Об интеллектуальной собственности Обучение в области ИС Обеспечение уважения интеллектуальной собственности Информационно-просветительская работа в области ИС ИС для ИС и ИС в области Информация о патентах и технологиях Информация о товарных знаках Информация о промышленных образцах Информация о географических указаниях Информация о новых сортах растений (UPOV) Законы, договоры и судебные решения в области ИС Ресурсы в области ИС Отчеты в области ИС Патентная охрана Охрана товарных знаков Охрана промышленных образцов Охрана географических указаний Охрана новых сортов растений (UPOV) Разрешение споров в области ИС Деловые решения для ведомств ИС Оплата услуг в области ИС Органы по ведению переговоров и директивные органы Сотрудничество в целях развития Поддержка инновационной деятельности Государственно-частные партнерства Инструменты и сервисы на базе ИИ Организация Работа с ВОИС Подотчетность Патенты Товарные знаки Промышленные образцы Географические указания Авторское право Коммерческая тайна Академия ВОИС Практикумы и семинары Защита прав ИС WIPO ALERT Информационно-просветительская работа Международный день ИС Журнал ВОИС Тематические исследования и истории успеха Новости ИС Премии ВОИС Бизнеса Университетов Коренных народов Судебных органов Генетические ресурсы, традиционные знания и традиционные выражения культуры Экономика Гендерное равенство Глобальное здравоохранение Изменение климата Политика в области конкуренции Цели в области устойчивого развития Передовых технологий Мобильных приложений Спорта Туризма PATENTSCOPE Патентная аналитика Международная патентная классификация ARDI – исследования в интересах инноваций ASPI – специализированная патентная информация Глобальная база данных по брендам Madrid Monitor База данных Article 6ter Express Ниццкая классификация Венская классификация Глобальная база данных по образцам Бюллетень международных образцов База данных Hague Express Локарнская классификация База данных Lisbon Express Глобальная база данных по ГУ База данных о сортах растений PLUTO База данных GENIE Договоры, административные функции которых выполняет ВОИС WIPO Lex – законы, договоры и судебные решения в области ИС Стандарты ВОИС Статистика в области ИС WIPO Pearl (терминология) Публикации ВОИС Страновые справки по ИС Центр знаний ВОИС Серия публикаций ВОИС «Тенденции в области технологий» Глобальный инновационный индекс Доклад о положении в области интеллектуальной собственности в мире PCT – международная патентная система Портал ePCT Будапештская система – международная система депонирования микроорганизмов Мадридская система – международная система товарных знаков Портал eMadrid Cтатья 6ter (гербы, флаги, эмблемы) Гаагская система – система международной регистрации образцов Портал eHague Лиссабонская система – международная система географических указаний Портал eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Посредничество Арбитраж Вынесение экспертных заключений Споры по доменным именам Система централизованного доступа к результатам поиска и экспертизы (CASE) Служба цифрового доступа (DAS) WIPO Pay Текущий счет в ВОИС Ассамблеи ВОИС Постоянные комитеты График заседаний WIPO Webcast Официальные документы ВОИС Повестка дня в области развития Техническая помощь Учебные заведения в области ИС Поддержка в связи с COVID-19 Национальные стратегии в области ИС Помощь в вопросах политики и законодательной деятельности Центр сотрудничества Центры поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ) Передача технологий Программа содействия изобретателям (IAP) WIPO GREEN PAT-INFORMED ВОИС Консорциум доступных книг Консорциум «ВОИС для авторов» WIPO Translate для перевода Система для распознавания речи Помощник по классификации Государства-члены Наблюдатели Генеральный директор Деятельность в разбивке по подразделениям Внешние бюро Вакансии Закупки Результаты и бюджет Финансовая отчетность Надзор
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Законы Договоры Решения Просмотреть по юрисдикции

Кыргызстан

KG145

Назад

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1998-жылдын 14-январы № 7 «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Закон КР от 14 января 1998 года №7 "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 14-январы № 7

Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы
№ 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого, укуктук коргоого жана пайдаланууга байланышкан укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук мамилелери жөнгө салынып турат.

I бөлүм

Жалпы жоболор

1-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик орган

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын коргоо жаатында бирдиктүү саясатты ишке ашырат, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин каттоого өтүнмөнү, ошондой эле товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнү карап чыгууга кабыл алат, алар боюнча экспертиза жүргүзөт, алардын мамлекеттик каттоосун ишке ашырат, күбөлүк берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарына тиешелүү башка милдеттерди да ал жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык аткарат.
Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын коргоо укугун берүү боюнча Кыргызпатенттин иш-аракетин өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш түзүлөт, ал көрсөтүлгөн объектилерде пайда болуучу талаш-тартыштарды өзүнүн кызматтык укугуна жараша карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп саналат. Каршы пикирлерди Апелляциялык кеңештин карап чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргызпатенттин ишин каржылоочу булактар болуп мамлекеттик бюджеттин каражаттары, патенттик алымдар, ошондой эле Кыргызпатент көрсөткөн кызмат жана берген материалдар үчүн төлөөлөр эсептелет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм

Товардык белги жана тейлөө белгиси

2-статья. Товардык белги жана тейлөө белгиси

Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) - бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан ары - товарлар) айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр.
Катталган товардык белгиге күбөлүк берилет. Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата товардык белгинин ээсинин өзгөчө укугун ырастайт.
Сөз, сүрөт, көлөм жана башка белгилөөлөр же алардын айкалыштары товардык белгилер катары катталышы мүмкүн.
Товардык белги кандай гана түстө же түстүк айкалышта болбосун катталышы мүмкүн.
Товардык белги колдонулуучу товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоого эч качан бөгөт болуп саналбоого тийиш.
Ушул Мыйзам көзгө көрүнбөгөн, боолголоп элестетчү нерселерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине колдонулбайт.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Товардык белгини укуктук жактан коргоо. Товардык белгиге карата өзгөчө укук

