About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG257

Back

Эрежелери Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун (2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

 Эрежелери Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун (2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-октябры №686

Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар

үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө", "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин: - Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана

кароонун эрежеси; - Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий

каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартиби.

"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 4-ноябрындагы №93 жарыяланды

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Ө.БабановПремьер-министрдин милдетин аткаруучу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы

N 686 токтому менен бекитилген

Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн

жана карап чыгуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

Ушул Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери "Электрондук эсептөө машиналары жана маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык иштелип чыкты.

1. Жалпы жоболор

1. Негизги терминдер: Эрежелер - Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн

программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери;

Мыйзам - "Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

өтүнмө - электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө;

ЭЭМ - электрондук эсептөө машинасы; Мамреестр - Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын мамлекеттик

реестри, Кыргыз Республикасынын Маалымат базаларынын мамлекеттик реестри.

2. Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүү жана берүү

2. Мыйзамдын 13-беренесине ылайык өтүнмө берүүгө автордук укуктун күчүнүн мөөнөтү ичинде ЭЭМ же маалымат базалары үчүн программага карата мүлктүк укуктардын ээси (мындан ары - өтүнүүчү) укуктуу.

3. Өтүнмө түздөн-түз өтүнмө ээси тарабынан же өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат менен тастыкталат.

4. Өтүнмө Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт. 5. Өтүнмө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

- укук ээсин, ошондой эле эгерде ал өзүн автор катары эскертүүдөн баш тартпаса, авторду жана алардын жүргөн жерин (жашаган жерин) көрсөтүү менен ЭЭМ үчүн программаны же маалымат базасын расмий каттоого арызды;

- рефератты камтуу менен, ЭЭМ же маалымат базасын бирдейлештирүүчү депонирленүүчү материалдарды;

- белгиленген өлчөмдө каттоо алымынын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документти же каттоо алымынын төлөөдөн бошотуу, ошондой эле анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди.

6. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер: - эгерде укук ээси автор болуп эсептелбесе, ылайыктуу түрдө күбөлөндүрүлгөн, мүлктүк

укуктарды ыйгарып берүүнү тастыктоочу документтин көчүрмөсү; - эгерде өтүнмө өкүл аркылуу берилсе, өкүлчүлүккө ылайыктуу таризделген ишеним кат. Өкүлгө ишеним каттын күчүнүн мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш. Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын

ичинде күчүндө болот. 7. Өтүнмөнүн документтери (ЭЭМ же маалымат базасын бирдейлештирүүчү

депонирленүүчү материалдардан башкасы) мамлекеттик же расмий тилдерде көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде өтүнмөнүн документтери башка тилде берилген болсо, анда аларга ылайыктуу түрдө күбөлөндүрүлгөн алардын мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелүүгө тийиш.

8. Өтүнмөнүн документтери бир нускада берилет. 9. Өтүнмөнүн документтери аларды түздөн-түз репродукциялоого мүмкүн болгондой

кылып таризделүүгө тийиш. Каттоого өтүнмөнүн документтери, эгерде белгиленген түрдө башкасы

караштырылбаса, А4 (210x297 мм) формасындагы, бекем, ак, жылмакай, тунук эмес, жалтырак эмес барактарга жана өзүнчө кагаздарда башталып жазылууга тийиш.

Документтердин барактарынын четтеринин өлчөмдөрү төмөнкүлөрдөн кем болбоого тийиш (мо( �

сол тарабы - 20; үстү - 17; оң жана төмөнкү жагы - 7. Барактардын тилкелери таза болууга тийиш. Өтүнмөнүн ар бир документинде экинчи жана андан кийинки барактар араб сандары

менен номерленүүгө тийиш. Өтүнмөнүн документтери кара түстөгү тамгалар менен басылууга тийиш. Өтүнмөнүн документтеринин тексти толук, так болууга жана ар түрдүү окулуштарды

камтыбоого тийиш. 10. ЭЭМ же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого арыз КП

формасы (N 1 тиркеме) боюнча толтурулат. Фамилиясы, аты-жөнү өтүнмөнүн документтеринде атооч жөндөмөдө көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк аттар же ишканалардын аталыштары кыргыз же орус транслитерациясында

көрсөтүлөт.

