عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG081

رجوع

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Монополиялык Иш-Аракетти Чектөө Атаандаштыкты Өнүктүрүү Жана Коргоо Жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Монополиялык Иш-Аракетти Чектөө Атаандаштыкты Өнүктүрүү Жана Коргоо Жөнүндө

Монополиялык иш-аракетти чектөө атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө КР мыйзамы

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1994-жылдын 15-апрели N 1487-XII

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Монополиялык иш-аракетти чектөө атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 6-мартындагы N 55Мыйзамынын, 2003-жылдын 1-августундагы N 164Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги N 1488-XII токтому менен колдонууга киргизилген)

I бөлүм.Жалпы жоболор II бөлүм. Атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополиялык иш-аракетти чектөө III бөлүм. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын милдеттери, ыйгарым укуктары жана милдеттери IV бөлүм. Товар рыногунда чарба жүргүзүүчү субъекттердин үстөмдүк абалынын алдын алуу жана аны четтетүү V бөлүм. Ушул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

I бөлүм Жалпы жоболор

1-статья.Мыйзамдын максаттары

Мыйзам аттандаштыктын өнүгүшүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, монополиялык иш-аракетти жана абийирсиз атаандаштыкты чектөө жана болтурбоо боюнча чараларды белгилейт жана республиканын товар рыногунун түзүлүшү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

2-статья.Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү

Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүт аймагында күчүндө болуп, Республиканын жана анын региондорунун рынокторунда ар кандай чарба жүргүзүү субъектилер, аткаруучу бийликтин органдары жана айрым кызмат адамдары катышкан мамилелерде колдонулат. Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы атаандаштыктын өнүгүшүнө жана монополиялык иштерди чектөөгө байланышкан мамилелер эл аралык экономикалык макулдашууларды жана Кыргыз Республикасы мүчө болгон Эл аралык уюмдардын тийиштүү актыларын сактоо менен ушул Мыйзам аркылуу жөнгө салынат. Бул Мыйзам ойлоп чыгаруу, товардык белгилер, автордук укук жөнүндөгү кабыл алынган мыйзамдардын нормалары менен жөнгө салынуучу мамилелерге, алар ээлери

тарабынан атаандаштыкты чектөө үчүн атайын пайдаланылгандан башка учурда колдонулбайт. Товар рыногун жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө абалдын шартында гана (кырсык болгондо ж.б.) ушул Мыйзамдын табигый айрым статьяларын колдонуудан алып коюуга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине алып коюунун себебин жана мөөнөтүн көрсөтүү менен билдирет. (КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 55Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органдары

Товар рынокторун жана атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык иштерди чектөө жана абийирсиз атаандаштыкты алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты Кыргыз Республикасында монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу Мамлекеттик орган.

4-статья. Түшүнүктөрдүн аныктамалары

Ушул Мыйзамдын максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: - “чарба жүргүзүүчү субъектилер” - юридикалык жактан укуктарына ээ болгон товар өндүрүү, сатуу же сатып алуу боюнча чарбалык иш-аракет жүргүзгөн жеке менчик, жамааттык, кооперативдик, акционердик, мамлекеттик, коомдук же башка ишканалар, чарбалык ассоциациялар, юридикалык жакты түзгөн жана түзбөгөн өз алдынча ээлик кылуу ишкердигин жүргүзгөн граждандар жана алардын бирикмелери; - “аткаруучу бийликтин органдары” - өз милдеттерин аткаруудагы (мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу жана лимит боюнча материалдык ресурстарды бөлүштүрүү ж.б.) республикалык жана региондук аткаруучу бийликтин органдары, ошондой эле тармактар аралык мамлекеттик башкаруу органдары жана бирикмелер, чарбалык ассоциациялар, концерндер жана башка бирикмелер; - “товар рыногу” - товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жүгүртүү чөйрөсү; - “региондук жергиликтүү товар рыногу” - негизинен республиканын областтарынын чегиндеги товар жүгүртүү чөйрөсү; - “атаандаштык” - товар рыногунда чарба жүргүзүүчү субъекттердин алардын аракети рыноктогу баалардын өсүшүн көздөгөн монополиязацияга натыйжалуу тоскоолдук көрсөткөн жана керектөөчүлөр талап кылган товарларды өндүрүүгө дем берген учурдагы эркин таймашуусу; - “монополиялык иш-аракет” - чарба жүргүзүүчү субъекттердин же аткаруучу бийликтин органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же четтетүүгө рыноктогу үстөмдүк кылуу абалын, атаандаштыктардын экономикалык көз карандылыгын ашкере пайдаланууга жана коомдук кызыкчылыктарга, чарба жүргүзүүчү башка субъекттердин жана товар керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына зыян алып келтирүүгө багытталган ушул Мыйзамга карама-каршы келген иш- аракеттери (аракетсиздиги); - “үстөмдүк кылуучу абал” - чарба жүргүзүүчү субъектинин белгилүү бир товар рыногундагы атаандаштыкка чечүүчү таасирин тийгизүүгө, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокко кирүүсүнө кыйынчылык туудурууга мүмкүндүк берүүгө өзгөчө ыңгайлуу абалы чарба жүргүзүүчү субъектинин үстөмдүк кылуучу абалы катары анын тийиштүү товар рыногундагы үлүшү 35 проценттен же монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын чектелген өлчөмүнөн ашып

кеткен учур таанылат; - “караниет атаандаштык” - чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлик кылуу ишинде артыкчылыкты алууга багытталган, колдонуудагы мыйзамдардын жоболоруна, ишмердиктин жүгүртүү салттарына, ак ниеттүүлүктүн, акылга сыюучулуктун жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген жана башка чарба жүргүзүүчү субъектилерге - атаандаштарга, же болбосо алардын ишмердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон же келтирген ар кандай иш-аракеттер. (КР 2003-жылдын 1-августундагы N 164Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм Атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополиялык иш-аракетти чектөө

5-статья. Абийирсиз атаандаштыкка жол берилбестиги

Абийирсиз атаандаштыкка, анын ичинде: - башка бир чарба жүргүзүүчү субъектинин ишкердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон жалган жана так эмес маалыматтарды (так маалыматтарды жалган катары берүү) таратууга; - товарларды жасап чыгаруу мүнөзү, жолу жана даярдалган жери, касиети, колдонууга жарамдуулугу же сапаты боюнча керектөөчүлөрдү адаштырууга; - башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин товардык белгисин, фирмалык аталышын же товардын маркировкасын өз эркинче пайдалануу же товарларынын формасын, таңгакталышын, сырты жасалгасын өз эркинче көчүрүп алууга; - сапаты талаптарга жооп бербеген товарларды рекламалоого; - жашырын илимий-техникалык, өндүрүштүк же соода маалыматтарын өз эркинче пайдаланууга же жайылтып жиберүүгө; - ишканага, товарларга, же болбосо атаандаштын өнөр жайлык же соода иш- аракеттерине карата кандай гана болбосун ыкма менен башаламандыкты (жаңылтууну) пайда кылууга жөндөмдүү болгон иш-аракеттерге жол берилбейт. (КР 2003-жылдын 1-августундагы N 164Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Рынокто чарба жүргүзүүчү субъектинин үстөмдүк кылуучу абалына жол берилбестиги

1. Үстөмдүк абалын ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектинин натыйжасы атаандаштыкты олуттуу чектөөгө же башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин жана граждандардын кызыкчылыктарына шек келтирүүчү аракеттерине, анын ичинде төмөнкүдөй иш- аракеттерине тыюу салынат: - рынокто тартыштыкты түзүү, сактоо же бааны жогорулатуу максатында товарларды жүгүртүүдөн алып салууга; - контрагентке ал үчүн пайдалуу болбогон, ошондой эле контрагентти башка чарба жүргүзүүчү субъекттер менен тең эмес абалда калтырган шарттарды таңулоого; - контрагентти (керектөөчүнү) кызыктырбаган товарларга тийиштүү жобону киргизүү шарты менен гана келишим түзүүгө макулдук берүүгө; - башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокко кирүүсүнө (рыноктон чыгышына) тоскоолдук кылууга; - нормативдик актылар менен бекитилген баа түзүү тартибин бузууга. 2. Чарба жүргүзүүчү субъектинин ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш- аракети Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органы тарабынан эгерде чарба жүргүзүлүүчү субъект өзүнүн иш-аракети

рынокту товарга толтурууга өбөлгө түзгөндүгүн же өбөлгө түзөөрүн далилдеп берген өзгөчө учурда гана укуктуу деп таанылат.

7-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү келишимдеринин (макулдашылган иш-аракеттеринин) жараксыздыгы

1.Жалпысынан үстөмдүк абалын ээлеген атаандаш чарба жүргүзүүчү субъекттердин (потенциалдуу атаандаштардын),түзгөн түрдүү формадагы келишимдери (макулдашылган иш-аракеттери), анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган келишимдерди (макулдашылган иш-аракеттери) эгерде мындай келишимдеринин натыйжасында атаандаштыкка олуттуу чектөө жасалса же жасала турган болсо, мындай келишимдерге (макулдашылган иш-аракеттерге) тыюу салынат жана белгиленген тартипте толук бойдон же жарым-жартылай жараксыз деп табылат: - бааларды (тарифтерди), жеңилдиктерди, үстөктөрдү (кошумча төлөөлөрдү), кошумча бааларды белгилөө (сактап туруу); - аукциондордо же соода-сатыкта бааларды жогорулатуу, азайтуу же кармап туруу; - рынокту аймактык принциби боюнча сатуу жана сатып алуу көлөмү, сатылуучу товарлардын ассортименти боюнча же сатуучулардын, сатып алуучулардын (заказ берүүчүлөрдүн) чөйрөсү боюнча бөлүгү; - белгилүү бир товарларды сатуучулары же сатып алуучулары катары башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин рыноко киришин чектөө же аларды сүрүп чыгаруу; - белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (заказ берүүчүлөр) менен келишим түзүүдөн баш тартуу. 2. Бири үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген, ал эми экинчиси ага продукция берүүчү же аны сатып алуучу (заказ берүүчүсү) болгон атаандаш эмес чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар кандай формадагы келишимдерге макулдашылган иш-аракеттерине, эгерде мындай келишимдердин макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасында атаандаштыкка олуттуу чектүү жасалса же жасала турган болсо, тыюу салынат жана белгиленген тартипте толук бойдон же жарым-жартылай жараксыз деп табылат. 3. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушул статьянын 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн келишимдери (макулдашылган иш-аракеттери) эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттер алардын келишимдери (макулдашылган иш-аракеттери) рыноктун товарга толушуна, товарлардын керектөө касиеттерин жакшыртууга жана атаандаштыкка туруктуулугун, атап айтканда, тышкы рыноктогу атаандаштыкка туруктуулугун арттырууга өбөлгө түзгөндүгүн же өбөлгө түзө тургандыгын далилдеген өзгөчө учурда алардын укуктуулугу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы тарабынан таанылышы мүмкүн.

8-статья. Аткаруучу бийликтин органдарынын атаандаштыктын чектөөгө багытталган актыларынын жана иш-чараларынын укуксуздугу

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокто товар сатуу чөйрөсүндөгү укугун чектөөгө багытталган аткаруучу бийликтин органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралгандан башка актылары укуксуз деп табылат. 2. Аткаруучу бийликтин органдарынын айрым бир чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн кысымга алуучу же өзгөчө шарттарды, анын ичинде төмөнкүлөрдү, эгерде мындай шарттар атаандаштыкты чектесе, укугу жок: - тигил же бул иш-аракет чөйрөсүндө ишкана жана уюм түзүүгө тоскоолдук кылууга; - чарба жүргүзүүчү субъекттерге конкреттүү түрлөрүн жүзөгө ашырууга же

товарлардын белгилүү бир түрлөрүн өндүрүүгө негизсиз тыюу салууга, ошондой эле экономикалык субъекттердин чек өлкөлөрдөн товар алып келишин чектөөгө. 3. Аткаруучу бийликтин органдарынын башка бийлик же башкаруу органдары же чарба жүргүзүүчү субъект менен түзгөн келишимдерине, анын ичинде төмөнкүлөргө, эгер алардын натыйжасында атаандаштык олуттуу чектелсе же чектеле турган болсо Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучуу мамлекеттик органы тарабынан тыюу салынат жана толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылат: - бааларды (тарифтерди) жана кирешелерди жогорулатууга, арзандатууга же бир эле деңгээлде сактап турууга; - рынокту аймактык принциби, сатылуучу товарлардын сатуу же сатып алуу көлөмү, ассортименти боюнча же сатуучулардын же сатып алуучулардын (заказ берүүчүлөрдүн) чөйрөсү боюнча бөлүүгө; - чарба жүргүзүүчү субъекттерден рынокко киришин чектөөгө же алардын андан сүрүп чыгарууга.

III бөлүм Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын милдеттери, ыйгарым укуктары жана милдеттери

9-статья.Монополияга каршы мыйзамдуулуктун сакталышына карата мамлекеттик контроль

Республиканын товар жүгүртүү чөйрөсүндөгү атаандаштыктын өнүгүшүнө жана монополиялык иш-аракетти чектөөдө мамлекеттик контролду Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын функциясы, ишти уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобо менен жөнгө салынат.

10-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын милдеттери

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: - монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына карата мамлекеттик контролду жүргүзүү; - монополиялык иш-аракеттин жана абийирсиз атаандаштыктын алдын алуу, аны чектөө жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - атаандаштыкты жана ээлик кылуу ишкердигин өнүктүрүү негизинде рынок мамилелеринин калыптанышына түрткү берүү; - монополизмдин жана абийирсиз атаандаштыктын көрүнүштөрүнөн граждандардын жана башка керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

11-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы төмөнкү укуктарга ээ: - монополияга каршы маселелери боюнча таламдаш тараптар менен макулдашылган

түрдө республиканын аймагынан орун алган бардык министрликтер, мамкомитеттер, администрациялык ведомстволор, менчик түрүнө карабастан ишканалар жана уюмдар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон нормативдик актылардын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгууга жана бекитүүгө; - чарба жүргүзүүчү субъекттерге, алардын кызмат адамдарына ушул Мыйзамды бузууну токтотуу, баштапкы абалды калыбына келтирүү, аларды мажбурлап бөлүү, ушул Мыйзамга карама-каршы келген алар түзгөн келишимдерди бузуу же өзгөртүү, ошондой эле башка укуксуз аракеттерин токтотуу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - башкаруу органдарына кабыл алган укуксуз актыларын алып салуу же өзгөртүү, алардын ушул Мыйзамга карама-каршы келген макулдашууларын бузуу же өзгөртүү, ошондой эле башка мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотуу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - ушул мыйзамды бузгандыгы жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик комитетинин көрсөтмөлөрүнүн аткарбагандыгы үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерге, алардын кызмат адамдарына, ошондой эле аткаруучу бийликтин органдарынын кызмат адамдарына айып акы салуу жөнүндө чечим кабыл алууга; - монополияга каршы мыйзамдуулуктун бузулгандыгына байланыштуу иштер каралып жаткан сотко жана арбитраждык сотко катышууга; - прокуратура органдарына монополияга каршы мыйзамдуулуктун бузулгандыгына байланыштуу кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды жиберүүгө. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы тийиштүү аткаруучу бийликтин органдарына бул сунуштарды киргизүүгө укуктуу: - монополияга каршы мыйзамдарды бузган учурда чарба жүргүзүүчү субъекттердин экспорт-импорттук операцияларын милдеттүү түрдө лицензиялоону, тыюу салууну же токтотуп турууну киргизүү жөнүндө; - атаандаштыгы жок товар рыногунан биринчи жолу кирип жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттерге же чакан ишканаларга жеңилдетилген кредит берүү, ошондой эле алардан алынуучу салыкты азайтуу же андан бошотуу боюнча; - эркин жана жөнгө салынып туруучу баалардын чөйрөсүн кеңейтүү боюнча; - айрым бир чарба жүргүзүүчү субъекттердин үстөмдүк абалын четтетүү үчүн таңсык товарларды чыгарууну кеңейтүү иш-чараларын финансылоо боюнча; - чет өлкөлүк капиталды тартуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча; - экспорт-импорттук операцияларды лицензиялоо жана бажы тарифтерин өзгөртүү боюнча; - лицензияланууга тийиш болгон иш-аракеттердин тизмеси боюнча.

12-статья.Маалымат алууга укуктуулук

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы (аймактык башкармасы) тарабынан ыйгарым укук берилген адам Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органына жүктөлгөн функцияны аткаруу максатында министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, башка башкаруу органдарына, ошондой эле менчик түрүнө карабастан ишканаларга жана алардын бирикмелерине, уюмдарга, мекемелерге зарыл болгон бардык документтер менен таанышуу үчүн тоскоолсуз кирүүгө укуктуу.

13-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органына маалымат берүүгө карата милдеттери

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактык башкармалардын) талабы боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттер, башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактык башкармаларынын) ушул Мыйзамда каралган функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон ишенимдүү документтерди көрсөтүүгө жазуу жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жана башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

14-статья. Коммерциялык сырды сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын милдеттери

Монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган (аймактык башкарма) алган коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтарды жайылтууга болбойт. Эгерде коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтар жайылтылып жиберилген болсо, андан тартылган зыян Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнүп берүүгө тийиш.

IV бөлүм Товар рыногунда чарба жүргүзүүчү субъекттердин үстөмдүк абалынын алдын алуу жана аны четтетүү

15-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин түзүлүшүнө, биригишине, кошулушуна, өзгөртүп түзүлүшүнө, жоюулуп кетишине мамлекеттик контроль жүргүзүү

1. Айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин үстөмдүк абалды ээлешинин алдын алуу максатында союздардын, ассоциациялардын, концерндердин, тармак аралык, региондук жана башка бирикмелердин, ишканалардын түзүлүшүнө, кошулушуна жана биригишине, башкаруу органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин аталган бирикмелерге өзгөртүп түзүлүшүнө, ал эми ушул статьяда көрсөтүлгөн учурларда акционердик коомдордун, жоопкерчилиги чектелген шериктештиктердин жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин түзүлүшүнө, кошулушуна жана жоюулушуна алдын- ала мамлекеттик контроль жүргүзүлөт. 2. Союзду, ассоциацияны, концернди, ишканалардын тармак аралык региондук же башка бирикмелерин түзүүгө макулдук алуу үчүн уюштуруучулары “Кыргыз Республикасындагы ишканалар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн документтерден тышкары бирикмени каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органына (аймактык башкармаларга) макулдук берүү тууралуу өтүнүч бириккен ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердигинин негизги түрлөрү, алардын тийиштүү товар рыногундагы маалыматтарды жана бирикмеге кошулууга макулдуктары жөнүндөгү маалыматтарды берет. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы (аймактык башкарма) өтүнүчтү алган учурдан баштап 30 күндүн ичинде өзүнүн

чечими - макулдук берүү же бербөө жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирет. Макулдук берүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлүүгө тийиш. 3. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу боюнча мамлекеттик органы (аймактык башкармасы) жогоруда аталган бирикмелердин түзүлүшүнө, эгерде бул аларды үстөмдүк кылуучу абалга алып келсе жана (же) атаандаштыкка олуттуу чек кое турган болсо, макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы (аймактын башкармасы), эгерде түзүлгөн бирикмелер рыноктогу товардын мол болушуна, товарлардын керектөө касиеттерин жакшыртууга жана алардын атаандаштыкка туруктуулугунун, атап айтканда, тышкы рыноктогу атаандаштыкка туруктуулугунун, жакшырышына өбөлгө түзсө, жогоруда көрсөтүлгөн ыңгайсыз кесепеттердин болуп калуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан, бирикмелердин түзүлүшүнө макулдук берүүгө укуктуу. 4. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы ушул статьянын 2, 3-пункттарына ылайык алдын ала төмөнкүлөргө контролдукту жүргүзөт: - союздардын, ассоциациялардын, концерндердин, ишканалардын, тармак аралык, региондук жана башка бирикмелеринин кошулушуна жана биригишине, ошондой эле башкаруу органдарынын же чарба жүргүзүүчү субъекттердин аталган бирикмелерге өзгөртүп түзүшүнө; - мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кошулушуна, биригишине жана жоюлушуна, эгерде бул үстөмдүк абалды ээлөөчү чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайда болушуна алып келе турган болсо; - акционердик коомдордун жана жоопкерчилиги чектелген шериктештиктердин түзүлүшүнө, кошулушуна жана биригүүсүнө; - юридикалык жак катышкан башка шериктештиктердин жана бирикмелердин түзүлүшүнө, кошулушуна жана биригишине, эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектинин пайда болушуна алып келе турган болсо. 5. Союздардын, ассоциациялардын, концерндердин, ишканалардын тармак аралык, региондук жана башка бирикмелеринин түзүлүшү, кошулушу жана биригиши жөнүндөгү, башкаруу органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин аталган бирикмелерге өзгөртүп түзүлүшү жөнүндөгү, ал эми ушул статьяда көрсөтүлгөн учурда ошондой эле жоопкерчилиги чектелген шериктештиктердин жана акционердик коомдордун, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин түзүлүшү, кошулушу, биригүүсү жана жоюлушу жөнүндө чечим кабыл алуучу башкаруу органы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынан (аймактык башкармаларынан) ушул статьяда белгиленген тартипте алдын ала макулдук алууга тийиш. 6. Ушул статьянын 2, 4, 5-пункттарында каралган чарба жүргүзүүчү субъекттерди каттоо жергиликтүү мамлекеттик акимдиктин башчылары же каттоо укугу жүктөлгөн башка мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактык башкармаларынын) макулдугу болгон гана учурда жүргүзүлөт.

16-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин акцияларын, пайларын жана уставдык капиталындагы үлүштү сатып алууда монополияга каршы мыйзамдын сакталышын мамлекеттик контролго алуу

Белгилүү бир товар рыногунун 35 проценттен ашыгын ээлеп турган чарба жүргүзүүчү субъектинин товарды ошол эле рынокко алып чыккан башка чарба жүргүзүүчү

субъектинин акцияларын, пайларын жана уставдык капиталдагы үлүшүн сатып алуусу, ошондой эле ар кандай юридикалык жактын же граждандардын үстөмдүк абалын ээлеп турган чарба жүргүзүүчү субъектинин акциясын, пайынын үлүшүнүн контролдук пакетин сатып алуусу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактык башкармасынын) алдын ала берилген макулдугу менен жүргүзүлөт. Макулдук берүү жөнүндөгү арыз ушул Мыйзамдын 15-статьясында белгиленген тартипте каралат. Ушул статьянын максаты үчүн акциялардын, пайлардын, үлүштөрдүн контролдук пакети катары алардын акционерлердин, уюштуруучулардын, пайщиктердин жалпы чогулушунда чечим кабыл алууда 50 проценттен ашык тике же кыйыр добушту камсыз кылган саны түшүндүрүлөт.

17-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлоо менен бөлүп салуу

1. Үстөмдүк абалын ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттер монополиялык иш-аракет жүргүзүп, анын натыйжасында атаандаштыкка олуттуу чек коюлса, анда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы алардын чарба жүргүзүүчү субъекттерин мажбурлоо менен бөлүп салуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 2. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлоо менен бөлүп салуу жөнүндөгү чечим төмөнкү шарттардын бири же бир нечеси болгондо кабыл алынат: - чарба жүргүзүүчү субъектинин өзүнүн үстөмдүк абалын ашкере пайдаланган фактысы болгондо; - ишканалардын, структуралык бөлүктөрдүн же структуралык бирдиктердин уюштуруучулук жана (же) аймактык жактан өз алдынча обочолонууга мүмкүндүгү болгондо; - ишканалардын, структуралык бөлүктөрдүн же структуралык бирдиктердин тыгыз технологиялык өз ара байланышы жок болгон учурда; - ишканалардын, структуралык бөлүктөрдүн же структуралык бирдиктердин иш-аракет чөйрөсүн бир товарды чыгарууга карай бир беткей кууш адистештирүүнүн алкагында чектөө болгон учурда. 3. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлоо менен бөлүп салуу жөнүндөгү чечими белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш, ал мөөнөт үч айдан ашык болбошу керек.

18-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын ушул Мыйзамдын 15, 16, 17-статьяларынын негизинде кабыл алган чечимдеринин даттанылышы

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органына (аймактык башкармаларга) жиберилген түзүү, кошулуу, биригүү, өзгөртүп кайра түзүү, жоюу жөнүндөгү өтүнүчкө 30 күндүк мөөнөт ичинде жооп алынбаса, арыз ээси негизсиз деп эсептелген себептерден улам макулдук берилбесе, анда ал макулдук берилди деп таанылуу (эгерде жооп алынбаган болсо) же макул эместиги негизсиз деп таанылуу жөнүндөгү арыз менен сотко же арбитраждык сотко кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын чарба жүргүзүүчү субъектини мажбурлоо менен бөлүп салуу жөнүндөгү

чечими, ошондой эле акция, пай катышуу үлүшүн сатып алуу жөнүндө арызы боюнча чечими ушул эле тартипте даттанылат.

V бөлүм Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

19-статья. Рыноктогу үстөмдүк абалынан пайдалангандыгы жана башка монополиялык иш-аракеттер үчүн жоопкерчилик

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттер мамлекеттик бийликтин органдары жана алардын кызмат адамдары рыноктогу үстөмдүк абалынан пайдалангандыгы жана башка монополиялык иш-аракеттери үчүн төмөнкүдөй жоопкерчиликти тартышат: - чарба жүргүзүүчү субъектти майдалап бөлүп жиберүү; - негизсиз табылган пайданы алып коюу; - келтирилген зыянды аны менен бирге алынбай калган пайданын ордун толтуруу; - акчалай айып акы төлөө. 2. Рыноктогу үстөмдүк абалынан пайдалангандыгы жана башка монополиялык иш- аракеттери үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерди, мамлекеттик бийликтин органдары алардын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан ишти кароо Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

20-статья. Айып акынын өлчөмү

Айып акылар төмөнкүлөргө салынат: - рыноктогу үстөмдүк абалынан пайдаланган, ошондой эле атаандаштыкты чектеген келишимдерди түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге - 5000 сомго чейинки өлчөмдө, ушул өңдүү бузууларга жол берген алардын кызмат адамдарына - 3 айлык эмгек акысына чейин; - атаандаштыкты чектөөгө багытталган укуксуз актылары жана иш-аракеттери үчүн мамлекеттик бийликтин органдарына - 3000 сом, көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдарына 3 айлык эмгек акысына чейин; - чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик бийликтин органдарынын абийирсиз атаандаштыкка байланыштуу иш-аракеттери үчүн - 2000 сомго чейин, бул чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана мамлекеттик бийликтин органдарынын кызмат адамдарына - 2 айлык эмгек акысына чейин; - мамлекеттик бийликтин органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткандыгы же өз убагында аткарбагандыгы, туура эмес (жалган) маалыматтарды атайлап бергендиги үчүн - бир айлык эмгек акысына чейин.

21-статья. Айып акылардын алынышы

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы тарабынан салынган айып акыны чарба жүргүзүүчү субъекттер, мамлекеттик бийлик органдары айып акы салынгандыгы тууралуу токтом тапшырылган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө аларды тейлөөчү банк аркылуу төлөшөт. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы тарабынан салынган айып акыларды кызмат адамдарынан өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы салынган айып акылар республикалык бюджеттин кирешесине которот.

22-статья. Пайданы алып коюу жана зыяндын ордун толтуруу

1. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин, мамлекеттик бийликтин органдарынын ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында алган пайдасы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын доосу боюнча республикалык бюджетке арбитраждык сот тарабынан өндүрүлүп алынат. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын анын аймактык органдарынын арызы сот жана арбитраждык сот тарабынан мамлекеттик пошлинаны төлөөсүз кароого алынат. 2.Монополиялык иш-аракеттердин натыйжасында тарткан зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте таламдаш граждандардын жана юридикалык жактардын доо койгон арызы боюнча арбитраждык сот же сот тарабынан төлөнүп берилет.

23-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын ушул Мыйзамдын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу боюнча мамлекеттик органынын (аймактык башкармасынын) кызмат адамдары ушул Мыйзамдын бузулгандыгы үчүн бир айлык акысынын өлчөмүндөгү айып акы төлөө түрүндө администрациялык жоопкерчиликке тартылышат.

24-статья.Мамлекеттик бийликтин органдарынын укуксуз иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен чарба жүргүзүүчү субъекттерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Эгерде мамлекеттик бийликтин органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактын башкармасынын) ушул Мыйзамды бузуу менен кабыл алган актысынын же көрсөтүлгөн органдарды өз милдеттеринин аткарылбагандыгынын же тийиштүү түрдө аткарбагандыгынын айынан чарба жүргүзүүчү субъекттерге зыян келтирилген болсо, анда ал бул зыянды төлөтүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарына доо коюу менен сотко же арбитраждык сотко кайрылууга укуктуу.

25-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын чечиминин даттанылышы

1.Мамлекеттик бийлик органдары, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактык башкармасынын) көрсөтмөлөрүн толук же жарым- жартылай жараксыз деп табуу жөнүндө же айып акы салгандыгы жөнүндө чечимди алып таштоо же өзгөртүү тууралуу арыз менен сотко же арбитраждык сотко кайрылууга укуктуу. 2. Берилген арыз көрсөтмөлөрдүн же айып акынын салынгандыгы жөнүндө чечимдин аткарылышы аны сот же арбитраждык сот карап жаткан мезгилде, эгерде сот же арбитраждык сот көрсөтүлгөн актылардын аткарышын токтотуп туруу жөнүндө аныктама чыгарбаса токтотулбайт.

26-статья. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын көрсөтмөлөрүнүн аткарылышынын тартиби

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органынын (аймактык башкармасынын) көрсөтмөлөрү белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш. Көрсөтмөлөрдү аткаруудан баш тартуу же өз убагында аткарбоо ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында көрсөтүлгөн чараларды көрүүгө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев