关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 在产权组织任职 问责制 专利 商标 外观设计 地理标志 版权 商业秘密 知识产权的未来 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 青年 审查员 创新生态系统 经济学 金融 无形资产 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 前沿技术 移动应用 体育 旅游 音乐 时尚 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 全球无形资产投资精要 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 重建基金 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 工作人员职位 附属人员职位 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决 按管辖区浏览

吉尔吉斯斯坦

KG179

返回

Кыргыз Республикасында мыкты ойлоп табууларды тандоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы № 5 чечими менен жактырылган, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 12-августундагы № 135 буйругу менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы № 5 чечими менен жактырылган 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 12-августундагы № 135 буйругу менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасында мыкты ойлоп табууларды тандоо жөнүндө жобо

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасында мыкты ойлоп табууларды тандоо жөнүндө бул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №593 токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын 1.1.2-бөлүмүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (мындан ары – Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ Мамфонду) тарабынан жүргүзүлүүчү ата мекендик ойлоп табууларды жыл сайын тандоонун шарттарын жана тартибин белгилейт.
3. Тандоонун максаты болуп келечектүү ата мекендик иштелмелерди табуу, алардын иштеп чыгуучуларына  көмөк көрсөтүү жана сыйлоо, мыкты ойлоп табуулардын маалымат базасын түзүү саналат.

 

II. Мыкты ойлоп табууларды тандоо боюнча комиссия

 

4. Комиссиянын курамы Кыргызпатентке караштуу Ойлоп табуучулар кеңешинин штаттан тышкары эксперттеринен жана мүчөлөрүнөн Кыргызпатенттин төрагасынын буйругу менен бекитилет.

5. Комиссиянын отурумдары суроо баракчаларынын келип түшкөнү боюнча, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын отурумунун күн тартиби боюнча материалдар комиссиянын отурумуна чейин беш күн калганда,  кечиктирилбестен берилет.
6. Комиссиянын отуруму эгер анда анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу болот.
7. Комиссиянын чечими отурмга катышкандардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана отурумга төрагалык кылуучу менен катчысы кол койгон протокол менен таризделет.

III. Тандоонун критерийлер

8. Мыктылардын санына кирген ойлоп табуулар төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:

 

-          ойлоп табуунун техникалык жактан жогору деңгээли;

 

-          техникалык чечимдин өзгөчөлүктүүлүгү;

 

-          ойлоп табууда чечилген маселенин актуалдуулугу;

 

-          өндүрүштө пайдаланылышы;

 

-          күтүлгөн экономиклык натыйжа;

 

-          чечилүүчү маселенин татаалдыгы;

 

-          товарлардын тейлөө кызматынын импорттун ордун басуучулугу жана экспорту;

 

-          жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана курчап турган чөйрөнү коргоого көмөк көрсөтүү жөндөмдүүлүгү;

 

-          социалдык маселени чечүү жөндөмдүүлүгү.

 

9. Техникалык жактан жогору деңгээлге ээ болгон ойлоп табууларга заманбап тенденцияларга туура келген илимдин жана технологиялардын артыкчылыктуу багыттарына кирген ойлоп табуулар, ошондой эле көп тармактарда пайдаланыла турган ойлоп табуулар кирет.
10. Өзгөчө техникалык чечимге коюлган маселени чечүүнүн жаңы принциптерине негизделген ойлоп табуулар кирет.
11. Ойлоп табууда чечилүүчү маселенин актуалдуулугу анын экономиканын, экологиянын жана социалдык саясаттын артыкчылыктуу маселелерине ылайык келиши боюнча бааланат, мисалы: чыгарыла турган продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жарамдуулугун жогрулатуу; материалдык жана энергетикалык ресурстарды үнөмдөө, курчап турган чөйрөнү коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу ж.у.с.

12. Ойлоп табуунун жетишерлик техникалык иштегендиги жана анын өндүрүштө пайдаланууга даяр экендиги жөнүндө корутунду өтүнмөнүн материалдарында ойлоп табуунун чиймеси, сыноо натыйжалары же өнөр жайда сыноонун натыйжалары болгондо, чыгарылат.

13. Жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыкты ойлоп табууларын аныктоодо, Комиссия ойлоп табууну баалоонун критерийлеринин бири катары көргөзмөлөрдөн алган сыйлыктарын талдоо эске алынат.

 

 

 

IV.Мыкты ойлоп табууларды тандоонун тартиби

 

14. Мыкты ойлоп табуулар Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестринде (мындан ары – Мамреестр) катталган ата мекендик ойлоп табуулардын жана аларга патент берүү жөнүндө чечим кабыл алынган ойлоп табууларга өтүнмөлөрдүн ичинен тандалат.

15. Ойлоп табууларга катталган патенттердин тизмеси  квартал сайын ИМ Мамфондуна мамреестрлер тарабынан жөнөтүлөт.
16. ИМ Мамфонду ушул жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча патент ээлерине маалымат каттарды жана суроо баракчаларын жөнөтөт.
17. Патент ээлери сынакка катышууга макулдук алгандан кийин ИМ Мамфонду Комиссиянын кароосуна жалпыланган материалды киргизет.
18. Комиссия тандаган ойлоп табуулар мыкты ойлоп табуулардын маалымат базасына киргизилет.