"Арыз" деген сөздүн үстүндө жайгаштырылган арыздын графалары Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөндөн кийин маалымдаректерди киргизүүгө арналган жана өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.

"Өтүнмө ээси (ээлери) (укук ээси (ээлери)" графасында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: - эгерде өтүнмө ээси (ээлери) (укук ээси (ээлери) жеке жак болсо: аты-жөнү, өлкөсүн

көрсөтүү менен жашаган жеринин дареги, жарандыгы. Автордун-өтүнмө ээсинин жашаган жери жөнүндө маалыматтар "Автору" деген графада көрсөтүлөт;

- эгерде өтүнмө ээси (ээлери) (укук ээси (ээлери) юридикалык жак болсо: толук расмий аталышы жана юридикалык жактын жайгашкан дареги.

"Берилген чыгармага укуктун пайда болуу негиздери" графасы өтүнмө ээси автор болуп эсептелбеген учурда толтурулат. "X" белгисин коюу жолу менен ылайыктуу клеткада укук ээси көрсөтүлөт.

"Чыгарманын аталышы" графасында ЭЭМ же маалымат базалары үчүн программалардын кыскартылган же толук аталышы көрсөтүлөт.

"Мурдагы жана альтернативдүү аталышы" графасы анын алдына берилген ЭЭМ үчүн программага же маалымат базаларына тиешелүү документ жазылууга мүмкүн болгон катталуучу ЭЭМ үчүн программа же маалымат базалары үчүн кошумча аталыш бар болгон учурда толтурулат.

"Курамдык чыгарманын аталышы" графасы, эгерде берилген чыгарма курамдык чыгарма катары жарыкка чыгарылган болсо толтурулат. Анда курамдык иштин (программалык комплекстин) жарыкка чыккан аты жана датасы көрсөтүлөт.

"Чыгарма биринчи жарыкка чыккан дата жана жер" графасында, ЭЭМ үчүн программанын же маалымат базаларынын биринчи жарыкка чыккан датасы (күнү, айы, жылы) жана биринчи жарыялоо ишке ашкан өлкө (өлкөлөр) көрсөтүлөт.

"Берилген чыгарманы жаратууда пайдаланылган автордук укук объектиси болуп саналган бардык чыгармалар жөнүндө маалыматтар" графасында берилген чыгарманы жаратууда пайдаланылган же пайдалануу үчүн зарыл болгон автордук укук объектилери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

"Чыгарманы Кыргызпатентте кайталап каттоо себептери жөнүндө маалыматтар" графасында эгерде мындай каттоо орун алган болсо, мурдагы каттоо номери жана анын датасы көрсөтүлөт.

"Автор" графасында автордун фамилиясы, аты-жөнү жана/же псевдоними атооч жөндөмөдө, мында фамилиясы атынан мурда көрсөтүлөт, туулган датасы, жарандыгы, өлкөнүн расмий аталышын камтуу менен автордун жашаган жеринин дареги, телефону көрсөтүлөт.

Ушул эле графада берилген чыгарманы түзүүдөгү автордун чыгармачылык салымынын сыпаттамасы келтирилет.

Эгерде авторлор бир нече болсо, анда берилген чыгармага автордун конкреттүү алымынын көлөмүн көрсөтүү менен КП/КОШУМЧА (N 2 тиркеме) формасын толтуруу зарыл.

Эгерде автор өзүнүн чыгармасын жашыруун каттоону кааласа, анда бул графа толтурулбайт, же автор өзүнүн атын көрсөтүү менен, ушул ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программаны расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо автор катары аны эскербөөнү суранат.

"Өтүнмөнүн документтери" жана "Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер" графалары ылайыктуу клеткаларга "X" белгисин коюу жолу менен толтурулат.

