Об интеллектуальной собственности Обучение в области ИС Обеспечение уважения интеллектуальной собственности Информационно-просветительская работа в области ИС ИС для ИС и ИС в области Информация о патентах и технологиях Информация о товарных знаках Информация о промышленных образцах Информация о географических указаниях Информация о новых сортах растений (UPOV) Законы, договоры и судебные решения в области ИС Ресурсы в области ИС Отчеты в области ИС Патентная охрана Охрана товарных знаков Охрана промышленных образцов Охрана географических указаний Охрана новых сортов растений (UPOV) Разрешение споров в области ИС Деловые решения для ведомств ИС Оплата услуг в области ИС Органы по ведению переговоров и директивные органы Сотрудничество в целях развития Поддержка инновационной деятельности Государственно-частные партнерства Инструменты и сервисы на базе ИИ Организация Работа с ВОИС Подотчетность Патенты Товарные знаки Промышленные образцы Географические указания Авторское право Коммерческая тайна Академия ВОИС Практикумы и семинары Защита прав ИС WIPO ALERT Информационно-просветительская работа Международный день ИС Журнал ВОИС Тематические исследования и истории успеха Новости ИС Премии ВОИС Бизнеса Университетов Коренных народов Судебных органов Генетические ресурсы, традиционные знания и традиционные выражения культуры Экономика Гендерное равенство Глобальное здравоохранение Изменение климата Политика в области конкуренции Цели в области устойчивого развития Передовых технологий Мобильных приложений Спорта Туризма PATENTSCOPE Патентная аналитика Международная патентная классификация ARDI – исследования в интересах инноваций ASPI – специализированная патентная информация Глобальная база данных по брендам Madrid Monitor База данных Article 6ter Express Ниццкая классификация Венская классификация Глобальная база данных по образцам Бюллетень международных образцов База данных Hague Express Локарнская классификация База данных Lisbon Express Глобальная база данных по ГУ База данных о сортах растений PLUTO База данных GENIE Договоры, административные функции которых выполняет ВОИС WIPO Lex – законы, договоры и судебные решения в области ИС Стандарты ВОИС Статистика в области ИС WIPO Pearl (терминология) Публикации ВОИС Страновые справки по ИС Центр знаний ВОИС Серия публикаций ВОИС «Тенденции в области технологий» Глобальный инновационный индекс Доклад о положении в области интеллектуальной собственности в мире PCT – международная патентная система Портал ePCT Будапештская система – международная система депонирования микроорганизмов Мадридская система – международная система товарных знаков Портал eMadrid Cтатья 6ter (гербы, флаги, эмблемы) Гаагская система – система международной регистрации образцов Портал eHague Лиссабонская система – международная система географических указаний Портал eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Посредничество Арбитраж Вынесение экспертных заключений Споры по доменным именам Система централизованного доступа к результатам поиска и экспертизы (CASE) Служба цифрового доступа (DAS) WIPO Pay Текущий счет в ВОИС Ассамблеи ВОИС Постоянные комитеты График заседаний WIPO Webcast Официальные документы ВОИС Повестка дня в области развития Техническая помощь Учебные заведения в области ИС Поддержка в связи с COVID-19 Национальные стратегии в области ИС Помощь в вопросах политики и законодательной деятельности Центр сотрудничества Центры поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ) Передача технологий Программа содействия изобретателям (IAP) WIPO GREEN PAT-INFORMED ВОИС Консорциум доступных книг Консорциум «ВОИС для авторов» WIPO Translate для перевода Система для распознавания речи Помощник по классификации Государства-члены Наблюдатели Генеральный директор Деятельность в разбивке по подразделениям Внешние бюро Вакансии Закупки Результаты и бюджет Финансовая отчетность Надзор
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Законы Договоры Решения Просмотреть по юрисдикции

Кыргызстан

KG050

Назад

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2005- жылынын 31-мартынын № 58 ' Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө' мыйзамы

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2005- жылынын 31-мартынын № 58 ' Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө' мыйзамы

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005­жылдын 31­марты № 58

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

2005­жылдын 20­январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

1­статья.

"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998­ж., № 4, 129­ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 2­статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "(мындан ары ­ Кыргызпатент)" деген сөздөр алып салынсын.

2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле­ кеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 11­статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү төмөндөгүдөй редак­ цияда баяндалсын:

"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ ганда катталган ЭЭМ үчүн программаларга же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды берүү жөнүндөгү келишим же лицензиялык келишим интеллектуал­ дык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ ганда катталбаган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим интеллектуалдык менчик жаа­ тындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тараптардын макулдашуусу боюнча катталышы мүмкүн.".

4. 14­статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

14­статья. ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базасын каттоо

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттоого табыш­ тама (мындан ары ­ табыштама) ЭЭМ үчүн бир программага же бир маалымат­ тар базасына тиешелүү болууга тийиш.

Табыштама төмөндөгүлөрдү: укук ээсин, ошондой эле авторун, эгерде ал аталган бул милдеттен

баш тартпаса жана алардын турган жерин (жашаган жерин) көрсөтүү менен ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттоого арызын;

ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын, рефератты кошо иден­ тификациялоочу, депозитке салынуучу материалдарды;

белгиленген өлчөмдө каттоо жыйымынын төлөнгөндүгүн же каттоо жыйы­ мын төлөөдөн бошотууну, ошондой эле анын өлчөмүн азайтууну тастыктоочу документти камтууга тийиш.

Табыштаманы жол­жоболоштуруунун эрежесин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

Табыштама келип түшкөндөн кийин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон документтердин болушун жана алардын ушул статьянын экинчи бөлүгүндө айтылган талаптарга ылайык келүүсүн текшерет.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ гандын суроо­талабы боюнча же табыштама ээси өз демилгеси боюнча расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин табыштаманын материалдарын то­ луктоого, тактоого жана оњдоого укуктуу.

Табыштаманы карап чыгуу алты айдын ичинде жүргүзүлөт.

Кароонун натыйжасы оњ чыккан учурда интеллектуалдык менчик жаатын­ дагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭЭМ үчүн программаны же маалы­ маттар базасын тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын ЭЭМи үчүн програм­ малардын мамлекеттик реестрине же тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Маалыматтар базаларынын мамлекеттик реестрине киргизет, укук мураскери­ не расмий каттоо тууралу күбөлүк берет жана расмий катталган ЭЭМ үчүн программалар же маалыматтар базалары жөнүндөгү маалыматтарды интеллек­ туалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыялайт.

Расмий каттоонун тартиби, расмий каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн фор­ масы, аларда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет, ал ошондой эле расмий бюллетенде жарыялануучу маалыматтардын тизмегин да аныктайт.

Кыргыз Республикасынын ЭЭМи үчүн программалардын мамлекеттик реес­ трине же Кыргыз Республикасынын маалыматтар базаларынын мамлекеттик ре­ естрине киргизилген маалыматтар төгүндөлмөйүнчө анык деп эсептелинет.

Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти табыштама берүүчү тартат.

ЭЭМ үчүн программаларды же маалымат базаларын жана келишимдерди расмий каттоого, ошондой эле алар жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоого байланышкан аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн каттоо жыйымдары алынат.

Каттоо жыйымдарынын өлчөмү, төлөө мөөнөтү, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу же алардын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздер Кыргыз Рес­ публикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Жыйымдар, анын ичинде валюта түрүндө, интеллектуалдык менчик жаа­ тындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине келип түшкөн бар­ дык каражаттар интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле­ кеттик орган тарабынан ушул статьяда каралган иш­аракеттерди жүзөгө ашырууга байланышкан чыгашаларды жабууга, ошондой эле жабдуу, автомат­ таштырылган тутумду түзүү жана колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайда­ ланылат.".

5. 15­статьяда:

биринчи бөлүктөгү "кайра сатуудан" деген сөздөр "биринчи сатуудан кийин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү бөлүк "өзгөчө тартибин" деген сөздөрдөн мурда "келишим түзүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын; "пайдалануунун типтүү шартта­ рын" деген сөздөр келишимдин типтүү шарттарын" деген сөздөр менен ал­ маштырылсын.

6. 18 жана 19­статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"18­статья. ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар базасына тиешелүү укуктарды коргоонун жарандык­укуктук жана дагы башка чаралары

ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын автору жана башка укук ээлери:

­ укуктарды таанууну; ­ укуктун бузулушуна чейинки абалды калыбына келтирүүнү; ­ укуктарды бузуучу же укукту бузууга коркунуч түзүүчү аракеттерге

тыюу салууну; ­ зыяндардын ордун толтурууну; ­ зыяндардын ордун толтуруунун ордуна укуктарды бузуунун кесепети­

нен укук бузуучу тарабынан алынган кирешени өндүрүп алууну; ­ укук бузуучудан зыяндардын ордун толтуруунун же кирешелерди

төлөтүп алуунун ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эњ аз айлык акынын белгиленген өлчөмүнүн 20 жолкудан 50000 жолкуга че­ йинки суммасында соттун кароосу боюнча аныкталган компенсация төлөп берүүнү;

­ өз укуктарын коргоого байланышкан мыйзамдык актыларда каралган дагы башка чараларды да кабыл алууну талап кылууга укуктуу.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи, алтынчы жана жетинчи аб­ зацтарында көрсөтүлгөн чаралар ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар ба­ заларына укуктардын ээлеринин тандоосу боюнча колдонулат.

Укук ээлери өздөрүнүн укугун коргоо үчүн алардын компетенциясына ылайык сотко, алгачкы териштирүү органына, алгачкы тергөө органдарына белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.

ЭЭМ үчүн программалардын же маалымат базаларынын контрафакт нуска­ лары соттун чечими боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланууга тийиш. Конфискацияланган контрафакт нускалар жок кылынууга тийиш, аларды укук ээлеринин өтүнүчү боюнча өздөрүнө бере турган учурларды кошпогондо.

Сот контрафакт нускаларды даярдоо жана кайталап чыгаруу үчүн пай­ даланылган материалдарды жана жабдууларды конфискациялоо жөнүндө чечим чыгара алат.

ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын түп нускасын ата­ йылап жок кылуу же шалаакылыктан жок кылуу жагынан күнөөлүү болгон адам автордун талабы боюнча ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү талаптарга ылайык келтирилген материалдык жана моралдык зыяндардын ордун толтуруу­ га милдеттүү.

19­статья. ЭЭМ үчүн программага жана маалыматтар базасына тиешелүү

укуктарды бузуу иштери боюнча доо коюуну камсыз кылуу ыкмалары

Сот же судья жоопкерге же укуктарды бузуучу деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгон адамга белгилүү иш­аракеттерди жасоого (ЭЭМ үчүн прог­ рамманын жана маалыматтар базасынын нускалары контрафакт деп болжолдон­ со, аларды жасоого, кайталап чыгарууга, сатууга, прокатка берүүгө, им­ порттоого же ушул Мыйзамда каралган дагы башкача пайдаланууларга, ошон­ дой эле транспорттоого, граждандык жүгүртүүгө чыгаруу максатында аларды сактоого же ээлик кылууга) тыюу салуу жөнүндө жеке өзү аныктама чыгара алат.

Сот же судья ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын нус­ калары контрафакт деп болжолдонсо, аларга камак салуу жана бардык нус­ каларды, ошондой эле аларды жасоого жана кайталап чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларды алып коюу жөнүндө жеке өзү аныктама чыга­ ра алат.

ЭЭМ үчүн программаларды жана маалыматтар базасын укуктук коргоону жөнгө салуучу мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭЭМ үчүн программанын жана маалыматтар базасынын контрафакт деп болжолдон­ гон нускаларын издөө жана аларга камак салуу, аталган нускаларды жасоо­ го жана кайталап чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларга, ошондой эле ушул Мыйзамды бузган иш­аракеттердин жасалгандыгына далил боло турган документтерге камак салуу, анын ичинде зарыл болгон учур­ ларда аларды алып коюу жана аларды жоопкердүү сактоого өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлүшү мүмкүн.".

2­статья.

"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес­ публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо­ мосттору, 1998­ж., N 10, 375­ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толук­ тоолор киргизилсин:

1. Преамбуланын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын патенттери берилген се­

лекциялык жетишкендиктерди чыгарууга же табууга (мындан ары ­ түзүүгө), пайдаланууга жана укуктук коргоого байланыштуу келип чыгуучу мүлктүк жана жекече мүлктүк эмес мамилелер жөнгө салынат.".

2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги: "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "интеллектуалдык

менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"(табууга, чыгарууга)", "(чыгаруу же табуу)", "(чыгарууга же табу­ уга)" жана "(чыгарылса же табылса)", "(чыгаруусуна же табуусуна)", "(чыгарган же тапкан)", "(чыгарылган жа табылган)" деген сөздөр алып салынсын.