Кыргыз Республикасында товардык белгини укуктук жактан коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде, же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге жараша жүргүзүлөт.
Товардык белги юридикалык жактын, ошондой эле ишкерлик кылып жүргөн жеке жактын атына катталышы мүмкүн.
Товардык белгинин ээсинин товардык белгини пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле башка адамдарга аны пайдаланууга тыюу салууга өзгөчө укугу бар. Кыргыз Республикасында товардык белгинин ээсинин уруксатысыз эч ким аны пайдалана албайт. Товардык белгиге өзгөчө укук күрөө предмети боло алат.
Товардык белгини уруксатсыз жасап алуу, колдонуу, алып келүү, сатууга сунуш кылуу, сатуу, чарбалык жүгүртүүгө башка жол менен киргизүү, же ушул белги менен белгиленген товарды ушул максатта сактоо, бир тектүү товарларды аралашып кетүү даражасына чейин аларды окшоштуруп белгилөө, товардык белгинин ээсинин укугун бузуу деп таанылат.
Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товардык белгини киргизген күндөн тартып товардык белгиге өзгөчө укук пайда болот.
Товар ээсинин белгилерине аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош же бирдей товардык белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары санкциясыз пайдалануу да ээлик кылуучунун укугун бузгандык катары таанылат. Товардык белгини же аны менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Каттоодон баш тартуу үчүн талашсыз негиздер

Төмөнкү айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогон же элементтерден гана турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт:
1) белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө катарында жалпы керектөөгө киргендер;
2) ушундай терминдерди же символдорду белгилер катарында пайдалануу үчүн сунуш кылынган товарларга карага жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп саналгандар;
3) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланылаарын, баалуулугун, ошондой эле алардын чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн убакытын жана ордун көрсөткөндөр.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар басымдуулук абалды ээлебесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилиши мүмкүн.
Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык энтамгалары, мөөрлөрү, сыйлыктары жана башка айырмалоо белгилери же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилер болуп саналган элементтерден турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катары каттоого жол берилбейт. Эгерде ага тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу болсо, мындай элементтер товардык белгиге корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.
Товардык белгилер же аларды белгилөөчү элементтер катары төмөндөгүлөрдү каттоого жол берилбейт:
1) товарга жана аны жасоочуга карата жалган же керектөөчүнү чаташтырууга дуушар кылууга жөндөмдүү болуп эсептелгендер;
2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон шарап же күчтүү спирт ичимдиктеринин чыгарылган жерлерин көрсөтүүнү камтыса жана туюндурса, эгерде мындай белгилөөлөр көрсөтүлгөн жерден чыгарылбаган күчтүү спирт ичимдиктери менен шараптарга арналса, ошондой эле анык жерин формалдуу көрсөтүп, бирок, товардын башка аймактан чыгарылгандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк берсе;
3) коомдук таламдарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине карама- каршы келүүчүлөр.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Каттоодон баш тартуунун дагы башка негиздери

Бирдей же чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен окшош белги коюу үчүн товардык белги катары каттоого алынбайт:
1) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнүлгөн жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен;
2) иштин бирдей же окшош түрлөрүнө же товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата - Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;
3) бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон башка адамдардын товардык белгилери менен.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгилерге же фирмалык аталыштарга чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен белгилөөлөрдү каттоо бир түрдүү товарларга карата ушундай товардык белгинин ээси макулдук берген шартта гана мындай белгилөөлөрдү каттоого жол берилет. Мындай макулдукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Чаташтырганга чейинки деңгээлге жеткен бир түрдүү же окшош бардык товардык белгилерди товардык белги катары каттоого болбойт:
1) Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте таанылган жалпыга белгилүү товардык белгилер; Кыргыз Республикасында товардык белгинин жалпыга таанымал болуу критерийлери жана жалпыга белгилүү болуу тартибин таануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2) ушундай аталышта аны пайдалануу укугуна ээ болгон адамдын ысымына катталган товардык белгидеги корголбогон элементтер катары киргизилгенден башка учурларда ушул Мыйзамга ылайык корголгон товарлардын чыгарылган жерлеринин аталыштары.
Кайталап чыгарылган белги коюулар товардык белги катары катталбайт:
1) бир түрдүү товарларга карата товардык белгиге өтүнмөнүн артыкчылык алган күнүнө чейин бул аталыштарды пайдаланууга укук алган Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү болгон бир түрдүү товарларга карата башка адамдарга таандык болгон фирмалык аталыштар (же алардын бир бөлүгү);
2) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган персонаждар же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
3) белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, жашыруун аттары жана алардын уйкаштары, ошондой эле портреттери менен факсимилелери - өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз;
4) эгерде өнөр жай үлгүсү каттоого өтүнмө берилген товардык белгиге салыштырганда бир кыйла эртерээк артыкчылыкка ээ болсо, Кыргыз
Республикасында укугу башка адамга таандык өнөр жай үлгүлөрү товардык белгилер катары катталбайт.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III бөлүм

Товардык белгини каттоо

6-статья. Товардык белгини каттоого өтүнмө

Товардык белгиге карата өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык же жеке жак тарабынан Кыргызпатентке берилет.
Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл, же башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашап турушкан жеке жактар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт.
Патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлдүн ыйгарым укугу товардык белгиге күбөлүк суралган адамдын атынан берилген ишеним кат менен ырасталат.
Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациядан өткөрүүнүн жана каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Өтүнмө бир гана белгиге тиешелүү болууга тийиш. Өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен, белгини товардык белги катары каттоо жөнүндө арызы;
2) өтүнмө берилген белгилөө;
3) белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеги.
Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилинде берилет.
Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;
3) эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы.
Ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн боюнча эсептелет.
Өтүнмөгө тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Жогоруда аталган өтүнмөнүн документтерине аларды берүүнүн тартиптерине
коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Товардык белгинин артыкчылыгы

Товардык белгинин артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 6-статьясынын жетинчи бөлүгүнүн талаптарын канааттандыруучу өтүнмө Кыргызпатентке келип түшкөн күн боюнча белгиленет.
Товардык белгинин артыкчылыгы, эгерде Кыргызпатентке өтүнмө берүү, көрсөтүлгөн күндөн тартып алты ай ичинде ишке ашырылса, биринчи өтүнмө берилген күн бул мөөнөттү эсептегенге кирбейт. Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына (конвенциялык артыкчылык) катышуучу мамлекетке биринчи өтүнмө берилген күн боюнча белгиленет.
Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясына катышуучу мамлекеттердин биринин аймагында уюштурулган расмий же расмий түрдө таанылган эл аралык көргөзмөлөрдүн экспонаттарына коюлган товардык белгилердин артыкчылыгы, эгерде Кыргызпатентке товардык белгиге өтүнмө берүү көрсөтүлгөн күндөн тартып алты ай ичинде ишке ашырылса, көргөзмөнү экспонатта ачык көрсөтүүнүн (көргөзмөлүк артыкчылык) башталыш күнү боюнча белгилениши мүмкүн.
Конвенциялык же көргөзмөлүк артыкчылыктын укугунан пайдаланууну каалаган өтүнмө ээси муну товардык белгиге өтүнмөнү берген кезде же Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүүгө жана мындай талаптын жөндүү экендигин ырастоочу зарыл документтерди тиркөөгө, же болбосо
Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып үч айдан кечиктирбей бул документтерди тапшырууга милдеттүү.
Товардык белгинин артыкчылыгы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык товардык белгини эл аралык каттоо боюнча белгилениши мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Товардык белгиге өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү

Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылып, алдын ала экспертизаны жана өтүнмө берилген белгинин экспертизасын камтыйт.
Экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилде өтүнмө ээси ал боюнча чечим кабыл алынганга чейин тиешелүү алымды төлөгөн шартта өтүнмөдөгү материалдарды толуктап, тактап же оңдогонго укуктуу.
Эгерде кошумча материалдарда өтүнмө берилген күнгө өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмө камтылса, же өтүнмө берилген белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар карап чыгууга кабыл алынбайт.
Өтүнмө аны карап чыгуунун ар кандай мөөнөтүндө, бирок товардык белгини Реестрде каттоо болгон күндөн кечикпей өтүнмө ээсинин суроосу боюнча кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза

Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде алдын ала экспертиза өткөрөт, анын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 2-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө жана 6- статьясында аныкталган талаптарга ылайык, өтүнмөнүн мазмуну текшерилет.
Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө өтүнмө ээсине кошумча материалдардын зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жиберилиши мүмкүн, ага жооп суроо-талапты алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент бул мөөнөттү алты айга чейин узарта алат.
Эгерде өтүнмө ээси бул мөөнөттү бузса, же суроо-талапты жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелинет.
Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же андан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Кыргызпатент алдын ала экспертизанын натыйжалары жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт.
Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун оң натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнү берүү күнү билдирилет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза

Өтүнмө берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып он эки айдын ичинде алдын ала экспертиза аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Экспертизанын жүрүшүндө билдирилген белгилөө ушул Мыйзамдын 2- статьясынын биринчи бөлүгүндө, 4 жана 5-статьяларда белгиленген талаптарга ылайык келиши текшерилет жана ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык товардык белгинин артыкчылыгы белгиленет.
Экспертизанын натыйжалары боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.
Экспертизадан өткөрүүнүн каалаган учурунда Кыргызпатент өтүнмө ээсинен аларсыз экспертиза өткөрүү мүмкүн болбой турган кошумча документтерди суратууга акылуу.
Экспертизанын суроо-талабы боюнча кошумча материалдар суроо алынган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта эки айлык мөөнөттүн ичинде жооп берүүнүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал мөөнөт он эки айдан ашпоого тийиш.
Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелет.
Экспертиза жүргүзүү учурунда товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын-ала чечим чыгарылышы мүмкүн.
Алдын ала чечимге жооп өтүнмө ээси тарабынан алдын ала чечимди колуна алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилиши мүмкүн. Өтүнмөнүн ээсинин суроосу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт, суроо ушул мөөнөт аяктаганга чейин келип түшкөн
шартта узартылышы мүмкүн. Алдын ала чечимге жооптун мөөнөтү он эки айдан ашпаган мөөнөткө узартылат.
Эгерде бул мөөнөттү бузса же алдын ала чечимди жоопсуз калтырса, товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Өтүнмө ээси тиешелүү алымды төлөөдө, өтүнмө берилген белгилөөгө мөөнөтүнөн мурда экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Мында берилген белгилөөгө экспертиза өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдан эрте эмес, андай сунуштоо берилген шартта өтүнмө берилген күндөн тартып алты айдын ичинде жүргүзүлөт.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси алдын ала экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгинин экспертизасынын чечимине макул болбосо,ал чечимди алган күндөн тартып үч ай ичинде Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) каршы пикир билдирүүгө акылуу. Каршы пикир билдирүү Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралып чыгууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
Өтүнмө ээси экспертизанын чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга акылуу.
Өтүнмө боюнча чечимди алгандан кийин бир ай ичинде өтүнмө ээси ушул материалдардын көчүрмөсүн сурап ала алат.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 10-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана ушул статьянын биринчи жана төртүнчү бөлүгүндө каралган өтүнмө ээсинин өткөрүп жиберген мөөнөттөрү, мөөнөттөр аяктагандан кийин эки айдан кечикпей берилип, жүйөлүү себептер бар экендиги жана алым төлөнгөндүгү ырасталган учурда өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Товардык белгини каттоо

Товардык белгини каттоо жөнүндөгү чечимдин негизинде, Кыргызпатент, белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндөгү документти алган күндөн тартып бир ай ичинде Реестрде товардык белгини каттоону жүргүзөт.
Алым өтүнмө ээси товардык белгини каттоо жөнүндө экспертизанын чечимин колуна алган күндөн тартып эки айдын ичинде же ушул көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча алым төлөнгөн шартта алынат.
Реестрге киргизүүнүн тартиби жана ага киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Товардык белгини каттагандыгы, жарыялагандыгы жана ага күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте берилбесе, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө чакыртып алынган болуп таанылат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Каттоо жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо

Товардык белгини каттоого тиешелүү жана Реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан товардык белги Реестрде катталган күндөн тартып же Реестрге товардык белгини каттоого өзгөртүүлөр киргизилген күндөн баштап бир ай ичинде расмий бюллетенде жарыяланат.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Товардык белгиге күбөлүк берүү

Товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргызпатент тарабынан товардык белги расмий бюллетенде жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы
Кыргызпатент тарабынан белгиленет.

15-статья. Товардык белгини каттоо күчүнүн мөөнөтү

Товардык белгини каттоо Кыргызпатентке өтүнмө берген күндөн тартып эсептегенде он жыл аяктаганга чейин күчүндө болот.
Товардык белгинин каттоо күчүнүн мөөнөтү анын ээсинин арызы боюнча товардык белгинин күчүндө болуу мөөнөтү аяктап бара жаткан акыркы жылы ичинде, алым
төлөнгөн шартта, ар бир жолу он жылга узартылышы мүмкүн. Ээсинин өтүнүчү боюнча товардык белгинин күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн ага кошумча алым төлөнгөн шартта, каттоо күчүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Товардык белгинин каттоо күчүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана товардык белгиге берилген күбөлүккө киргизилет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү

Товардык белгинин ээси өзгөртүүлөр жөнүндө товардык белгинин ээсинин аталышын, фамилиясын, атын же атасынын атын, товардык белгини каттоодогу товарлардын тизмесинин кыскартылышын, товардык белгинин маңызын өзгөртпөй турган анын айрым элементтеринин өзгөртүлүшүн, товардык белгини каттоого тиешеси бар башка өзгөртүүлөрдү Кыргызпатентке кабарлап турат.
Товардык белги катталган товарлардын тизмесин толуктоо зарылдыгы чыккан учурда, жаңы өтүнмөнү даярдоо талап кылынат.
Өзгөртүүлөр алым төлөнгөн шартта Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.
Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор алым төлөнбөстөн Кыргызпатент тарабынан Реестрге жана товардык белгинин күбөлүгүнө киргизилет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Чет өлкөлөрдө товардык белгини каттоо

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары товардык белгини чет өлкөлөрдө каттоого же аны эл аралык каттоодон өткөрүүгө акылуу.
Товардык белгини эл аралык каттоого өтүнмө Кыргызпатент аркылуу берилет. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-1-статья. Жалпыга белгилүү товардык белги

Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча аны мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык
белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белгилөө, эгерде мындай товардык белги же бул белгилөө интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн күнгө карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылышы мүмкүн.
Эгерде алар бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, аралашып кетүү деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон башка жактын товардык белгисинин артыкчылык алган күнүнөн кийин кеңири белгилүү болуп калса, товардык белги жана белгилөө жалпыга белгилүү товардык белги болуп таанылышы мүмкүн эмес.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге товардык белги үчүн ушул Мыйзамда каралган укуктук коргоо берилет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укукту таанууну билдирет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат.
Эгерде көрсөтүлгөн товарларга карата башка жак тарабынан бул товардык белгини пайдалануу керектөөчүлөрдө жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана ушундай ээсинин мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектеши мүмкүн болсо, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук жактан коргоо ошондой эле жалпыга белгилүү деп таанылган бир түрдүү эмес товарларга жайылтылат.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-2-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү

Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 17-1- статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет.
Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белгини киргизген күндөн тартып үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV бөлүм

Жамааттык белги

18-статья. Жамааттык белгиге карата укуктар

Бирликтердин, чарбалык ассоциациялардын, концерндердин же юридикалык жактардын башка бирикмелеринин (мындан ары - бирикмелер) өкүлдөрү болгон юридикалык жактар бирдиктүү сапаттык же башка жалпы мүнөздөмөсү бар өздөрү чыгарып жана сатып жаткан товарларды белгилөөгө арналган жамааттык белгиге өтүнмө бере алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Жамааттык белгини каттоо

Жамааттык белгини каттоо ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Буга кошумча Реестрге жана күбөлүккө жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактар жөнүндөгү маалыматтар, уставга жана анын күнүнө шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Жамааттык белгинин ээси жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргызпатентти кабарландырып турат.
Жамааттык белгиге берилген өтүнмөнү каттоого жамааттык белгинин уставы кошо тиркелет, анда аталыштар, юридикалык жактардын, бул белгини пайдаланууга укугу барлардын тизмелери, аны каттоонун максаты жана жамааттык белги менен белгилене турган товарлардын бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы мүнөздөмөсүнүн тизмеси, аны пайдалануунун шарттары, аны пайдаланууну, көзөмөлдөөнүн тартиби, жамааттык белгинин уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндөгү маалыматтар камтылат.
Жамааттык белгини бирдиктүү сапаттык же башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга пайдаланган учурда, каттоонун күчү кайсы жактын болбосун арызы боюнча соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толук же жарым- жартылай токтотулушу мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V бөлүм

Товардык белгини пайдалануу

20-статья. Товардык белгини пайдалануу жана аны пайдаланбоодон келип чыккан кесепеттер

Товардык белгини пайдалануу деп товардык белгинин ээсинин же ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык лицензиялык келишимдин негизинде ушундай укук берилген жактын булар үчүн товардык белги катталган товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонуусу эсептелет.
Ошондой эле товардык белгини рекламага, басма сөз басылмаларына, расмий бланктарга, көрнөктөргө колдонуу, Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде экспонаттарды көрсөтүүдө колдонуу да товардык белгини пайдалануу деп таанылышы мүмкүн, мында товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонбоонун жүйөлүү себептери болууга тийиш.
Товардык белгини Интернет түйүнүндөгү дарек катары колдонуу да пайдалануу деп таанылышы мүмкүн.
Далдалчылык ишти аткаруучу юридикалык жана жеке жак келишимдин негизинде товарларды жасоочунун товардык белгиси менен катар, ошондой эле анын товардык белгисинин ордуна өзүнүн товардык белгисин пайдаланышы мүмкүн.
Товардык белгини каттоонун күчү товардык белги соттун чечиминин негизинде ал катталган күндөн тартып үч жыл катары менен үзгүлтүксүз пайдаланылбай калганга байланыштуу товарлардын бардыгына же бир бөлүгүнө карата мындай үзгүлтүксүз пайдаланылбай калган мезгилде кайсы жактын болбосун арызы боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Товардык белгини пайдаланбоого байланыштуу товардык белгини каттоонун күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алууда товардык белгинин ээсинин ага байланышпаган жагдайлар, анын ичинде, алар үчүн товардык белги катталган товарларга мамлекет тарабынан белгиленген чектөөлөр боюнча аны пайдаланбай калгандыгы жөнүндөгү далилдери эске алынышы мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Эскертүүчү маркалоо

Товардык белгинин ээси товардык белгинин катарына колдонулуп жаткан белги Кыргыз Республикасында катталган товардык белги болуп санала тургандыгын көрсөтүүчү латын тамгалары түрүндө R же тегеректин ичиндеги R эскертүүчү маркалоону же "катталган товардык белги" деген сөз белги коюлушу мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI бөлүм

Товардык белгини башка бирөөгө өткөрүп берүү

22-статья. Товардык белгини ыктыярдуу өткөрүп берүү

Товардык белги анын ээси тарабынан келишим боюнча булар үчүн товардык белги катталган товарлардын баарына же алардын бир бөлүгүнө карата тийиштүү өндүрүшү менен же анын бир бөлүгү менен бирге да, аларсыз да юридикалык же жеке жакка ыйгарылып берилиши мүмкүн.
Эгерде товарга, анын сапатына, аны жасоочуга карата керектөөчүлөрдү чаташтырууга дуушар кылуунун себеби болуп саналышы мүмкүн болсо, товардык белгини келишим боюнча ыктыярдуу өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Жамааттык товардык белгилер башка адамдарга ыктыярдуу өткөрүлүп берилбейт.

23-статья. Товардык белгини пайдаланууга лицензия берүү

Катталган бир товарга, бир нече же бардык товарларга карата товардык белгини пайдалануу укугу товардык белгинин ээси тарабынан (лицензиар) лицензиялык келишим боюнча башка адамга (лицензиатка) берилиши мүмкүн.
Лицензиялык келишим лицензиаттын товарларынын сапаты лицензиардын товарларынын сапатынан төмөн болбостугу жөнүндөгү шартты жана бул шартты аткарууга контролду лицензиар ишке ашыра тургандыгын камтууга тийиш.
Жамааттык товардык белгилер лицензиялык келишимдин предмети боло албайт.

23-1-статья. Товардык белгинин күрөө келишими

Товардык белгиге өзгөчө укук күрөөсү жөнүндө келишим түзгөн учурда, товардык белгинин ээси, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ушул келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде өз товардык белгисин пайдаланууга жана күрөө кармоочунун макулдугусуз ага карата өзгөчө укугун тескөөгө укуктуу.
Жамааттык товардык белгилерге өзгөчө укуктар күрөө предмети боло албайт. (КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди, лицензиялык келишимди жана товардык белгинин күрөө келишимин каттоо

Товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим, лицензиялык келишим жана товардык белгинин күрөө келишими Кыргызпатентте катталат жана алар катталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мындай каттоосуз алар жараксыз деп эсептелинет.
Эгерде келишим ушул Мыйзамдын 22, 23 жана 23-1-статьяларынын талаптарына ылайык келбесе, аны Кыргызпатент каттабайт.
Келишимди каттоо үчүн тиешелүү алым төлөнөт.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII бөлүм

Укуктук коргоону токтотуу

25-статья. Товардык белгинин катталышын жараксыз деп таануу

Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын каттоо күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген негиздер боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо жөнүндөгү маалыматтар жарыяланган күндөн тартып беш жыл бою товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Бул ченем караниеттик менен катталган жана пайдаланылган товардык белгилерге жайылтылбайт.
Эгерде каттоо ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, товардык белгинин катталыш аракетинин бүткүл мөөнөтүндө бул товардык белгини каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Кайсы жак болбосун ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө товардык белгини каттоого карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир бере алат. Товардык белгини каттоого карата каршы пикир билдирүү, ал келип түшкөн күндөн тартып төрт айдын ичинде каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

