КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ �
ТОКТОМ �
2015жылдын 7сентябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011жылдын 27октябрындагы № 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:
бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Мамкомиссия" жана "Мамасылтукуминспекциясы", "Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Мамборбор" жана "Мамасылтукумборбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1пункттун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамборбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбору;
Мамасылтукумборбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекция асыл тукум борбору;";
3пункттун үчүнчү абзацы жана 12пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же турган жери жок башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу патент алуу жана аны күчүндө калтыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.";
30пунктта:
экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012жылдын 29февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобонун 8тиркемесинин 4пунктунда:
бешинчи абзацтагы "толук же жарымжартылай" деген сөздөр алып салынсын;
1пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2пунктчада:
үчүнчү абзацтагы "патенттин түпнускасы бар болгон учурда" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацтагы "патентти" деген сөз "патентке кошумча баракты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи жана он бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
3пунктчанын биринчи жана экинчи абзацтарындагы "толук же жарым жартылай" деген сөздөр алып салынсын;
6пунктчанын он үчүнчү абзацы:
"жана кошумча баракта" деген сөздөрдөн кийин ", ал бар болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
"директорунун" деген сөз "жетекчисинин" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев