عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG266

رجوع

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №154 'Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө' токтому (КР 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

 КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №154 'Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө' токтому (КР 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 29-февралы № 154

Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик

реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө токтому

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019- жылдын 20-февралындагы № 79 токтомдорунун

редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

«Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин: - 1-тиркемеге ылайык Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук

берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери;

- 2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Ө. Бабанов

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2012-жылдын 29- февралындагы

N 154 токтому менен бекитилген

Салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди

пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019- жылдын 20-февралындагы № 79 токтомдорунун

редакцияларына ылайык)

Бул Эрежелер коргоо алууга укугу бар адамдардын чөйрөсүнүн өтүнмө берүү жол-жоболорун жөнгө салат, ошондой эле берилүүчү өтүнмөгө жана аларга тиркелүүчү документтерге коюлуучу талаптарды белгилейт, салттуу билим деген түшүнүктү аныктайт, салттуу билимдер катары катталуучу объектилерди тактап белгилейт.

1. Салттуу билимдерди каттоого, пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө же катталган салттуу билимдерди

пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүү жана берүү

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен

аталган главанын расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 1. Салттуу билимге өтүнмө берүүгө жана каттоого жана/же салттуу билимди

пайдаланууга укук алууга "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган салттуу билимдердин ээлери укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 2. Салттуу билимдер катарында катталуучу объектилер: билимдер - кандайдыр маалыматка ээ болуу, иш жүзүндө кандайдыр

көндүмгө, билгичтикке ээ болуу, иш жүзүндө текшерилип аныктыгына жеткен

жыйынтыгы, жаратылыштын, коомдун, ойдун өнүгүү мыйзамдары жөнүндө маалыматтардын системасы;

методдор - кандайдыр максатка иш жүзүндө жетүү ыкмалары, аракеттенүү ыкмалары, кандайдыр бир түрдө мамиле кылуу, конкреттүү маселени чечүү үчүн пайдаланылуучу ыкмалар, мамилелер;

ыкмалар - аракеттерди аткаруу процесстери, аракеттердин мүнөзү, бир нерсени ишке ашыруу, жетүү үчүн методдор, бир нерсени ишке ашыруу үчүн шарттарды ишке ашыруу каражаттары.

Салттуу деп муундан-муунга берилүүчү, конкреттүү элге же ал жашаган аймакка тийиштүү болгон жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайык үзгүлтүксүз өнүгүп жаткан билимдердин түрлөрү эсептелет.

3. Адамдын жашоосуна жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө реалдуу же потенциалдуу зыян келтирүүчү салттуу билимдер объектилер катарында катталбайт.

4. Салттуу билимди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө, катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - Өтүнмө) интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Кыргызпатент) түздөн-түз берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 5. Өтүнмө Кыргызпатентке өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан өз алдынча же ал

(алар) аныктаган өкүл аркылуу берилет. 6. Чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактар өзүлөрүнүн расмий өкүлдөрү

аркылуу, эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башка тартип белгиленбесе, салттуу билимди каттоого жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө байланыштуу өз ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 7. Өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө өтүнмө ээси ага берген тиешелүү түрдө

таризделген ишеним кат тиркелет. Чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк

кылууга ишеним кат ушул жактын өзү, ошондой эле өтүнмө ээси берген тиешелүү түрдө таризделген ишеним каты бар анын өкүлү тарабынан берилет. Эч болбогондо тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттын экөө тең көрсөтүлөт.

Өкүлдүн ишеним катта ага ыйгарым укук берилген кандай болбосун аракети өтүнмө ээсинин аракети катарында бааланат.

8. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Эгер документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет. Котормонун тактыгына өтүнмө ээси жооптуу.

Башка тилде берилген документтер, эгер алардын котормосу башка тилде документтердин берилген күнүнөн тартып, эки айдын ичинде берилсе, аларды Кыргызпатентке берген датасына берилген болуп эсептелинет, болбосо документтер котормо берилген күнү берилген болуп эсептелинет.

9. Өтүнмө эки нускада берилет. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер бир нускада берилет.

Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер басылган түрдө берилет.

2. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну

10. Өтүнмөлөр ушул Эрежелердин 1- жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.

11. "Өтүнмө" деген сөздүн үстүндөгү жайгаштырылган графаларды өтүмө ээси толтурбайт. Эгер кандайдыр бир маалыматтарды тиешелүү графаларга толук жазып жайгаштырууга болбосо, аларды арыздын тиешелүү графасына: "Кошумча барактан тиркемени карагыла" деп көрсөтүү менен өзүнчө баракта ошол эле форма боюнча берилет.

12. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) арызда көрсөтүлгөн ырааттуулукта юридикалык жактын толук расмий

аталышы (уюштуруу документине ылайык) же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо).

Салттуу билимди каттоону жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берүүнү суранган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы үчүн ИУЖКнын коду көрсөтүлөт.

Салттуу билимди каттоону жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берүүнү суранган чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактар үчүн өлкөнүн коду көрсөтүлөт;

2) салттуу билимдин аталышы; 3) өтүнмө ээсинин толук почта дареги (өлкөнүн расмий аталышы менен кошо,

юридикалык жактын юридикалык дареги же жеке адамдын жашаган жеринин дареги), ошондой эле жана телефондун, телекстин, факстын, электрондук почтанын (эгерде бар болсо) номерлери;

4) кат алышуу үчүн дарек, адресаттын аты же аталышы (дарегинде почта индексин көрсөтүү менен) жана телефондун, телекстин, факстын, электрондук почтанын (эгерде бар болсо) номерлери.

Кат алышуу үчүн адресат катарында юридикалык жактын Кыргыз Республикасындагы турган ордунун дареги же Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жеке адамдын жашаган жеринин дареги же тиешелүү ишеним каты болсо,

өтүнмө ээсинин өкүлүнүн турган жеринин дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дареги;

5) өтүнмө ээси тарабынан өкүл дайындалган учурда, анын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), Кыргыз Республикасындагы анын турган ордунун/жашаган жеринин дареги, телефондун, телекстин, факстын, электрондук почтанын (эгерде бар болсо) номерлери;

6) тиркелүүчү документтердин тизмеси; 7) колу. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун

редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 13. Салттуу билимдин аталышы анын маанисине туура келиши жана

объектинин арналышын мүнөздөшү керек. Аталышы жекелик түрдө колдонулбаган аталыштардан башкасы жекелик түрдө берилет.

14. Өтүнмө берилген салттуу билимдин сыпаттамасы конкреттүү болушу жана объектини аны ишке ашыруу үчүн жетишерлик, толугу менен ачып көрсөтүшү керек.

Салттуу билимдин сыпаттамасы төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1) салттуу билимдин келип чыккан жери. Салттуу билимдин келип чыккан жери географиялык объектинин чектерин

көрсөтүү жолу менен баяндалса болот. Географиялык объектинин чектери координаттары, ошол жердин табигый чектери - өзөн, тоо, көлдүн; административдик чектердин; көпкө чейин турган курулмалардын, коммуникациялардын жардамы менен баяндалат;

2) аны салттуу билимдер менен өз ара байланышта пайдаланган учурда, генетикалык ресурстун сыпаттамасы.

Салттуу билимдер катарында катталуучу объектилер өзүнө кошумча түрдө генетикалык ресурстарды пайдаланууну - жерде, сууда жана башка жерде келип чыккан бүтүндөй жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн камтый алат, алар ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгилүү бир практикалык натыйжаларды алуу үчүн салттуу билимдердин ээлери тарабынан пайдаланылат.

Генетикалык ресурстарды салттуу билимдерге качан алар өз ара байланыштуу, бири-бирин коштогондо жана жалпы мүнөздөмөгө ээ болгондо - элдин кенчи, өлкөнүн жана айрым аймактардын кенчи болгондо киргизилет;

3) салттуу билимдерди колдонуу чөйрөсү жана жетишкен оң натыйжалар. Бул бөлүмдө оң натыйжаларга жетүүнү камсыз кылуучу, аны ишке ашыруу

үчүн зарыл болгон, объектини мүнөздөй турган белгилери көрсөтүлөт. Сыпаттамадан салттуу билимдин маани-маңызынын ошол географиялык

объектиге мүнөздүү болгон жаратылыш шарттарына жана/же адам факторлоруна түздөн-түз, объективдүү көз каранды экендиги көрүнүп турушу керек.

Сыпаттама негизинен ошол географиялык объектиде климаттык, геологиялык же башка жаратылыш шарттарына ылайык баштапкы сырьенун болушун, салттуу билимге ээ болгон адамдарды көрсөтүп турган маалыматтык мүнөздө болушу керек.

Салттуу билим бир нече тармакта колдонулган болсо, өзгөчөлөрү көрсөтүлөт. Мында көрсөтүлгөн колдонуу тармактарындагы салттуу билимдин конкреттүү арналышы жана оң натыйжасы көрсөтүлөт;

4) каттоого өтүнмө берилип жаткан салттуу билимдин белгилүүлүк булактары көрсөтүлөт, мисалы: мурда чыккан жарыялоолор тууралуу маалыматтар. Ушундай маалыматтар болбогон учурда, белгилүү экендигинин кандай болбосун анык булактары көрсөтүлөт.

15. Тиркелүүчү документтердин тизмеси тиешелүү көзчөлөргө "X" белгисин коюу жана тиркелүүчү документтердин ар бир нускасында нусканын жана барактын санын көрсөтүү аркылуу толтурулат. Өтүнмөнүн формасы менен алардын түрү каралбаган тиркелүүчү документтер үчүн ("башка документ") алардын конкреттүү арналышы көрсөтүлөт.

16. Өтүнмөгө тиркелүүчү расмий документ өз компетенттүүлүгүнүн, иш билгисинин күчүндө "Салттуу билимдин иш жүзүндө колдонула тургандыгына карата квалификациялуу корутунду берүүгө жөндөмдүү орган тарабынан берилет жана анын тигил же бул чөйрөдө пайдаланылышында оң натыйжа бергендигин тастыктайт. Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы N 371-б буйругу менен бекитилген.

17. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык компетенттүү орган (компетенттүү органдар) тарабынан берилген өтүнмөгө тиркелүүчү корутунду (корутундулар) өтүнмө ээси жергиликтүү коомдун мүчөсү болуп эсептелингендигин жана/же салттуу билим тийиштүү болгон көрсөтүлгөн географиялык объектиде болгондугун тастыктаган катты камтышы керек.

Корутунду өз компетенттүүлүгүнүн, адистештирүүсүнүн күчүндө өтүнмө ээси географиялык объектинин чегинде тургандыгын жана тигил же бул коомдун мүчөсү болуп эсептелингенин тастыктаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан берилиши керек.

18. Салттуу билим келип чыккан өлкөдө өтүнмө берилген салттуу билимге чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун тастыктаган документ катарында салттуу билим келип чыккан өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген салттуу билимди пайдаланууга укугун тастыктаган күбөлүктүн же башка документтин түпнускасы же анын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү көрсөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

19. Өтүнмөнүн "Колу" деген акыркы графасы бардык учурда кол коюлган датасын көрсөтүү менен милдеттүү түрдө толтурулат. Өтүнмөгө өтүнмө ээси кол коет. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө анын кызмат орду көрсөтүлүп, жетекчи кол коет, колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

Өтүнүмө өкүл аркылуу берилгенде, өкүл кол коет. Өтүнмөдө кошумча барактар болсо, аларга жогоруда көрсөтүлгөн тартипте кол

коюлат.

3. Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү

20. Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү аны бергенден жана өтүнмөнү карап чыгууда өз кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн өтүнмө ээси ага тиешелүү түрдө таризделген ишеним катты берүү менен өкүлдү дайындайт.

Өкүл болууга ишеним кат өтүнмө берилген учурда кандай берилсе, ошондой эле иш жүргүзүү процессинде дагы берилет.

Ишеним кат өтүнмөгө кошулуп тиркелет. Өкүлдүн ага берилген ыйгарым укугунун чегинде кандай болбосун аракети

өтүнмө ээсинин аракетинен келип чыккан натыйжага ээ болот. Өкүл болуу ишеним каттын мөөнөтү бүткөнгө чейин анык болуп эсептелет.

Ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу өтүнмө ээсинин Кыргызпатентке тиешелүү арыз (ишеним катты токтотуу) бериши менен ишке ашырылат.

21. Кабарлашуу өтүнмө ээси же ага ыйгарым укук берилген өкүлү менен ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.

Өтүнмө берилгенден кийин жиберилген материалдарда анын номери жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колу болушу керек.

Номери жок өтүнмөнүн материалдары жана эгер номерди аныктоого болбосо, карлбастан кайтарылып берилет.

Өтүнмөнү кароонун жүрүшүндө суралган материалдар Кыргызпатентке аны өтүнмө ээси алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.

Эгер өтүнмө боюнча кабарлашууну ээсинин өкүлү ишке ашырса, Кыргызпатентке материалдарды берүүнүн мөөнөтү алардын ушул кат-кабарды алган күндөн тартып эсептелинет.

Кыргызпатентте өтүнмөнү кароо мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Өтүнмө ээси башка тилде берген материалдарга алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет.

22. Өтүнмө ээси (анын өкүлү) алар берген өтүнмө жана ага тийиштүү документтер менен, алдын ала датасын жана таанышуу убактысын макулдашып, түздөн-түз Кыргызпатенттен, ошондой эле өтүнмөгө тийиштүү документтердин же аларга тиешелүү документтердин көчүрмөсүн суроо жолу менен тааныша алат.

23. Өтүнмө ээсинин (анын өкүлүнүн) катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди кароо зарыл учурда, салттуу билимдерди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө мүмкүнчүлүк алуу маселелери боюнча өтүнмө ээсинин кошумча түшүндүрүүсүн алуу үчүн жүргүзүлөт.

Мындай кароо ушул маселелер менен эки тарап тең таанышкандан кийин, Кыргызпатенттин сунушу боюнча же өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.

Өтүнмөнү кароо датасы (күнү) жана убактысы алдын ала макулдашылат. Жагдай өзгөргөн учурда, белгиленген убакытта өтүнмөнү кароого катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган тарап бул тууралуу экинчи тарапка билдирет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

4. Кыргызпатентте өтүнмөнү кароо

24. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдары кириш номери берилип жана келип түшкөн күнү датасы белгиленип кабыл алынат.

Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин барактарынын саны жана келип түшкөн датасы көрсөтүлүп, өтүнмөнүн материалдарын кабыл алынгандыгы тууралуу тилкат берилет.

Өтүнмөнү карап чыгуу Кыргызпатентке өтүнмөнү берген күндөн тартып, үч айдын ичинде жүргүзүлөт.

25. Өтүнмөнү кароонун жүрүшүндө ушул Эрежелер менен каралган өтүнмөнүн жана ага тиркелген документтердин мазмунуна жана таризделишине коюлган талаптарга өтүнмөнүн материалдары берилгендигин жана туура келгендигин текшерүү жүргүзүлөт:

1) өтүнмө ээсин, ошондой эле турган ордун жана жашаган жерин көрсөтүү менен салттуу билимди каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыздын;

2) өтүнмө берилген салттуу билимдин сыпаттамасы; 3) өтүнмөнү берүү жана карап чыгуу үчүн алымды төлөгөндүгү тууралуу

документтердин; 4) өтүнмө ээсинин өкүлгө берген ишеним каты; 5) салттуу билимдин иш жүзүндө колдонула тургандыгын тастыктаган

компетенттүү орган тарабынан берилген расмий документ, иштин тигил же бул чөйрөсүндө колдонулушундагы оң натыйжа;

6) компетенттүү органдын өтүнмө ээси жергиликтүү коомдун мүчөсү болуп эсептелингени жана/же салттуу билим кирген географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө корутундусу;

7) ал өтүнмө берген салттуу билимге чет өлкөлүк өтүнмө ээсинин укугун тастыктаган документ;

8) өтүнмөгө мамлекеттик же расмий тилдерде эмес тиркелип берилген документтердин котормосу;

9) өтүнмө берилген салттуу билим, эгер салттуу билим катарында катталган болсо, Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестринде

(мындан ары - Реестр) камтылган маалыматтарды пайдаланууга укук берүү суралган салттуу билимдин сыпаттамасынын туура келиши.

Өтүнмө берилген дата ушул пункттун 1-3, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин келип түшкөн датасы боюнча белгиленет. Эгер көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда алардын акыркысы келип түшкөн датасы белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 26. Эгер өтүнмөнү кароонун жүрүшүндө өтүнмөнүн документтери ушул

Эрежелерде белгиленген талаптарды бузуу менен таризделгени аныкталса, өтүнмө ээсине талаптарды бузгандыгын көрсөтүү менен сурам жана өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып, эки айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды жана/же документтерди берүү үчүн сунуш жиберилет.

Сурам үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: - өтүнмөнүн материалдарында ушул Эрежелер менен белгиленген

маалыматтардын жана/же документтердин жоктугу; - салттуу билимди каттоого жана пайдаланууга укук берүү же катталган

салттуу билимди пайдаланууга укук берүү суралган салттуу билимдин сыпаттамасын тактоонун зарылдыгы;

- компетенттүү органдардын корутундуларында камтылган маалыматтарды тактоонун зарылдыгы;

- алым төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтын документте жоктугу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы N 517

токтому менен бекитилген Салттуу билимди каттагандыгы жана укук бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобо менен белгиленген өлчөмгө төлөнгөн алымдын суммасынын туура келбегендиги.

Эгер белгиленген мөөнөттө өтүнмө ээси тарабынан кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча аракеттер көрүлбөсө жана тиешелүү маалыматтар жана/же документтер берилбесе, өтүнмө кайра сурап алынган болуп эсептелет, бул тууралуу өтүнмө ээсине билдирилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

5. Салттуу билимди каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим. Катталган салттуу билимди

пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен

аталган главанын расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 27. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 9-беренесинде белгиленген талаптарга өтүнмөнүн материалдары туура келгендиги аныкталганда төмөнкүдөй чечим чыгарылат:

- бул салттуу билим Мамреестрде катталбаган болсо, салттуу билимди каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө;

- бул салттуу билим Мамреестрде катталган болсо, катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүү жөнүндө.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 28. Салттуу билимди каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө

чечимде жана катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет:

- каттоодон өткөрүлүүчү салттуу билимдин аталышы, ага карата пайдаланууга укук берилет же ага карата пайдаланууга укук берилген каттоодон өткөрүлгөн салттуу билимдин аталышы;

- салттуу билимди пайдаланууга укук берилген жак (жактар) жөнүндө маалыматтар;

- салттуу билимди пайдаланууга укук алууда күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүнүн башталышынын датасы болуп өтүнмө берилген дата эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

6. Салттуу билимди каттоодон жана аны пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим. Катталган

салттуу билимди пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен

аталган главанын расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 29. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө": Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 9-беренесинде белгиленген талаптарга өтүнмөнүн материалдары, анын ичинде суралган маалыматтар жана/же документтер туура келбегендиги аныкталганда, төмөнкүдөй баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат:

- бул салттуу билим Мамреестрде катталбаган учурда, салттуу билимди каттоодон жана аны пайдаланууга укук берүүдөн;

- бул салттуу билим Мамреестрде катталган учурда, катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

7. Салттуу билимди жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана маалыматтарды

жарыялоо

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен

аталган главанын расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди. 30. Оң чечимдин негизинде белгиленген алымды төлөгөн шартта, "Салттуу

билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11- беренесине ылайык Кыргызпатент салттуу билимди жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды Мамреестрде каттоодон өткөрөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Салттуу билим катталган жана/же салттуу билимди пайдаланууга укук берилген өтүнмө ээлерине белгиленген тартипте салттуу билимди пайдаланууга укук берүү күбөлүгү берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)

32. Салттуу билимдердин ээлеринин каалоосу боюнча салттуу билимдерди каттоого жана аны пайдаланууга укук берүүгө тиешелүү маалыматтар Кыргызпатент тарабынан алар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде "Интеллектуалдык менчик" расмий бюллетенинде жарыяланат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019-жылдын 20- февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

Салттуу билимдерди каттоого жана

пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган

салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн

жана кароонун эрежелерине карата

1-тиркеме (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79

токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

Берилген күнү Кириш N Түшкөн күнү

Мамлекет тик каттоо

N Кыргыз Республикасында салттуу билимди каттоого жана аны

пайдаланууга укук берүүгө ӨТҮНМӨ

Интеллек туалдык менчик жаатында гы ыйгарым укуктуу мамлекет тик органга (Кыргызпа тент) 720021, Бишкек ш., Москва көч. 62

АРЫЗ

Өтүнмөнү жана төмөндөгү аталган документтерди берүү менен өтүнмөдө көрсөтүлгөн салттуу билимди каттоону жана аны пайдаланууга укук берүүнү суранам. Өтүнмө ээси: __________________________________________________________ ______________________ __________________________________________________________ ______________________

ИУЖК боюнча уюмдун, ишкананы н коду

ИМБДУну н SТ.3 стандарт ы боюнча өлкөнүн коду

(юридикалык жактын толук аталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты толугу менен көрсөтүлөт) Салттуу билимдин аталышы: [ ] Өтүнмө ээсинин толук почта дареги: Телефон: Телекс: Факс: Кабарлашуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын аты же аталышы): Телефон: Телекс: Факс: Өтүнмө ээсинин өкүлү (фамилиясы, аты, атасынын аты, Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги): Телефон: Телекс: Факс:

Тиркелүүчү документтердин тизмеси: Барактардын саны 1 нускада

Нусканын саны

[ ] Салттуу билимдин сыпаттамасы [ ] Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ [ ] "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык компетенттүү органдын корутундусу [ ] "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык компетенттүү органдын корутундусу [ ] Өтүнмөгө тиркелүүчү документтердин мамлекеттик же расмий тилдерине котормосу [ ] Өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат [ ] Башка документ (көрсөтүлсүн) Колу: ____________________________________ ___________________________

(өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсинин өкүлүнүн колу. Юридикалык жактын атынан кол койгондо жетекчинин колу мөөр менен

күбөлөндүрүлөт)

20__-жылдын "__" койгон датасы)

_____________ (кол

Салттуу билимдерди каттоого жана

пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө жана катталган салттуу билимдерди

пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн

жана кароонун эрежелерине карата

2-тиркеме (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79

токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 79 токтому менен бул

токтомдун расмий тилиндеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди.

Берилген күнү Кириш N Түшкөн күнү

Мамлекетт ик каттоо N

Кыргыз Республикасында салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө

ӨТҮНМӨ

Интеллект уалдык менчик жаатындаг ы ыйгарым укуктуу мамлекетт ик органга (Кыргызпат ент)

720021, Бишкек ш., Москва көч. 62

АРЫЗ

Өтүнмөнү жана төмөндөгү аталган документтерди берүү менен салттуу билимди пайдаланууга укук берүүнү суранам

ИУЖК боюнча уюмдун, ишкананын коду

_________________________________________________________ ________ Өтүнмө ээси: _________________________________________________________ ____________ _________________________________________________________ _________________________ (юридикалык жактын толук аталышы (уюштуруучу документке ылайык) же жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты толугу менен көрсөтүлөт)

ИМБДУнун SТ.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду

Салттуу билимдин аталышы: [ ] Өтүнмө ээсинин толук почта дареги: Телефон: Телекс: Факс: Кабарлашуу үчүн дарек (толук почта дареги, адресаттын аты же аталышы): Телефон: Телекс: Факс: Телекс: Факс: Өтүнмө ээсинин өкүлү (фамилиясы, аты, атасынын аты, Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги): Телефон: Телекс: Факс:

