Бишкек шаары
2010-жылдын 8-декабры ПЖ N 300
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик
кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ N 16 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
"КG" улуттук домен аталышын башкаруу боюнча функцияларды өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ N 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги N 192 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "КG" домендик аймагын башкаруу борбору" мамлекеттик мекемесин мыйзамда белгиленген тартипте жойсун;
КР 2010-жылдын 17-декабрындагы N 328 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борборун жоюу жөнүндө" токтому
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева