КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2012-жылдын 20-февралы N 131
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы N 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ишин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын иши өзүн өзү каржылоо шартында жүргүзүүлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен каржыланаары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен каралган тартипте аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ведомствонун ведомстволук уюмдары жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы N 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 23-февралында N 16 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
Ө.Бабанов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкаруу
СХЕМАСЫ
Юридикалык жакты түзгөн ведомстволук уюмдар:
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду 11 |
|
Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана 46 |
Бардыгы: 158