3. 1­статьянын он биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал­ сын:

"өсүмдүк материалы ­ сортту кайрадан өстүрүүдөн айырмаланган, баш­ ка максаттарда көбөйтүп чыгарууга же сатууга арналган бүтүндөй өсүмдүк же өсүмдүктүн бир бөлүгү, үрөндөр, көчөттөр, отургузулуучу уруктар, ар кандай өсүмдүктөрдүн жемиштери;".

4. 3­статьяда: төртүнчү бөлүктүн төртүнчү абзацы, бешинчи жана алтынчы бөлүктөр

алып салынсын; жетинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "жањылыктуулугун" деген сөз

алып салынсын; жетинчи бөлүк тиешелүү түрдө бешинчи бөлүк деп эсептелсин.

5. 4­статьяда: � экинчи бөлүктүн 2­пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: �

"2) Айырмалуулук. Селекциялык жетишкендик, эгерде өтүнмө берген учурга карата жалпы­

га белгилүү болгон селекциялык жетишкендиктин кайсынысынан болбосун өтө айырмаланып турса, айырмалуу деп эсептелинет.

Жалпыга белгилүүлүк селекциялык жетишкендикке карата төмөндөгүчө белгилениши мүмкүн:

­ жогоруда аталган максаттар үчүн көбөйтүү, сактоо максаттарында аны өндүрүүнүн, кайра өндүрүүнүн, себүү кондициясына жеткирүүнүн натый­ жасында билимдин жалпы белгилүү дењгээлинин бир бөлүгү болуп калган;

­ сатууга сунуш кылынган, сатылган, ташылып кеткен же ташып келин­ ген;

­ расмий каталогдорго, маалымдама фондуларына киргизилген же жары­ ялоолордун биринде так сыпатталган, же болбосо Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилген учурларда;".

6. 7­статьяда: � биринчи бөлүктүн 2­пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: �

"2) сорттун, тукумдун сыпаттамасы: өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн ­ сорттун анкетасы; жаныбарлардын тукумдары үчүн ­ айыл чарба жаныбарларын апробация­

лоо боюнча анын колдонулуп жаткан усулга ылайык сыпаттамасы;". экинчи бөлүктөгү "Көрсөтүлгөн" деген сөз "Өтүнмөгө жана ага тир­

келген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. 8­статьянын сегизинчи бөлүгү алып салынсын.

8. 10 жана 11­статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"10­статья. Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн экспертизасы

Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн экспертизасы алдын ала экспер­ тизаны жана билдирилген селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир түрдүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолорду камтыйт.

11­статья. Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала экспертизасы

Селекциялык жетишкендиктин өтүнмөсүнүн алдын ала экспертизасы ал интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенден кийин эки айлык мөөнөттө өткөрүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 7­статьяда каралган документтердин бар экендигин, селекциялык же­ тишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8­статьясынын талаптарына дал келишии текшерет, селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгын белгилейт.

Алдын ала экспертиза жүргүзүү үчүн алым төлөнөт. Өтүнмө берүүчү өтүнмө берген күндөн тартып жана өтүнмөнүн карап

чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ый­ гарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсине кабарлаганга чейин өтүнмө ээси билдирилген селекциялык жетишкендиктин маани­мањызын өзгөртпөстөн, алым төлөнгөн болсо, өз демилгеси боюнча өтүнмөнүн материалдарын толук­ ташы, оњдошу же тактоосу мүмкүн.

Эгерде өтүнмө аны жол­жоболоштурууга жана түзүүгө карата белгилен­ ген талаптарды бузуу менен берилсе же экспертизанын максаттары үчүн ко­ шумча материалдар талап кылынса, өтүнмө ээсине суроо­талап жөнөтүлөт, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде оњдолгон же жок материалдарды берүү жагы сунуш кылынат.

Эгерде алдын ала экспертизанын жүрүшүндө селекциялык жетишкендик­ тин аталышы белгиленген талаптарга дал келбей турганы аныкталса, өтүнмө ээсине кабарлама жиберилет, анда аны алган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде башка аталышты берүү жагы сунуш кылынат.

Өтүнмө ээсинин өтүнмөсү боюнча, эгерде жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым төлөнсө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө ка­ ралган суроо­талапка же кабарламага жооп берүүнүн мөөнөтүн алты айга чейин узартууга уруксат бере алат.

Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттө суралган материалдарды бербесе, селекциялык жетишкендиктин аталышын өзгөртпөсө же белгиленген мөөнөттү узартуу жөнүндө өтүнмө бербесе, өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат.

Алдын ала экспертиза оњ жагына чечилгенде өтүнмө ээсине анын өтүнмөсү карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарланат.".

9. 12­статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү­онунчу бөлүктөр менен толукталсын:

"Өтүнмө жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде анын жањылыгы­ на карата ар кандай таламдаш адамдын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түшкөн терс пикири эске алынат.

Таламдаш жактын терс пикири каршы болуу түрүндө Апелляциялык кењешке берилет.

Каршы пикирдин түшкөндүгү жөнүндө Апелляциялык кењеш өтүнмө ээсине каршы пикирдин маани­мањызы баяндалган кабар жиберет. Өтүнмө ээси та­ ламдаш жактын каршы пикирине макул болбогон учурда кабарды алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Апелляциялык кењешке жүйөлүү далилдерди жөнөтүүгө укугу бар.

Каршы пикир Апелляциялык кењеш тарабынан аны алган күндөн тартып төрт айдын ичинде каралууга тийиш. Апелляциялык кењешке каршы пикир бергендиги жана аны карап чыккандыгы үчүн алым төлөнөт.

Каршы пикир берген адам, ошондой эле өтүнмө ээси аны карап чыгууга катыша алышат.

Эгерде селекциялык жетишкендик жањылыктын шарттарына туура келбе­ се, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Каршы пикир боюнча Апелляциялык кењештин чечимине макул болбогон ар бир тарап чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө

сотко доо менен кайрыла алат.".

10. 13­статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрү алып салынсын.

11. 14 жана 15­статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"14­статья. Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолор

Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноо Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспек­ циясы же Кыргыз Республикасы өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын ту­ кумдарын коргоо жөнүндө эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан компетенттүү уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.

Сортту сынагандыгы үчүн алым төлөнөт.

Селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугун, бир тектүүлүгүн жана туруктуулугун баалоодо Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы:

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен же Кыр­ гыз Республикасы өсүмдүктөрдүн сортторун, жаныбарлардын тукумдарын кор­ гоо жөнүндө эки тараптуу же көп тараптуу келишимдер менен байланышкан чет өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен селекциялык жетишкендиктер­ ди сыноо боюнча түзүлгөн келишимдер боюнча өткөрүлгөн сыноолордун жы­ йынтыктарына;

өтүнмө ээси тарабынан жүргүзүлгөн же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасында же андан тышкары жактарда өткөрүлгөн сыноолорго негиз­ дене алышат.

Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы өтүнмө ээсинен ке­ ректүү маалыматтарды, документтерди же отургузулуучу, асыл тукум мате­ риалдарын берүүсүн талап кыла алат, ошондой эле өтүнмө ээсине сортко, тукумга карата айрым сыноолорду өткөрүүнү сунуш кыла алат.

Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы селекциялык жетиш­ кендиктердин сыноолорунун жыйынтыктары боюнча селекциялык жетишкендик­ тин коргоого жарамдуулуктун шарттарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду чыгарышат жана селекциялык жетишкендиктин расмий сыпаттамасын түзүшөт.

Техникалык өнүгүүнүн жүрүшүндө Мамкомиссия, Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы каалаган убакытта патент колдонулган мөөнөтүнүн ичинде се­ лекциялык жетишкендиктин сыпаттамасын толуктоого укуктуу.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ ган селекциялык жетишкендиктин айырмалуулугуна, бир тектүүлүгүнө жана туруктуулугуна карата сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде жана Мамко­ миссия менен Мамлекеттик асыл тукум инспекциясынын отчеттору менен ко­ рутундусунун материалдарына таянып, патент берүү жөнүндө чечим чыгарат жана, эгерде анын артыкчылыгы алдын ала экспертизаны өткөрүү учурунда белгиленбесе, аны белгилейт же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Өтүнмө ээси экспертиза өткөрүлгөндө пайдаланылган материалдар ме­ нен тааныша алат жана сыноонун жүрүшүн байкап тура алат. Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки ай­ лык мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн,

ошондой эле өткөрүлгөн сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кыла алат.

15­статья. Патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу жана өткөрүлгөн мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимге макул болбосо ал Апелляциялык кењешке өтүнмө боюнча чечимди же өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн жана сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалыматты алган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршы пикир берүүгө укуктуу.

