КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-марты № 50
2013-жылдын 27-июнунда Марракеш шаарында кабыл алынган Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алуу жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын
жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын
кошулуусу тууралуу
2017-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. 2013-жылдын 27-июнунда Марракеш шаарында кабыл алынган Азиздердин
жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алуу жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азиздердин жана көрүүсү
начарлаган же басма маалыматты кабыл алуу жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы директоруна депонирлесин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-мартында № 40 (2765)
жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев