КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2000-жылдын 27-ноябры N 694
Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролунун тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
А.Муралиев |