Propiedad intelectual Formación en PI Respeto por la PI Divulgación de la PI La PI para... La PI y… La PI en… Información sobre patentes y tecnología Información sobre marcas Información sobre diseños industriales Información sobre las indicaciones geográficas Información sobre las variedades vegetales (UPOV) Leyes, tratados y sentencias de PI Recursos de PI Informes sobre PI Protección por patente Protección de las marcas Protección de diseños industriales Protección de las indicaciones geográficas Protección de las variedades vegetales (UPOV) Solución de controversias en materia de PI Soluciones operativas para las oficinas de PI Pagar por servicios de PI Negociación y toma de decisiones Cooperación para el desarrollo Apoyo a la innovación Colaboraciones público-privadas Herramientas y servicios de IA La Organización Trabajar con la OMPI Rendición de cuentas Patentes Marcas Diseños industriales Indicaciones geográficas Derecho de autor Secretos comerciales Academia de la OMPI Talleres y seminarios Observancia de la PI WIPO ALERT Sensibilizar Día Mundial de la PI Revista de la OMPI Casos prácticos y casos de éxito Novedades sobre la PI Premios de la OMPI Empresas Universidades Pueblos indígenas Judicatura Recursos genéticos, conocimientos tradicionales y expresiones culturales tradicionales Economía Igualdad de género Salud mundial Cambio climático Política de competencia Objetivos de Desarrollo Sostenible Tecnologías de vanguardia Aplicaciones móviles Deportes Turismo PATENTSCOPE Análisis de patentes Clasificación Internacional de Patentes ARDI - Investigación para la innovación ASPI - Información especializada sobre patentes Base Mundial de Datos sobre Marcas Madrid Monitor Base de datos Artículo 6ter Express Clasificación de Niza Clasificación de Viena Base Mundial de Datos sobre Dibujos y Modelos Boletín de Dibujos y Modelos Internacionales Base de datos Hague Express Clasificación de Locarno Base de datos Lisbon Express Base Mundial de Datos sobre Marcas para indicaciones geográficas Base de datos de variedades vegetales PLUTO Base de datos GENIE Tratados administrados por la OMPI WIPO Lex: leyes, tratados y sentencias de PI Normas técnicas de la OMPI Estadísticas de PI WIPO Pearl (terminología) Publicaciones de la OMPI Perfiles nacionales sobre PI Centro de Conocimiento de la OMPI Informes de la OMPI sobre tendencias tecnológicas Índice Mundial de Innovación Informe mundial sobre la propiedad intelectual PCT - El sistema internacional de patentes ePCT Budapest - El Sistema internacional de depósito de microorganismos Madrid - El sistema internacional de marcas eMadrid Artículo 6ter (escudos de armas, banderas, emblemas de Estado) La Haya - Sistema internacional de diseños eHague Lisboa - Sistema internacional de indicaciones geográficas eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediación Arbitraje Determinación de expertos Disputas sobre nombres de dominio Acceso centralizado a la búsqueda y el examen (CASE) Servicio de acceso digital (DAS) WIPO Pay Cuenta corriente en la OMPI Asambleas de la OMPI Comités permanentes Calendario de reuniones WIPO Webcast Documentos oficiales de la OMPI Agenda para el Desarrollo Asistencia técnica Instituciones de formación en PI Apoyo para COVID-19 Estrategias nacionales de PI Asesoramiento sobre políticas y legislación Centro de cooperación Centros de apoyo a la tecnología y la innovación (CATI) Transferencia de tecnología Programa de Asistencia a los Inventores (PAI) WIPO GREEN PAT-INFORMED de la OMPI Consorcio de Libros Accesibles Consorcio de la OMPI para los Creadores WIPO Translate Conversión de voz a texto Asistente de clasificación Estados miembros Observadores Director general Actividades por unidad Oficinas en el exterior Ofertas de empleo Adquisiciones Resultados y presupuesto Información financiera Supervisión
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Leyes Tratados Sentencias Consultar por jurisdicción

Kirguistán

KG025

Atrás

'Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун' Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген)

'Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун' Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 27- октябрындагы
№685 токтому менен бекитилген

Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор
2. Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүү жана берүү
3. Патент алуу боюнча Кыргызпатент менен иш жүргүзүү
4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу
Тиркеме. Ойлоп табууга Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө арыз
Бул Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2- беренесине ылайык иштелип чыкты.

1. Жалпы жоболор

1. Түшүнүктөр жана терминдер
Эрежелер - Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;
Мыйзам - "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган;
өтүнмө - Ойлоп табууга Кыргыз Республикасынын патент алууга өтүнмө; Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын
мамлекеттик реестри;
конвенциялык өтүнмө - 1883-жылдын 20-мартында Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына ылайык берилген, 1994-жылдын 6-январында өнөр жай менчик жаатындагы эл аралык келишимдерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Декларациясы менен Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган өтүнмө. 1994-жылдын 14-февралында күчүнө кирген;
эл аралык өтүнмө - 1970-жылдын 19-июнунда Патенттик кооперация жөнүндө келишимге (РСТ) ылайык берилген, 1994-жылдын 6-январында өнөр жай менчик жаатындагы эл аралык келишимдерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Декларациясы менен Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган өтүнмө. 1994- жылдын 14-февралында күчүнө кирген;
ЭПК - Ойлоп табуулардын эл аралык патенттик классификациясы. Кыргыз Республикасы 1971-жылдын 24-мартындагы "Эл аралык патенттик классификациялоо жөнүндө" Страсбург макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 10-сентябрындагы "Эл аралык патенттик классификациялоо жөнүндө Страсбург макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Мыйзамына ылайык кошулган.
2. Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүү жана берүү

2. Өтүнмө берүү

2.1. Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу жактар Өтүнмө берүүгө жана патент алууга ойлоп табуунун автору (авторлор), жумуш берүүчү, алардын укук мураскору, анын ичинде ыйгарып берүү түрүндө тийиштүү укук алган жак (мындан ары - өтүнмө ээлери) укуктуу.
Өтүнмө ээси тарабынан патент алууга укукту ыйгарып берүү Кыргызпатентке ойлоп табууну каттоодон өткөрүүгө чейин берилген өтүнмөдө же арызда бул тууралуу көрсөтүлгөн жолу аркылуу жүргүзүлөт жана эгер патентти алууга укукту ыйгарып берүүдө башкасы айтылбаса, өтүнмө ээсинин укук ыйгарып берүүсү болуп эсептелет.
Ойлоп табуунун автору төмөнкүдөй учурларда өтүнмө берүүгө жана патент алууга укугу бар:
- эгерде ойлоп табуу кызматтык болуп эсептелбесе;
- эгерде ойлоп табуу кызматтык болуп эсептелсе, бирок автор менен жумуш берүүчүнүн ортосунда автордун патент алууга укугу караштырылса же эгер жумуш берүүчү ага жаратылган ойлоп табуу жөнүндө автор кабарлоо берген күндөн тартып төрт айдын ичинде Кыргызпатентке өтүнмө бербесе, башка жакка патент алууга укукту ыйгарып бербесе же авторго ойлоп табууну жашырын сактоо жөнүндө билдирбесе.
Кандайдыр-бир документ менен өтүнмө берүүгө укукту тастыктоо талап кылынбайт.
2.2. Берүүнүн жол-жобосу
Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз же почта же факс боюнча (анын оригиналын кийин көрсөтүү менен), электорндук түрдө, машинага басылган сактагычта (бир эле учурда кагаз түрүндөгү сактагычтагысын берүү менен), же башка ушу сыяктуу берүү каражаттары аркылуу жиберилет.
2.3. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берүү
Өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу, же башка өкүл аркылуу берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгерде Кыргыз Республикасы анын катышуучу болуп эсептелген, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим менен башкача тартип белгиленбесе, өтүнмө берүүнүн датасын аныктоого, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүнүн берүүгө, мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүнүн берүүгө, жогоруда аталган жол- жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана кабарлоолорун алууга, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөөгө байланыштуу жол-жоболордон тышкары, патентти алууга, ошондой эле ойлоп табууну коргоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзөт.