Тиркелүүчү документтердин тизмеси: Барактардын саны 1 нускада

Нусканын саны

[ ] Салттуу билимдин сыпаттамасы [ ] Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ [ ] "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык компетенттүү органдын корутундусу [ ] "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык компетенттүү органдын корутундусу [ ] Өтүнмөгө тиркелүүчү документтердин мамлекеттик же расмий тилдерине котормосу [ ] Өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган ишеним кат [ ] Башка документ (көрсөтүлсүн) Колу: _________________________________________ ______________________

(өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсинин өкүлүнүн колу. Юридикалык жактын атынан кол койгондо жетекчинин колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт)

20__-жылдын "__" _____________ (кол койгон датасы)

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2012-жылдын 29- февралындагы

N 154 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн

ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019- жылдын 20-февралындагы № 79 токтомдорунун

редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри салттуу билимдерди каттоо, салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү, катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн арналган расмий документ болуп эсептелет.

1. Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестринде салттуу билимдерди каттоонун тартиби

1. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары -Мамреестр) каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик, орган (мындан ары - Кыргызпатент) тарабынан кабыл алынган каттоо жана күбөлүк алуу үчүн алым төлөнгөн шартта, салттуу билимди жана аны пайдаланууга укук берүү же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим эсептелет.

2. Салттуу билимдерди каттоодо жана аларды пайдаланууга укук берүүдө Мамреестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- салттуу билимди каттоо номери/салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө күбөлүктүн номери;

- Мамреестрде салттуу билимдин катталган датасы; - салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүнүн

бүткөн датасы; - салттуу билимди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн же

катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн номери; - салттуу билимди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн же

катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берген датасы; - салттуу билимдин аталышы; - өтүнмө берилген салттуу билимдин сыпаттамасы; - күбөлүктүн ээси тууралуу маалымат: юридикалык жактын толук аталышы,

анын турган орду, жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, анын жашаган жери; - өтүнмө ээсинин өкүлүнүн фамилиясы, аты-жөнү; - кат жазышуу үчүн дарек; - салттуу билимди каттоо жөнүндө маалыматтарды жана күбөлүк берүү

жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун датасы.

2. Мамреестрге өзгөртүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды киргизүүнүн тартиби

3. Мамреестрди жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:

- күбөлүктүн ээсинин аталышын же фамилиясын, атын жана/же анын жашаган жеринин (турган орду) дарегин өзгөртүү жөнүндө;

- күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө; - күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө; - салттуу билимди пайдаланууга катталган келишим жөнүндө; - талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө; - күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө. 1) Күбөлүк ээсинин аталышын же фамилиясын, атын жана/же анын жашаган

жеринин (турган ордунун) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү. Мамреестрге жана күбөлүккө аталышына же күбөлүктүн ээсинин

фамилиясына, аты-жөнүнө өзгөртүүлөрдү жана/же анын жашаган жеринин (турган орду) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтар күбөлүктүн ээси же анын укук мураскери, өкүлү тарабынан Кыргызпатентке берилген арыздын негизинде киргизилет.

Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: - күбөлүктүн номери; - (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомуна

ылайык күчүн жоготту)

- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мурунку же жаңы толук аталышы же күбөлүктүн ээсинин фамилиясы, аты- жөнү жана жашаган (турган) жеринин дареги.

Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш: - (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомуна

ылайык күчүн жоготту) - белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ; - эгер арыз өкүл аркылуу берилсе, өкүлгө күбөлүк ээси берген ишеним кат. Кайра өзгөртүп түзүүгө, укук мураскерликке байланыштуу күбөлүк ээсинин

аталышын өзгөртүү жөнүндө арызга бул өзгөртүүнү тастыктаган документ тиркелет. Күбөлүк ээсинин турган ордун же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга

күбөлүк ээси катталган салттуу билимге туура келүүчү аталган географиялык объектиде тургандыгын тастыктаган компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу тиркелет.

Документтер алар Кыргызпатентке түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Кароонун жүрүшүндө күбөлүк ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарга сурам жиберилет. Сурам жиберилгенде документтерди кароо мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.

Документтерди кароо оң натыйжага ээ болгондо, Кыргызпатент: - Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына күбөлүк ээсинин жаңы

аталышын же фамилиясын, аты-жөнүн киргизет; - киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону даярдайт жана жарыялоого

жиберет; - арыз берген жакка киргизилген өзгөртүүлөрү менен күбөлүктүн кошумча

барагын берет же жиберет. 2) Күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү. Күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды Мамреестрге

киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу эсептелет. Кыргызпатент буйрук чыккан күндөн тартып бир айдын ичинде: - Мамреестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет; - Мамреестрге киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого

жиберет. Мамреестрге күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар

киргизилет: - "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 12-беренесинде белгиленген анын жарактуулугунун мөөнөтү өткөндүгү боюнча;

- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн белгиленген алым төлөнбөгөндө;

- Кыргызпатентке күбөлүктүн ээси берген арыздын негизинде.

3) Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды: киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүктүн жарактуулугунун акыркы жылынын ичинде күбөлүк ээсинин же укук мураскеринин, өкүлдүн берген арызы эсептелет.

Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ар бир жолу он жылга узартылат. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ээсинин өтүнүч Каты боюнча ага кошумча алым төлөнгөн шартта күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.

Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: - күбөлүктүн номери; - (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомуна

ылайык күчүн жоготту) - күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү; - күбөлүк ээсине көрсөтмө (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын

фамилиясы, аты-жөнү); - күбөлүк ээсинин дареги. Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: - (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомуна

ылайык күчүн жоготту) - алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ; - эгер арыз өкүл аркылуу берилсе, Кыргызпатентте катталган өкүлгө күбөлүк

ээси тарабынан берилген ишеним кат. Документтер Кыргызпатентке түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде

каралат. Кароонун жүрүшүндө күбөлүк ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарга сурам жиберилет. Сурам жиберилгенде документтерди кароо мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.

Документтерди кароо оң натыйжага ээ болгондо, Кыргызпатент: - күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүктүн кошумча

барагын даярдайт; - Мамреестрге күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү кайсы датага чейин

узартылгандыгын киргизет; - күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарлоону жарыялоого

жиберет; - арыз берген жактын дарегине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу

жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүккө кошумча баракты берет же жиберет. 4) Салттуу билимдерди пайдаланууга катталган келишим жөнүндө

маалыматтарды киргизүү. Салттуу билимди пайдаланууга катталган келишим жөнүндө маалыматтарды

Мамреестрге киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарышы эсептелет.

Салтуу билимди пайдаланууга келишимди каттоодо Кыргызпатент чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде:

- Мамреестрге тиешелүү маалыматтарды жана күбөлүккө кошумча баракты киргизет;

- арыз берген жактын дарегине киргизилген маалыматтары менен күбөлүккө кошумча баракты тапшырат же жиберет.

Мында Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

- салттуу билимдин ээси жөнүндө; - колдонулуучу укуктардын көлөмү жөнүндө; Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү фондуна салттуу билимдерди

пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү чегерүү жөнүндө; - келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата; - келишимдин күчү күчүндө болгон аймак; - келишимдин жарактуулук мөөнөтү. 5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү. Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан

Мамреестрге киргизилет. Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор жөнүндө маалымат жарыялоого жөнөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753, 2019-жылдын 20- февралындагы № 79 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибине

карата тиркеме

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 753 токтомунун редакциясына ылайык)

Алым төлөнгөндүгү жөнүндө белги Интеллектуалдык менчик жаатындагы

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Кыргызпатент) келип

түшкөн күнү Өзгөртүүлөрдү, кошумча маалыматтарды киргизүү жөнүндө

АРЫЗ Күбөлүктүн N Өтүнмө берилген күнү

Өтүнмөнүн N Күбөлүк ээси: ____________________________________________________________________ _________________ ____________________________________________________________________ _________________ (юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү) Өкүл: Кат алышуу үчүн дареги: Өзгөртүү зарыл болгон маалыматтар (киргизилсин):

Тиркемелер: [ ] Алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ [ ] Ишеним кат [ ] Башка документтер

Колу: 20__-жыл _______________________________________________ "__"________ (дата) ____________ (Юридикалык жактын атынан кол койгондо жетекчинин колу мөөр менен тастыкталат)