Каршы пикир Апелляциялык кењешке келип түшкөн күндөн тартып төрт айлык мөөнөттүн ичинде каралууга тийиш. Татаал өтүнмөлөр боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт өтүнмө ээси менен макулдашуу боюнча узартылышы мүмкүн. Өтүнмөнүн ээси өзүнүн каршы пикирин карап чыгууга өзү же болбо­ со өзүнүн өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

Апелляциялык кењешке каршы пикир бергендиги үчүн тиешелүү алым төлөнөт.

Апелляциялык кењештин чечимине карата өтүнмө ээси кабыл алынган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттанышы мүмкүн.

Ушул Мыйзамдын 11­статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр жүйөлүү себептер бол­ гондо жана алым төлөнгөндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып алты айдан кечиктирил­ бестен берилиши мүмкүн.".

12. 17­статьяда: "30 жылды" жана "35 жылды" деген сөздөр тиешелүү түрдө "20 жылды"

жана "25 жылды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

13. 19­статьяда "алты айдын" деген сөздөр "эки айдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

14. 20­статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "жана аларга түрткү берүү" деген сөздөр алып салынсын.

15. 24­статьяда: � статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: � "Патент ээсинин өзгөчө укугу ошондой эле патент ээсинин уруксаты­

сыз чарбалык жүгүртүүгө киргизилген өсүмдүк материалдарына жана коргоо­ го алынган сорттун өсүмдүк материалынан жасалган товардык продукцияга да жайылтылат.";

төртүнчү бөлүктөгү "биринчи" деген сөз "экинчи" деген сөз менен алмаштырылсын;

төртүнчү, бешинчи бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи, алтынчы бөлүктөр деп эсептелсин.

16. 25­статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "25­статья. Патент ээсинин укуктарын бузуу катары таанылбаган

аракеттер

Патент ээсинин төмөндөгүдөй аракеттери укук бузуу катары тааныл­ байт:

керт башы үчүн жана коммерциялык эмес максаттарда жасалган аракет­ тер;

эксперименттик максаттарда жасалган аракеттер; коргоого алынуучу сортту, тукумду ушул Мыйзамдын 24­статьясынын

бешинчи бөлүгүндө каралган учурлардан башка учурда, жањы селекциялык жетишкендикти түзүү үчүн баштапкы материал катарында пайдалануу боюнча аракеттер, мындай селекциялык жетишкендиктерге карата ушул Мыйзамдын 24­статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттер;

дыйкан (фермердик) чарба тарабынан алынган өсүмдүк материалын өзүнүн ишканасынын аймагында сортту өстүрүү үчүн үрөн катары ушул ишка­ нанын эки жыл бою пайдаланышы.

Аларга карата ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн артыкчылыктар колдонулуучу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".

17. 27­статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал­ сын:

"Ушул Мыйзамда каралган патент ээсинин укуктарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.".

18. VIII бөлүмдүн аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "VIII БӨЛҮМ. ПАТЕНТТИ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТААНУУ, ПАТЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУН

МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТОКТОТУУ, ПАТЕНТТИН КОЛДОНУЛУШУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ".

19. 29­статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "үч айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын.

20. 30­статьяда: � статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: � "Патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу"; � биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал­

сын; "Патенттин колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулат:"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­

ган патенттин колдонулушунун мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды расмий бюллетенде жарыялайт.".

21. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 30­1­статья менен толукталсын: "30­1­статья. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү. Кийин

колдонуу укугу

Патентти колдоо үчүн патенттик алымдын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу токтотулган селекциялык жетишкендикке ка­ рата патенттин колдонулушу патент таандык болгон адамдын өтүнмөсү боюн­ ча калыбына келтирилиши мүмкүн. Мындай өтүнмө интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө­жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылуучу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна аталган патенттик алымын төлөгөн күндөн тартып 5 жыл ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмөгө патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү патенттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ тиркелүүгө тийиш.

Интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий бюллетенинде патенттин колдонулушу калыбына келтирилген­ диги тууралу маалыматты жарыялайт.

