关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 在产权组织任职 问责制 专利 商标 外观设计 地理标志 版权 商业秘密 知识产权的未来 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 青年 审查员 创新生态系统 经济学 金融 无形资产 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 前沿技术 移动应用 体育 旅游 音乐 时尚 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 全球无形资产投资精要 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 重建基金 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 工作人员职位 附属人员职位 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决 按管辖区浏览

吉尔吉斯斯坦

KG203

返回

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2015-жылдын 12-январындагы № 4 'Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу'

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2015-жылдын 12-январындагы № 4 'Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу' Мыйзамы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 12-январы № 4

"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмеге ылайык" деген сөздөр алып салынсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча:
"бирден-бир" деген сөздөр "өзгөчө" деген сөз менен алмаштырылсын;
"бирден-бир эмес" деген сөздөр "өзгөчөлүксүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мамлекеттик тилдеги тексттин 1-статьясынын бешинчи абзацындагы
"зиготтору" деген сөз "зиготалары" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу
Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Селекциялык жетишкендиктердин коргоо жөндөмдүүлүгүнүн маселелери боюнча талаш-тартыштарды алгачкы карап чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте Апелляциялык кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
Селекциялык жетишкендиктердин айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата жүргүзүлгөн сыноосунун негизинде алардын коргоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылат.
Жаныбарлардын зоологиялык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмегин, copтторунун үрөндөрүн ишкананын аймагында жеке пайдалануу үчүн эки жыл өстүрүүгө уруксат берилген Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
5. Мамлекеттик тилдеги тексттин II бөлүмүнүн аталышындагы "процедурасы" деген сөз "жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 5-статьяда:
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жерлери же турган жери жок жеке же юридикалык жактары патент алуу жана аны күчүндө кармоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү адамдары аркылуу жүргүзүшөт.";
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интеллектуалдык менчик жаатындагы жана айыл чарба, мелиорация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын кызматкерлери мекемеде иштеген бүткүл мезгилдин ичинде селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө берүүгө укуксуз болушат.".
7. 6-статьянын 3-бөлүгүндөгү "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр алып салынсын.
8. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''7-статья. Патент алууга өтүнмө берүү
Патент алууга өтүнмөнүн документтери мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) арызды;
2) сорттун, тукумдун сыпаттамасын:
өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн - сорттун анкетасын;
жаныбарлардын тукумдары үчүн - айыл чарба жаныбарларын апробациялоо боюнча алардын колдонулуудагы усулга ылайык сыпаттамасын;
3) өтүнмө берүү үчүн тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу же өтүнмө берүү үчүн алымды төлөөдөн бошотуучу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиз берүүчү документти.
Өтүнмөгө жана ага тиркелген документтерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Селекциялык жетишкендикке өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) менен белгиленет.
Өтүнмө бир селекциялык жетишкендикке таандык болууга тийиш.
Өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган датага чейин каалаган учурда өтүнмөнү кайра чакыртып алууга укуктуу.".
9. 8-статьянын 7-бөлүгүндө "селекциячы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча" деген сөздөр "өтүнмө берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 9-статьяда:
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүктө "Селекциячыга" деген сөз "Өтүнмө берүүчүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 11-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы ал берилгенден кийин эки айлык мөөнөттө жүргүзүлөт. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган документтердин бар экендиги, селекциялык жетишкендиктин аталышынын ушул Мыйзамдын 8- статьясынын талаптарына ылайык келиши текшерилет, селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгы белгиленет.";
3-бөлүктө "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын;
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болсо жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган суроо-талапка же кабарламага жооп берүү мөөнөтү алты айга чейин узартылат.".
12. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Селекциялык жетишкендикке өтүнмөнү жарыялоо
Өтүнмө жөнүндө маалыматтар селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн алдын ала экспертизасы аяктаган датадан тартып төрт айдан кечиктирбестен расмий бюллетенде жарыяланат. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыялангандан кийин ар кандай адам анын материалдары менен таанышууга укуктуу. Өтүнмөнүн материалдары менен таанышуу үчүн тийиштүү алым төлөнөт.
Эгерде жарыяланган датага чейин патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынса, же ал кайра чакыртып алынса, же болбосо даттануу мүмкүнчүлүгү бүткөн, ал боюнча патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган болсо, өтүнмө жөнүндө маалыматтар жарыяланбайт.
Селекциялык жетишкендиктин автору, эгерде ал патент ээси болбосо, өтүнмө жөнүндө жарыяланган маалыматтарда автор катары аталуудан баш тарта алат.
Өтүнмө жарыяланган датадан тартып алты айдын ичинде анын жаңылыгына карата ар кандай таламдаш адамдын дооматы эске алынат.
Дооматты таламдаш адам каршы пикир түрүндө Апелляциялык кеңешке берет. Каршы пикир берүү жана кароо үчүн алым төлөнөт.
Каршы пикир боюнча Апелляциялык кеңештин чечимине макул болбогон учурда, ар бир тарап чечим кабыл алынган учурдан тартып алты айлык мөөнөттө сотко доо арызын бере алат.".
13. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Селекциялык жетишкендикти айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноо
Селекциялык жетишкендикти айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата сыноо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
Сортко сыноолорду жүргүзүү үчүн алым төлөнөт.
Өтүнмө ээси экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылган материалдар менен таанышып, сыноолордун жүрүшүнө байкоо жүргүзө алат.
Өтүнмө ээси патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде өтүнмөгө каршы коюлган материалдардын көчүрмөсүн, ошондой эле жүргүзүлгөн сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүнү талап кыла алат.".
14. 15-статьяда:
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүктө "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
15. 16-статьяда:
1- жана 7-бөлүктөрдө "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү маалыматтарды киргизүү тартибин жана алардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
5- жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
16. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17-статья. Патентти колдонуу мөөнөтү
Селекциялык жетишкендикке патентти колдонуу мөөнөтү өтүнмө берилген селекциялык жетишкендик Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып жыйырма беш жылды түзөт.".
17. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Патент жөнүндө маалыматтарды жарыялоо
Патент берүү жөнүндө маалыматтар Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган датадан тартып эки айдын ичинде расмий бюллетенде жарыяланат.".
18. 20-статьяда:
3-бөлүктө "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр алып салынсын;
4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
19. 21-статьяда:
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автор патент ээсинен селекциялык жетишкендикти пайдалангандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу.";
8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
20. Мамлекеттик тилдеги тексттин 22-статьясында:
статьянын аталышы "авторуна" деген сөздөн кийин "сый" деген сөз менен толукталсын;
1-бөлүк "мөөнөт ичинде" деген сөздөрдөн кийин "сый" деген сөз менен толукталсын.
21. 25-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацында көрсөтүлгөн артыкчылыктар ушул Мыйзамдын 3-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган Өсүмдүктөрдүн ботаникалык урууларынын жана түрлөрүнүн тизмегине ылайык колдонулат.".
22. 26-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
23. 29-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патент жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып ар кандай адам патентти жараксыз деп таянуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн каршы пикир менен кайрыла алат. Патентти жараксыз деп таануу жөнүндө каршы пикирди берүү жана кароо үчүн алым төлөнөт.";
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
24. 30-статьяда:
1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "Мамкомиссиянын, Мамастукуминспекциясынын суроо-талабы" деген сөздөр "суроо-талап" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патентти колдонууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат.".
25. 30-1-статьяда:
1-бөлүктө "интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар расмий бюллетенде жарыяланат.";
3-бөлүктө "интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр алып салынсын.
26. 31-статьянын аталышында "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр алып салынсын.
27. 33-статьяда:
1-бөлүктө "интеллектуалдык менчик боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөмдөрдүн өлчөмүн көрсөтүү менен ачык лицензия берүү жөнүндө маалыматтар жана ачык лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө жазуу Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрине киргизилет.";
4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
28. Мамлекеттик тилдеги тексттин 34-статьясынын 6-бөлүгү "шарттар болгондо" деген сөздөрдөн кийин "берилет" деген сөз менен толукталсын.
29. 35-статьянын 1-бөлүгүндө "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. 36-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары
Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара иштешүү принцибинин негизинде ушул Мыйзамда каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.".
31. 38-статьяда "бажы органдары", "бажы" деген сөздөр алып салынсын.
32. 39-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти А. Атамбаев