关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG106

返回

Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 8 токтому менен бекитилген)

 Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 8 токтому менен бекитилген)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5- январындагы № 8 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү

ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестри (мындан ары - ЖОТ Мамреестри) жашырын ойлоп табууларга берилүүчү Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары - патент) берилген жашырын ойлоп табууларды, ошондой эле алардын укуктук статусунун өзгөрүшүн каттоого арналган расмий документ.

2. ЖОТ Мамреестрдин барактары ыйгарым укугу бар интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик органда (мындан ары - Кыргызпатент) бөтөн жактар алууга мүмкүнчүлүгү жок жана уурдоого, жоготууга, бурмалоого, аларда камтылган маалыматты жасалмалоого бөгөт коюлган жерде сакталат. ЖОТ Мамреестрдин барактары жана жашырын ойлоп табууларга тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен пайдаланылат.

3. Кыргыз Республикасынын ЖОТ Мамреестрин жүргүзүүнү мамлекеттик сырларды билүүгө укугу бар Кыргызпатенттин кызматкери ишке ашырат.

4. Жашырын ойлоп табуулардын жашырындуулугун ачуудан кийин, белгиленген тартипте жашырындуулугу ачылган ЖОТ Мамреестрдин барактары Кыргыз Республикасынын ЖОТ Мамреестрине андан ары сактоо үчүн жана кийинки өзгөрүүлөр жана толуктоолор жөнүндө жазууларды киргизүү үчүн өткөрүп берилет.

5. Жашырын ойлоп табууларга патенттер, ошондой эле ЖОТ Мамреестрдеги жашырын ойлоп табууларга өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланбайт.

Жашырын патенттер жөнүндөгү маалыматты берүү мамлекеттик сырлар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. ЖОТ Мамреестрде жашырын ойлоп табууларды каттоо тартиби

6. Жашырын ойлоп табуулар жөнүндөгү маалыматты берүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин жашырын ойлоп табууга патент берүү жөнүндөгү чечими эсептелет.

ЖОТ Мамреестрде каттоо библиографиялык маалыматтарды бирдейлештирүү үчүн Илимий-изилдөө иштери институтунун эл аралык кодун коюу менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) SТ.9 стандартына ылайык жүргүзүлөт.

ЖОТ Мамреестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:

- жашырын ойлоп табуунун катталган номуру (патенттин номуру) (11);

- ЖОТ Мамреестринде жашырын ойлоп табуунун катталган күнү (15);

- патент берүүгө өтүнмөнүн катталган номуру (21);

- патент берүүгө өтүнмөнүн берилген күнү (22);

- Эл аралык патенттик классификациянын (ЭПК) индекси (индекстери) (51);

- жашырын ойлоп табуунун аталышы (54);

- жашырын ойлоп табуунун формуласы (57);

- өтүнүүчүнүн (өтүнүүчүлөрдүн) аты-жөнү жана толук аталышы (71);

- автордун (авторлордун) аты-жөнү (72);

- патент ээсинин (ээлеринин) толук аталышы (73);

- кат алышуу үчүн дарек (98).

3. ЖОТ Мамреестрине өзгөрүүлөрдү, кошумча маалыматтарды киргизүү тартиби

7. ЖОТ Мамреестрин жүргүзүү процессинде төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:

- патент ээсинин аталышынын өзгөрүшү жана/же анын турган жеринин дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;

- патенттин колдонуунун токтотулушу жөнүндө;

- ЖОТ Мамреестринин жазууларында талашсыз жана техникалык катаны оңдоо жөнүндө;

- патенттин дубликатын берүү жөнүндө;

- жашырындуулугунун ачылышына байланыштуу ЖОТ Мамреестринен жашырын ойлоп табууну чыгаруу;

- жашырын ойлоп табуунун каттоосуна тиешелүү башка өзгөртүүлөр.

ЖОТ Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнмөнүн үлгүсү ушул Эрежелердин тиркемесинде көрсөтүлгөн.

4. Патент ээсинин аталышынын жана/же анын турган жеринин дарегинин өзгөрүшүн киргизүү

8. ЖОТ Мамреестрине патенттин ээсинин аталышынын жана/же анын турган жеринин дарегинин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн негиз болуп патенттин ээсинин, же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн арызы саналат.

Арыз өзгөчө байланышты пайдалануу менен жана мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргызпатентке берилет.

Арыз төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- патенттин номуру;

- өтүнмөнүн номуру;

- өтүнмө берилген күн;

- жашырын ойлоп табуунун аталышы;

- патент ээсинин мурдагы жана жаңы толук аталыштары жана дареги.

9. Арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:

- өзгөрүүлөрдүн укуктуулугун тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- патенттин түп нускасы;

- белгиленген алым төлөгөндүгү жөнүндө документ;

- патенттин ээси тарабынан өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде өтүнмө ал аркылуу берилсе.

Документтер Кыргызпатентке түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Арызды карап чыгууда анын жана ага тиркелүүчү документтердин белгиленген талаптарга туура келиши текшерилет.

Керектүү документтер жок болсо же туура эмес таризделсе арызды берген жакка жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө сурам кат жиберилет. Мында документтерди карап чыгуунун мөөнөтү жетишпеген же тактоочу материалдардын түшкөн күнүнөн тартып эсептелет.

Документтери карап чыгуунун оң натыйжасында Кыргызпатент ЖОТ Мамреестрине жана патентке кошумча баракка өзгөртүү (өзгөртүүлөр) жөнүндө тиешелүү маалыматты киргизет.

Эгерде белгиленген талаптар сакталбаган болсо, ошондой эле сурам кат жиберилген күндөн тартып үч айдын ичинде жетишпеген же оңдолгон документтер Кыргызпатентке берилбесе, ЖОТ Мамреестрине өзгөртүүлөр киргизилбейт.

5. Патенттин колдонуу токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты киргизүү

10. Патентти колдонуу токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты ЖОТ Мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкү учурларда патентти колдонууну токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин буйругу эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамы тарабынан белгиленген колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- патентти күчүндө кармап турууга алымды төлөө үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганда.

6. Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо

11. Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык, өтүнүүчүнүн күнөөсүнөн тышкары кетирилген талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор Кыргызпатент тарабынан ЖОТ Мамреестрге алым төлөтүүсүз киргизилет.

Өтүнүүчү тарабынан кетирилген каталарды оңдоо үчүн алым төлөтүлүп алынат.

ЖОТ Мамреестрге талашсыз жана техникалык катаны киргизүү үчүн Кыргызпатенттин кабарлоосу же патент ээсинин же анын укук мураскорунун, өкүлүнүн арызы негиз болот.

ЖОТ Мамреестрге талашсыз жана техникалык катаны оңдоо жөнүндөгү маалыматтар жана патентке тиешелүү оңдоолор Кыргызпатенттин кабарлоосу чыккан күндөн же патент ээси арызды алган күндөн тартып бир айдын ичинде киргизилет.

7. Патенттин дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү

12. Патенттин түп нускасы бузулган же жоготулган учурда патент ээсинин же анын укук мураскорунун, өкүлүнүн арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан патенттин дубликаты берилиши мүмкүн.

Жашырын ойлоп табуунун патентинин дубликатын берүү жөнүндө арыз атайын байланышты пайдалануу менен жана мамлекеттик жашырын сырлар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен Кыргызпатентке берилет.

Арызда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- патенттин номуру;

- өтүнмөнүн номуру;

- өтүнмөнүн берилген күнү;

- жашырын ойлоп табуунун аталышы.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;

- ишеним кат, эгерде өтүнмө патенттин ээсинин өкүлү аркылуу берилсе.

13. Эгерде арызга жана аны берүүнүн шарттарына карата талаптар сакталган болсо, жашырын ойлоп табууга патенттин дубликаты берилет.

Документтерди карап чыгуу оң натыйжа берсе Кыргызпатент ЖОТ Мамреестрине жашырын ойлоп табуунун патентине дубликат берүү жөнүндө маалыматты киргизет. Жашырын ойлоп табууга патенттин дубликатынын берилген күнү катары дубликат берүү жөнүндө маалымат ЖОТ Мамреестрине киргизилген күн эсептелет.

Дубликатты берүүдө патенттин түп нускасы юридикалык күчкө ээ эмес деп таанылат.

Арыз берген жакка дубликат берүүдөн баш тартууда арыз берүүчүгө баш тартуунун негизин камтыган кабарлоо жиберилет.

8. Жашырындуулугу ачыкка чыгарылгандыгына байланыштуу жашырын ойлоп табууну

ЖОТ Мамреестринен чыгаруу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү

14. ЖОТ Мамреестринен жашырындуулугу ачылган жашырын ойлоп табууну чыгаруу жөнүндө маалыматты ЖОТ Мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп ойлоп табууну жашырган мамлекеттик орган тарабынан сунушталган жашырындуулугунун ачылышы жөнүндө чечимдин негизинде чыгарылган Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.

Буйрук чыккан күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент:

- ЖОТ Мамреестринен жашырындуулугу ачылган жашырын ойлоп табууну чыгаруу жөнүндө маалыматты ЖОТ Мамреестрине киргизет;

- өтүнмөнүн материалдарына жашырын ойлоп табуунун жашырындуулугунун ачылгандыгы жөнүндө белги коет жана аларды тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын ЖОТ Мамреестрине жана Кыргызпатенттин архивине жиберет;

- патенттин түп нускасына жашырын ойлоп табуунун жашырындуулугунун ачылышы жөнүндө белги коет;

- патенттин ээсинин (өкүлүнүн) дарегине киргизилген белгилери бар патентти берет же жиберет.

Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик

реестрин жүргүзүү тартибине тиркеме

┌────────────────────────────────────┬────────────────────────

────────┐

│Алым төлөнгөндүгү жөнүндө белги │ Кыргызпатентке түшкөн

күнү │

├────────────────────────────────────┴────────────────────────

────────┤

│ Өзгөртүүлөрдү, кошумча маалыматтарды киргизүү

жөнүндө │

│ АРЫЗ

├────────────────────────────────────┬────────────────────────

────────┤

│Патенттин N │Өтүнмө берилген

күн │

│ │

│Өтүнмөнүн

N │ │

├────────────────────────────────────┴────────────────────────

────────┤

│Патенттин

ээси │

│ (Юридикалык жактын толук

аталышы) │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────────┤

│Өкүл

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────────┤

│Кат алышуу үчүн

дарек │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────────┤

│Өзгөртүлө турган маалыматтар (киргизүү

керек): │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────────┤

│Тиркемелер:

│┌─┐ ┌─┐

│└─┘ алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ └─┘ патенттин түп

нускасы │

│┌─┐ ┌─┐

│└─┘ ишеним кат └─┘ башка

документтер │

├─────────────────────────────────────────────────────────────

────────┤

│Колу,

күнү │

│(Юридикалык жактын атынан кол коюуда жетекчинин колу мөөр

менен │

│күбөлөндүрүлөт)

└─────────────────────────────────────────────────────────────

────────┘