Патенттин колдонуу мөөнөтү токтотулган күн менен патенттин колдо­ нулушунун калыбына келтирилгендиги жөнүндөгү маалымат интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыяланган күндүн ортосунда патенттелген селекциялык жетишкендикти Кыргыз Республикасынын аймагында иштете баштаган, же болбосо аталган мезгилде буга карата даярдыктарды көргөн ар кандай адам мындай пайдала­ нуунун көлөмүн (кийин пайдалануу укугун) кењейтпей туруп аны андан ары акысыз пайдалануу укугун сактап калат.

Кийин пайдалануу укугу бул селекциялык жетишкендикти колдонгон же бул даярдыкка карата керек болгон нерселер жасалган жердеги биргелешкөн өндүрүштөгү жеке же юридикалык жакка гана берилиши мүмкүн.

Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө саналып өткөн укуктар кайсы бир адамга аталган иш­аракеттерди жасоого лицензия берүүнү камтыбайт.".

22. 31­статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "31­статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдын Апелляциялык кењешинин чечимдерине даттануу

Апелляциялык кењештин патент берүү же патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө, патентти жараксыз деп табуу жөнүндө чечимине өтүнмө ээси аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде сот тартибинде даттана алат.".

23. 32­статьянын бешинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал­ сын:

"Лицензиялык келишим, патент берүү жөнүндөгү келишим интеллектуал­ дык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталат, ан­ сыз алар жараксыз деп эсептелинет. Каттоо жөнүндө маалыматтар Расмий бюллетенде жарыяланат. Лицензиялык келишимди, патент берүү жөнүндөгү келишимди каттаткандыгы үчүн тиешелүү алым төлөнөт.".

24. 34­статьяда: � биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: � "Эгерде патенттин ээси же ага карата укукту өткөрүп алган жак па­

тент берилген күндөн тартып үч жыл ичинде өлкөнүн айыл чарбасы үчүн турмуштук өтө маанилүү болгон селекциялык жетишкендикти пайдаланбаса жана рынокту жетиштүү дењгээлдеги үрөн менен камсыз кылбаса, ошону ме­ нен бирге таламдаш жак менен макулдашуу түзүүдөн баш тартса, акыркы аталган жак бул селекциялык жетишкендикти пайдалануу боюнча ага мажбур­ лоо лицензиясын берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу.";

статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Өзгөчө кырдаалдардын учурларында (табигый кырсыктар, кыйроолор

ж.б.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү патент ээсине кыска мөөнөттүн ичин­ де кабарлама берип жана ошонун өлчөмүндө компенсация төлөп берип, па­ тент ээсинин макулдугусуз селекциялык жетишкендикти пайдаланууга урук­ сат берүүгө укуктуу, муну менен бирге патенттелген селекциялык жетиш­ кендикти кайсы максаттар үчүн пайдаланууга уруксат берилсе, аны пайда­ лануунун көлөмү жана узактыгы ушул максаттар менен чектелет. Мындай пайдалануудан келип чыгуучу талаш­тартыштар сот тарабынан чечилет.";

бешинчи бөлүктүн бешинчи абзацы алып салынсын; жетинчи бөлүк алып салынсын; экинчи­алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө үчүнчү­жетинчи бөлүктөр деп

эсептелсин.

25. 35­статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндал­ сын:

"Өтүнмө берүүчү селекциялык жетишкендиктин коргоого алынышына өтүнмөнү башка мамлекеттин компетенттүү органдарына бере алат жана бул тууралу интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.".

26. 38­статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "38­статья. Селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып

чыгарууга контроль

Коргоого алынуучу селекциялык жетишкендиктердин Мамлекеттик реест­ ринде катталган селекциялык жетишкендиктерди ташып келүүгө жана ташып чыгарууга контроль Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.".

27. 39­статьяда: � төртүнчү бөлүк алып салынсын; � бешинчи жана алтынчы бөлүктөр тиешелүү түрдө төртүнчү жана бешинчи �

бөлүктөр деп эсептелсин.

28. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 40­статья менен толукталсын: � "40­статья. Өтмө жоболор � Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин селекциялык жетишкендиктерге бе­

рилген Кыргыз Республикасынын патенттери андагы көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүн сактайт.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча он чечим чыгарылган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө ка­ рата табыштама боюнча селекциялык жетишкендикке Кыргыз Республикасынын патенттери төмөндөгүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен берилет: өсүмдүктөрдүн сортторуна ­ коргоого алынуучу селекциялык жетишкендштер­ дин мамлекеттик реестринде билдирилген селекциялык жетишкендиктеринде катталган күндөн тартып 30 жылга; жүзүмдүн, декоративдүү жыгач, мөмө­жемиш жана токой дарактарынын сортторуна, анын ичинде кыйыштырылу­ учу жапайы көчөттөргө, ошондой эле малдардын тукумуна ­ 35 жылга бери­ лет.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин иш жүргүзүүгө кабыл алынып, ал боюнча чечим чыгарылбаган селекциялык жетишкендикке патент берүүгө ка­ рата табыштама боюнча кароонун андан аркы жол­жобосу ушул Мыйзамга ыла­ йык жүргүзүлөт.";

40­статья тиешелүү түрдө 41­статья деп эсептелсин.

3­статья.

"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый­ замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы; 2001­ж., N 1, 10­ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "Кыргызпатент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле­ кеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 2­статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2­статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштерин жөнгө салуу макса­ тында интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ ган патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди аттестациялоодон, па­

тенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайра аттестациялоодон жана каттоодон өткөрөт, аларды жүзөгө ашыруу үчүн аттестациялык жана аппеляциялык ко­ миссиялар түзүлөт.

Аттестациялык комиссия аттестациялык сыноо өткөрүү тартибин, сыно­ онун тапшырмаларын бекитет, сыноочуларды шайлайт, ушул Мыйзамдын 7­статьясынын талаптарын эске алуу менен аттестациялык сыноого кир­ гизүү, аттестациялоо, ишин чектөө менен аттестациялоо, аттестациялабоо жана кайра аттестациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат.

Апелляциялык комиссия аттестациялануучулардын аттестациялык комис­ сиянын чечимдерине даттанууларын, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өздөрүнүн кесиптик милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышпаганы­ на байланыштуу болгон аракеттерине адамдардын даттанууларын карайт.".

3. 5­статьяда: � биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "аттестациядан" деген сөздөн кийин �

", кайра аттестациядан" деген сөздөр менен толукталсын; биринчи бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 5­пункт менен толукталсын: "5) мамлекеттик тилди өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн керек

болгон көлөмдө билген.".

4. 7­статьяда: � бешинчи жана алтынчы бөлүктөрдөгү "тийиштүү төлөмдү төлөп" деген �

сөздөр "алымды төлөп" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын: "Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайрадан аттестациялоо интеллекту­

алдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш жылда кеминде бир жолу аттестациялоо учурундагыдай эле тартипте өткөрүлөт";

жетинчи бөлүк тиешелүү түрдө сегизинчи бөлүк деп эсептелсин.

5. 8­статьяда: � биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: � "Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз бер­

ген жана алым төлөгөн күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат.";

үчүнчү бөлүктөгү "Тийиштүү төлөм төлөнгөн" деген сөздөр "Алым төлөнгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 10­статьяда: биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацы "жарандыгын" деген сөздөн кийин ",

анын ичинде туруктуу жашаган жерин алмаштырганда (башкача айтканда бир жылдан көбүрөөк мезгилге чет мамлекетте болгондо)" деген сөздөр менен толукталсын;

биринчи бөлүктүн алтынчы абзацы "Кыргыз Республикасынын мыйзамда­ рын жана кызматтык жүрүм­турум эрежелерин үзгүлтүксүз жана орой бузган учурда" деген сөздөр менен толукталсын;

статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн арызынын негизинде Реестрден чы­

гарылган учурда же болбосо ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү аб­ зацында көрсөтүлгөндөй, туруктуу жашаган жерин алмаштырганда аны кайра­ дан каттоо ал акыркы жолу аттестацияланган күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн.";

төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр тиешелүү түрдө бешинчи жана алтынчы бөлүктөр деп эсептелсин.

7. 15­статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"15­статья. Алымдар

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого, кайрадан аттестаци­ ялоого жана каттоого байланышкан, ушул Мыйзамда каралган юридикалык ма­ анилүү иш­аракеттер үчүн тиешелүү алым алынат.

Алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ гандын эсебине алым түрүндө түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валю­ талар интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор­ ган тарабынан техникалык жактан жабдуу, патенттик документтерди комп­ лекттөө фондусунун автоматташкан тутумун түзүү жана колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.".

4­статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирген­ ге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга карама­каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

5­статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам анын күчүнө кирген күнүнөн тартып пайда болгон укуктук мамилелеринде колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев