关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG284

返回

КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 'Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө' МЫЙЗАМЫ

 КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 'Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө' МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 6-августу № 88

Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу

кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы

аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 28-июнунда Республикасынын Жогорку Кеңеши

т

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

182-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "Терроризмди каржылоого жана

кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 773-статьянын 3-пунктунда "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 933-статьянын 1-бөлүгүндө "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 54-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 122-берененин 1-бөлүгүндө "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "ыкчам издөө иши, террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене.

"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Финансылык чалгындоо органына коммерциялык сырга жеткиликтүүлүк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.";

2) 12-статьяда:

а) 1-пунктта "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым

укуктуу органдын" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пунктта "Эгерде макулдашууда башкача каралбаса" деген сөздөр "Эгерде макулдашууда же террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5-берене.

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-статьянын 3-бөлүгү "талабы боюнча берилет" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына берилет" деген сөздөр менен толукталсын.

6-берене.

"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

30-статьяда "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7-берене.

"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 17-1-статьянын 4-бөлүгүндө "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 24-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.".

8-берене.

"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

27-статьянын 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Почта байланышынын жашырын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.".

9-берене.

"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-статьянын 2-пунктунун 6 жана 7-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган юридикалык жактар же ушундай өлкөлөрдө катталган жактарды жана/же аффилирленген жактарды же болбосо ушундай өлкөлөрдүн аймагында жашап турган жеке жактарды катышуучусу катары өзүндө камтыган юридикалык жактар;

7) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашап турган жеке жактар;";

2) 29-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрофинансылык компаниялардын ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.";

3) 35-статьянын 9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.".

10-берене.

"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-статьянын 4-пунктунда "террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын алдын алуу" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11-берене.

"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

28-статьянын онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;

- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына ал сураган маалыматтарды берүүгө.".

12-берене.

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-статьянын 4-бөлүгүндө ", терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле финансылык чалгындоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын компетенциясы

Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын компетенциясы алардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.";

3) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-статья. Террористтик ишти финансылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар

Террористтик ишти финансылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүлөт.";

4) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25-статья. Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу

Максаттуу финансылык санкцияларды колдонуунун тартиби террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.".

13-берене.

"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

17-статьянын 3-бөлүгүндө "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

14-берене.

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-берененин 4-бөлүгүндө "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо фактысы" деген сөздөр "Террористтик ишти финансылоо жана/же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

15-берене.

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 38-берененин 7-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;";

2) 49-берененин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;";

3) 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"66-берене. Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышы бар деп болжолдонгон ишти тапкан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына дароо кабарлайт.".

16-берене.

"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

19-берененин 3-бөлүгүнүн 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрүүгө.".

17-берене.

"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

32-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Төлөм системасынын катышуучулары өз ишин террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат.".

18-берене.

"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 536-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-берененин 10-бөлүгүндө "терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жаатындагы" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 88-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 119-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"119-берене. Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча банктардын милдеттери

Банктар террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.";

3) 125-берененин 7-бөлүгүнүн 4-пунктунда "акча каражаттарын "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 130-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) финансылык чалгындоо органына - террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;";

5) 136-берененин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 140-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пункту "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

7) 150-берененин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр менен толукталсын.

20-берене.

"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-беренеде:

а) 1-бөлүктө "Лотереялар" деген сөз "1. Лотереялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Лотереяны уюштуруучунун террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндөгү иши террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".

21-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Президент С. Жээнбеков