"Депонирленүүчү материалдарда" ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программага материалдарды депонирлөөгө берилүүчү форма белгиленет (баштапкы тексттин листинги, сүрөттөлүштүн басма түрүндөгүсү ж.б.).

"Адресат жөнүндө маалыматтар" графасында берилген өтүнмө боюнча кат-кабарлар жөнөтүлө турган алуучу (адресат) жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, б.а. тез почтолук жеткирүүнүн кадимки талаптарына канааттандыруучу өтүнмө ээлердин биринин аты же аталышы жана телефон номери, телекси, факсы, электрондук почта дареги - е-mail (мындан ары - е-mail) (алар бар болсо) көрсөтүлөт.

Арыздын акыркы графасында арызда көрсөтүлгөн маалыматтар депонирленүүчү бирдейлештирүүчү материалдарга ылайык келе тургандыгы тастыкталат.

Графага кол коюулган датаны көрсөтүү менен өтүнмө ээси же анын өкүлү кол коет. Кол тамга жана дата милдеттүү түрдө болуп эсептелет. Кол тамга, кол коюучу жактын фамилиясын жана аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленүүгө тийиш.

Эки же андан көп өтүнмө ээлери тарабынан каттоого өтүнмө берилгенде арыздын бланкасына алардын ар бири кол коет, ал эми кат алышуу буга өтүнмө ээлери тарабынан ыйгарым укук берилген өкүл менен арыздын ылайыктуу графасында көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт.

Юридикалык жактын атынан берилүүчү арызга уюмдун жетекчисинин колу коюлуп, анын ээлеген кызмат оруну көрсөтүлөт, коюлган кол чечмеленет жана мөөр менен бекемделет.

11. Рефератты камтуу менен, катталуучу ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программаны бир маанилүү бирдейлештирүүнү камсыз кылуучу материалдарды Кыргызпатент депонирлейт.

ЭЭМ үчүн программаларды же маалымат базаларын бир маанилүү бирдейлештирүүнү камсыз кылуучу депонирленүүчү материалдар баштапкы текст формасында көрсөтүлүүгө тийиш.

Депонирленүүчү ЭЭМ үчүн программаны бирдейлештирүү максаттарында, автордук укук жана ЭЭМ үчүн программанын аталышы жөнүндө кабарлоону камтуучу бетти ичине камтуу менен, баштапкы текстин листингинин (басмалык көчүрмө) биринчи 15 жана акыркы 15 барак көлөмүндөгү материалдарды көрсөтүү керек. Эгерде катталуучу ЭЭМ үчүн программанын көлөмү баштапкы текстин листингинин 30дан кем эмес барактарын камтыса, анда листинг толук көлөмдө депонирленет.

Жашыруун мүнөздөгү (мисалы, "ноу-хауга" тиешелүү) маалыматтарды камтыган депонирленүүчү ЭЭМ үчүн программаны бирдейлештирүү максаттарында, бул фактыны ЭЭМ үчүн программанын аталышын камтыган баракта көрсөтүп, ошондой эле депонирленүүчү материалдарды төмөндөгү түрлөрдүн биринде көрсөтүү керек:

- жашыруун материалдарды камтыган бөлүктөрүн алып салуу менен, баштапкы текстин листингинин биринчи 15 жана акыркы 15 барагын;

- кандайдыр бир бөлүктөрүн алып таштабастан баштапкы текстин листингинин биринчи 10 жана акыркы 10 барагын;

- объектилик коддун биринчи 15 жана акыркы 15 барагын, ошондой эле кандайдыр бир бөлүктөрүн алып таштабастан баштапкы текстин листингинин катар кетүүчү 10 же андан көп барагын;

- эгерде катталуучу ЭЭМ үчүн программа баштапкы текстин листингинин 30дан кем эмес барагын камтыса, акыркысы алынып салынган жашыруун мүнөздөгү материалдарды камтыган бөлүктөрү менен толук көлөмдө депонирленет.

Бир файлды камтуучу (бир бүтүн катары каралуучу, байланыштуу жазуулардын жыйындысы), депонирленүүчү маалымат базаларын бирдейлештирүү максаттарында, материалдарды листингдин биринчи 15 жана акыркы 15 барак көлөмүндө көрсөтүү керек.

Бирден көп файлды камтуучу депонирленүүчү маалымат базаларын бирдейлештирүү максаттарында, эгерде ал 10 барактан ашпаса, листингдин 10 барагы көлөмүндө же толук көлөмдө, ар бир файлга тиешелүү материалдарды көрсөтүү керек.

Мурда катталган маалымат базасынын депонирленүүчү (бир файлды, ошондой эле бирден көп файлды камтуучу) жаңы редакциясын бирдейлештирүү максаттарында, эгерде ал 10 барактан ашпаса, листингдин 10 барагы көлөмүндө же толук көлөмдө, алардын өзгөртүлгөн бөлүктөрүнө тиешелүү материалдарды көрсөтүү керек.

ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программаларды жарыялоонун визуалдык кабыл алынуучу формасы (баштапкы тексттин жарыяланган басылган түрү) үчүн депонирленүүчү бирдейлештирүүчү материалдардын бир нускасы көрсөтүлөт.

Эгерде катталуучу ЭЭМ үчүн программа автордук укук ченемдери боюнча дисплей экранында коргоого жөндөмдүү сүрөттөлүштөрдү камтыса, ЭЭМ үчүн программанын өзүнө укукка ээ болгон адам аларга карата укук ээси болуп эсептелет, ЭЭМ үчүн программаны бирдейлештирүүчү мындай комплектте дисплейдин экранындагы сүрөттөлүштү бир мааниде аныктоого мүмкүндүк берүүчү материалдарды киргизүү керек. Көрсөтүлгөн материалдар электрондук сактагычта, ушул сүрөттөлүштүн басма түрүндө, анын фотосүрөтү же сүрөтү түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн.

Эгерде катталуучу ЭЭМ үчүн программа автордук укуктун ченемдери боюнча коргоого жарамдуу музыкалык чыгармаларды камтыса, ЭЭМ үчүн программанын өзүнө карата укук ээси анын укук ээси болуп эсептелет, мындай ЭЭМ үчүн программаны бирдейлештирүүчү комплектте ылайыктуу музыкалык чыгарманы бир мааниде аныктоого мүмкүндүк берүүчү материалдарды киргизүү керек.

Эгерде каттоого сунушталган ЭЭМ программасы аудиовидеоматериалдарды камтыса, анда ушундай материалдардын үлгүлөрү электрондук сактагычтарда берилиши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Депонирленүүчү бирдейлештирүүчү материалдардын курамына киргизилүүчү ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программанын рефераты төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:

- ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программанын аталышы; - өтүнмө ээсинин аталышы (аты-жөнү); - автордун аты-жөнү; - түзүлгөн датасы; - колдонуу тармагы, арналышы жана иштөө мүмкүндүктөрү; - негизги техникалык мүнөздөмөлөрү; - программалоонун тили; - сатылуучу ЭЭМдин тиби.

Рефераттын текстинин орточо көлөмү - 1500гө чейинки басма белгилери.

3. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

13. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери берилет жана алардын келип түшкөн датасы чагылдырылат.

Өтүнмө ээсине ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программанын аталышын, кабыл алынган документтердин барактарынын санын, өтүнмөнүн кириш номерин жана келип түшкөн датасын көрсөтүү менен, өтүнмөнүн материалдарынын кабыл алынгандыгы жөнүндө тилкат берилет.

Өтүнмөгө каттоо номери берилет - улук разряддагы төрт сан өтүнмө келип түшкөн жылды билдирет, калган төрт сан - ошол жылдын сериясындагы катар номер, чекиттен кийинки 6 саны - арыздын бланкаларына киргизилген ЭЭМ үчүн программанын шарттуу белгилери (7 саны - маалымат базаларынын шарттуу белгилери).

14. Өтүнмөнү карап чыгуу эки айдын ичинде жүргүзүлөт. Өтүнмөнүн келип түшкөн материалдары өтүнмө бергендиги жана карап чыккандыгы үчүн

белгиленген өлчөмдө каттоо алымынын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин же алым төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздердин бар экендигине текшерилет. Көрсөтүлгөн документ берилбегенде өтүнмө кабыл алынбайт.

Кыргызпатенттин сурамы боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча өтүнмө ээси расмий каттоо жөнүндө чечим чыкканга чейин өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого жана оңдоого укуктуу.

Карап чыгуунун жүрүшүндө төмөндөгүлөр текшерилет: - төлөнгөн каттоо алымынын суммасынын белгиленген өлчөмгө ылайык келүүсү; - ушул Эрежелер менен аныкталган зарыл документтердин бар экендиги; - документтердин ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделишинин тууралыгы; - өтүнмө берилген программанын же маалымат базасынын ушул Эрежелерге ылайык

укуктук коргоо берилүүчү объектилерге ылайык келүүсү. Белгиленген талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча Кыргызпатент өтүнмө

ээсине сурамды алган күндөн тартып он беш күндүн ичинде бар болгон кемчилдиктерди жоюу сунушу менен сурам жөнөтөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттө жетишпеген же оңдолгон документтер келип түшпөгөн учурда өтүнмөнү андан ары кароо жүргүзүлбөйт, ал жөнүндө өтүнмө ээси кабарландырылат. Өтүнмөнү кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө он беш күнгө узартылат.

Сурам үчүн төмөндөгүлөр негиз болушу мүмкүн: - төлөнгөн каттоо алымынын суммасынын белгиленген өлчөмгө ылайык келбегендиги; - ушул Эрежелердин 5-пунктунда караштырылган кандайдыр бир документтин жоктугу; - өтүнмөнүн документтерин тариздөөгө талаптардын бузулушу; - эгерде өтүнмө өкүл аркылуу берилсе, ишеним каттын ылайыксыз таризделиши; - арыздын графаларында талап кылынган маалыматтарды тактоо зарылдыгы; - депонирленүүчү материалдарды тариздөөгө талаптардын бузулушу. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомунун редакциясына

ылайык)

________________________________________________________________________

____________________________________________________________

15. Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында ал Мыйзамдын 3-беренесинин 1-4- бөлүктөрүнө жана ушул Эрежелерге ылайык укуктук коргоо берилүүчү объектиге таризделгендиги белгиленсе, ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программаны расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылат.

16. Эгерде өтүнмөнү карап чыгуунун натыйжасында Мыйзамдын 3-беренесинин 5- бөлүгүнө жана ушул Эрежелерге ылайык, өтүнмө берилген объектиге укуктук коргоо берилбей тургандыгы белгиленсе, ылайыктуу негиздемелерди келтирүү менен, ЭЭМ же маалымат базалары үчүн программаны расмий каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Өтүнмөнү каттоодон баш тартуу учурунда төлөнгөн каттоо алымы жана өтүнмөнүн материалдары өтүнмө ээсине кайтарылып берилбейт.

1-тиркеме

КП формасы

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖААТЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН (КЫРГЫЗПАТЕНТ)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

Дареги:

Келип түшкөн датасы күнү

__ айы __ жылы ___

Кириш номери Өтүнмөнүн каттоо номери

ЭЭМ же маалымат базасы үчүн программаны (чыгарманы) расмий каттоого АРЫЗ

Төмөндөгү көрсөтүлгөн документтерди берүү менен, ЭЭМ же маалымат базасы үчүнКыргызпатент программаларды (чыгармалар) каттоону суранам (кетректүүсүнүн асты сызылат)тарабынан толтурулат керектүүсү [Х] 1. ӨТҮНМӨ ЭЭСИ белгиси (өтүнмө ээсинин (ээлеринин) одукаты же аталышы жана анын (алардын) жашаган же менен жүргөн жери. белгилөө Автор өтүнмө ээлеринин жашаган жери жөнүндө маалыматтар 9-графада н келтирилет)керек

2. БУЛ ЧЫГАРМАГА УКУКТУН КЕЛИП ЧЫГУУ НЕГИЗДЕРИ (эгерде өтүнмө ээси автор болуп эсептелбесе) өтүнмө ээси автордун  автор же анын укук мураскери тарабынан укуктардын жумуш берүүчүсү болуп башка жакка ыйгарылып берилиши эсептелет жумуш берүүчү мураскерлик укугу тарабынан укуктун башка жакка ыйгарылып берилиши автор же анын укук мураскери тарабынан укуктардын башка жакка ыйгарылып берилиши

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

__________________________________________________________________

мураскерлик укугу

3. ЧЫГАРМАНЫН АТАЛЫШЫ (кыскартылган же толук):

4. МУРДАГЫ ЖЕ АЛЬТЕРНАТИВДИК АТАЛЫШЫ

5. КУРАМДЫК ЧЫГАРМАНЫН АТАЛЫШЫ (эгерде берилген чыгарма жарыкка чыгарманын курамды бөлүгү катары чыгарылган болсо) Чыгарманын курамдык бөлүгүнүн жарыкка чыккан датасы ____ күнү ____ айы ___ жылы 6. ЧЫГАРМА БИРИНЧИ ЖАРЫККА ЧЫККАН ДАТА ЖАНА ЖЕРИ ____________ күнү _______________ айы _______________ жылы, өлкөсү

7. БУЛ ЧЫГАРМАНЫ ТҮЗҮҮДӨ ПАЙДАЛАНЫЛГАН, АВТОРДУК УКУК ОБЪЕКТИСИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛҮҮЧҮ БАРДЫК ЧЫГАРМАЛАР (анын ичинде, ага киргизилгендер жана/же оду пайдалануу үчүн зарыл болгондор) ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР

8. ЧЫГАРМАНЫ КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ КАЙТАЛАП КАТТООНУН СЕБЕБИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР [х] Мурдагы каттоонун номери _____________________________________________ Мурдагы каттоонун датасы ________________________________________________ ________________ күнү __________________ айы ________________ жылы 9. АВТОРУ (башка авторлордун маалыматтарын көрсөтүү үчүн КП/Кошумча формасын толтуруу керек) Фамилиясы, аты-жөнү Туулган датасы ___________ күнү _________________ айы _______________ жылы Жарандыгы _____________________________________________________________ Жашаган жеринин дареги, телефону

Берилген чыгармага автордук салымдын кыскача сыпаттамасы

Берилген чыгарма жарыяланган же жарыяланат ЖашыруунПсевдоним менен (графа ылайыктуу учурларда тол турулат) Мен,____________________________________________________________________

(фамилиясы, аты-жөнү) берилген чыгарманы расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени автор катары эскербөөнү суранам; берилген чыгарманы расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени псевдоним алдында автор катары эскерүүнү суранам

- Ушуну менен, катталуучу объектини түзүүдө башка жактардын автордук укуктары бузулбагандыгына кепилдик берем. Колу: __________________________________________________________________ 10. ӨТҮНМӨНҮН ДОКУМЕНТТЕРИ ("X" менен белгилөө керек) каттоо алымынын төлөнгөндүгү жөнүндө документ каттоо алымынын төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө документ Берилген ЭЭМ же маалымат базалары үчүн программаны бирдейлештирүүчү, депонирленүүчү материалдар баштапкы текстин листинги __ б. (биринчи __ барак, акыркы ___ барак.) дисплейдин экранындагы сүрөттөлүштөрдү бирдейлештирүүчү (аудиовизуалдык) материалдар: басып чыгарылган сүрөттөлүш ____________ б. сүрөттөлүштүн фотосүрөтү _______________ б. сүрөттөлүштүн сүрөтү ___________________ б.

_________________________________________________________________________

_______________________________________________________________________

___________________________________________________________________________

(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту) музыкалык чыгармаларды бирдейлештирүүчү материалдар (Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту) реферат ________________________________ б. электрондук сактагыч ______________ даана 11. ӨТҮНМӨГӨ ТИРКЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө документтин көчүрмөсү укук ээсинин өкүлүнүн ишеним каты башка тилде берилген документтердин орус же кыргыз тилине котормосу

12. Адресат жөнүндө маалыматтар (берилген өтүнмө боюнча кат-кабарларды жөнөтүү керек болгондогу) алуучу: дареги, почтолук индексти камтуу менен: телефон номери, (факсы, е-mail), эл аралык оду камтуу менен: Мен,

(кызмат оруну)

фамилиясы, аты-жөнү) Ушуну менен, арызда көрсөтүлгөн маалыматтар ишенимдүү экендигин жана депонирленүүчү бирдейлештирүүчү материалдарга ылайык келе тургандыгын ырастаймын. Колу ____________ "____" ___________ 20_-ж. (юридикалык жактын атынан кол коюлган учурда жетекчинин кызмат оруну көрсөтүлөт, ал эми анын колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт)

2-тиркеме

КП/КОШУМЧА формасы

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖААТЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН (КЫРГЫЗПАТЕНТ)

Кыргыз Дареги патент тарабы нан толтуру

Келип түшкөн датасы күнү Кириш номери

Өтүнмөнүн каттоо номери

_____ айы _____ жылы _______ лат керектү 1. ӨТҮНМӨ ЭЭСИ ("КП Формасында" көрсөтүлгөн өтүнмө ээлеринин бириа нин толук үсү [Х] аты-жөнү же аталышы) белгиси ________________________________________________________ ЧЫГАРМАНЫНменен АТАЛЫШЫ ("КП формасында" көрсөтүлгөн)белгилө ө керек __________________________________________________________________ "КП

ФОРМАСЫНЫН" 9-ПУНКТУНА ТОЛУКТОО АВТОРУ

________________________________________________________________________ _______________

________________________________________________________________________ ________________________

________________________________________________________________________ ___

_____________________________________________________

________________________________________________________________________ ___________________________________

________________________________________________________________________ ___________________________________

________________________________________________________________________ ________________

______________________________________________________________________

________________________________________________________________________ _________________________

________________________________________________________________________ _____

________________________________________________________________________ ____________________________________

_______________________________________________________________________

Фамилиясы, аты-жөнү

Туулган датасы _______________ күнү ___________________ айы _______________________-жылы _____________________ Жарандыгы

Жашаган жеринин дареги, телефону

Берилген чыгармага автордун салымынын кыскача сыпаттамасы

Берилген чыгарма жарыяланган же жарыяланат ЖашыруунПсевдоним менен (графа ылайыктуу учурларда толтурулат) Мен, _____________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү) берилген чыгарманы расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени автор катары эскербөөнү суранам; берилген чыгарманы расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени псевдоним алдында автор катары эскерүүнү суранам

- Ушуну менен, катталуучу объектини түзүүдө башка жактардын авторк дук укуктары бузулбагандыгына кепилдик берем. Колу:

"КП ФОРМАСЫНЫН" 9-ПУНКТУНА ТОЛУКТОО АВТОРУ Фамилиясы, аты-жөнү

Туулган датасы ___ күнү ___ айы ____ жылы

Жарандыгы

Жашаган жеринин дареги, телефону

Берилген чыгармага автордун салымынын кыскача сыпаттамасы

Берилген чыгарма жарыяланган же жарыяланат ЖашыруунПсевдоним менен (графа ылайыктуу учурларда толтурулат) Мен, _____________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү) берилген чыгарманы расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени автор катары эскербөөнү суранам; берилген чыгарманы расмий каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоодо мени псевдоним алдында автор катары эскерүүнү суранам