عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG091

رجوع

Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилди)

 Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилди)

Кыргыз ­ Республикасынын Өкмөтүнүн 2000­жылдын 27­ ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилди

Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө

ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001­жылдын 6­августундагы № 415 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык иштелип чыкты жана анда интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби аныкталат.

2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү аныктамалар колдонулат:

интеллектуалдык менчиктин объектилери ­ илимдин, адабияттын жана көркөм өнөрдүн чыгармаларынын нускалары; ЭЭМ программаларынын, маалыматтар базаларынын, фонограммалардын нускалары; тейлөө белгилери, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары менен товардык белгилер менен белгиленген товарлар; өнөр жай менчигинин башка объектилери бар товарлар, селекциялык жетишкендиктер, интегралдык микросхемалардын топологиялары;

укук ээси ­ интеллектуалдык менчиктин объектисине карата укук ээси же ушундай объектиге карата өзгөчөлүү лицензиянын ээси;

контрафакт товарлар ­ Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык корголуучу укук ээлеринин укуктарын бузууга алып келүүчү интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарлар;

товар чыгарууну убактылуу токтотуу ­ интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларды чыгарууну же шарттуу чыгарууну Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын убактылуу токтотушу.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясынын (мындан ары ­ МБИ) реестрине киргизилген интеллектуалдык менчиктин объектилерине карата укук ээлеринин укуктарын өзүнүн милдеттеринин чегинде коргоону ишке ашырат.

II. Интеллектуалдык менчиктин объектисин

каттаттуу боюнча өтүнмө

4. Интеллектуалдык менчиктин объектисин МБИнин реестринде каттатуу боюнча өтүнмөнү укук ээси МБИге берет жана өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылат:

1) арыз, анда булар болушу зарыл:

­ укук ээси жөнүндө толук маалыматтар;

­ реестрге киргизиле турган интеллектуалдык менчиктин объектисинин ­ аталышы;

­ анын товарын өндүрүп чыгаруучу уюмдардын, ошондой эле ага тиешелүү болгон интеллектуалдык менчиктин объектилерин пайдалануу боюнча укуктары же лицензиясы бар уюмдардын аттары жана даректери, объекттерди пайдалануу боюнча укуктарын ырастоочу документтер;

­ оригиналдуу товар чыгарылган жердин аты;

2) интеллектуалдык менчиктин объектисине карата укуктарды ырастоочу документтер. Алар төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:

­ ойлоп табуунун алдын ала патенти, ойлоп табуунун патенти же өнөр жай үлгүсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик агентствосу (мындан ары ­ Кыргызпатент) берген пайдалуу моделдин күбөлүгү;

­ товардык белгинин катталгандыгы жөнүндө Кыргызпатент берген күбөлүк;

­ товардык белгинин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык каттоого алынгандыгы жөнүндө Кыргызпатенттин тиешелүү ырастоосу менен кошо Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросунун реестринен алынган көчүрмө;

­ товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна карата Кыргызпатент тарабынан берилген күбөлүк;

­ фирмалык аталыштын каттоого алынгандыгы жөнүндө Кыргызпатент тарабынан берилген күбөлүк;

­ эгерде автордук укук Кыргызпатентте катталган болсо, анын каттоого алынгандыгы жөнүндө күбөлүк;

­ интегралдык микросхемалардын топологияларынын каттоого алынгандыгы жөнүндө күбөлүк;

­ селекциялык жетишкендиктин патенти;

­ Кыргызпатентте катталган өнөр жай менчигинин объектисине карата укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим, укуктарды ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишио( �

­ автордук укуктун объектисине карата укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим, укуктарды ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишио( �

­ селекциялык жетишкендикке карата укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишим (лицензиялык келишим, укуктарды ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндө келишио( �

­ интегралдык микросхемалардын топологиясына карата укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;

3) интеллектуалдык менчиктин объектиси бар оригиналдуу товардын баяндамасы жана, зарыл болсо, интеллектуалдык менчиктин объектиси бар товардын сырткы көрүнүшү жөнүндө толук түшүнүк берүүчү анын үлгүсү же фотосүрөтү, же дагы башка маалыматтар;

4) контрафакт товарларды аныктоого мүмкүндүк берүүчү башка ар кандай маалыматтар:

­ контрафакт товар болушу мүмкүн деп шек туудурган товарды импорттоочунун же ошол жүктү алуучу адамдын аты жана дареги;

­ шектүү товардын толук баяндамасы, анын ичинде ошол товардын үлгүсү же фотосүрөтү;

­ шектүү товар чыгарылган өлкө же өлкөлөр, аны чыгарган ишкана;

­ бажы документтерин толтуруу үчүн шектүү товар болжолдуу түрдө берилүүчү жердин аты;

­ унаанын түрү же транспорттоочу уюмдун аты;

5) бажы органдарынын чыгымдарын (эгерде шектүү товар убактылуу кармалгандан кийин укук ээси белгилүү мөөнөттүн ичинде кармалган товардын андан аркы тагдырын чечип берүүсү жөнүндө тиешелүү сотко арыз бергендиги тууралуу документ менен ырастабай койгон учурларда) же жарнак берүүчүнүн (декларанттын) тарткан зыяндарын (эгерде кармалган товар соттун чечими менен контрафакт товар эмес деп табылган учурда) төлөп бере тургандыгы тууралуу укук ээсининин МБИ менен түзгөн келишими;

6) жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.

III. Өтүнмөнү карап чыгуу

5. Өтүнмөнү кабыл алуу жана карап чыгуу МБИ тарабынан жүргүзүлөт.

6. Өтүнмө ушул Жобонун 4­пунктунун 1­3, 5­ жана 6­пунктчаларына дал келген шартта МБИ өтүнмө түшкөн күндөн кийин беш күндүн ичинде интеллектуалдык менчиктин объектисин каттоого алуу жөнүндө жана аны коргоону камсыз кылуу жөнүндө чечим чыгарат.

7. Интеллектуалдык менчиктин объектисин каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин ал реестрге киргизилет.

Интеллектуалдык менчиктин объектисинин чыныгы экендигин аныктоо үчүн керектүү маалыматтарды камтыган маалыматтар барагы 3 күндүн ичинде региондук бажы органдарына жана аткаруу үчүн ал андан ары бажыканаларга жиберилет.

Интеллектуалдык менчиктин объектиси укук ээсинин арызы боюнча же укук ээси интеллектуалдык менчиктин объектисине карата укуктарынын жоюлушуна байланыштуу маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу билдирбеген учурда, укук ээси алмашканда жана лицензиялык келишимди колдонуу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда же интеллектуалдык менчиктин объектисин реестрге киргизүүдө жалган маалыматтар берилгенде МБИнин чечими боюнча реестрден мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн.

8. Каттоону колдонуу мөөнөтү интеллектуалдык менчиктин объектисин каттоого алуу жөнүндө МБИ чечим чыгарган учурдан тартып ­ эки жыл жана ага бажы контролдугу ушул мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Аталган мөөнөт укук ээси кошумча жыйым төлөө шартын аткарып, арыз берген учурда кийинки дагы бир мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Каттоону колдонуу мөөнөтү интеллектуалдык менчик укугунун жарактуулук мөөнөтүнөн узак болушу мүмкүн эмес.

9. Интеллектуалдык менчик укугу реестрде каттоого алынганда төмөндөгү аткарылган иштер үчүн жыйым алынат:

­ интеллектуалдык менчиктин объектилеринин ар бирин каттоого алгандыгы үчүн ­ 1330 сом;

­ интеллектуалдык менчик объектисинин каттоосунун жарактуулук мөөнөтүн узарткандыгы үчүн ­ 410 сом.

10. Реестрди МБИ жүргүзөт. Реестрди жүргүзүүнүн жана аны жарыялоонун тартибин МБИ аныктайт.

IV. Товар чыгарууну убактылуу токтотуу

11. Интеллектуалдык менчик объектилери бар товарларга карата бажы документтерин толтуруунун жана бажы контролдугунун тартиби ушул Жободо каралган өзгөчөлүктөр эске алынуу менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде жана башка нормативдик укуктук актыларда белгиленген тартипте ишке ашырылат.

12. Интеллектуалдык менчиктин реестрде катталган объектилери бар товарлар кармалган учурда бажы органдары бул товарларды чыгарууну же шарттуу чыгарууну жана сатууну убактылуу токтотушат.

Товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин укук ээси товарды ташып келүүгө жазуу жүзүндө макулдук берсе товар чыгаруу токтотулбайт.

13. Товар чыгарууну он жумушчу күндүк мөөнөткө чейин убактылуу токтотуу жана аны андан ары дагы он күндөн ашпаган мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу менен токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысы тарабынан же анын ордундагы кызмат адамы тарабынан чыгарылат.

14. Кыргыз Республикасынын бажы органы товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндүн эртесиндеги жумушчу күндөн кечикпестен товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө жарнак берүүчү менен укук ээсине билдирүүгө милдеттүү, ошондой эле ал жарнак берүүчүгө укук ээсининин аталышы менен дарегин, ал эми укук ээсине жарнак берүүчүнүн аталышы менен дарегин кабарлайт.

15. Укук ээси товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ал он жумушчу күндүн ичинде бажы органына тиешелүү сот органында товар чыгаруу убактылуу токтотулгандыгына карата өзүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын калыбына келтирүү боюнча чара көргөндүгүн ырастоочу документтерди бериши керек.

16. Эгерде укук ээси сот процессин козгогондугу жөнүндө бажы органына он күндүк мөөнөт бүткөндөн кийин билдирбесе жана жарнак берүүчү товарларды ташып келүү боюнча калган шарттарды аткара турган болсо товарлар жарнак берүүчүгө кайтарылып берилет.

V. Товар чыгарууну убактылуу токтотууга

байланыштуу чыгымдарды төлөп берүү

17. Укук ээси товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин үч күндүн ичинде, эгерде андан жарнак берүүчү жана бажы складдарында сактоого сарптоолор зыян тартышы ыктымал болсо, аны жабуу үчүн акча чегерет (акча кепилдигин камсыз кылат). Акча кепилдиги бажы органдары тарабынан бажы мыйзамдарына ылайык аныкталуучу өлчөмдө чегерилет.

Эгер укук ээси ушул Жобонун 15­пунктундагы шарттарды аткарбаса, анда гарантия укук ээсине бажы складдарында сактагандыгы үчүн сарптоолорду жана товарды токтотуунун натыйжасында келип чыккан декларанттын зыяндарын эсептен чыгаруу менен кайтарылат. Ал эми эгер гарантиялардын суммасы

көрсөтүлгөн чыгымдарды жана зыяндарды жабуу үчүн жеткиликсиз болуп чыкса, анда кошумча төлөнүүгө тийиш болгон сумманын өлчөмү укук ээси менен декларанттын ортосунда макулдашуу, же сот тартибинде аныкталат.

Чыгаруу убактылуу токтотулган товарлардын контрафактуулугун маселелерин кароочу сот ошондой эле укук ээсине берилген гарантиянын тагдыры тууралуу маселени да чечет.

VI. Кыргыз Республикасынын бажы органдары берүүчү

маалыматтарга карата мамиле. Товардын бөлүгүн

жана үлгүсүн текшерүү үчүн алуу

18. Бажы органы мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жашыруун сыр же мыйзам тарабынан корголуучу бөлөк жашыруун сыр болуп эсептелген маалыматты товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кайсы товарга карата кабыл алынса ошол товардын контрафакт товар экендигин аныктоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болсо анын жашыруундугун сактоого зыян келтирбестен аны укук ээсине жана жарнак берүүчүгө бере алат.

19. Укук ээлери же жарнак берүүчүлөр алган маалымат үчүнчү адамдарга берилбейт жана ал аларга эмне үчүн берилсе ошол максатта гана пайдаланылышы керек.

20. Бажы органынын уруксаты боюнча жана анын кызмат адамынын катышуусунда укук ээси жана жарнак берүүчү товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кайсы товарга карата кабыл алынса ошол товардын бөлүгүн жана үлгүсүн ала алышат жана аларга изилдөө (экспертиза) жүргүзө алышат.

VII. Товар чыгарууну убактылуу токтотуу

жөнүндө чечимди жокко чыгаруу

21. Эгерде укук ээси товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим өз күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде товар чыгарууну убактылуу токтотуу жана (же) аны МБИнин реестринен чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылса, же болбосо ушул Жободо белгиленген өлчөмдө жана белгиленген мөөнөттө акча чегербесе, товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жокко чыгарылат.

22. Укук ээси кармалган товарга сот процесси козголгондугу тууралуу жана сот тарабынан ушул товар барымтага алынгандыгы жөнүндө далилдерди бергенден кийин товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечим жокко чыгарылышы керек. Товар чыгарууну убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысы, же болбосо анын ордундагы кызмат адамы жокко чыгарат.