عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG242

رجوع

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом 2015-жылдын 21-сентябры № 652 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом 2015-жылдын 21-сентябры № 652Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ­

ТОКТОМ ­

2015­жылдын 21­сентябры № 652

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016­жылдын 3­октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17­беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012­жылдын 29­февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жободо:

­ 1­тиркеменин 6­пунктунда:

бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

тогузунчу абзацтагы "." белгиси ";" белгиси менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"­ патентти калыбына келтирүү жөнүндө.";

1­пунктчада:

он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

жыйырма төртүнчү абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2­пунктчада:

үчүнчү абзацтагы "жана патенттин түпнускасы бар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

5­пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) Патенттин, өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астындагы патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү.

Мыйзамдын 32­1­беренесине ылайык патенттик алым аны күчүндө кармоо үчүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу жарактуулугу токтотулган патенттин жана өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астындагы патенттин жарактуулугу патент ээсинин өтүнүчү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.

Патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч жарактуулуктун ар бир өткөрүлгөн жылы үчүн алым жана мындай өтүнүчтү бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Мыйзамдын 4­беренесине ылайык патенттин жарактуулугунун белгиленген жыйырма жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргызпатентке берилет.

Патент ээси патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же Мыйзамда каралган учурларда башка өкүлгө ага тиешелүү ишеним кат берүү менен ыйгарым укук бериши мүмкүн.

Өтүнүч мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнүчкө патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты­жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр коюлат.

Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:

­ ойлоп табууга патент (түпнуска);

­ патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;

­ эгерде өтүнүч патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.

Түздөн­түз берилген же почта аркылуу келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.

Зарыл болгон кайсы бир документтер жок болгон же туура эмес таризделген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө суроо­ талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди Кыргызпатентке берүү сунушу менен суроо­талап жиберилет.

Мында ушул пунктчада каралган өтүнүчтү кароо мөөнөтү жетишпеген же оңдолгон документтердин акыркысы келип түшкөн датадан баштап эсептелет.

Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүчтү берүү шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин жарактуулук мөөнөтү калыбына келтирилет.

Мында Кыргызпатент төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

­ он жумуш күндүн ичинде ОТ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;

­ патентти бир айдын ичинде калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;

­ патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн дарегине коргоо документтерин жана патентти күчүндө кармоо даталары жана аны күчүндө кармоо үчүн алымдарды эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды келтирүү менен патенттин жарактуулук мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу жазуу менен кабарламаны он жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.

Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө кабарланат.";

6­пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.

"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.

Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";

7­пунктчада:

экинчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Дубликатты берүү жөнүндө маалыматтар ОТ мамреестрине киргизилет.";

он экинчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

­ 2­тиркеменин 4­пунктунун жыйырма экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

­ 4­тиркеменин 6­пунктунун 1­пунктчасында:

он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

жыйырма төртүнчү абзацтагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3­пунктчанын он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4­пунктчада:

үчүнчү абзацтагы "жана күбөлүктүн түпнускасы бар болгондо" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацтагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

7­пунктчанын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

8­пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.

"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.

Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";

9­пунктчада:

экинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Дубликатты берүү жөнүндө маалыматтар ОТ мамреестрине киргизилет";

он үчүнчү абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

­ 6­тиркеменин 5­пунктунда:

1­пунктчада:

он биринчи жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

жыйырманчы абзацтагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2­пунктчада:

жетинчи абзацтагы "каттоону жана күбөлүктү" деген сөздөр "товар чыгарылган жердин аталышын каттоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

сегизинчи абзацтагы "күбөлүктү" деген сөздөн мурун "товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна" деген сөздөр менен толукталсын;

4­пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5­пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

''5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.

"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.

Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";

6­пунктчанын он үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

­ 7­тиркеменин 4­пунктунун 1­пунктчасынын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

­ 8­тиркемеде:

4­пунктта:

1­пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2­пунктчада:

үчүнчү абзацтагы ", патенттин түпнускасы бар болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

5­пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.

"Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.

Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.";

6­пунктчанын он үчүнчү абзацында:

"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;

"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 7­пунктча менен толукталсын:

"7) Мыйзамдын 32­1­беренесине ылайык патенттик алым аны күчүндө кармоо үчүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу жарактуулугу токтотулган патенттин жарактуулугу патент ээсинин өтүнүчү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.

Патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч жарактуулуктун ар бир өткөрүлгөн жылы үчүн алым жана мындай өтүнүчтү бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Мыйзамдын 17­беренесине ылайык патенттин жарактуулугунун белгиленген жыйырма беш жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин, өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү бак­дарак, мөмө­жемиш өсүмдүктөрүнүн жана токой өсүмдүктөрүнүн сорттору үчүн, анын ичинде алардын кыйыштырылуучу көчөттөрүнө, ошондой эле жаныбарлардын тукумуна ­ аталган патенттик алым төлөнгөн мөөнөт аяктаган датадан тартып беш жылдын ичинде Кыргызпатентке берилет.

Патент ээси патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө (мындан ары ­ патенттик ишенимдүү өкүл) же "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда башка өкүлгө ага тиешелүү ишеним кат берүү менен ыйгарым укук бериши мүмкүн.

Өтүнүч ушул тартиптин тиркемесинде келтирилген үлгүгө ылайык мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Өтүнүчкө патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт.

Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты­жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр коюлат.

Кол койгон адамдын аты­жөнүн көрсөтүү менен коюлган кол чечмеленет.

Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:

­ селекциялык жетишкендикке патент (түпнуска);

­ патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;

­ өткөрүлгөн жылдар үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;

­ эгерде өтүнүч патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.

Түздөн­түз берилген же почта аркылуу келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

Зарыл болгон кайсы бир документтер жок болгон же туура таризделбеген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө суроо­ талапты алган датадан баштап эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди Кыргызпатентке берүү сунушу менен суроо­талап жиберилет.

Мында ушул пунктчада каралган өтүнүчтү кароо мөөнөтү жетишпеген же оңдолгон документтердин акыркысы келип түшкөн датадан тартып эсептелет.

Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүчтү берүүнүн шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин жарактуулук мөөнөтү калыбына келтирилет.

Мында Кыргызпатент төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

­ он жумуш күндүн ичинде ОТ мамреестрине тиешелүү маалымдарды киргизет;

­ патентти бир айдын ичинде калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет;

­ патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн дарегине коргоо документтерин жана патентти күчүндө кармоо даталары жана аны күчүндө кармоо үчүн алымдарды эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды келтирүү менен патенттин жарактуулук мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу жазуу менен кабарламаны он жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.

Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө кабарланат.";

­ 9­тиркеменин 4­пунктунда:

1­пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

1­пунктчанын жыйырма үчүнчү абзацындагы жана 2­пунктчанын бешинчи абзацындагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4­пунктчанын он үчүнчү абзацында:

"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;

"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын;

­ 12­тиркеменин 4­пунктунда:

1­пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

1­пунктчанын жыйырма төртүнчү абзацындагы жана 2­пунктчанын бешинчи абзацындагы "күбөлүктү" деген сөз "күбөлүккө кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2­пунктчанын үчүнчү абзацындагы "жана күбөлүктүн түпнускасы бар болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;

4­пунктчанын он үчүнчү абзацында:

"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;

"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016­жылдын 3­октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998­жылдын 24­декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:

­ 2­пункттун "б" пунктчасы "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын;

­ 4­пункттун экинчи абзацындагы "ошол өлчөмдөгү компенсацияны" деген сөздөр "ошол өлчөмдөгү сыйакыны" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

­ 5­пункттун "в" пунктчасындагы жана 6­пунктунун экинчи абзацындагы "коммерциялык" деген сөз алып салынсын;

­ 9­пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011­жылдын 5­январындагы № 7 "Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

­ 1­пункттун экинчи абзацы;

­ жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер­министр Т.А.

Сариев