КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы №16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2010-жылдын 15-январы ПЖ № 5
Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жана интеллектуалдык менчик системасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жобосу жана аны башкаруу схемасы бекитилсин.
2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгү өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырылат;
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борборун каржылоо Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын салык түрүндө төлөөчү каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен каржыланат;
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө 1,8 коэффициент колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борбору жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жана Кыргызпатенттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ведомствого караштуу уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шартын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2010-жылдын 15- январындагы
ПЖ № 5 жарлыгы менен бекитилген
┌────────────────┐ ┌───────────────────────┐
┌──────────────────┐
│ Коллегия │ │ Директор │
│Апелляциялык кеңеш│
│ ├────┤ Статс-катчы ├────┤ Авторлор кеңеши │
│ │ │Директордун орун басары│ │ Чектеш укуктар │
└────────────────┘ └───────────┬───────────┘ │ ээлеринин кеңеши │
│ │ Ойлоп табуучулар │
│ │ кеңеши │
│ │Илимий техникалык │
│ │ кеңеш │
│ └──────────────────┘
│
┌────────────────────────┴──────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик │
│ мамлекеттик кызматынын борбордук аппараты │
└───────────────────────────────────────────────────┘ Юридикалык жакты түзүү менен ведомстволук уюмдар:
┌──────────────────┐ ┌─────────────────────┐
┌──────────────────┐
│ Интеллектуалдык │ │"KG" улуттук домендик│ │ Мамлекеттик │
│менчик мамлекеттик│ │ аймагын башкаруу │ │
патенттик-техни- │
│ фонду │ │ борбору │ │ калык китепканасы│
└──────────────────┘ └─────────────────────┘
└──────────────────┘