About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Kyrgyzstan

KG250

Back

Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)

 Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-сентябрындагы

N 517 токтому менен бекитилди

Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдар жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)

I бөлүк. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү менен байланыштуу юридикалык маанилүү иштерди жүргүзүү үчүн алымдарды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана мөөнөтүн белгилейт.

2. Ушул Жободо каралган алымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен белгиленген.

3. (Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ болуп өздүк эсептен накта акчалай же которуу менен төлөгөндүгү

жөнүндө банктын штампы коюлган төлөм тапшырманын көчүрмөсү же төлөгөндүгү жөнүндө банктын квитанциясы эсептелинет.

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ салттуу билимди каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн каттоо номерин же каттоодон өткөрүлгөн салттуу билимди (мындан ары - салттуу билимге өтүнмө) каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн номерин же салттуу билимдин каттоодон өткөндүгү жана пайдаланууга укук берилгендиги жөнүндө күбөлүктүн номерин же каттоодон өткөрүлгөн салттуу билимдин каттоодон өткөндүгү жана пайдаланууга укук берилгендиги жөнүндө күбөлүктүн (мындан ары - күбөлүк) номерин жана ага алым төлөнгөн юридикалык иштин аталышын камтышы керек. Салттуу билимге карата берилген өтүнмөнүн каттоо номери ыйгарылбаган учурда, ага алым төлөнгөн иштин аталышы менен катар көрсөтүлгөн документ салттуу билимдин аталышын жана өтүнүүчүнүн атын камтышы зарыл. Көрсөтүлгөн маалыматтар камтылбаган документ анык эмес болуп эсептелинет.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык) 4. Белгиленген өлчөмгө карата төлөнгөн алымдын өлчөмүнүн ылайык келгендиги ал төлөнгөн күнгө белгиленет. 5. Бул Жобо менен белгиленген өлчөмдөн жогору төлөнгөн учурдан тышкары же ага алым төлөнүп, иш

аткарылбаган учурларда төлөнгөн алымдын суммасы кайтарылып берилбейт. 6. Ашыкча төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген тартипте кайтарылып берилет же өтүнмө берүүчү жактын

өтүнүчү боюнча ушул жободо караштырылган башка алымдарды төлөөнүн эсебине чегерилет, аларды төлөө өтүнмө берген күнгө туура келиши мүмкүн.

7. Салттуу билимдердин ээлери болуп саналган жактарга ушул Жобонун II бөлүгүндө белгиленген алымдарды төлөө боюнча төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:

а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген адамдар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптар, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер алым төлөөдөн толук бошотулушат;

б) жеке жактар алымдардын өлчөмүнүн 10%ын төлөшөт; в) ушул пункттун "а" пунктчасында каралган уюмдардан тышкары, коммерциялык эмес уюмдар алымдардын

өлчөмүнүн 30%ын төлөшөт. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)

II бөлүк. Салттуу билимдерди каттоо жана пайдаланууга укук берүү үчүн алымдардын өлчөмү

N Алымдын арналышы Алымдын өлчөмү сом менен 1 Салттуу билимге өтүнмө берүү жана аны карап чыгууну жүргүзүү 1080,0

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салттуу билимге берилген өтүнмө менен бир убакта берилет.

N Алымдын арналышы Алымдын өлчөмү сом менен 2 Салттуу билимди каттоодон өткөрүү жана күбөлүк берүү 900,0

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ өтүнүүчү салттуу билимди каттоо жана/же пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ эки айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде берилсе болот. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт.

Белгиленген өлчөмдөгү алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, салттуу билимдерди каттоо жана жарыялоо жүргүзүлбөйт, күбөлүк берилбейт.

N Алымдын арналышы Алымдын өлчөмү сом менен 3 Салттуу билимдер жөнүндө маалыматты расмий бюллетенде жарыялоо 540,0

Салттуу билимдер жөнүндө маалыматты расмий бюллетенде жарыялоо салттуу билимдин ээсинин каалоосу боюнча жүргүзүлөт.

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизген күндөн тартып, үч айдын ичинде көрсөтүлөт.

Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлбөгөн учурда, салттуу билимдер жөнүндө маалымат расмий бюллетенде жарыяланбайт.

N Алымдын арналышы Алымдын өлчөмү сом менен 4 Күбөлүктүн күчүнүн мөөнөтүн узартуу 863,0

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөн мөөнөттү узартуу тууралуу арыз менен бир убакта берилет.

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ арыз менен бирге берилбеген учурда, арыз берилбеген болуп эсептелет.

N Алымдын арналышы Алымдын өлчөмү сом менен

5 Күбөлүктүн күчүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн узартуу үчүн алты ай мөөнөт берүү 575,0

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ каттоонун күчүнүн акыркы жылы өткөн күндөн тартып, алты айдын ичинде узартуу жөнүндө өтүнүч кат менен бир убакта берилет.

Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ өтүнүч кат менен бирге берилбеген учурда, өтүнүч кат берилбеген болуп эсептелет. N Алымдын арналышы Алымдын

өлчөмү сом менен

6 Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине жана күбөлүккө өтүнүүчүнүн демилгеси боюнча өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү

251,0

Өзгөртүүлөрдү киргизгендиги үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет.

Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ арыз менен бирге берилбесе, Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине жана күбөлүккө өзгөртүүлөр киргизилбейт. N Алымдын арналышы Алымдын

өлчөмү сом менен

7 Салттуу билимди пайдаланууга келишимди каттоо жана Салттуу билимдердин мамлекеттик реестрине жана күбөлүккө өзгөртүүлөрдү киргизүү

1080,0

8 Салттуу билимди пайдалануу үчүн катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү 251,0

Алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ салттуу билимди пайдаланууга келишимди каттоо жөнүндө арыз менен, салттуу билимди пайдалануу үчүн катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз менен бир убакта берилет.

Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбеген учурда, салттуу билимди пайдаланууга келишимди каттоо жүргүзүлбөйт жана катталган келишимге өзгөртүүлөр киргизилбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)