عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG217

رجوع

'Өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун' Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 27- октябрындагы
№685 токтому менен бекитилген

Өнөр жай үлгүсүнө патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор
2. Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү жана берүү
3. Патент алуу боюнча Кыргызпатент менен иштөө
4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу
Тиркеме. Өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө арыз
Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун бул эрежелери "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык иштелип чыкты.

1. Жалпы жоболор

1. Түшүнүктөр жана терминдер
Эрежелер - Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;
Мыйзам - "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган;
өтүнмө - өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патентин алууга өтүнмө; Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын өнөр жай үлгүлөрүнүн
мамлекеттик реестри;
конвенциялык өтүнмө - 1883-жылдын 20-мартындагы Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына ылайык берилген, өнөр жай менчик жаатындагы эл аралык келишимдерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын
1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Декларациясы менен Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган өтүнмө. 1994-жылдын 14-февралында күчүнө кирген.
ӨЖҮЭК - Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы. Кыргыз Республикасы 1968-жылдагы Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоону белгилөөчү № 2034 Локарн макулдашуусуна "Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык классификациялоону уюштуруу жөнүндө Локарн макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын
10-декабрындагы № 2034 Мыйзамы менен кошулган.
2. Өнөр жай үлгүсүнө патент алуу үчүн өтүнмө түзүү жана берүү
2. Өтүнмө берүү
2.1. Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу жактар
Өтүнмө берүүгө жана патент алууга өнөр жай үлгүсүнүн автору(лору), жумуш берүүчү, алардын укук мураскору, анын ичинде ыйгарым укук берүү тартибинде тийиштүү укук алган жак (мындан ары - өтүнмө ээлери) укуктуу.
Патент алууга укукту өтүнмө ээси тарабынан ыйгарып берүү Кыргызпатентке өнөр жай үлгүсүн каттоодон өткөрүүгө чейин берилген өтүнмөдө же арызда бул тууралуу көрсөтүү жолу аркылуу жүргүзүлөт жана эгерде патентти алууга укукту ыйгарып берүүдө башкасы көрсөтүлбөсө, өтүнмө ээсинин укугун ыйгарып берүүсү болуп эсептелет.
Өнөр жай үлгүсүнүн автору төмөнкү учурларда өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктуу:
- эгерде өнөр жай үлгүсү кызматтык болуп эсептелбесе;
- эгерде ойлоп табуу кызматтык болуп эсептелсе, бирок автор менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишимде патент алууга автордун укугу караштырылса, же эгерде түзүлгөн кызматтык өнөр жай үлгүсү жөнүндө анын автору тарабынан кабарланган күндөн тартып төрт айдын ичинде жумуш берүүчү тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берилбесе, башка тарапка патент алуу укугун ыйгарып бербесе же авторго өнөр жай үлгүсүн жашырын сактоо женүндө билдирбесе.
Кандайдыр-бир документ менен өтүнмө берүүгө укукту тастыктоо талап кылынбайт.
2.2. Берүүнүн жол-жобосу
Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз же почта же факс аркылуу (анын оригиналы кийин берилүүгө тийиш) машинада окулуучу электрондук түрүндө (бир эле учурда кагаз түрүндө сактагычтагысын берүү менен) же башка ушул сыяктуу берүү каражаттары аркылуу жиберилет.
2.3. Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берүү
Өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү патентти алууга, ошондой эле өнөр жай үлгүсүн коргоого байланышкан иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу гана жүргүзөт, өтүнмө берүүнүн күнүн аныктоого, алым төлөөгө, конвенциялык артыкчылыкты сураган учурда мурдагы өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, мурун берилген өтүнмөнүн көчүрмөсүн берүүгө, жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорго карата Кыргызпатенттин тилкаттарын жана кабарлоолорун алууга, патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөөгө байланыштуу жол-жоболордон башкасында, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер тарабынан белгиленген мыйзам тартибинде башка тартип белгиленбесе.
3. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө
3.1. Өнөр жай үлгүсү жана анын түрлөрү
Өнөр жай үлгүлөрүнө анын сырткы түрүн аныктоочу сүрөтүү-конструктордук буюмдардын чечими таандык.
Буюм - бул өнөр жай же кустардык түрдө өндүрүлгөн предмет.
Өнөр жай үлгүлөрү көлөмдүү, тегиздиктүү же алардын айкалышында болушу мүмкүн.
Көлөмдүү өнөр жай үлгүлөрү анын негизинде көлөмдүү-мейкиндикдүү түзүм жаткан композиция болуп эсептелет, мисалы, станоктун, айыл чарба машинасынын, мотоциклдин, асма кайыктын моторунун ж.б. сырткы көрүнүшүн аныктоочу көркөм-конструктордук чечимдер.
Тегиздиктүү өнөр жай үлгүлөрү элементтердин сызыктуу-графикалык катышы менен мүнөздөлөт жана көлөмгө ээ эмес, мисалы килемдин, жоолуктун, кездеменин ж.б. сырткы көрүнүшүн аныктоочу көркөм-конструктордук чечимдер.
3.2. Өнөр жай үлгүсү деп таанылбаган чечимдер
Өнөр жай үлгүлөрү деп төмөнкүлөр таанылбайт:
- буюмдун техникалык милдети менен гана шартталган чечимдер;
- өнөр жайлык, гидротехникалык жана башка стационардык имараттардын архитектура объектилери (чакан архитектуралык формалардан башка);
- басма продукция;
- суюктук, газ түрүндөгү, чубурма же ага окшош заттардын туруктуу эмес формаларынын объектилери;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана морал принциптерине каршы келген буюмдар.
3.3. Өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүк талаптары
Өтүнмө бир өнөр жай үлгүсүнө же өнөр жай үлгүлөрүнүн биримдүүлүк талабын канааттандыргандай өз ара байланышкан өнөр жай үлгүлөрүнүн тобуна таандык болууга тийиш.
Бир өнөр жай үлгүсү деп айрым бир буюмдукундай эле жалпы арналышы бар (мисалы эмерек гарнитуру, сервиз ж.б.) буюмдардын комплектинин көркөм- конструктордук чечимдери да түшүндүрүлөт.
Айрым буюм деп бүтүн буюм сыяктуу эле (мисалы, автомобиль), анын бөлүгү болуп эсептелүүчү (мисалы, бампер, фара) буюм да түшүндүрүлөт.
Өнөр жай үлгүлөрүнүн тобу (мындан ары варианттар) деп бир эле буюмдун (комплекттин) бирдей эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу маанилүү белгилердин жыйындысы боюнча айырмаланган көркөм- конструктордук чечимдер түшүндүрүлөт.
3.4. Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмөнүн курамы
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- өнөр жай үлгүсүнүн авторун (авторлорун) жана анын (алардын) атына патент суралган жакты, ошондой эле алардын жашаган жерин же турган ордун көрсөтүү менен патент берүү жөнүндө арыз;
- буюмдун сырткы көрүнүшү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин толук элесин берүүчү буюмдун (макеттин) сүрөттөлүштөрүнүн комплекти;
- буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесин, эргономикалык схемасын, конфекциялык картасын, эгерде алар өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачуу үчүн зарыл болсо;
- өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасын;
- анын маанилүү белгилеринин тизмесин.
3.5. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер
1) Өтүнмөгө белгиленген өлчөмдө, өтүнмө бергендиги үчүн алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ, же өтүнмө берүүдө көрсөтүлүшү мүмкүн болгон, же өтүнмө берген датадан тартып эки айдын ичинде кошумча алым төлөө шартында алым төлөөдөн бошотуу үчүн, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз тиркелет.
Белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн документтер берилбесе өтүнмө кайра чакыртылып алынды деп таанылат.
2) Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун тастыктаган, ылайыктуу түрдө
таризделген ишенимкат же ылайыктуу түрдө күбөлөндүрүлгөн ишенимкаттын көчүрмөсү тиркелет.
Кыргыз Республикасында таризделген Кыргызпатенттин астындагы өкүлчүлүккө ишенимкат жөнөкөй жазуу түрүндө жазылат жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары таризделген ишенимкат ал жазылган өлкөнүн мыйзамдарында караштырылган тартипте жана мөөнөткө түзүлөт, ал эми анын ишенимдүүлүгүнөн шек саноо пайда болгон учурда - Кыргызпатенттин талабы боюнча Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп эсептелинген, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер же өз ара пайдалуулук принцибинин негизинде мыйзамдаштыруу талап кылынбаган учурдан тышкары учурларда Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде мыйзамдаштырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүнө ишеним кат Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ушул жактын өзү тарабынан, ошондой эле өтүнмө ээси тарабынан берилген ылайыктуу ишеним каты бар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилиши мүмкүн. Акыркы учурда эскертилген эки ишенимкат же талаптагыдай түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү берилет.
Ишенимкат төмөнкү шарттарга жооп берүүгө тийиш:
- ишенимкатка аны берген жак кол коюусу керек;
- ишенимкат патенттик ишенимдүү өкүл катарында Кыргызпатентте катталган жеке жактын атына берилет;
- ишенимкатта патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укугунун көлөмү көрсөтүлүшү керек;
- ишенимкатта анын жазылган күнү көрсөтүлүшү керек, ансыз ал жараксыз. Эгерде ишенимкат Кыргызпатентте катталган бир нече патенттик ишенимдүү
өкүлдөрдүн атына жазылса, анда өтүнмө боюнча патент алуу иштери алардын
кимиси тарабынан болбосун жүргүзүлөт.
Ишенимкаттагы ыйгарым укуктарга ээ болгон патенттик ишенимдүү өкүлдүн кайсы гана иш-аракети болбосун өтүнмө ээсинин аракети катары бааланат.
3) Конвенциялык артыкчылыкты сураган өтүнмөгө (мындан ары - конвенциялык өтүнмө) өтүнмөнүн Кыргызпатентке түшкөн күнүнөн төрт айдан кеч эмес берилген өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышучу- мамлекетинде өтүнмө ээси тарабынан берилген биринчи өтүнмөнүн (мындан ары
- биринчи өтүнмө) көчүрмөсү тиркелет. Эгерде биринчи өтүнмөлөрдөн бир нече болсо, бардык өтүнмөлөрдүн көчүрмөсү тиркелет.
Биринчи өтүнмө түшкөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин, бирок алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин эки айдан кеч эмес мөөнөт ичинде келип түшкөн өтүнмө боюнча конвенциялык артыкчылыкты суроодо өтүнмөгө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ жана көрсөтүлгөн алты айлык мөөнөттө өтүнмө берүүгө тоскоол болгон жагдайлардын өтүнмө ээсине көз каранды эместигин көрсөткөн жана бул жагдайлардын болгондугун тастыктаган документ тиркелет, эгерде алар Кыргызпатентке белгилүү экендигин болжолдоого негиз жок болсо.
Конвенциялык артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүч өтүнмө берүүдө
(патент берүү жөнүндө арыздын ылайыктуу графасында көрсөтүлөт) же
Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
3.6. Өтүнмөнүн тили
Патент алуу жөнүндө арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн башка документтери, ошондой эле өтүнмөнү эксперттөөсүнүн жүрүшүндө берилүүчү документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелет.
Мамлекеттик же расмий тилге котормосу өтүнмө ээси тарабынан өтүнмө Кыргызпатентке берилген датадан үч айдан кеч эмес убакыт ичинде берилүүгө тийиш.
Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча көрсөтүлгөн материалдарды берүү мөөнөтү ал бузулган учурда узартылышы же калыбына келтирилиши мүмкүн, жүйөлүү себептердин бар экендиги тастыкталганда жана ылайыктуу алым төлөнгөндө.
3.7. Нускалардын саны
Арыз эки нускада берилет.
Сыпаттама, жалпы көрүнүштүн чиймелери эки нускада көрсөтүлөт.
Буюмдун (макеттин) жалпы көрүнүшүнүн сүрөттөлүшү алты нускада, башка сүрөттөлүштөр - эки нускада берилет.
Калган документтер бир нускада берилет.
4. Өтүнмөнүн документтеринин мазмуну
4.1. Патент берүү жөнүндө арыз
1) Патент берүү жөнүндө арыз ушул Эрежелердин тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.
Эгерде кандайдыр бир маалыматтарды тиешелүү графаларда жайгаштыруу мүмкүн болбосо алар кошумча баракта ошол эле формада арыздын тиешелүү: "кошумча баракта тиркемени кара" графасын көрсөтүү менен көрсөтүлөт.
2) "Арыз" деген сөздүн астында жайгашкан арыздын графалары Кыргызпатентке түшкөндөн кийин маалымдаректерди киргизүү үчүн арналган жана өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.
3) Кыргыз Республикасынын патентин алуу жөнүндө өтүнүчтү камтыган графада "атына" деген сөздөн кийин патент суралуучу жак жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтар берилет: көрсөтүлгөн тартипте жеке жактын (жактардын) аты-жөнү (же атасынын аты, эгерде ал бар болсо), же юридикалык
жактын расмий аталышы (уюштуруу документине ылайык), ошондой эле өлкөнүн расмий аталышын жана дарегин камтуу менен, ылайыгына жараша алардын жашаган жери, турган орду келтирилет.
Мындан ары ушул эле графада 71 кодунун астында өтүнмө ээси (өтүнмө ээлери) жөнүндө жогорудагыга окшош маалыматтар берилет. Өнөр жай үлгүсүнүн авторлору болуп эсептелүүчү өтүнмө ээлеринин жашаган жери жөнүндө маалымат бул графада берилбейт, ал 97 коддун астындагы графада гана баяндалат.
Патент суралган Кыргыз Республикасынын уюмдары жана мекемелери үчүн Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификациясынын (ИУЖК) коду көрсөтүлөт. Эгерде ИУЖК коду белгиленбесе тиешелүү жерде "белгиленген эмес" деп көрсөтүлөт.
Патент атына суралган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) SТ.3 стандарты боюнча өлкөнүн коду көрсөтүлөт (эгерде ал белгиленсе).
Эгерде патент атына суралуучу жактардын жана/же өтүнмө ээлеринин саны бир нече болсо, көрсөтүлгөн маалыматтар алардын ар бири үчүн берилет.
Эгерде патент өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) атына суралган болсо, мындай учурда патент атына суралып жаткан жак (жактар) жөнүндө маалыматтардын ордуна "атына" деген сөздөн кийин: "өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин)" деген сөздөр көрсөтүлөт.
4) Артыкчылыкты белгилөө жөнүндө өтүнүчтү камтыган графа Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан мурдараак артыкчылык суралган учурда гана толтурулат. Мындай учурда тийиштүү чакмакта "X" белгисин коюу менен артыкчылыкты суроо үчүн негиздер белгиленет жана төмөнкүлөр көрсөтүлөт: анын негизиндеги мурунку өтүнмөнүн номери, же артыкчылык сурала турган кошумча материалдар жана артыкчылык суроонун датасы (мурунку өтүнмө же ал боюнча кошумча материалдар берилген күнү).
Эгерде артыкчылык мурун берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде суралса, бардык өтүнмөлөрдүн номери жана тийиштүү учурларда, суралган артыкчылыктын бир нече датасы көрсөтүлөт.
Конвенциялык артыкчылыкты суроодо ИМБДУнун SТ.3 стандарты боюнча биринчи өтүнмө берген өлкөнүн коду көрсөтүлөт.
5) 54 кодунун астындагы графада өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат, ал анда келтирилген сыпаттамага дал келиши керек.
6) 98 кодунун астындагы графада тез почтолук жеткирүүнүн кадимки талаптарын канааттандырууга тийиш болгон кат жазышуу үчүн дарек, адресаттын аты же аталышы, телефону, электрондук почта дареги е-mail (мындан ары - е- mail), факстын номери (эгер ал бар болсо) келтирилет.
Кат жазышуу үчүн дарек катары Кыргыз Республикасында жашаган өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин ичинен биринин) - жеке жактын жашаган жеринин дареги же өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын Кыргыз Республикасында турган ордунун дареги же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдүн жүргөн жеринин дареги же Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка дарек көрсөтүлүшү мүмкүн.
7) Өтүнмө берилгенге чейин өтүнмө ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүл дайындалган учурда гана толтурулуучу 74 кодунун астындагы графада ал тууралуу маалыматтар берилет: фамилиясы, аты-жөнү, Кыргызпатентте катталган номери, Кыргыз Республикасында жүргөн жеринин дареги, телефону, е-mail, факсы (эгерде ал бар болсо) келтирилет.
8) "Тиркелүүчү документтердин тизмеси" деген графа тиркелген документтердин ар бир нускасында тийиштүү чакмакта "X" белгисин коюу жана нускалар менен барактардын санын көрсөтүү менен толтурулат. Арыздын формасында алардын түрү караштырылбаган тиркелүүчү документтер үчүн ("башка документ") алардын конкреттүү арналышы көрсөтүлөт.
9) "Өтүнмө берүүгө жана патент алууга укуктун пайда болушу үчүн негиз" деген графада "X" белгисин коюу менен өтүнмө берүү жана патент алуу үчүн ылайыктуу негиз (негиздер) белгиленет. Көрсөтүлгөн графа качан өтүнмө ээлеринин курамы авторлордун курамына дал келген учурдан тышкары, патент өтүнмө ээсинин (өтүнмө ээлеринин) атына суралганда толтурулат.
10) 72, 97 коду астындагы графаларда өнөр жай үлгүлөрүнүн автору (авторлору) жөнүндө маалыматтар келтирилет: фамилиясы, аты-жөнү, (эгерде ал бар болсо), өлкөнүн аталышы (ИМБДУ SТ.3 стандарты боюнча коду) жана жашаган жеринин дареги.
11) Эгерде автор патент алууга укукту ыйгарып берсе, 97 деген коду бар графанын оң жагындагы графада анын колу жана датасы келтирилет.
12) 72 жана 97 коддоруна ээ болгон графалардын астында түздөн-түз жайгашкан графа автор (авторлор) патент алуу жөнүндө маалыматты жарыялоодо автор (авторлор) катары аны (аларды) эскертпөөнү суранган (суранышкан) учурда гана толтурулат. Мындай учурда кереги жогу чийилет, жарыялоодо эскертпөөнү каалаган авторлордун ар биринин фамилиясы, аты-жөнү (эгерде ал бар болсо) берилет, жана алардын колдору коюлат.
13) Арыздын экинчи барагынын акыркыдан мурдагы графасы патент алуу укугу автордун укук мураскоруна өткөрүлүп берилген учурда гана толтурулат. Анда мындай укук мураскору жөнүндө маалыматтар берилет: жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жеринин дареги же юридикалык жактын расмий аталышы жана жайгашкан жеринин дареги датасын коюу менен кол коюулуп бекитилип (автордун укук мураскору юридикалык жак болуп эсептелсе, жетекчинин колу коюлат) келтирилет.
14) Арыздын акыркы "Колу" деген графаны кол коюу күнүн көрсөтүү менен толтуруу бардык учурларда милдеттүү. Арызга өтүнмө ээси тарабынан ошондой эле анын атына патент суралуучу адам тарабынан кол коюлат, эгерде ал өтүнмө ээси болуп эсептелбесе. Юридикалык жактын атынан арызга анын кызмат ордун көрсөтүү менен уюмдун жетекчисинин колу коюлат. Колу мөөр менен бекемделет.
Патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу өтүнмө берилгенде арызга патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу коюлат.
15) Жогорудагы 13 жана 14 пунктчаларында көрсөтүлгөн арыздын графаларындагы колдор кол койгон жактын атын жана атасынын атын чечмелөө менен көрсөтүлөт.
16) Кошумча баракта тигил же бул маалыматтарды келтирүүдө ага ушул эле тартипте кол коюлат.
Ар бир кошумча баракта өтүнмө ээсинин же патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу милдеттүү түрдө бар болууга тийиш.
4.2. Буюмдун, макеттин сүрөттөлүштөрүнүн комплекти
Буюмдун сырткы көрүнүшүн чагылдыруучу сүрөттөлүштөр билдирилген өнөр жай үлгүсү жөнүндө сүрөттөлүш маалыматты камтыган негизги документ болуп саналат.
Сүрөттөлүштөр укуктук коргоонун көлөмүн аныктоочу анын маанилүү белгилеринин жыйындысын табууга мүмкүндүк берүү менен, буюмдун сырткы көрүнүшү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин толук көрсөтүп турууга тийиш.
Буюмдун сүрөттөлүшү деп көбөйтүүчү техниканын жардамы менен алынган фотосүрөттөр, сүрөттөр жана алардын көчүрмөсү, ошондой эле компьютердик графиканы пайдалануу менен аткарылган сүрөттөөлөр түшүндүрүлөт.
4.3. Сүрөттөлүштөргө талаптар
1) Өтүнмө, эреже катары, буюмдун сырткы көрүнүшүнүн 3/4 ракурсунда алдыңкы бетинин, оң, сол жактарынын жана арткы көрүнүштөрүн, ал эми зарыл учурда үстүнөн жана астынан тартылган буюмдун жалпы көрүнүшүнүн ак-кара сүрөттөлүшүн камтууга тийиш.
Тегиздиктүү өнөр жай үлгүсү үчүн көрүнүш планда берилет.
Текстиль буюмдарынын тегиздиктүү өнөр жай үлгүсү сүрөттөлүштө кайталануучу раппорт менен чагылдырылууга тийиш.
Буюмдардын комплекти (топтому) жалпы көрүнүштүн сүрөттөлүшүндө толук, б.а. комплектиге (топтомго) кирүүчү бардык буюмдар менен көрсөтүлүшү керек. Андан тышкары, комплектиге (топтомго) кирген ар бир буюм өз алдынча сүрөттөлүштөрдө кошумча көрсөтүлөт. Өзгөчө учурларда, буюмдун комплекти (топтому) толук курамда жалпы көрүнүштүн бир сүрөттөлүшүндө көрсөтүлө албай калса, өз алдынча сүрөттөлүштөрдө комплектинин (топтомдун) фрагменттерин көрсөтүүгө жол берилет.
Өнөр жай үлгүсүнүн ар бир варианты сүрөттөлүштөрдүн өз алдынча комплекти менен көрсөтүлүшү керек.
Жабылуучу, бүктөлүүчү, ташылуучу ж.у.с. буюмдар ушул буюмдардын сүрөттөлүштөрү менен ачык түрүндө (маселен, муздаткычтар, телефон будкалары) же кураштырылган чогултулган түрдө (маселен, ашкана комбайндары, чаң соргучтар) көрсөтүлүшү керек.
2) Түстүү графикалык (көркөм-колориялык) чечим өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин бири болуп саналган учурда, буюмдун жалпы көрүнүшүнүн түстүү бир сүрөттөлүшү, слайды же түстүк чечилиш схемасы тиркелиши керек.
3) Сүрөттөлүштөр ачык жана даана болушу керек.
Эгерде буюм фотосүрөттө көрсөтүлсө, ал бир кылка жарыктандырууда, эреже катары нейтралдуу фонддо башка буюмдарсыз тартылышы керек. Өнөр жай үлгүсүнүн айрым деталдары фотосүрөттө жарыктандырууда гана эмес, көлөкө жагынан дагы жакшы көрүнүшү керек.
4.4. Сүрөттөлүштүн өлчөмү
Сүрөттөлүш 18х24см өлчөмүндө көрсөтүлөт.
Тышөлчөмү боюнча чоң эмес буюмдар же макеттер, мисалы, колго тагылуучу (чөнтөк) сааттар, микрокалькуляторлор, чөнтөк зажигалкалар ж.у.с. үчүн сүрөттөлүш 13x18 же 9x12 см өлчөмүндө көрсөтүлүшү керек.
4.5. Номерлөө
Сүрөттөлүшкө төмөндөгүдөй тартипте номер коюлат: жалпы көрүнүш, башка көрүнүштөр, түстүү сүрөттөлүш, жакын аналогунун сүрөттөлүшү (эгерде ал өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлсө).
Бир көрүнүштөгү сүрөттөлүшкө бир номер коюлат.
4.6. Жазуулар
Сүрөттөлүштүн арткы бетине ырааттуу түрдө өйдөдөн төмөн карай сүрөттөлүштүн номери, өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, ошондой эле "жалпы көрүнүшү", "капталынан көрүнүшү", "алдынан көрүнүшү", "артынан көрүнүшү", "үстүнөн көрүнүшү" ж.у.с. түшүндүрмөсү көрсөтүлөт.
Жакын аналогу катары (аны өтүнмө ээси көрсөткөн учурда) тандалган буюмдун сүрөттөлүшүнүн арткы бетине сүрөттөлүштүн номери жана буюмдун аталышынан сырткары "жакын аналогу" түшүнүгүн берүү зарыл.
4.7. Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасы
Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасы сүрөттөлүштө чагылдырылган буюмдун сырткы көрүнүшүн оозеки түрдө ачып берүүгө тийиш.
4.8. Сыпаттаманын түзүмү
Сыпаттама өнөр жай үлгүсүнүн аталышы менен башталат, ал эми билдирилген өнөр жай үлгүсүнө таандык болгон ӨЖҮЭКнын колдонулуп жаткан редакциясынын рубрикасынын индексин белгилөө учурунда, - бул рубриканын индекси төмөндөгүдөй бөлүктөрдү камтыйт:
- өнөр жай үлгүсүнүн арналышы жана колдонуу тармагы;
- өнөр жай үлгүсүнүн аналогдору;
- сүрөттөлүштөрдүн жана өнөр жай үлгүсүн иллюстрациялаган башка көрсөтүлгөн материалдардын тизмеси (чийме, эргономикалык чийме, конфекциялык карта - аларды көрсөтүү учурунда);
- өнөр жай үлгүсүнүн маңызы;
- өнөр жай үлгүсүн бир нече жолу кайта өндүрүү мүмкүнчүлүгү;
- өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси.
4.9. Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы
Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы анын арналышын мүнөздөп туруусу керек жана ӨЖҮЭКга, айрым учурларда - жалпы кабыл алынган тармактык терминологияга ылайык келүүгө тийиш.
Анча белгилүү эмес жана жаңы арналыштагы өнөр жай үлгүсүнүн аталышы анын колдонуу тармагына көрсөтүүнү камтышы керек.
Аталышка өтүнмө ээсинин суранычы боюнча автордун аты, ошондой эле өтүнмө ээси сунуштаган атайын аталыш киргизилиши мүмкүн.
Аталышка жарнамалык маалыматтарды, оозеки товардык белгилер менен же массалык товарлардын кабыл алынган кыскартылган белгилери менен дал келүүчү тамгалардын же сөздөрдүн айкалыштарын, ошондой эле жергиликтүү же жаргондук терминдерди киргизүүгө болбойт.
Өнөр жай үлгүсүнүн аталышы жекелик санда баяндалуусу керек, качан ал жекелик санда пайдаланылбаган учурдан, же качан жуп буюмдардын аталыштары жөнүндө сөз болгон учурлардан тышкары.
Варианттарга таандык болгон өнөр жай үлгүлөрүнүн топторунун аталыштары, кашаада "варианттар" деген сөздү көрсөтүү менен кошумчаланган топтун бир өнөр жай үлгүсүнүн аталышын камтыйт. Маселен, "Кресло (3 варианты)".
4.10. Сыпаттоо бөлүгүнүн мазмуну
Өнөр жай үлгүсүнүн арналышы жана колдонуу тармагы Сыпаттаманын бул бөлүгүндө билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн арналышы жана колдонуу тармагы жөнүндө маалыматтар келтирилет, ошондой эле аны пайдалануунун артыкчылыктуу тармагы көрсөтүлөт. Бөлүктү: "...өнөр жай үлгүсү билдирилет" же "...сырткы көрүнүшүнүн көркөм-конструктордук чечими билдирилет" деген сөздөр менен баштоо керек.
4.11. Өнөр жай үлгүсүнүн аналогдору
Сыпаттаманын бул бөлүгүндө табылган аналогдордун (окшошторунун) мүнөздөмөсү келтирилет жана алардын кайсынысы билдирилген өнөр жай үлгүсүнө эң жакын болуп эсептеле тургандыгы көрсөтүлөт (эң жакын окшошу).
Өнөр жай үлгүсүнүн аналогдору - бул анын артыкчылык датасына чейин жалпыга таанымал болуп калган, билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн арналышындагы буюмдун сырткы көрүнүшүнө таандык болгон, аны менен маанилүү белгилери боюнча окшош көркөм-конструктордук чечимдин маалыматтарынын ичинен белгилүүлөрү.
Бул бөлүктө аналогдорду (окшошторду) мүнөздөөдө, ал таандык болгон көркөм конструкциялоо тармагынын өнүгүү тенденциялары чагылдырылат. Аналогдорду мүнөздөөдө муну менен продукцияга же технологиялык процестерге, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө, патенттерине карата тоотпостук пикирлерге жол бербестен, белгилүү көркөм-конструктордук чечимдердин кемчилдиктерин көрсөтүүгө болот.
Бул бөлүктө ошондой эле келтирилген аналогдорду камтуучу маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары көрсөтүлөт.
Эң жакын аналог - маанилүү белгилеринин жыйындысы боюнча билдирилген өнөр жай үлгүсүнө кыйла окшош аналог.
Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары болгон учурда, эгерде аналогдордун ичинен бири бир эле убакта бардык варианттар үчүн өтө жакын болуп саналбаса, алардын ичинен ар бири үчүн өтө жакын аналог көрсөтүлүшү мүмкүн.
Буюмдардын топтомунда (комплектисинде) ишке ашырылган өнөр жай үлгүсү үчүн баарыдан мурда бүтүндөй топтомго (комплектиге) тиешелүү болгон эң жакын аналог табылат. Эгерде бирдиктүү жакын окшоштук табылбаса, мындай учурда, эң жакын аналог катарында, ар бири топтомду (комплектини) түзүп туруучу буюмдардын бирине окшош болгон (топтолгон эң жакын аналог) буюмдардын бир нече көркөм-конструктордук чечимдерин келтирүүгө жол берилет.
4.12. Өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүштөрүнүн жана өнөр жай үлгүсүн иллюстрациялоочу башка материалдардын тизмеси
Бул бөлүктө эгерде алар көрсөтүлгөн болсо, алардын номерленишине ылайык сүрөттөлүштөр, ошондой эле чиймелер, схемалар, конфекциялык карталар, слайддар аталып чыгат жана алардын ар биринде эмне сүрөттөлгөндүгүнө кыскача көрсөтмө келтирилет.
4.13. Өнөр жай үлгүсүнүн маңызы
1) Өнөр жай үлгүсүнүн маңызы өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн анын эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрү менен буюмдун сырткы көрүнүшүн аныктаган, анын маанилүү белгилеринин сүрөттөлүшүндө көрсөтүлгөн жыйындысы менен мүнөздөлөт.
Белги маанилүүгө таандык болот, эгерде ал ушундай өзгөчөлүктөргө ээ болгон буюмдун сырткы көрүнүшүн түзүүгө таасир этсе.
Өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачуу үчүн, сүрөттөлүштөрдө көрсөтүлгөн анын маанилүү белгилеринин жыйындысынын оозеки сыпаттамасы аларга (ошондой эле буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймесине, эргономикалык схемасына, конфекциялык картасына, эгерде алар бар болсо) шилтемелерди келтирүү менен көрсөтүлөт.
Мында эң жакын аналогунан айырмалануучу болуп эсептелген билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилери бөлүнүп көрсөтүлөт.
Ошондой эле, билдирилген өнөр жай үлгүсү ишке ашырылган буюмдун эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрү белгиленет жана көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөргө ээ болгон буюмдун сырткы көрүнүшүн түзүүгө карата маанилүүлөргө кирген белгилердин таасири түшүндүрүлөт, эгерде бул анык эмес болсо.
Аны башкалардын катарынан айырмалоочу, буюмдун эстетикалык өзгөчөлүгү конфигурация, оймо-чийме, түстөрдүн айкалышы жана алардын комбинациясы түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.
Эстетикалык (эргономикалык) өзгөчөлүктөр, маселен, төмөндөгүлөрдөн улам көрсөтүлүшү мүмкүн:
- композициянын (чоң аралыкка ээ болгон объект үчүн) элементтерин кабылдоонун ырааттуулугуна өбөлгө түзүүчү эң башкысынын айланасындагы бардык белгилерди бириктирүүнүн аркасында бөлүктөрү менен кошо камсыз болуудан улам;
- механизмдерди жөнгө салуу зонасына толук жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандан (автомобилде орнотулган энергоагрегат үчүн);
- машинанын күчүн жана кубаттуулугун билдирген образ түзүлгөн (экскаватор үчүн);
- көрүп таасирленүү образы машинанын өндүрүштүк эмес, тиричилик мүнөзүн чагылдырат (багбанчылык-огороддук кичи-трактор үчүн).
Сыпаттаманын ушул эле бөлүгүндө анын сырткы көрүнүшүнүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен шартталган буюмдун жакшы жактары көрсөтүлүшү керек.
2) Приборлордун, станоктордун жана ушуга окшогон көлөмдүү өнөр жай үлгүлөрүнүн сырткы көрүнүшүн сыпаттоодо эргономикалык өзгөчөлүктөрүн тастыктоо үчүн, өнөр жай үлгүсү катарында билдирилген буюмдун ишин жана/же пайдаланылышын, түйүндөрдүн жана деталдардын кыйла маанилүү композициялык жана функционалдык элементтеринин өз ара аракеттерин мүнөздөө керек.
Маселен, эгерде өтүнмө ээси эргономикалык өзгөчөлүк катары отургучту (оператордун жумуш орду үчүн) жөнгө салуунун эсебинен башкаруу органдарынын толук кол жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну көрсөтсө, анда отургучтун кол жетүү аймагы жана жөнгө салуу диапазону белгиленген эргономикалык схемага шилтеме келтирилиши керек.
Эгерде эргономикалык өзгөчөлүктөр эки же бир нече буюмдун ишин бириктирүүгө мүмкүндүк берүүчү буюмдун трансформацияланышынан турса, анда мүмкүн болуучу трансформация жалпы көрүнүштүн кошумча сүрөттөлүшүндө көрсөтүлүшү керек. Сыпаттамада муну менен конструктивдүү өзгөчөлүктөрдү, кошумча элементтерди ж.б. мүнөздөө менен, буюмду трансформациялоо кандайча жүзөгө ашырыла тургандыгын көрсөтүү керек.
Трансформация кылынган өнөр жай үлгүсүнүн мисалы болуп "араба-сумка" саналышы мүмкүн.
3) Комплектини (топтомду) сыпаттоодо жалпы арналышты ишке ашыруучу милдеттерди аткаруучу анын курамына кирүүчү бардык буюмдар көрсөтүлөт. Буюмдардын комплектинин (топтомдун) бардык элементтеринин көркөм- конструктордук чечими бирдиктүү образдууну, мисалы, форма түзүүнүн пластикалык жана/же стилистикалык принциптерин пайдалануу менен аткарылышы керек.
4) Өнөр жай үлгүсүнүн маңызын ачууда аны ишке ашыруунун ар кандай формаларын мүнөздөөчү альтернативдик түшүнүк түрүндөгү белгини түшүндүрүүгө жол берилбейт. Эгерде белгини ишке ашыруунун ар түрдүү формалары башка белгилердин жыйындысында буюмдун ошол эле эстетикалык жана/эргономикалык өзгөчөлүктөрү менен сырткы көрүнүшүн аныктаса, анда ишке ашыруунун көрсөтүлгөн формаларынын ичинен бирөөнү гана мүнөздөөчү белги алардын ар бирине белги таандык болгон өнөр жай үлгүсүнүн варианттары сыпатталат.
5) Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары бар болсо, бардык варианттар үчүн өтө жакын болуп ошол эле аналог саналган жана варианттар бул аналогдон айырмалоочу белгилери менен гана айырмаланган учурларда, варианттардын ичинен бирөөсүнүн маанилүү белгилеринин жыйындысы толугу менен сыпатталат, ал эми калгандарынын ар биринин маанисин ачуу толук сыпатталган вариантынан алардын айырмачылыктарын сыпаттоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Башка учурларда өнөр жай үлгүсүнүн билдирилген ар бир вариантынын мааниси ушул пункттун 1-3-пунктчаларында баяндалгандарга ылайык толугу менен ачылат.
4.14. Көркөм-конструктордук чечимдерди мүнөздөө үчүн колдонулуучу белгилер
1) Анын негизинде өнүккөн көлөмдүк-мейкиндиктик түзүм жаткан (маселен, станок, айыл чарба машинасы, мотоцикл ж.у.с.) татаал композициядагы буюмдун көркөм-конструктордук чечимдерин мүнөздөө үчүн, атап айтканда төмөндөгүдөй белгилер пайдаланылат:
- композициялык элементтердин бар болушу;
- элементтердин өз-ара жайгашуусу;
- композициялык элементтердин формасы.
2) Моноблоктук композициялары бар (маселен, телевизор, радиокабылдагыч, щиттик прибор, кутуча) буюмдардын көркөм-конструктордук чечимин ошондой эле элементардык геометриялык көлөмдөрдүн катышынан тургузулган чечимдерди (маселен, эмерек секциялык блок) мүнөздөө үчүн, атап айтканда төмөндөгүдөй белгилер пайдаланылат:
- композициялык элементтердин курамы жана бөлүштүрүлүшү;
- эреже катары, буюмдун фронталдык бетинде жайгашкан бул элементтердин пластикалык, графикалык, түстүк жана фактуралык чечими.
3) жалпак композицияга ээ болгон (маселен, кездеме, косынка, жоолук) көркөм- конструктордук чечимдердин мүнөздөмөсү үчүн, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:
- оймо-чийме элементтеринин сызыктуу-графикалык катышы;
- колориттик чечим;
- фактуранын мүнөзү (кездеменин жиптеринин айкалышып согулушу).
4) Кийимдин көркөм-конструктордук чечиминин мүнөздөмөсү үчүн, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:
- моделдин көлөмдүү мүнөздөмөсү болуп саналган форма;
- бөлүктөрдүн өз ара дал келишин аныктоочу пропорциялар;
- моделдин жалпактыгын мүнөздөөчү болуп саналган силуэт;
- кандайдыр элементтердин шайкеш кезектешүүсүн аныктоочу ритм;
- майда-бараттар, б.а. кийимдин кайсы жерине болбосун бетине коюлуучу элементтер, алардын формасы;
- жасалгалар, б.а. буюмдун утилитардык колдонуу көз карашынан функционалдык мааниге ээ эмес, моделди чечүүдө кооздогуч роль ойногон, аны колдонуу бир эле мезгилде технологиялык ык (маселен, кийимдин четтерин иштеп чыгуу, деталдарды бириктирүүчү тигишти бекитүү ж.у.с.) болуп саналышы мүмкүн болгон элемент;
- анын айрым бөлүктөрүн бириктирүү жана ажыратуу үчүн буюмдун түзүмүнө кирүүчү, ошондой эле элементтин кооздогуч ролун аткаруучу фурнитура (топчулар, илмектер ж.у.с.);
- кездеме.
5) Бут кийимдин көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн, ошону менен бирге төмөндөгүдөй белгилер колдонулат:
- калыптын форма түзүүчү элементтери, б.а. бут кийимдин тышы жана ичи (бут кийимдин башы, ортосу, апкыты, кончу, таманы);
- бул элементтердин формасы;
- алардын өз ара жайгашышы;
- материал;
- майда-бараттарынын жасалгасы;
- фурнитура;
- түс.
6) Ылайыктуу буюмдардын көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн колдонулуучу белгилерден тышкары, буюмдардын комплектилеринин (топтомдорунун) көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсү үчүн, атап айтканда төмөндөгүлөрдү чагылдыруучу белгилер колдонулат:
- бөлүктөрдүн өз-ара аракеттешүү мүнөзү;
- элементтердин кошо баш ийүүчүлүгү;
- баштапкы элементтердин өзү сыяктуу жана бул элементтерди колдонуунун негизинде түзүлгөн ошол буюмдардын, ошондой эле бүтүндөй бардык комплектинин (топтомдун) пропорционалдык түзүлүшү;
7) Сырткы көрүнүшү эки: жабык (жыйналган) жана ачык абал менен аныктала турган буюмдун (маселен, шкафтар, муздаткычтар, жабык корпустагы приборлор, телефон будкалары ж.у.с.), көркөм-конструктордук чечимдеринин мүнөздөмөсүндө, буюмдун тышкы көрүнүшүнүн ошондой эле ички көлөмүнүн иштелмелери дагы белгилер боло алат.
8) Көркөм-конструктордук чечимди мүнөздөөдө белги ошондой эле буюмдун же анын элементинин сырткы көрүнүшүнүн башка арналыштагы белгилүү буюмдун сырткы көрүнүшүнө дал келишине көрсөтүү жолу менен дагы көрсөтүлүшү мүмкүн.
4.15. Өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайра өндүрүү мүмкүндүгү
Сыпаттаманын бул бөлүгүндө өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайра өндүрүү мүмкүндүгүн далилдөө үчүн, технология жана буюмду даярдоо мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар (корпустук деталдарды даярдоо үчүн колдонулуучу негизги материалдар, бул деталдарды даярдоонун технологиясы, декоративдик жасалгалоонун түрлөрү, колдонулуучу технологиялык жабдуулар жана өнөр жай үлгүсүнүн көп жолу кайра өндүрүмдүүлүгүн тастыктоочу зарыл болгон башка маалыматтар) келтирилүүгө тийиш.
4.16. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси
1) Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, өнөр жай үлгүсүнө патент менен берилүүчү, суралган укуктук коргоонун көлөмүн аныктоочу сүрөттөлүштөгү маанилүү белгилердин жыйындысында көрсөтүлгөн окшош түшүндүрмө үчүн арналган.
Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине Мыйзамдын 7-беренесинин алтынчы бөлүгүндө караштырылган белгилер кирет.
2) Тизмеге эреже катары, өнөр жай үлгүсүнүн маанилерин ачуудагыга караганда кыйла кыска формулировкаланган, маанилүүлөргө алып барылган бардык белгилер киргизилет.
3) Тизмеге киргизилген белгилер, аны ачууда пайдаланылган өнөр жай үлгүсүнүн маңызын көрсөткөн түшүнүктөрдү билдирүүсү керек.
4) Буюмдун сырткы көрүнүшүн мүнөздөөдө анын ташымдуулугуна, абалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен форманын элементтеринин аткарылышына ж.у.с. көрсөтүүлөргө жол берилет.
5) Өнөр жай үлгүсүнүн белгилери тизмеде аларды буюмдун (макеттин) сүрөттөлүшүнүн элементтери менен бирдейлештирүү үчүн алар мүнөздөлгөн түшүнүктөрдүн маанилик мазмунунун адистер тарабынан бир мааниде түшүнүлүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай түрдө берилет.
6) Тизмедеги белгилердин мүнөздөмөсү буюмдун (макеттин) сүрөттөлүшүнө жиберүү менен алмаштырылбоого тийиш, качан гана ушул пункттун 5 пунктчасынын талаптарын бузбастан мындай жиберүүсүз белгини мүнөздөө мүмкүн болбогон учурлардан сырткары.
7) Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, эреже катары, кыйла жакын аналогдун белгилерине, анын ичинде арналышын чагылдыруучу тектик түшүнүктүн жана өнөр жай үлгүсүн кыйла жакын аналогунан айырмалап турган маанилүү белгилерин камтуучу айырмалоочу бөлүккө дал келүүчү өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерин камтыган чектөөчү бөлүктөн турат.
Тизменин чектөөчү бөлүгүн баяндагандан кийин "айырмалануучу" деген сөз киргизилет, ал эми айырмалоочу бөлүк "бар болгон" ("аткаруу менен" ж.у.с.) деген сөз менен башталат, андан кийин айырмалоочу маанилүү белгилер баяндалат.
Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси, чектөөчү жана айырмалоочу бөлүккө бөлүүсүз түзүлөт, эгерде ал аналогу жок өнөр жай үлгүсүн мүнөздөсө.
8) Өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн варианттары бар болгон учурда, маанилүү белгилердин тизмеси маанилүү белгилердин бардык варианттары үчүн (кыйла
жакын ошондой эле айырмалоочу аналог менен дал келүүчү сыяктуу), анын ичинде андан кийин "1-вариант 1 (2 ж.б.у.с.) бар болуусу менен (аткаруу менен ж.у.с.) мүнөздөлөт" деген сөздөр менен конкреттүү көрсөтүлгөн вариантка таандык болгон маанилүү белгилер келтириле турган өнөр жай үлгүсүнүн арналышын чагылдыруучу тектик түшүнүк үчүн жалпы белгилерди камтыган бөлүк түрүндө баяндалат.
4.17. Чиймелер, схемалар
1) Жалпы көрүнүштүн чиймеси, качан гана ал өнөр жай үлгүсүнүн маанисин ачуу жана анын тышөлчөмүн, пропорционалдуу катыштарын табуу үчүн зарыл болгон учурларда көрсөтүлөт.
2) Эргономикалык иштеп чыгууну караштыруучу буюмга таандык болгон өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берген учурда, бул буюмдун эргономикалык схемасы көрсөтүлөт.
3) Чиймелер жана схемалар сыпаттаманын тексти менен бекем макулдашылууга тийиш.
4) Чиймеде же схемада адам ишмердигинин негизги элементтеринин жана функционалдык аймактарынын жайгашуусу жөнүндө, буюмду эксплуатациялоонун ыңгайлуулугу туурасында ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү, буюмдун предметтик- мейкиндиктик уюштуруусун мүнөздөгөн буюмдун жана анын элементтеринин тышөлчөмү (бийиктиги, туурасы, маалыматты жана башкаруу органдарын, жумушчу бетин, форманын жакын жайгашкан элементтеринин ортосундагы аралыкты ж.б. чагылдыруунун каражаттарын жайгаштыруунун тереңдиги) көрсөтүлүүгө тийиш.
5) Чиймелерде же схемаларда негизги форма түзүүчү элементтер сыпаттамадагыдай эле араб цифралары менен белгиленет. Чийменин (схеманын) бир нече фигураларындагы бир эле детал бир эле сан менен белгиленет. Сыпаттамада эскертилбеген шилтемелик белгилер чиймелерде (схемаларда) коюлбайт жана тескерисинче.
6) Чиймелерде (схемаларда) алынып чыгарылган сызыктар даана болууга тийиш. Сандык жана тамгалык белгилерди кашаанын, тегеректин ичинде же тырмакчада көрсөтүүгө жол берилбейт. Сандын жана тамганын бийиктиги 3,2 мм ден кичине болбоого тийиш.
7) Чиймелер (схемалар) "ачык", "жабык" деген сыяктуу керектүү сөздөрдөн сырткары кандайдыр жазууну камтыбашы керек.
8) Чиймедеги сүрөттөлүш, эреже катары, тик бурчтуу (ортогоналдык) проекцияда (ар кандай түрдө, кесиндилерде жана кыйыктарда) көрсөтүлүүгө тийиш. Көрсөтмөлүүлүк үчүн аны аксонометриялык проекцияда көрсөтүүгө жол берилет. Чиймеде ар бир элемент башка бардык элементтерге пропорционалдуу аткарылат, качан гана элементтин так сүрөттөлүшү үчүн пропорциялардын ар түрдүүлүгү керектүү болгон учурдан тышкары.
9) Чийменин бир барагында бир нече фигура жайгаштырылышы мүмкүн, муну менен алар бири-биринен так чектелиши керек. Эгерде эки же андан көп барактарда жайгашкан фигуралар, бир фигураны түзсө, алар бул толук фигура ар түрдүү барактарда сүрөттөлгөн бөлүктөрүнүн ичинен кайсы-бири калтырылбастан топтоло алгандай кылып жайгаштырылат.
Өзүнчө фигуралар баракта же барактарда ошол барактар максималдуу жык болгондой, ал эми чийме болсо, барактын узунунан тикесинен окулууга мүмкүн болгондой жайгаштырылат.
10) Ар бир чийме (схема) фигура катары, мисалы, 1-фиг., 2-фиг. ж.у.с. сыпаттаманын текстиндеги баяндаманын ырааттуулугуна ылайык, сүрөттөлүштүн түрүнө көзкарандысыз номерленет.
4.18. Конфекциялык карта
Жеңил өнөр жайынын буюмдарына таандык болгон өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө берүүдө, өтүнмөгө зарылдыгына жараша конфекциялык карта б.а. буюмду жасап чыгаруу үчүн сунушталуучу текстильдик, трикотаждык материалдардын, теринин, фурнитуралардын, жасалгалардын ж.у.с. үлгүлөрү тиркелет.
Жасалга материалдарынын, килемдердин, кездемелердин үлгүлөрү сүрөттүн раппортунун өлчөмүндө көрсөтүлөт.

5. Жол берилбеген элементтер

Өтүнмө төмөндөгүлөрдү камтыбоого тийиш: моралга жана коомдук тартипке каршы келген сүрөттөлүштөрдү, билдирмелерди, чиймелерди жана башка материалдарды; продукцияга же технологиялык процесске, ошондой эле башка жактардын өтүнмөлөрүнө жана коргоо документтерине карата тоотпогон сөздөрдү; өнөр жай үлгүсүнө даана таандык болбогон ойлорду же маалыматтарды. Сыпаттаманын "Өнөр жай үлгүсүнүн аналогдору" деген бөлүгүндө келтирилген белгилүү өнөр жай үлгүсүнүн кемчилдиктерин жөнөкөй көрсөтүү, жол берилбеген элемент болуп саналбайт.

6. Терминология жана белгилер

Өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында жана анын материалдарын түшүндүрүүдө стандартташтырылган, ал эми алар жок болгон учурда - илимий жана техникалык адабияттарда жалпы кабыл алынган терминдер жана кыскартуулар колдонулат.
Адабиятта кеңири колдонулбаган терминдерди жана белгилөөлөрдү колдонууда, алардын маанилери биринчи колдонуудагы текстте түшүндүрүлөт.
Бардык шарттуу белгилөөлөр чечмеленет.
Сыпаттамада терминологиянын биримдүүлүгү сакталат, б.а. ошол эле белгилердин баары сыпаттаманын текстинде бирдей аталат. Терминологиянын бирдиктүү талаптары физикалык бирдиктердин өлчөмдүүлүгүнө жана шарттуу белгилөөлөрдү колдонууларга да тиешелүү.
Физикалык чоңдуктар иштеп жаткан Бирдиктердин эл аралык системасындагы бирдиктерде билдирилет.

7. Өтүнмөнүн документтерин тариздөө

7.1. Репродукциялоо үчүн жарамдуулук
Документтердин бардык түрлөрү, аларды тикеден-тике репродукциялоодо чексиз санда көчүрүүгө мүмкүн болгондой таризделет.
Барактын аз бетине саптардын паралелль жайгашуусу менен, ар бир барактын бир жак бети гана колдонулат.
Барактар бырышпаган же жыртылбаган болушу керек жана бүктөлбөөгө тийиш.
7.2. Колдонулган материал
Өтүнмөнүн документи бышык, актай, жылмакай, жалтырабаган кагазга жасалат.
Фото сүрөттөр жалтырабаган фотокагазда көрсөтүлөт.
7.3. Өз алдынча барактар, барактардын өлчөмү
Өтүнмөнүн ар бир документи өз алдынча баракта башталат. Барактар 210x297 мм форматта болот, талаалары төмөндөгүдөй (мо( �
үстү - 20-40;
оң жагы жана асты - 20-30;
сол жагы - 25-40.
7.4. Барактарды номерлөө
Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактарында араб цифрасы менен, үстүнкү оң жак бурчунда жайгаштырылган номер коюлат.
7.5. Тексттин жазылышы
Документ кара түстөгү тамга менен басылат. Сыпаттаманын тексти баш тамгалары 2,1ден кем эмес бийиктикте эки интервал аркылуу басылат.
Графикалык символдор латынча жазылыштар, латын жана грек тамгалары кара түстөгү сыя, паста, же тушь менен жазылышы мүмкүн.
7.6. Библиографиялык маалыматтар
Маалымат булактарынын библиографиялык маалыматтары ал боюнча маалымат булактары табылгыдай болуп көрсөтүлүшү керек.
3. Патент алуу боюнча Кыргызпатент менен иштөө

8. Өкүлдү дайындоо

Ал берилгенден кийин ошол өтүнмө боюнча кат алышуу жана өз кызыкчылыгын коргоо үчүн, өтүнмөнү карап чыгууда, өтүнмө ээси ушул Эреженин
3.5-пунктунун 2-пунктчасына ылайык таризделген ишенимкат берүү менен өкүлдү дайындай алат.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган өтүнмө ээсинин-жеке жактын же чет өлкөлүк юридикалык жактын өкүлү Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл гана болууга тийиш. Башка өтүнмө ээлери үчүн, өкүл катары атап айтканда өтүнмө ээлеринин ичинен бирөө гана көрсөтүлүшү мүмкүн, эгерде алардын саны өнөр жай үлгүсүнүн автору, патенттик ишенимдүү өкүл же башка жак болуп бир нечени түзсө.
Өкүлчүлүккө ишеним кат (же ишеним каттын көчүрмөсү) Кыргызпатентке аны берүү үчүн өкүл дайындалуучу документ менен чогуу, же бул документ берилгенден кийин эки айлык мөөнөт ичинде берилет.
Ишеним кат өтүнмөгө тиркелет.
Ишеним кат көрсөтүлгөнгө чейин өкүл тарабынан жүргүзүлгөн иштер жараксыз деп эсептелет жана көңүлгө алынбайт.
Ишеним катта ал укуктуу болгон өкүлдүн кайсы болбосун аракети же ага карата Кыргызпатенттин кайсы болбосун аракети өтүнмө ээсинин же өтүнмө ээсине карата аракеттердин ошол эле натыйжасына ээ болот.
Өкүлчүлүк ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейин, же ыйгарым укуктун токтогондугу жөнүндө Кыргызпатент кабардар болгонго чейин жарамдуу.
Өкүлчүлүктү дайындоо өтүнмө ээси же анын укук мураскору тарабынан Кыргызпатентке жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

9. Кыргызпатент менен кат алышууларды жүргүзүү

1) Кат алышуулар өтүнмө ээси же анын буга ыйгарым укук берилген өкүлү тарабынан ар бир өтүнмө боюнча өз алдынча жүргүзүлөт.
Өтүнмө берилгенден кийин жөнөтүлгөн материалдар анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн колтамгасын камтууга тийиш.
Өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар карап чыгуусуз кайтарылып берилет, эгерде номерди кыйыр түрдө белгилөөгө туура келбесе.
2) Өтүнмө, боюнча иш жүргүзүү процессинде жөнөтүлгөн материалдар Мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде көрсөтүлөт. Эгерде мөөнөт "...ичинде" деген сөз айкашы менен билдирилсе жана мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес
күнгө туура келсе, мөөнөт аяктаган күн катары андан кийинки жумушчу күнү эсептелет. Эгерде мөөнөттүн аягын андай сан жок айга туура келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.
3) Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү жүзөгө ашырса, Кыргызпатенттин кат-кабарлары менен байланышкан материалдарды көрсөтүү мөөнөтү бул кабарларды өкүл алган датадан баштап эсептелет.
4) Кыргызпатентте иш мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Өтүнмө ээси тарабынан башка тилде көрсөтүлгөн материалдарга алардын мамлекеттик жана/же расмий тилдерге котормосу тиркелүүгө тийиш. Муну менен, материалдарды берүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн өтүнмө ээси тарабынан аткарылышын аныктоо максаттарында, башка тилде берилген материалдар Кыргызпатентке алар берилген датада көрсөтүлдү деп эсептелет, эгерде алардын котормолору башка тилдеги материалдар келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде келип түшсө, тескери учурда материалдар алардын котормосу түшкөн датадан көрсөтүлгөн деп эсептелет.
Башка тилде көрсөтүлгөн материалдар котормолору көрсөтүлгөнгө чейин келип түшкөн жок деп эсептелинет.

10. Өтүнмөнүн документтерине оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү

Өтүнмөнүн материалдарын оңдоо жана тактоо өтүнмө ээси тарабынан анын демилгеси боюнча өтүнмө берилген датадан тартып эки айдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалына оңдоолорду жана/же тактоолорду киргизүү алдын ала эксперттөө жана/же мааниси боюнча эксперттөө жүргүзүү стадиясында мүмкүн, бирок оңдоолор жана/же тактоолор менен кошо алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документти көрсөтүү шартында, алар көрсөтүлбөсө, өтүнмөнү карап чыгууда өзгөртүүлөр көңүлгө алынбайт.
Өтүнмөнүн документтерин оңдоо жана тактоо алмаштыруучу барактарды жана сүрөттөлүштөрдү көрсөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Алмаштырылуучу барактар жана сүрөттөлүштөр өтүнмөнүн тиешелүү документинин ылайыктуу ар бир нускасы үчүн көрсөтүлөт. Алмаштырылуучу барактар мамлекеттик жана/же расмий тилдерде же документтин мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу менен көрсөтүлөт жана ушул Эреженин 5-6-пункттарынын талаптарын канааттандырууга тийиш.
Эгерде оңдоолор басмадан кеткен каталарга, стилистикалык каталарга, библиографиялык маалыматтарды көрсөтүүдөгү каталарга ж.у.с. тиешелүү болсо, каталарды оңдоо репродукциялоодо тактыкка карата тескери натыйжаларга алып келбейт, оңдоону киргизүү зарылдыгы алмаштыруучу барактарды көрсөтүүсүз өтүнмө ээсинин катында билдирилиши мүмкүн.

11. Патент алууга укукту ыйгарып берүү

Эгерде өтүнмөнү берүүдөн кийин өтүнмө ээси өзүнүн патент алууга укугун башка жакка ыйгарып берсе, башка жакка укукту ыйгарып берүүгө көрсөтмөнү, арызда көрсөтүлгөн жактын макулдугун жана ушул Эрежелердин 4.1-пунктунун 3-
пунктчасында караштырылган ал жөнүндөгү маалыматты камтыган арыз
Кыргызпатентке берилет.
Арызга ушул Эрежелердин 4.1-пунктунда караштырылган тартипте, патент алууга укугун ыйгарып берген өтүнмөө ээси тарабынан жана бул укукка ээ болгон жак тарабынан кол коюлат.
Арызга алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Өтүнмө ээсинин каалоосу боюнча патент алуу укугун башка жакка ыйгарып берүү Патент алуу укугун ыйгарып берүү жөнүндө келишимди Кыргызпатентте каттоо менен таризделиши мүмкүн. Муну менен арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилет.

12. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу

Өтүнмө ээси (өтүнмө ээсинин өкүлү) ал тарабынан берилген өтүнмө жана ага тийиштүү болгон документтер менен түздөн-түз Кыргызпатентте алдын ала күнүн жана убакытын макулдашуу аркылуу, ошол сыяктуу эле өтүнмөнүн, ага тийиштүү документтердин же алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөсүн сурамкат жазып сурап алуу аркылуу тааныша алат.

13. Өтүнмөнү карап чыгуу процессинде эксперттөө көрсөткөн материалдар менен таанышуу

Өтүнмө ээси Кыргызпатенттен сурамда көрсөтүлгөн материалдардын же эксперттөөнүн чечиминин көчүрмөлөрүн сурай алат.
Патенттик материалдардын көчүрмөлөрү өтүнмө ээсинин сурамын алган күндөн тартып бир айдын ичинде тариф боюнча ылайыктуу кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөн шартта жиберилет.

14. Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу

Өтүнмө ээсинин катышуусу менен өтүнмөгө байланышкан маселелерди карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин суранычы боюнча ал маселелер менен эки тарап тең таанышкандан кийин жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн маселелери сурамда берилет, анда кошумча түрүндө жолугушуунун максаты, өтүнмө ээсинин суроосу - аны жүргүзүү жөнүндө өтүнүчү жөнүндө билдирилет.
Сурам жиберилген учурда, өтүнмөнү карап чыгууга өтүнмө ээсинин катышууга болгон ниетине көз карандысыз, сурамды алган күндөн тартып эки айдын ичинде ага жооп берилүүгө тийиш.
Өтүнмөнү карап чыгуунун датасы жана убактысы алдын ала макулдашылат. Жагдайлар өзгөргөн учурда өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүнчүлүгү жок болгон тарап белгиленген убакытта ал жөнүндө экинчи тарапты кабардандырат.
Эгерде Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү бирге карап чыгууну эртерээк же максатка ылайыксыз деп эсептесе, Кыргызпатенттин сунушу же өтүнмө ээсинин сунушу ылайыктуу далилдерди келтирүү менен четтетилиши мүмкүн.
Алдын ала макулдашуусуз өтүнмө ээси Кыргызпатентке келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.
Өтүнмөнү карап чыгууга, ушул Эреженин 3.5 жана 8-пункттарынын талаптары сакталган шартта, буга өтүнмө ээсинин укугу ыйгарылган өкүл катыша алат.
Жалгыз гана өтүнмө ээси болуп эсептелбеген жак өтүнмөнү карап чыгууга башка өтүнмө ээлери жок болгон учурда, өкүлчүлүккө ишеним каты болгондо гана катыша алат.
Өтүнмө ээсинин катышуусунда өтүнмөнү карап чыгуу маселелер эксперт жана өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз чечиле турган сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашырылат.

15. Суралган материалдарды берүүнүн мөөнөтүн узартуу

Суралган материалдарды берүү мөөнөтү тиешелүү өтүнүч катты берүүдө жана жүйөлүү себептери бар болгондо узартылат.
Өтүнүч кат менен бирге эксперттөөнүн сурамына жооп берүүнүн мөөнөтүн узарткандыгы үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлөт. Эгерде мындай документ көрсөтүлбөсө, өтүнүч каты берилген эмес деп эсептелет, ал жөнүндө өтүнмө ээси кабардандырылат.
Мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси сурамды алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Суралган материалдарды берүү мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө өтүнмө ээси кабардандырылат.
Суралган материалдарды берүү мөөнөтүн узартуу ишке ашпайт, эгерде өтүнүч кат жүйөлүү себепсиз белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, ошондой эле алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ берилбесе же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген ченөлчөмгө ылайык келбесе, ал жөнүндө өтүнмө ээси кабардандырылат.

16. Өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү

1) Өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлүп жиберилген төмөнкүдөй мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн:
- формалдуу эксперттөө стадиясындагы сурам боюнча оңдолгон же жетишпеген документти берүүнүн мөөнөтү;
- алдын ала эксперттөөнү жүргүзүү мезгилинде өтүп кеткен, өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүк талабынын бузулушу жөнүндө кабарлоого жооп берүүнүн мөөнөтү;
- маңызы боюнча эксперттөөнүн стадиясындагы сурам боюнча кошумча материалдарды берүүнүн мөөнөтү;
- алдын ала эксперттөөнүн жыйынтыктары боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылыгын берүүнүн мөөнөтү;
- маңызы боюнча эксперттөөнүн жыйынтыктары боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылыгын берүүнүн мөөнөтү.
2) Өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан, мөөнөтү өткөн күндөн тартып он эки айдан кеч эмес мөөнөт ичинде, ал боюнча мөөнөт өтүп кеткендигинин жүйөлүү себептерин тастыктоо менен берилет.
3) Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө ылайыктуу алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилет (эгерде бул мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн мындай алым караштырылса).
4) Өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилгени жөнүндө өтүнмө ээси кабардандырылат.
5) Эгерде жогорудагы 2 жана 3-пунктчаларда көрсөтүлгөн талаптардын эч болбосо бири сакталбагандыгы аныкталса, өтүнүч кат канааттандырылбайт, ал жөнүндө өтүнмө ээси кабардандырылат.

4. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

17. Кыргызпатентке өтүнмөнүн келип түшүшү

17.1. Өнөр жай үлгүсүнө келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жана каттоо
Кыргызпатентке түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери коюлат жана алар келип түшкөн дата чагылдырылат.
Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кириш номерин, өтүнмө келип түшкөн датаны жана кабыл алынган документтердин барактарынын санын көрсөтүү менен өтүнмөнүн материалдарын кабыл алуу жөнүндө тилкат берилет.
17.2. Эксперттөөнү жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат берүү
Өтүнмөнү карап чыгуу маңызы боюнча өтүнмөнүн экспертөөсүн жүргүзүү менен же жүргүзүүсүз ишке ашырылат.
Ылайыктуу өтүнүч кат Кыргызпатентке өтүнмө менен бирге, же ал берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде берилиши мүмкүн.
Эгерде өтүнүч кат көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе өтүнмө кайра чакыртып алынды деп таанылат.
17.3. Өтүнмөнүн жашырындуулугу
Өтүнмө жөнүндө маалыматтар Кыргызпатентке ал түшкөн учурдан тартып, өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаганга чейин жашырын болуп сакталууга тийиш жана мыйзамсыз түрдө жайылтууга болбойт.

18. Өтүнмөнү формалдуу эксперттөө

18.1. Өтүнмөнүн формалдуу эксперттөөсүн өткөрүүнүн мөөнөтү
Формалдуу эксперттөө өтүнмө Кыргызпатентке берилген күндөн тартып эки айдын ичинде жүргүзүлөт.
18.2. Өтүнмөнү формалдуу эксперттөөнүн мазмуну
Өтүнмөнүн формалдуу эксперттөөсүн жүргүзүү ишинде төмөнкүлөр текшерилет:
- ушул Эрежелердин 3.4-пункту менен аныкталган керектүү документтердин курамы;
- ушул Эрежелердин 4.1 жана 7-пункттарынын талаптарына ылайык алардын туура таризделиши;
- алым төлөнгөндүгү жөнүндөгү документтин бар болуусу жана ушул Эрежелердин 3.5-пунктунун 1-пунктчасында белгиленген талаптарга ылайыктуулугу;
- Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө караштырылгандай учурда, патенттик ишенимдүү өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишенимкаттын бар экендигин жана туура таризделишин камтуу менен, өтүнмө берүүнүн эрежелеринин сакталышы;
- билдирилген чечимдин ушул Эрежелердин 3.1 жана 3.2-пункттарында караштырылган өнөр жай үлгүсү катарында укуктук коргоо бериле турган объектилерге ылайыктуулугу.
Өтүнмө берилген дата белгиленет.
18.3. Өтүнмөнүн берилбеген же оңдолгон материалдарынын сурамы
1) Эгерде өтүнмөнү формалдуу эксперттөө процессинде өтүнмө документтерди тариздөөгө карата талаптардын бузулушу менен берилгендиги аныкталса, анда Мыйзамдын 23-1-беренесинин 3-бөлүгүндө караштырылган жоболор колдонулат.
Эгерде артыкчылык күнүн белгилөө үчүн зарыл болгон документ жок болсо, мындай учурда өтүнмө ээсине кечиктирилбестен сурам жиберилет.
Сурам үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өтүнмөдө ушул Эрежелердин 3.4-пункту тарабынан караштырылган документтердин ичинен эң кеминде биринин жоктугу;
- артыкчылык күнүн белгилөө үчүн өтүнмөдө керектүү документтердин ичинен эң кеминде биринин: өтүнмө ээсин, буюмдун (макеттин) сүрөттөлүшүнүн
комплектисин, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесинин көрсөтүү менен, өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө арыздын жок болушу;
- документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунун жоктугу, эгерде документтер башка тилде берилсе. Котормо өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып үч айдан кеч эмес мезгил ичинде берилүүгө тийиш;
- өкүлчүлүккө ишенимкаттын жоктугу жана/же аны тариздөө талабынын бузулгандыгы, эгерде өтүнмө патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе;
- өтүнмөнүн документтеринин нускаларынын белгиленгенден аз санда берилиши;
- өтүнмөнүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар тарабынан, же чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу эмес берилиши, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууда өтүнмөнүн мындай берилишин караштыруучу тартип белгиленбесе;
- патент берүү жөнүндөгү арызда маалыматтарды, колтамгаларды, мөөрдүн басылмасын (зарыл болгон учурда) талап кылуучу, же ушул Эрежелерде караштырылган башка маалымдаректердин жоктугу;
- өтүнмөнү бергендиги үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин же, көрсөтүлгөн алымды төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздердин бар экендигин тастыктаган документтин жоктугу;
- алымды туура төлөгөндүгүнө байланыштуу маселелерди тактоо зарылчылыгы. Эгерде төлөнгөн алымдын суммасы өнөр жай үлгүлөрүнүн санына туура келбегендиги аныкталса, мындай учурда өнөр жай үлгүсүнүн варианттарын камтыган өтүнмө боюнча белгиленген мөөнөттө алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ берилбесе, алардын ичинен өтүнмө ээси тарабынан тандалып алынган же сыпаттамада биринчи болуп көрсөтүлгөндөргө экспертиза жүргүзүлө тургандыгы өтүнмө ээсине кабардандырылат, эгер ал белгиленген мөөнөттө өз тандоосу жөнүндө кабарлабаса;
- документтерди тариздөөдө, патент берүүдө аларды жарыялоого, сактоого тоскоолдук кылуучу, жана/же аларды кызыкдар болгон жактар менен тааныштырууга мүмкүндүк бербөөчү кемчиликтерди табуу (барактын форматына, сүрөттөлүштөргө, жээгинин өлчөмдөрүнө ж.у.с., талаптардын бузулушу, өтүнмөнүн материалдарын окууну кыйындатуу ж.у.с. басманын сапаты);
- өнөр жай үлгүсүнүн аталышынын арызда келтирилген сыпаттамадагы аталышына дал келбегендиги;
- өнөр жай үлгүсүнүн варианттары үчүн маанилүү белгилеринин тизмесинин жоктугу;
- билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын талдоосуз аныкталган өтүнмөнүн документтерине карата ушул Эрежелердин талаптарынын башка бузууларынын болушу.
Жетишпеген жана оңдолгон материалдардын сурамы, өтүнмөнүн жана анын документтеринин кемчилдиктерин четтетүү үчүн бул канча жолу зарыл болсо, ошончо жолу өтүнмө ээсине жиберилет.
2) Сурамга ылайык оңдоолор менен катар ошондой эле өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча оңдоолорду камтыган, өтүнмө ээси тарабынан оңдолгон документ ушул Эрежелердин 20-пунктунун шарттарын сактоо менен берилет.
Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө суралган материалдарды же, аларды берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катты ушул Эрежелердин 14- пунктунда караштырылган шарттарды сактоо менен бербесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынды деп таанылат. Мындай учурда өтүнмө боюнча иш жүргүзүү токтотулат жана өтүнмөнүн материалдары Кыргызпатенттин архивине өткөрүлүп берилет.
18.4. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
1) Эгерде өтүнмөнү формалдык эксперттөөнүн натыйжасында ал өнөр жай үлгүсү катарында корголуучу объектиге кирбеген сунушка таризделгендиги аныкталса, өтүнмө ээсине, ылайыктуу маалымат булактарына шилтеме берүү менен, патент берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кылышы мүмкүн болгон далилдерди келтирүү менен жана тизмеге киргизилген маанилүү белгилеринин жыйындысын далилдөө аркылуу келтирилген далилдерди четке кагуу, же тизмеге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү, же ошол эле буюмдун башка сүрөттөлүштөрүн кошумча көрсөтүүнү сунуштоо менен, өтүнмө карап чыгууга кабыл алынбай тургандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
Кабарлоодо көрсөтүлгөн далилдер ынандырарлык эмес берилген же, белгиленген мөөнөттө жооп берилбеген учурда, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
2) Билдирилген сунуш өнөр жай үлгүлөрү катары корголуучу объектилерге таандык деп таанылбайт, эгерде ал сүрөттөлүштө көрсөтүлгөндөй жана/же маанилүү белгилеринин тизмесинде мүнөздөлгөндөй түрүндө бүтүндөй ушул Эрежелердин 3.2-пунктунда келтирилген сунуштардын тизмесине туура келсе.
3) Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимде келтирилген далилдерге макул болбогон учурда, чечимди алган күндөн тартып, эки айдын ичинде Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) өтүнмө ээсинин каршылык билдирүү укугу жөнүндө кошумча түрүндө кабарланат.
18.5. Өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө кабарлоо
Эгерде өтүнмө ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген бардык зарыл болгон документтерди камтыса жана билдирилген сунуш өнөр жай үлгүсү катарында корголуучу объектиге кирсе, өтүнмө ээсине өтүнмө берилген датаны көрсөтүү менен, өтүнмө карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
Өтүнмөнүн берилген датасы Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык белгиленет.

19. Өтүнмөнү алдын ала эксперттөө

19.1. Алдын ала эксперттөөнү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
Алдын ала эксперттөө формалдык эксперттөө оң натыйжа бергенде төрт айдын ичинде жүргүзүлөт (Мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгү).
19.2. Алдын ала эксперттөөнүн мазмуну
Өтүнмөнүн алдын ала эксперттөөсүн жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
- өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 4.2-6-пункттарында караштырылган өтүнмөнүн документтеринин мазмунуна карата коюлган талаптардын сакталышы;
- өтүнмө ээси тарабынан жүзөгө ашырылган Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы (ӨҮЭК) боюнча өнөр жай үлгүсүн классификациялоо туура экендиги (же ушундай классификациялоо жүргүзүлөт, эгерде өтүнмө ээси тарабынан ал жүргүзүлбөсө);
- Мыйзамдын 21-беренесинин 2-10-бөлүктөрүнө ылайык өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөөнүн шарттары;
- өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүгүнүн талаптарынын сакталышы (ушул
Эрежелердин 3.3-пункту);
- өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесинин ушул Эрежелердин 4.16-пунктунун талаптарына ылайык келиши;
- кошумча материалдар өнөр жай үлгүсүнүн маанисин өзгөртпөйбү, эгерде алар берилсе, жана аларды берүүнүн белгиленген тартиби ушул Эрежелердин 21- пунктуна ылайык сакталдыбы;
- өтүнмө ээси тарабынан сунушталган баштапкы материалдардагы же өтүнмөнү карап чыгууда эске алынган кошумча материалдардагы маанилүү белгилеринин тизмесинде мүнөздөлгөн билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн Мыйзамдын 27-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык патентке жөндөмдүүлүк шарттарына ылайыктуулугу.
19.3. Өнөр жай үлгүсүн классификациялоонун тууралыгын текшерүү
Эгерде классификациялык индекстин жоктугу аныкталса же индекс өтүнмө ээси тарабынан туура эмес тандалып алынган болсо, билдирилген берилген өнөр жай үлгүсүн ӨҮЭК рубрикасы боюнча классификациялоо жүргүзүлөт.
Тигил же бул классификациялык индексти тандап алуу үчүн негиз болуп өнөр жай үлгүсүнүн аталышы, анын сүрөттөлүшү жана сыпаттамасы, ошондой эле чиймелери, эргономикалык схемасы жана конфекциялык картасы эсептелинет (эгерде ал өтүнмөдө камтылган болсо).
19.4. Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөө
Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы төмөнкүлөр боюнча белгиленет:
- Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу өтүнмөнүн Кыргызпатентке берилген датасы боюнча;
- Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде биринчи өтүнмөнү берген дата боюнча;
- мурун берилген өтүнмөгө кошумча материалдарды берген дата боюнча;
- ошол эле өтүнмө ээсинин андан мурун өтүнмө берген датасы боюнча;
- бөлүнүп коюлган өтүнмө боюнча;
- мурун берилген бир нече өтүнмөнүн негизинде.
Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты тастыктоочу зарыл болгон документтер берилиши жана аларды берүүнүн зарыл болгон талаптары сакталууга тийиш.
19.5. Кыргызпатентке өтүнмө берилген дата боюнча артыкчылыкты белгилөөнүн шарттары
Эгерде өтүнмө боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берилген күнгө караганда кыйла мурдараак артыкчылык суралбаса, артыкчылыгы өтүнмө берилген дата боюнча белгиленет.
19.6. Конвенциялык артыкчылыкты белгилөөнүн шарттары
Конвенциялык артыкчылыкты суроодо Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр текшерилет:
- конвенциялык артыкчылыкты суроо үчүн өтүнмө ээси тарабынан Мыйзамдын
21-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн сакталышы (өтүнмө берүүдө же Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып, эки айдын ичинде);
- мөөнөтүндө берүү жана берүү мөөнөтүн сактоо (өтүнмө берүү менен бир убакта же Кыргызпатентке биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсүн берген күндөн тартып, төрт айдан кечиктирбестен). Эгерде биринчи өтүнмөлөр бир нече болсо, белгиленген шарттар ар бир өтүнмөнүн көчүрмөсүнө карата сакталууга тийиш;
- биринчи өтүнмөнү берген күндөн тартып, өтүнмө ээси тарабынан алты айлык мөөнөттүн сакталышы, бул мөөнөттүн ичинде өтүнмө Кыргызпатентке берилиши керек. Эгерде өтүнмө белгиленген мөөнөттөн кечирээк, бирок ал бүткөн күнгө эки ай калган мезгил ичинде берилсе, тийиштүү алым төлөнгөн шартта, өтүнмө ээси тарабынан белгиленген алты айдын ичинде өтүнмө берүүгө тоскоолдук кылган, ага көз карандысыз кырдаалдар аталгандыгы текшерилет жана аларды документалдуу тастыктоо зарылдыгы белгиленет, эгерде мындай тастыктоо жок болсо (белгиленген мөөнөттөр ушул Эрежелердин 9-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген тартипте эсептелинет);
- биринчи өтүнмөдө билдирилген өнөр жай үлгүсүн ачуу.
19.7. Мурун берилген өтүнмөгө кошумча материалдарды берүү датасы боюнча артыкчылыгын белгилөөнүн шарттары
Ошол эле өтүнмө ээсинин мурун берген өтүнмөсүнө кошумча материалдарды берген дата боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо Мыйзамдын 21- беренесинин 6-бөлүгүндө караштырылган талаптардын сакталышы текшерилет.
19.8. Кыйла мурда берилген өтүнмөнүн датасы боюнча артыкчылыкты белгилөөнүн шарттары
Ушул өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүчү, ошол эле өтүнмө ээсинин Кыргызпатентке кыйла мурда берген өтүнмөсүнүн датасы боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо Мыйзамдын 21-беренесинин 7-бөлүгүндө караштырылган талаптардын аткарылышы текшерилет.
Аталган артыкчылыкты суроодо кыйла мурда берилген өтүнмө (же алар бир нече болсо, бардык өтүнмөлөр) кайра чакыртылып алынды деп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээси кабардандырылат.
19.9. Бөлүнүп коюлган өтүнмө боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөөнүн шарттары
Ушул өнөр жай үлгүсүн ачып билүүчү алгачкы өтүнмөнүн Кыргызпатентке берилген датасы боюнча бөлүнүп коюлган өтүнмө боюнча өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын суроодо Мыйзамдын 21-беренесинин 10-бөлүгүндө караштырылган талаптардын аткарылышы текшерилет.
19.10. Бир нече артыкчылыкты аныктоонун шарттары
Өтүнмө ээси тарабынан бир нече артыкчылык суралган учурда, өтүнмө ээси көрсөткөн негиздерге жараша ушундай артыкчылыктарды суроо үчүн ал тарабынан ушул Эрежелердин 19.6-19.9-пункттарында саналып өткөн ылайыктуу шарттардын сакталышы белгиленет.
Ошентип, эгерде бир нече биринчи өтүнмөлөрдүн негизинде өнөр жай үлгүсүнүн айрым варианттарына карата ар кандай даталарда берилүүчү ар кандай конвенциялык артыкчылыктар суралса, анда ушул Эрежелердин 19.6-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын өтүнмө ээси тарабынан сакталгандыгын белгилөөдө, ушул биринчи өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүнүн бар экендиги, ушул биринчи өтүнмөлөр берилген датага карата алты айлык мөөнөттүн сакталышы текшерилет. Өнөр жай үлгүсүнүн ар бир вариантын ачып көрсөтүү, тигил же бул өтүнмөгө карата тийиштүү вариант боюнча артыкчылык суралган дата боюнча текшерилет.
Качан өтүнмө ээси тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн варианттары боюнча артыкчылык суралган күнү жайлаштырып жазылбаса, мындай учурда тийиштүү вариант биринчи өтүнмөлөрдүн ичинен кайсынысында ачылып көрсөтүлгөндүгү белгиленет.
19.11. Өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөө шарттарынын
сакталгандыгын текшерүү
1) Ушул Эрежелердин 19.7-19.9-пункттарына ылайык өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгын белгилөө шарттарынын сактагандыгын текшерүүдө, анын негизинде артыкчылык суралган өтүнмө же, ага ушундай суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү кошумча материалдар берилген өтүнмө кайра чакыртылып алынган эместигине же кайра чакыртылып алынды деп таанылбагандыгына ынануу керек.
Өтүнмө ээси тарабынан суралган артыкчылыкты белгилөө шарттары катарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн сакталышын текшерүүдө, ушул Эрежелердин 8- пунктунун 2 пунктчасын жетекчиликке алуу керек.
2) Өтүнмө ээси тарабынан артыкчылык суроо үчүн негиз болуп эсептелүүчү мурун берилген материалдарда (мурун берилген өтүнмөдө, кошумча материалдарда) билдирилген өнөр жай үлгүсүн ачып көрсөтүүгө байланышкан талаптардын сакталышын белгилөөдө төмөнкүлөр текшерилет:
- артыкчылык суралган датага мурун берилген өтүнмөдө камтылган сүрөттөлүштөрдө, же кошумча материалдарда камтылган сүрөттөлүштөрдө билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесине кирген жана каралып жаткан өтүнмөдө алгачкы көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдө чагылдырылган бардык белгилердин бар экендиги;
- мурун берилген өтүнмөнүн сыпаттамасынын же кошумча материалдардын мазмунун эске алуу менен, суралган артыкчылык датасына даярдалган буюм түрүндө өнөр жай үлгүсүн көп жолу кайра чыгаруу мүмкүндүгү тастыкталгандыгы.
Конвенциялык артыкчылыкты суроодо өтүнмө ээсине биринчи өтүнмөнүн котормосун берүүсү сунуш кылынышы мүмкүн.
3) Эреже катары алдын ала эксперттөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуучу кырдаал болуп эсептелбеген артыкчылыкты белгилөөдө келип чыгуучу маселелерди өтүнмөнү карап чыгууга байланышкан башка маселелер менен бир эле убакта тактоо максатка ылайыктуу.
4) Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 19.6-19.9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар сакталганда, билдирилген өнөр жай үлгүсүнө карата суралган артыкчылык белгиленет.
Качан өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөдөн бөлүнүп алынган өтүнмө боюнча суралганда, ушул Эрежелердин 19.9-пункту сакталганда, өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы конвенциялык өтүнмөнүн артыкчылык датасы боюнча (Кыргызпатентке берген күнү боюнча эмес) белгиленет.
5) Өтүнмө ээси тарабынан ушул Эрежелердин 19.6-19.9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын ичинен жок дегенде бири сакталбаган учурда өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгы (бул туралуу өтүнмө ээсин алдын ала кабардандыруу менен), Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргызпатентке өтүнмө берилген дата боюнча аныкталат.
6) Артыкчылык белгиленгенден кийин өтүнмө ээси тарабынан өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин өзгөртүлгөн тизмеси берилген учурда, суралуучу артыкчылыкты белгилөө үчүн негиздердин бар экендигине кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.
7) Биринчи өтүнмөнү берген өлкөдө же башка өлкөлөрдө патент берүүдөн баш тартуу, аны жокко чыгаруу же күчүн токтотуу конвенциялык артыкчылыкты белгилөөдөн баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кыла албайт.
19.12. Өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүгүнүн сакталышын текшерүү
1) Өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүк талаптарынын сакталышы сүрөттөлүштөрдө көрсөтүлгөн баштапкы берилген маанилүү белгилердин тизмесине карата текшерилет. Эгерде маанилүү белгилеринин тизмеси өзгөртүлсө, анда текшерүү өтүнмө ээси тарабынан маанилүү белгилеринин белгиленген тартиптеги редакциясындагы акыркы сунушталган тизмесине карата жүргүзүлөт.
2) Эгер өтүнмөдө өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүгү бузулган факт белгиленсе, өтүнмө ээсине эки ай мөөнөттүн ичинде өтүнмөнү бөлүү же билдирилген объектилердин кайсынысын ушул өтүнмөнүн алкагында карап чыгуу керектигин кабарлоо сунушталат. Өтүнмө ээсине ошондой эле, баштапкы өтүнмөдө камтылган башка өнөр жай үлгүсүнө өзүнчө бөлүнүп коюлган өтүнмөнү берүүгө укуктуу экендиги кабарланат.
3) Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө бөлүнүп коюлган өтүнмөнү берүү жөнүндө кабарлабаса, же өтүнмөдө көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүлөрүнүн бирөөнү карап чыгуу менен чектелүүнү сунуштабаса, сыпаттамада биринчи көрсөтүлгөн, төлөнгөн гана чечимге карата (же сыпаттамада биринчи көрсөтүлгөн өнөр жай үлгүсүнүн вариантына карата) эксперттөө жүргүзүлөт, бул тууралуу өтүнмө ээси кабардандырылат.
4) Эгерде өтүнмө аларга карата маңызын талдоосуз эле алар өнөр жай үлгүсүнүн биримдүүлүк талабына туура келгендигин башкача айтканда алар өнөр жай үлгүсүнүн варианттары болуп эсептелгендигин белгилеген бир нече чечимдерди камтыса, анда алардын ар бирине карата эксперттөө жүргүзүлөт. Чечимдердин кайсы бири патентке жөндөмдүү объектилерге кирбегендиги аныкталганда, өтүнмө ээсине андан патентке жөндөмсүз объектини чыгаруу менен маанилүү белгилердин тизмесин оңдоону сунуш кылуу менен сурам жиберилет.
Сурамга жоопто билдирилген өтүнмөнүн документтеринин сунушталган өзгөртүүлөрүнө өтүнмө ээси макул эмес болсо, ага патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жиберилет.
19.13. Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесин текшерүү
1) Текшерүү формалдык эксперттөө бүткөн учурга өтүнмөдө камтылган тизмеге киргизилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерине карата жүргүзүлөт, ал эми эгерде маанилүү белгилеринин тизмеси өтүнмө ээси тарабынан ушундан кийин өзгөртүлсө, анда тизме ушул Эрежелердин 21- пунктунун 3-6-пунктчаларында белгиленген талаптар сакталган шартта, маанилүү белгилеринин жыйындысынын өзгөртүлгөн сыпаттамасы менен текшерилет.
2) Текшерүүдө өтүнмө ээси тарабынан эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн буюмдун сырткы көрүнүшүнүн сүрөттөлүштөрүндө чагылдырылгандарды калыптандыруу үчүн жетиштүү болгон билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин жыйындысынын бар экендиги белгиленет.
Эгерде сүрөттөлүштөрдө чагылдырылган белги өтүнмө ээси тарабынан маанилүү белгилердин тизмесине киргизилбесе, бирок эксперттөөнүн пикири боюнча буюмдун тышкы көрүнүшүн түзүүгө таасир бере турган болсо, өтүнмө
ээсине бул белгини маанилүү белгилердин тизмесине киргизүү сунушталат. Муну менен өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн буюмдун тышкы көрүнүшүнүн эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрүнө таасирин тастыктаган далилдер келтирилет.
Мындай оңдоодон өтүнмө ээси баш тартса, андан ары өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө анын тышкы көрүнүшүнө тийиштүү болгон өзгөчөлүктөрү эске алынбайт.
Качан өтүнмө ээси тарабынан сунуш кылынган маанилүү белгилердин тизмеси белгилердин буюмдун тышкы түрүнүн эстетикалык жана (же) эргономикалык өзгөчөлүктөрүнө таасир беришине көрсөтмөсү жок болгон өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында аларга карата белгилерди камтыгандыгы аныкталганда, тизмеде ушундай белгилерди сактооун максатка ылайыктуулугу жөнүндө өтүнмө ээсинин пикири суралышы мүмкүн.
3) Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесин текшерүү андагы ушул Эрежелердин 4.16-пунктунун 5-пунктчасына ылайык камтылган белгилерди бирдейлештирүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөнү (б.а. сүрөттөлүштөрдө чагылдырылган белгилердин бардыгына бирдей болгон белгилер таандык көркөм- конструктордук чечим жөнүндө маалыматтарды табууну) камтыйт.
Белгилерди бирдейлештирүү мүмкүндүгүнө шектенүүлөр келип чыкканда экспертиза өтүнмө ээсинен ушундай мүмкүндүктү тастыктоо үчүн түшүндүрүүнү суроого укуктуу.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүндүгү үчүн өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүштөрүнүн жана сыпаттамасынын негизинде анын мүнөздөмөсүн оңдоо зарыл экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине ага жиберилген сурамда ушундай оңдоо киргизилүүсү сунушталат.
Качан белгини бирдейлештирүү мүмкүндүгүнүн шарты сакталган, бирок аны мүнөздөө үчүн эски же ишмердүүлүктүн конкреттүү тармагында же дизайн чөйрөсүндө ылайыксыз терминология пайдаланылган учурда, өтүнмө ээсине ага жиберилген сурамда маанилүү белгилердин тизмесине тийиштүү оңдоолорду киргизүүсү сунушталышы мүмкүн.
Эгерде белгини бирдейлештирүү мүмкүн эмес экендиги аныкталса жана өтүнмө ээси маанилүү белгилердин тизмесин оңдоодон баш тартса, анда мындан ары өтүнмөнү кароодо мындай белги көңүлгө алынбайт.
4) Эгерде өтүнмө ээси берген маанилүү белгилердин тизмесин текшерүүдө анын структурасына же анын баяндалышына ушул Эрежелердин 4.16-пунктунун 3,
4, 6, 7-пунктчаларындагы баяндоолорго карата талаптарга туура келбегендиги табылса, өтүнмө ээсине ага жиберилген сурамда маанилүү белгилердин тизмесин оңдоосу сунушталат.
5) Өз демилгеси боюнча өтүнмө ээси тарабынан (өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде) же эксперттөөнүн сурамы боюнча өзгөртүлгөн сүрөттөлүштөрдө көрсөтүлгөн маанилүү белгилеринин тизмесине карата ушул пункттун 2-5-пунктчаларына ылайык текшерүү жүргүзүлөт.
Билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн, өтүнмө ээси тарабынан берилген өзгөртүүлөрү менен сүрөттөлүштөрдө көрсөтүлгөн жана тизмеге киргизилген маанилүү белгилеринин жыйындысы көңүлгө алынат, ушул Эрежелердин 4.16-пунктунун 5-пунктчасынын талаптарын канааттандырбаган белгилерден башкасы.
19.14. Өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүү
Алдын ала эксперттөө стадиясында жүргүзүлүүчү билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн материалдары боюнча анын жаңылык жана оригиналдуулук шарттарына, Кыргыз Республикасынын коргоо документтери берилген фондго жана кыйла мурда артыкчылык алган кайра чакыртылып алынбаган өтүнмөгө ылайык келүүчүлүгү белгиленет.
19.15. Билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгы
1) Билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылык талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик өтүнмө ээсине жүктөлөт.
2) Алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө Кыргызпатент билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгын төмөнкү маалымат булактары боюнча гана текшерет:
- формалдык эксперттөө жүргүзүлгөн учурга өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн материалдары боюнча;
- Кыргыз Республикасында патенттелген, б.а. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестринде катталган өнөр жай үлгүлөрү боюнча (Кыргыз Республикасында патенттелген өнөр жай үлгүлөрү алардын жарыяланган сүрөттөлүштөрүнө карата алардын артыкчылык алган күнүнөн тартып эсепке алынат, мында, өнөр жай үлгүсү каттоодон өткөн маанилүү белгилердин тизмесине киргизилген белгилер көңүлгө алынат);
- алар үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталган, кыйла мурдагы артыкчылык датасы бар өтүнмө боюнча;
- өтүнмө Кыргыз Республикасында берилсе (Кыргыз Республикасында берилген өтүнмөлөргө, ошондой эле ал боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө жолдомо берилген, өнөр жай үлгүсүнө СССРдин күбөлүктөрүн жана патенттерин берүүгө өтүнмөлөр дагы теңештирилет);
- өтүнмө башка жак, б.а. башка өтүнмө ээси тарабынан берилген;
- өтүнмө кайра чакыртылып алынган эмес же чакыртылып алынды деп таанылган эмес.
Өтүнмө арыз, сүрөттөлүштөр жана сыпаттама келип түшкөн датага ушул өтүнмөдө камтылган сүрөттөлүштөргө жана сыпаттамага карата эске алынат. Эгерде бул дата каралып жаткан өтүнмөнүн артыкчылык алган датасына караганда кыйла кечирээк болсо, анда мурунку артыкчылыгы бар өтүнмө маалымат булактарынын катарына, артыкчылыкты белгилөө үчүн негиз болуп кызмат кылуучу материалдардын мазмунуна дал келүүчү анын мазмунунун бөлүгүнө киргизилет (биринчи өтүнмө, мурун берилген өтүнмө, мурун берилген өтүнмөгө карата кошумча материалдар).
3) Качан каралып жаткан өнөр жай үлгүсү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат булагы болуп кыйла мурдагы артыкчылыгы бар өтүнмө эсептелген учурда, бул өтүнмө кайра чакыртылып алынбагандыгын тактоо керек.
Эгерде өтүнмө кайра чакыртылып алынбаса жана кайра чакыртып алуу мөөнөтү өтө элек болсо, каралып жаткан өнөр жай үлгүсүнүн өтүнмө ээсине
ушундай өтүнмөнүн бар экендиги (анын өтүнмө ээсин көрсөтүүсүз жана анын мазмунун ачып берүүсүз) жана анын өтүнмөсүн карап чыгууну мурда артыкчылык алган өтүнмө боюнча такталганга чейин жылдыруу мүмкүндүгү жөнүндө кабарланат.
Өтүнмөнү карап чыгуунун жылдырылышына өтүнмө ээси макул болбогон учурда билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулук шартына туура келбегендиги белгиленет.
4) Өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулугунун жоктугун белгилөөдө өтүнмө ээсине эксперттөөнүн ылайыктуу далилдерин баяндоо менен жана ушул далилдерге карата өз пикирин билдирүү жана зарыл учурда, өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде оңдолгон өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесин берүү сунушу менен сурам жиберилиши мүмкүн.
5) Ал үчүн жаңылыктуулук шартына ылайыксыздыгы аныкталган өнөр жай үлгүсүнө карата оригиналдуулугуна текшерүү жүргүзүлбөйт.
19.16. Билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн оригиналдуулугу
1) Билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн оригиналдуулук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик өтүнмө ээсине жүктөлөт.
2) Кыргызпатент алдын ала эксперттөө жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү гана камтыган билдирилген өнөр жай үлгүсүн текшерүүнү жүзөгө ашырат:
- ушул Эрежелердин 4.11-пунктуна ылайык эң жакын аналогунун аныктамасын;
- өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн материалдарында билдирилген өнөр жай үлгүсүн эң жакын аналогунан айырмалап турган маанилүү белгилерин табууну;
- фонд боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо документтеринин артыкчылык датасына чейин берилген (алдын ала патенттер, патенттер) каралып жаткан өнөр жай үлгүсүнүн айырмалануучу белгилери менен дал келүүчү белгилери бар көркөм-конструктордук чечимдерди табуу.
3) Өнөр жай үлгүсү оригиналдуу деп табылат, эгерде анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүктөрүнүн чыгармачылык мүнөзүн шарттаса.
Буюм автордун өз алдынча чыгармачылык иши жөнүндө күбөлөндүрүп турган, ушул тармактагы белгилүү иштелмелер менен күтүүсүз буюмдун образын түшүндүрүүнүн өзүнчөлүгү менен мүнөздөлүүгө тийиш.
4) Өнөр жай үлгүсү оригиналдуулук шарттарына ылайык келет деп таанылат, эгерде өтүнмө ээси тарабынан тизмеге киргизилген анын маанилүү айырмалануучу белгилеринин эң кеминде бири үчүн ушундай белги таандык болгон көркөм-конструктордук чечим табылбаса.
Өнөр жай үлгүсү ошондой эле качан анын бардык маанилүү айырмалануучу белгилери үчүн ушундай белгилери бар көркөм-конструктордук чечимдер табылган учурда, оригиналдуулук шартына ылайыктуу деп таанылат, бирок, бул белгилер каралып жаткан өнөр жай үлгүсүнүн табылган көркөм-конструктордук чечимдерге таандык болбогон эстетикалык өзгөчөлүктөрүнүн бар болушун камсыз кылат.
5) Өнөр жай үлгүсү оригиналдуулук шартына туура келбейт деп төмөнкүдөй учурда таанылат:
- эң жакын аналогунан ал (алар) үчүн өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн ушул буюмдун эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө анын таасири тастыкталбаган маанилүү белгилердин тизмесине өтүнмө ээси тарабынан киргизилген белгиси (белгилери) менен гана айырмаланса;
- белгилүү менен салыштырмалуу анын өлчөмү гана өзгөртүлүп, буюмдун элементтеринин саны көбөйтүлгөн же түсү өзгөртүлгөн (бирок колориттик чечими эмес) болсо;
- өзүнчө алынган жөнөкөй геометриялык көлөмдөгү (призмалык, сфералык, конустук ж.у.с.) же өзүнчө алынган жөнөкөй геометриялык фигура түрүндө жасалган;
- анык объектинин кичирейтилген же чоңойтулган көчүрмөсү болуп эсептелингендер (жөнөкөйлөштүрүлгөн, ошондой эле масштабы сакталгандар) (мисалы: оюнчук, сувенир);
- белгилүү бир арналыштагы буюмдарга мүнөздүү форманы кайталаган, бирок башка техникалык негизде жасалган (мисалы: салттуу түрдө жыгачтан жасалуучу буюмга окшоштурулуп жасалган полимердик материалдан жасалган буюо( �
- анын сырткы көрүнүшү белгилүү объектилерден окшоштурулуп алынган, белгилүүлүгүндө аларга жок дегенде эки ар түрдүү арналыштагы объектилердин сырткы көрүнүшү берилген;
- алардын сырткы көрүнүшү өзгөртүлбөстөн, өз-өзүнчө белгилүү болгон буюмдардан түзүлгөн топтомдо (комплектиде) жасалган.
4) Эгерде билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн оригиналдуулугу жок экендиги аныкталса, өтүнмө ээсине тийиштүү далилдерди баяндоо менен жана ушул далилдерге карата өз пикирин берүүсү жана зарыл учурда, өтүнмөнүн баштапкы материалдарынын негизинде өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин оңдолгон тизмесин берүүсү сунушталат.
19.17. Кошумча материалдарды суроо
1) Кошумча материалдардын, анын ичинде маанилүү белгилеринин өзгөртүлгөн тизмесинин сурамы өтүнмө ээсине жөнөтүлөт, эгерде ушундай материалдарсыз өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүү мүмкүн эмес болсо.
Сурам үчүн негиз болуп төмөнкүдөй кырдаалдар эсептелинет:
- өтүнмөнүн документтеринин бири-бирине туура келбегендиги (сыпаттамада маанилүү белгилеринин тизмесинде көрсөтүлгөн белгилер жок; тизмеге сыпаттамада келтирилген маанилүү белгилери киргизилген эмес; сүрөттөлүшү өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасына туура келбейт ж.у.с.);
- өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасында ушул Эрежелер менен караштырылган структуралык бөлүктөрүнүн жоктугу (эгерде тийиштүү бөлүктө баяндала турган маалыматтар башка бөлүктө берилсе, сурам жиберилбейт);
- ушул Эрежелердин 18.6-пунктуна ылайык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин жыйындысын жана тизмесин тактоонун зарылчылыгы;
- ушул Эрежелердин 19.13-пунктуна ылайык билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланыштуу маселелерди чечүүнүн зарылчылыгы.
Башка мүнөздөгү маселелер, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда жана мисалы ушул Эрежелердин 3.2-пунктунда караштырылган талаптарды аткаруу менен артыкчылыкты белгилөөгө, өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилерин мүнөздөөнү тактоого байланыштуу келип чыккан эскертүүлөр жана сунуштар ж.у.с. жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жиберилген сурамга киргизилиши мүмкүн.
Сурам өтүнмө ээсине өтүнмөнү карап чыгуу үчүн канча жолу керек болсо, ошончо жолу жиберилет.
Сурам жиберүү үчүн көрсөтүлгөн негиздер жок болгон учурда, келип чыккан эскертүүлөр, сунуштар ж.у.с. жөнүндө өтүнмө ээсине катта билдирилет.
2) Сурамда же катта келтирилген кайсы бир маселе боюнча эксперттин пикири ылайыктуу, анын ичинде укуктук мүнөздөгү аргументтер менен тастыкталат.
Өтүнмө ээсине маанилүү белгилеринин мүнөздөмөсүн тактоо, билдирилген тизмеден маанилүү белгини чыгаруу жана ушу сыяктуу маанилүү белгилеринин тизмесин оңдоого байланыштуу сунуштарды жиберүүдө, ушундай оңдоонун укуктук натыйжаларына жана андан баш тартууну аргументтүү көрсөтүү максатка ылайыктуу.
Эгерде өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгү аныкталса жана маанилүү белгилеринин тизмеси биротоло макулдашылса, өтүнмө ээсине жиберилүүчү сурамда маанилүү белгилеринин тизмесинин мамлекеттик же расмий тилге котормосун оңдоо сунуш кылынат (эгер ал эксперттөөнүн жүрүшүндө өзгөртүлсө).
3) Качан сурамда маалымат булагына шилтеме келтирилсе, бул маалыматты табуу үчүн зарыл болгон анын бардык библиографиялык маалыматтары, ошондой эле өтүнмөнү карап чыгууда көңүлгө алынган маалыматтардын булактарында табуу үчүн зарыл болгон (бети, абзац, сүрөттөлүштөгү фигуралардын номерлери ж.у.с.) башка маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
19.18. Патент берүү жөнүндө чечим
Алдын ала эксперттөөдөн оң натыйжа менен өткөн өтүнмө боюнча, маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзбөстөн патент берүү жөнүндө өтүнүч кат болгондо, өтүнмө ээси тарабынан сунушталган жана макулдашылган тизмеге киргизилген, сүрөттөлүштөрдө чагылдырылган маанилүү белгилердин жыйындысы менен мүнөздөлгөн өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
Оң натыйжа менен алдын ала эксперттөөнү өткөн өтүнмө боюнча, маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат болгондо же аталган өтүнүч кат же маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзбөстөн патент берүү жөнүндө өтүнүч кат болбосо, өтүнмө ээсине алдын ала эксперттөөнүн оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо жиберилет.
Эгерде тизмеге киргизилген маанилүү белгилердин жыйындысы өнөр жай үлгүсүнүн маңызын билдирсе жана толугу менен сүрөттөлүштөргө жана сыпаттамага негизделсе, бирок тизме эң жакын аналогун эсепке алуусуз түзүлсө жана өтүнмө ээси өзү берген маанилүү белгилердин тизмесинин редакциясынан
кайтпаса, патент берүү жөнүндө чечимде өтүнмө ээсинин редакциясындагы маанилүү белгилердин тизмеси келтирилет.
Өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси качан андагы камтылган белгилер сүрөттөлүштөгү объектинин элементтери менен бирдейлештирилиши мүмкүн болбогон, же стандарттуу же жалпы кабыл алынган болуп эсептелинбеген, бирок өтүнмө ээси аны оңдоодон баш тарткан терминологияны пайдалануу менен мүнөздөлгөн учурда дагы өтүнмө ээсинин редакциясында келтирилет.
Чечимде өтүнмө ээсинин жана патент ээсинин аталышы (аты) патент берүү жөнүндө өтүнүчтү камтыган арыздын графасында көрсөтүлгөн аталышка (атына) жана арыздагы 71 коддун астында келтирилген өтүнмө ээси жөнүндө маалыматтарга так дал келтирилип көрсөтүлөт.
Чечимде же кабарлоодо өтүнмө ээси өнөр жай үлгүсүнүн артыкчылыгынын белгиленгендиги жөнүндө кабардандырылат.
Маңызы боюнча өтүнмөгө эксперттөө жүргүзбөстөн патент берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөндө, алдын ала эксперттөө бүткөндөн кийин аталган өтүнүч кат келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
19.19. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
1) Өтүнмө ээси сунуштаган тизмеге киргизилген сүрөттөлүштөрдө чагылдырылган маанилүү белгилердин жыйындысы менен мүнөздөлгөн билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүк шартынын жок дегенде бирөөнө ылайык келбегендиги аныкталганда, тийиштүү негиздерди келтирүү менен патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Патент берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кылган жагдайлар менен ал таанышкандан кийин өтүнмө ээси тарабынан билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү бирок эксперттөөнүн корутундусун өзгөртпөгөн далилдер берилген болсо, чечимде көрсөтүлгөн далилдердин талдоосу келтирилет.
2) Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ошондой эле өнөр жай үлгүсүнүн варианттарын камтыган өтүнмө боюнча патентке жөндөмдүү ошондой эле патентке жөндөмсүз чечимдер болгону аныкталганда жана өтүнмө ээси ага жиберилген сурамга берген жообунда патентке жөндөмсүз варианттарды мүнөздөгөн белгилерди маанилүү белгилердин тизмесинен чыгаруудан баш тарткан учурда дагы чыгарылат. Муну менен чечимде бир эле убакта аларга карата ушундай жыйынтык чыгарылган варианттардын патентке жөндөмдүүлүгү тастыкталат.
3) Өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып, эки айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылыгын Апелляциялык кеңешке билдире алат. Каршылык Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө каралып чыгууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими менен өтүнмө ээси макул болбогондо өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып, алты айдын ичинде сотко доо арызы менен кайрыла алат.

20. Маңызы боюнча өтүнмөнү эксперттөө

20.1. Өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүүнүн мөөнөтү
Өтүнмө ээсинин же үчүнчү жактардын өтүнүч каты боюнча Кыргызпатент 12 айдын ичинде өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзөт. Өтүнүч кат өтүнмөнү берүү менен бир убакта же аны Кыргызпатентке берген күндөн тартып, он эки айдын ичинде берилет. Эгерде өтүнүч кат үчүнчү жактардан келип түшсө, бул тууралуу өтүнмө ээси кабардандырылат. Өтүнүч катты берүү мөөнөтү узартылбайт жана калыбына келтирилбейт.
20.2. Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөөнүн мазмуну
Өтүнмөнү маңызы боюнча эксперттөөдө төмөнкүлөрдү жүргүзүшөт:
- Мыйзамдын 7-беренесинин талаптарынын көлөмүндө, өтүнмөнүн баштапкы же кошумча материалдарындагы өтүнмө ээси тарабынан сунушталган, өтүнмөнү карап чыгууда көңүлгө алынган маанилүү белгилердин тизмесинде мүнөздөлгөн билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыктуулук жана оригиналдуулук шарттарына туура келишин текшерүүнү.
20.3. Жаңылыгын текшерүү
1) Жаңылыгын белгилөөдө артыкчылык алган күнүнө чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардын ичинен билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн эстетикалык жана/же эргономикалык өзгөчөлүктөрүн аныктаган маанилүү белгилердин жыйындысынын мурда белгилүүлүгү текшерилет.
2) Жалпыга белгилүү болуп, аны менен кайсы жак болбосун өзү тааныша алгандай маалымат булагында камтылган, же анын мазмуну тууралуу ага мыйзамдуу түрдө кабарланган маалыматтар эсептелет.
Маалымат булагында камтылган маалыматтарды жалпыга белгилүү болгондорго киргизүү мүмкүнчүлүгүн аныктаган күнү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коргоо документтерине карата жарыяланган сыпаттамалар үчүн аларга карата көрсөтүлгөн жарыяланган күнү;
- басылып чыккан басылмалар үчүн - аларга карата көрсөтүлгөн басып чыгарууга кол коюлган күнү;
- аларга карата басып чыгарууга кол коюлган күнү көрсөтүлбөгөн басылмалар үчүн - жарыкка чыгарылган күнү, ал эми аны аныктоо мүмкүн болбосо - айдын акыркы күнү же басылмада көрсөтүлгөн жылдын 31-декабры, эгерде жарыкка чыккан мезгили айларга же жылына гана ылайык аныкталса;
- макалалардын, баяндамалардын, монографиялардын жана башка материалдардын колжазмаларын депонирлөө үчүн - аларды депонирлөө күнү;
- илимий-изилдөө иштер, тажрыйба-конструктордук иштерге карата түшүндүрмө жазуулар жана илимий-техникалык маалымат органдарындагы башка
конструктордук, технологиялык жана долбоордук документтер жөнүндө отчеттор үчүн - алардын ушул органга келип түшкөн күнү;
- ченемдик-техникалык документтер үчүн - ушуга ыйгарым укук берилген органда анын катталган күнү;
- колжазма укугунда чыгарылган диссертациялардын материалдары жана диссертациялардын авторефераттары үчүн - алардын китепканага келип түшкөн күнү;
- сынакка кабыл алынган иштер үчүн - сынакты өткөрүүгө тийиштүү документтер менен тастыкталган, таанышуу үчүн аларды эсептеп чыгаруу күнү;
- көз менен көрүп кабылдануучу маалымат булактары үчүн (плакаттар, моделдер, буюмдар ж.у.с.) - аларды көрүү мүмкүн болуп калган, документ түрүндө тастыкталган күнү;
- көргөзмөгө жайгаштырылган экспонаттар үчүн - аларды көрсөтүүнүн башталышын документ түрүндө тастыкталган күнү;
- телекөрсөтүү, кино боюнча билдирүү үчүн - ушундай билдирүүнүн күнү, эгерде ал белгиленген тартипте көрсөтүлгөн датага аракеттенүүчү ылайыктуу маалымат сактагычта чагылдырылган болсо;
- пайдалануунун натыйжасында белгилүү болуп калган буюм жөнүндө маалымат үчүн - аны менен бул маалыматтар жалпыга белгилүү болуп калган, документ түрүндө тастыкталган күнү.
3) Мурун артыкчылык алган датасы бар өтүнмөнүн өнөр жай үлгүсүнүн жаңылыгын аныктоодо, ошондой эле ушул Эрежелердин 19.15-пунктунун 2- пунктчасынын 3-8-абзацтарында көрсөтүлгөн шарттар сакталганда, патенттелген өнөр жай үлгүлөрү эсепке алынат.
4) Жаңылыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 19.15-пунктунун 3-5- пунктчаларынын жоболору колдонулат.
20.4. Өтүнмө берилген өнөр жай үлгүсүнүн оригиналдуулугун текшерүү
Маңызы боюнча эксперттөө этабында оригиналдуулугун текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ушул Эрежелердин 4.11-пунктуна ылайык эң жакын аналогун аныктоо;
- билдирилген өнөр жай үлгүсүн эң жакын аналогунан (айырмалануучу белгилеринен) айырмалап турган маанилүү белгилерин табуу;
- артыкчылык датасына чейин дүйнөдө жалпыга белгилүү болуп калган маалыматтардын ичинен каралып жаткан өнөр жай үлгүсүнүн айырмалоочу белгилерине ылайык келүүчү белгилери бар көркөм-конструктордук чечимдерди табуу. Жалпыга белгилүүлүгү ушул Эрежелердин 20.3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык аныкталат.
20.5. Кошумча материалдардын сурамы
Кошумча материалдардын, анын ичинде маанилүү белгилердин өзгөртүлгөн тизмесинин сурамы өтүнмө ээсине жиберилет, эгерде ушундай материалсыз өтүнмөгө маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү мүмкүн эмес болсо.
Сурам үчүн негиз болуп атап айтканда, төмөнкүдөй кырдаалдар эсептелинет:
- ушул Эрежелердин 20.3 жана 20.4-пункттарына ылайык билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө байланышкан маселелерди чечүү зарылдыгы.
20.6. Патент берүү жөнүндө чечим
Эгерде өтүнмөнүн маңызы боюнча илимий-техникалык эксперттөөнүн натыйжасында Кыргызпатент билдирилген өнөр жай үлгүсү өтүнмө ээси тарабынан суралган укуктук коргоо көлөмүндө Мыйзамдын 7-беренесинде аныкталган өнөр жай үлгүсүнүн патенке жөндөмдүүлүк шартына туура келгендигин аныктаса, өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.
Патент берүү жөнүндө чечим чыгарууда ушул Эрежелердин 18.9-пунктунун жоболору колдонулат.
20.7. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим
Өтүнмө ээси тарабынан суралган укуктук коргоо көлөмүндө билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн патентке жөндөмдүүлүк шартына туура келбегендиги аныкталганда, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарууда ушул Эрежелердин
19.19-пунктунун 1, 2-пунктчаларынын жоболору колдонулат.
Өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып, үч ай мөөнөттүн ичинде патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылыгын Апелляциялык кеңешке билдире алат. Каршылык ылайыктуу алым төлөнгөн шартта, аны алган күндөн тартып төрт айлык мөөнөт ичинде каралып чыгууга тийиш.
Өтүнмө ээси Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, ал аны алган күндөн тартып, алты ай мөөнөттүн ичинде сотко доо арызы менен кайрыла алат.

21. Кошумча материалдарды текшерүү

1) Өтүнмөнүн документтерин оңдоочу же тактоочу (б.а. аларды мазмунуна киргизүү керек болгон) жана өтүнмө ээсинин демилгеси же эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча материалдар келип түшкөндө, алардын Мыйзам менен белгиленген мөөнөттү сактагандыгы текшерилет.
Өтүнмө ээсинин демилгеси боюнча кошумча материалдар ушул Эрежелердин
17.1-пунктуна ылайык белгиленген өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде берилет.
2) Эгерде өтүнмө ээсинен формалдык эксперттөөнү мөөнөтүнөн
мурун өткөрүү жөнүндө жазуу түрүндө өтүнүч кат келип түшсө, кошумча материалдар келип түшкөндө, өтүнмөнүн оңдоочу жана тактоочу материалдары менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин көрсөтүлгөндүгү текшерилет.
Бул документ берилбесе же ал кошумча материалдар келип түшкөндөн кийин берилсе, өтүнмөнү карап чыгууда акыркысы көңүлгө алынбайт, бул тууралуу өтүнмө ээси кабардандырылат.
Мындай кабарлоо өтүнмө ээсине жиберилген эксперттөөнүн кезектеги документинин мазмунуна киргизилет.
3) Эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча материалдар өтүнмө ээси тарабынан ал сурамды алган күндөн тартып, эки айдын ичинде берилүүгө тийиш.
Качан өтүнмө ээси тарабынан өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөлөрү суралган учурда, кошумча материалдар, көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү өтүнмө ээси алган күндөн тартып, эки айдын ичинде, ал эксперттөөнүн сурамын алган күндөн тартып бир айдын ичинде суралган шартта берилиши мүмкүн.
4) Өтүнмө ээси тарабынан белгиленген мөөнөт сакталгандыгын текшерүүдө ушул Эрежелердин 9-пунктун жетекчиликке алуу керек.
Эгерде өтүнмө ээси кошумча материалдарды белгиленген мөөнөттү бузуу менен бергендиги аныкталса (жана бул мөөнөттөр ушул Эрежелердин 15-пунктуна ылайык узартылбаса) өтүнмө кайра чакыртылып алынды деп таанылат, бул тууралуу өтүнмө ээси кабардандырылат.
5) Өтүнмө ээси тарабынан өз демилгеси же Кыргызпатентттин сурамы боюнча жана карап чыгууга кабыл алынган кошумча материалдар келип түшкөндө, алардын билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртпөгөндүгү текшерилет. Кошумча материалдар билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөрткөн болуп таанылат, эгерде алар өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок болгон маанилүү белгилердин тизмесине киргизүүгө тийиштүү белгилерди камтыса.
Белгилер өтүнмө ээси тарабынан көрсөтүлгөн маанилүү белгилеринин такталган тизмесинде камтылган учурда гана эмес, ошондой эле качан өтүнмө ээси ушундай киргизүүгө көрсөтүп гана койгон учурда дагы өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмесине киргизилүүгө тийиш деп саналат.
Кошумча материалдарда берилген жана маанилүү белгилердин тизмесине киргизүүгө тийиштүү болгон белгилер өтүнмөнүн баштапкы материалдарында жок деп таанылат, эгерде алар Кыргызпатентке патент алуу үчүн арыз келип түшкөн күнгө сүрөттөлүштөрдүн топтомун жана өнөр жай үлгүсүнүн сыпаттамасын өтүнмөдө камтылган сүрөттөлүштөрдө чагылдырылбаса.
Маанилүү белгилердин тизмесине киргизилүүгө тийиш болгон белгилерге кирбеген билдирилген өнөр жай үлгүсү жөнүндө өтүнмөнүн баштапкы материалдарындагы жок болгон маалыматтарды камтыган кошумча материалдар билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртүүчү болуп эсептелинбейт. Мындай маалыматтарга атап айтканда, өнөр жай үлгүсүн ишке ашыруу шарттары жөнүндө жаңы (кошумча) маалыматтар, аны ишке ашыруунун мисалдары, такталган графикалык материалдар ж.у.с. кирет.
6) Кошумча материалдарды билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртүүчү деп тааныган учурда, өтүнмө ээсине бул тууралуу (эксперттөөнүн ага жөнөтүлүүчү кезектеги документинде) жана кошумча материалдарга киргизилген
маалыматтардын ичинен кайсылары эксперттөөнүн ушундай корутундусу үчүн негиз болгондугу жөнүндө кабарланат.
7) Эгерде кошумча материалдар бүтүндөй же жарым-жартылай билдирилген өнөр жай үлгүсүнүн маңызын өзгөртсө жана/же ушул пункт менен караштырылган шарттарды сактабагандык менен берилсе, өтүнмө ээсине алар бүтүндөй эксперттөөдө же ылайыктуу бөлүгүндө көңүлгө алынбай тургандыгы кабарланат.
Тиркеме

┌────────────────────┬───────────────────┬────────────────────

────┐

Кыр-│(22) Берилген датасы│Кириш № │21) Каттоо номери │

гыз-│ │Келип түшкөн датасы│ │

па-

├────────────────────┼───────────────────┼──────────────────────

──┤

тент│Артыкчылыгы │(51) ИУЖК

│ │

та-

├────────────────────┴───────────────┬───┴──────────────────────

──┤

ра- │ │ Интеллектуалдык менчик │

бы- │ Өнөр жай үлгүсүнө │ жаатындагы ыйгарым укуктуу │

нан │ Кыргыз Республикасынын │ мамлекеттик органга │

тол-│ патентин берүү жөнүндө │ (Кыргызпатент) │

ту- │ АРЫЗ

│ │

ру- │ │ 720021, Бишкек ш., │

лат │ │ Москва көч.,

62 │

├────────────────────────────────────┴───────────┬────────────

────┤

│Төмөндөгү документтерди берүү менен, │ ИУЖК

боюнча, │

│атына Кыргыз Республикасынын патентин берүүнү │

уюмдун, │

│суранам (суранабыз) │

ишкананын │

│ │

коду │

│ │

│(71) Өтүнмө ээси │ ИМБДУнун

ST.3 │

│ │

стандарты │

│ │

боюнча │

│(толук аты-жөнү же аталышы жана жашаган же │

коду │

│турган жери көрсөтүлөт. Авторлордун-өтүнмө

│ │

│ээлеринин жашаган жери жөнүндө маалыматтар 97

│ │

│кодунун астындагы графада келтирилет)

│ │

├────────────────────────────────────────────────┴────────────

────┤

│┌─┐ Төмөндөгү дата боюнча ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилөөнү │

│└─┘ суранам

(суранабыз): │

│┌─┐ Париж конвенциясынын катышуучу мамлекетинде биринчи өтүнмө │

│└─┘ берилген (Мыйзамдын 21-бер. 3-

б.)(*) │

│┌─┐ Мыйзамдын 21-б. 7-б. ылайык Кыргызпатентке өтүнмө берилген(*)│

│└─┘

│┌─┐ Мыйзамдын 21-б. 10-б. ылайык биринчи өтнүмө берилген

(*) │

│┌─┐

│└─┘

│└─┘ кошумча материалдар берилген (Мыйзамдын 21-б. 6-

б.) │

│(Кыргызпатентке өтүнмө берилген датадан кыйла мурдараак │

│артыкчылык суралганда гана толтурулат) │

├───────────────────────┬───────────────────┬─────────────────

────┤

│Биринчи, кыйла мурдагы,│

боюнча

Суралган

(33) ST.3

│ баштапкы

өтүнмөнүн № │

өлкөнүн

артыкчылыктын

берилген

(конвенциялык

датасы

│ коду

│артыкчылык

сураганда)│

├───────────────────────┼───────────────────┼─────────────────

────┤

│1. │

│ │

│2. │

│ │

│3. │

│ │

├───────────────────────┴───────────────────┴─────────────────

────┤

│(54) Ойлоп табуунун

аталышы │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│(98) Кат алышуу үчүн дарек (толук почталык дареги, адресаттын аты│

│же

аталышы) │

│Телефону:

E-mail:

Факсы:

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│(74) Патенттик ишенимдүү өкүл (толук аты, каттоо номери, турган │

│жери)

│Телефону:

│ E-mail:

Факсы:

│(*) "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

├─────────────────────────────────┬──────┬──────┬─────────────

────┤

│Тиркелүүчү документтердин тизмеси│Саны 1│Нуска-│Өтүнмө берүүгө │

│ │нуска-│лардын│жана патент │

│ │ да │ саны │алууга укуктун │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤пайда болуусу │

│┌─┐ Өнөр жай үлгүсүнүн │ │ │үчүн негиз │

│└─┘ сыпаттамасы │ │

│документтерди │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤представления

│┌─┐ буюмдун сүрөтүнүн комплекти │ │

│көрсөтүүсүз): │

│└─┘ (макети) │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤┌─┐ өтүнмө ээси │

│┌─┐ буюмдун жалпы чиймеси │ │ │└─┘ жумуш берүүчү│

│└─┘ (чиймелери) │ │ │

болуп │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

эсептелет │

│┌─┐ │ │ │ жана

Патент │

│└─┘ эргономикалык чийме │ │ │ Мыйзамынын │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤ 9-

жана │

│┌─┐ │ │ │ 10-

беренеле- │

│└─┘ конфекциялык карта │ │ │

ринин │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

шарттары │

│┌─┐ өтүнмө бергендиги жана │ │ │

сакталган │

│└─┘ эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн│ │

│ │

│ алым төлөгөндүгү жөнүндө │ │ │┌─┐ жумуш берүүчү│

│ документ │ │ │└─┘

тарабынан │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

укуктардын │

│┌─┐ төмөнкүлөр үчүн негиздердин │ │ │ башка жакка │

│└─┘ бар экендигин тастыктаган │ │ │

кайрадан │

│ документ: │ │ │

ыйгарылышы │

│┌─┐ алым төлөөдөн бошотуу │ │

│ │

│└─┘ пошлины │ │ │┌─┐ автор же анын│

│┌─┐ │ │ │└─┘

укук │

│└─┘ алымдын өлчөмүн азайтуу │ │ │

мураскери │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

тарабынан │

│┌─┐ баштапкы өтүнмөнүн │ │ │ укуктун башка│

│└─┘ (өтүнмөлөрдүн) көчүрмөсү │ │ │

ыйгарылып │

│ (конвенциялык артыкчылык │ │ │

берилиши │

│ сураганда) │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤┌─┐

мураскерлик │

│┌─┐ өтүнмөнүн орус же кыргыз │ │ │└─┘

укугу │

│└─┘ тилине котормосу │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ патенттик ишенимдүү өкүлдүн │ │

│ │

│└─┘ ыйгарым укугун тастыктаган │ │

│ │

│ ишеним кат │ │

│ │

├─────────────────────────────────┼──────┼──────┤

│┌─┐ башка документ (көрсөтүү │ │

│ │

│└─┘ керек) │ │

│ │

├───────────────┬─────────────────┴──────┼──────┴─────────────

────┤

│(72) Автор(лор)│ (97) Жашаган жеринин │ Патент алууга укугун │

│(толук аты-жөнү│дареги (чет

өлкөлүктөр

ыйгарып

берүүчү

│ көрсөтүлөт) │ үчүн - ИМБДУнун ST.3 │ автордун(лордун)

колу │

│ │ стандарты боюнча │ (колдору);

датасы │

│ │өлкөнүн коду, эгерде ал

│ │

│ │ белгиленсе

│ │

├───────────────┼────────────────────────┼────────────────────

────┤

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │

│ │ │

├───────────────┴────────────────────────┴────────────────────

────┤

│Мен (биз)

│ толук аты-

жөнү │

│патент берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени (бизди)

автор │

│катарында эскербөөнү суранам

(суранабыз) │

│Автордун (авторлордун)

колу: │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Патент алууга укугун ыйгарып берүүчү автордун укук мураскери │

│толук аты-жөнү же аталышы, жашаган жери же жайгашкан жери колу, │

│датасы):

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────┤

│Колу:

│Анын атына патент суралган жактын өтүнмө ээсинин (ээлеринин)

же │

│патенттик ишенимдүү өкүлдүн колу (колдору); кол (колдор)

коюлган │

│дата (юридикалык жактын атынан кол коюлганда жетекчинин колу мөөр│

│менен күбөлөндүрүлөт)

│(*) "Патент Мыйзамы" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы │

└─────────────────────────────────────────────────────────────

────┘