26-статья. Товардык белгини каттоо күчүнүн токтотулушу

Товардык белгини каттоо күчү төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган анын аракет мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу;
2) ушул Мыйзамдын 19-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык, бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга жамааттык товардык белгини пайдалангандыгы үчүн товардык белгини каттоонун аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
3) ушул Мыйзамдын 20-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык товардык белгини пайдаланбагандыктары үчүн анын күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
4) укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жакты - товардык белгинин ээсин жоюуда же жеке жактын - товардык белгинин ээсинин ишкердик ишин токтотууда анын аракеттерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде;
5) товардык белгинин белгилүү бир түрдөгү керектөөгө кирген товарлардын жалпы белгисине айланган учурунда мыйзам күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
6) товардык белгинин ээсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде андан баш тарткан учурда.
Ушул статьянын 1, 4 жана 6-пункттарына ылайык өзүнүн аракеттенүү мөөнөтүн токтоткон товардык белги аракеттенүү мөөнөтү токтотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде жаңы адамдын ысмына катталышы мүмкүн эмес.
Жалпыга белгилүү товардык белгини каттоонун токтотулушу ушул статьянын 1- бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгинин ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерин жоготкон учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VIII бөлүм

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы

27-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы - бул өлкөнүн, элдүү пункттун, жердин, же географиялык башка обьектинин аты (мындан ары - географиялык обьект) мындай аталыш бөтөнчө касиеттери өзгөчө же негизинен ушул географиялык обьект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен аныкталуучу же бир эле мезгилде жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен аныкталуучу товарды белгилөө үчүн пайдаланылат.
Географиялык обьектинин тарыхый аталышы товардын чыгарылган жеринин аты болушу мүмкүн.
Белгилер, географиялык объектини көрсөтүп же анын аталышын камтып турса да, бирок товар чыгарылган жер менен байланышы жок белгилүү бир түрдөгү товарды белгилөө катары Кыргыз Республикасында жалпы пайдаланууга кирип калса, товарлардын чыгарылган жеринин аталышы болуп таанылбайт.

28-статья. Укуктук коргоонун келип чыгышы

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын укуктук коргоо Кыргыз Республикасында аны ушул Мыйзам белгилеген тартипте каттоонун негизинде же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жараша келип чыгат.
Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы мыйзам менен корголот. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышы бир же бир нече юридикалык же жеке
жактар тарабынан катталышы мүмкүн. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттаган адам, эгерде ушул адам өндүрүп жаткан товар ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгү белгилеген талаптарга жооп берсе, аны пайдаланууга укук алат.
Белгиленген тартипте катталган товарлардын чыгарылган жеринин ушул эле аталышын пайдаланууга укук, ошол эле географиялык объектиде турган жана ошол эле касиеттеги товар өндүрүп жаткан ар кандай юридикалык же жеке жакка берилиши мүмкүн.
Товарлардын чыгарылган жеринин аталышынын каттоосу мөөнөт менен чектелбейт.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IX бөлүм

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана пайдалануу укугун берүү

29-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - өтүнмө)
Кыргызпатентке өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан өз алдынча же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилет.
Өтүнмө товар чыгарылган бир гана жердин аталышына тиешелүү болууга тийиш. Өтүнмө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндөгү же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндөгү арыз, анда өтүнмө ээсин (ээлерин), ошондой эле анын (алардын) турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү керек;
өтүнмө берилип жаткан белгилөө;
товарды көрсөтүү, мында аны белгилөө үчүн товарлардын чыгарылган жеринин атын каттоо жана аны пайдалануу укугун берүү же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин атын пайдаланууга укук берүү суралып, ал өндүрүлүүчү жер (географиялык обьектинин чеги) көрсөтүлөт;
товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:
өтүнмөнүн ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө жана ушул көрсөтүлгөн географиялык обьект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары же адамдык факторлору менен белгиленүүчү же болбосо жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен бир мезгилде белгиленүүчү өзгөчө сапаттары товарды өндүрүп жаткандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу;
чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн - товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товарлардын чыгарылган жеринин аталышына анын укугун ырастоочу документ;
белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн деп эсептелет.
Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер кыргыз же орус тилинде берилет. Эгерде бул документтер башка тилде берилсе, анда өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилде котормосу тиркелет.
Жогоруда айтылган өтүнмөнүн документтерине жана аларды берүүнүн тартибине коюлган талаптар Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

30-статья. Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү

Өтүнмөнүн экспертизасы Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза менен өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасын камтыйт.
Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде өтүнмө ээси кошумча акы төлөөсүз өтүнмөнүн маңызын өзгөртпөй турган толуктоолорду, тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу. Эгерде кошумча материалдар өтүнмөнүн маңызын өзгөртө турган болсо, бул материалдар кароого кабыл алынбайт, ал өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары катталышы мүмкүн.
Экспертизаны жүргүзүү мезгилинде Кыргызпатент өтүнмө ээсинен экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбой турган кошумча материалдарды сурап алууга акылуу.
Суралган материалдар суроо-талап алынган күндөн тартып эки ай ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент бул мөөнөттү алты айга чейин узарта алат. Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелет.
Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүлөт. Экспертизанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын
29-статьясында каралган зарыл болгон документтердин курамы, алардын туура жазылышы, алымдын төлөнүшү текшерилет.
Өтүнмө ээси бир ай өткөнгө чейин алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизаны баштоо жөнүндөгү кат жүзүндө өтүнүч бере алат, өтүнүч берилген күндөн тартып өтүнмө ээси ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган укугун жоготот.
Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же аны кароодон баш тартылгандыгы жөнүндө чечим чыгарылат.
Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын натыйжалары жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине кабарлайт.
Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун он натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүү күнү билдирилет.
Карап чыгууга кабыл алынган өтүнмө боюнча анын ушул Мыйзамдын 27- статьясында белгиленген талаптарына ылайык келээрине экспертиза жүргүзүлөт.
Экспертиза бүткөндөн кийин Кыргызпатент товар чыккан жердин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө же товар чыккан жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө жана аны пайдаланууга укук берүү же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим же аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Өтүнмө ээси өзүнүн өтүнмөсүн аны карап чыгуунун ар кандай этабында кайтарып ала алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-статья. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

Өтүнмө ээси алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын чечимине же өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасынын чечимине макул болбосо, ал чечимди алган күндөн тартып үч айдын ичинде Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде Апелляциялык кеңеш тарабынан каралып чыгууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты ай ичинде сотко даттана алат.
Ушул Мыйзамдын 30-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн, мында бул өтүнүч мөөнөттөрдүн аяктаганынан эки ай кечикпей, буга жүйөлүү себептерди жана алымдын төлөнүшүн ырастаган шартта берилүүгө тийиш.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын колдонуу укугуна күбөлүк берүү. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

Товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана белгиленген алымды төлөө шартында аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө экспертизанын чечиминин негизинде Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын товарлардын чыгарылган жеринин аталыштарынын Мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жүргүзөт.
Реестрге киргизүүнүн тартиби жана ага киргизилүүчү маалыматтардын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Алым өтүнмө ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жөнүндө экспертизанын чечимин алган күндөн тартып эки ай ичинде же көрсөтүлгөн эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч ай аралыгында кошумча алым төлөгөн шартта алынат.
Каттоого жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө тийиштүү жана Реестрге киргизилген маалыматтар Кыргызпатент тарабынан аларды Реестрге киргизген күндөн тартып бир айдын ичинде расмий бюллетенде жарыяланат.
Күбөлүктү берүү Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыялагандан кийин бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы
Кыргызпатент тарабынан аныкталат.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүндө болуу мөөнөтү

Күбөлүк Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып эсептегенде он жыл өткөнгө чейин күчүндө болот.
Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү күбөлүктүн ээсинин арызы боюнча жана күбөлүктүн ээси ушул географиялык объектиде тураарын жана күбөлүктө көрсөтүлгөн касиеттери бар товарды өндүрөөрүн ырастоочу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу берилген шартта узартылышы мүмкүн.
Арыз күбөлүк күчкө ээ болуучу акыркы жылдын ичинде берилет. Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү ар жолу он жылга узартылат.
Күбөлүктүн күчүн узартуу үчүн күбөлүктүн ээсинин өтүнүчү боюнча ага күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин, кошумча алым төлөөнүн шартында алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Күбөлүк күчкө ээ болуучу мөөнөттү узартуу жөнүндө Кыргызпатент тарабынан
Реестрге жана күбөлүккө жазылып коюлат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

34-статья. Реестрге жана күбөлүккө өзгөртүүлөрдү киргизүү

Күбөлүктүн ээси өзүнүн аталышынын, фамилиясынын, атынын же атасынын атынын өзгөрүшү жөнүндө, ошондой эле товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун каттоого жана берүүгө тиешелүү башка өзгөрүүлөр жөнүндө Кыргызпатентке кабарлайт.
Алым төлөнгөн шартта өзгөрүүлөр жөнүндө Реестрге жана күбөлүккө жазылып коюлат.
Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан алым төлөнбөстөн Реестрге жана товар чыккан жердин аталышын пайдаланууга укук берүүчү күбөлүккө жазылат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-статья. Чет өлкөлөрдө товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары товар чыгарылган жердин аталышын чет өлкөлөрдө каттоого акылуу.
Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын чет өлкөлөрдө каттоого өтүнмө берүү аны Кыргыз Республикасында каттагандан жана ушул товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун алгандан кийин жүргүзүлөт.

X бөлүм

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу

36-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу деп аны товарга, сырткы оромосуна, рекламага, проспекттерге, бланктарга жана товарды чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө байланыштуу башка документтерде колдонуу эсептелинет.
Товар чыгарылган жердин аталышын Интернет түйүнүндө дарек катары колдонуу да пайдалануу деп таанылышы мүмкүн.
Катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын күбөлүгү жок адамдар тарабынан пайдаланышына, эгер товарлардын анык чыккан жерин көрсөтүп же аталышы "түр", "тип", "окшоштуруу" жана ушул сыяктуу сөз айкалыштарына которулуп пайдаланылса да, ошондой эле товарлардын чыккан жери жана өзгөчө
касиеттери жагынан керектөөчүлөрдү чаташтырууга дуушар кылуучу бир түрдүү товарлар үчүн окшош белгилөөнү пайдаланууга жол берилбейт.
Күбөлүктүн ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышын башка жактарга пайдаланууга лицензия берүүгө акысы жок.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Эскертүүчү маркалоо

Күбөлүктүн ээси товарлардын чыгарылган жеринин аталышынын катарына, колдонулуп жаткан белгилөө Кыргыз Республикасында катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышы болуп санала тургандыгын көрсөтүүчү эскертүүчү маркалоону "катталган товар чыккан жердин аталышын" же " ТЧЖА. Каттоо" деген сөздөр менен белгилеп кое алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

XI бөлүм

Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын укуктук жактан коргоону токтотуу

38-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоону жана товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп табуу

Эгерде товардын чыккан жеринин аталышын каттоо ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, ал күчүнө кирүүчү бардык мөөнөттүн ичинде жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүк, эгерде ал ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе же товардын чыккан жеринин аталышын каттоо жараксыз деп табылганына байланыштуу, жараксыз деп табылышы мүмкүн.
Ушул статьянын биринчи-экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ар кандай адам товардын чыккан жеринин аталышын каттоого жана товардын чыккан жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө карата Апелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Каршы пикир билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде каралууга тийиш. Каршы пикир билдирген адам, ошондой эле күбөлүктүн ээси да анын каралышына катышууга укуктуу.
Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

38-1-статья. Товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун жана товардын чыккан жеринин аталышынан пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүнүн токтотулушу

Товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун күчү төмөндөгү учурларда токтотулат:
- ушул географиялык объектиге мүнөздүү болгон шарттардын жок болуп кетишине жана товарды Реестрде көрсөтүлгөн касиеттер менен өндүрүүгө мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу;
- чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактардын ушул товардын чыгарылган жеринин аталышына товар чыгарылган өлкөнүн укугун жоготуусуна байланыштуу.
Товардын чыгарылган жеринин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчү төмөндөгү учурларда токтотулат:
- ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздер боюнча товардын чыгарылган жеринин аталышын каттоонун күчүнүн токтотулушуна байланыштуу;
- ушул Мыйзамдын 33-статьясында каралган анын күчүнүн мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу;
- товардын чыгарылган жеринин ушул аталышына карата товардын Реестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин жоготушуна байланыштуу;
- укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жак жоюлганда же жеке жактын - күбөлүктүн ээсинин ишкердик иши токтотулганда;
- күбөлүктүн ээсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө жана экинчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацында каралган негиздер боюнча кайсы жак болбосун товардын чыккан жеринин аталышын каттоонун жана товардын чыккан жеринин сатылышынан пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүн жоготушуна карата Алелляциялык кеңешке каршы пикир билдире алат. Арыз келип түшкөн күндөн тартып төрт ай ичинде каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечимине арыз ээси аны алган күндөн тартып алты айдын ичинде сотко даттана алат.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

XII бөлүм

Корутунду жоболор

39-статья. Алымдар

Товардык белгини каттоого, товарлар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө байланыштуу юридикалык олуттуу аракеттерди жасагандык үчүн алымдар алынат. Алымдар Кыргызпатентке төлөнөт.
Жасалгандыгы үчүн алым алынуучу аракеттердин тизмеси, алардын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотууну, алардын өлчөмүн азайтууну жана аларды кайтарып берүүнү негиздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Алымдар өтүнмө ээси, товардык белгинин жана товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн ээси, же алардын макулдашуусу боюнча кайсы жак болбосун жеке же юридикалык жак тарабынан Кыргызпатентке төлөнөт.
Кыргызпатенттин эсебине келип түшкөн, валюталарды кошкондогу, бардык каражат жана кызмат көрсөтүү жана материалдар үчүн алынган акы Кыргызпатент тарабынан техникалык жабдуулар, автоматташтырылган системаны пайдалануу, патенттик маалыматтарды комплектөө, кадрларды даярдоо жана аларга өбөлгө түзүү үчүн пайдаланылат.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

40-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштарды карап чыгуу

Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте, төмөндөгү:
1) товардык белгиге өзгөчө укукту бузгандык жөнүндө;
2) лицензиялык келишимди жана товардык белгини башка бирөөгө макулдук менен берүү келишимин түзүү жана аларды аткаруу жөнүндө;
3) товарлардын чыгарылган жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалангандык жөнүндө;
4) товардык белгини ушул мыйзамдын 20-статьясына ылайык пайдаланылбагандык жөнүндөгү талаш-тартыштар менен кошо каралат.
Апелляциялык кеңеш ушул Мыйзамга ылайык өзүнүн кызмат укугуна таандык болгон талаш-тартыштарды карайт.

41-статья. Товардык белгини жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик

Товардык белгини же бир түрдүү товарларга карата товардык белгиге окшош белгилөөнү, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгини же аларга окшош белгини же товардын чыккан жеринин аталышы же ушул Мыйзамга карама-каршы келүүчү ар кандай товарларга карата товар чыккан жердин аталышы менен окшош белгини пайдалануу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык граждандык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылат.
Бузууларды токтотуу же келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптардан башка товардык белгини мыйзамсыз пайдалануудан граждандык укуктарды коргоо төмөндөгү жолдор менен:
жабыр тартуучунун ишкерлик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоо;
товардан же анын сырткы оромосунан мыйзамсыз колдонгон товардык белгини же аралашып кетүү деңгээлине чейин жеткен ага окшош белгини алып таштоо, же болбосо товардык белгилердин же чаташтыруу даражасына чейин жеткен ага окшош белгилөөнүн белендеп койгон сүрөттөрүн жок кылуу;
товардык белги мыйзамсыз колдонулган товарларга арест салуу же аларды жок кылуу аркылуу иш жүзүнө ашырылат.
Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге же товарлар чыгарылган жердин аталышына карата эскертүүчү маркалоону жасоочу адам Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.
Катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын же ушундай атка окшош белгини мыйзамсыз пайдаланган адам товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк ээсинин, коомдук уюмдун, мамлекеттик органдын же прокурордун талабы боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
аны пайдаланууну токтотууга жана бардык жабыр тарткандарга келтирген зыяндарынын ордун толтурууга, ошондой эле товарлар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануудан алынган каражаттын зыяндардын ордун толтуруудан ашкан суммасын жергиликтүү бюджеттин кирешесине төлөп берүүгө;
жабыр тартуучунун ишкерлик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоого;
товардан же анын сырткы оромосунан мыйзамсыз колдонгон товарлар чыгарылган жердин аталышын, же аралашып кетүү деңгээлине чейин жеткен ага окшош белгини алып таштоого, же болбосо товарлар чыгарылган жердин аталышын же чаташтыруу даражасына чейин жеткен ага окшош белгилөөдөн белендеп койгон сүрөттөрүн жок кылууга.
Товардык белгини жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын товардан же анын сырткы оромосунан алып таштоо, мыйзамсыз колдонулган товардык белгилери бар товарга арест салуу же аны жок кылуу ушундай товардын ээсинин өз укуктарын коргоо мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

42-статья. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактын укуктары

Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар товардык белгилерди жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын укуктук коргоого тийиштүү ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган укуктардан Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары менен бирдей же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде пайдаланышат.

43-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
(КР 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө

"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирсин.

Кыргыз

Республикасынын

Президенти А.Акаев