3. Ойлоп табууга өтүнмө

3.1. Ойлоп табуунун объектилери
Ойлоп табуунун объектилери болуп түзүлуш, ыкма, зат, микроорганизмдин штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өрчүтүү, ошондой эле мурун белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы багыт боюнча штаммды же техниканын жана технологиянын бардык тармактарындагы кандай болбосун башка жаңы жетишкендигин пайдалануу эсептелинет.
1) Ойлоп табуунун объекти - "түзүлүш". Түзүлүштөргө ойлоп табуунун объектилери катарында конструкциялар жана буюмдар кирет.
2) Ойлоп табуунун объекти - "ыкма".
Ыкмаларга ойлоп табуунун объектилери катарында материалдык объектилердин жардамы менен материалдык объектилердин үстүнөн иш- аракеттерди аткаруу процесстери кирет.
3) Ойлоп табуунун объекти - "зат". Заттарга ойлоп табуунун объектилери катарында төмөнкүлөр кирет:
- жеке химиялык кошулмалар, аларга ошондой эле шарттуу түрдө жогору молекулалуу кошулмалар жана гендик инженериянын объектилери кирет;
- композициялар (курамдар, аралашмалар);
- ядролук айлануу продуктулары.
4) Ойлоп табуунун объекти - "микроорганизм штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткалары".
Микроорганизм штаммдарына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өрчүтүүгө ойлоп табуунун объектилери катарында төмөнкүлөр кирет:
- микроорганизмдин жеке штаммдары, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өрчүтүү;
- микроорганизмдердин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларын өрчүтүүнүн консорциумдары.
5) Ойлоп табуунун объекти - "жаңы арналышы боюнча мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды пайдалануу".
Жаңы арналышы боюнча мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды пайдаланууга ойлоп табуунун объекти катарында башка арналышына ылайык аларды пайдалануу кирет.
Жаңы арналышы боюнча пайдаланууга коомдук керектөөнү канааттандыруу үчүн белгилүү болгон заттардын (табигый жана жасалма жолу менен алынган) биринчи жолу пайдаланылышы теңештирилет.
3.2. Ойлоп табуулар деп таанылбаган сунуштар
Төмөнкүлөр ойлоп табуулар деп таанылбайт:
- илимий теориялар жана математикалык ыкмалар;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу ыкмалары;
- шарттуу белгилер, жүгүртмөлөр, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруунун эрежелери жана ыкмалары;
- ушу сыяктуу эсептөө машиналар үчүн алгоритмдер жана программалар;
- маалымат берүүдөн гана туруучу чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруунун долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тийиштүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары;
- курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүчү, коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана мораль принциптерине каршы келген чечимдер.
Эгер алар ойлоп табуунун бөлүгү болуп эсептелсе, анын курамында эсептөө машиналары үчүн алгоритмдердин жана программалардын болушу ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү жагдай болуп таанылбайт.
3.3. Ойлоп табуунун биримдүүлүгүн талап кылуу
Өтүнмө бир ойлоп табууга же ойлоп табуунун биримдүүлүк талабын канааттандыргандай өз-ара байланышкан ойлоп табуулардын тобуна тиешелүү болушу керек.
Ойлоп табуунун биримдүүлүгү сакталган болуп таанылат, эгерде:
- бир көзкарандысыз пункту болгон ойлоп табуунун формуласында бир ойлоп табуу мүнөздөлгөн болсо;
- ойлоп табуунун формуласында бир нече көзкарандысыз пунктунда ойлоп табуулардын тобу мүнөздөлгөн болсо;
- алардын бири башкасын алуу (жасап чыгаруу) үчүн арналган (мисалы: түзүлүш же зат жана түзүлүштү же затты бүтүндөй же алардын бөлүгүн алуунун (жасап чыгаруунун) ыкмасы);
- алардын бири башкасын ишке ашырууга арналган (мисалы: бүтүндөй же анын аракеттеринин биринин ыкмасын ишке ашыруу үчүн ыкма жана түзүлүш);
- алардын бири башкасын (башкасында) пайдалануу үчүн арналган (мисалы: ыкмада пайдалануу үчүн арналган ыкма жана зат; ыкма же түзүлүш жана анын бөлүгү; жаңы арналышы боюнча түзүлүштү же затты колдонуу жана ушул арналышына ылайык аларды пайдалануу менен ыкма; жаңы арналышы боюнча түзүлүштү же затты колдонуу жана алардын курамдык бөлүгү болуп алар эсептелинген түзүлүш же композиция);
- бир жана ошол эле техникалык натыйжа алууну камсыз кылуучу бирдей арналыштагы, бир түрдүн объектилерине киргендер (варианттар).
3.4. Өтүнмөнүн курамы
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- ойлоп табуунун авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты, ошондой эле алардын жашаган жерин же турган ордун көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арыз;
- ушул жааттагы адистер аны жетишээрлик толук ишке ашыра тургандай ачылган ойлоп табуунун сыпаттамасы;
- анын маңызын жана сыпаттамага толугу менен негизделгенин билдирген ойлоп табуунун формуласы;
- эгер алар ойлоп табуунун маңызын түшүнүү үчүн зарыл болсо, чиймелери жана башка материалдар;
- реферат.
3.5. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер
1) Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөн же өтүнмө берүү үчүн алым төлөөдөн бошотуу үчүн негиздин, ошондой эле анын өлчөмүн азайтууну тастыктаган документ тиркелет, ал өтүнмө берүүдө же кошумча алым төлөнгөн шартта эки айдын ичинде берилет.
Белгиленген мөөнөттө аталган документтер берилбесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат.
2) Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат же тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделүүчү Кыргызпатенттин алдында өкүлчүлүк кылууга ишеним кат жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары
таризделүүчү ишеним кат ал түзүлө турган өлкөнүн мыйзамдары менен караштырылган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт, ал эми анын анык экендигине шектенүүлөр болгон учурда, качан мыйзамдаштыруу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери же өз ара аракеттенүүнүн күчү менен талап кылынбаган учурдан тышкары, Кыргызпатенттин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде мыйзамдаштырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат ушул жактын өзү, ошондой эле өтүнмө ээси берген тийиштүү ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилет. Акыркы учурунда аталган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү берилет.
Ишеним кат төмөнкүдөй шарттарга жооп бериши керек:
- ишеним катка аны берген жак кол коет;
- ишеним кат патенттик ишенимдүү өкүл катарында Кыргызпатентте катталган жеке жактын атына берилет;
- ишеним катта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарынын өлчөмү көрсөтүлүшү керек;
- ишеним катта ал түзүлгөн күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал анык эмес. Эгерде ишеним кат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү
өкүлдөрдүн атына берилсе, анда өтүнмө боюнча патент алуу боюнча иштер алардын кимиси менен болбосун жүргүзүлөт.
Ишеним катта ага ыйгарым укук берилген патенттик ишенимдүү өкүлдүн кайсы аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат.
3) Конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө өтүнмө ээси тарабынан Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышуучу- мамлекетинде берилген биринчи өтүнмөнүн (мындан ары - биринчи өтүнмө) көчүрмөсү тиркелет, ал Кыргызпатентке конвенциялык өтүнмөнү берген күндөн тартып төрт айдан кечиктирбестен берилет. Эгерде биринчи өтүнмөдөн бир нече болсо, ушул өтүнмөлөрдүн бардыгынын көчүрмөлөрү тиркелет.
Эгерде конвенциялык өтүнмөдө жана берилген көчүрмөлөрдө өтүнмө ээлери ар башка болсо, ошондой эле кайра ыйгарылган акт берилиши керек.
Биринчи өтүнмөнү берген күндөн тартып он эки айдын ичинде, бирок он эки айлык мөөнөттүн өтүшүндө эки айдан кечиктирбестен келип түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылыкты сураганда өтүнмөгө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ жана өтүнмө ээсинен көзкаранды болбогон көрсөтүлгөн он эки айлык мөөнөттө өтүнмө берүүгө тоскоолдук кылган абалды жана эгер Кыргызпатентке алар белгилүү болсо, ушул абалдын болгондугун тастыктаган документ тиркелет.
Конвенциялык артыкчылыгын аныктоо жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө (патент берүү жөнүндө арыздын тийиштүү графасында жазылат) же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
3.6. Документтерди берүү
1) Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Ойлоп табуунун формуласы, анын аты, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн.
Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле эксперттөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө берилүүчү документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилинде котормосу тиркелет. Котормонун так экендигине өтүнмө ээси жооптуу болот.
Мамлекеттик же расмий тилде котормосу өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен берилиши керек.
Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча көрсөтүлгөн материалдарды берүү мөөнөтү Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда узартылат же калыбына келтирилет.
2) Ушул Эрежелердин 3.4-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же расмий тилинде түзүлгөн өтүнмөнүн документтери эки нускада берилет. Ошол эле документтер, эгер алар башка тилде түзүлсө, бир нускада, ал эми мамлекеттик же расмий тилине котормосу - эки нускада берилет.
Калган документтер жана эгер алар башка тилде түзүлсө, алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу бир нускада берилет.
4. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну
4.1. Арыз
1) Арыз ушул Эрежелерге карата тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.
Эгерде кайсы-бир маалыматтарды тийиштүү графаларда толугу менен батыруу мүмкүн болбосо, аларды арыздын тийиштүү графасында "кошумча барактан тиркемени карагыла" деген жазуу менен көрсөтүү аркылуу кошумча баракта ошол эле форма боюнча келтирилет.
2) "Арыз" деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар Кыргызпатенке келип түшкөндөн кийин маалымдарегин киргизүү үчүн арналган жана өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.
3) Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө өтүнүчтү камтыган графада "атына" деген сөздөрдөн кийин кимдин атына патент суралса, ошол жак (жактар) жөнүндө мамлекеттик же расмий тилинде маалыматтар берилет: жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), мында фамилиясы атынын астына жазылат же юридикалык жактын расмий аталышы (уюмдаштыруучу документке ылайык), ошондой эле өлкөнүн расмий аталышын жана дарегин камтуу менен, алардын жашаган жери, турган орду жөнүндө маалыматтар.
Андан кийин ушул эле графада 71 коду менен өтүнмө ээси (өтүнмө ээлери) жөнүндө окшош маалыматтар келтирилет. Ойлоп табуулардын авторлору болуп эсептелген өтүнмө ээлеринин жашаган жери жөнүндө маалыматтар бул графада жазылбайт, алар 97 кодунун астында гана баяндалат.
Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары үчүн алардын атына патент суралгандарга ИУЖК коду көрсөтүлөт.
Алардын атына патент суралган чет өлкөлүк же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - ИМБДУ) ST.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду көрсөтүлөт (эгерде ал аныкталса).
Эгерде алардын атына патент суралган жактар жана/же өтүнмө ээлери бир нече болсо, көрсөтүлгөн маалыматтар ар бирине өзүнчө келтирилет.
Эгерде патент өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) атына суралган болсо, анда патент суралган жак (жактар) жөнүндө маалыматтардын ордуна, "атына" деген сөздөн кийин "өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин)" деген сөз жазылат.
4) Артыкчылыкты аныктоо жөнүндө өтүнүчтү камтыган графа Кыргызпатентке өтүнмө берген күнгө караганда андан мурунку артыкчылык суралганда гана толтурулат. Мындай учурда тийиштүү көзчөлөрдө "X" белгисин коюу менен артыкчылыкты суроо үчүн негиздер белгиленет жана төмөнкүлөр көрсөтүлөт: анын же кошумча материалдардын негизинде артыкчылык суралган мурда берилген өтүнмөнүн номери, жана артыкчылык суроонун датасы (мурда өтүнмө же ал боюнча кошумча материалдар берилген күнү).
Эгерде артыкчылык мурда берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде суралса, бардык өтүнмөлөрдүн номери жана тийиштүү учурларда суралган артыкчылыктын бир нече датасы көрсөтүлөт. Конвенциялык артыкчылыкты суроодо ИМБДУ ST.3 стандарты боюнча биринчи өтүнмө берген өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
5) 54 кодунун астында жайгашкан графада өтүнмө берилген ойлоп табуунун (ойлоп табуулардын топтору) аталышы мамлекеттик жана расмий тилинде жазылат, ал ойлоп табуунун сыпаттамасында келтирилген аталышына дал келиши керек.
6) 98 кодунун астындагы графада кат жазышуу үчүн дарек, адресаттын аты же аталышы жана телефон номери, е-mail электрондук почтасынын (мындан ары - е- mail), факсынын дареги (эгерде ал бар болсо) келтирилет, алар тез почта аркылуу жеткирүүнүн кадимки талаптарын канааттандырышы керек.
Кат жазышуу үчүн адресат катарында Кыргыз Республикасында жашаган өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин ичинен биринин) - жеке жактын жашаган жеринин дареги же өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдүн турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дареги көрсөтүлсө болот.
Өтүнмө ээси кат алышуу үчүн даректин өзгөргөндүгү жөнүндө Кыргызпатентке билдирүүгө милдеттүү.
7) 74 кодунун астында жайгашкан графада өтүнмө берилгенге чейин өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл дайындалган учурда гана толтурулуучу ал тууралуу маалыматтар келтирилет: фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), Кыргызпатенттеги каттоо номуру, Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги, телефон, телекс, факстын номери, е-mail (эгерде ал бар болсо).
8) "Тиркелүүчү документтердин тизмеси" деген графа тийиштүү көзчөлөргө "X" белгисин жана тиркелүүчү документтердин ар бир нускасына нускалардын жана барактардын санын коюу аркылуу толтурулат. Арыздын формасында алардын түрү караштырылбаган тиркелүүчү документтер үчүн ("башка документ") алардын арналышы так көрсөтүлөт.
9) "Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктун келип чыгышы үчүн негиз" деген графада "X" белгисин коюу менен өтүнмө берүү жана патент алуу үчүн тийиштүү негизи (негиздери) белгиленет. Аталган графа качан өтүнмө ээлеринин курамы авторлордун курамы менен туура келген учурдан тышкары, өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) атына патент суралганда толтурулат.
10) 72, 97 кодунун астындагы графаларда ойлоп табуунун автору (авторлору) жөнүндө маалыматтар келтирилет: фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо), өлкөнүн аталышы (ИМБДУ ST.3 стандарты боюнча коду) жана жашаган жеринин дареги.
11) Эгерде автор өтүнмө ээсине патент алууга укукту ыйгарып берсе, графанын оң жагындагы 97 кодуна ээ болгон графада анын колу коюлат жана датасы жазылат.
12) 72 жана 97 коддорунун астындагы түздөн-түз графаларда качан автор (авторлор) патент берүүгө маалыматтарды жарыялоодо ушу сыяктуу (ушу сыяктуулар) катарында эскербөөнү сураганда (суранышканда) гана толтурулат. Мындай учурда керексиздери чийилип салынат, жарыялоодо эскертиле кетишин каалаган авторлордун ар биринин фамилиясы, аты-жөнү (бар болсо) жана алардын колу келтирилет.
13) Арыздын экинчи барагынын акыркы графасы качан патентти алууга укук автордун укук мураскору тарабынан берилген учурда толтурулат. Анда ушундай укук мураскору жөнүндө маалыматтар келтирилет: жеке жактын фамилиясы, аты- жөнү (бар болсо), жашаган жеринин дарегин же датасын коюу менен колу коюлуп ырасталган юридикалык жактын расмий аталышы жана турган ордунун дареги (качан автордун укук мураскору юридикалык жак болуп эсептелсе, жетекчинин колу келтирилет).
14) Жогоруда 11-13-пунктчаларда көрсөтүлгөн арыздын графаларын толтуруу бир эле убакта арыз аркылуу ушул графалар тарабынан караштырылган маалыматтарды жана колду камтыган документтердин берилиши менен алмаштырылса болот.
15) Кол койгон датасын көрсөтүү менен арыздын "Колу" деген акыркы графасы бардык учурда сөзсүз түрдө толтурулат. Арызга өтүнмө ээси кол коет. Юридикалык жактын атынан арызга анын кызмат орду көрсөтүлүп, уюмдун жетекчиси кол коет. Колу мөөр менен ырасталат.
Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу арыз берүүдө арызга патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.
Өтүнмө ээсинин өкүлү тарабынан арыз берүүдө арызга өтүнмө ээси же анын өкүлү кол коет.
Эгерде арызга патенттик ишенимдүү өкүл болуп эсептелбеген өтүнмө ээсинин өкүлү кол койгон болсо, өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.
16) Жогоруда 13 жана 15-пунктчаларда көрсөтүлгөн арыздын графаларындагы кол тамгалар кол койгон жактын фамилиясын жана аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет.
17) Кошумча баракта кол коюуну талап кылган тигил же бул маалыматтар келтирилген учурда, ага ушундай эле тартипте кол коюлат.
Ар бир кошумча баракка өтүнмө ээси же патенттик ишенимдүү өкүл милдеттүү түрдө кол коет.
4.2. Ойлоп табуунун сыпаттамасы
4.2.1. Ойлоп табуунун арналышы
Ойлоп табуунун сыпаттамасы аны ишке ашыруу үчүн ойлоп табууну толук, жетишерлик ачышы керек.
4.2.2. Сыпаттаманын түзүлүшү
Сыпаттама ойлоп табуунун аталышынан башталат (өтүнмө берилген ойлоп табуу кирген Эл аралык патенттик классификациянын (ЭПК) колдонулуп жаткан редакциясында рубриканы аныктоо учурунда - ушул рубриканын индексин дагы) жана төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- ойлоп табуу кирген техниканын тармагы;
- техниканын деңгээли;
- ойлоп табуунун маңызы;
- чиймелердин фигураларынын жана башка материалдардын тизмеси (эгер алар тиркелсе);
- ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар. Сыпаттаманын бөлүмүн зарыл маалыматтар камтылган булактарга шилтеме
кылуу менен алмаштырууга болбойт (адабий булакка, мурда берилген өтүнмөдөгү сыпаттамага, коргоо документине карата сыпаттамага ж.у.с.).
4.2.3. Ойлоп табуунун аталышы
Ойлоп табуунун аталышы кыска жана так болууга, анын маңызына туура келүүгө жана объектинин арналышын мүнөздөөгө тийиш. Аталышы жекелик санда берилет. Төмөнкүлөрдөн башкасы:
- жекелик санда колдонулбаган аталыштар;
- жалпы структуралык формуланы түзгөн химиялык кошулмаларга кирген ойлоп табуулардын аталышы.
Жеке химиялык кошулмага кирген ойлоп табуунун аталышына химияда кабыл алынган номенклатуралардын бири боюнча анын аталышы киргизилет; ошондой эле анын конкреттүү арналышына көрсөтмө, ал эми биологиялык активдүү кошулмаларга - биологиялык активдүүлүктүн түрү келтирилиши мүмкүн.
Аныкталбаган структуранын жогору молекулалуу кошулмасын алуу ыкмасына кирген ойлоп табуунун аталышына, эгерде анын арналышына зарыл болсо, жогору молекулалуу кошулманын аталышы жана көрсөтмө киргизилет.
Аныкталбаган курамдагы аралашма-затты алуу ыкмасына кирген ойлоп табуунун аталышына бул заттын арналышына жана биологиялык активдүү касиетине көрсөтмө киргизилет.
Микроорганизм штаммына же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өрчүтүүсүнө кирген ойлоп табуунун аталышына автордун (авторлордун) фамилиясын (фамилияларын), штаммдын түрүн жана арналышын көрсөтүү менен латын тилинде биологиялык объектинин уруулук жана түрдүк аталышы киргизилет. Микроорганизмдин же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тобунун (өрчүтүү) аталышы эл аралык номенклатуранын талаптарына ылайык берилиши керек.
Белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, штаммды жаңы арналышы боюнча пайдаланууга кирген ойлоп табуунун аталышы тийиштүү объект үчүн кабыл алынган эрежелер боюнча түзүлөт жана белгилүү болгон объектинин жаңы арналышын мүнөздөйт.
Алардын бири башкасын алууга (жасоого), ишке ашырууга же пайдаланууга арналган объектилерге кирген ойлоп табуулардын топторунун аталышы бир ойлоп табуунун толук жана башкасынын кыскартылган аталышын камтыйт. Алардын бири башкасын (башкада) пайдалануу үчүн арналган объектилерге кирген ойлоп табуулардын топторунун аталышы топко кирген ойлоп табуулардын толук аталышын камтыйт.
Варианттарга кирген ойлоп табуулардын топторунун аталышы "варианттар" деген кашаадагы сөз менен көрсөтүлүп толукталган топтун бир ойлоп табуусунун аталышын камтыйт.
Ойлоп табуунун аталышында фамилиялык аталыштарды, аббревиатураларды, товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин, жарнамалык, фирмалык жана башка атайын аталыштарды, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын, "ж.б." деген жана ушуга окшогон ойлоп табууну бирдейлештирүү максаттарына кызмат кылбаган сөздөрдү пайдалануу сунуш кылынбайт.
4.2.4. Ойлоп табуу тийиштүү болгон техниканын тармагы
Сыпаттаманын "Ойлоп табуу тийиштүү болгон техниканын тармагы" деген бөлүмүндө ойлоп табуу колдонула турган тармак көрсөтүлөт. Эгерде мындай тармактар бир нече болсо, артыкчылыкка ээ болгондору көрсөтүлөт. Мында ойлоп табуунун объектисинин өнөр жай тармагы гана эмес, конкреттүү арналышы көрсөтүлөт.
Техника деңгээли.
"Техника деңгээли" бөлүмүндө ал өтүнмө ээсине кандай белгилүү болсо жана ойлоп табууну түшүнүү, издөө жүргүзүү жана ойлоп табууга берилген өтүнмөнү эксперттөөдөн өткөрүү үчүн пайдалуу болуп эсептелине турган деңгээлде техниканын мурдагы деңгээли көрсөтүлөт.
Бул бөлүмдө маңыздуу белгилеринин топтому боюнча ойлоп табууга эң жакын болгон (прототип), алардын ичинен аналогун (окшошун) бөлүү менен өтүнмө ээсине белгилүү болгон ойлоп табуунун аналогдору жөнүндө маалыматтар берилет.
Ойлоп табуунун аналогу катарында ойлоп табуунун маанилүү белгилеринин топтому менен окшош белгилердин топтому аркылуу мүнөздөлө турган ойлоп табуунун артыкчылык алган күнүнө чейин жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардан белгилүү болгон ошол эле арналышынын каражаты көрсөтүлөт.
Окшошторунун ар бирин сыпаттоодо ал ачылып баяндалган маалымат булагынын библиографиялык маалыматтары келтирилет, өтүнмө берилген ойлоп табуунун маанилүү белгилери менен дал келгендерин көрсөтүү менен аналогунун (окшошунун) белгилери, ошондой эле өтүнмө ээсине белгилүү болгон талап кылынган техникалык натыйжаны алууга тоскоолдук кылуучу себептери көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу конкреттүү арналышы же биологиялык активдүү касиеттери менен аныкталбаган курамдагы аралашманы алуу ыкмасына кирсе, аналог (окшошу) катарында ушундай эле арналышы же ушундай эле биологиялык активдүү касиеттери менен аралашманы алуу ыкмасы көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу жаңы жеке химиялык, анын ичинде жогору молекулалуу же гендик инженериянын кошулмасын алуу ыкмасына кирсе, анын белгилүү болгон структуралык аналогун алуу ыкмасы жөнүндө маалыматтар берилет.
Микроорганизм штаммына же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тобуна (өрчүтүү), заттын продуцентине кирген ойлоп табуунун эң жакын аналогун сыпаттоодо алынуучу зат жөнүндө маалыматтар берилет.
Эгерде ойлоп табуу мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды колдонууга кирсе, анда анын аналогдоруна мурун белгилүү болгон түзүлүштөр, ыкмалар, заттар, ошол эле арналышы боюнча штаммдар кирет.
Ойлоп табуунун топторун сыпаттоодо аналогдор (окшоштор) жөнүндө маалыматтар ар бир ойлоп табуу үчүн өзүнчө берилет.
4.2.5. Ойлоп табуунун маңызы
1) Ойлоп табуунун маңызын билдире турган маалыматтар
Ойлоп табуунун маңызы ойлоп табуу камсыздандыруучу техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишерлик маанилүү белгилеринин жыйындысында берилет.
Белгилер эгер алар алына турган техникалык натыйжага таасир берсе, б.а. көрсөтүлгөн натыйжа менен себебин издөө байланышында турса, маанилүүгө кирет.
Бул бөлүмдө өтүнмө берилген ойлоп табуу мындайча ачылат: ойлоп табууну ишке ашырууда алына турган техникалык натыйжаны көрсөтүү менен техникалык маселени, анын чыгарылышын түшүнүүгө боло тургандай болуп ачылат.
Ойлоп табууну мүнөздөөчү жана техникалык натыйжага жетүү менен аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маанилүү белгилери келтирилет. Ойлоп табууну эң жакын аналогунан (окшошунан) айырмалаган белгилери бөлүнүп көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу бир нече ойлоп табууну алууну камсыздаса (анын ичинде аны аткаруунун конкреттүү формаларында же пайдалануунун өзгөчө шарттарында), аларды көрсөтүү керек.
Техникалык натыйжа негизинен: сүрүлүү коэффициентин төмөндөтүүдө
(жогорулатууда); бузулуунун алдын алуу; титирөөнү төмөндөтүү; органды кан
менен жабдууну жакшыртуу; дары каражатынын таасирин чектөө; анын уулуулугун төмөндөтүү; куюу структураларынын кемчиликтерин четтетүү; жумушчу органдын чөйрө менен байланышын жакшыртуу; белги берүүнүн түрүн бурмалоону азайтуу; суюктуктун жылжып өтүүсүн төмөндөтүү; нымдуу болушун жакшыртуу; жарылып кетүүнүн алдын алуу менен билдирилет.
Эгерде ойлоп табууну түзүүдө белгиленген багыттагы техникалык каражаттардын арсеналын кеңейтүүнүн же мындай каражаттарды биринчи жолу алуунун гана маселеси чечилсе, техникалык натыйжа бул багытын ишке ашыруу менен негизделет жана анын атайын көрсөтмөсү талап кылынбайт.
Ойлоп табуулардын топтору үчүн көрсөтүлгөн маалыматтар, анын ичинде техникалык натыйжа жөнүндө маалыматтар ар бир ойлоп табуу үчүн өзүнчө келтирилет.
Микроорганизм штаммын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын топторун баяндоодо кошумча белгилери көрсөтүлөт, алар менен ал баштапкы же аларга жакын штаммдардан айырмаланат.
Белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды колдонууга тийиштүү ойлоп табууну сыпаттоодо бул белгилүү объектинин мүнөздөмөсү жана ал сыпатталган маалымат булагынын библиографиялык маалыматтары келтирилет, анын белгилүү жана жаңы арналышы көрсөтүлөт.
2) Түзүлүштөрдү мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер
Түзүлүштөрдү мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- конструктивдүү элементтин (элементтердин) болушу;
- элементтердин ортосундагы байланыштын болушу;
- элементтердин өз ара жайгашышы;
- элементтин (элементтердин) же бүтүндөй түзүлүштүн, негизинен геометриялык форманын аткарылышынын түрү;
- элементтердин ортосундагы байланышын аткаруу формасы;
- элементтин (элементтердин) параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү жана алардын өз ара байланышы;
- андан элемент (элементтер) же бүтүндөй түзүлүш жасалган материал;
элементтин милдетин аткаруучу чөйрө.
3) Ыкмаларды мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер
Ыкмаларды мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- аракеттердин же аракеттердин жыйындысынын болушу;
- убактысында ушундай аракеттерди аткаруунун тартиби (ырааттуу, бир убакта, ар түрдүү айкалышууда ж.у.с.);
- аракеттерди ишке ашыруу шарттары; тартип; заттарды (алынуучу чийки затты, реагенттерди, катализаторлорду ж.у.с.), түзүлүштөрдү, микроорганизм штаммдарын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культураларын пайдалануу.
4) Жеке химиялык кошулмаларды мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер
Жеке химиялык кошулмаларды мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- төмөн молекулалуу кошулмалар үчүн - сапаттык курамы (белгилүү бир элементтердин атомдору), сандык курамы (ар бир элементтин атомдорунун саны), атомдордун ортосундагы байланыш жана химиялык структуралык формула менен берилген молекулада алардын өз ара жайгашышы;
- жогору молекулалуу кошулмалар үчүн - химиялык курамы жана макромолекуланын бир звеносунун структурасы, бүтүндөй макромолекуланын структурасы (сызыктык, тармакталган), звенолордун мезгилдүүлүгү, молекулалык масса, молекулалык-массалык бөлүштүрүү, макромолекуланын геометриясы жана стереометриясы, анын аяккы жана каптал топтору;
- аныкталбаган структурасы менен жеке кошулмалар үчүн - аларды бирдейлештирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү физикалык-химиялык жана башка мүнөздөмөлөр (анын ичинде алуу ыкмасынын белгилери).
5) Композицияларды мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер
Композицияларды мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- сапаттык (ингредиенттер) курам;
- сандык (ингредиенттердин камтылышы) курамы;
- композициялардын түзүмү;
- ингредиенттердин түзүмү.
Аныкталбаган курамдагы композицияларды мүнөздөө үчүн алардын физикалык-химиялык, физикалык жана утилитардуу көрсөткүчтөрү жана алуу ыкмасынын белгилери пайдаланылат.
6) Ядролук кубулуш аркылуу алынган заттарды мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер
Ядролук кубулуш аркылуу алынган заттарды мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- сапаттык курам (элементтин изотобу (изотоптору), сандык курам
(протондордун жана нейтрондордун саны);
- негизги ядролук мүнөздөмөлөр: жарым-жартылай бөлүнүү мезгили, шоолалану тиби жана энергиясы (радиоактивдүү изотоптор үчүн).
7) Микроорганизмдердин жеке штаммдарын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын топторун мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилер
Микрорганизмдердин жеке штаммдарын мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- топторго морфологиялык мүнөздөмө;
- физиологиялык-биохимиялык мүнөздөмө;
- хемо- жана генотаксономиялык мүнөздөмө;
- кариологиялык мүнөздөмө;
- маркердик мүнөздөмөлөр: генетикалык, иммунологиялык, биохимиялык, физиологиялык;
- биотехнологиялык мүнөздөмө: штамм менен продуциялануучу пайдалуу заттын аталышы жана касиети, активдүүлүк (түшүмдүүлүк) деңгээли, продуцент болуп эсептелбеген штаммдын арналышы; узакка өрчүтүүдө пайдалуу касиетин сактоонун туруктуулугу жөнүндө маалыматтар ж.б.;
- вируленттүүлүк, антигендик структура: иммуногендүүлүк, сенологиялык өзгөчөлүктөрү, онкогендүүлүк, антибиотиктерге карата сезгичтик, антагонистикалык касиеттер (медициналык жана ветеринардык багыттагы микрорганизмдердин штаммдары үчүн);
- ата-энелер (өнөктөрдүн) штаммдарын мүнөздөө, гибриддештирүү принциби
(гибриддик микроорганизмдердин штаммдары үчүн).
Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын жеке штаммдарын мүнөздөө үчүн негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- топтордун келип чыгышы;
- паспорттоштуруу учуруна карата пассаждардын саны;
- өстүрүүнүн стандарттуу шарттары;
- топтордун касиеттери;
- өсүү (кинетикалык) мүнөздөмөлөрү;
- жаныбарлардын организминде (аргындаштыруу үчүн) өрчүтүүнүн мүнөздөмөсү;
- цитогенетикалык (кариологиялык) мүнөздөмө;
- цитоморфологиялык мүнөздөмө;
- түргө карата тийиштүүлүк жөнүндө маалыматтар (гибридомдорду кошкондо, жаныбарлардын клеткалары үчүн);
- морфогенезге жөндөмдүүлүк (өсүмдүктөрдүн клеткалары үчүн);
- онкогендүүлүк (гибридомдорду кошкондо, жаныбарлардын клеткаларынын өрчүүсү үчүн);
- маркердик мүнөздөмөлөр: цитогенетикалык, иммунологиялык, биохимиялык, физиологиялык;
- контаминация жөнүндө маалыматтар (жөнөкөйлөр, козу карындар, бактериялар, микоплазмалар, вирустар ж.б. менен);
- биотехнологиялык мүнөздөмө: штамм менен көбөйүүчү пайдалуу заттын аталышы жана касиети, активдүүлүк (түшүмдүүлүк) деңгээли, продуцент болуп эсептелбеген штаммдын арналышы; узакка өрчүтүүдө пайдалуу касиетин сактоонун туруктуулугу жөнүндө маалыматтар ж.б.;
- криоконсервация ыкмасы.
8) Микроорганизмдер консорциумун, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын топторун мүнөздөө үчүн белгилер
Микроорганизмдердин консорциумун мүнөздөө үчүн жеке штаммдар үчүн аталган белгилерге карата кошумча негизинен, төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат:
- көнүгүүнүн жана селекциянын келип чыгышы (бөлүп чыгаруу булагы), фактору жана шарттары, таксономиялык курам, бөлүнүүчүлүгү, саны жана басым кылуучу компоненттери, жеке компоненттердин топтук-морфологиялык жана физиологиялык-биологиялык белгилери, бүтүндөй консорциумдун тиби жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү;
- таксономиялык курам, штаммдардын катышы жана алмаштыруучулугу, жаңы жеке штаммдарды мүнөздөө.
Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын топторунун консорциумун мүнөздөө үчүн жеке топтор үчүн аталган белгилерге кошумча түрүндө төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат: көнүү жана селекциянын фактору жана шарттары, таксономиялык курам, бөлүнүүчүлүк, алмаштыруучулук, саны жана басым кылуучу компоненттер, культуралдык-морфологиялык, жеке компоненттердин физиологиялык- биохимиялык жана башка белгилери, бүтүндөй консорциумдун физиологиялык өзгөчөлүктөрү.
9) Колдонууга кирген ойлоп табууну мүнөздөөдө пайдаланылуучу белгилер
Мурун белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды мүнөздөө үчүн колдонулуучу объектинин аны бирдейлештирүү үчүн жетишерлик кыскача мүнөздөмөсү жана ушул жаңы арналышынын көрсөтмөсү пайдаланылат.
4.2.5. Чиймелердин жана башка материалдардын фигураларынын тизмеси
Сыпаттаманын бул бөлүмүндө, фигуралардын тизмесинен тышкары, алардын ар бириндеги сүрөттөп көрсөтүүлөрүнө карата кыскача көрсөтмө келтирилет.
Эгерде ойлоп табуунун маңызын түшүндүрүүчү башка материалдар көрсөтүлсө, алардын мазмунуна кыскача түшүнүк берилет.
4.2.6. Ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
Бул бөлүмдө өтүнмө ээси тарабынан белгиленген арналышын колдонуу менен ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
Анын маңызы негизинен функционалдык жалпылоо деңгээлинде көрсөтүлүп, жалпы түшүнүк менен берилген белгини пайдалануу менен мүнөздөлгөн ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү мындай белгини же аны алуу ыкмасын ишке ашыруу үчүн түздөн-түз өтүнмөнүн материалдарында баяндоо же ушундай каражаттын же аны алуу ыкмасынын белгилүүлүгүн көрсөтүү менен тастыкталат.
Бул бөлүмдө маселени чыгарууну мүнөздөөдө "Ойлоп табуунун маңызы" деген бөлүмдө көрсөтүлгөн ошол техникалык натыйжанын ойлоп табуусун ишке ашырууда алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар келтирилет. Маанилери интервал түрүндө берилген ойлоп табууну мүнөздөө үчүн сандык белгилерди пайдаланууда ушул интервалдагы техникалык натыйжаны алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
1) Түзүлүшкө кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
Түзүлүшкө кирген ойлоп табуу үчүн чиймелердин түрүнө шилтеме менен анын конструкциясынын сыпаттамасы келтирилет. Конструктивдүү элементтердин сандык белгилери сыпаттамада алардын чийменин түрүндөгү сандык белгилерине туура келиши керек.
Түзүлүштүн конструкциясын сыпаттоодон кийин чиймелердин түрүнө шилтеме менен анын аракети (жумушу) же пайдалануу ыкмасы, ал эми зарыл учурда - башка түшүнүк берүүчү материалдар (эпюра, убактылуу диаграммалар ж.у.с.) баяндалат.
Эгерде түзүлүш функционалдык деңгээлде мүнөздөлгөн элементти камтыса жана ишке ашыруунун сыпатталуучу формасы программалоочу (жөнгө салуучу) көп функционалдуу каражатты пайдаланууну болжосо, анда ушундай каражаттын ушул түзүлүштүн курамындагы конкреттүү милдетти аткарышы караштыруу мүмкүнчүлүгү тастыкталган маалыматтар келтирилет. Эгерде ушундай маалыматтардын ичинде, негизинен эсептөө алгоритм келтирилген учурда, аны блок-схема же бул мүмкүн болсо, тийиштүү математикалык туюнтма түрүндө көрсөтүшөт.
2) Ыкмага кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
Ыкмага кирген ойлоп табуу үчүн материалдык объектиге карата аракеттердин ырааттуулугу (ыкмалардын, операциялардын), ошондой эле аракеттерди жүргүзүүнүн шарттары, эгер зарыл болсо, мында түзүлүштөрдө, заттарда жана штаммдарда пайдаланылуучу конкреттүү тартиптер (температура, басым ж.у.с.). Эгер ыкма артыкчылык алган күнгө чейин белгилүү болгон каражаттарды пайдалануу менен мүнөздөлсө (түзүлүштү, заттарды жана штаммдарды) ушул каражаттарды көрсөтүү жетиштүү. Белгилүү болбогон каражаттарды пайдаланууда алардын мүнөздөмөсү берилет жана зарыл учурда, графикалык сүрөттөр тиркелет.
Ыкмада жаңы заттарды пайдаланууда аларды алуунун ыкмасы баяндалат. Жалпы структуралык формула менен берилген жаңы химиялык
кошулмалардын тобун (катарын) алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн ушул ыкма менен топтун (катардын) кошулмасын алуунун мисалы келтирилет, ал эми эгер топ (катар) химиялык жаратылышы боюнча ар түрдүү радикалдар менен кошулманы камтыса, ушул ар түрдүү радикалдар менен кошулмаларды алуу мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн жетишерлик мисалдар келтирилет. Топко (катарга) кирген кошулмаларды алуу үчүн белгилүү ыкмалар менен тастыкталган структуралык формулалар жана физикалык-химиялык мүнөздөмөлөр келтирилет. Сыпаттамада ошондой эле жаңы кошулмалардын арналышы жана биологиялык активдүү касиеттери жөнүндө маалыматтар берилет.
Аныкталбаган структурадагы жогору молекулалуу кошулмасын алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн аны бирдейлештирүү үчүн керектүү маалыматтар көрсөтүлөт. Кошулмаларды алуу үчүн баштапкы реагенттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле өтүнмө ээси белгилеген кошулманын арналышын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар, негизинен ушундай арналышын шарттаган касиеттери жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Аныкталбаган курамдагы жана конкреттүү арналышы менен структуралуу же биологиялык активдүү касиеттери менен аралашманы алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн мисалдар кабыл алууну сыпаттоодон жана ыкманы жүргүзүү шарттарынан тышкары, аны бирдейлештирүү үчүн зарыл болгон аралашма жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле өтүнмө ээси белгилеген аралашманын арналышын ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтарды, негизинен ушундай арналышты шарттаган касиеттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Анын элементи же буюмдун өзү аныкталбаган курамдагы жана структурадагы материалдан жасалган буюмду алуунун ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн материал жана аларды бирдейлештирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү андан жасалган буюм жөнүндө маалыматтар, материалдын касиеттери жана элементтин жана/же буюмдун иштетүү мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Адамдардын жана жаныбарлардын ооруларын дарылоо, дартын аныктоо же алдын алуу ыкмасына кирген ойлоп табуу үчүн оорунун этиопатогенезине таасир берүүчү же этиопатогенез менен пайдаланылуучу диагностикалык көрсөткүчтөрдүн ортосундагы болгон байланышты шарттап турган факторлор жөнүндө маалыматтар, ал эми мындай маалыматтар жок болгон учурда аталган ооруну дарылоо, диагностикалоо же алдын алуу үчүн ыкманын жарамдуу экендигин тастыктаган анык маалыматтар келтирилет.
3) Затка кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн
тастыктаган маалыматтар
Аныкталган структурасы менен жаңы жеке химиялык кошулмага кирген ойлоп табуу үчүн белгилүү ыкмалар менен далилденген структуралык формуласы, физикалык-химиялык константасы келтирилет жана жаңы кошулма биринчи жолу алынган ыкма сыпатталат. Белгиленген багыт боюнча ушул кошулманы пайдалануу мүмкүнчүлүгү тастыкталат, ал эми биологиялык активдүү кошулма үчүн активдүүлүктүн жана уулуулуктун сандык мүнөздөмөлөрүнүн көрсөткүчтөрү, зарыл учурда - тандалган аракеттери жана башка көрсөткүчтөрү келтирилет.
Эгерде ойлоп табуу адамдардын жана жаныбарлардын белгиленген бир оорусун дарылоо үчүн каражатка тийиштүү болсо, сыпаттамада оорунун этиопатогенезине аны пайдаланууда таасирин түшүндүрүүчү аныкталган факторлору жөнүндө маалыматтар, ал эми мындай маалыматтар болбогон учурда аталган ооруну дарылоо үчүн анын жарамдуулугун тастыктаган анык маалыматтар келтирилет.
Эгерде жаңы жеке химиялык кошулма микроорганизмдин штаммынан, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткаларынын культурасын пайдалануу менен алынса, ушул штаммдын катышуусу менен биосинтез жөнүндө маалыматтар, ал тууралуу маалыматтар, ал эми зарыл учурда - штаммды депонирлөө жөнүндө маалыматтар келтирилет.
Эгерде ойлоп табуу жалпы структуралык формуласы менен сыпатталуучу аныкталган структурасы менен жаңы жеке химиялык кошулмалардын тобуна (катарына) кирсе, алуу ыкмасынын жалпы схемасын, ошондой эле топтун (катардын) конкреттүү кошулмасын алуунун мисалын келтирүү аркылуу топтун (катардын) бардык кошулмаларын алуу мүмкүнчүлүгү тастыкталат, ал эми топ (катар) химиялык жаратылыш боюнча ар түрдүү кошулмаларды камтыса - ушул ар түрдүү радикалдар менен кошулмаларды алуунун мүмкүнчүлүгүн тастыктоо үчүн жетишерлик мисалдарды келтирет.
Кошулмаларды алуу үчүн ошондой эле белгилүү ыкмалар менен тастыкталган алардын структуралык формулалары, физика-химиялык константасы, химиялык жаратылышы боюнча ар түрдүү радикалдары менен айрым кошулмаларга карата ушундай мүмкүнчүлүктү тастыктоо менен көрсөтүлгөн арналышын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктоо келтирилет.
Эгерде жаңы кошулмалар биологиялык активдүү болуп эсептелсе, бул кошулмалар үчүн активдүүлүктүн жана уулуулук көрсөткүчтөрү, ал эми зарыл учурда - тандалган аракеттер жана башка көрсөткүчтөр келтирилет.
Эгерде ойлоп табуу ортодогу кошулмага кирсе, ошондой эле аны белгилүү акыркы продуктуга иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү же андан конкреттүү арналышы же биологиялык активдүү касиеттери менен жаңы акыркы продуктуну алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
Эгерде ойлоп табуу композицияга (аралашмага, эритмеге, эритиндиге, айнекке ж.у.с.) кирсе, композициянын курамына кирген ингредиенттер, алардын мүнөздөмөсү жана сандык катышы мисал келтирилет. Композицияны алуу ыкмасы сыпатталат, ал эми эгер ал ингредиент катарында жаңы затты камтыса, аны алуу ыкмасы баяндалат.
Келтирилген мисалдарда ар бир ингредиенттин камтылышы аталган ойлоп табуунун формуласында көрсөтүлгөн маанилеринин интервалынын чегинде көрсөтүлөт (ойлоп табуу формуласында ингредиенттердин сандык катышын
пайыз менен билдирүүдө (салмагы боюнча же көлөмү боюнча) мисалда көрсөтүлгөн бардык ингредиенттердин суммардык камтылышы 100%га барабар).
4) Микроорганизм штаммына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культурасына кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар
Штаммга кирген ойлоп табуу үчүн номенклатуралык маалыматтар жана штаммдын келип чыгышы, азыктандыруу чөйрөсүнүн сандык жана сапаттык курамы (себүү жана ферментациялык), өстүрүү шарттары (температура, рН, салыштырма салмагын ташуу О2, жарык берилгендиги ж.у.с.), ферментация убагы, биосинтезди мүнөздөө, пайдалуу (максаттуу) продуктулар, продуктуну алуу, штаммдын активдүүлүк (түшүмдүүлүк) деңгээли жана аны аныктоонун (тестирлөө) ыкмалары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Максаттуу продуктуларды бөлүү жана тазалоо ыкмасы билдирилет (жаңы максаттуу продуктулардын продуценттери үчүн, мисалы: антибиотиктер, ферменттер, моноклональдык антителолор ж.у.с.).
Микроорганизмдердин жана өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культурасынын консорциуму үчүн төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: компоненттер кошулгандыгын текшерүү ыкмасы, бөлүп алуу ыкмасы (селекция) жана алар боюнча селекция жүргүзүлгөн белгилер, узакка созулган өрчүтүүдө консорциумдун туруктуулугу, башка микрорганизмдер тарабынан жуккан ооруга туруктуулук.
Микроорганизм штаммына, клеткалардын культурасына же ал пайдаланылуучу ыкмаларга кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тийиштүү штамм кайсы жерде жана кантип алына тургандыгын көрсөтүү менен тастыкталат.
Штаммды алуу мүмкүнчүлүгү аны алуу ыкмасын сыпаттоо же белгиленген тартипте таризделген депонирлөө жөнүндө документти көрсөтүү менен тастыкталат, мында депонирлөө датасы ойлоп табуу артыкчылыгынын күнүнөн мурда болот.
5) Жаңы арналышы боюнча колдонууга кирген ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар.
Түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы белгилөө боюнча штаммды колдонууга карата кирген ойлоп табуу үчүн алардын ушул арналышын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган маалыматтар келтирилет.
4.3. Ойлоп табуунун формуласы
4.3.1. Ойлоп табуунун формуласынын арналышы жана ага коюлуучу тлаптар
1) Ойлоп табуунун формуласы патент менен берилген укуктук коргоонун ченемин аныктоо үчүн арналат.
2) Ойлоп табуунун формуласы толугу менен сыпаттамага негизделет, б.а. ойлоп табууну анын сыпаттамасында камтылган түшүнүктөр менен мүнөздөйт.
3) Ойлоп табуунун формуласы эгер ал өтүнмө ээси көрсөткөн техникалык натыйжага жетүү үчүн жетишерлик анын маанилүү белгилеринин топтомун камтыса, анын маңызын билдирген болуп таанылат.
4) Ойлоп табуунун белгилери ойлоп табуунун формуласында мындайча билдирилет, аларды бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн, б.а. адистин түшүнүктөрдүн маанилик мазмунунун белгилүү болгон техника деңгээлинин негизинде бирдей түшүнүүсү, алар менен бул белгилер мүнөздөлгөн.
5) Ойлоп табуу формуласында белгинин мүнөздөмөсү качан ушундай шилтемесиз ушул пункттун 4-пунктчасынын талаптарын бузбастан, белгини мүнөздөө мүмкүн болбогон учурдан тышкары, сыпаттамага же чиймелерге карата шилтеме менен алмаштырылбайт.
6) Эгерде бир жана ошол эле техникалык натыйжаны башка маанилүү белгилери менен бирге алууда камсыздоочу белгинин бир нече түрүн ишке ашыруу мүмкүн болсо, белгини ишке ашыруунун аныкталган формаларын чулгаган жалпы түшүнүк менен билдирүү максатка ылайыктуу.
Эгерде мындай түшүнүк болбосо же ал жалпылаштырууну бирдей эмес кылган, көрсөтүлгөн техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаган белгини ишке ашыруу формаларын чулгаса, анда белги белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формаларын мүнөздөөчү альтернативалуу түшүнүктөр түрүндө берилет.
4.3.2. Ойлоп табуунун формуласынын структурасы
Формула бир звенолуу жана көп звенолуу болот жана ылайыгына карата бир же бир нече пункттарды камтыйт.
4.3.3. Ойлоп табуунун бир звенолуу формуласы
Ойлоп табуунун бир звенолуу формуласы аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурларына колдонулуучу өнүгүүсү же тактоосу болбогон маанилүү белгилердин топтому бир ойлоп табууну мүнөздөө үчүн колдонулат.
4.3.4. Ойлоп табуунун көп звенолуу формуласы
Көп звенолуу формула аткаруунун жеке учурларына же ойлоп табууну пайдалануу же ойлоп табуулардын топторун мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу анын маанилүү белгилеринин топтомун өнүктүрүү жана/же тактоо менен бир ойлоп табууну мүнөздөө үчүн колдонулат.
Бир ойлоп табууну мүнөздөй турган көп звенолуу формула бир көз карандысыз пунктка жана андан кийинки андан көз каранды пунктка (пунктттарга) ээ.
Ойлоп табуулардын тобун мүнөздөй турган көп звенолуу формула бир нече көз карандысыз пункттарга ээ, алардын ар бири топтун ойлоп табууларынын
бирин мүнөздөйт. Мында топтун ар бир ойлоп табуусу ылайыгына карата көз карандысызга караштуу көз карандуу пункттарды тартуу менен мүнөздөлөт.
Ойлоп табуулардын тобун мүнөздөй турган формуласын сыпаттоодо төмөнкүдөй эрежелер сакталат:
- өзүнчө ойлоп табууларды мүнөздөй турган көзкарандысыз пункттар эреже катары, формуланын башка пункттарына шилтемени камтыбайт (мындай шилтеме качан ал андагы башка пункттун болбогондугун толук кайталоосуз бул көзкарандысыз пункту сыпаттоого мүмкүнчүлүк берген учурда гана болот);
- көзкаранды пункттар алар караштуу болгон көзкарандысыз пункт менен бирге топтолот;
- эгер ойлоп табууларды топко бириктирүү шарты болуп ойлоп табуунун объектисинин бири башкасын алуу, ишке ашыруу же пайдалануу үчүн арналган эсептелсе, анда биринчи көзкарандысыз пунктта ал үчүн башка ойлоп табуу арналган ойлоп табуунун мүнөздөмөсү келтирилет.
4.3.5. Формуланын пункту
Формуланын пункту эреже катары, эң жакын аналогунун белгилери менен туура келген ойлоп табуунун белгилерин камтыган чектөө бөлүгүнөн турат, анын ичине ойлоп табуунун арналышын билдирген түрдүк түшүнүк жана ойлоп табууну эң жакын аналогунан айырмалап турган белгилерди камтыган айырмалоочу бөлүк кирет.
Формуланын пунктун түзүүдө чектөө бөлүгүн сыпаттагандан кийин андан кийин айырмалоочу бөлүк сыпатталгандан кийин түздөн-түз "мунусу менен айырмаланат" деген сөздөр киргизилет.
Ойлоп табуунун формуласы эгер ал төмөнкүлөрдү мүнөздөсө, пунктту чектөөчү жана айырмалоочу бөлүктөргө бөлбөстөн эле түзүлөт:
- жеке химиялык кошулма;
- микроорганизм штаммы, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культуралары;
- мурда белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, заты, жаңы арналышы боюнча штаммды колдонуу;
- аналогдору болбогон ойлоп табуу.
4.3.6. Формуланын көз карандысыз пункту
1) Ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пункту бир гана ойлоп табууга тийиштүү болушу керек. Ал суралган укуктук коргоонун ченемин аныктаган, анын белгилеринин топтому менен ойлоп табууну мүнөздөйт жана ойлоп табуунун объектин логикалык аныктоо түрүндө берилет.
Ойлоп табуунун формуласынын көз карандысыз пункту бир сүйлөм менен берилет.
2) Формуланын көзкарандысыз пункту бир ойлоп табууга тийиштүү болуп таанылбайт, эгер андагы камтылган белгилердин топтому:
- бир жана ошол эле техникалык натыйжаны алууну камсыздабаган альтернатива түрүндө берилген белгилерди камтыйт же альтернатива өзүнчө белгилерге эмес, ал эми функционалдуу өз алдынча белгилерге кирсе (түзүлүштүн түйүнү же тетиги, операциянын ыкмасы, ыкмада пайдаланылуучу зат, материал, ыңгайлашуу, композициянын ингредиенттери ж.у.с.), анын ичинде тигил же бул альтернативанын тандоосу ушундай белгилердин кайсы-бирине башка белги (белгилердин) үчүн чыгарылган тандоого караштуу болот;
- мындай түрдө берилген белгини камтыйт, мында анын аталган топтомдо бар экендиги же жок экендигине мүмкүнчүлүк берилет (негизинен, качан "камтый алат" деген типтин жүгүртүүсү колдонулганда (түзүлүштүн элементи, ыкманын операциясын) же заттын ингредиенттеринин бири нөлгө барабар, төмөнкү чеги менен маанилеринин интервалы түрүндө көрсөтүлгөн;
- ар түрдүү объектилерге же каражаттардын топтомуна кирген ойлоп табуулардын мүнөздөмөсүн камтыйт, алардын ар бири жалпы багыттагы каражаттардын көрсөтүлгөн топтомун ишке ашыруусуз өз арналышына ээ.
4.3.7. Формуланын көз каранды пункту
1) Ойлоп табуунун формуласынын көзкаранды пункту ойлоп табууну аны аткаруунун же пайдалануунун жеке учурунда ойлоп табууну мүнөздөй турган белгилер менен көз карандысыз пунктта келтирилген ойлоп табуунун белгилерин өнүктүрүүнү жана/же тактоону камтыйт.
Ойлоп табуунун формуласынын көзкаранды пунктун мындайча сыпаттоо болбойт, мында ал көз каранды болгон формуланын ошол пунктунун белгилерин алмаштыруу же чыгарып салуу же ага ушул Эрежелердин 4.3.6-пунктунун 2- пунктчасында көрсөтүлгөн алардын топтому мүнөзгө ээ болгон белгилерди киргизүү жүргүзүлөт.
Эгерде ойлоп табуунун формуласынын көз каранды пункту мындайча түзүлсө, көз карандысыз пункттун белгилерин алмаштыруунун же чыгарып салуунун орду болсо, бул көз каранды пункт ал тийиштүү болгон көзкарандысыз менен бирге бир ойлоп табууну мүнөздөйт деп таанылбайт.
2) Формуланын көз каранды пунктунун чектелген бөлүгү ойлоп табуунун арналышын билдирген түрдүк түшүнүктөн турат, эреже катары көзкарандысыз пунктта келтирилгенге салыштыруу боюнча кыскартылып жана ага (аларга) бул көз каранды пункт кирген көзкарандысыз пунктка жана/же көз каранды пунктка шилтеме менен көрсөтүлүп баяндалган. Көзкаранды пункттун формуланын бир нече пункттарына көзкаранды болушунда аларга карата шилтеме альтернативаны пайдалануу менен көрсөтүлөт.
Эгерде көзкаранды пункттун белгилери менен жеке учурда аны аткарууда же пайдаланууда ойлоп табууну мүнөздөө үчүн көзкарандысыз пункттун белгилери гана зарыл, ушул көз каранды пункттун түздөн-түз көз карандысыз пунктка көзкарандылыгы пайдаланылат. Эгер аталган мүнөздөмө үчүн формуланын бир же бир нече башка көзкаранды пункттарынын белгилери зарыл болсо, бул көзкаранды пункттун көзкарандысыз пунктка тийиштүү көз каранды пункттары аркылуу көз карандылыгы пайдаланылат.
4.3.8. Түзүлүшкө кирген ойлоп табуунун формуласынын өзгөчөлүктөрү
Түзүлүштүн белгилери формулада аны статикалык абалда мүнөздөө үчүн баяндалат. Түзүлүштүн конструктивдүү элементин аткарууну мүнөздөөдө анын кыймылдуулугуна, алардын белгилүү бир функцияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө карата көрсөтмө берилет (мисалы: токтотуу мүмкүнчүлүгү менен, белгилөө мүмкүнчүлүгү менен, ж.у.с.).
Ошондой эле эгерде бул ойлоп табууну толугу менен түшүнүүгө өбөлгө түзсө, тигил же бул түйүндөрдүн же механизмдердин арналышын же милдетин же аракеттенүү принцибин түшүндүргөн белгилерди дагы пайдаланууга жол берилет (мисалы: "... камсыз кылуучу X элементи пайдаланылган).
Түзүлүштүн белгилери конкреттүү материалдык каражаттар катары берилиши милдеттүү түрдө эмес. Бул белгилер эгер белгилүү материалдык каражаттар менен ушул функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгү адисте шектенүүнү жаратпаса, ушул каражаттардын функционалдуу мүнөздөмөлөрү аркылуу баяндалышы мүмкүн. Мисалы: түзүлүш кайсы-бир түйүндү муздатуу үчүн кызмат кылуучу желдеткич менен жабдылган деп көрсөтүүнүн ордуна, эгер ушул каражаттын мүнөздөмөсү сүйлөмдүн маңызын бузбаса, түзүлүш түйүндү муздатуу үчүн каражат менен жабдылган деп көрсөтсө болот.
Эгерде сөз жалпыга белгилүү болгон кандайдыр-бир түйүндү жакшыртуу жөнүндө болсо, анда ойлоп табуунун формуласынын чектөө бөлүгүндө ушул объектинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинген анын бардык маанилүү белгилерин атап айтуу сөзсүз деле эмес.
Мисалы: эгер сөз велосипед жөнүндө болсо, ал дөңгөлөктөрдөн ж.у.с. тургандыгын көрсөтүүнүн кажети жок.
4.3.9. Ыкмага кирген ойлоп табуунун формуласын өзгөчөлүктөрү
Ыкманын белгилери катарында аракетин (ыкма, операция кылуу) мүнөздөө үчүн этиштерди колдонууда аларды анык этиш, жай ыңгайда, үчүнчү жакта, көптүк түрүндө (ысытышат, нымдуу кылышат, кызытышат ж.у.с.) баяндашат.
Эгерде ыкма альтернативалуу каражаттарды пайдалануу менен мүнөздөлсө, түрдүк аныктамалары кыйынчылык келтирген мисалы: эгер сөз ыкманы ишке ашырууда өз ара алмаштырылса боло турган химиялык заттарды пайдалануу жөнүндө болсо, ойлоп табуунун формуласынын көзкарандысыз пунктунда бул каражаттар аларды "же" деген байламта аркылуу берилет, мисалы: ...А заты же В заты пайдаланылат ж.у.с. же "зат төмөнкүдөй топтон тандалган: ..." (Маркуш формасы).
Мындай конструкция ойлоп табууну ишке ашырууда аларды окшош жүрүм- турумун жана функциясын камсыздоочу жалпы маанилүү структуралык элементи бар заттарды же ушу сыяктуу структурасы жана активдүүлүгү бар химиялык заттарды пайдалануу менен ойлоп табууну баяндаган ойлоп табуунун формуласы үчүн мүнөздүү.
4.3.10. Затка кирген ойлоп табуунун формуласынын өзгөчөлүктөрү
Келип чыгышы кандай болбосун жеке химиялык кошулманы мүнөздөөчү ойлоп табуунун формуласына кошулманын аталышы же белгиси кирет. Ойлоп табуунун формуласына аныкталган структурасы менен кошулуу үчүн анын структуралык формуласы камтылат. Аныкталбаган структура менен кошулуу үчүн ойлоп табуунун формуласына ушул кошулманы, анын ичинде аны алуунун ыкмасынын белгилерин дагы бирдейлештирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү анын мүнөздөмөлөрү (касиеттери) кирет.
Композицияны мүнөздөөчү ойлоп табуунун формуласына ага кошулуучу ингредиенттер жана ингредиенттердин сандык мазмунуна кирген белгилер кирет.
Качан композицияны мүнөздөөчү формула ингредиенттердин сандык мазмунуна кирген белгилерди камтыса, анда алар эреже катары, мазмунунун (астыңкы жана үстүңкү) минималдык жана максималдык чектерин мүнөздөөчү эки мааниси менен кандай болбосун бирдей бирдиктер менен берилет.
Композициянын ингредиенттеринин биринин камтылышын бир маани, ал эми калган ингредиенттердин камтылышы - ушул жалгыз маанисине карата маанилердин интервалы түрүндө көрсөтүүгө болот (мисалы: ингредиенттердин камтылышы композициянын негизги ингредиентинин 100 сал.с. же 1 л эритмесине жүргүзүлөт).
Композициянын курамындагы антибиотиктердин, ферменттердин, анатоксиндердин ж.у.с. сандык камтылыш композициянын калган компоненттеринин бирдиктерине караганда башка бирдиктерде көрсөтүүгө болот (мисалы, композициянын калган ингредиенттеринин салмактык санына карата миң бирд.).
Эгерде композицияга кирген ойлоп табуу кошумча ингредиент кошуу менен мүнөздөлсө, формулага тийиштүү айырмалап туруучу белгисин көрсөтүүдөн мурун "кошумча түрүндө төмөнкүлөрдү камтыйт" деген сөз тизмеги кошулат.
Алардын арналышы жаңы активдүү башталышы менен аныкталган, ал эми ушул арналыштагы салттуу пайдаланылган чөйрөдөгү нейтралдуу алып жүрүүчүлөр болуп эсептелген башка компоненттердин композициясы үчүн формулада ушул гана активдүү башталышы жана композициянын курамында анын сандык мазмуну, анын ичинде "үзүрлүү саны" түрүндөгү санын көрсөтүүгө болот.
Ушундай композицияны мүнөздөөнүн башка варианты болуп анда активдүү башталышынан тышкары, "максаттуу кошумча" деген жалпыланган түшүнүк түрүндө башка компоненттерди (нейтралдуу алып жүрүүчүлөр) көрсөтүүгө болот. Бул учурда активдүү башталыштын жана максаттуу кошулманын саны көрсөтүлөт.
Эгер ойлоп табуунун белгиси катарында татаал курамдагы белгилүү зат көрсөтүлсө, ушул заттын функцияларын же касиетин жана анын негиздерин көрсөтүү менен анын атайын аталышын пайдаланууга болот. Мындай учурда ойлоп табуунун сыпаттамасына маалымат булагы кошо киргизилет, анда бул зат сыпатталат.
Аларды алуунун ыкмалары мүнөздөлүүчү заттар үчүн ойлоп табуунун формуласы артыкча "Ү жолу менен алынган X заты" деген түргө ээ.
4.3.11. Микроорганизм штаммына, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культурасына кирген ойлоп табуунун формуласынын
өзгөчөлүктөрү
Микроорганизм штаммын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын культурасын мүнөздөөчү формулага түрдүн авторунун (авторлорунун) фамилиясын (фамилияларын) көрсөтүү менен латын тилинде биологиялык объектинин уруулук жана түрдүк аталышы жана эгер штамм депонирленген болсо - расмий коллекция- депозитарийдин аббревиатурасы, депонирленген объектиге коллекция ыйгарган каттоо номери жана штаммдын арналышы камтылат.
4.3.12. Жаңы арналышы боюнча ойлоп табуунун формуласынын өзгөчөлүктөрү
Качан ойлоп табуунун объектиси болуп белгилүү болгон түзүлүштү, ыкманы, затты, жаңы арналышы боюнча штаммды колдонуу болуп эсептелген учурда, төмөнкүдөй структурадагы формула пайдаланылат: "...катарында ...пайдалануу (белгилүү болгон түзүлүштүн, ыкманын, зпттын же штаммдын аталышы же мүнөздөмөсү берилет)".
4.4. Чиймелер жана башка материалдар
Чиймелер жана башка түшүндүрүүчү материалдар төмөнкүдөй түрдө таризделет: графикалык материалдар (жеке чиймелер, схемалар, графиктер, эпюралар, сүрөттөр, осциллофаммдар ж.у.с.), сүрөттөр, таблицалар, диаграммалар.
Сүрөттөр эгер сыпаттаманы чиймелер же схемалар менен сүрөттөөгө болбосо, көрсөтүлөт. Сүрөттөр графикалык материалдардын башка түрлөрүнө кошумча түрүндө берилет. Өзгөчө учурларда, мисалы хирургиялык операциялардын этаптарын сүрөттөө үчүн сүрөттөр түшүндүрүүчү материалдардын негизги түрү катарында берилет.
Графикалык материалдардын ар бир барагынын оң жагынын үстүңкү бурчунда ойлоп табуунун аталышы көрсөтүлөт.
4.5. Реферат
Реферат ойлоп табуу жөнүндө маалыматтын максаты үчүн кызмат кылат жана өз алдынча аталышын, ойлоп табуу кирген техника тармагынын мүнөздөмөсүн жана/же эгер бул аталышынан түшүнүксүз болсо, алына турган техникалык натыйжаны көрсөтүү менен маңызынын мүнөздөмөсүн камтыган, ойлоп табуунун сыпаттамасынын мазмунунун кыскартылган баяндалышын билдирет. Рефератта ойлоп табуунун маңызы формуласынын эркин мүнөздөлүп берилиши менен мүнөздөлөт, мында ар бир көзкарандысыз пункттун бардык маанилүү белгилери сакталат.
Зарыл учурда рефератка чиймени, химиялык формуланы, математикалык туюнтманы кошуп беришет.
Рефераттын текстинин орточо көлөмү - 1000 басма белгисине чейин.

5. Уруксат кылынбаган элементтер

Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтыбашы керек: түшүндүрүүлөрдү, чиймелерди, сүрөттөрдү жана моралга жана коомдук тартипке каршы келген башка материалдарды; продукцияларга же технологиялык процесстерге, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө же коргоо документтерине (алдын ала патенттерге, патенттерге, күбөлүктөргө) карата тоотпостук менен айтып билдирүүлөрдү. "Техника деңгээли" бөлүмүндө келтирилген белгилүү ойлоп табуулардын жетишпегендерин жөнөкөй көрсөтүү уруксат кылынбаган элемент болуп эсептелбейт.

6. Терминология жана белгилер

Ойлоп табуунун формуласында, сыпаттамада жана анын түшүндүрүүчү материалдарында, ошондой эле рефератта стандартталган терминдер жана кыскартуулар, ал эми алар жок болсо - илимий жана техникалык адабиятта жалпы кабыл алынгандар колдонулат.
Адабиятта кеңири колдонууга ээ болбогон терминдерди жана белгилерди колдонууда алар тексттеги мааниси биринчи жолу колдонууда эле түшүндүрүлөт.
Бардык шарттуу белгилер түшүндүрүлөт. Сыпаттамада жана формулада терминологиянын биримдүүлүгү сакталат, башкача айтканда сыпаттаманын текстинде жана формулада бир жана ошол эле белгилери бирдей аталат. Терминологиянын биримдүүлүгүн талап кылуу ошондой эле физикалык бирдиктердин чоңдугуна жана колдолнулуучу шарттуу белгилерге кирет.
Физикалык чоңдуктар Эл аралык бирдиктер системасында колдонулуучу бирдиктерде берилет.

7. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө

7.1. Репродуциялоо (көбөйтүү) үчүн жарамдуулук
Бардык документтер алардын көчүрмөлөрүн чектелбеген санда түздөн-түз репродуциялоо (көбөйтүү) мүмкүн болгондой кылып, таризделет.
Ар бир барак барактын кичирээк жагында саптары параллелдүү жайгаштырылып, бир жагынан гана колдонулат.
Барактар бырышпаган, тытылбаган жана бүктөлбөгөн болушу керек.
7.2. Колдонулуучу материал
Өтүнмөнүн материалдарын бышык, ак, жылма, жылтырабаган кагазда аткарышат.
7.3. Өзүнчө барактар, барактардын өлчөмү
Өтүнмөнүн ар бир документи өзүнчө барактан башталат. Барактар 210x297 мм форматка ээ. Баяндоону, формуланы рефератты камтыган барактардын жээги төмөнкүдөй аткарылат, мм:
үстүңкүсү - 20-40;
оң жагы жана астыңкысы - 20-30;
сол жагы - 25-40.
7.4. Барактарды номерлөө
Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактары барактын оң жагынын үстүңкү бурчунда коюлган араб сандары менен номерленет.
7.5. Текстти жазуу
Документтер кара түстөгү шрифт менен басылат. Сыпаттаманын, формуланын жана рефераттын тексттери 2,1 мм ден кем болбогон башкы тамгалардын бийиктиги менен 2 аралыкта басылат.
Графикалык символдор, латын аталыштары, латын жана грек тамгалары, математикалык жана химиялык формулалар же символдор кара түстөгү сыя, паста же тушь менен жазылса болот. Формуланы басма түрүндө жана кол жазма менен аралаштырып жазууга болбойт.
7.6. Химиялык формулалар
Сыпаттамада, ойлоп табуунун формуласында жана рефератта химиялык формулалар колдонулат.
Химиялык кошулмалардын структуралык формулалары, эреже катары, өзүнчө фигура катары ар бири номерленип жана шилтеме белгилер келтирилип өзүнчө баракта берилет (графикалык материалдар сыяктуу эле).
Структуралык химиялык формулаларды жазууда элементтердин жалпы колдонулуучу символдорун пайдалануу жана элементтер менен радикалдар ортосундагы байланышты так көрсөтүү керек.
7.7. Математикалык формулалар жана символдор
Сыпаттамада, ойлоп табуунун формуласында жана рефератта математикалык туюнтмалар (формулалар) жана символдор колдонулушу мүмкүн.
Математикалык туюнтмаларды көрсөтүүнүн түрү регламенттелбейт.
Математикалык туюнтмалардагы бардык тамга менен берилген белгилер түшүндүрүлүп чечмеленет. Формулага карата түшүндүрүүнү мамыча түрүндө жазуу жана ар бир саптан кийин үтүр менен чекитти коюу керек. Мында тамга менен белгиленген белгилерди түшүндүрүп чечмелөө алардын формулада колдонуу тартиби боюнча берилет.
Математикалык белгилер: >, <, = жана башкалар математикалык формулаларда гана колдонулат, ал эми текстте аларды сөз менен жазуу керек (көп, аз, барабар ж.у.с.).
Оң чоңдуктардын ортосундагы интервалдарды белгилөө үчүн (-, :) белгисин колдонууга уруксат берилет. Башка учурларда: "баштап" жана "чейин" деген сөздөр менен жазуу керек.
Чоңдуктарды пайыз менен билдирүүдө пайыздын белгиси сандан кийин (%) коюлат. Эгер бир нече чоңдук болсо, анда пайыздын белгиси алардын астында коюлат жана алардан кош чекит менен бөлүнөт.
Математикалык формулаларда ташууга белги боюнча гана уруксат берилет.
7.8. Графикалык материалдар
Графикалык материалдарды сүрөттөө тушь менен боеп тартпастан, кара өчпөй турган так сызыктар жана штрихтер менен аткарылат.
Сүрөттөөлөрдүн масштабы жана ачыктыгы өлчөмүн 2/3 чейин сызыктык кичиртүүдө көбөйтүүдө бардык тетиктери айырмалангандай кылып тандашат.
Сандарды жана тамгаларды кашаага, тегеректерге жана тырмакчаларга жайгаштырууга болбойт. Сандардын жана тамгалардын бийиктиги 3,2 мм кем болбогондой тандалат.
Чиймелер "суу", "буу", "ачык", "жабык" сыяктуу керектүү сөздөрдөн тышкары, кандайдыр бир жазуусуз аткарылат.
Чиймеде тик бурчтуу (ортогоналдуу) проекцияларды пайдалануу артыкчылыктуу болуп эсептелет (ар түрдүү түрдө, кесилиште); ошондой эле аксонометриялык проекцияларды пайдаланууга уруксат берилет.
Чиймелер өлчөмдөрү көрсөтүлбөйт, зарыл учурда алар сыпаттамада көрсөтүлөт.
Чиймеде ар бир элемент качан элементти так сүрөттөө үчүн пропорциялардын ар түрдүүлүгү зарыл болгон учурдан тышкары, бардык башка элементтерге пропорциялуу аткарылат.
Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгашышы мүмкүн, мында алар бири-биринен так чектелет.
Эгер эки жана андан көп баракта жайгашкан фигуралар бүтүндөй бир фигуранын бөлүктөрүн көргөзсө, алар мындайча жайгашат: бул фигура ар бир баракта сүрөттөлгөн фигуралардын кайсы-бирин калтырбастан сүрөттөлөт.
Өзүнчө фигуралар барактар максималдуу түрдө толгондой жайгаштырылат. Фигураларды бири-биринен бөлүп, түз абалында жайгаштыруу жакшы болот.
Эгер фигуралар түз абалында жайгаштырылбаса, фигуралардын жогору жагы
барактын сол жагына келгендей кылып, аларды капталы менен жайгаштыруу керек.
Графикалык сүрөттөрдүн элементтери ойлоп табуунун баяндоосуна ылайык араб сандары менен белгиленет.
Бир нече фигураларда берилген бир жана ошол эле элементтер бир жана ошол эле сан менен белгиленет.
Эгер графикалык сүрөт схема түрүндө берилсе, анда аны аткарууда стандартташтырылган шарттуу графикалык белгилер колдонулат.
Бир түрүнүн схемасында башка түрүнүн схемасынын өзүнчө элементтерин (мисалы: электр схемасында - кинематикалык жана гидравликалык схемаларды) сүрөттөөгө уруксат берилет.
Эгер схема элементтердин графикалык белгилери катарында тик бурчтук түрүндө берилсе, анда сандык белгилөөдөн тышкары, түздөн-түз тик бурчтукка элементтин аталышы дагы кошуп жазылат. Эгер графикалык сүрөттүн өлчөмдөрү муну кылууга мүмкүнчүлүк бербесе, элементтин аталышын сыртындагы сызыкка көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет (зарыл учурда, схеманын жээгине жайгашкан сүрөттүн астындагы жазуу түрүндө).
Эгер чиймелерде шилтеме белгилердин көптөгөн саны болсо, бул белгилер тийиштүү болгон элементтердин шилтеме белгилеринин жана аталыштарынын бардыгын санап чыгуу менен өзүнчө баракты тирке коюу сунуш кылынат.
Фотосүрөттүн форматы өтүнмөнүн документтеринин барактарынын белгиленген өлчөмдөрүнөн ашпагандай кылып тандалып алынат. Чакан форматтын сүрөттөрү форматка жана барактын сапатына карата белгиленген талаптарды сактоо менен кагаз барактарына чапталып көрсөтүлөт.
Ар бир графикалык сүрөт сыпаттаманын текстинде келтирилген кезектүүлүгүнө ылайык, барактардын номерленишинен ушул сүрөттүн түрүнө карабастан (чийме, схема, график, сүрөт ж.б.) араб сандары менен номерленет (1-фигура, 2-фигура ж.у.с.). Эгер сыпаттама бир фигура менен эле түшүндүрүлсө, ага номур коюлбайт.
Графикалык сүрөттөр сыпаттамада жана формулада колдонулбайт.
7.9. Библиографиялык маалыматтар
Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары маалымат булагы алар боюнча табылгандай болуп, көрсөтүлөт.
3. Патент алуу боюнча Кыргызпатент менен иш жүргүзүү

8. Өкүлдү дайындоо

Өтүнмө боюнча аны бергенден кийин кат алышуу жана өтүнмөнү карап чыгууда өз кызыкчылыктарын сактоо үчүн өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 3.5- пунктунда караштырылган тартипте таризделген ишеним катты ага берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган өтүнмө ээси - жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын өкүлү Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлү гана боло алат. Башка өтүнмө ээлери үчүн өкүл катарында негизинен, эгерде алар бир нече болсо, өтүнмө ээлеринин бири, ойлоп табуунун автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак боло алат.
Өкүлчүлүк кылууга ишеним кат (же ишеним каттын көчүрмөсү) Кыргызпатентке аны берүү үчүн өкүл дайындала турган документ менен чогуу, же ушул документ берилгенден кийин эки айлык мөөнөт ичинде берилет.
Ишеним катты бергенге чейин өкүлдүн жүргүзгөн аракеттери жараксыз деп эсептелет жана көңүлгө алынбайт.
Өкүлчүлүк кылуу ишеним каттагы көрсөтүлгөн мөөнөттө ыйгарым укуктарын аткарып бүткөнгө чейин же Кыргызпатент ыйгарым укугун токтоткондугу жөнүндө билдирүү алганга чейин анык болуп эсептелет.

9. Кыргызпатент менен кат алышуу

1) Кат алышуу ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө, өтүнмө ээси же буга ыйгарым укук берилген анын өкүлү аркылуу жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийинки материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн кол тамгасын камтышы керек.
Өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар эгер номерди кыйыр түрүндө аныктоого болбосо, карап чыгуусуз кайтарылып берилет.
2) Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилүүчү материалдар Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө берилет. Эгерде мөөнөтү "ичинде" деген сөздөр менен билдирилсе жана акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келсе, мөөнөтүнүн бүткөн күнү болуп андан кийинки жумушчу күн эсептелинет. Эгер мөөнөтүнүн акыркы күнү тийиштүү саны жок болгон айга туш болсо, мөөнөтү ушул айдын акыркы күнүндө бүтөт.
3) Эгерде кабарлашуу боюнча өтүнмөнү өтүнмө ээсинин өкүлү ишке ашырса, Кыргызпатенттин корреспонденциясына байланыштуу материалдарды көрсөтүү мөөнөтү алардын ушул корреспонденцияны алган күндөн тартып эсептелинет.
4) Кыргызпатентте иш жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Мында, белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси материалдарды берүүсүн аныктоо максаты үчүн башка тилде берилген материалдар эгер алардын котормосу башка тилде материалдар түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде келип түшсө, алар Кыргызпатентке келип түшкөн күнү берилген болуп эсептелет, андай болбосо материалдар алардын котормосу келип түшкөн күндө берилген болуп эсептелет.
Котормосу берилгенге чейин, башка тилде берилген материалдар келип түшпөгөн болуп эсептелет.

10. Өтүнмөнүн документтерине оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү

Эксперттөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө өтүнмө ээси өз демилгеси же эксперттөөнүн сурамы боюнча ал боюнча чечим кабыл алганга чейин ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүсүз өтүнмөнүн материалдарын оңдоого жана тактоого укуктуу.
Өтүнмө ээси өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде кошумча акысыз өтүнмөнүн материалдарын оңдоого жана тактоого укуктуу.
Эгерде өтүнмөнүн материалдарын оңдоо жана тактоо өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде жүргүзүлсө, аларга белгиленген өлчөмдөгү алым төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Алым төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбесе, өтүнмөнү карап чыгууда өзгөртүүлөр көңүлгө алынбайт.
Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу барактарды берүү аркылуу ишке ашырылат. Алмаштыруучу барактар өтүнмөнүн тийиштүү документинин ар бир нускасы үчүн мамлекеттик же расмий тилинде же мамлекеттик же расмий тилине котормосу берилет жана ушул Эрежелердин 5-7- пункттардын талаптарын канааттандырышы керек.
Эгер оңдоолор каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү кеткен каталарга ж.у.с. тийиштүү болсо жана документти оңдоо терс натыйжага алып келбесе, оңдоону киргизүүнүн зарылчылыгы өтүнмө ээсинин катында алмаштыруучу барактарды берүүсүз билдирилет.
Эгерде техниканын ушул тармагындагы адис өтүнмө берилген датага өтүнмөдө жазылгандан башка кандайдыр бир нерсе болжоштурулгандыгын түшүнсө, ката анык деп эсептелет жана сунушталгандан башка эч кандай оңдоо жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.
Эгерде ал сөздөрдүн туура эмес жазылышы менен, тыныш белгилердин туура эмес коюлушу (грамматикалык каталар), басмадан кеткен ката жана маалымат булактарынын библиографиялык көрсөткүчүндө жаңылыштыктар ж.б. менен шартталса, ката техникалык болуп эсептелет.

11. Патент алууга укукту кайрадан ыйгарып берүү

Эгерде өтүнмө бергенден кийин өтүнмө ээси патент алууга өз укугун башка жакка кайрадан ыйгарып берсе, Кыргызпатентке башка жакка укугун кайрадан ыйгарып берген көрсөтмөнү, арызда көрсөтүлгөн жактын макулдугун жана ушул Эрежелердин 4.1-пунктунда 3-пунктча менен караштырылган ал тууралуу маалыматтарды камтыган арыз берилет.
Арызга патент алууга өз укугун кайрадан ыйгарып берген өтүнмө ээси жана ушул Эрежелердин 4.1-пунктунун 15 жана 16-пунктчалары менен караштырылган тартипте ушул укукту ала турган аталган жак кол коет. Арызга алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Өтүнмө ээлеринин курамын өзгөртүүдө, негизинен, алардын санын азайтууда же көбөйтүүдө бул өзгөртүүгө арыз ушу сыяктуу түрдө берилет.
Өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча башка жакка укугун кайрадан ыйгарып берүү
Кыргызпатентте аны каттоо менен патент алууга укукту кайрадан ыйгарып берүү
жөнүндө келишим менен таризделет. Мында арыз менен бирге тиешелүү алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилет.
Белгиленген талаптарды сактоодо өтүнмө ээсине жана анын укук мураскоруна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү жөнүндө билдирилет. Андан аркы кат алышуу жаңы өтүнмө ээси менен жүргүзүлөт.
Өтүнмөгө укугу өткөн күнү болуп өтүнмө ээсине жана анын укук мураскоруна өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү жөнүндө кабарлоо жиберилген күн эсептелет.
Белгиленген талаптарды сактабаган учурда өтүнмө ээсине жана анын укук мураскоруна берилген документтерди оңдоонун жана/же тактоонун зарылчылыгы жөнүндө же тийиштүү жүйөлөрдү келтирүү менен өтүнмөнүн материалдарына өтүнмө ээсин өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүү болбой тургандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.

12. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу

Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) ал берген өтүнмө жана ага тийиштүү документтер менен алдын ала таанышуу күнүн жана убакытын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатентте жана өтүнмөнү ага тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүнө сурам жиберүү аркылуу тааныша алат.

13. Өтүнмөнү карап чыгуу процессинде экспертизалоо тарабынан көрсөтүлгөн материалдар менен таанышуу

Өтүнүмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн бардык материалдар менен таанышуга укугу бар. Өтүнүмө ээси сураган патент материалдарынын көчүрмөлөрү Кыргызпатент тарабынан тариф боюнча тиешелүү кызмат акысын төлөгөн учурда, өтүнмө ээсинин сурамын алган күндөн тартып, бир айдын ичинде жөнөтүлөт.
Жарыяланбаган өтүнмөнүн каралып жаткан өтүнмө боюнча издөө жөнүндө сурамда, чечимде же отчетто ага көрсөтмө бар болгон бөлүгүндөгү материалдары менен өтүнмө ээси түздөн-түз Кыргызпатентте тааныша алат. Мындай материалдардын көчүрмөлөрү жөнөтүлбөйт.

14. Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу

1) Кыргызпатенттин өтүнмө ээси же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгуу эки тарап тең ушул маселелер менен таанышкандан кийин жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн суроолору сурамда берилет, анда кошумча түрүндө жолугушуунун максатка ылайыктуулугу, аны жүргүзүүгө өтүнүүдө-өтүнмө ээсинин суроолору билдирилет.
Сурамга жооп өтүнмө ээси тарабынан Мыйзамда белгиленген мөөнөттө, өтүнмөнү карап чыгууга өтүнмө ээсинин катышууга ниеттенүүсүнө көз карандысыз берилет.
2) Өтүнмөнү карап чыгуунун күнү жана убакыты алдын ала макулдашылат. Кырдаал өзгөргөн учурда, белгиленген убакытта өтүнмөнү карап чыгууда катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон тарап тезинен бул тууралуу башка тарапка билдирет.
Эгерде Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү бирге карап чыгуу эртерээк же максатка ылайыксыз деп эсептешсе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин сунушу тийиштүү жүйөлөрдү келтирүү менен четтетилет.
Алдын ала макулдашуусуз өтүнмө ээси Кыргызпатентке келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
3) Өтүнмөнү карап чыгууда ушул Эрежелердин 3.5-пунктунун 2-пунктчасынын жана 8-пунктунун шарттарын сактоодо ушуга ыйгарым укук берилген өтүнмө ээсинин өкүлү катыша алат.
Жалгыз өтүнмө ээси болуп эсептелинбеген жак өкүлчүлүккө ишеним каты болгондо гана башка өтүнмө ээлери келбеген учурда өтүнмөнү карап чыгууда катыша алат.
Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу сүйлөшүү аркылуу ишке ашырылат.
4) Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар келтирген жүйөлөрдү жана сунуштарды камтыган протокол түзүлөт жана мындан аркы иш жүргүзүү жөнүндө жыйынтык чыгарылат.
Протоколдо: өтүнмө ээси сунуштаган ойлоп табуунун формуласынын жаңы редакциясы, жазуу түрүндө түшүнүк берүүнү талап кылган эксперттөөнүн суроолору ж.у.с. келтирилет.
Талкуулануучу маселелер боюнча макулдук берилбесе, протоколдо карап чыгуунун катышуучуларынын өзгөчө пикирлери белгиленет.
Протоколго карап чыгуунун катышуучулары кол коет жана өтүнмөнүн материалдарына кошулат.

15. Сурам жиберилген материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу

1) Сурам жиберилген материалдарды берүүнүн мөөнөтү тийиштүү өтүнүч катты бергенде узартылса болот.
Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө мөөнөтүн узартуу үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелинет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
2) Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
3) Сурам жиберилген материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
4) Өтүнүч катты берүү мөөнөтү сакталбаганда, өтүнмө ээсинин өтүнүч каты канааттандырылбайт, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат.

16. Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү

1) Өтүнмө ээси өткөрүп жиберген төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн:
- формалдык эксперттөө этабында сурам боюнча оңдолгон же берилбеген документти берүүнүн мөөнөтү;
- алдын ала эксперттөөнүн жана/же маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөө этабында сурам боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
- ойлоп табуунун биримдүүлүгүн талап кылуу бузулгандыгы жөнүндө кабарлоого жооп берүүнүн мөөнөтү;
- формалдык эксперттөөнүн жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге келишпестигин билдирүү мөөнөтү;
- алдын ала эксперттөөнүн жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге келишпестигин билдирүү мөөнөтү;
- маңызы боюнча эксперттөөнүн жыйынтыгы боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге келишпестигин билдирүү мөөнөтү.
2) Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан ал боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн жүйөлүү себептери болгондугу тастыкталып, мөөнөтү өткөн күндөн тартып, он эки айдан кечиктирбестен берилет. Кыргызпатент көрсөтүлгөн себептерин документтик тастыктоону суроого укуктуу.
3) Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө тийиштүү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилет.
Эгерде ушундай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
4) Өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтиргендиги жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

17. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүшү

17.1. Ойлоп табууга келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жана каттоо.
Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери ыйгарылат, алардын келип түшкөн күнү белгиленет.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин кириш номери, алардын келип түшкөн күнү, барактардын саны көрсөтүлүп тилкат берилет.
17.2. Эксперттөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүү
Өтүнмөнү карап чыгуу Мыйзамдын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылышы мүмкүн.
Тийиштүү өтүнүч кат Кыргызпатентке өтүнмө менен бирге же аны берген күндөн тартып, отуз айдын ичинде берилсе болот.
Эгер өтүнүч кат белгиленген мөөнөттө берилбесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелинет.
17.3. Өтүнмөнүн жашырындуулугу
Ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар Кыргызпатентке ал түшкөн учурдан тартып, өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин жашырын сыр болуп сакталышы керек жана мыйзамсыз түрдө элге таратууга болбойт.

18. Өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсү

18.1. Формалдык эксперттөө жүргүзүүнүн мөөнөтү
Формалдык эксперттөө Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып, эки айдын ичинде жүргүзүлөт.
18.2. Өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсүнүн мазмуну
Өтүнмөгө формалдык эксперттөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилет:
- ушул Эрежелердин 3.4-пункту менен аныкталган керектүү документтердин курамы;
- ушул Эрежелердин 4.1 жана 7-пункттарынын талаптарына ылайык алардын туура таризделиши;
- алым төлөгөндүгү жөнүндө документтин болушу жана белгиленген талаптарга туура келиши (ушул Эрежелердин 3.5-пунктунун 1-пунктчасы);
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним каттын болушун жана таризделишинин тууралыгын кошкондо, Мыйзамдын 17- беренесинин 4-бөлүгүндө караштырылган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берилген учурда өтүнмө берүүнүн эрежелерин сактагандыгын (ушул Эрежелердин 3.5-пунктунун 2-пунктчасы);
- чыгарылган чечимдин укуктук коргоо берилүүчү ойлоп табуунун объектилерине туура келиши (ушул Эрежелердин 3.1 жана 3.2-пункттары).
Өтүнмө берилген күнү белгиленет.
Мыйзамдын 18-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык өтүнмө берилген күн катары арызды, ойлоп табуунун сыпаттамасын жана эгерде сыпаттамада аларга шилтеме берилген болсо, чиймелерди камтыган өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн дата эсептелет.
Көрсөтүлгөн документтерди бир убакытта чогуу бербеген учурда өтүнмө берилген күн катары алардын акыркысы келип түшкөн дата эсептелет.
Эгерде биринчи келип түшкөн документтер ушул Эрежелердин 3.4- пунктчасынын талаптарын канааттандырбаса, өтүнмө ээсине кечиктирилбестен, сурамды алган күндөн тартып эки айдын ичинде бул кемчилдиктерди жоюу сунушу менен сурам кат жөнөтүлөт.
Өтүнмө ээси сурамды алган күндөн тартып эки ай өткөнгө чейин өтүнмөнүн белгиленген кемчилдиктерин жоюучу кошумча материалдар келип түшкөн учурда, өтүнмө берилген дата катары ушул Эрежелердин 3.5-пунктчасынын талаптары аткарылгандагы дата белгиленет.
Суралган кошумча материалдар же аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбеген учурда, өтүнмө кайра чакыртылып алынды деп таанылат. Өтүнмө ээсине өтүнмө кайра чакыртылып алынды деп таанылгандыгы жөнүндө чечим жөнөтүлөт.
18.3. Өтүнмөнүн берилбеген же оңдолгон материалдарына сурам кат жиберүү
Эгерде формалдык эксперттөөнүн жүрүшүндө өтүнмө документтердин таризделишине жана түзүлүшүнө талаптардын бузулгандыгы менен берилгендиги аныкталса, Мыйзамдын 23-1-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболору колдонулат.
Артыкчылык алган күнүн аныктоо үчүн зарыл болгон документ жок болгон учурда, кечиктирилбестен сурам жиберилет.
Сурам кат үчүн негиз болуп негизинен, төмөнкүлөр эсептелинет:
- өтүнмөдө ушул Эрежелердин 3.4-пункту менен караштырылган документтердин эң кеминде бири жок болсо;
- өтүнмөдө артыкчылык алган күнүн аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин эң кеминде бири жок болсо: өтүнмө ээсин көрсөтүү менен арыз, ойлоп табуунун сыпаттамасы, же ойлоп табуунун сыпаттамасынын бөлүгү, же айтылган сыпаттаманын элементи катарында чиймеси же Мыйзамдын 21- беренесинин 3, 6, 7, 8 жана 10-бөлүктөрүндө караштырылган кайсы түрүнө болбосун мурун берилген өтүнмөгө шилтеме;
- эгерде документтер башка тилде берилсе, мамлекеттик же расмий тилине документтердин котормосунун жоктугу. Котормо өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, үч айдан кечиктирбестен берилиши керек;
- эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилсе, өкүлчүлүк кылууга ишеним каттын жоктугу жана/же анын таризделишине талаптардын бузулгандыгы;
- өтүнмөнүн документтери белгиленгенден аз нускалардын санында берилиши;
- эгерде Кыргыз Республикасынын катышкан эл аралык макулдашууда өтүнмөнүн ушундай берилишин караштырган тартип белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактардын же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр тарабынан эмес чет өлкөлүк юридикалык жактардын өтүнмө бериши;
- патент берүү жөнүндө арызда талап кылынган маалыматтардын, кол тамганын, мөөрдүн белгисинин (качан зарыл болгондо) же ушул Эрежелер менен караштырылган башка маалымдаректердин жоктугу;
- өтүнмө берүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтин же белгиленген алымды төлөөдөн бошоткондугу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негизи бар тастыктоочу документтин жоктугу;
- алым туура төлөнгөндүгүнө байланыштуу маселелерди тактоонун зарылдыгы. Эгерде ойлоп табуулардын санына төлөнгөн сумма туура келбегендиги билинсе, өтүнмө ээсине ойлоп табуулардын тобуна өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, эксперттөө өтүнмө ээси тандаган, алым төлөнгөн ойлоп табууларга жүргүзүлө тургандыгы билдирилет же эгер ал белгиленген мөөнөттө өз тандоосун билдирбесе, формулада биринчи болуп көрсөтүлгөнүнө эксперттөө жүргүзүлөт;
- аларды жарыялоого, сактоого жана/же алар менен кызыкдар болгон жактарды тааныштырууга мүмкүндүк алууга тоскоолдук кылуучу документтерди тариздөөдө жетишпестиктердин табылышы (барактардын форматына, жээгинин өлчөмүнө ж.у.с., өтүнмөнүн материалдарын окууга кыйындык келтирген басма сапатына карата талаптардын бузулушу);
- сыпаттамада, формулада, рефератта келтирилген аталышына арызда келтирилген ойлоп табуунун аталышынын туура келбегендиги;
- бир сүйлөм түрүндө формуланын пунктун баяндоо жөнүндө ушул
Эрежелердин 4.3.6-пунктунун талаптарын бузгандыгы;
- өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын талдоосуз белгиленүүчү ойлоп табуунун сыпаттамасына жана формуласына карата ушул Эрежелердин талаптарын башка бузгандыктардын болушу (ойлоп табуулардын топтору).
Жетишпеген жана оңдолгон материалдардын сурамы өтүнмөнүн жана анын документтеринин жетишпегендиктерин четтетүү үчүн канча зарыл болсо, өтүнмө ээсине ошончо жолу жиберилет.
Сурамга ылайык киргизилген оңдоолор менен катар, ошондой эле өтүнмө ээсинин демилгеси менен оңдоолорду камтыган өтүнмө ээси тарабынан оңдолгон документ ушул Эрежелердин 21-пунктундагы шарттарды сактоо менен берилет.
Эгерде өтүнмө ээси сурам жиберилген материалдарды же ушул Эрежелердин
15-пунктунда караштырылган шарттарды сактоо менен аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп таанылат. Ушундай учурда өтүнмө боюнча иш жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүлүп берилет.
18.4. Мыйзамга ылайык ойлоп табууга укуктук коргоо берүү мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлоо
Эгерде өтүнмөнү формалдык эксперттөөнүн жүрүшүндө өтүнмө берилген ойлоп табуу белгиленген тартипте жашырын болуп таанылса, анда ойлоп табууну укуктук коргоо Мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
18.5. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
Эгерде формалдык эксперттөөнүн натыйжасында ал ойлоп табуу катарында корголуучу объектиге кирбей турган сунушка берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жиберилет.
Өтүнмө берилген сунуш эгерде ал бүтүндөй формулада мүнөздөлгөндөй, ушул Эрежелердин 3.2-пунктунда келтирилген сунуштардын тизмесине туура келген учурда, ойлоп табуу болуп таанылбайт.
Эгерде ойлоп табуу көп звенолуу формулада мүнөздөлсө, формуланын ар бир пунктуна карата эксперттөө жүргүзүлөт. Качан формуланын кайсы бир пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу көрсөтүлгөн тизмеге туура келген учурда, эгерде алар зарыл болсо, тийиштүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен, алар патент берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн болгон далилдерди келтирүү менен жана келтирилген далилдерди четке кагуу жана ойлоп табуунун формуласын тастыктоо же, оңдоо, же андан ылайыктуу пунктту алып салуу аркылуу аны өзгөртүү сунушу менен өтүнмө ээсине кабарлоо жиберилет.
Эгерде өтүнмө ээси сурамга жооп берүүдө эксперттөөнүн жүйөлөрүн четке какпаса жана ойлоп табуунун формуласын өзгөртпөсө, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде кошумча түрүндө эгерде ал келтирилген жүйөлөр менен макул эмес болсо, тийиштүү алымды төлөө менен чечимди алган күндөн тартып, эки айдын ичинде Апелляциялык кеңешке келишпестигин билдирүүгө өтүнмө ээсинин укуктуулугу жөнүндө кабарлашат.
18.6. Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө кабарлоо
Эгерде өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык керектүү документтерди камтыса жана өтүнмө берилген сунуш ойлоп табуу катарында корголуучу объектиге кирсе, өтүнмө ээсине өтүнмө берилген күнү көрсөтүлүп, өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
Өтүнмө берилген дата Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык артыкчылыгын аныктоо үчүн зарыл болгон документтер келип түшкөн күнү боюнча аныкталат.

19. Өтүнмөнү алдын ала эксперттөө

19.1. Алдын ала эксперттөө жүргүзүү мөөнөтү
Алдын ала эксперттөө формалдык эксперттөөнүн оң натыйжасында он айдын ичинде жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жана тийиштүү алым төлөнгөн шартында тездетилген алдын ала эксперттөө он айдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
19.2. Алдын ала эксперттөөнүн мазмуну
Өтүнмөгө алдын ала эксперттөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилет:
- ушул Эрежелердин 4.2-6-пункттарында белгиленген өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата талаптардын сакталышы;
- өтүнмө ээси тарабынан ишке ашырылган Эл аралык патенттик классификация боюнча ойлоп табууну классификациялоонун тууралыгы (же эгерде өтүнмө ээси муну аткарбаса, мындай классификациялоо жүргүзүлөт);
- Мыйзамдын 21-беренесинин 1, 3-10-бөлүктөрүнө ылайык ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоонун шарттарынын сакталышы;
- ушул Эрежелердин 3.3-пунктуна ылайык ойлоп табуунун биримдүүлүгүн талап кылууну сакталышы;
- өтүнмө ээси сунуштаган ойлоп табуунун формуласынын ушул Эрежелердин
4.3.1-4.3.12-пункттарында келтирилген талаптарга туура келиши;
- эгер алар берилсе, кошумча материалдар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөрткөн жокпу жана ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык аларды берүүнүн белгиленген тартиби сакталдыбы;
- өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөнүн алгачкы материалдарында же Мыйзамдын
23-2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык патентке жөндөмдүүлүк шарттарына өтүнмөнү карап чыгууда эске алынган кошумча материалдарда сунушталган формулада мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуунун туура келгендиги.
19.3. Ойлоп табууну классификациялоонун туура экендигин текшерүү
Эгерде өтүнмө ээси тарабынан классификациялоочу индекс туура эмес тандалганы аныкталса же ал жок болсо, өтүнмө берилген ойлоп табууга Эл аралык патенттик классификациянын рубрикасына ылайык классификациялоо жүргүзүлөт.
Классификациялоочу индексти тандоо үчүн негиз болуп өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласы эсептелет. Ойлоп табуунун маңызын толук түшүнүү үчүн сыпаттама жана чиймелер тартылат. Эгер өтүнмө Эл аралык патенттик классификациянын ар түрдүү рубрикаларына кирген бир нече объектилерди камтыса, бардык тийиштүү классификациялык индекстер белгиленет. Мында биринчи индексти тандоо ойлоп табуунун аталышы менен белгиленет.
Алдын ала эксперттөөнүн жүрүшүндө белгиленген классификациялоочу индекстер маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүү процессинде такталышы мүмкүн.
19.4. Ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилөө
Ойлоп табуунун артыкчылыгы аныкталат:
- Кыргызпатентке Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу өтүнмө берилген күнү боюнча;
- Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмө берилген күнү боюнча;
- мурун берилген өтүнмөгө кошумча материалдар берилген күнү боюнча;
- ошол эле өтүнмө ээсинин мурда өтүнмө берген күнү боюнча;
- тандалган өтүнмө боюнча;
- мурун берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде.
Өтүнмө ээси тарабынан суралуучу артыкчылыкты тастыктаган керектүү документтер берилиши жана аларды берүүдө зарыл болгон талаптар сакталышы керек.
19.5. Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Эгерде өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берген күнгө караганда, мурун артыкчылык суралбаса, артыкчылык өтүнмө берген күнү боюнча аныкталат.
19.6. Конвенциялык артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Конвенциялык артыкчылык суралганда төмөнкүлөр текшерилет:
- өтүнмө ээси тарабынан конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн Мыйзамдын
21-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн сакталышы (өтүнмө берүүдө же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде);
- болгондугу жана берүү мөөнөтүн сактоо (өтүнмө берүү менен бир убакта же Кыргызпатентке биринчи өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берген күндөн тартып, төрт айдан кечиктирбестен). Эгерде биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, көрсөтүлгөн шарттар ар бир өтүнмөнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнө карата сакталышы керек;
- өтүнмө ээсинин биринчи өтүнмө берилген күндөн тартып, он эки айлык мөөнөттү сакташы, ошол убакыттын ичинде конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмө Кыргызпатентке берилиши керек. Эгерде өтүнмө көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечирээк, бирок кошумча алым төлөнгөн шартында, ал бүткөн күндөн тартып, эки ай өткөнгө чейин берилсе, көрсөтүлгөн он эки ай мөөнөттүн ичинде өтүнмө берүүгө тоскоолдук кылган, ага тийиштүү болбогон абалды өтүнмө ээси көрсөттүбү, ушунусу текшерилет жана эгер мындай тастыктоо жок болсо, аларды документалдык түрдө тастыктоо белгиленет (белгиленген мөөнөттөр ушул Эрежелердин 9-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген тартипте эсептелет);
- биринчи өтүнмөдө өтүнмө берилген ойлоп табууну ачуу.
19.7. Мурун берилген өтүнмөгө карата кошумча материалдар берилген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Өтүнмө ээси тарабынан мурун берилген өтүнмөгө карата кошумча материалдар берилген күнү боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын суроодо (Мыйзамдын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык) төмөнкүдөй талаптардын сакталышы текшерилет:
- ал боюнча ушундай артыкчылык суралган өтүнмө Кыргызпатенке аларды өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүсүн таанууга байланыштуу кошумча материалдарды эске алуу мүмкүн эместиги жөнүндө Кыргызпатенттин кабарлоосун өтүнмө ээси алган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши керек;
- өтүнмө берилген ойлоп табуу алардын берилген күнү боюнча артыкчылык суралган кошумча материалдарда ачылышы керек (ал боюнча ушул материалдар берилген биринчи жолу берилген өтүнмөнүн мазмунун эске алуу менен).
19.8. Ошол эле өтүнмө ээсинин мурун өтүнмө берген күнү боюнча артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Өтүнмө ээси Кыргызпатентке анын мурун өтүнмө берген күнү боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын суроодо өтүнмө ээси тарабынан төмөнкүдөй талаптарды сактоосу текшерилет:
- ал боюнча ушундай артыкчылык суралган өтүнмө ойлоп табууга мурун өтүнмө берген күндөн тартып он эки айдын ичинде же пайдалуу моделге мурун өтүнмө берген күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргызпатентке берилиши керек;
- ал боюнча ушундай артыкчылык суралган өтүнмө мурун ойлоп табууга же пайдалуу моделге берген ошол эле өтүнмө ээси тарабынан берилиши керек;
- өтүнмө берилген ойлоп табуу ойлоп табууга же пайдалуу моделге берилген мурун берилген өтүнмөдө ачылышы керек;
- мурун берилген өтүнмө боюнча мурунку артыкчылык суралбашы керек.
Мурун берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде артыкчылык суроодо белгиленген талаптарды сактоо алардын ар бирине карата аныкталат.
Аталган артыкчылыкты суроодо мурун берилген өтүнмө (же алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) кайра чакыртылып алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
19.9. Бөлүнгөн өтүнмө боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоонун шарттары
Бөлүнгөн өтүнмө боюнча өтүнмө ээси ойлоп табуунун артыкчылыгын сураганда өтүнмө ээсинин төмөнкүдөй талаптарды сактоосу белгиленет:
- бөлүнгөн өтүнмө биринчи өтүнмө боюнча даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн, ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент берүүгө баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин (б.а. өтүнмө боюнча иш жүргүзүүнү улантуу мүмкүнчүлүгү болгон мезгилинде) же биринчи өтүнмө боюнча патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, тийиштүү Мамлекеттик реестрде ойлоп табууну же пайдалуу моделди каттаган күнгө чейин Кыргызпатентке берилиши керек;
- бөлүнгөн өтүнмөдө берилген ойлоп табуу биринчи жолу берилген өтүнмөдө ачылышы керек, ал эми өтүнмө конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнсө жана артыкчылык анын артыкчылыгынын күнү боюнча суралса - биринчи өтүнмөдө ачылат.
19.10. Бир нече артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Качан өтүнмө ээси тарабынан бир нече артыкчылык суралган учурда, өтүнмө ээси белгилеген негиздерге байланыштуу, ушундай артыкчылыктарды суроо үчүн ушул Эрежелердин 19.6-19.9-пункттарында айтылгандардын ичинен тийиштүү шарттарды сактоо белгиленет.
Эгер формуланын көзкарандысыз жана көзкаранды пункттарында мүнөздөлгөн ойлоп табууларга карата берилген күнү ар башка болгон эки биринчи өтүнмөнүн негизинде ар түрдүү конвенциялык артыкчылыктар суралса, анда өтүнмө ээсинин ушул Эрежелердин 18.4.2-пунктунда белгиленген талаптарды сактоосун аныктоодо эки биринчи өтүнмөнүн берилген күнү боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн болушу, эки биринчи өтүнмөнүн берилген күнүнө карата он эки айлык мөөнөттү сактагандыгы текшерилет.
Көзкарандысыз жана көзкаранды пункттарда мүнөздөлгөн ойлоп табуулардын ар бирин ачуу (билүү) ал берилген күнү боюнча ушул ойлоп табуу үчүн артыкчылык суралган ошол биринчи өтүнмөгө карата текшерилет.
Качан өтүнмө ээси тарабынан формуланын пункттары боюнча артыкчылык суралган күнү жазылбаса, биринчи өтүнмөнүн кайсынысында ойлоп табуулардын ар бири толугу менен ачылгандыгы аныкталат.
19.11. Ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоонун шарттарын сактоону текшерүү
1) Ушул Эрежелердин 19.7-19.9-пункттарына ылайык ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоонун шарттарын сактоону текшерүүдө анын негизинде артыкчылык суралуучу өтүнмө же ага ушундай суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү кошумча материалдар берилген өтүнмө кайра сурап алынган эмес же кайра сурап алынган болуп таанылган эмес экендигин тастыктоо зарыл.
Өтүнмө ээсинин суралган артыкчылыкты аныктоонун шарттары катарында белгиленген мөөнөттү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 9-пунктунун
2-пунктчасын жетекчиликке алуу керек.
2) Өтүнмө ээсинин артыкчылыкты суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү мурун берилген материалдарда (мурун берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) өтүнмө берилген ойлоп табууну ачууга байланыштуу талаптарды сактагандыгын аныктоодо бул материалдарда өтүнмө берилген ойлоп табуунун формуласына киргизилген бардык белгилер көрсөтүлгөнбү (сыпаттамада, мурун берилген өтүнмөнүн формуласында, кошумча материалдардын тексттик бөлүгүндө), ушулар текшерилет.
3) Өтүнмө ээсинин өтүнмө берилген ойлоп табууга карата ушул Эрежелердин
19.6-19.9-пункттарында белгиленген талаптарды сактоосунда суралуучу артыкчылык белгиленет.
Качан ойлоп табуунун артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнүп алынган өтүнмө боюнча суралган учурда, ушул Эрежелердин 19.9-пунктунун талаптарын сактоосунда ойлоп табуунун артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык күнү боюнча аныкталат (Кыргызпатентке берген күнү боюнча эмес).
4) Өтүнмө ээси ушул Эрежелердин 19.6-19.9-пункттарында белгиленген талаптардын бирин аткарбай калса дагы ойлоп табуунун артыкчылыгы (бул тууралуу өтүнмө ээсине алдын ала кабарлоо берүү менен) Мыйзамдын 21- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча аныкталат. Эгер белгиленген тапаптар кайсы-бир ойлоп табууга, мисалы: көп звенолуу формуланын пункттарынын биринде мүнөздөлгөнгө карата сакталбаса, артыкчылык Кыргызпатентке өтүнмө берген күнү боюнча ушул ойлоп табуу үчүн гана аныкталат.
5) Конвенциялык артыкчылыкты аныктоодо баш тартуу үчүн биринчи өтүнмө берген өлкөдө же башка өлкөлөрдө патент берүүдөн баш тартуу, аны жокко чыгаруу же күчүн токтотуу негиз боло албайт.
19.12. Ойлоп табуунун биримдүүлүк талаптарын сактагандыгын текшерүү
Ушул Эрежелердин 3.3-пунктуна ылайык ойлоп табуунун биримдүүлүк талаптарын сактоо бир нече көз карандысыз пункттары болгон баштапкы формулага, ойлоп табууга же эгер ал өзгөртүлсө - өтүнмө ээси сунуштаган белгиленген тартипте бир нече көзкарандысыз пункту бар акыркы формулага карата текшерилет.
Эгерде өтүнмөдө ойлоп табуунун биримдүүлүгү бузулган факт аныкталса, өтүнмө ээсине ал алган күндөн тартып, эки ай мөөнөттүн ичинде ойлоп табуулардын кайсынысы каралып чыгышы керек экендигин кабарлоону, жана зарыл учурда, өтүнмөнүн материалдарына тактоо киргизүүнү же бир ойлоп табууга же ойлоп табуулардын тобуна кирүүчү, бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзүүчү такталган сыпаттаманы жана формуланы беришин өтүнүү менен сунуш жиберилет, качан оңдолгон формула алгачкы формулада көрсөтүлгөн бирок анын айрым бир көз карандысыз пункттарына бөлүнбөгөн, ойлоп табуу үчүн көз карандысыз пункттарды камтыган учурда алымга кошумча төлөө зарылдыгы көрсөтүлөт.
Өтүнмө ээсине ошондой эле биринчи өтүнмөдө камтылган башка ойлоп табууга өтүнмө берүүтө укуктуу экендиги билдирилет.
Эгер өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө бөлүнүп алынган өтүнмөнү бергендиги жөнүндө билдирбесе же техникалык чечимдердин кайсынысын карап чыгуу керек экендигин белгилебесе жана такталган документтерди бербесе, эксперттөө формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн техникалык чечимге карата гана жүргүзүлөт (же ойлоп табуунун биримдүүлүгүнүн талаптарына жооп берген топту түзгөн, формулада биринчи болуп көрсөтүлгөнгө).
19.13. Ойлоп табуунун формуласын текшерүү
1) Текшерүү өтүнмөнүн формалдык эксперттөөсү бүткөн учурунда өтүнмөдө камтылган ойлоп табуунун формуласына карата жүргүзүлөт, ал эми эгерде ал андан кийин өтүнүмө ээси тарабынан өзгөртүлсө, анда өзгөртүлгөн формула ушул Эрежелердин 21-пунктунун 2-5-пунктчаларында белгиленген талаптарды сактоо шартында текшерилет.
2) Ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө андагы алардын топтому өтүнмө ээси белгилеген техникалык натыйжаны алуу үчүн жетиштүү болгон өтүнмө берилген ойлоп табуунун маанилүү белгилери болгондугу аныкталат. Ушундай техникалык натыйжаны алууда коомдук муктаждыктын бар экендиги текшерилбейт.
Эгерде ансыз техникалык натыйжа алынбай турган маанилүү белгиси ойлоп табуунун формуласына киргизилбесе, бирок сыпаттамада берилсе, өтүнмө ээсине аны формулага киргизүү сунушталат. Муну менен техникалык натыйжаны алуу үчүн ушул белги зарыл экендигин тастыктаган жүйөлөр келтирилет. Мындай жүйөлөр сыпаттамада берилген белгилерине жана техникалык натыйжага же эксперттөө жүргүзгөн теориялык талдоого негизделет.
Качан өтүнмө ээси тарабынан берилген формула өтүнмө берилген ойлоп табуунун аткарылышынын же пайдаланылышынын жеке формаларын гана мүнөздөөчү маанилүү болбогон белгилерин камтыганы аныкталган учурда, ойлоп табуунун формуласынын ушундай редакциясын сактоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө өтүнмө ээсинин пикири суралат.
3) Ойлоп табуунун формуласын текшерүү ушул Эрежелердин 4.3.1-пунктунун
4-пунктчасына ылайык андагы камтылган белгилерди бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн аныктоону камтыйт.
Белгини бирдейлештирүүдө шектенүүлөр келип чыкканда, экспертиза ушундай мүмкүнчүлүктү тактап берүүсүн суроого укуктуу.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгү үчүн ойлоп табуунун сыпаттамасынын негизинде анын мүнөздөмөсүн оңдоо зарыл экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ушундай оңдоону жүргүзүү сунушталат.
Качан белгини бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүнүн шарттары сакталса, бирок мүнөздөө үчүн эскирип калган же техниканын конкреттүү тармагында колдонууга толугу менен жооп бербеген терминология пайдаланылса, өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласына тийиштүү оңдоо киргизиши сунушталат.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүн эместиги аныкталса жана өтүнмө ээси ойлоп табуунун формуласын оңдоодон баш тартса, анда өтүнмөнү мындан ары карап чыгууда мындай белги эске алынбайт.
4) Эгерде ойлоп табуунун формуласы жалпы түшүнүк менен берилген белгини камтыса, ушул Эрежелердин 4.3.1-пунктунун 6-пунктчасына ылайык аны пайдаланууга укуктуулугу аныкталат.
Качан эксперттөө тарабынан ушул жалпы түшүнүккө туура келген белгини ишке ашыруунун жеке формалары белгиленсе, бирок өтүнмө ээси белгилеген техникалык натыйжаны алууну камсыз кылбаса (башка маанилүү белгилер менен бирге), өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөр келтирилет жана ойлоп табуунун сыпаттамасынын негизинде аларды четтетүүгө же оңдоого сунуш кылынат.
5) Эгерде өтүнмөдө бир көзкарандысыз пункту менен бир звенолуу формула же көп звенолуу формула келтирилсе, мындай формулада бир ойлоп табуу мүнөздөлгөндүгү, текшерилет.
Мындай текшерүү ушул Эрежелердин 4.3.6-пунктунун 2-пунктчасынын жана
4.3.7-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарды бузгандыгы аныкталганда, өтүнмө ээсине тийиштүү алымды төлөө менен аныкталган бузууларды четтетүү үчүн формуланы оңдоосу сунушталат. Муну менен ошондой эле оңдолгон формулада биримдүүлүк талаптарын сактоо жана мурун өзүнчө көзкарандысыз пункттар менен берилбеген ойлоп табууга жаңы көзкарандысыз пункттардын оңдолгон формуласын киргизүү учурунда тийиштүү алымды төлөө зарылчылыгына көрсөтүлөт, же формуланы оңдоодон баш тартылган учурда - мындан ары каралуучу ойлоп табууну көрсөтүү зарыл.
Эгерде көрсөтүлгөн жыйынтык үчүн альтернативалуу белгини мүнөздөө үчүн өтүнмө ээсинин шарттарды сактабагандыгы негиз болсо, аларга карата ушундай бузуу аныкталган конкреттүү альтернативалуу мүнөздөмөлөрүн (бардыгынын же өтүнмө ээси тарабынан келтирилгендердин айрымдарынын) көрсөтүү менен кетирилген катачылыктардын мүнөзү көрсөтүлөт.
6) Эгерде өтүнмө ээси бир нече көзкарандысыз пункттарды камтыган көп звенолуу формуланы сунуштаса, жогоруда ушул пункттун 5-пунктчасында баяндалгандарга ылайык алардын ар бирине талдоо жүргүзүлөт (эгер ушундайлар болсо, алар караштуу болгон көзкаранды пункттар менен бирге).
Ар бир көзкарандысыз пункту (эгер бар болсо, камтылган пункттары менен бирге) бир гана ойлоп табууну мүнөздөгөн көп звенолуу формулага карата ага киргизилген ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн ойлоп табуулардын тобун билдиреби, ушунусу аныкталат.
Эгерде көзкарандысыз пункттарда мүнөздөлгөн ойлоп табуулар өз ара ушул Эрежелердин 3.3-пунктунда белгиленгендей катышта болсо, бирдиктүү ойлоп табуучулук ойдун шарты сакталган болуп таанылат.
Көзкарандысыз пункттарда мүнөздөлгөн ойлоп табуулар варианттарга туура бөлүнгөндүгүн текшерүүдө, өтүнмө ээси белгилеген ойлоп табуулардын арналышы жана техникалык натыйжалары туура келгендигин аныктоо зарыл.
Эгерде топтун ойлоп табууларынын ар бири үчүн (же алардын бири) бир нече техникалык натыйжа белгиленсе, ал эми белгиленген техникалык натыйжалардын ичинен айрымдарына карата гана туура келиши аныкталса, техникалык натыйжалардын туура келген шарты бузулган болуп эсептелбейт.
Техникалык натыйжалардын туура келген шарты качан, бардык ойлоп табуулар үчүн техникалык натыйжаны жалпы мүнөздөөдөн тышкары, алардын бирин сыпаттамада кошумча түрүндө кайсы-бир спецификалык өзгөчөлүгүнө ("сүрүлүүнү азайтуу" жана "жогору нымдуулукта сүрүлүүнү азайтуу") көрсөтмөнү камтыса, бузулган болуп эсептелбейт.
7) Эгерде өтүнмө ээси сунуштаган ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө формуланын структурасына жана анын сыпаттамасына коюлуучу белгиленген талаптарга туура келбегендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ойлоп табуунун формуласын оңдоо сунушталат.
8) Эксперттөөнүн сурамы боюнча же жеке өз демилгеси боюнча өтүнмө ээси өзгөрткөн формулага карата ушул пункттун 2-7-пунктчаларына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.
Ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн өтүнмө ээси тастыктаган, өзгөртүүлөрү менен формула кабыл алынат.
9) Качан жогоруда баяндалган ушул пункттун 5-пунктчасына ылайык текшерүүдө бир көзкарандысыз пункту менен бир звенолуу формула же көп
звенолуу формула бир эмес көп ойлоп табууга кире тургандыгы аныкталган жана өтүнмө ээси формуланы оңдоодон баш тарткан учурда, өтүнмө ээсине патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн төмөнкүлөр кабыл алына тургандыгы билдирилет:
- эгерде белгиленген ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзбөсө, ошондой эле качан алар биримдүүлүк талаптарын канааттандырып, бирок өтүнмөнү эксперттөө жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнбөсө жана ойлоп табуулардын кайсынысы (кайсыларын) ушул өтүнмөнүн алкагында каралышы керек экендиги көрсөтүлбөгөндүгү аныкталса, ойлоп табуулардын формуласында көрсөтүлгөндөрдүн биринчиси (бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн биринчиси, ага алым төлөнгөн);
- эгерде эксперттөө жүргүзүүдө белгиленген ойлоп табуулар бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзсө жана белгиленген өлчөмдө кошумча алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ белгиленген мөөнөттө берилгендиги аныкталса, каралып жаткан формула.
10) Ушул пункттун 6-пунктчасы, ушул пункттун 9-пунктчасынын жоболору менен караштырылган текшерүү жүргүзүүдө ылайыгына карата колдонулат.
19.14. Ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү
Алдын ала эксперттөөнүн стадиясында жүргүзүлүүчү өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө өтүнмө ээси берген өтүнмөнүн материалдары, мурун алган артыкчылыгы менен кайра чакыртылып алынбаган өтүнмөлөр, Кыргыз Республикасынын коргоо документтери берилген фонду (алдын ала патенттер, патенттер, күбөлүктөр), ошондой эле жарыяланган евразия өтүнмөлөрү жана патенттери боюнча анын өнөр жайда колдонуу шарттарына, жаңылыктуулугуна жана ойлоп табуучулук деңгээлине ылайык келгендиги аныкталат.
Өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө андан түздөн-түз же кыйыр түрүндө ушул маалыматты алган өтүнмө ээсинин, автордун же кайсы жактын болбосун ага тийиштүү болгон маалыматты элдин алдында таратуусу анын патентке жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүчү кырдаал болуп таанылбайт, мында ойлоп табуунун маңызы жөнүндө маалыматтар эгер ал суралган болсо, өтүнмө берген күнгө чейин же артыкчылык алган күнгө чейин он эки айдан эрте болбогон убакытта жалпыга белгилүү болот. Муну менен бул фактыны далилдөөгө өтүнмө ээси милдеттүү.
19.15. Өнөр жайда колдонулуучулугу
1) Мыйзамдын 5-беренесинин 6-бөлүгү тарабынан караштырылган учурда ойлоп табуу өнөр жайда колдонулат деп таанылат.
2) Ойлоп табуунун колдонула турган мүмкүнчүлүгүн текшерүүдө өтүнмөнүн материалдары өтүнмө берилген ойлоп табуунун объекти арналышына көрсөтмөсү бар экендиги б.а. белгилүү бир коомдук муктаждыкты мүнөздөгөн милдеттерди алардын аткаруу мүмкүнчүлүгү текшерилет.
Ошондой эле ойлоп табуунун формуласынын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөндөй түрдө ойлоп табууну ишке ашыруу алардын жардамы менен
мүмкүн болгон каражаттар жана ыкмалар өтүнмөнүн биринчи жолу берилген материалдарында баяндалганбы, ушулар текшерилет.
Ушул каражаттар жана ыкмалар жөнүндө маалыматтар же толугу менен өтүнмөдө камтылат же алардын айрым бөлүгүн өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө чейин өз алдынча белгилүү болгон техникалык каражаттар болсо, алар сыпаттамада баяндалбашы мүмкүн, бирок ойлоп табууну мүнөздөөчү башка каражаттар менен бирге алардын пайдаланылышына көрсөтмө жана өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнөн мурун басууга кол коюлган маалымат булагына шилтеме камтылышы керек, аларда бул каражаттар адистер тарабынан кайра чыгаруу үчүн жетишерлик түрдө толугу менен баяндалган. Муну менен экспертте ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүндө шектенүүлөр болбошу керек.
Өтүнмө берилген техникалык натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн ойлоп табууну талдоодо ойлоп табуунун формуласында ушул техникалык натыйжаны камсыз кылуучу белгилердин бар экендиги аныкталат.
Эгерде эксперттөөнүн сунушталган каражаттары менен өтүнмө берилген техникалык натыйжаны алууга мүмкүнчүлүктө шектенүү пайда болсо, өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөр менен сурам жиберилет. Бул жүйөлөр белгилүү болгон билимдерге (маалыматтарга) же шилтемелер менен бекемделиши же эксперттөө келтирилген далилдөөлөрдүн жардамы менен негизделиши керек.
Сыпаттамада келтирилген бир же бир нече натыйжаларга жетүүнүн мүмкүн болбогондугу эгерде сыпаттамада айтылгандардын ичинен калгандарынын натыйжалары ишке ашырыла турганы мүмкүн болсо, ойлоп табууну анын патентке жөндөмдүүлүк шартына туура келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.
Заттарга болгон өтүнмөлөрдү карап чыгууда эгерде өтүнмөдө затты алуунун ыкмасы сыпатталбаса жана ушул ыкма заттын өзү жөнүндө маалыматтардын негизинде келтирүү мүмкүн болбосо, анда ойлоп табууну ишке ашыруу мүмкүн, жыйынтыгында өнөр жайда колдонулат деп таануу болбойт экенин белгилеп кетүү зарыл.
3) Эгерде ойлоп табуунун артыкчылык алган күнүнө карата бардык көрсөтүлгөн талаптар сакталганы аныкталса, формуланын ушул көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келген болуп таанылат.
Коюлган талаптардын бирин болсо дагы сактабаганда ойлоп табуу өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келбегендиги жөнүндө жыйынтык чыгарылат. Мындай учурда өтүнмө ээсине тийиштүү жүйөлөрдү баяндап жана ушул жүйөлөргө карата анын өз пикирин билдирүүсүн жана ойлоп табуу формуласын оңдоосун өтүнүү менен сурам жиберилет (эгер, эксперттөөнүн пикири боюнча өтүнмөнүн материалдары ушундай оңдоого мүмкүнчүлүк берсе, анын натыйжасында көрсөтүлгөн натыйжа өзгөртүлүшү мүмкүн). Муну менен сурамда формуланы оңдоо боюнча конкреттүү сунуштар келтирилиши мүмкүн.
4) Ал үчүн өнөр жайда колдонулуучу шартка ылайык келбегендиги аныкталган ойлоп табууга карата жаңылыктуулугун жана ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү жүргүзүлбөйт.
19.16. Өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулугу
1) Өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулук талабына туура келиши үчүн жоопкерчилик өтүнмө ээсине жүктөлөт.
2) Кыргызпатент алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулугун маалыматтын төмөнкүдөй булактары боюнча текшерет:
- өтүнмө ээси формалдык эксперттөө бүтүп жаткан учурунда берген өтүнмөнүн материалдарын;
- Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер, башкача айтканда тийиштүү Мамлекеттик реестрлерде катталган, ошондой эле аларга евразия патенти алынган ойлоп табуулар боюнча. Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар же пайдалуу моделдер Мамлекеттик реестрлерде алардын каттоосу болгон формулага карата артыкчылык алган күнүнөн тартып эсепке алынат.
- мурун артыкчылык алган күнү менен ойлоп табуулар же пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр, алар үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталган:
өтүнмө Кыргыз Республикасында берилген;
өтүнмө башка жак, б.а. башка өтүнмө ээси тарабынан берилген;
өтүнмө кайра чакыртылып алынган эмес же кайра чакыртылып алынган деп таанылган эмес.
Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө ошондой эле ойлоп табууларга СССРдин автордук күбөлүктөрүн же патенттерин берүүгө өтүнмөлөр теңештирилет, алар боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын патенттерин берүү жөнүндө өтүнүч каттар жана Эл аралык өтүнмөлөр берилген, аларда СССРдин көрсөтмөлөрү, ошондой эле аларга карата ушул эрежелердин шарттары сакталган жарыяланган евразия патенттери камтылган.
Өтүнмө ушул өтүнмөдө камтылган формулага жана сыпаттамага карата арыз, сыпаттама, формула жана чиймелери келип түшкөн күнгө карата эсепке алынат. Эгер бул дата каралуучу өтүнмөнүн артыкчылык күнүнө караганда кечирээк болсо, анда мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө артыкчылыгын аныктоо үчүн кызмат кылган материалдардын мазмуну менен туура келген анын мазмунунун бөлүгүндө маалыматтын булактарынын санына кирет (биринчи өтүнмө, мурун берилген өтүнмө, ушул өтүнмөгө карата кошумча материалдар).
3) Эгерде эксперттөөнүн жүрүшүндө өтүнмө Кыргыз Республикасындагы ойлоп табуунун дүйнөдө жалпы маалымат булагынан белгилүү болгон маалыматтардын негизинде жаңылыктуулугу жоктугу аныкталса, өтүнмө ээсине эксперттөөнүн жүйөлөрүн баяндоо менен жана ушул жүйөлөргө карата өз пикирин билдирүүсүнө сурам жиберилет жана зарыл учурда, биринчи өтүнмөнүн материалдарынын негизинде ойлоп табуунун формуласын оңдоосу же өтүнмө ээсинин катышуусу менен эксперттөөнүн жүйөлөрү каралып чыгып, өтүнмөнү кайра чакыртып алуу сунушталат. Мындай учурда карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ушул Эрежелердин 14-пунктунун 4-пунктчасынын талаптарына ылайык протокол түзүлөт.
4) Качан каралып чыгуучу ойлоп табуу жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булагы болуп мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө эсептелсе, өтүнмө кайра чакыртылып алынбагандыгын аныктоо зарыл.
Эгерде өтүнмө кайра чакыртылып алынбаса жана кайра чакыртып алуу мөөнөтү өтө элек болсо, каралып чыгуучу ойлоп табуунун өтүнмө ээсине ушундай
өтүнмөнүн бар экендиги (анын өтүнмө ээсин көрсөтпөй жана мазмунун ачып көрсөтпөстөн) жана анын өтүнмөсүн карап чыгууну мурун алган артыкчылыгы менен өтүнмө боюнча аныкталмайынча кармап туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирилет.
Өтүнмө ээси өтүнмөнү карап чыгууну кармап турууга макул болбосо өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги аныкталат.
5) Эгерде көзкаранды пункттарды камтыган формуланын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу жаңылыктуулуктун шартына туура келгендиги аныкталса, анда көзкаранды пункттарга карата техника деңгээлин талдоо жүргүзүлбөйт.
6) Көзкаранды пункттарды камтыган формуланын көзкарандысыз пунктунда мүнөздөлгөн ойлоп табуу жаңы болуп таанылбаган учурда, өтүнмөнү мындан ары карап чыгуу ушул Эрежелердин 19.18-пунктунун 1-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.
7) Ал үчүн жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги аныкталган ойлоп табууга карата ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү жүргүзүлбөйт.
19.17. Ойлоп табуучулук деңгээли
1) Өтүнмө берилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлине туура келиши боюнча жоопкерчилик өтүнмө ээсине жүктөлөт.
2) Кыргызпатент алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүүсүн жүргүзөт, алар төмөнкүлөрдү гана камтышы керек:
- өтүнмө ээси берген өтүнмөнүн материалдары боюнча эң жакын окшошун табуу;
- эң жакын окшошунан (айырмалануучу белгилер) өтүнмө берилген ойлоп табуу айырмаланган белгилерди табуу;
- ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге Кыргыз Республикасынын корголуучу документтердин артыкчылык алган күнүнө чейин берилген фонд боюнча, ошондой эле жарыяланган евразиялык өтүнмөлөр жана патенттер боюнча каралып жаткан ойлоп табуунун айырмаланган белгилери менен дал келген белгилери бар чечимдерди табуу.
3) Эгерде эксперттөө процессинде Кыргыз Республикасында бар болгон дүйнөлүк жалпы элге жеткиликтүү болгон маалымат булагынын өтүнмө берилген ойлоп табуунун айырмачылык белгилери менен дал келген белгилери бар болгон чечимди камтыган маалыматтарынын ичинен табуунун негизинде өтүнмө берилген ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээли жоктугу аныкталса эксперттөөнүн далилдерин баяндоо менен жана бул далилдер боюнча өзүнүн ой пикирин көрсөтүү менен жана кереги болсо өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде ойлоп табуунун формуласын түзөтүү же өтүнмөнү кайра чакырып алуу сунушу менен же эксперттөөнүн далилдерин өтүнмө ээсинин катышуусу менен карап чыгуу сунушталган өтүнмө ээсине сурам кат жибериле алат. Мындай учурда карап чыгуунун натыйжасы боюнча ушул Эрежелердин 14- пунктунун 4-пунктчасынын талаптарына ылайык протокол түзүлөт.
4) Ойлоп табуучулук деңгээлдин шарттарына туура келген болуп ойлоп табуулар таанылбайт, төмөнкүлөргө негизделсе:
- так ушундай кошумчалардын таасири орнотулган техникалык натыйжага жетишүү үчүн кандайдыр бир белгилүү бөлүмдүн (бөлүмдөрдүн) белгилүү эрежелер менен ага кошулуучу (кошулуучулар) белгилүү каражатты кошумчалоонун;
- так мындай кошумчалардын таасири орнотулган техникалык натыйжага жетишүү үчүн белгилүү каражаттын кандайдыр бир бөлүгүн (бөлүктөрдүн) башка белгилүү бөлүк менен алмаштыруунун;
- мындай чыгарып таштоодо жөнөкөй натыйжага жетишүү менен жана анын бар болгон шартталган милдетин бир убакытта жокко чыгаруу менен каражаттын кандайдыр бир бөлүгүн (элементин, кыймылын) жокко чыгаруунун (массаны, габариттерди, материалдык сыйымдуулукту жөнөкөйлөтүү, азайтуу, ишенимдүүлүктү жогорулатуу, процесстин созулгандыгын кыскартуу ж.б.);
- каражатта так мындай элементтердин, кыймылдын бар болгону менен шартталган техникалык натыйжаны күчөтүү үчүн бир типтүү элементтердин, кыймылдардын санын көбөйтүүнүн;
- бул материалдардын белгилүү касиети менен шартталган техникалык натыйжага жетишүү үчүн белгилүү каражатты же анын белгилүү материалынын бөлүгүн (бөлүктөрүн) аткаруунун;
- алардын ортосундагы байланыш жана бул каражаттын бөлүктөрүнүн белгилүү касиети менен шартталган техникалык натыйжага жетишүүдө жана белгилүү рекомендациянын, эреженин негизинде аткарылган ортосундагы байланышта жана тандоодо белгилүү бөлүктөрдөн турган каражатты түзүүнүн;
- мындай дайындоону ишке ашыруу үчүн так мындай аткаруу, түзүм, касиет керектиги белгилүү болгон жана эгерде жаңы дайындоо анын касиети, түзүмү, аткаруусу менен шартталса жаңы дайындоо менен белгилүү түзүлүштүн, жолдун, каражаттардын, штаммдын пайдалануунун.
Эгерде алардын ар биринин техникалык натыйжага таасир этүү факты белгилүү болсо жана бул белгилердин жаңы маанилери же алардын өз ара байланышы белгилүү көз карандылыктан, мыйзам ченемдүүлүктөн алынган болсо, сандык белгинин (белгилердин) өзгөртүүсүнүн, анын түрүнүн өзгөртүүсүнүн же өз ара байланыштагы мындай белгилерди көрсөтүүсүнүн негизинде болгон ойлоп табуулар да ойлоп табуучулук деңгээлге туура келген деп тааныла албайт.
5) Ойлоп табуучулук деңгээлдин шарттарына, негизинен, төмөнкүлөр кирет:
- белгиленген түзүм менен жаңы жекече кошулманы (класстын, топтун)
алуунун жолдору;
- эгерде алар берилген класс же топ үчүн жаңы редакциялардын кошулмасына же берилген класс же топ үчүн белгилүү ишке ашыруу шарттары белгилүү болбогон реакциялардын кошулмасына негизделсе, орнотулган түзүм менен белгилүү жекече кошулманын (класстын, топтун) алуу жолдору;
- синергетикалык эффектти камсыздоочу жетишүү мүмкүнчүлүгү техниканын деңгээлинен агып чыкпаган эки белгилүү ингридиенттен куралган композиция (б.а. эки ингридиенттин тең касиетин ачуучу, бирок бул касиеттердин ичинен бирөөсүнүн гана сандык белгиси өзүнчө ингридиенттин касиетинин белгисинен жогору болсо);
- белгилүү кошулмалардын тобунун жалпы түзүмдүк формуласынын астына түшүүчү, бирок атайын алынган жана изилденген сыяктуу баяндалбаган жана сапаттык жана сандык мамиледе бул топ үчүн жаңы белгисиз касиеттерди көрсөтүүчү жекече кошулма (селекциялык ойлоп табуу).
6) Ойлоп табуу ойлоп табуучулук деңгээлге ылайык эмес сыяктуу жөнөкөй болуп көрүнгөн жана өтүнмөнүн материалдарында техникалык натыйжага жетишүүнүн механизми ачылгандыгы үчүн эгерде мындай ачылуу техниканын деңгээлинен эмес, өтүнмөнүн материалдарынан гана белгилүү болсо, каралбайт.
7) Эгерде ойлоп табуунун айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилери тиешелүү болгон чечимдер табылса, техникалык натыйжага белгилүү алардын таасирин тастыктоо талаптанбайт, эгер мындай белгилерге карата ал өтүнмө ээси тарабынан аныкталбаса.
8) Эгерде көз каранды пункттарды камтыган көп топтук формула менен мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуу көз каранды эмес пунктка тийиштүү ойлоп табуучулук деңгээлдин шарттарына ылайыктыгы таанылса, формуланын көз каранды пункттарына тийиштүү мындан аркы текшерүү жүргүзүлбөйт.
9) Эгерде көз каранды пункттары бар формуланын көз каранды эмес пункттары боюнча ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлдин шарттарына туура келгендиги аныкталса, ушул Эрежелердин 19.18-пунктунун 1)-пунктчасына ылайык мындан ары өтүнмөнү карап чыгуу жүргүзүлөт.
19.18. Көп топтук формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун патенттик жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн өзгөчөлүгү
1) Эгерде ойлоп табуу көз каранды пунктту камтыган көп топтук формулада мүнөздөлсө жана ойлоп табуучулук деңгээлдин жана жаңылыктуулугунун жоктугу менен себептүү көз каранды эмес пунктка тийиштүү патенттик жөндөмсүздүгү боюнча корутунду алынса ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат жана өтүнмөнүн мындан аркы карап чыгуусу максаттуу экендиги боюнча ой пикирин айтуу сунушталат, ойлоп табуунун оңдолгон формуласынын мындай максатын тастыктаган учурда.
2) Көз каранды пункттарды камтыган формуланын көз каранды эмес пункттарына тийиштүү ойлоп табуунун патенттик жөндөмдүүлүгү орнотулган учурда бул пункттарда камтылган ойлоп табуунун белгилеринин мүнөздөмөсү ойлоп табууну ишке ашырууга же өтүнмө ээси менен көрсөтүлгөн милдетин аткарууга тоскоол болбогонун ишенүү керек. Мындан башка көз каранды пункттарды тартуу менен мүнөздөлгөн ойлоп табуу коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерине каршы эместигин билүү керек.
Бардык айтылган шарттарга тийиштүү текшерүүнүн оң натыйжасында көз каранды пункттарды камтыган көп топтук формулада мүнөздөлгөн ойлоп табуу патенттик жөндөмдүү деп таанылат жана өтүнмөнүн негизинде эксперттөөнү өткөрүүсүз патент берүү өтүнүчү бар болсо ушул Эрежелердин 19.20-пунктуна ылайык патент берүү жөнүндө чечими чыгарылат.
Кандай болбосун шарттарга тийиштүү текшерүүнүн терс натыйжасында ал жөнүндө өтүнмө ээсине сурам катта кабарланат жана эксперттөөнүн корутундусун жокко чыгаруучу далилдерди көрсөтүү же ойлоп табуунун формуласынан мындай көз каранды пункттарды оңдоо же жокко чыгаруу сунушталат.
3) Эгерде ойлоп табуулардын тобуна өтүнмө берилсе, патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү анын ичине кирген ар бир ойлоп табуунун ар бирине жүргүзүлөт. Топтун патентке жөндөмдүүлүгү топтун ар бир ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгү болгондо гана далилденет.
Эгерде топтун бардык эмес ойлоп табуулары патентке жөндөмдүү экендиги аныкталса, өтүнмө ээси ал жөнүндө кабарланат жана келтирилген далилдер боюнча өзүнүн ой пикирин билдирүү, жана зарыл учурда патентке жөндөмсүз ойлоп табуулар мүнөздөлгөн формуланын көз каранды эмес пункттарын жокко чыгаруу же бул пункттарды түзөтүлгөн түрдө көрсөтүү сунушталат.
4) Эгерде өтүнмө ээси тарабынан жогоруда баяндалган учурларда ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласы берилсе, ушул Эрежелердин 19.13 жана 19.14- пункттарына ылайык бул формулада мүнөздөлгөн ойлоп табууга(ларга) тийиштүү мындан аркы өтүнмөнү карап чыгуу жүргүзүлөт.
5) Өтүнмө ээси эксперттөөнүн корутундусун жокко чыгаруучу далилдерди же өзгөртүлгөн формуланы көрсөтүүсүз аны менен мурда берилген формула менен патент берүүнү сураган учурда мындан аркы өтүнмөнү карап чыгуу жүргүзүлбөйт жана бул Эрежелердин 19.21-пунктуна ылайык патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
19.19. Кошумча материалдарды суроо
1) Кошумча материалдарды, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласы менен сурам, эгерде ушундай материалдарсыз өтүнмөнү эксперттөө мүмкүн болбогондо гана, өтүнмө ээсине жиберилет.
Сурамга негиз болуп, төмөнкү кырдаалдар эсептелинет:
- өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине туура келбегендиги (сыпаттамада формулада көрсөтүлгөн белгилердин жоктугу, чиймелер ойлоп табуунун сыпаттамасына туура келбейт ж.у.с.);
- ушул Эрежелер менен караштырылган ойлоп табуунун сыпаттамасында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоктугу (эгерде тиешелүү бөлүмдө баяндалуучу маалыматтар башка бөлүмдө берилсе, сурам жиберилбейт);
- ойлоп табуунун формуласында тиешелүү түрдүн объектилердин белгилеринин ордуна аны ишке ашырууда жана/же пайдаланууда мааниси бар анын пайдалануучулук белгилерин жана керектөө касиеттерин, натыйжаларын жана көрүнүштөрдүн гана бар экендиги;
- ойлоп табуунун көп топтук формуласынын көз каранды пункттарында ойлоп табуунун ылайыктуу анын аткаруусунун же пайдалануусунун жекече учурларда коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык ынанымдарга карама каршылыгын шарттаган белгилердин болушу;
- ага ылайык формуланын көз каранды эмес пункту бир гана ойлоп табууга тийиштүү боло турган, ушул Эрежелердин 4.3.6-пунктунун талаптарынын бузулушу;
- ойлоп табуунун формуласында көз каранды пункттун ал караштуу болгон формуланын пунктунун белгисин (белгилерин) алмаштыруу же жокко чыгаруунун болгондугу;
- эксперттөөнү жүргүзүүгө тоскоол болгон ойлоп табуунун сыпаттамасында же ойлоп табуунун формуласында жалпы кабыл алынбаган терминологиянын пайдалынышы;
- ушул Эрежелердин 18.6-пунктуна ылайык ойлоп табуунун формуласын аны текшерүүсүнүн натыйжасы боюнча тактоонун зарылдыгы;
- ушул Эрежелердин 19.14-пунктуна ылайык өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү менен байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы;
- өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүнүн натыйжасы боюнча ойлоп табуунун формуласын тактоонун зарылдыгы;
- ушул Эрежелердин 22-пунктуна ылайык бирдей артыкчылык күнү болгон өнөр жай менчигинин окшош объектилерине өтүнмөлөрдү карап чыгуу менен байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер жана өтүнмөнү карап чыгууда жана мисалы: артыкчылыкты белгилөөдө келип чыккан эскертүүлөр жана сунуштар, ойлоп табуунун маанилүү белгисинин мүнөздөмөсүн тактоо менен ж.у.с. ошондой эле жогоруда белгиленген негиздерде жиберилген сурам катка камтылат.
2) Сурам катта көрсөтүлгөн кандайдыр бир суроо боюнча эксперттөөнүн ой пикири техникалык же укуктук мүнөздөгү аргументтер менен такталат. Зарыл учурда, маалымат булагына, Мыйзам жобосуна, ушул Эрежелерге жана ченемдик документтерге шилтеме берилет.
Маанилүү белгинин мүнөздөмөсүн тактоо, формуланын ичинен маанилүү эмес белгинин чыгаруу ж.б. сыяктуу формуланы оңдоо менен байланышкан сунуштарды өтүнмө ээсине сунуштарды жиберүүдө, мындай оңдоонун жана андан баш тартуунун укуктук натыйжасын көрсөтүү максатка ылайыктуу.
3) Өтүнмө ээсинин демилгеси же эксперттөөнүн сунушу менен өзгөртүлгөн формуласы менен патент берүү жөнүндө чечимди даярдоодо ойлоп табуунун формуласынын жана/же ойлоп табуунун аталышынын (эксперттөөнүн жүрүшүндө аны өзгөрткөн учурда) мамлекеттик же расмий тилине оңдолгон котормосун берүүнүн зарылдыгы жөнүндө өтүнмө ээсине сурам кат жиберилет.
Белгиленген эки айлык мөөнөттүн ичинде оңдолгон котормо берилбесе, чечим чыгарылбайт.
4) Сурам катта маалымат булагына шилтеме берилген учурда, ал булакты табуу үчүн керектүү бардык анын библиографиялык маалыматтары, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууга эске алынган булактын ичиндеги маалыматтарды табуу үчүн (бети, абзацы, графикалык сүрөттөөнүн фигурасынын номуру ж.б.) анын башка маалыматтары көрсөтүлүшү керек.
5) Сыпаттаманын тиешелүү оңдоосу зарыл болгон өтүнмө ээсинин демилгеси же эксперттөөнүн сунушу менен өзгөртүлгөн формула менен патент берүү жөнүндө чечимди, ошондой эле баяндоонун жана/же чийменин кемчиликтери бар болсо, ага мындай сунушту кабыл алган күндөн тартып, эки айлык мөөнөттүн ичинде такталган баяндоону же/жана чиймени (же алмаштырылуучу барактар) көрсөтүү сунушталат.
Мында көрсөтүлгөн материалдар берилбегенде, Кыргызпатент тарабынан тиешелүү түрдө оңдолгон баяндоо жарыялана тургандыгы жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
6) Сурам өтүнмө ээсине өтүнмөнү карап чыгуу үчүн канча жолу керек болсо, ошончо жолу жиберилет.
19.20. Патент берүү жөнүндө чечим
1) Өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүүсүз патент берүү жөнүндө өтүнүч кат болгондо, оң натыйжасы менен алдына ала эксперттөөдөн өткөн өтүнмө боюнча Мыйзамдын 23-2-беренесинин 11-бөлүгү тарабынан караштырылган чечим чыгарылат.
Чечимде өтүнмө ээси ойлоп табуунун артыкчылыгын аныктоо жөнүндө кабарландырылат.
2) Өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат болгондо же аталган өтүнүч кат же өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүүсүз патент берүү жөнүндө өтүнүч кат болбогондо, оң натыйжасы менен алдына ала эксперттөөдөн өткөн өтүнмө боюнча өтүнмө ээсине алдын ала эксперттөөнүн оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
3) Өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүүсүз патент берүү жөнүндө өтүнүч кат түшкөндө аталган өтүнүч кат келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
4) Мыйзамдын 23-2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык учурда.
5) Өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) арыздын 71-код менен берилген графасында патент берүү жөнүндө өтүнүчтү жана өтүнмө ээси жөнүндө маалымат келтирилген арыздын графасында келтирилген аталыштарга (атына) катуу тартипте туура келген чечимде көрсөтүлөт.
19.21. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
1) Өтүнмө берилген сунуштун Мыйзамдын 23-2-беренесинин 1-бөлүгү менен аныкталган ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келбегендиги аныкталганда, тиешелүү далилдерди көрсөтүү менен патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу үчүн себеп болгон шарттар менен таанышкандан кийин эксперттөөнүн корутундусу өзгөртпөгөн өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүнө карата далилдер берилген учурда, чечимде көрсөтүлгөн далилдер боюнча талдоо келтирилет.
2) Эгерде бир көз карандысыз пункту жана көз каранды пункттары бар көп звенолуу формулада мүнөздөлгөн, өтүнмө берилген ойлоп табуу көз карандысыз пунктка карата патентке жөндөмдүүлүктүн шарттарынын ичинен бирине туура келбесе жана өтүнмө ээси формуланын бул пунктун оңдоодон баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
3) Качан ойлоп табуу башка көз каранды эмес пункттары болбогон формуланын көз каранды эмес пунктунда мүнөздөлгөн болсо, ал эми көз каранды пункттарда камтылган ойлоп табуунун мүнөздөмөсү мындайча, ал ойлоп табууну жүргүзүүгө же өтүнмө ээси көрсөткөн багытты ишке ашырууга тоскоолдук кылса же ойлоп табуу коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык
принциптерине каршы келген болуп таануу үчүн негиз болуп эсептелгенде жана өтүнмө ээси формуланын ичинен көз каранды пунктту оңдоодон же чыгарып салуудан баш тарткан учурда патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
4) Качан өтүнмө ээси тарабынан сунушталган формуланын бир көз каранды эмес пункту бар болсо жана ал сыпаттамада камтылган ойлоп табуунун маанилүү белгисин камтыбаса, ошого байланыштуу ушундай түрдө мүнөздөлгөн ойлоп табуу патентке жөндөмдүүлүктүн кайсы бир шартына туура келбеген учурда, эгерде өтүнмө ээси формулага аталган белгини киргизүүдөн баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
5) Эгерде өтүнмө берилген ойлоп табуулардын тобу патентке жөндөмдүүлүк шарттарынын бирине туура келбесе жана өтүнмө ээси формуладан бул ойлоп табуунун мүнөздөмөсүн оңдоодон же чыгарып салуудан баш тартса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Муну менен чечимде ага карата ушундай корутунду алынган башка ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгү тастыкталат.
6) Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңешке аны алган күндөн тартып, эки айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы болгондугун билдире алат. Апелляциялык кеңеште каршы болгондугу тиешелүү алымды төлөгөн шартында аны алган күндөн тартып, эки айлык мөөнөттө каралып чыгат.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, ал аны алган күндөн тартып, алты айлык мөөнөттүн ичинде сотко доо менен кайрыла алат.

20. Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөө

20.1. Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөөнү жүргүзүүнүн шарттары.
1) Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүлөт.
Өтүнүч кат менен бирге өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилет. Өтүнүч кат менен бирге аталган документ берилбесе өтүнмө ээсине өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелгендиги тууралуу билдиришет.
Төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө туура келбеген учурда, кошумча алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ өтүнмө ээси зарыл болгон кошумча алым тууралуу сурам катты өтүнмө ээси алган күндөн тартып, эки айлык мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ белгиленген мөөнөттө берилбесе, бир ойлоп табууга өтүнмө боюнча үчүнчү жак берген өтүнүч кат, ошондой эле өтүнмө ээси берген өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелинет, ал эми ойлоп табуулардын тобуна берилген өтүнмө боюнча формулада биринчи болуп көрсөтүлүп, төлөнгөн ойлоп табууларга же аларды төлөө шартында өтүнмө ээси көрсөткөн ойлоп табууларга карата өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүлөт.
Эгерде өтүнмө ээси өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөө үчүн белгиленгенден азыраак өлчөмдө төлөөгө же ушундай алымды төлөөдөн бошотулууга укугу бар болсо, алымды төлөгөндөн бошотулгандыгы же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздемесинин бар экендигин тастыктаган документ өтүнүч кат менен бирге же өтүнүч кат берилген күндөн тартып, эки айдан ашырбастан берилет.
2) Өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү менен патент берүү жөнүндө өтүнүч кат Кыргызпатентке өтүнмө берүү менен бирге же Кыргызпатентке аны берген күндөн тартып, отуз айдын ичинде берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылбайт жана калыбына келтирилбейт.
3) Үчүнчү жактан өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине бул жөнүндө кабарлайт.
Бир канча жактардан өтүнүч каттар келип түшкөндө, кеч түшкөнү берилбеген болуп эсептелет, ал тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
4) Эгерде мурда кайра чакыртып алынган же кайра чакыртып алынды деп таанылган өтүнмө боюнча өтүнүч кат келип түшсө, маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүлбөйт.
5) Ал башталгандан кийин, маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч катты кайра чакыртып алганда маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү токтотулбайт жана төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.
20.2. Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөөнүн мазмуну
Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөөнүн жүргүзүшүндө (Мыйзамдын 5- беренесинин талаптарынын көлөмүндө) өтүнмөнү карап чыгууда эске алынган, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында же кошумча материалдарда өтүнмө ээси тарабынан сунушталган формулада мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуунун өнөр жайда колдонуучулук, жаңылыктуулук, ойлоп табуучулук деңгээлинин шарттарына туура келишине текшерүү жүргүзүшөт.
Көп топтук формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун патенттик жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө бул Эрежелердин 19.18-пунктунун жоболору тиешелүү түрдө пайдаланылат.
20.3. Өнөр жайда колдонуучулугун текшерүү
Өнөр жайда колдонуучулугун текшерүүдө бул Эрежелердин 19.15-пунктунун жоболору пайдаланылат.
20.4. Маалыматтык издөө жүргүзүү
Маалыматтык издөөнү жүргүзүүнүн шарттары жана мөөнөтү:
1) Маалыматтык издөөнүн максаты болуп өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулук жана ойлоп табуучулук деңгээли - патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келишин аныктоо үчүн пайдаланыла турган техниканын деңгээлин билүү эсептелет.
2) Маалыматтык издөө Мыйзамдын 24-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өтүнмө ээсине үчүнчү жактан өтүнүч кат түшкөндүгү жөнүндө билдирилет, ага ылайык маалыматтык издөө жүргүзүлөт.
3) Эгерде маалыматтык издөө бул пункттун 2-пунктчасына ылайык жүргүзүлбөсө, өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөө башталган күндөн тартып, сегиз айдын ичинде жүргүзүлөт.
4) Эгерде маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат кайра чакыртып алынган же кайра чакыртып алынган болуп таанылган өтүнмө боюнча келип түшсө же эгерде өтүнмө боюнча маалыматтык издөө жөнүндө өтүнүч түшкөндөн кийин, формалдуу же алдын ала эксперттөөнүн натыйжасында патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, ал эми өтүнүч кат берген жакка аны канаттандыруу мүмкүн эмес экендиги жөнүндө билдирилет.
5) Ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык жүргүзүлгөн маалыматтык издөө аяктаганда ал жөнүндө отчет өтүнмө ээсине жиберилет.
Өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлгөн маалыматтык издөө аяктаганда ал жөнүндө отчет өтүнүч катты берген тарапка жиберилет.
20.5. Маалыматтык издөөнүн предмети
1) Маалыматтык издөө сыпаттаманы жана чиймелерин (эгерде ушундайлар бар болсо) эске алып, ошондой эле ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык ойлоп табуунун формуласынын мүмкүн болгон өзгөртүүлөрүнүн эске алуу менен ойлоп табуунун формуласынын негизинде жүргүзүлөт.
2) Эгерде алар өтүнмө ээси тарабынан маалыматтык издөө жүргүзүүнүн мөөнөтү эсептелген күндөн кеч эмес белгиленген тартипте киргизилсе, маалыматтык издөө жүргүзүүдө өтүнмөнүн документтерин оңдоо, тактоо жана өзгөртүү эске алынат.
Эгерде маалыматтык издөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат түшкөн күнгө карата өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө биримдүүлүк талабынын бузулушу жөнүндө билдирүүгө жооп бербесе, маалыматтык издөө формулада биринчи болуп көрсөтүлгөн (көрсөтүлгөндөр) ойлоп табууга (бирдиктүү ойлоп табуучулук ойду түзгөн ойлоп табуулардын тобу) жүргүзүлөт.
20.6. Техника деңгээли
1) Техниканын деңгээли Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүндө караштырылган маалыматтарды камтыйт.
Техника деңгээлин аныктоодо жалпыга маалым болуп маалымат булагында камтылган маалыматтар эсептелинет, аны менен кайсы жак болбосун өзү тааныша алат же анын мазмуну жөнүндө ага мыйзамдуу түрдө билдирилет.
2) Техника деңгээлине маалыматты киргизүүнү аныктаган күнү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коргоо документтерине карата жарыяланган сыпаттамалар үчүн аларда көрсөтүлгөн жарыяланган күнү;
- басылмалар үчүн - аларда көрсөтүлгөн басууга кол коюлган күнү;
- аларда басууга кол коюлган күнү көрсөтүлбөгөн басылмалар үчүн алардын жарыкка чыгарылган күнү, ал эми аны аныктоого мүмкүн болбосо эгерде жарыкка чыгуу убагы ылайыгына карата айы же жылы менен аныкталса, басылмада көрсөтүлгөн жылдагы айдын акыркы күнү же 31-декабры;
- макаланын, серептин, монографиянын жана башка материалдардын кол жазмасын депонирлөө үчүн - алардын депонирлөө күнү;
- илимий-техникалык маалымат органдарындагы илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчеттор, тажрыйба-конструктордук иштерге, технологиялык жана долбоордук документацияларга карата түшүнүк каттар үчүн - алардын ушул органдарга түшкөн күнү;
- ченемдик-техникалык документация үчүн - ага ыйгарым укук берилген органда анын катталган күнү;
- кол жазма укугунда чыгарылган диссертациялардын жана диссертациялардын авторефераттарынын материалдары үчүн - алардын китепканага түшкөн күнү;
- сынакка кабыл алынган иштер үчүн - сынакка тиешелүү болгон документтер менен тастыкталган таанышуу үчүн чыгарылган күнү;
- көрүнөө кабыл алына турган маалымат булагы үчүн (плакаттар, моделдер, ойлоп табуулар ж.б.) - аларды көрүү мүмкүн болгон документтик тастыкталган күн;
- көргөзмөгө коюлган экспонаттар үчүн - аларды көрсөтүү башталганы документ менен тастыкталган күнү;
- оозеки баяндамалар, лекциялар, чыгып сүйлөөлөр үчүн - эгерде алар көрсөтүлгөн күндө тиешелүү иш чараларды өткөрүүдө колдонулуучу эрежелерде белгиленген тартипте үн жазуу аппаратурасы же стенография менен жазылып алынса, баяндаманын, лекциянын, чыгып сүйлөөнүн күнү;
- радио, телекөрсөтүү, кино аркылуу кабарлар үчүн - эгерде көрсөтүлгөн күнгө карата колдонулуучу белгиленген тартипте тиешелүү алып жүргүчтө жазылып алынса, ушундай билдирүүнүн күнү;
- аны колдонуунун натыйжасында белгилүү болгон техникалык каражат жөнүндө маалымат үчүн - ушул маалыматтар жалпыга белгилүү болгон документ менен тастыкталган күнү.
20.7. Издөө чөйрөсү жана көлөмү
1) Издөө чөйрөсүн мүнөздөө катарында (техника жана илимдин бөлүмдөрүнүн жыйындысы, берилген өтүнмө боюнча техника деңгээлин аныктоо үчүн ал боюнча каралуучу маалымат) Эл аралык патенттик классификациялоо рубрикасынын индекстери пайдаланылат.
Издөө чөйрөсүн аныктоодо бүтүндөй ойлоп табуу объектиси жана эгерде функционалдуу өз алдынча болуп эсептелинбеген, аларга тиешелүү айырмаланган белгилери болсо, эң жакын окшошунан айырмаланган анын функционалдуу өз алдынча белгилери эске алынат (ушул Эрежелердин 4.3.6-
пункту). Бул белгилерди издөө белгилүү объектилерде, ошондой эле бул объектилердин жана алардын бөлүктөрүнүн арналышына тийиштүү болбогон бөлүктөрүндө дагы жүргүзүлөт.
2) Кыргызпатент төмөнкүлөрдү камтыган көлөмдө маалыматтык издөө жүргүзүүнү камсыз кылат:
- Кыргызпатенттин расмий бюллетендери;
- Кыргыз Республикасынын коргоо документтерине баяндоолор;
- үчүнчү жактар алардын материалдары менен таанышууга мүмкүн болгон ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр; Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер;
- Россия Федерациясынын, СССРдин, Евразия патенттик ведомствонун, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Япониянын, Швейцариянын, Европа патенттик ведомствонун жана ИМДУнун патенттик документтерин;
- беш жылдан кем эмес ретроспектива менен ИМДУнун Эл аралык бюросу тарабынан жарыяланган тизме боюнча патенттик эмес адабияттар.
3) Бул Эрежелердин 20.4-пунктунун 3-пунктчасына ылайык маалыматтык издөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген ойлоп табуунун жаңылыктуулугун текшерүү максаты үчүн издөө көлөмүнө алардын мурдагы артыкчылык шартында Кыргыз Республикасында башка жактар тарабынан берилген бардык ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге (кайра чакыртылып алынгандардан тышкары) өтүнмөлөр жана ал боюнча издөө жүргүзүлүп жаткан өтүнмөнүн артыкчылык күнүнө карата алар жөнүндө маалымат жарыяланганбы, анысына карабастан Кыргыз Республикасында патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер да камтылат.
4) Эгерде издөө процессинде издөө жүргүзүү тийиштүү болгон ойлоп табуунун бардык белгилери менен бирдей болгон белгилер менен мүнөздөлгөн ошол эле багыттагы каражат табылса дагы маалыматтык издөө токтотулбайт жана толугу менен аягына чейин жүргүзүлөт. Издөө процессинде табылган окшошторунун саны маалыматты так кайталоосуз техниканын деңгээли жөнүндө толук жана мазмундуу маалымат шарттарынан аныкталышы керек.
20.8. Издөө жөнүндө отчет
1) Маалыматтык издөө натыйжалары белгиленген формада издөө жөнүндө отчет түрүндө таризделет.
2) Үчүнчү жактар таанышуу үчүн мүмкүн болбогон маалыматтар, өтүнмөнүн көчүрмөлөрүнөн тышкары, издөө жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү тиешелүү төлөмдү төлөгөн шартында берилет.
20.9. Жаңылыктуулугун текшерүү
1) Ойлоп табуу эгерде ал бул Эрежелердин 20.6-пунктуна ылайык аныктала турган техниканын деңгээлинен белгилүү эмес болсо, жаңы болуп эсептелет.
Ойлоп табуунун жаңылыктуулугун текшерүү ойлоп табуунун формуласындагы көз карандысыз пунктунда камтылган белгилердин бардык жыйындысына карата жүргүзүлөт.
2) Мурдагы артыкчылык күнү менен ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге өтүнмөлөр, ошондой эле мурдагы артыкчылык күнү менен патенттелген ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер бул Эрежелердин 19.16- пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында көрсөтүлгөн шарттарды сактаганда, ушул күн менен техника деңгээлине киргизилет.
3) Жаңылыктуулугун текшерүүдө бул Эрежелердин 19.16-пунктунун жоболору колдонулат.
20.10. Ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүү
1) Ойлоп табуу эгерде ал бул Эрежелердин 20.6-пунктуна ылайык аныктала турган техниканын деңгээлинен ачык түрдө келип чыкпаса, ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот.
2) Ойлоп табуу качан анын айырмалануучу белгилери менен дал келген белгилери бар чечимдер аныкталбаса же мындай чечимдер аныкталса, бирок өтүнмө билдирген техникалык натыйжага айырмалануучу белгилердин таасир этүүсү билингендиги тастыкталбаган учурда, адис үчүн ачык түрүндө техника деңгээлинен келип чыкпагандыгы таанылат.
Көрсөтүлгөн шарттарды сактагандыгын текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бул Эрежелердин 4.2-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацына ылайык эң жакын окшошун аныктоо;
- формуланын көз карандысыз пунктунда мүнөздөлгөн өтүнмө берилген ойлоп табуу эң жакын окшошунан айырмалана турган белгилерин (айырмалануучу белгилери) табуу;
- каралып жаткан ойлоп табуунун айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилери бар техниканын деңгээлинен чечимдерди табуу.
3) Ойлоп табуучулук деңгээлин текшерүүдө ушул Эрежелердин 19.17- пунктунун 4-9-пунктчаларынын жоболору пайдаланылат.
4) Эгерде көз каранды пункттары болбогон формула менен мүнөздөлгөн ойлоп табуунун ойлоп табуучулук деңгээли жоктугу аныкталса, өтүнмө ээсине тиешелүү жүйөлөрдү баяндоо жана бул жүйөлөргө карата өз пикирин жана зарыл учурда өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде оңдолгон ойлоп табуунун формуласын көрсөтүү сунушу менен сурам кат жиберилет.
20.11. Кошумча материалдарды суроо
Мыйзамдын 24-беренесинин 3-бөлүгүндө караштырылган учурда кошумча материалдарды, анын ичинде ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын суроо өтүнмө ээсине жиберилет.
Сурам кат үчүн негиз болуп, негизинен төмөнкүдөй кырдаалдар эсептелет:
- ушул Эрежелердин 20.3, 20.9 жана 20.10-пункттарына ылайык өтүнмө берилген ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы;
- өтүнмө берилген ойлоп табуунун өтүнмөнүн патентке жөндөмдүүлүгүнүн текшерүүсүнүн натыйжасы боюнча ойлоп табуунун формуласын тактоонун зарылдыгы;
- бул Эрежелердин 22-пунктуна ылайык бирдей эле артыкчылык күнүнө ээ болгон өнөр жай менчигинин окшош объектилерине өтүнмөлөрдү карап чыгууга байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылдыгы.
Маңызы брюнча эксперттөөнүн стадиясында жиберилген сурам катка ушул
Эрежелердин 19.9-пунктунун жоболору пайдаланылат.
20.12. Патент берүү жөнүндө чечим
Эгерде өтүнмөнү маңызы боюнча илимий-техникалык эксперттөөнүн натыйжасында Кыргызпатент өтүнмө берилген ойлоп табуу өтүнмө ээси сураган укуктук коргоо көлөмү Мыйзамдын 5-беренеси менен аныкталган ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келгендигин аныктаса, өтүнмө ээсинин сунуштаган жана аны менен макулдашылган ойлоп табуунун формуласы менен патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
20.13. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
Өтүнмө берилген ойлоп табуунун өтүнмө ээси сураган укуктук коргоо көлөмү Мыйзамдын 5-беренеси менен аныкталган ойлоп табуунун патентке жөндөмдүүлүк шарттарына туура келбегендиги аныкталса, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге аны алган күндөн тартып, үч ай мөөнөттүн ичинде Апелляциялык кеңешке каршы болгондугун билдире алат. Каршы болгондугун билдирүү Аппеляциялык кеңеш тарабынан тиешелүү алым төлөнгөн шартында, аны алган күндөн тартып, төрт айлык мөөнөттө каралып чыгышы керек.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, ал аны алган күндөн тартып, алты айлык мөөнөттө доо менен сотко кайрыла алат.

