عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG083

رجوع

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №79 'Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө' мыйзамы (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жашыруун Ойлоп Табуулар Жөнүндө

Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө КР мыйзамы

Бишкек шаары 2006-жылдын 17-марты N 79

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы N 38Мыйзамынын редакциясына ылайык)

“Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жашыруун деп таанылган ойлоп табууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жашыруун сактоого жана аларды пайдаланууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн жашыруун ойлоп табуулар катары мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жашыруун деп таанылган ойлоп табуулар түшүнүлөт. Жашыруун ойлоп табуулар жашыруун сакталган мөөнөтү ичинде Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

1-статья.Жашыруун ойлоп табуулар тармагындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу

Жашыруун ойлоп табууларды жашыруун сактоого жана пайдаланууга байланыштуу мамилелерди укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына, “Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган иштеп чыгууларды жашыруун сактоого жана пайдаланууга, жана ушул Мыйзамга ылайык жашыруун деп таанылбаган ойлоп табууларга байланыштуу келип чыгуучу мамилелер “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жөнгө салынат.

2-статья.Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган ойлоп табууларды жашыруун сактоо

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган ойлоп табууга патент берүүгө табыштамалар берилген кезде мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды таап чыгуу жана ошол маалыматтар камтылган табыштамаларды жашыруун сактоо боюнча иштерди уюштурат. Ал иштерди уюштуруунун тартиби интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Жашыруун сакталууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеси бар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор (мындан ары - мамлекеттик

органдар) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган, мамлекеттик сырды түзүүчү ойлоп табууларды жашыруун сактоого жана аларга жашыруун сактоонун тийешелүү даражасынын грифин коюу менен өзүнүн режимдик-жашыруун түзүмдөрүнүн бөлүмчөлөрү аркылуу интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга табыштама берүүгө акылуу. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-статьясында каралган адамдар (мындан ары билдирүүчү ээлери) тарабынан иштеген жери боюнча режимдик- жашыруун түзүмдөрүнүн бөлүмчөлөрү аркылуу берилүүчү, ал эми андай мүмкүнчүлүктөр болбосо жашаган (жүргөн) жери боюнча атайын байланыш аркылуу, болбосо түздөнтүз Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган тартипте ойлоп табууну жашыруун сактоо жөнүндө сунуш кылынган табыштамаларды кароого кабыл алат. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган табыштамаларды жашыруун сактоо, жашыруундук даражасын белгилөө, ошондой эле аларды кайра кароонун мөөнөттөрү “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы N 38Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья.Жашыруун ойлоп табуу жана аны пайдалануу укугу

Жашыруун ойлоп табуу жана аны пайдалануу укугу ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен корголот. Жашыруун ойлоп табуу жана аны пайдалануу укугу ал жашыруун сакталган бүткүл мөөнөт бою аны жашыруун сактаган мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасына таандык болот.Жашыруун ойлоп табууларды пайдалануу “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларынын жашыруундук режимин сактоо менен ишке ашырылууга тийиш. Жашыруун ойлоп табууну мамлекеттин кызыкчылыгында башка адамдардын пайдалануусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, жашыруундук режимин сактоо менен, аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табууну пайдалануу шарттарын бузууга күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.

4-статья.Жашыруун ойлоп табуунун автору

Аны чыгармачыл эмгеги менен жараткан жеке адам жашыруун ойлоп табуунун автору болуп таанылат. Эгерде жашыруун ойлоп табууну жаратууга бир нече жеке адам катышса, алардын баары тең ойлоп табуунун авторлору болуп эсептелет. Жашыруун ойлоп табууну жаратууга жеке өзүнүн чыгармачыл салымын кошпогон, авторго (авторлорго) техникалык, уюштуруучулук же материалдык гана жардам көрсөткөн жеке адам анын автору катары таанылбайт. Автордук укук ажыратылбас мүлктүк эмес жеке укук болуп саналат жана мөөнөтү чектелбестен корголот. Жашыруун ойлоп табууга автордук интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү

кызыктыруучу сыйакыларды, жашыруун сакталгандыгы үчүн акчалай компенсацияларды жана пайдалангандыгы үчүн сыйакыларды алууга негиз болуучу күбөлүк менен ырасталат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Жашыруун ойлоп табуу мамлекеттин керектөөлөрү үчүн пайдаланылганда авторго (авторлорго) аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан акчалай сыйакы төлөнүп берилет.Мында акчалай сыйакынын өлчөмүн ошол мамлекеттик орган белгилейт жана ал авторлордун санына карабастан ойлоп табуу пайдаланылган ар бир жыл үчүн эң төмөнкү эмгек акынын элүүдөн кем эмес өлчөмүндө болууга тийиш.

5-статья.Жашыруун ойлоп табууга табыштама берүүнүн, кароонун жана жашыруун сактоонун тартиби

Жашыруун ойлоп табууга табыштама берүү укугу жашыруун ойлоп табуунун авторуна (авторлоруна) же анын (алардын) укук мураскерлерине, анын ичинде укукту ыктыярдуу кыюу тартибинде тийиштүү укук алган адамга таандык болот. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган жана “Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаратылган кызматтык ойлоп табууга табыштама берүү укугу, эгер иш берүүчү менен кызматтык ойлоп табуунун авторунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, иш берүүчүгө же анын укук мураскерине, анын ичинде укукту ыктыярдуу кыюу тартибинде тийиштүү укук алган адамга таандык болот. Табыштамалар Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык түзүлөт. Жашыруун ойлоп табууларга табыштамаларды кароонун жана жашыруун сактоонун тартибин интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктайт. Табыштаманын материалдарынын өтүүсүнүн бардык этаптарына адистерди тартуу “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы N 38Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья.Жашыруун ойлоп табуунун коргоого алынуу жөндөмдүүлүгүнүн шарттары

Жашыруун ойлоп табуунун коргоого алынуу жөндөмдүүлүгүн аныктоодо ойлоп табуунун Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында белгиленген патенттелүү жөндөмдүүлүгүнүн шарттары колдонулат. Жашыруун ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо техниканын деңгээлине Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган маалыматтар менен катар эле артыкчылыкка кыйла мурда ээ болгон төмөнкүдөй шарттар киргизилет: - өнөржай менчигинин жашыруун объекттерине берилген Кыргыз Республикасынын коргоо документтери; - өнөржай менчигинин жашыруун объекттеринин коргоо документтерине Кыргыз Республикасында башка адамдар тарабынан берилген (чакыртылып алынган табыштамалардан башка) табыштамалар; - жашыруун ойлоп табуунун артыкчылык алуусунан мурда эле Кыргыз Республикасында маалыматтарга мыйзамдуу негизде укуктуу адамдар үчүн белгилүү болгон басылмаларда жана башка маалымат булактарында ачыкка чыгарылган, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар.

Жашыруун ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо техниканын деңгээлине кирүүчү мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасы билдирилген жашыруун ойлоп табуунун жашыруундук даражасынан жогору болбоосу керек.

7-статья.Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы

Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 2-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер баяндамада аларга шилтеме берилсе, сыпаттамасы, формуласы жана чиймелери бар табыштама берилген күн боюнча белгиленет. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер табыштама ээси аларды өзүнчө табыштама катары жолжоболоп берсе жана бул табыштама кошумча материалдар кабарландырылган чечимдин маани-маңызын өзгөртүп жиберет деп табылгандыгына байланыштуу аларды эске алууга мүмкүн эместиги жөнүндө табыштама ээси кабарландырылган күндөн тартып үч айлык мөөнөт бүткөнгө чейин берилсе, жана ушул табыштама берилген күндө ал боюнча аталган кошумча материалдар берилген күнгө карата табыштама чакыртып алынды деп эсептелбесе, кошумча материалдар берилген күн боюнча жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы белгилениши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер мындай артыкчылык суралып жаткан табыштама жашыруун ойлоп табууга берилген кыйла мурунку табыштаманын күнүнөн он эки айдан кечиктирилбей берилсе, ошол эле табыштама ээсинин ойлоп табууну ачып көрсөткөн кыйла мурунку табыштамасы берилген күн боюнча белгилениши мүмкүн.Мында кыйла мурунку табыштама чакыртылып алынган болуп эсептелет. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы мурда берилген бир нече табыштамалардын негизинде алардын ар бири үчүн көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен белгилениши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгын кыйла мурунку артыкчылык суралган табыштаманын берилген күнү боюнча белгилөөгө мүмкүн эмес.

8-статья.Жашыруун ойлоп табууга табыштаманы каттоо жана экспертизалоо

Ушул Мыйзамдын 2 жана 5-статьяларына ылайык жашыруун сакталган ойлоп табууларга табыштамалар боюнча жашыруун ойлоп табууга табыштамалардын экспертизасы Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамында белгиленген жашыруун эмес ойлоп табуулардын экспертизасын өткөрүү тартибине ылайык, жашыруун ойлоп табууну кароонун төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жүргүзүлөт: - жашыруун ойлоп табууга табыштаманын экспертизасы жана алдын ала экспертизалардан жана табыштаманын олуттуу экспертизаларынан турат; - интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табыштаманын олуттуу экспертизасын жүргүзүүгө тийешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартууга укуктуу.Мамлекеттик органдардын жетекчилери көрсөтүлгөн адистерди орточо айлык эмгек акысын сактоо, жол киресине жана жашоосуна кеткен чыгымдарын төлөө менен ишсапарга жөнөтүүгө милдеттүү; - принципиалдуу жаңы курал-жарактарга, аскердик техникаларга жана атайын

техникалык каражаттарга тийешелүү табыштамалардын олуттуу экспертизасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тизме боюнча, таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор өз корутундуларын бергенден кийин жүргүзүлөт; - экспертиза жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарды аны жашыруун сактаган мамлекеттик орган тартат. Табыштаманын олуттуу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары таануу, же билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары тааныбоо жөнүндө чечим чыгарылат. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары таануу жөнүндөгү чечиминин негизинде интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган жашыруун ойлоп табууну Кыргыз Республикасынын Жашыруун ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрине киргизет жана авторго (авторлорго), ал эми билдирүүчүгө - “Жашыруун” деген грифи бар патент күбөлүк берет. Катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтарды алуу жана алар менен таанышуу “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик сырларды сактоо талаптарын аткаруу менен жүргүзүлөт. Жашыруун ойлоп табуулар боюнча талаштарды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы N 38Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Ойлоп табууну жашыруун сактоо үчүн компенсация

Билдирүүчү ээсине жашыруун ойлоп табуунун жашыруун сакталгандыгы үчүн эң төмөнкү эмгек акынын жыйырмадан кем эмес өлчөмүндө акчалай компенсация, ошондой эле жашыруун ойлоп табууга табыштама берүүгө жана аны кароого байланыштуу билдирүүчү ээсинин тарткан чыгымдарынын наркы төлөнүп берилет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөөлөр табыштаманы ушул Мыйзамдын 2-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык жашыруун сактаган мамлекеттик орган тарабынан бир жолу жана Кыргыз Республикасынын жашыруун ойлоп табууларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө төлөнүп берилет. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы N 38Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья.Жашыруун ойлоп табууну ачыкка чыгаруу

Жашыруун ойлоп табуунун белгиленген жашыруундук даражасын сактоонун зарылдыгын текшерүү аны жашыруун сактоо жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик орган тарабынан аны жашыруун сактоого алганда белгилеген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.Мындай текшерүү билдирүүчү ээсинин, автордун жана аны жашыруун сактаган мамлекеттик органдын демилгеси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Жашыруун ойлоп табууну ачыкка чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аны жашыруун сактаган мамлекеттик органдын сунушу боюнча кабыл алынат. Жашыруун ойлоп табууну ачыкка чыгаруу жөнүндө чечим билдирүүчү ээсине, авторго, ошондой эле аны Реестрден чыгарып салуу үчүн интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирилет.

11-статья. Ачыкка чыгарылган ойлоп табууга патентин берүү

Ачыкка чыгарылган жашыруун ойлоп табууга билдирүүчү ээси ал ачыкка чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган патентин берүү жөнүндө расмий өтүнүч бере алат. Коргоо документи Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга табыштама материалдарды берген күндөн тартып анын калган колдонуу мөөнөтүнө берилет. Эгерде билдирүүчү ээси он эки айдын ичинде расмий өтүнүч бербесе, же аны берүүдөн баш тартса, ал укук жашыруун ойлоп табуунун авторуна (авторлоруна) өтөт. Ачыкка чыгарылган жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 7- статьясына ылайык табыштаманын материалдары интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күн боюнча белгиленет. Ачыкка чыгарылган ойлоп табууга берилген коргоо документи аны берүү жөнүндө расмий өтүнүч берилген күндөн тартып колдонулат жана ачыкка чыгарылган корголгон ойлоп табууну Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык башка жашыруун эмес ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо ага берилген артыкчылык күнүнөн тартып техника деңгээлине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык берилген жашыруун эмес ойлоп табуунун патент ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн негизинде ошого окшош ачыкка чыгарылган кыйла мурунку артыкчылыкка ээ ойлоп табууга патент берилгендигине байланыштуу жараксыз деп таанылган учурда жашыруун эмес ойлоп табуунун жараксыз деп таанылган патентинин ээси аны табыштама берген күнгө чейин эле укуктуу негизде пайдалана баштаса, же аны пайдалануу үчүн керектүү даярдоо иштерин жасаса жана эгерде андай ойлоп табуу ачыкка чыгарылган ойлоп табуунун авторуна (авторлоруна) көзкарандысыз жаратылса, ал мындай ойлоп табууну андан ары пайдалануу укугун ойлоп табууну пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен сактап калат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы N 38Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Патенттик алымдар

Жашыруун ойлоп табууга табыштамаларды берүүгө жана аны кароого байланышкан юридикалык маанилүү иштерди аткаргандыгы үчүн алымдар Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларды патенттегендиги үчүн алымдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.

13-статья. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын укуктары

Ушул Мыйзамдын ченемдери, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга карата таралбайт.

14-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу келип чыгуучу талаштар

Жашыруун ойлоп табууга авторлук жөнүндө, жашыруун ойлоп табууну пайдалануу шарттарынын бузулгандыгы жөнүндө, жашыруун сактоонун негиздүүлүгү жөнүндө, компенсация, сыйакыларды төлөө жөнүндө талаштар компетенциясына ылайык сот тарабынан каралат.

15-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.

16-статья. Өтмө жоболор

Жашыруун ойлоп табууга патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чечим чыгарыла элек болсо, андан ары иш кагаздарын жүргүзүүнүн жолжобосу ушул Мыйзамда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин чечим чыгарыла элек болсо, иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат. Мындай табыштамалар боюнча иш кагаздарын жүргүзүү билдирүүчү ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган тартипте улантылышы мүмкүн. Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө патентин берүү жөнүндө табыштамалар боюнча оң чечим чыгарылса, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар камтылган ойлоп табууга, пайдалуу моделге жана өнөржай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын коргоо документтери боюнча “Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик сырларды сактоонун баардык чаралары каралат.

17-статья. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2006-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган