алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын кызматкери тарабынан коркутууну, шантажды же башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу жолу менен шектүүнү, айыпкерди, жабырлануучуну, күбөнү көрсөтүүлөрдү берүүгө же болбосо экспертти, адисти корутунду же көрсөтүүлөрдү берүүгө мажбурлаганда, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, суралып жаткан адамга зомбулук көрсөтүү, кордоо менен коштолсо, -
эки жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар оор кесепеттерге алып келсе, -
жети жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91,

2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

326-статья. Далилдерди жасалмалоо

(1) Ишке катышкан адам, же анын өкүлү тарабынан граждандык иш боюнча далилдер жасалмалаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин айып салууга жазаланат.
(2) Алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын кызматкери, тергөөчү, прокурор же актоочу тарабынан кылмыш-жаза иши боюнча далилдер жасалмаланганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Оор же өзгөчө оор кылмыш-жаза иши боюнча далилдер жасалмаланганда, ошого тете далилдерди жасалмалоо оор кесепеттерге алып келсе, же болбосо менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246,

2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

327-статья. Пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү

Пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү, башкача айтканда кылмыш жасоонун жасалма далилдерин түзүү же болбосо опуза кылуу максатында коммерциялык же башка уюмда башкаруу милдеттерин аткарган кызмат адамына анын макулдугусуз акча, баалуу кагаздар, башка мүлктү берүүгө, же мүлк мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүгө далалат жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

328-статья. Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу

(1) Судья (сот) тарабынан атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, эркиндигинен ажыратууга мыйзамсыз өкүм чыгаруу
менен байланышса же башка оор кесепеттерге алып келсе, же болбосо менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга -
үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 246 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

329-статья. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо

(1) Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасалганда, - беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка
же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун:
1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыптоо менен жасалганда:
2) айыптоонун жасалма далилдерин түзүү менен коштолгондо;
3) пайда табуу ниетинде жасалганда;
4) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун)
кызыкчылыктарында жасалганда, -
бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2014-жылдын 17-майындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

330-статья. Атайылап жалган көрсөтмөлөрдү берүү, эксперттин, адистин жалган корутунду чыгаруусу же туура эмес которуу

(1) Күбө, жабырлануучу атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергенде, же болбосо эксперт жалган корутунду чыгарганда же көрсөтмө бергенде, адис жалган
көрсөтмө бергенде, ошого тете сотто, же болбосо тергөөдө атайылап туура эмес которуу, -
сексенден бир жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга, же эки жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, адамды оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен байланыштырылса, -
беш жүздөн беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде күбө, жабырлануучу, эксперт, адис же тилмеч тергөөнүн же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттун өкүмү же соттун чечими чыкканга чейин алар берген көрсөтмөлөрдүн, корутундулардын жалгандыгы же атайылап туура эмес которуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө билдиришсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25- июнундагы № 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар!

КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамы менен 330-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

331-статья. Күбөнүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрдү берүүдөн же эксперттин корутунду берүүдөн баш тартуусу

Сот заседаниесинде же болбосо тергөө жүргүзүүдө күбө же жабырлануучу көрсөтмөлөрдү берүүдөн же эксперт корутунду берүүдөн баш тартса же качса, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салынат.
Эскертүү. Өзүнө, өзүнүн жубайына же өзүнүн жакын туугандарына (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, неберелери) каршы көрсөтмөлөрүн берүүдөн баш тарткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2012-жылдын 8-майындагы № 48,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

332-статья. Көрсөтмөлөрдү берүү же көрсөтмөлөрдү берүүдөн качуу, же болбосо туура эмес которуу үчүн паралап сатып алуу же мажбурлоо

(1) Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүү максатында же болбосо экспертти, адисти жалган корутунду берүү максатында, ошого тете котормону туура эмес жүзөгө ашыруу максатында тилмечти паралап сатып алуу, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө, экспертти, адисти жалган корутунду берүүгө же тилмечти туура эмес которууну жүзөгө ашырууга мажбурлаганда, ошого тете көрсөтүлгөн адамдарды көрсөтмөлөрдү берүүдөн качууга мажбурлаганда, опуза кылганда, өлтүрөм деп коркутканда мунун өзү
адамдардын же алардын жакындарынын саламаттыгына залал келтирүү, мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолсо, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган аракеттер, көрсөтүлгөн адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтүү менен жасалса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан же болбосо көрсөтүлгөн адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жасалса, -
үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

333-статья. Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу

Тергөөнүн маалыматтары, мыйзамда белгиленген тартипте аларды ачыкка чыгарууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертилген адам тарабынан ачыкка чыгарылса, эгерде ал прокурордун, тергөөчүнүн макулдугусуз жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар!

КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамы менен 333-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

334-статья. Судьяга жана кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу

(1) Судьяга же сот адилеттигин аткарууга катышкан башка адамга, сот аткаруучусуна, жабырлануучуга, күбөгө, кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларына карата, ошого тете алардын жакындарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылганда, эгерде мындай жосун бул маалыматтар ишенилип берилген же анын кызматтык иши боюнча белгилүү болгон адам тарабынан жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

335-статья. Тизмелөөгө же камак салууга алынган же болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер

(1) Тизмелөөгө же камак салууга алынган мүлктү ысырапка учуратканда, ээликтен ажыратканда, жашырганда же мыйзамсыз бергенде, бул мүлк ишенилип берилген адам тарабынан жасалса, ошого тете кредиттик уюмдун кызматчысы
камак салынган акча каражаттары (аманаттар) менен операциялар жасоону жүзөгө ашырса, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Соттун өкүмү боюнча конфискациялануучу мүлктү жашырганда же ээлеп алганда, ошого тете соттун мүлктү конфискациялоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткаруудан башкача түрдө четтөө, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

336-статья. Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу

(1) Жазасын өтөп жаткан же алдын ала камакта жаткан адам эркиндигинен ажыратуучу жайдан же камактан качканда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Алдын ала бүтүм боюнча же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган ошол эле жосун, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган, адамдын өмүрүнө же ден соолугуна күчкө салуу менен, же болбосо мындай күч колдоном деп коркутуу менен ага тете эле курал же курал катары колдонулган нерселерди колдонуу менен жасалган жосун, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эркиндигинен ажыратуучу жайдан же камактан биринчи жолу качкандан тартып үч күндүк мөөнөттө ыктыяры менен кайра келген адам, эгерде ал жаңы кылмыш жасабаса же эгерде качуу ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар менен коштолбосо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

337-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу

Эркиндигинен ажыратуу жайынын чектеринен кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берилген, же болбосо жазаны өтөөдө өкүмдү аткаруу мөөнөтү узартылган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам мөөнөтү же узартылган мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра келбегенде, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

338-статья. Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбагандык

Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны кыянаттык менен аткарбагандык, ага тете аларды аткарууга тоскоолдук кылуу -
сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айып салууга, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү
иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, же болбосо бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 186

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

339-статья. Кылмышты жаап-жашыруу

(1) Оор кылмышты алдын ала убада бербестен жаап-жашырганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Өзгөчө оор кылмыштар жаатындагы ошондой эле жосундар, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Кайсы бир адам өзүнүн күйөөсү (аялы) же жакын тууганы тарабынан жасалган кылмышты убадалапшай жаап-жашырганы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес.

(КР 2004-жылдын 26-июлундагы № 99, 2016-жылдын 2-августундагы № 162

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

32-Глава

Башкаруу тартибине каршы кылмыштар

340-статья. Укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматчысын өлтүрүү

Укук коргоо органынын кызматкерин, аскер кызматчысын, ага тете эле алардын жакын адамдарын, аталган адамдардын коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик чегараны сактоо жана коргоо боюнча мыйзамдуу ишине тоскоолдук, же болбосо мындай иш үчүн өч алуу максатында өлтүрүү, -
мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө же мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

341-статья. Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү

(1) Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу бийлик өкүлүнүн же анын жакындарынын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөткөндө, же болбосо зомбулук көрсөтөм деп коркутканда, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен коштолсо, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьянын жана ушул Кодекстин башка статьяларында укук
коргоо же контролдоо органынын кызмат адамы, ошондой эле мыйзамда
белгиленген тартипте өзүнө кызматтык көз карандылыкта турбаган адамдарга карата тескөөчү ыйгарым укуктары берилген адам бийлик өкүлү катары табылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

342-статья. Бийлик өкүлүн маскаралоо

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

343-статья. Кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу

Кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алганда жана ушуга байланыштуу кандайдыр-бир коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаганда, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

344-статья. Укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу

(1) Укук коргоо же контролдоо органынын кызмат адамына, ошондой эле анын жакындарына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарганда, эгерде бул жосун анын кызматтык ишине тоскоолдук кылуу максатында жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

345-статья. Жазаларды аткаруу тутумундагы мекемелердин кадыресе ишине тоскоолдук келтирүү

(1) Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын кызматкерине карата, ошондой эле соттолгон адамга карата аны түзөтүүгө тоскоолдук кылуу максатында же коомдук милдеттерди аткаргандыгы үчүн өч алуу үчүн зомбулук көрсөтөм деп коркутканда, -
төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүрүнө же саламаттыгына коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар,
өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен жасалса, же болбосо уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

346-статья. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү

(1) Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөндө, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан же болбосо зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Бул статья саясий баш калкалоо укугун пайдалануу үчүн келген чет өлкөлүк граждандарга же граждандыгы жок адамдарга жайылтылбайт.

347-статья. Расмий документтерди жана мамлекеттик сыйлыктарды алуу же өткөрүү

Укук берген жана милдеттерден бошоткон расмий документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун мамлекеттик сыйлыктарын сатып алганда же өткөргөндө, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.

348-статья. Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу

(1) Пайда көрүү максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам расмий документтерди, штамптарды же мөөрлөрдү уурдаганда, жок кылганда, зыянга учуратканда же жашырганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат.
(2) Граждандардын паспортун же башка маанилүү жеке документти уурдаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

349-статья. Транспорт каражатынын идентификациялык номерин кол менен жасоо же жок кылуу

(1) Идентификациялык номерди, кузовдун, шассинин, кыймылдаткычтын номерин, ошондой эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгисин кол менен жасаганда, -
жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

350-статья. Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу

(1) Укук берген же милдеттерден бошоткон расмий документти ушундай документти жасоочунун өзү же башка адам пайдалануу максатында колго жасоосу же болбосо мындай документти сатуу, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик сыйлыктардын жасалма штамптарын, мөөрлөрүн, бланктарын ошого тете, ошондой эле максатта даярдоо же болбосо аларды сатуу -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Билип туруп жасалма документти колдонуу -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Башка кылмышты жаап-жашыруу же жасалган кылмышты жеңилдетүү максатында жасалган ошол эле жосундар, -
төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган, менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(5) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(6) ушул статьянын 1-5-бөлүктөрүндө каралган жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2013-жылдын 3-августундагы № 180,

2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

351-статья. Аскердик жана альтернативалуу (аскерден тышкары)

кызматты өтөөдөн качуу

(1) Аскердик кызматтан бошотуу үчүн мыйзамдуу негиздерсиз аскердик кызматка чакыруудан качканда, -
жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Аскердик кызматтан бошотулган адамдар альтернативалуу (аскерден тышкары) кызматты өтөөдөн качканда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

352-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин же

Мамлекеттик желегин мазактоо

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин же Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик желегин мазактаганда, -
эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

353-статья. Өзүм билемдик

(1) Өзүм билемдик, башкача айтканда белгиленген тартипке каршы, укукка ылайыктуулугу, башка адам же болбосо мамлекеттик же коомдук ишкана, мекеме тарабынан талаш туудурган аракеттерди өз билгенинче жасаганда, эгерде мындай аракеттерден улам мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктарга же болбосо граждандардын мыйзам тарабынан корголгон укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилсе, -
эсептик көрсөткүчтүн отузга чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

XI БӨЛҮМ АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР

33-Глава

Аскердик кылмыштар

354-статья. Аскердик кылмыш түшүнүгү

(1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, аскердик курулуш отряддарында (бөлүктөрүндө), башка аскерлеринде жана аскердик кошуундардын аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле запаста жүргөн граждандар тарабынан алар аскердик жыйындарда жүргөндө аскер кызматын өтөөнүн белгиленген тартиптерине каршы ушул главада көрсөтүлгөн кылмыштарды жасашы аскердик кылмыштар деп табылат.
(2) Ушул главанын тийиштүү статьялары боюнча, өздөрү үчүн кызмат өтөөнүн белгиленген тартибине каршы кылмыштары үчүн аскердик куруучулар, ошондой эле кызматтары аскердик кызматка теңештирилген аскерлештирилген кошуундардын өздүк курамы жоопкерчиликке тартылышат.
(3) Аскердик абалдын шартында, согуш мезгилинде, же болбосо согуш абалынын кырдаалында жасалган аскердик кылмыштар үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары менен аныкталат.

355-статья. Буйрукту аткарбоо

(1) Башчынын белгиленген тартипте берилген буйругу ага баш ийүүчү тарабынан аткарылбай койгондо, мунун өзү кызматтын кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирсе, -
алты айга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, ошого тете оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Кызматка кош көңүл же ак ниетсиз мамиледен улам буйрукту аткарбаганда, мунун өзү оор кесепеттерге алып келсе, -
эки жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 10-августундагы № 150

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

356-статья. Башчыга каршылык көрсөтүү же аны кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо

(1) Башчыга, ошого тете аскердик кызмат боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткаруучу башка адамга каршылык көрсөтүү, же аларды бул милдеттерди бузууга мажбурлоо, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолсо, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан курал колдонуу менен жасалса, же саламаттыкка оор залал келтирсе, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

357-статья. Башчыга карата зомбулук аракеттерди жасоо

(1) Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланыштуу же аскердик кызмат боюнча милдеттерин аткарып жаткан убакта башчыны уруп-сабаганда же башка зомбулук көрсөткөндө, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) адамдар тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
4) курал колдонуу менен;
5) саламаттыкка оор же болбосо анча оор эмес залал келтирүү менен жасалса, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

358-статья. Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу

(1) Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелери бузулганда, бул жабырлануучунун кордоо менен байланыштуу болсо же болбосо зомбулук менен коштолсо, -
алты айга чейин тартиптик бөлүктө кармоого же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар:
1) бир нече адамдарга карата жасалса;
2) адамдардын тобу;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
5) курал колдонуу менен;
6) жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү менен жасалса, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосун оор
кесепеттерге алып келсе, -
беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 10-августундагы № 150,

2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

359-статья. Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү

(1) Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетсе, ошого тете бөлүктөн убактылуу кое берилгенде, дайындалганда, которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен үч суткадан ашуун, бирок бир айдан ашпаган убакытта кызматка жүйөлүү себептерсиз өз мөөнөтүндө келбей койгондо, -
алты айга чейин дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Биринчи бөлүктө каралган жосундар жасалганда, өзү билип таштап кетүү бир айдан ашык болсо, -
алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Офицердик курамдагы адам, прапорщик, мичман же мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетсе, ошого тете жүйөлүү себептерсиз он суткадан ашык узактыкта, бирок бир айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде же болбосо он суткадан кем, бирок үч суткадан ашык келбей койсо, бул жыл ичинде кайталап жасалса, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде өзү билип
таштап кетүү бир айдан ашык болсо, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде бөлүктү өзү билип таштап кетүүгө оор жагдайлар себеп
болсо, ушул статьяда каралган жосунду биринчи жолу жасаган аскер
кызматкерлери кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

360-статья. Аскерден качуу

(1) Аскерден качуу, башкача айтканда аскер кызматынан таптакыр четтөө максатында бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кеткенде, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Кызмат боюнча тапшырылып берилген куралын ала кетүү менен аскерден качуу, ошого тете алдын ала бүтүм боюнча адамдар же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде аскерден качууга оор жагдайлар себеп болсо, биринчи жолу
ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосунду жасаган аскер
кызматкерлери кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

361-статья. Оорумуш болуп же башка айла-амалдар менен аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан четтөө

Аскер кызматчысы оорумуш болуп же өзүнө залал келтирүү (бир мүчөсүн зыяндоо), же документтерди жасалмалоо жолу менен, же башка алдамчылык менен аскер кызматынын милдеттерин өтөөдөн четтесе, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

362-статья. Күжүрмөн кезметчиликти аткаруунун эрежелерин бузуу

(1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ага капысынан кол салууну өз убагында билүү жана кайра сокку берүү боюнча күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматты) аткаруунун эрежелерин бузуу мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматтын) эрежелерин, аларга көңүлкош же ак ниетсиз мамиле жасоонун натыйжасында бузуу, бул оор кесепеттерге алып келсе, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

363-статья. Чек ара кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу

(1) Чек арачылар кошуунунун курамына кирген же чек ара кызматынын башка милдеттерин аткарган адам чек аралык кызматтын эрежелерин бузганда, эгерде бул жосун мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирсе же зыян келтирүүсү мүмкүн болсо, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Чек аралык кызматты аткаруунун эрежелерин, аларга көңүлкош же ак ниетсиз мамиле жасоонун натыйжасында бузуу, бул оор кесепеттерге алып келсе,
-
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

364-статья. Кароол кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу

(1) Кароол (вахталык) кызматынын курамына кирген адам тарабынан кароол (вахта) кызматын өтөөнүн уставдык эрежелери бузулганда, мунун өзү кароол тарабынан кайтарылган объектиге зыян келтирүүгө алып келсе, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

365-статья. Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматты аткаруу эрежелерин бузуу

(1) Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча аскердик кошуундун курамына кирген адам кызмат өтөө эрежелерин бузганда, эгерде бул жосун граждандардын укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирсе,
-
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

366-статья. Ички кызматты аткаруунун жана гарнизондо патрулдук кылуунун эрежелерин бузуу

Бөлүктүн суткалык нарядына (кароолдон жана вахтадан тышкары) кирген адам ички кызматтын уставдык эрежелерин бузганда, ошого тете патрулдук кошуундун курамына кирген адамдын гарнизондо патрулдук кылуунун эрежелерин бузушу оор кесепеттерге алып келсе, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

367-статья. Аскердик мүлктү атайын жок кылуу же зыяндоо

(1) Курал-жаракты, ок-дарыларды же аскердик техниканын тетиктерин атайылап жок кылганда же зыянга учуратканда, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 10-августундагы № 150

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

368-статья. Аскердик мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыяндоо

Курал-жаракты, ок-дарыны же аскердик техниканын тетиктерин же башка аскердик мүлктү байкабастыктан жок кылганда же зыянга учуратканда, бул оор кесепеттерге алып келгенде, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

369-статья. Аскердик мүлктү жоготуу

(1) Кызматында пайдалануу үчүн ишенилип берилген курал-жаракты, ок- дарыларды сактоонун эрежелерин бузганда, эгерде бул аларды жоготууга алып келсе, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып төлөм салынат же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Аскердик техниканын тетиктерин ири өлчөмдө жоготууга алып келген ошол эле жосун, -
жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Бул статьяда ири өлчөмдө деп эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсеге ашкан мүлктүн наркы таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 10-августундагы № 150,

2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

370-статья. Курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу

(1) Курал-жаракты, ошондой эле, ок-дарыларды, радиоактивдүү материалдарды, жарылуучу жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу башка заттарды жана нерселерди колдонуу эрежелерин бузганда, мунун өзү байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес залал келтирүүгө, аскердик техниканы жок кылууга же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун, байкабастыктан эки же
андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

371-статья. Машиналарды айдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу

(1) Аскердик, атайын же транспорттук машиналарды айдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу, байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес залал келтирсе же болбосо ири зыян келтирсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, жабырлануучунун өлүмүнө же анын саламаттыгына оор залал келтирүүгө алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар, эки же андан көп адамдын курман болушуна алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашса, ири өлчөмдөгү зыян деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

372-статья. Учуулардын же аларга даярдануунун эрежелерин бузуу

Учуулардын же аларга даярдануунун эрежелерин бузганда, ошого тете учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелерин бузганда, мунун өзү байкабастыктан адамдын өлүмүнө, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

XII БӨЛҮМ

ТЫНЧТЫККА ЖАНА АДАМЗАТ КООПСУЗДУГУНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

34-Глава

Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар

373-статья. Геноцид

Улуттук, этностук, расалык же диний топту, ошол топтун мүчөлөрүн өлтүрүү, алардын саламаттыгына оор залал келтирүү, балалуу болууга зомбулук менен тоскоолдук кылуу, балдарды мажбурлап башкаларга берүү, зомбулук менен көчүрүү же болбосо бул топтун мүчөлөрүнүн өлүп жок болушуна эсептелген турмуштук башка шарттарды түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган аракеттерди жасоо, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

374-статья. Экоцид

Өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүн массалык түрдө кырып-жоюу, атмосфераны же суу ресурстарын уулантуу, ошондой эле экологиялык апаатты пайда кылууга карата аракеттерди жасоо, -
он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

375-статья. Жалданмачылык

(1) Жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышуусу, - мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;
4) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Материалдык акы алуу же башка кызыкчылык максатында аракеттенген жана куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышкан мамлекеттин гражданы болбогон, анын аймагында дайыма жашабаган, ошондой эле расмий милдеттерди аткаруу үчүн жөнөтүлбөгөн адам жалданмачы катары табылат.

(КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 184, 2016-жылдын 2-августундагы № 162

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

376-статья. Эл аралык коргоого алынган адамдарга же мекемелерге кол салуу

Эл аралык коргоого алуудан пайдаланган чет мамлекеттин өкүлүнө же эл аралык уюмдун кызматчысына же аны менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошого тете эл аралык коргоодон пайдаланган адамдардын кызматтык же турак-жай имараттарына, же болбосо транспорт каражатына кол салганда, эгерде бул жосун согуш чыгаруу же эл аралык мамилелерди татаалдаштыруу максатында жасалса, -
үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын

Президенти А. Акаев