21. Кошумча материалдарды текшерүү

1) Өтүнмөнүн документтерин оңдоочу же тактоочу (б.а. аларды анын мазмунуна киргизүүгө тийиштүү болгондор) документтер жана өтүнмө ээсинин демилгеси же эксперттөөнүн сурам каты боюнча берилген кошумча материалдар түшкөндө, алардын белгиленген мөөнөттөрдү сактагандыгы текшерилет.
2) Качан кошумча материалдар ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласын камтыган учурда, формуланын өзгөрүшү ага баштапкы формулада ушу сыяктуу бөлүнбөгөн, ойлоп табуунун бир же бир нече көз карандысыз пункттарынын киргизилгендиги жана ушундай кошумча материалдар менен аларды берүү
мөөнөтүнүн эске алуу менен тиешелүү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилгендиги караштырылгандыгы белгиленет.
Кошумча материалдары менен бирге көрсөтүлгөн документтер берилбегенде өтүнмөнү карап чыгууда формуланын өзгөртүүлөрү эске алынбайт.
Качан өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөгө каршы келген материалдардын көчүрмөлөрү суралган учурда, алар өтүнмө ээси тарабынан анын эксперттөөнүн сурам катын алган күндөн тартып, бир айдын ичинде суралган шартында, өтүнмө ээси аталган көчүрмөлөрдү алган күндөн тартып, эки айдын ичинде кошумча материалдар берилиши мүмкүн.
Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттөрдү сактагандыгын текшерүүдө ушул
Эрежелердин 9-пунктунун 2-пунктчасын жетекчиликке алуу керек.
Эгерде өтүнмө ээси кошумча материалдарды белгиленген мөөнөттү бузуу менен бергендиги аныкталса (жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелердин 15-пунктуна ылайык узартылбаса) өтүнмө кайра чакыртып алынган болуп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.
3) Өтүнмө ээсинин демилгеси же Кыргызпатенттин сурам каты боюнча кошумча материалдар келип түшкөндө жана карап чыгууга кабыл алынганда, алар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөрткөн жокбу, ушунусу текшерилет. Кошумча материалдар эгерде өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон белгилерди формулага киргизүүнү камтыса, өтүнмө берилген ойлоп табуунун өзгөрткөндүгү таанылат.
Белгилер качан алар өтүнмө ээси берген такталган формулада камтылган учурда гана эмес, өтүнмө ээси ушундай киргизүүгө көрсөткөн учурда дагы ойлоп табуунун формуласына киргизүүгө тийиштүү болуп эсептелет.
Кошумча материалдарда келтирилген жана формулага киргизүүгө тийиштүү болгон белгилер эгерде алар аны берген күнүнө карата өтүнмөдө камтылган формулада же сыпаттамада ачылып көрсөтүлбөсө, өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок деп таанылат.
Эгерде өтүнмөнүн баштапкы материалдарында ойлоп табуунун маанилүү белгиси аны аткаруунун жеке формаларын ачпастан жалпы түшүнүк менен түшүндүрүлсө, анда ойлоп табуунун формуласына киргизүүгө тийиштүү болгон, аны белгисине киргизүү менен кошумча материалдарда мындай аткаруу формасын көрсөтүү өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртүүчү кошумча материалдарды таануу үчүн негиз болуп эсептелет.
Техника деңгээлине, анын ичинде эң жакын окшошуна карата сыпаттамада эскертилген белгилер өтүнмөнүн баштапкы материалдарында камтылган өтүнмө берилген ойлоп табуунун белгилерине кирбейт.
Качан өтүнмө ойлоп табуулардын тобуна тийиштүү болгон учурда, топтун кайсы бир ойлоп табуусунун белгиси болуп топтун так ушул ойлоп табуусуна карата тийиштүү болгон сыпаттамада эскертилген белгилер эсептелет.
Өзгөчө ойлоп табуулардын тобу болуп, алардын бири башканын ичинде пайдалануу үчүн арналганы эсептелинет. Мында баштапкы материалдардагы башкасында пайдалануу үчүн арналган бир ойлоп табуунун белгилери ушул башка ойлоп табуунун белгилери дагы болуп эсептелет.
Эгерде өтүнмө берилген ойлоп табуу жаңы арналышы боюнча белгилүү түзүлүштөрдү, ыкмаларды, заттарды жана штаммды пайдаланууга тийиштүү болсо, анда маңызын өзгөртүүчү болуп өтүнмөнүн баштапкы материалдарына
караганда башка көрсөтмөнү камтыган кошумча материалдар, белгилүү объектини мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу белгилүү объектинин же башка белгилеринин арналышы таанылат.
Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында формулага киргизүүгө тийиштүү болгон белгилерге кирбеген өтүнмө берилген ойлоп табуу жөнүндө жок болгон маалыматтарды камтыган кошумча материалдар ойлоп табуунун маңызын өзгөрткөн болуп эсептелбейт. Мындай маалыматтарга, негизинен ойлоп табууну ишке ашыруунун шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, ойлоп табууну ишке ашыруунун мисалдары, кошумча техникалык натыйжаны алуу мүмкүнчүлүгүнө көрсөтмө, такталган графикалык материалдар ж.б. киргизилет.
Өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон ойлоп табуунун формуласына киргизүүгө тиешелүү болгон белгилерди камтыган кошумча материалдар, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгуу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлгөн белгилер камтылган бөлүгүндө гана маңызын өзгөрткөн болуп таанылат.
4) Кошумча материалдарда берилген өтүнмө ээси өзгөрткөн ойлоп табуунун формуласын текшерүүдө өзгөртүүлөр өтүнмө берилген ойлоп табууга тийиштүүбү, текшерилет.
Ага өтүнмө берилген ойлоп табууга тийиштүү болбогон көз карандысыз пункттарды киргизүүнү караштырган ойлоп табуунун формуласынын өзгөртүү эске алынбайт, ал жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.
Формулага киргизилген көз карандысыз пункт өтүнмө берилген ойлоп табууга тийиштүү болуп төмөнкүдөй учурларда эсептелет:
- эгерде кайрадан көрсөтүлгөн түр көбүрөөк деңгээлде, баштапкыга караганда, ойлоп табуунун баштапкы формуласында камтылган белгилердин мүнөзүнө туура келсе, ойлоп табуунун объектинин түрүнүн көрсөтмөсүн өзгөртүү (түзүлүш, ыкма, зат);
- эгерде артыкчылык алган күнүнө чейин ал тууралуу маалымат жалпыга белгилүү болбогон, объектинин пайдаланылышына өтүнмө берилсе, баштапкы өтүнмө берилген ойлоп табуунун объектисин "жаңы арналышы боюнча пайдалануу" дегенди көрсөтүлгөн жаңы арналыштагы объектиге алмаштыруу;
- бул Эрежелердин 19.19-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүүнүн натыйжасында жаңы көз карандысыз пунктту (же ушундай бир нече пункттарды) түзүү.
5) Кошумча материалдар өтүнмө берилген ойлоп табуунун маңызын өзгөртөт деп таанылган учурда, өтүнмө ээсине (эксперттөөнүн ага кезектеги жиберген документинде) кошумча материалдарга кирген маалыматтардын кайсынысы эксперттөөнүн мындай корутундусу үчүн негизи болгондугу кабарланат.
22. Ошол эле артыкчылык күнгө ээ болгон өнөр жай менчигинин окшош объектине башка өтүнмөнүн бар экендиги аныкталганда өтүнмөнү карап чыгуунун өзгөчөлүктөрү
1) Эгерде каралып жаткан өтүнмө боюнча ошол эле артыкчылык күнгө ээ болгон окшош ойлоп табууга же пайдалуу моделге башка кайра чакыртып алынбаган же кайра чакыртып алынды деп таанылбаган башка өтүнмө бар болсо,
анда каралып жаткан өтүнмөнүн өтүнмө ээсине бул тууралуу жана анын өтүнмөсү боюнча патент берүү Мыйзамдын 21-беренесинин 11-бөлүгүндө белгиленген шарттарды аткарууда мүмкүн экендиги жөнүндө кабарланат. Муну менен өтүнмө ээсине ошондой эле, анын өтүнмөсү Кыргызпатентте эртерээк же кечирээк катталган номуру бар экендиги кабарланат.
Каралып жаткан өтүнмөнүн өтүнмө ээсине окшош ойлоп табууну же пайдалуу моделди камтыган башка өтүнмөнүн кандайдыр бир библиографиялык маалыматтарын билдирүү жана ушул өтүнмө боюнча маалыматтарды жарыялаганга чейин аны мазмунун билдирүү же ага патент берүү буга башка өтүнмөнүн өтүнмө ээсинин макулдугу менен гана мүмкүн болот.
2) Ойлоп табуулардын окшоштугу (же ойлоп табуунун жана пайдалуу моделдин) белгилүү тартипте өтүнмө ээлери берген алардын акыркы редакциясынын формуласынын негизинде аныкталат.
Ойлоп табуулар (же ойлоп табуу жана пайдалуу модель) окшош болуп, эгерде формуланын көз карандысыз пункттарынын мазмундары толугу менен дал келсе, таанылат.

23. Өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү

1) Ойлоп табууга өтүнмө пайдалуу моделге патент берүү өтүнмөсүнө кайра өзгөртүлүшү мүмкүн.
Ушундай кайра өзгөртүү жөнүндө арыз түшкөндө, ушул Эрежелердин 9- пунктуна ылайык анын туура таризделиши текшерилет, ошондой эле ал ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалымат жарыяланганга чейин берилгенби жана арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө тиешелүү алым төлөнгөндүгү жөнүндө документтин берилгендиги аныкталат.
Арыз белгиленген талаптарга ылайык эмес таризделген учурда, өтүнмө ээсине ал тууралуу кабарланат.
Ойлоп табууга өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин арыз түшсө өтүнмөнү кайра өзгөртүү мүмкүн эмес экендиги тууралуу өтүнмө ээсине кабарланат.
Арыз менен бирге алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбегенде, акыркысы берилбеген болуп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээсине кабарланат.
Кайра өзгөртүү болбой калган өтүнмө ойлоп табууга өтүнмө болуп калат жана ага карата андан кийин ушул Эрежелер колдонулат.
Эгерде өтүнмө белгиленген талаптарга ылайык таризделгени, белгиленген мөөнөттү сактоо менен берилгендиги жана аны менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине кайра өзгөртүү боло тургандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет, анда ошондой эле мындан ары өтүнмөнү карап чыгуу Пайдалуу моделге патент берүү үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелерине ылайык жүргүзүлөрү билдирилет.
2) Өтүнмө ээсинин өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө арыз берген күнүнө карата ойлоп табууга өтүнмөнү оңдоочу же тактоочу кошумча материалдар же ойлоп табуунун өзгөртүлгөн формуласы берилген учурда, кайра өзгөртүү жөнүндө арызды карап чыгуусунун натыйжасы жөнүндө кабарлоо жибергенге чейин ушул
Эрежелердин 19.13 жана 19.20-пункттарына ылайык бул материалдарды текшерүү бүтүрүлүшү керек.
3) Кайра чакыртып алынган же кайра чакыртылып алынды деп таанылган ойлоп табууга берилген өтүнмөгө карата кайра өзгөртүү жүргүзүлбөйт.
4) Эгерде кайра түзүү жөнүндө арыз Мыйзамдын 23-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык кайра чакыртып алынган деп таанылган өтүнмө боюнча түшсө жана арыз менен бирге өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү өтүнүч каты берилсе, акыркысы бул Эрежелердин 16-пунктуна ылайык каралат, мөөнөттү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү аныкталганда, өтүнмө ээси ал жөнүндө жана өтүнмөнүн кайра өзгөртүп түзүү боло тургандыгы тууралуу кабарланат.
5) Өтүнмө ээсинен өтүнмөнүн кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө кабарлоону ага жибергенге чейин анын арызын түшкөн эмес деп эсептөө өтүнүчүн (өтүнмөнү кайра өзгөртүү жөнүндө арызды кайра чакыртып алуу) түшкөндө кайра өзгөртүү болгон эмес деп эсептелет, өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же белгиленген тартипте чегерилет.
Пайдалуу моделге патент берүү үчүн өтүнмөгө ойлоп табууга өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө кабарлоону ага жибергенден кийин түшкөн өтүнмө ээсинин өтүнмөнү кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө арызын бербеген деп эсептөө өтүнүчү өтүнмөнү кайрадан өзгөртүп түзүү жана төлөнгөн алымды кайтарып берүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
Тиркеме

┌────────────────────┬───────────────────┬────────────────────

────┐

Кыр-│(22) Берилген датасы│Кириш № │(21) Каттоо номери │

гыз-│ │Келип түшкөн датасы│ │

па-

├────────────────────┼───────────────────┼──────────────────────

──┤

тент│Артыкчылыгы │(51) ЭПК

│ │

та-

├────────────────────┴───────────────┬───┴──────────────────────

──┤

ра- │ │ Интеллектуалдык менчик │

бы- │ Ойлоп табууга Кыргыз │ жаатындагы укуктуу │

нан │ Республикасынын патентин │ мамлекеттик органга │

тол-│ берүү жөнүндө │ (Кыргызпатент) │

ту- │ АРЫЗ

│ │

ру- │ │ 720021, Бишкек ш., │

лат │ │ Москва көч.,

62 │

├────────────────────────────────────┴───────────┬────────────

────┤

│Төмөндөгү документтерди берүү менен, атына │ ИУЖК

боюнча │

│Кыргыз Республикасынын патентин берүүнү суранам │

уюмдун, │

│суранабыз │

ишкананын │

│ │

коду │

│ │

│(71) Өтүнмө ээси

│ │

│ │ ИМБДУнун

ST.3 │

│ │

стандарты │

│(толук аты-жөнү же аталышы жана жашаган же │боюнча өлкөнүн │

│турган жери көрсөтүлөт. Авторлродун - өтүнмө │

коду │

│ээлеринин жашаган жер жөнүндө маалыматтар 97

│ │

│кодунун астындагы графада келтирилет.

│ │

├────────────────────────────────────────────────┴────────────

────┤

│┌─┐

│└─┘ Төмөндөгү дата боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилөөнү │

│ суранам

(суранабыз): │

│┌─┐ Париж конвенциясынын катышуучу мамлекетинде биринчи өтнүмө │

│└─┘ берилген (Мыйзамды 21-бер. 3-б.)(*)

│┌─┐ Мыйзамдын 21-б. 7-б. ылайык Кыргызпатентке өтүнмө мурда │

│└─┘

берилген(*) │

│┌─┐ Мыйзамдын 21-б. 10-б. ылайык биринчи өтүнмө берилген(*) │

│┌─┐

│└─┘

│└─┘ Кошумча материалдар берилген (Мыйзамдын 21-б. 6-

б.(*) │

│(Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан кыйла мурдараак │

│артыкчылык суралганда гана толтурулат) │

├───────────────────────┬───────────────────┬─────────────────

────┤

│Биринчи, кыйла мурдагы,│

Суралган

(33) ST.3

боюнча

│ баштапкы өтүнмөнүн № │ артыкчылыктын │берилген өлкөнүн коду│

│ │ │

артыкчылык │

├───────────────────────┼───────────────────┼─────────────────

────┤

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │

├───────────────────────┴───────────────────┴─────────────────

────┤

│(54) Ойлоп табуунун

аталышы │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почталык дареги, адресаттын аты│

│же

аталышы) │

│Телефону:

e-mail:

Факсы:

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты, каттоо номери, турган │

│жери)

│Телефону:

e-mail:

Факсы:

├─────────────────────────────────┬──────┬──────┬─────────────

────┤

│ Тиркелүүчү документтердин │ Саны │Нуска-│Өтүнмө берүүгө │

│ тизмеси │1-нус-│лардын│жана патент │

│ │када │ саны │алууга укуктун │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤пайда болуусу │

│┌─┐ │ │ │үчүн негиз │

│└─┘ Ойлоп табуунун сыпаттамасы │ │

│(документтерди │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤көрсөтүүсүз

│┌─┐ ойлоп табуунун формуласы │ │

│ │

│└─┘ (көз карандысыз пункттардын │ │ │┌─┐ өтүнмө ээси │

│ саны) │ │ │└─┘

жумуш │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

берүүчү │

│┌─┐ │ │ │ болуп

│└─┘ чийме (чиймелер) жана башка │ │ │

эсептелет │

│ материалдар │ │ │ жана

Патент │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤ Мыйзамынын │

│┌─┐ │ │ │ 9 жана

10-бе-│

│└─┘ реферат │ │ │

ренелеринин │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

шарттары │

│┌─┐ │ │ │

сакталган │

│└─┘ алым төлөгөндөгү жөнүндө │ │

│ │

│ документ: │ │ │┌─┐ жумуш берүүчү│

│┌─┐ өтүнмө бергендиги жана │ │ │└─┘

тарабынан │

│└─┘ эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн│ │ │

укуктардын │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤ башка жакка │

│┌─┐ төмөнкүлөр үчүн негиздердин │ │ │

кайрадан │

│└─┘ бар экендигин тастыктаган │ │ │

ыйгарылышы │

│ документ │ │

│ │

│┌─┐ │ │ │┌─┐ автор же анын│

│└─┘ алым төлөөдөн бошотуу │ │ │└─┘

укук │

│┌─┐ │ │ │

мураскери │

│└─┘ алымдын өлчөмүн азайтуу │ │ │

тарабынан │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤ укуктун башка│

│┌─┐ баштапкы өтүнмөнүн │ │ │

жакка │

│└─┘ (өтүнмөлөрдүн) көчүрмөсү │ │ │

ыйгарылып │

│ (конвенциялык артыкчылык │ │ │

берилиши │

│ сураганда) │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤┌─┐

мураскерлик │

│┌─┐ өтүнмөнүн орус же кыргыз │ │ │└─┘

укугу │

│└─┘ тилине котормосу │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ патенттик ишенимдүү өкүлдүн │ │

│ │

│└─┘ ыйгарым укугун тастыктаган │ │

│ │

│ ишеним кат │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ │ │

│ │

│└─┘ башка документ (көрсөтүү │ │ │

│ керек) │ │

│ │

├─────────────┬───────────────────┴──────┼──────┴─────────────

────┤

│(72) Автор │ (97) Жашаган жеринин │ Патент алууга укугун │

│(авторлор) │ дареги (чет өлкөлүктөр │ыйгарып берүүчү автордун│

│(толук аты- │ үчүн - ИМБДУнун ST.3 │ авторлордун колу │

│жөнү │ стандарты боюнча өлкөнүн │ колдору;

датасы │

│көрсөтүлөт)

коду, эгерде ал

│ │ белгиленсе

│ │

├─────────────┴──────────────────────────┴────────────────────

────┤

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Мен (биз)

│ толук аты-

жөнү │

│патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени (бизди)

автор │

│катарында эскербөөнү суранам

(суранабыз) │

│Автордун (авторлордун)

колу: │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Патент алууга укугун ыйгарып берүүчү автордун укук мураскери

(то-│

│лук аты-жөнү же аталышы, жашаган жери же жайгашкан жери, колу,│

│датасы):

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Колу:

│Анын атына патент суралган жактын, өтүнмө ээсинин

(ээлеринин) же│

│патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу (колдору); кол (колдор)

коюлган│

│дата (юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр│

│менен

күбөлөндүрүлөт) │

│"Патент Мыйэамы" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы │

└─────────────────────────────────────────────────────────────

────┘