 

V. Мыкты ойлоп табуулардын патент ээлерин жана авторлорун сыйлоо жана мыкты ойлоп табууларды тандоонун жыйынтыгын чагылдыруу

 

19. Мыкты ойлоп табууларды тандоо боюнча жыл сайын иштин жыйынтыгын чыгаруу Интеллектуалдык менчиктин Улуттук жана Эл аралык күнүнө бир ай калганда жүргүзүлөт. Кабыл алынган чечимдердин жыйынтыктары боюнча патент ээлерине кабарлоолор жөнөтүлөт.
20. Комиссия тарабынан берилген сунуштардын негизинде, Кыргызпатент тиешелүү буйрук чыгарат жана Интеллектуалдык менчиктин Улуттук жана Эл аралык күнүндө мыкты ойлоп табуулардын авторлорун, патент ээлерин Кыргызпатенттин дипломдору жана ардак грамоталары менен сыйлайт.

21. Мыкты ойлоп табууулар жөнүндө маалыматтар “Кыргызпатенттин кабарлары: интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын маселелери” деген илимий-практикалык журналында жарыяланат жана Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун расмий сайтында жайгаштырылат. 

 

1-тиркеме

 

Маалыматтык карта

 

Кыргызпатенттин төрагасынын буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мыкты ойлоп табууларын тандоо жөнүндө жобого ылайык тандалган ойлоп табуулардын тизмеси _______________

 

(__________тартып, мезгилдин ичинде) 
өтүнмөнүн № 
патенттин № 
Ойлоп табууга өтүнмө берген датасы
Ойлоп табуунун аталышы
Патент ээси (ээлери)
Автор (лор)
Сыйлыктары жана медалдары

 

 

 

2-тиркеме

 

Суроо барагы

 

Урматтуу____________________________________________________________________

 

_____________________________________________________________________________

 

Кыргызпатенттин төрагасынын _______ буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында мыкты ойлоп табууларды тандоо жөнүндө жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыкты ойлоп табууларын аныктоо максатында ИМ Мамфонду №патентти______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ мыкты ойлоп табуулардын маалыматтар базасына киргизүү үчүн авторлорго же патент ээлерине суроо жүргүзөт.

 

Суроонун негизги милдети – ойлоп табууга өтүнмөнүн сыпаттамасына кирбеген ойлоп табуу жөнүндө кеңири маалымат алуу.

 

Аларга төмөнкү суроолор кирет:

 

§  Пайдаланууга ойлоп табуунун даярдыгы?

§  Ооба 

§  Жок

§  иштеп чыгуу баскычындабы?

§  Ооба

§  Жок

§  ИИТЖИ баскычындабы?

§  Ооба

§  Жок

§  Тажрыйба жүргүзүлүп жатабы (жүргүзүлдү)?

§  Ооба

§  Жок

§  пайдалануунун башка түрүбү?

§  Ооба

§  Жок

§  патент ээси (өтүнмө ээси) өз ойлоп табуусун чет өлкөдө патенттемекчиби?

§  Ооба

§  Жок

§  Ойлоп табуу өндүрүштө пайдаланылабы?

§  Ооба

§  Жок

§  патентке укук өткөрүлүп берилгенби?

§  Ооба

§  Жок

§  патентке лицензия сатылганбы?

§  Да

§  Нет

§  ойлоп табуу Кыргызстандын көргөзмөлөрүндө, салондорунда жана жарманкелеринде көрсөтүлгөнбү?

§  Ооба

§  Жок

§   ойлоп табуу чет өлкөлөрдүн көргөзмөлөрүндө, салондорунда жана жарманкелеринде көрсөтүлгөнбү?

§  Ооба

§  Жок

§   «Кыргызпатенттин кабарчысы: интеллектуалдык менчик жана инновациялардын маселелери» илимий-практикалык журналга, ошондой эле башка басылмаларга ойлоп табуулар жөнүндө жарыялоо?

 

_______________________________________________________________________

 

(басылмаларды көрсөткүлө)

 

§  Кыргызпатенттин сайтында Интернет тармагына келечектүү ойлоп табууларды жайгаштыруу?

 

_______________________________________________________________________

 

(аталышын көрсөткүлө)

 

§  Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө Ойлоп табуулардын, жаңы техниканын жана технологиялардын эл аралык салондорунда өткөрүлүүчү көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу боюнча сунуштар?

 

________________________________________________________________________

 

(сунуштарды көрсөткүлө)

 

§  иштелме колдонулуучу чөйрөнү, аны пайдаланууда жетишилүүчү техника-экономикалык натыйжаны көрсөткөн жарнамалык мүнөздөмөдөгү зарыл маалыматтар.

 

________________________________________________________________________

 

(маалыматтарды көрсөткүлө)

 

Сизден жогорудагы суроолорго жооп алгандан кийин, Мамфонд Кыргыз Республикасынын мыкты ойлоп табууларын аныктоочу комиссиянын кароосуна маалымат даярдайт.